Домой Без рубрики Мигранттын балдары Кыргызстанга бөтөнбү?

Мигранттын балдары Кыргызстанга бөтөнбү?

30

Балдар – биздин келечегибиз деп ураан чакырып, БУУнун 1994-жылдагы Балдар укуктары боюнча конвенцияга колду бакыйта коюп, келечек ээлерин жакшы тарбиялоонун кепилдигин алганыбыз менен, арадан отуз жылга чукул убакыт өттү, балдарды тарбиялоо жаатындагы көйгөйлөрүбүз азайбай келе жатат. Ал арада өлкөбүздө миграция агымы күчөп, кийинки муундун орчундуу бөлүгүн мигранттардын балдары түзүп калды. Мигранттын балдарынын Ата Мекенде калгандары чоң эне, чоң аталарынын, же болбосо жакын туугандарынын колунда калышты…
Бүгүнкү кеп, бөтөн эл, бөтөн жерде туулган бөбөктөр жөнүндө болмокчу. Мен ондогон мигрант жаш үй-бүлөлөрдүн үйүндө болдум. Чет жердеги элдин жашоо образы, балдардын окуу тарбиясы опокшош, башкача мүнөздөгү, тактап айтканда, бет алар багыты жок, эки анжы тарбиядагы муун өсүп келе жаткандыгын байкадым… Бул жакшы көрүнүш эмес. Албетте, бул жерде баланын күнөөсү жок. Ата-эне да айласыз алакан жаят. Күнү бою 12 саат кара жанын карч уруп иштеген мигрантта балага убакыт кайда? Ал баласынын карды ток, кийими бүтүн болсо, далбас урат. Ошентип бала бөтөн жердин мыйзамында, ошолордун жашоо мүнөзүндө, суусун ичип, абасын жутуп, билимине сугарылып жатат. Интернет айдыңында орус циркинде иштеген 18 жаштагы кыргыз кызы балалыгы Орусияда өткөнүн, Москвада жашоо жагарын жар салып, өз жерине ашыкпаганын ачык эле билдирди. Мындай жаштар миңдеп саналат. Орусиядагы ар бир мигрант жаш үй-бүлөгө баш баксаң, балдар орусча сүйлөйт, орусча ой жүгүртөт… “Булар эми бул жакта жашап калышат да, биз карысак кетебиз,- дешет ата-энелери.
Балдардын көбү кыргызча түшүнүшөт, бирок сүйлөй алышпайт. Жогорку класска баргандар, Манас ким? Эне тил деген эмне, туулган жер, тарых, маданият жөнүндө таптакыр түшүнүгү жок… Буга дагы бир жолу айтайын, балдар эмес, биз, чоңдор күнөөлүүбүз.
Ачыгын айтуу керек, кыздарды 23 жашка чейин чет жерге чыгарбоо боюнча мыйзам туура көтөрүлүп, бирок колдоо тапкан жок. Ошондой болсо жакшы болмок. Москвадагы тейлөө кызматында иштеген жаштардын басымдуу бөлүгүндө улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо деген элементардык тарбия жок. Ижараларда жашагандар бири-бири менен учурашпайт, керек болсо жөөлөп өтөт… Ынтымак, биримдик жөнүндө түшүнүк жок. Дин жөнүндө деле айтарлык түшүнүктөрү жок, намаз окумак түгүл фатваны жатка айта албаган жаштардын көбү оронуп, эчки сакал коюп алып, блогер болуп жардам бергиле ага-буга деп, Казакстанга кирди-чыкты жасап берем деп айгай салып, лайк топтоп акча табуу менен убара… Кыргыздын каада-салт, үрп-адатын айтсаң теңирчи деп жаалап киришет.
Албетте, ийгилик жараткан патриоттордон да уучубуз да кур эмес, бирок андайлар аз. Эмне демекчимин, республикабыздагы тиешелүү жетекчилер, бөтөнчө Билим берүү, маданият министрликтери, искусство кызматкерлери, агартуучулар, окумуштуулар бөтөн жерде жүргөн журтташтарыбыздын таалим тарбиясын, патриоттук сезимин козгогон иш-аракеттерди колго алууну тездетпесе, эртең өлкөбүздүн келечегин кимге ишенип таштайбыз?

Жаангүл Эсенова,
Москва шаары.