Домой Жай турмуш Музей – өткөн турмуштан калган бир элес

Музей – өткөн турмуштан калган бир элес

15

Ноокен райондук А. Кулумбетов атындагы тарыхый-этнографиялык музейге 19-кылымдан берки живопись, археологиялык буюмдар, жезден, күмүштөн, жыгачтардан, териден жасалып, кыргыз калкынын эзелки турмушун чагылдырган уникалдуу 1342 тарыхый буюм жана башка экспонаттар коюлган. Анын кире бериш залына атактуу Кубатбек бийдин, мурдагы Ленин (Ноокен) району уюшулгандан берки Социалисттик Эмгектин Баатырларынын, СССР жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттарынын, элге таанымал, ар кайсы тармакта өзгөчө эмгек өтөгөн пахтакер, мугалим, дарыгер, куруучу, балбан жана башка атак-даңктуу, эмгектин жана согуштун, маданий турмуштун каармандарына айланган кадырман адамдардын сүрөттөрү жайгаштырылган.
Биз менен болгон жолугушуусунда аталган музейдин директору Абдрахман Исаков буларды баяндап берди: -Биздин тарыхый-этнографиялык музей акыркы жылдары 200дөн ашык жаңы экспонаттар менен толукталды. Алардын катарына, мисалы, Кыргыз эл Баатыры, Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, таланттуу кинорежиссер, акын-жазуучу жана публицист Дооронбек Садырбаевдин, Токтогул жана Нурек ГЭСтеринин курулуштарына катышып, “СССРдин мыкты энергетиги” наамына татыган Таабалды Абдразаковдун, Шыңгыма айылына өз эсебинен мектеп куруп, балдарга өмүр бою тарбия-таалим берген педагог Жумалы Максутовдун, колхоздоштуруу учурунда өзүнүн болгон малын чарбага кошкон, бай, басмачыларга каршы болуп, “Беш Мойнок” колхозун кураганы менен 1938-1939-жылдары жалган жалаа аркылуу репрессияга туш келип, сүргүнгө айдалган башкарма Сулайман Сыдыковдун, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына эки ирет шайланып, “Ленин”, “Эмгек Кызыл Туу”, “Ардак Белгиси” ордендери менен сыйланган пахта бригадири Сайкал Күсөрованын, партиянын Ош обкомунун 1-катчысы, президенттик администрациянын жетекчиси болуп иштеген жана “В. И. Лениндин туулган күнүнө 100 жыл” юбилейлик медалынын, “Эмгек Кызыл Туу” жана “Манас” ордендеринин ээси, мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун, азыр ардагер, мурда Кыргыз ССРинин керек-жарак коомунун төрагасы, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты жана Ноокен районунун акими Тургунбай Анаркуловдун, Жалал-Абад облусу Ош облусуна кошула элегинде, партиянын Жалал-Абад обкомунун биринчи катчысы болуп турганда Ленин (Ноокен) районунан Кадырмат Султановго, Өскөнбай Кайыповго, Эшенкул Юсуповго, Камал Султанов менен Матай Абдраимовго, Кушназар Юнусалиевге Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын ыйгарткан Төрөгелди Балтагуловдун, партиянын Ленин райкомунда инструктор, андан кийин “Ленин Жолу” колхозунда 1954-1957-жылдары башкарма болгон Жалал Абдракмановдун эмгектери тууралуу маалыматтар табылып, алардын портреттери тартылып коюлду. Азыркы учурда кимдир-бирөө илгеркидей СССРдин жогорку сыйлыгына эмес, жөнөкөй эле медалга сунушталып калса, айрымдардын ичи тарып, көрө албастык кылганы көрүнүп турбайбы! Эмгек Баатырлары тууралуу сөз болгондо партиянын Ленин райондук комитетинин биринчи катчысы Кадырмат Султановдун жөнөкөйлүгү менен кичи пейилдиги таң калтырат. 1958-жылы ал киши Социалисттик Эмгектин Баатыры сыйлыгына көрсөтүлгөндө Кыргызстан Компартиясынын 1-катчысы Исхак Раззаков болгон. Кадырмат Султанов: -Мен Алайдан келип иштеп жатсам, пахтаны толук билбесем… Менден көрө ал Баатырлыкты эл депутаттарынын Ленин райондук комитетинин төрагасы Кушназар Юнусалиевге бергиле. Биринчиден, ал – ушу жерде туулуп-өскөн, экинчиден, пахтанын ишин да эң мыкты билет,- деп сыйлыктан баш тартат. Ошондо республиканы башкарган И. Раззаков К. Султанов менен бирге эле К. Юнусалиевге да Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын ыйгаруу тууралуу СССР Жогорку Советинин Президиумуна сунуш кылган экен.
