Домой Мигрант баяндайт Мигрантты коркуткан мобилизация

Мигрантты коркуткан мобилизация

10

Ушул күндөрдө Россиядагы аскердик мобилизациянын РФ жарандыгы бар кыргыз үй-бүлөлөрүнө тийгизген таасири өтө олуттуу болууда. Украинадагы согуш Москвадагы мекендештерибизге, анын ичинде айрыкча РФ жарандыгын алган үй-бүлөлөрдүн басымдуу бөлүгүнө катуу таасир берип, алар убактылуу эки ажырымда жашап жатышат. Ушундай көйгөйгө учураган баткендик келин Умсунай (күйөөсүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп, атын аты өзгөртүп берүүнү сунуш кылды) baian kg.дин кабарчысына төмөндөгүлөрдү айтып берди:
-Күйөөм РФ Президентинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы жарым- жартылай мобилизация боюнча жарлыгын чыккан күнү Кыргызстанга учуп кеткен. Экөөбүздө тең орус жарандыгы бар. Мен декреттемин. Үчүнчү баламды жакында төрөйм, буйруса. Былтыр ипотекага эки бөлмөлүү квартира алганбыз. Бир бөлмөсүнө квартиранттарды алдым. Балдарыма берилген жөлөкпул менен күн көрүп жатабыз. Ипотеканы кантип төлөйбүз, башым катты. Күйөөм ал жакта иш жок, беш айдан бери бош жүрөт. Кайтып келсе катаал чаралар күтүп турат… Эмне кылышты билбей турам…
Ара-чолодо чакыруу жолу менен аялдарды сулуулаган, тактап айтканда, кирпик чаптаган өзгөндүк Айгүл деген келиндин үйүнө баш бактым. Ижарага алган эки бөлмөлүү үйдө үч баласы менен турган келин, бир бөлмөсүнө квартиранттарды алып, экинчисинде өзү балдары менен турат. Ишин сапаттуу, арзан жасаганы үчүн шарты анча болбосо да, мекендеш айымдар ага байма-бай каттап сулууланып турушат. Айгүлдүн айтымында анын күйөөсү да мобилизациядан качып кеткен. Кеткенден эки күндөн соң аскер комиссариатынан чакыруу кагазы келген. Анын жолдошу Кыргызстанда такси кызматында иштеп жатыптыр. Качар келери белгисиз. Этектеген балдарыбыз менен ал жакка барганда иш жок. Салып жаткан үйүбүз бүтө элек… Бул жакта балдарыбыз окуйт, бакчага барат… Качанга чейин ушинтип эки жакта жашайбыз, белгисиз…..
Эскерте кетсек, жогорудагы эки келиндикине окшош окуя Россиядагы ар бир онунчу жаш кыргыз үй-бүлөсүндө учурайт. Расмий маалыматтарга караганда РФ жарандыгын алган мекендештерибиздин саны 500 миңден ашык…
Жаангүл Эсенова,
Москва шаары.