Домой Жай турмуш Мурдагы жоокер, Баткен окуясынын катышуучусу, Ноокен районунун ардактуу атуулу – Алимбек...

Мурдагы жоокер, Баткен окуясынын катышуучусу, Ноокен районунун ардактуу атуулу – Алимбек Жуманов тууралуу баян

15

Жуманов Алимбек Маматкулович – 1981-жылдан бери Кочкор-Ата шаарындагы мамлекеттик “Кыргызнефтегаз” акционердик коомуна караштуу Бургулоо иштеринин кыргыз башкармалыгында” (КУБР) эмгектенип келе жатат. Азыркы убакта да пенсияга чыкканына карабай ишин улантууда.
Кара жумуш билгенге мунай менен жаратылыш газын өндүрүп чыгаруудагы иштин эң оору. Көрүнгөн адам эле ага чыдай бербейт. Ага карандай күч жана чыдамкайлык, туруктуулук керек. Буга кошумча жанкечтилер (террорчулар) өлкөбүзгө 1999-жана 2000-жылдары удаасы менен кол салганда Алимбек эки жолу тең Баткен окуяларына катышып, мекенибизди коргогон эр жигиттердин алдыңкы сабында болду.

Бир жерде 40 жылдан ашык иштеп
Ал 1963-жылы Ош облусунун Ленин (Ноокен) районуна караштуу азыркы Ноокен айылында төрөлгөн. 1980-жылы өз айылындагы №17 “Коминтерн” орто мектебин бүтүрүп, Кочкор-Атада шаарчасындагы №16 кесиптик-техникалык окуу жайында окуп, электромонтер жана бургулоо иштеринин мастеринин 4-разряддагы жардамчысы деген кесиптердин ээси болгон. Атайын адистикке жетишкен ошол эле жылы Бургулоо иштеринин кыргыз башкармалыгына бургулоочунун жардамчысы болуп орношкон. Өндүрүштөн кол үзбөй туруп, райондун борбору Ленин-Жол айылындагы айдоочуларды даярдоочу автомектепте үч ай окуп, кошумча түрдө айдоочу адистигин алат. 1982-жылы аскерге чакырылып, Украинанын Узинь шаарындагы авиациялык полктун аэродромду эксплуатациялоочу ротасында айдоочу болуп, кызмат өтөйт. 1984-жылы кайтып келип, кыргыз бургулоо иштер башкармасындагы жумушун машинист-моторист кызматы менен кайрадан улантып, ушу күнгө дейре ал жерде эмгектенип келүүдө. Ошентип, ал элүү беш жаш курагында пенсияга чыкса да, дарак бир жерде көгөрүп, жемиш-мөмөсүн жамгырдай төккөндөй, 41 жылдан ашык убакыттан бери бир жерде маңдай терин төгүп жүргөн кези.

Тогуз жоокер курман болуп…
“Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде” дегендей Алимбек Жуманов 1999-жылы Баткенге жоочулар (террорчулар) басып киргенде аскерге кайра чакырылат. Майлуу-Суу шаарындагы өзгөчө 9-батальондун жоокерлери менен бирге Баткен облусунун “душмандар кол салуусу ыктымал” деген тоолуу чек арасына барат. Чек арада айдоочу болуп, чек араны кайтаруу үчүн аскердик жетекчилерди, мисалы КРнын коргоо министри болгон генерал Эсен Топоевди, өзүнүн командири, полковник Молдалиевди ташыйт.
Баткен облусуна караган Кадамжай районундагы Хайдаркан шаарчасында кызмат кылып, ошол эле райондун Сырт жайлоосунда душмандар менен бетме-бет кагылышат. Ушул жерде Алимбек башка куралдаштары менен бирге моджахеддердин талаа командирин колго түшүрүшөт. Бирок ошол салгылашта Майлуу-Суу өзгөчө батальонунда кызмат кылган жигиттердин тогузу окко учуп, мерт болушат. (Кийинчерээк аларга Майлуу-Суу шаарында эстелик тургузулган). Жалама таш, аска тоолордун койнунан орун алган Сырт жайлоосундагыдай эле Жылуу-Суу жана Кожашкан, тоолордун курчоосунда турган Зардалы айылдарына барып, чет элдик “боевиктер” менен калган жоочуларды да ал жерден кууп чыгышат. Ошентип, Алимбек 1999-жылы болгон Баткен окуясында төрт ай болот. Кийин чет элдик жоочулар Өзбекстанга өтүү үчүн, 2000-жылдын күзүндө Баткенге кайра кол салганда А. Жуманов Төрт-Күл суу сактагычына жакын жердеги аскердик бөлүктө эки ай кызмат кылат.

Эмгекке жараша сый-урмат…
Алимбек “1999-2000-жылдардагы Баткен согушунун ардагери” деген эстелик ордени, 2014-жылы “Афган даңкы” ордени, 2016-жылы “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө 25 жыл” юбилейлик медалы жана жети жолу “Баткен окуясынын катышуучусу” деген эстелик медалы менен сыйланган. Эмгектеги жетишкендиктери үчүн ал мамлекеттик “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун администрациясынын Ардак грамотасына ээ болгон, ага “Ноокен районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган.
Алимбек Жуманов Токтогул районунун Жетиген айылында төрөлүп-чоңойгон жубайы Батма Жуманова экөө бир уул, төрт кыздын бактылуу ата-энеси жана неберелеринин ардактуу таята, тайэнеси.
Ырысбай Абдыраимов,
журналист.