Домой Жай турмуш Нур төгүлгөн Нурата

Нур төгүлгөн Нурата

18

Нурата – Өзбекстандын Навои облусундагы райондун борбору болуп саналган чакан шаарча, ал Навои шаарынын түндүк тарабынан 50 км аралыкта, атактуу Кызыл-Кум чөлүнүн чегинен орун алган жана таң каларлык байыркы тарыхы менен даңкталат. Маалыматтарга ылайык бул жерде байыркы антикалык доордо эле адамдар отурукташкан ири жай болгон. Легенда боюнча алсак, кайсы бир атам замандарда бул жерге курч (метероит) түшкөн имиш жана анын нуру мезгил-мезгили менен, ушу азыр да Нуратанын үстүн жаркытып турат экен, байыркы бир замандарда чөлдө кыйналып келе жаткан кербенчилер так ошол нурду көздөй багыт алышып, ушул булакка туш болушуптур. Нурата – зыярат кылынуучу ыйык жай катары да эсептелет. Аны Жизак шаары менен Мырза-Чөлдөн башталып, Навои шаарына жана Кызыл-Кумга чейинки 170 км аралыкка созулган Нурата тоолору курчап турат.

Чил-Устун ыйык жайы.

Чашма — Кайнар-Булак.
Жума мечиттин алдынан көрүнүшү.

Жума мечиттин ички көрүнүшү.

Делегациянын бир тобу.
Бул жерде эки мечиттен турган, Х – ХVI кылымдарга таандык (Муну Х кылымда курулуп, ХVI кылымда оңдолгон деп түшүнүү керек) атактуу Чил-Устун ыйык жай комплекси жайгашкан, ал ар биринин диаметри 16 метрден турган 40 колоннаны өз ичине алат. Ыйык Нур Атанын (Шейх Абул Хасан Нурий) кабыры да так ушул жерде жайгашкан. Дал ушул комплекстин ичинде дээрлик бир тегирмен суу тээ тереңден сызылып чыккан ыйык булак бар, анда көп сандаган маринка балыктары беймарал эле сүзүп жүрүшөт. Булактын суусу көлмөгө топтоштурулуп, андан байыркы суу түтүктөрү (кяриз) аркылуу айылга тарап кетет. Ошентип бабаларыбыз бир кезде кеңири колдонгон илгерки суу куурларынын (кяриз) үлгүсү азыр Өзбекстан боюнча бир гана ушул Нуратада сакталып, ушул күндөрү да жүз жылдар мурдагыдай эле кадимкидей иштеп, элге кызмат кылып жатат. Дагы бир кызыгы, кээде балыктар куурлар аркылуу сүзүп, короолорго кирип барышат, бирок жергиликтүүлөр бул балыктарды ыйык деп эсептешип, жешпейт, тескерисинче кам көрүп, жашоосуна шарт түзүп турушат.
Азыр бул комплекс турган жер Чашма (Булак, же Кайнар булак десек туура болот го) деп аталат, ал эми ошол булакты айланта курулган комплекс Жума мечит деп аталат. Булактын суусу ыйык деп саналат жана анын температурасы 19,5 градуста туруктуу кармалып турат. Ал жердин суусун изилдеген адистер анын курамында йод, бром, күмүш сыяктуу огеле көп микроэлементтер бар экендигин жана алар ден соолукка пайдалуу болорун аныкташкан.
Чил-Устун комплексинин жанынан байыркы крепосттун урандылары байкалат жана жергиликтүүлөр аны Искендер Зулкарнайндын (Александр Македонский) аскерлери курган деп эсептешет.
Нуратага жакын жерде ушул какыраган чөлдөрдүн ичиндеги бермети – атактуу Айдар-Көл көлү жайгашкан, ал эми Кара-Тоо деп аталган тоо системасында коло дооруна таандык, саймаланган, тагыраак айтканда, сүрөт тартылган аскалар бар.
Насип буйруп, биз мына ушул Нурата шаарчасына келип, зыярат кылып, жакындан таанышууга мүмкүндүк алдык, ал үчүн ушул фестивалдын уюштуруучуларына ыраазылык айтабыз.
Самидин СТАМБЕКОВ.