Мектеп директорлорун конкурс менен тандап алуу жагы негизинен колдоого аларлык. Мектептеги билимдин сапаты мектеп директорлорунун иш аракетине байланыштуу экендиги талашсыз. Азыркы учурдагы көп жылдан бери «отуруп» алган мектеп директору ар кандай сындарга кабылууда. Негизинен алар иш билги, алдыңкы, уюштургуч мугалимдерден тандалып алынган. Туура, көп жыл отура берсе, «мен өзүм билем» деген түшүнүк калыптанат экен жана да канчалык мыкты иш кылса дагы азыркы «демократия» мезгилинде элге жаман көрүнүп калат экен. Анан дагы азыркы учурдагы «жакшы жетекчи» мектептин жаманын тышка чыгарбаган, текшерип келген комиссия менен «сүйлөшө алган», жогорку жактын жекече сунуш, талаптарын жайгаштырган, анан кабинет-сабинет, бурч-сурчтарды уюштура койгон, мындайча айтканда «жакшы көрүнгөн» инсан. Баланын билими алтынчы, жетинчи орундарда жана да көпчүлүгү ушундай системага айкалышып калган, ошондуктан ар беш жыл сайын алмаштырып туруу ушундай системаны бузуп, өнүгүү жолунда изденүүчүлүккө түрткү болушуна үмүт артат.
Конкурс – бул мыкты адисти тандоо. Компьютер аркылуу тест менен адамдын уюштуруучулук, ишти алдыга жылдыруучулук касиетин билүүгө мүмкүн эмес. Ал билимин гана аныктап берет. Чыныгы жетекчини анын кылган иштеринен баалап жыйынтык чыгаруу туура.
Директорлорду тандоодо ата-энелер комитетин тартуу туура болот болуш керек. Баардык товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү тандап алгандай эле директорлорду ата-энелер тандаса коррупциялык көрүнүштөр азаймак жана чыныгы мыкты жетекчини тандоо болот. Айрыкча, айыл жергесинде эли-журт мугалимдерди жакшы тааныйт.
Ошону менен катар директордун орун басарларындагы, директордун көрсөтмөсү менен тандап алуу, жаңылап туруу керек. Директорду жана анан орун басарларын алмаштырып туруунун дагы бир жакшы жагы бул катардагы мугалимдерге стимул болот. Көпчүлүк мугалимдер жетекчиликке аракет кылышат. Эгерде компьютерден тест болот десе, жетекчи болгусу келген мугалим тестке даярданат, китептерди окуйт, маалыматтарды издейт. Мында жеке мугалимдин интеллекти өсөт десек болот, бирок коомго таасир азыраак. Ал эми кылган ишине жараша аныкталат десе, жетекчи болгусу келген мугалим иш үстүндө аракет кылат: сабакты мыкты өтөт, олимпиадага окуучусун даярдайт, мыкты кечелерди уюштурат, көргөзмө стенддерди уюштурат жана башка. Мында жалпы мектеп пайда көрөт жана андан ары өнүгүшүнө таасир берет. Ошондуктан мектеп директорлорун жана анын орун басарларын ата-энелер комитети макулдашып тандаганы туура натыйжа берет.
Абдимитал КУДАЙБЕРДИЕВ,
Абдыжапар Эрматов атындагы
№4 жалпы орто билим берүүчү
мектебинин мугалими,
Аксы району.