Ооган согушунун ардагерлеринин Жалал-Абад шаардык коомунун төрагасы Орозали Сартбаев бала чагында “башкарма болсом” деп тилөөчү, себеби совет мезгилинде колхоз-совхоздорду жетектеген раистер ал орунга көбүн эсе Фрунзе шаарындагы Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн жана мал чарба ишин мыкты билген окумуштуу зоотехник жана ветврачтардан дайындалар эле. Башкарма кой короолорду кыдырып жүрүп, жогоруда аталган колхоздун Сейдикум айылында чабан болуп иштеген атасын эскертүү, тапшырма бергенде, бала Орозали: “Мен да ушундай башкарма болуп, баарын башкарышым керек”,- деп ойлонуучу.
Башкарма болбогону менен…
Анткени менен жетимиш жыл дооран сүргөн совет мамлекети кайра куруунун капшабы менен жоюлуп, колхоз-совхоздор таратылды. Орозали башкарма болбогону менен айыл чарба институтун жана юридикалык факультетти аяктап, жогорку билимдүү эки дипломдун ээси болгон соң, мамлекеттик кызматтарда, анын ичинде Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри кызматына жетти. Ал көп жылдардан бери облустун борбор шаарындагы Ооган согушунун ардагерлеринин төрагасы. Ал Ооганстанда эки жыл эки ай кызмат кылып, облусубуздагы интернационалдык жоокерлик милдетин мыкты өтөп келген эр жигиттердин бири.
Орозали айылдагы орто мектепти 1980-жылы бүтүргөндөн кийин жогорку окуу жайына окууга өтпөй калат. Базар-Коргон районундагы Фрунзе атындагы колхоздун башкармасы Өлмөскан Атабекова: “Чабан болуп, эгер кой баксаң, жогорку окуу жайына окууга тапшырууга жолдомо берем”,- дегенде Орозали ал сунушка дароо макул болот да, “Болду, кой багам” деген чечимге келет. (Окурмандарга эскерте кетели – Өлмөскан Атабекова – даңктуу башкарма, колхоздун төрагасы –“раиси” жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон. Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу Н. Байтемировдун “Жылдызкан” романынын баш каарманы. Ал башкарган Фрунзе атындагы колхоздо пахта бригадири Анакыз Жумабаева Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына арзыган. Ал эми кыздардын комсомолдук –жаштар “Он алты кыз” бригадасынын бригадири Асылкан Акматова СССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланган.) Орозали ошентип колхоздо бир жыл чабан болуп иштейт. Кой багып, талаада жүргөндө, тагыраагы, 1981-жылдын апрель айында ага ошол кездеги Ленин райондук аскер комиссариатынан аскерде кызмат өтөөгө чакырык келет. Ошо жылы советтик аскерлердин Ооганстанга киргенине эки жылдай болуп калган. Аскер комиссариатында армияга чакырылган жигиттерди катарга тизишет да: ”Ооганстанга ким барат?”,- деп сурашат. Ооганстанда согуш жүрүп жаткан. Орозалиде да ал жакта эмне болуп жатканы тууралуу түшүнүк жок эле. Ал: “Мен барамын! Биз –эркекпиз да, мен барам”,- деп кол көтөрөт.
Аскерге чакырылган жигиттерди адегенде Ошто машыктырышат. Кийин аларды поездге олтургузуп, Түркмөнстандын Кушка шаарына жеткиришет. Орозали да өз курбалдаштары менен Кушкадагы дивизиялык аскердик окуу борборунда, кумдуу талаада эки ай даярдыктан өтөт. Аскердик окуу борбордо автомат, миномет, пулеметту атуунун ыкмаларын, курал-жаракты колдонууну, душмандын огунан кантип сактанууну, жалгыздап жүрбөөнү, аскердик техникаларды башкарууну, жанындагы окко учкан, же жарадар болгон аскерлешин согуш талаасынан аман-эсен алып чыгууну, ал тууралуу кантип, кайда кабар берүүнү, транспортировкалоону, жөрмөлөп жүрүүнү жана химиялык кийимдерди кийүүнү, душманды талкалоонун жолдорун үйрөнөт. Кыскасы, ал жерде жоокерлерди Орозалинин сөзү менен айтканда “ат сууткандай суутушат”.
