Азирети Аюп пайгамбардын — адам тургай кыбыраган куртка да жамандыкты ыраа көрбөгөн, касиеттүү азиз пайгамбар экендигин угуп, билип жүргөн Мырзакул болуш ушул ыйык жерге келип жашоону эңсеп жүрүп, акыры Коргон-Төбөдөн Жалал-Абатка көчүп келди. Азирети Аюп тоосун эртели – кеч суктана караганда тоого чыгып, зыярат кылганда атасынын: “Мүмкүнчүлүгүм болсо, ушул жерди аспиеттеп, булактардын көзүн тазалап, жол салат элем”,- дегенин көп эстөөчү болду. Мырзакул болуш өзү да бул жер келечектүү, касиеттүү, булактын суусу шорлуу, ысык суулуу, ылайы элге шыпаа болуучу жай экендигине көзү жетип калган болуучу. Анткени, денесине курт түшүп, ооруган азирети Аюп пайгамбар ушул Алла-Таала берген суу менен ылайдан айыгып, жашарып кеткен эле. Анан калса, ушул бөксө адыр болгон Азирети Аюп тараптан карасаң, түндүк чыгышында ак чокулуу, асман тиреген сулуу тоолор менен бет маңдай, батышында Жалал-Абад шаарынан тартып, тээ Айым кыштакка чейин алаканга салгандай көз алдыга даана тартылып, сулуу өрөөндүн көркү башкача. Мындай ажайып, касиеттүү жердин сулуулугун көркүнө чыгарып, анын дарылыгы бар ылайы менен суусунун элге пайдасын тийгизсем дегенде Мырзакул болуштун жүрөгү элжиреп турду. Бул ыйык жайга адам тургай бир чаар ала жолборстун да зыяратка жылына бир келип, кетип турганын Мырзакул болуштун карыялардан кулагы чалганы бар. Өзүнүн Өзбекстандын көптөгөн жерлерине медресе, мечит кургандан калган мал-мүлкүн сарптап болсо да, өз оюн ишке ашырганга бел байлап киришти.
Ошентип, адегенде жолдун курулушу башталды. Мырзакул болуштун ишине Азирети Аюпту көргөн кожолор аябай сүйүнүшүп, анын башында Сайдарам кожо, Ташкожо, Дада кожолор колдошту. Бул иш дайыма Азирети Аюпта жүргөн Абдуразак карыны да аябай кубантты. Жол куруу үчүн Мырзакул мал-койлорун айдап келип, иштегендерге союп, аш бастырып, усталардын акысын төлөп, бүт каражатын өзү көтөрдү. Жол курууга чакырылган эл “сооп иш” дешип, уккан эл агылып келе берди. Шаардын батышындагы Чөкө дөбө, Дөмөр, ал гана эмес, тээ Чаңгыр-Таш айылынан да бир топ эл келди. Жардам берүүгө келген элдин көптүгүнөн шаарды жандап аккан Көк-Арт дарыясынын суу тартылган жээгинен эл колмо-кол кылып, булактарды оңдоого, жол курууга таш жеткирип турушту. Кожо айылынан өйдөрөөк жашаган Төшкутчу, Чыйбыл болуштун айылы тараптан да анча-мынча адамдар бар эле. Күмбөз, медресе, чайкана салуу үчүн алыстан аты чыккан усталарды алдырды. Бул күндөрү Төшкутчудан молдо Борончу, молдо Арзи, Абдырахман бир топ кишилери менен келсе, Орунбай, Дүйшө, Эрназарлар маңдайдагы айылдан чыгып, Качкынчы кыштагынан молдо Шамши, Ботокара, Малабай, Мисирлер да четте калбады. Дүйшө балбан Мырзакул болуш менен кошо жүрүп, иштеди. Экөө тең чоң-чоң таштарды көтөрүп, күчүн аяшпады. Бул ишке Аюп булак үчүн Дүйшө балбан менен кошо Далим кожо балбан, Халкожо балбан, Дакан балбан, Тажик кожо, Тойчу, Казы кожо, Балта, Шааюсуп, Низам балбандар он беш жума таш ташышты.
Жума күндөрү кээде эңиш, күрөш да боло калчу. Бул оюн элдин көп келүүсүнө шарт түзүп, чарчоолору унутулуп, көңүлдүү эс алышаар эле. Жайкы бир нече күндөрдөн кийин Мырзакул болуш өзү каалагандай эки ат араба менен каршы-терши жүрөөр жол ийри-буйру болуп, тоону өрдөп, бүтүп баратты. Кош дөңгөлөктүү дагы бир арабага Мырзакул болуш менен Дүйшө экөөлөп, жолду казгандан чыккан таштарды жүктөшүп, жөнөтүп, тигиндейректеги дөбөгө чыгып, жайдын алгачкы күндөрүндө саргайып, ката баштаган калың чөптүн үстүнө жай алып, эс ала кетишти.
