Домой Агартуу айдыңында Натюрморт, пейзаж жана портрет тарткан балдар

Натюрморт, пейзаж жана портрет тарткан балдар

21

Таш-Көмүр шаарынын №7 Кожобек Күзембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кол эмгек жана көркөм өнөр боюнча ийримде окуучулар өзгөчө шыктануу менен кол эмгектерин жасап жана сүрөттөрүн тартышат. Айрыкча, көркөм өнөр боюнча окуучулар натюрморт, пейзаж, портреттерди мыкты тартып калышты. Натюрморт – француз тилинен которгондо “жансыз табият” дегенди билдирет. Окуучулар пайдаланып, дайыма көрүп-билип жүргөн нерселердин, буюмдарын сүрөтүн чыгармачылык менен изденип тартышат. Атай кетсек: 7-класстын окуучулары А. Анаралиева, Д. Анаралиев, С. Назимованын тарткан сүрөттөрү дайыма шаардык көргөзмөгө илинет. 2020-жылы КР түштүк региону боюнча Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн сынагында 7-б классынын окуучусу С. Назимова III даражадагы диплом менен сыйланган.
Мындан сырткары мектеп аралык шаардык сынактарда 6-б классынын окуучусу Ж. Ыманалиева,6-а классынын окуучусу А. Тажидинова, 9- класстын окуучулары А. Ажимамбетов, А. Усупов, 8-класстын окуучулары А. Умбеталиева, А. Жанатбекова, 6-класстан А. Нармырзаева, 4-классынын окуучусу Н. Назимов сүрөттөрү көргөзмөгө илинген.
Пейзаж – француз тилинен которгондо кайсы бир жердин көрүнүшү, сүрөтү, ал эми живопись менен графиканын негизги предмети – жаратылышты чагылдыруу болуп саналат. Пейзажды тартууда окуучулар Ата-Журттун керемет дүйнөсүнө сүңгүп кирип, мыкты үлгүдөгү кооз сүрөттөрдү тартышат. Алар – 9-класстын окуучусу А. Айтбаев, 7-б классынын окуучулары А. Абдыгазиева, А. Арстаналиева, 5-в классынын окуучусу Ө. Анарбаев болуп саналат.
Ал эми өзүм болсо, ушуларга көптөгөн таланттуу балдарга сүрөт тартуунун өзгөчөлүктөрүн үйрөтүп, шык-жөндөмүн ойготуп, билим берип келе жатамын.

Б. АМАНОВА,
№7 К. Күзембаев орто мектебинин
көркөм өнөр мугалими,
Таш-Көмүр шаары