Домой Без рубрики Нооруз – жаздын, башталуунун майрамы

Нооруз – жаздын, башталуунун майрамы

25

Сабактын максаты:
•Окуучулар ата-бабадан мурас катары сакталып келген Нооруз майрамы боюнча түшүнүк алышат;
•Чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүшөт;
•Улуттук каада-салтты сактай билүүгө ата-бабадан калган милдетти сезе билүүгө улуу муунду сыйлай билүүгө тарбияланышат;
Келди Нооруз, келди мына жаз майрам,
Береке жаап, кут төгүлүп асмандан.
Кыргызымдын кыйыры узун, тарыхы,
Сүмөлөктүн бал даамынан башталган.
Окуучулар 3 топко бөлүнүшөт.
Топко ат коюуда кыргызча ай аттарынын аталышын хронологиялык иретте жайгаштырышат: Баары туура болсо: «Билимдүүлөр», туура эмес болуп, бирок биринчи аяктаса «Шамдагайлар», акырында бүткөндөр «Заманбаптар»
Кыргызча Ай аттары: 1.Үчтүн айы, 2.Бирдин айы. 3.Жалган куран. 4.Чын куран. 5. Бугу. 6. Кулжа. 7.Теке. 8.Баш оона. 9.Аяк оона. 10.Тогуздун айы. 11.Жетинин айы. 12.Бештин айы
Жаңы тема:
Бүгүн, 21-март, Азия чөлкөмүндөгү бир катар мамлекеттер менен катар эле Кыргызстанда да Нооруз майрамы белгиленүүдө. «Нооруз»-байыркы фарс тилинен «Нооруз» деген сөзүнөн алынган. Бизче «нау»-«жаңы», «рузи»-«күн» деген маанини билдирет.
Демек, «Нооруз», «Жаңы күн», «Жаңы жыл» дегенди түшүндүрөт. Эл мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай дал ушул күнү билип, «бул күндөн баштап табияттын жаңылуусу башталат» дешчү. Бул күнү менен күн менен түн теңелет. Окумуштуулардын айтуусунда Нооруз майрамы Ислам дини пайда болгонго чейин эле колдонулуп келген. Мисалы, эл бул майрамга 20 күн калганда «ушул жылы түшүм мол болсун» деп тилек менен арпа, буудай өндүрүшкөн.

Майрамдык дасторкон.
Нооруз майрамында дасторконго да өзүнчө көңүл бурулат. Дасторкондогу эң негизги тамак болуп, даамдуу сүмөлөк же көжө жасашкан. Анткени, көжөнү улуттук даам катары баалашат.
Жылнаама: Тарыхчылардын божомолунда, бул жылнаама чыгыш элинин илимпоздору тарабынан мындан бир канча кылым илгери берилген экен. Бирок ушул күнгө чейин өз маанисин жоготпой, сакталып келет.
Нооруз жекшемби күнү келсе – токчулук өкүм сүрүп, ал жылы арзанчылык болот. Өлүм житим азаят.
Дүйшөмбү күнү келсе – бул күн Айга таандык. Жамгыр көп жаайт, табигый кырсык көп болот. Чөп, эгин жакшы чыгат.
Шейшемби күнү келсе – бул күн Марска таандык. Эгинди эрте айдоо сунушталат.
Шаршемби күнү келсе – бул кун Меркурийге таандык. Жыл аягында кымбатчылык болот. Кургакчылык өкүм сүрөт, жылан, чаян көбөйөт.
Бейшемби күнү келсе – бул күн Юпитерге таандык. Мөмө-жемиш көп болот, оору көп болот, бирок акыры жакшылык менен аяктайт.
Жума күнү келсе – бул күн Венерага таандык. Жамгыр көп жаап, суук катуулайт. Жер-жемиш мол болот. Арзанчылык келет, эгин кеч бышат. Ишемби күнү келсе – бул күн Сатурнга таандык. Жаз жамгырлуу болуп, шамал көп согот. Түшүм ойдогудай алынат.

Бата
Кымбаттуу окуучулар, Нооруз майрамы жакшылык алып келип, жергебизге берекенин, жакшылыктын, молчулуктун нуру төгүлсүн. Айдан аман, жылдан эсен бололу!

Сагынбү МЫРЗАКЕЕВА,
Таш-Көмүр шаарынын №7 Кожобек Кузембаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин тарых мугалими.