Домой Мезгил, окуя, факты Өнүгүүнүн жолу – тынчтык менен ынтымакта

Өнүгүүнүн жолу – тынчтык менен ынтымакта

19

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте болуп өткөн кандуу калаба өлкөбүздүн тарыхында өчпөс окуялардын бири болуп калды. Ал жаңжалда сексен жети демонстранттын өмүрү кыйылган. Адамдардын шейит болушуна көпчүлүк ошо чакта өлкөнү башкарган К. Бакиевдин бийлигин айыптап келе жатышат. К. Бакиев бул айыптоолорду четке кагып, кандуу жаңжалга өзүнүн тиешеси жоктугун билдирип келүүдө.

Тынчтыкты бузган жагдайлар

Кара тактуу ал коогалаңдын бир нече себеп-жагдайлары жөнүндө, мына, он үч жылдан бери ар түрдүү маалымат каражаттарында жазылып, айтылып, көрсөтүлүп, апрель курмандыктары жыл сайын эскерилип келе жатат. Бишкектеги Ак Үйдүн жаны менен Чүй проспектисинин кесилишине 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон адамдардын элесине арналып, атайын эстелик да тургузулган. “Апрель баатырлары” аттуу коомдук уюм да түзүлгөн.
Анткени менен ошол ыңкылаптан кийин чет өлкөдө жүргөн К. Бакиевдин эскерүүлөрүнө караганда 7-апрель окуяларына чейин: “Оппозиция бийликти шайлоо, же тынч жол менен ала албай тургандыгын түшүнүп, башка жолду тандады”. Анын жооптору боюнча 7-апрель окуяларына дейре республиканын социалдык-экономикалык, билим берүү, өнөр жай, курулуш тармактарында кыйла өзгөрүүлөр жасалган. Мамлекеттик бюджет өсүп, пенсиялар жылына эки жолу, жазында жана күзүндө көбөйтүлүп турган. Ал эскерткендей президенттикке шайланган 2005-жылдан кийин эки жарым жыл бою республикада тынчтык болбой, утуру митингдер уюштурула берип, кийинки эки жарым жылда (же 2007-жылдан соң) гана туруктуу өнүгүүгө кадам ташталган.
Бирок, мындай көрүнүштөр оппозицияны алымсындырган эмес. Бийликке тең тайлаш саясатчылар анын айткандарын четке кагып, жокко чыгарып келишкен. Алар “Бириккен Элдик кыймыл” (БЭК) аттуу топ түзүшүп, Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн бийлиги менен кадр саясатына нааразы болушкан. Тагыраак айтканда, республиканын экинчи жетекчисинин уулу Максим Бакиевдин чет өлкөлөрдөн инвестиция тартуу боюнча жаңы түзүлгөн ЦАРИ уюмун башкарышына караманча каршы турушкан. Ошондой эле К. Бакиевди “үй-бүлөлүк башкаруудан арылбады” деген мүнөздө сындашкан. Буга кошумча түрдө мамлекетибизде электр жарык акысынын жана мобилдик телефондорунун бааларынын кымбатташына да каршы чыгышкан. Ушундай нааразылыктары менен саясатчылар 2010-жылдын февраль айында ага дейре республиканын премьер-министри болуп иштеп, кийин отставкага кеткен “СДПК” партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевге караштуу “Форум” ишканасында элдик жыйын өткөрүшкөн.

Бийликке каршылык Таласта башталган
Тарыхый фактыларга караганда 7-апрель окуясы адегенде Талас шаарында тутанган. Анда ушак-айыңга ишенип Талас облустук администрациясынын алдына топтолгон оппозициянын жактоочулары 6-апрелде тартип сакчыларын таш бараңга алышкан. Митингдегилерди таратууга келген спецназдын 200дөй кызматкери токмоктолгон. Обладминистрация менен облустук ички иштер башкармасынын имараты өрттөлгөн. Ички иштер башкармасынан 700 курал-жарак жоголгон. 6-апрелде Бишкектен митингдерди болтурбоо үчүн аз күч менен Таласка барган республиканын ички иштер министри М. Конгантиев кармалган. Жергиликтүү кишилер М. Конгантиевди Россиянын “ОРТ” телеканалына: “Мени Бакиев жиберген” деп айтууну талап кылышып, бети-башын кан жалаткыча мыкаачылык менен уруп-токмоктошкон. Ушул эле түнү Бишкекте оппозициянын бир нече өкүлү камакка алынган.

