Домой Агартуу айдыңында Мектепте эл аралык балдар китебинин күнү белгиленди

Мектепте эл аралык балдар китебинин күнү белгиленди

19

Жакында Таш-өмүр шаарындагы №7 Кожобек Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепте, «Эл аралык балдар китебинин күнүнө» карата, В. А. Лукина, Н. Ж. Шабданова, А. Б. Шакеева деген мугалимдер биргелешип, кыргыз, орус, англис тилинде конференция өткөрүштү.
Окуучулар үч тилде ырларды, тексттерди көркөм айтышып, юбиляр жазуучулар жана түрк элдеринен чыккан жазуучулар жана алардын чыгармалары жөнүндө маалыматтарды алышты. Конференциянын максаты – окуучуларды китепти окууга кызыктыруу. Китеп сүйүүчүлөр үчүн англис тилинде балдар үчүн жазылган китептерди окуучулар креативдүүлүк менен өз колдору менен жасашып, «Адабият бурчу» уюштурулду жана ошондой эле дубал гезиттер чыгарылды. Сонунда активдүү катышкан окуучуларга грамота, ыраазычылык каттар ыйгарылды.
Эске салсак, балдардын ажайып жазуучусу Ханс Христиан Андерсендин туулган күнүнүн урматына 1967-жылдын 2-апрелинде Балдар адабияты боюнча эл аралык кеңеш Балдар китебинин (Балдар адабиятынын) эл аралык күнүн белгилөө тууралуу чечим чыгарган. Ошондон тарта бүткүл дүйнө Балдар китебинин эл аралык күнү (International Children’s Book Day) бүткүл дүйнөдө белгиленет.
Даниянын улуу жомокчусу Ханс Кристиан Андерсен 1805-жылдын 2-апрелинде туулган. Жазуучу жомокторду кайра иштеп, фольклор менен көркөм адабият ортосунда жаңы багыт ачкан. Мындан улам Ханс Кристиан Андерсен бүгүнкү күндө да эң көп окулган жазуучулардын көч башында турат.

Асыл ШАКЕЕВА,
№7 К. Кузембаев орто мектебинин англис тили мугалими,
Таш-Көмүр шаары