Оң буттагы үч осколка
Күндөрдүн биринде командири аскерлерди талаага алып чыгып, Орозали менен самарканддык бала экөөнө 15 кг байланыш түйүнүн (рацияны) жондоруна артып, алдыда жүрүп, ротаны душмандан сактап калуу, душман көрүнөөрү менен арттагыларга дароо кабар берүү тапшырмасын берет. Ок чыкканда кантип жашынууну да үйрөнүшкөн. Бул машыгуу оюну эле. Бирок, жаш жоокерлер жашынууну билбей, ок чыгарышкан. Ошондо командири: ”Силер – өлүксүңөр. Тактиканы унутуп, кол салуу болуп, силер ротаны толук өлтүрдүңөр”,- деп эскертүү берет.
-Ошондон эки айдан кийин Ооганстанга вертолет менен учуп өттүк. Шындант деген жерге түштүк. Аэропортко. Бизди ал жакка жеткирген вертолетке үч машина менен өлүк алып келишип, жүктөштү. Аны көрүп, бир аз коркунуч пайда болду. Бизди “Зил -131” үлгүсүндөгү аскер машинасында андан ары кызмат өтөөчү аскердик бөлүккө алып барышты. Оогандык адамдардын үйлөрүнүн үстү тегиз жабылганы менен шиферленбегендигин көрдүк. Ал жерде согушка машыктырышты. Мени менен дагы бир өзбек жигитке “СВД“ снайперин куралын карматышты. Снайпер менен күжүрмөн согуштук операцияга кирип жүрдүк. Аны эки жыл бою колдон түшүргөн жокмун. Тынч жашап аткан ооган элине душмандар кол салып турат. Жоокерлерге ошо тынч элди коргоо иши милдеттендирилди. “Душмандар момундай, тигиндей кыштакка кол салды”,- деген кабар угулуп, “тревога” көтөрүлгөндө полктогу бардык аскерлер ошол жерге жетип барып, душмандар менен согушуп жүрдүк. Кээ бир душмандар качат, кээ бири жолдо кол салат. Алар көзгө атар мерген болот экен. Аскерлер кайсы жактан келе тургандарын алдын-ала билишип, жолго мина коюшат. Минага жарылып өлгөндөр болуп турду. Бир күнү чуркап баратканымда мина жарылып, оң бутум “карс” этип, үзүлүп кеткендей болду. Жыгылып түштүм. Буттун сезими болбой, минанын үч осколка сыныгы тийип, бутума кадалып калыптыр. Балдар чуркап келип, өтүгүмдү кесип ийишкенде кан акты. Жыгылган жерде, арыкта жаттым. Балдар душманды кууп кетишти. Бутумдан кан агып атат. Тамеки тартып олтуруп, күкүрттүн данын кан чыккан жерге салып, аны кайра ала албай калды десем, балдар күлүшүп, түндөсү госпиталга алып барышты. Казакстандык медсестра “жердешим” деп текшертип, рентгенге салып, күкүрттү пинцет менен сууруп алышты. “Сага ок тийбей эле күкүрт тийиптир” деп күлүшүп, тамашалашты. Операция жасатууга макул болбодум. Оң бутумда азыр деле ошол үч осколка жүрөт.
Аскерден келген ыраазылык кат
-Хозяйкин деген украин дос бала БМП менен бизден озуп өтүп баратканда минага жарылды. Андан Хозяйкин кайтыш болуп, капитан да өлдү. “Баланча, түкүнчө өлүптүр”,- деген суук сөздү көп жолу уктук. Түштүктөн бир эшелон жигиттер Ооганга барып түшкөнбүз. Ооганстанда кызмат өтөп жүрүп, турмуштук чоң сабак алдык. Негизги сабак – ата-эненин, Мекендин, тууган-уруктун, элдин, нан менен суунун кадырын ошол жакта билдик. Жаш куракта балабыз да, өлүмдү ойлобой деле калганбыз. Үч жолу эс-учумду жоготуп, кайра үч жолу өзүмө келген күндөр болду. БМПда (жөө аскерлердин согуштук машинасында) үч жолу авария болдум. Уйкудан тургандай болуп, мурдум сынган, көкүрөктөн БТР басып калган. Сергей Парщиков деген бала БТР басып калганда кайтыш болгон, ал эми украиналык баланын колу жараксыз болуп, комиссиядан өтүп, аскерден кетти. Алладурды деген түркмөн жигит контузия алды.