Ак үй алдындагы кармашуу

7-апрель күнү оппозициянын жактоочулары Бишкектеги “Форум” акционердик коомуна чогулушкан. Аларды таратууга жиберилген милиция менен жыйналгандардын ортосунда чатак чыгып, кишилер милицияны кууп, милициянын алты машинасы менен эки жүк ташуучу автоунаасын тартып алышкан. Көпчүлүк адам Чүй проспекти аркылуу Ак үйдү көздөй бет алышкан. Алар тосмолорду жарып өтүшкөн. Демонстранттардын бара жаткан жолуна курал-жарак ташталган. Төңкөрүшчүлөрдүн жолун торогон милициянын атайын багыттагы күчтөрү менен аскердик лицейдин курсанттары ур-соккуга туш болгон. Натыйжада тартип сакчылары да жөө жүрүшчүлөрдүн көптүгүнөн артка чегинүүгө мажбур болгон. “Акипресс” агенттиги ошол эле күнү Ак үйгө жакындаган адамдарга ок атылганын, жараланган демонстранттар ташылып жатканын, спецназдын коргонуп жатканын сүрөттөрү менен жарыялаган. Ак үйдүн дарбазасын жарып өтмөк болгон жүктүү машина өрттөлгөн.
Ошентип, Ак үйгө умтулган нечендеген адам денелеринен түрдүү деңгээлде жараат алышкан. Ал күнү сексен жети адам октон каза тапкан. Өмүрү үзүлгөн кишилердин арасынан Жалал-Абад облусунун түрдүү райондорунан жети адам болгон. Адамдардын октон курман болуусун оппозициядагы саясатчылар менен демонстранттар бийликтин жана мамлекеттик күзөт кызматындагылардын иш-аракетинен көрүшүүдө. Президенттик администрациянын, Башкы прокуратуранын имараты жана “Народный” өңдүү соода-сатык жайлары өрттөнүп, таланып-тонолгон. Банктагы ячейкалардан миллиондогон доллар акчалар жоголгон. Ошентип, мамлекетке өтө оор зыян келтирилген.
Ак үйдө отурган К. Бакиев жана премьер-министр Д. Үсөнов 7-апрель күнү кечинде президенттик кеңсени таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Алар кийинчерээк сыртынан бир нече жылга соттолгон. К. Бакиев Жалал-Абадга келгенден кийин 16-апрелде өлкөдөн чыгып кеткен. Ал маалымат каражаттарына берген маектеринде төңкөрүш болоору тууралуу алдын-ала ага эч кандай кабар келбегендигин, 7-апрель окуяларына жана Ак үй алдындагы ок атууларга тиешеси жок экендигин, эгер адилет сот болсо, ага катышууга даярдыгын айтып келатат. Оппозиция ок атуу Ак үй тараптан болгондугун белгилөөдө. Апрель окуяларын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму да изилдеп, кезегинде өз баасын берген.

Жалал-Абадда да бийлик алмашкан

7-апрелде Жалал-Абад облусунда кызмат алмашуулар тынчтык жолу менен жүргүзүлгөн. Кербенге келген митингчилер Аксы райондук мамлекеттик администрациясын ээлешип, акимди кызматтан алып, анын ордуна Кадыркул Өмүрбековду шайлашкан. Ошол эле түнү Базар-Коргон районунун акиминин ордуна “Ата Мекен” партиясынын облустагы координатору Асылбек Текебаев, Ноокен районунун акимдик кызматына Советали Сеитбеков олтурган. Жалал-Абад шаарынын мэрлигине Медер Үсөнов келип, облустук администрациядагы бийликти 8-апрелге караган түнү “ЭрК” партиясынын облустагы төрагасы Асан Шакиров өткөрүп алган.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.