Бул сегиз эмгек Баатырынан кийин мындай Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку сыйлыгы менен райондун Рахманжан атындагы колхозунда адегенде колу менен күнүнө 160-170 килограмм пахта терип, кийин “көгүлтүр корабль” менен “ак алтын” жыйнаган звено башчысы жана пахта бригадири Саадат Ногоева, түнкүсүн электр жарыгы өчүп калганда чырак менен операция жасаган райондук оорукананын дарыгер – хирургу Шамшидин Сүйөркулов, райондун “Кызыл-Жар” совхозунун пахта бригадири Жоро Шералиев, “Хиля” колхозунун башкармасы Юсупжан Момбеков, пахта бригадирлери Маткалык Амадалиев жана Малик Акчабаев, Кочкор-Атадагы механизациялаштырылган көчмө колоннанын жумушчусу В. Слюсаренко сыйланышкан.
Быйыл Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун БУУда сүйлөгөн сөзүнөн кийин анын демилгеси менен “2022-жыл Бүткүл дүйнөлүк эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы” деп жарыяланганын эске алып, “Тоолорду өнүктүрүүнүн, экологияны сактоонун эл аралык жылына” жана Советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына карата №1, №2, №29 мектеп окуучуларынын арасында сүрөт конкурсу уюштурулду. Музейде сүрөт тарткан окуучулар менен бирге райондук маданият бөлүмүнүн жана китепкананын кызматкерлери катышкан кече өткөрүлдү. Кечеде көрүүчүлөргө ооган согушу жөнүндө слайд көрсөтүлдү. Сүрөт тартып, I-II-III орунду ээлеген балдарга конкурстук комиссиянын жыйынтыгы менен диплом жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Музейге келген окуучуларга суроо-жооп, табышмактар берилип, жеңүүчүлөрдүн бардыгы баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Көрүүчүлөргө маданият бөлүмүнүн кызматкери Айбек Ажимкулов, маданият бөлүмүндө практикада жүргөн Ырысбек Тургунбаев чакан концерт тартуулашты.
Көрүүчүлөр кеченин аягында тоолорду өнүктүрүү жылына жана ооган согушунан советтик жоокерлердин чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына арналган бурчтар менен таанышты. Ага кошумча түрдө 3-март – эгемендиктин белгиси болгон – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жыл толгондугуна арналып, Ноокен районунун борборунда жана жер-жерлерде Туу көтөрүү аземи өткөрүлдү. Туу көтөрүү аземине райондун акими Таалайбек Ишенбеков, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Нарматов, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы А. Токтогулов жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери эмгек жамааттары менен катышып, сөз сүйлөшүп, өз сөздөрүндө ачык асман алдында кылымдар бою кыргыз желеги көккө бийик желбирей берүүсүн белгилешти.
Булардан башка дагы музей кызматкерлери тарабынан Ак калпак күнү, Аялдардын эл аралык майрамы, Нооруз майрамы сыяктуу даталуу учурлардын ар бирине жараша тиешелүү иш чаралар өткөрүлүп, театрлаштырылган оюн-зоок иш чарасына катышты. Мындай иш чаралардын айрымдарында тулга, казан, жыгач табак, кесе, чөмүч, сок билектер ж. б. экспонаттар пайдаланылган.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.