3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнү, ошол күнгө арналган иш чара N:36 Т. Мизираимова атындагы башталгыч мектебинде, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн айылдык ден соолук комитетинин (АДК) төрайымы П. Томуева жана аталган айылдык кеңештин депутаты А. Нажимидинованын демилгеси менен болуп өттү.
Иш чаранын негизги максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз үйдө бекер отурбай кол өнөрчүлүккө, китеп окууга, жашоого болгон көз карашын өзгөртүп, колунан келишинче элге аралашса деген ой жана аз да болсо алардын маанайын көтөрүү.
«Мен жашоого ыраазымын!»
Бүгүнкү биздин каарман, Мурадил Жолчу уулу. Ал 17 жашта. Мындан бир нече жыл мурун эки буту иштебей, баспай калган. Болуп өткөн иш чарага бара албагандыгына байланыштуу, биздин редакциялык топ өзүбүз келип баарлаштык.
— Мен Ала-Бука районунун Теңги айылын да жашайм, белгисиз оору менен төрөлгөм жана акыбалым жылдан жылга начарлап 2017-жылы бүтүндөй баспай калдым. Учурда мага ылайыктуу коляска жок. Кичинекей кезимде жеңил болгом, үйдөгүлөр көп деле кыйналбайт болчу. Мен анысын да түшүнөм, ошондуктан ары бери чыгар дебейм. Көчөнүн кереги жок, үйдө олтуруп пайдалуу иштер кылганым оң.
Бүгүн 3-декабрь – менин жана мага окшош өзгөчө адамдардын күнү, апамдын досу, Астра аяш энем мага шык берүү, дем берүү ниетинде Ник Вуйчичтин «Жашоодо чек жок» аттуу колу-буту жок адамдын китебин берди. Мен абдан кубанычтамын, китеп менин жашоого болгон көз карашымды өзгөртөт деген үмүттөмүн. Мага жазуучулук көбүрөөк жагат жана бул нерсе мени зериктирбейт. Учурда сценарий жазып жатам. Максаттарым аябай чоң. Мен жашагым келет жана жашоодо из калтыргым келет, үмүт кылам жана ишенем – бул ниетим орундалат!
Өлкөдө жыл сайын 3-декабрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү белгиленет. Бул күн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктары тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
Даярдаган, Астрахан НАЖИМИДИНОВА.