Домой Без рубрики Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө…

Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө…

17

Ар бир өлкөдө өзүнүн мамлекеттик жана аскердик сырлары болот. Алар кайсы гана мамлекеттин болбосун коопсуздугун, өзүн-өзү коргоого болгон мүмкүнчүлүктөрүн кандайдыр бир деңгээлде билдирип турат. Ошондуктан аскердик сырлар да, мамлекеттик сырлардай эле, албетте, жашыруун сакталышы керек.
“Уугум, сага айтам, уулум — сен ук, керегем, сага айтам, келиним – сен ук!”,- дегендей, макалабыздагы ой-пикир, көз караштарды маалымат каражаттарынын бүтүндөй улуу-кичүү өкүлдөрү, атап айтканда, журналисттер, интернет булактарда күн сайын тигил, же бул окуялар боюнча өз көз карашын жазып жүргөн блогерлер, кабарчылар менен алып баруучулар, теле жана радио кызматкерлери көңүлүнө түйө жүрсө, жакшы болоор эле. Муну бардык адамдардай эле маалымат каражаттарында иштеп жаткан ар бир калемгер, теле-радио, интернет кабарчылар, алып баруучулар жана блогерлер беш манжадай толук билиши, эл-жерибиздин бекемдиги, тынчтыгы үчүн бекем сакташы абзел. Мамлекеттик жашыруун сырларды жарыя кылгандар, ал сырларды башка бир чет өлкөлүктөргө бергени же сатканы үчүн атайын жаза, жоопкерчилик да каралган. Кайсы бир жылы мамлекеттик сырды ачыкка чыгаргандыгы үчүн мамлекеттик эле кызматкерлердин бири кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы белгилүү. Маселенин бул жагы да ар бир адамдын, мамлекеттик ар бир кызматкердин, маалымат каражаттарынын бардык өкүлдөрүнүн, блогер, журналисттердин, теле-радио кызматкерлери менен алардын программаларын алып баруучулардын көңүлүнөн чыкпоого тийиш, бирок демократиянын, сөз жана басма сөз эркиндигинин шартында, биздин республикада аскердик маалыматтар телеканалдар менен радиолордо, гезиттер менен интернет желелерде, атайын жыйын-кеңешмелерде ачык эле айтылып да, жазылып да жүргөндүгүн байкоо анчалык деле кыйынчылыкты туудурбайт. Интернет желелер менен телеканалдар жана радиолор күн-түн дебей иштеп жатышпайбы. Ошол себептүү кыбыр эткен жаңылык, окуя, кабарлар эч кимдин көз жаздымында калбай, маалымат каражаттарында дароо пайда болот. Аскердик бөлүктөр менен чек ара тозотторунун номерлери, алардын жайгашкан жайларынын так дарек-жайлары, а түгүл жоокерлер менен чек арачылардын саны, жетекчилери ким, алардын аскердик кандай даражалары бар экендигинен бери интернет-желелерде, гезит-журналдарда, телеканалдар менен радиолордо уктурулуп, көрүнөө жазылып, ачык көрсөтүлүп, жашыруун сакталбай калды. Чек ара бекеттеринде, же аскердик бөлүктөрдө кандайдыр бир кырсык болгондо анын жабыркоочулары менен кырсыкка тиешелүү адамдардын аты-жөнүнөн бери ачык айтылып, жазылып, уктурулуп келатат. Аскердик техникалар, жарак-жабдуулар, ок-дарылар, коргонуучу жана чабуул жасоочу каражаттар менен бирге эле аскердик тик учмалар, самолёттор тууралуу да көрүнөө да, көмүскө түрдө да жашырылбай ачык айтылып жүргөн учурлар жок эмес. Аскердик жашыруун маалыматтар тууралуу сөз болуп жатканда мындай ачык-айкындык ичи кара адамдар үчүн чоң “олжонун” ролун аткарып берет. Алар аскердик маалыматтарды, аскердик бөлүктөрдүн, же чек ара жана бажы тозотторун, андагы иштеген адамдардын санын, колундагы курал-жарактарын билип, же интернет желелеринен, болбосо телеканалдардан көрүп алгандан кийин, аларды өз керегине жаратуу үчүн иштетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Буга мисал иретинде Тажикстандын өлкөбүздүн чек арасы менен эл чарбасындагы маанилүү обьекттерге жасаган былтыркы чабуулдарын эске салсак болот. Эгер алардын чалгынчылары, тыңчылары жана аскерлери менен биздин чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактарынын