Азербайжан эл акыны Анар Рзаев,
Өзбек эл акыны Усман Азим
Түрксойдун катчысы Султан Раев.
Татар улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Ркаил Зайдуллин
Башкыр жазуучулар союзунун төрагасы, жалындаган жаш прозаик Айгиз Баймухамедов
Өзбек улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Сирожиддин Саид
Акын Бурулкан Сарыгулова экөөбүз
Өзбек улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Сирожиддин Саид менен
Навои шаары айтылуу Зеравшан дарыясынын алабында, Ташкенттин түштүк-батыш тарабындагы 360 км аралыктан орун алган, Самарканддан 140 км, Бухарадан 100 км аралыкта, ошол эки шаардын ортосунда жайгашкан. Зеравшан дарыясы шаардан 10 км аралыктан агып өтөт жана анын айланасына Нурата тоолору жайгашкан.
Бүгүнкү Навои – Өзбекстандын негизги өнөр жай борборлорунун бири. Бул жерде алтын чыгаруучу Навои тоо-металургиялык комбинаты, минералдык жер семирткичтерди, аммиак жана жасалма волокно чыгарууга адистешкен “Навоиазот” бирикмеси, электрохимиялык завод ж.б. жайгашкан.
Шаар 1958-жылы негизделип, Бухара облусуна баш ийип турган, ал Өзбек республикасындагы сейрек кездешүүчү жер элементтерин, баалуу металлдарды жана уран өндүрүүчү тоо-кен өндүрүш борбору катары түзүлгөн. 1958-жылы Карман шаарчасында тоо-металургиялык комбинаттын курулушу башталган. Шаар 1960-жылдары СССР атомдук энергетика министрлигине баш ийген ВНИИПИЭТ институтунун ленинграддык архитекторлорунун генералдык планына ылайык курулган. Ушул шаардын планын иштеп чыгышкан ленинграддык архитекторлор 1969-жылы СССР Мамлекеттик сыйлыгына ээ болушкан. Шаардын башкы куруучусу Өзбек ССРинин эмгек сиңирген куруучусу З. П. Зарепетян болгон. Анын ишке ашырган планы секциялык жана галереялык үйлөрдүн курулушу менен айырмаланып, кичи архитектуралык формалардын кеңири колдонулгандыгы, жашыл жайлардын, бактардын, парктардын, фонтандар менен бассейндердин көптүгү шаарга артыкчылыктуу жана башка эч жерде кезикпеген көрктү берип турат.
Шаардын калкы 2017-жылга карата 134 миңден ашык адамды түзгөн, климаты өтө ысык, күн жайкысын 54 градуска чейин ысыйт. Навои – азыр өзүнчө областтын борбору, анда мамлекеттик педагогикалык институт, тоо-кен институту, бир нече коллеждер, академиялык лицейлер жана мектептер жайгашкан.
Баса, шаарга башталышында бийлик ээлери В. Маяковскийдин ысымын коюшмакчы болушкан, бирок жергиликтүү патриот жетекчилердин тымызын ишарасы жана уюштуруусу менен жергиликтүү калк катуу талап кылып, түрк адабиятынын жаркын жылдыздарынын бири А. Навоинин ысымы ыйгарылган.
Жаамы түрк адабият жана маданият ишмерлеринин башын бириктирүүнү максат кылган “Классикалык поэзия” фестивалынын алгачкы кадамы ошентип орток түрк акыны Алишер Навоинин ысмын алып жүргөн шаардан башталгандыгы өтө символикалуу болду. Түркүн тилдерде ырлар окулуп, өнөр жай шаары саналган Навои шаарынын абасында эки күн бою поэзия жаңырыгы калкып турду.