Аскерде кызмат өтөө мөөнөтүбүз бүтүп, элибизге кайтаарда: “душмандар палан самолетту атып коюптур”,- деген ушак тарады ИЛ маркасындагы самолетко чыгып алып, кубангандан ыйладык, Ташкентке келип түштүк. Учак менен тоолордун үстүнөн учуп баратканда да чочуладык. “Дембиль” болуп, үйгө кайтканда 1983-жылдын июнь айы болчу, жоокерлер бири-бирибизди кучактап ыйлап, “өлүгүбүз самолетто калат окшойт” деп чочулаганбыз. Ата-энеме биздин командир “Орозалидей баланы тарбиялаган сиздерге ыракмат” деп ыраазылык кат жазыптыр. Ал катты окуп бергендер: “Балаңызды мактап жазыптыр” десе, апам алардын сөзүнө ишенбейт, ар кимдерге окутуптур. Мен үйгө жетип келип, сүйүнгөнүмдөн бийлеп кирип барсам, апам мени тирүү көргөн көзүнө ишенбей: “Менин балам аман-эсен келеби, жокпу?”,- деп санааркап олтурган экен. “Аскерден тиги бала жарадар болуп келиптир, кимдир-бирөөсү курман болуптур” деген сыяктуу каңшаарлардыды угуп жүрсө керек да.
Ооганстанда мени менен бирге сегиз адамды күжүрмөн аскердик сыйлыктарга сунуш этишкен. Түшүнүксүз себептерден улам ал ордендер берилбей калды. Командирлердин баары орус болгон. Ошентип, кыргыз балдардын көп эрдиктери эске алынбай калган,- деп Орозали Сартбаев Ооганстанда кызмат кылган күндөрүн эскерип олтурду,
Ал аскерде көрсөткөн эрдиктери үчүн “Каармандыгы үчүн (За заслуги)”, “Эрдиги үчүн (За отвагу)” жана “Авган элинен ыраазычылык“ медалы жана башка бир топ орден-медалдар менен сыйланган. КРнын Жогорку Кеңешинин, СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун, КРнын айыл чарба министрлигинин жана республиканын маданият, маалымат, спорт жана туризм министрлигинин Ардак грамоталары, ошондой эле “Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу” наамы анын сыйлыктарынын тизмесин толуктап турат.
Ал Ооганстандан кайтып келген 1983-жылдын июнь айынан тартып, бир жыл Базар-Коргон районундагы “Талды-Булак” колхозунда диспетчер болуп эмгектенди. 1984-жылы жолдомо менен Фрунзе шаарындагы айыл чарба институтунун зооинженер факультетине окууга тапшырып, аны 1989-жылы “зоотехник” адистиги менен бүтүрүп чыкты. Жогорку билимдүү адис болгон соң, кайра эле “Талды-Булак” колхозунда зоотехник, кийин башкы зоотехник болуп союз таркаганга чейин эмгектенди. Андан соң, Базар-Коргон райондук даярдоо конторасында кампа башчы, калкты иш менен камсыз кылуу мекемесинде башкы адис болду. Кой чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоордун конкурсуна катышып, аны утуп алган соң, Жалал-Абад облустук айыл чарба департаментинде кой чарбасын өнүктүрүү консультанты болуп иштеди. Ал жоюлгандан кийин ЖАТИ юрист-мугалим болуп, эки жыл аякта, 1996-1998-жылы КМУнун Оштогу юридика факультетинде окуп, 1998-жылы экинчи дипломго ээ болду. Андан кийин 2001-жылдан 2010-жылга дейре Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрацияда айыл чарба, уюштуруу бөлүмдөрүндө иштеп, аппарат жетекчи, Жалал-Абад шаарында вице-мэр, ушул эле шаардагы “Тазалык” мекемесине директор болду. Азыркы күндө кыргыз “Айылтехсервис“ ачык акционердик коомунун түштүк аймагы боюнча өкүлү кызматында эмгектенүүдө.
Орозали Сартбаевдин айтымында, Жалал-Абад шаарынан Ооганстанга 236 жигит жөнөтүлгөн. Азыркы күндө алардын 80и аман-эсен. Эки аскер ошол жакта кайтыш болгон. Ооганстандагы аскердик кызматтан кайтып келгендердин арасынан буга дейре 16 ооганчы көз жумган.
Эске алчу жагдай: Жалал-Абад облусу боюнча Ооган республикасында интернационалдык милдет өтөөгө 1300дөн ашык жигиттер жиберилген. Алардын арасынан Кыргыз ССРинин эки жараны Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку сыйлыкка ээ болгон. Анын бири Юрий Исламов Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында туулуп-өскөн. Азыр Арстанбапта анын атындагы орто мектеп бар. Жергиликтүү бийликтер тарабынан ооганчы-ардагер жоокерлерге жыл сайын материалдык жардам берилип турат. Жалал-Абад шаарындагы ардагер-ооганчыларга былтыр көмүр таркатылган.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.