калкы мамлекетибиздин чек ара бекеттеринин, чек ара заставаларыбыз менен жоокерлерибиздин жашаган жайлары менен казармаларын, коргонуучу жарак-жабдууларын, аскердик техникалары менен буюмдарын, тынч жашап жаткан элдүү айыл-кыштактарды, балдар бакчалары менен мектептерди, ооруканалар менен ФАПтарды, дүкөндөр менен базарларды, жол, көпүрө, суу сакталган кампаларды так, даана билип албаса, жыл сайын жаз, жай айларында кол салып, жыл сайын биз жогоруда атаган адамдар менен турак-жай, мекеме-уюмдарды миномёттору менен аткылап, вертолётторун учуруп, артиллериялык куралдарын иштетип, танктары менен кирип келет беле, чек араны бузуп? Албетте, жок. Тажикстандын агрессиялык саясатынан улам бул кармаштардын биринчисинде 36 кыргыз жараны өмүрү менен кош айтышса, экинчисинде 63 адам көз жумду. Алардын кырктан ашыгы жалаң аскерде кызмат өтөп жүргөн кырчындай курактагы чек арачы жигиттер болду. Андан сырткары жүздөгөн мекендештерибиз жабыр тартып, аскердик, саламаттык сактоо, билим берүү, калкты тейлөө тармагы менен социалдык-экономикалык, административдик багыттагы канчалаган имараттар, турак-жайлар менен короо-сарайлар, автоунаалар талкаланып, базарлар менен дүкөндөр, соода-сатык жайлары таланып-тонолуп, өрттөлүп, жараксыз абалга туш келди. Айрым маалыматтарда 600дөн ашык турак-жай талкаланганы жазылып жүрөт. Эгер жогорудагыдай чыгымдар тууралуу айта турган болсок, “Кабар” маалымат агенттигинин 22-сентябрда интернет желесине жайгаштырган билдирүүсү боюнча эле: “Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда талкаланган турак үйлөрдүн саны 432ге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирди. Анын айтымында, учурда Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары тарабынан Баткен облусу боюнча жалпы жабыркаган объектилерди тактоо иштери аяктады.
-Ошондой эле комиссия 285 короо-жайлар, мал сарайлар жана чарбалык объектилер, 6 мектеп, 6 бала бакча, 2 саламаттык сактоо уюму, 9 административдик имарат, 26 автоунаа жана башка турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу 171 объект талкаланганын аныктады», — деди ал. Мындан тышкары, ал жарылбай калган 78 снаряд табылып, алар сапёрлор тарабынан зыянсыздандырылганын кошумчалады”.
Ушундан улам Тажикстандын аскерлери жогоруда аталган турак-жайлар тууралуу маалыматтарды алдын ала билгендиги үчүн мерчемдеп туруп кол салган деген да ой келет. Эгер Тажикстандын чек арачылары менен аскерлери бул жерлерди мурдатан билип жүрүшпөсө, биздин чек ара бекеттерибиз менен заставаларыбыздын, жоокерлерибиздин турган жайларын алдын-ала чалгындашпаса, кантип анан Баткен облусунун, чек ара райондорунун маанилүү имараттарын артиллериясы, минометтору аркылуу түз аткылоого алсын? Алардын чалгын кызматтары биздин республикадан чыгып жаткан аскердик маалыматтарды биз, сиз окуп-көрүп жаткан макалалар менен сүрөт жана видеобаяндардан, теле-радио репортаждары менен интернет-булактарыбыздын материалдарынан алып жаткан жок бекен? “Жок” деп эч бир адам айта албаса керек. Тажикстандын агрессиялык саясатынын натыйжасында алар өлкөбүздүн чек араларына биринчи болуп кирип келип, орду толгус жоготууларга учуратты. Ал кырсыктын айынан мамлекетибизге да экономикалык жактан сокку урулуп, канчалаган материалдык зыян тартууга дуушар болду. Өлкөбүз Мекенибизди коргоо учурунда курман болгон жана жарадар болгон жоокерлер менен турак-жайынан ажыраган элге кенемте төлөп берүүдө. Талкаланган үй-жайлардын ордуна жаңы үйлөрдү, мекеме-уюмдардын жаңы имараттарын курууга туура келип жатат. Аны менен чектелбей, Баткен коогалаңында жабыр тарткан адамдардын насыяларын кечүү маселеси да келип чыкты.