Жалал-Абаддын түндүк-чыгыш тарабы Өмүркул бийге карап, чоң өрүкзар боло турган. “Өмүркүл бийдин өрүкзарынан” деп, кызыл бөйрөк, эзиле бышкан бир табак сап-сары өрүк алып келишти. Мырзакул болуш Дүйшө балбан экөө эзилген өрүктү экиге бөлүшүп, данегин чыгарышып, ширелүү даамын татып олтурушту. Дүйшө өрүктүн данегин колунун учу менен оңой эле кырс эттире чагып, маңызын да жеп жатты. Мырзакул болуш Дүйшөнүн жоон, тоголок билек, манжаларын карап, ойго чөмүлдү. Баса, бир жолу өзбек жергесинен үч чоң балбан “Дүйшө менен күрөшөбүз” деп келишип, өрүктүн данегин бармак менен сөөмөйүнүн ортосуна кысып, бырсылдата чакканын көргөндө, күрөшпөй эле жолуна түшүп кете беришкен экен. Айрыкча Дүйшөнүн жоондугу бир, узундугу алты метрден ашык кары жыгачты өзүнүн күчүн сынаш үчүн Мадаминдин үйүнө уста Амиракулду отургузуп алып сүйрөп, бир чакырымдай жерге барганын, ат сарайдан өрт чыкканда кишенделген атты сарайдан көтөрүп чыкканын да эстеп, “Дүйшө саяк да Кожомкул саяктын туугандары бекен?” – деп ойлоп отурду. Анткени, Дүйшөнүн атасы Катаган да Нарындагы саяктардан болчу. Дүйшөгө кайрылып:” Балбан! Сиздей карылуу балбан кем төрөлөт. Кудай сүйүп, сизге күч-кубат бериптир. Өмүр деген аккан суу – өтөт да, күчүңүздү көрсө, эстеп жүрөөр эле”,- деп, өмүрдүн өтүп баратканына өкүнгөндөй сүйлөдү да:” Тиги белдин аркы бетинде чоң, көк ташты көрдүңүз беле?”- деп сурады, Мырзакул болуш.
-Көргөнмүн, — деди Дүйшөн.
-Ошол ташты көтөргөнгө күчүңүз жетеби? Көтөрүп, жеткире алсаңыз, азирети Аюп атанын Кыз булагынын жанына коёр элек да, эстелик болмок.
— Аркама коюп берсе, көтөрөт элем, — деди Дүйшө.
Ары жакта иштеп жаткан беш-алты балбан жигитти Мырзакул болуш жанында, жол боюнда ойноп жаткан Атамкулдан чакыртып алды. Ал баш-алты балбан жигитти ээрчитип, Дүйшө ташты көтөргөнү кетти.
-Кантээр экен? Ошол ташты эми көтөрө алаар бекен? – деп, Мырзакул болуш ойлуу турду. Бир аздан кийин анын куру кол келе жатканын көрүп: “Кап, айтпай эле койбой… Дүйшө эми уялып калбаса экен?”- деп, ары карай баскысы келди. Мырзакул болуш эч нерсе деп сурабады. Бирок, Дүйшөнүн жонуна ташты көтөрүп, жеткире албаган жигиттер: “Көтөрө албадык”- деп, ыңгайсыз сүйлөштү.
— А ушундай болдубу? –
Эми Дүйшөнү ээрчитип, Мырзакул болуштун өзү жөнөдү. Тиги жигиттер: ”Болуш жардам берсе, көтөрүшөбүз”- дешип, кошо басышты. Ташка жете келгенде Мырзакул болуш:” Мындай болгула!”- деп, тигилерге ишара кылды да, акырын Дүйшөнүн желкесинен түртүп койду. Мунусу Дүйшөгө: ”Желкеңди тос!”- дегени эле. Дүйшө артын салып, эңкейе бергенде Мырзакул болуш өзү жалгыз “О, бисмилла!”- деп, ташты тап-так көтөрүп, Дүйшөнүн аркасына койду. Дүйшө теңселе басып, көтөрүп келип, ташты Мырзакул болуш көрсөткөн Кыз-Булакка жеткирип, ташты үстүнөн силкип таштаганда таш жарым метрдей жумшак жерге бата түштү. Мырзакул болуш адам кирине турган авиз жасатып, ташты жанына койдурду. Эл жаш бала түшүп киринсе да, чоң адам түшсө да, суу көкүрөктөн ашпаганына таң калышчу экен. Кийин ошол ташты бул жерге жаңы жай курабыз дештиби, айтор, кимдир-бирөө сүрдүрүп, жок кылганына өкүнгөн менен өткөн иш кайтып келбейт эмеспи!”- деди, бул окуяга бала чагында күбө болгон Атамкул карыя.
Амангелди МИСИРОВ,
жазуучу. Сузак району.
АРНОО
(Кыргыз Республикасынын Президенти
САДЫР ЖАПАРОВго)
Кыргыз элиң кыйын эл.
Аурасы жактырбай
Ак Үйдөн көбүн сүрүптүр.
Эмнеле минтет?,- десем мен.
Өзүңдү издеп жүрүптүр.
Не кылам айтып өткөндү?
Кыйла эле турмуш өзгөрдү.
Кетпесе да жоголуп,
Коррупция бөксөрдү.
Курулуп жаткан үй, жолду
Соо тургай, сокур көз көрдү.
ЭКСтерди кечирсең,
Айкөлдүгүң а дагы…
Божурап баарын, не кылам?,
кыскартып айтсам сразы,
Кум-Төрдү алып берди деп,
Кудуңдап, элиң ыраазы…
Амангелди МИСИРОВ,
балдар акыны.
80 жаштагы ардагер мугалим.