Аскердик маалыматтарды, аскердик жана чек ара бөлүктөрүндөгү жоокерлер менен алардын курал-жарактарынын санын билген душмандар ошого жараша даярдануусу да ыктымал. Ошондуктан журналист, блогерлер болобу, же карапайым жарандар болобу, аскердик жашыруун сырларды ачыкка чыгарбай, купуя сактаганы мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн чоң пайда болоорун унутушпаса…
Ооба, биз өз мекенибиздеги Россия Федерациясынын Канттагы аскердик базасы, Ысык-Көлдөгү Торпедо сыноочу аскердик жана башка жерлердеги аскердик жайлары бар экенин толук эмес болсо да, билебиз. Анткени менен алар ошол аскердик бөлүктөрдө канча курал-жарак бар экендиги, нече аскер адамы жана канча самолёт, вертолёт, торпедолору бар экендигин ачык айтышпайт да, жазышпайт. Ошондой эле коңшу турган Казакстандын, Өзбекстандын, Кытай менен Тажикстандын чек ара тозотторун, казармаларын, алардын анык-так даректерин, андагы жоокерлери менен аскердик техникаларын, курал-жарактары менен ок-дарыларынын, коргонуучу чептери менен аскердик буюм-тайымдарынын санын так билебизби? Жок, биз үчүн ал жагы белгисиз, күмөндүү. Анткени, алардын маалымат каражаттары өз өлкөсүнүн чек ара жана аскердик бөлүктөрүнүн курал-жарак, аскердик техника, чабуул коюуучу жана коргонуучу жабдуулары тууралуу ачык айкын ачык айтышпайт, маалымат каражаттары аскердик жана мамлекеттик жашыруун сырларды бекем сакташат. Аскердик машыгуулар жүрүп жатканда, же болбосо, бизге коңшу жана башка мамлекеттердин көз карандысыздык майрам күндөрүндө гана аскердик парадын (көбүнесе Россия Федерациясынын жана Өзбекстан менен Казакстандын), аскердик техникаларын телеканалдардан, интернеттен, атайын репортаждан, сүрөт жана видеобаяндардан көрбөсөк, башка мезгилде алар менен дүйнөдөгү башка өлкөлөр да өздөрүнүн аскердик маалыматтарын ашкере жарыя да кылышпайт. “Ачыктык, тактык керек” деп эле демократия менен ачык-айкындыкка жамынып, аскердик маалыматтарды бат-бат жарыя кыла бербей, аларды ыгы менен жашыруун сактап, басма жана сөз эркиндигин да өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн терең ойлонуп туруп, этияттуулук менен анан пайдаланганыбыз жакшы. Аскердик маалыматтарды ыксыз эле ачык айта бербеш керек. Ал маалыматтарды башка өлкөлөрдүн тыңчылары менен атайын кызматтары жана аскердик кызматкерлери, чалгынчылары өз керегине ылайыктап, иштетип алуусу ыктымал.
Элибиз тээ адам баласы жаралгандан бери эле не бир философиялык маанидеги көрөгөчтүгү менен: “Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө!”,- деп эң туура акыл-насаат, макал айткан. Ар бир сөздүн, ой-пикирдин, маалыматтын, кабар менен баяндын, макаланын оң жана терс жагы бар. Аларды ар ким өз акыл-эс жөндөмүнө, тарбиясына, түшүнүгү менен билимине, кесибине, көз карашы менен оюна жараша кабыл алат да, бирөөсү түз кабыл алса, дагы башкасы бөлөк мааниде түшүнүшү мүмкүн…

Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.