Ырысбай АБДЫРАИМОВ – 1953-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик СССРдин 50 жылдыгы атындагы университетти бүтүргөн. “Бала кумары”, “Өмүр кымбат”, “Ок менен чокту аралап”, “Түбөлүктүү чеп” аттуу китептердин жана бир нече повесттердин автору. КРнын Ардак грамотасынын ээси. КРнын Өкмөтүнүн сыйлыгынын лауреаты. Улуттук жазуучулар союзуна мүчө.
От менен чокту аралап
(Повесть)
Алтын күздүн аяккы айы. Бак-дарактар алтындай сары-кызгылт ыраңга боёлгону менен Күн жылымса тартып, кээде шамал согот. Калемгер Сакадай көнүмүш адатынча жаңылык сураштырып, укукчу Корголдойдун кеңсесине барган. Өңү-башы сары чийкил, көңүлүнө жакпаган сөз укса, дароо өрттөй жалындап кетчү укукчу менен анын ини-карындаштары, кеңсесинин кайратмандары жер сатууга каршы ыктыярларды жыйынга үндөп, күн мурунтан айыл-кыштактарга чакыруу барактарын таркатып жүрүшкөн.
Биринчи бөлүм
Кош кабаттуу имараттын экинчи кабатындагы кеңсенин кире беришинде жүдөө тарткан орус аял кетерин, же кимдир-бирөөнү күтөөрүн билбей, эки анжы ойдо буйдалып турган. Кеңсе жабык. Сакадай ак чачтуу аялдан укукчуну сурады. Жөнөкөй кийимчен эки киши “баш аламандыкка үндөдү” деген күмөн менен алдуу-күчтүү Корголдойду кармап, милиция бөлүмүнө жетелеп кеткенин укту. Калемгер ал тартип сакчыларды укукчунун кеңсесинен бир нече жолу көргөн. Чырымтал жигиттердин милиционер экенин кийин көчөдө атайын форма кийимчен жүргөн кезинен тааныды. Кызыл шапкечендер укукчунун сары изине далайдан бери чөп салып жүргөн. Корголдойго жөлөк-таяк, кол-бут болгон кара каш, бакыраң көз, узун бойлуу жигит андан кабар алганы барганда өзү да колго түшүрүлүп, абакка олтургузулат. Комитеттин дагы бир каарманы, орто бойлуу, кара тору, өлүмдөн да кайра тартпаган Сали автобекетте эл кеңешине чакырган үндөөлөрү менен тузакка чарпылат. Ал жазыксыз адамдарды абакка салган чечим менен такыр макул болбой, сотторду адилеттүүлүккө үндөөчү. Карапайым адамдардын укугун талашып, башынан кара шляпасы менен үстүнөн жука күрмөсүн түшүрбөй, сот кеңсесинин жанында ысык-суукту тоотпой, нечен ирет өзү жалгыз көгөрүп тура берүүчү. Ошол кашкөйлөгү менен адилетсиздиктен зар какшаган карапайым адамдардын тутунаар туусуна, сүйөнөөр жөлөгүнө айланган. Бурулдаган түтүндүү тамекисин, бири өчсө, кийинкисин күйгүзүп, оозунан түшүрчү эмес.
Корголдойдун шаардын чок ортосунда элдик жыйын уюштуруу жөнүндөгү кайрылуусуна калаа бийлиги жооп берген жок. Жер сатууну жектеген эл кеңеш ат майданда өтөөрү күн мурунтан жар салынган. Кеңирсиген ат майдан тургай, анын каптал көчөлөрүнө да эл жык толуп, батпай кетти. Борбордон учуп келген бир нече депутаттар кылкылдаган эл ичинде чогуу жүрдү.
Дубандын кең далы, суйда\ ак ала чач, казылуу прокурору жыйында кепке чыккан кишилердин кыргыз жерин чет элдиктерге берүүгө каршы сүйлөгөн сөзүнө кийлигишкенин койбоду. Ал эмне гана айла кылбады: алып баруучудан үн күчөткүчтү улам талашып, сөздү бузуп, бакырып-кыйкырып, сүйлөттүрбөөгө далалаттанат. Иши кылып, бир орунда тим турбай тызылдап, жан алакетке түшүп, ары-бери чабагандап, чогулгандарды тез таратуунун амалын издеди. Аргасы акыры курудубу, же колунан кокон тыйын келбей, чогулгандар аны тоотпой турганына көзү жеттиби, бир кезде тер баскан бети-башын жүз аарчысы менен сүртүнүп алып, четке чыкты. “Азыр таркабасаңар, жаза тартасыңар” – деп күпүлдөдү. Ага кулак салган киши жок. Сакадай көп узабай а кишинин караанын трубинадан да, жыйындагылардын арасынан да таппай калды.
Убакыт түшкө таяды. Күтүүсүздөн бак-шактуу көчө аралап, үч катарга тизилген аскерлер келатты. Этегин шамал талашып, эки жакка алчыланткан жоокердик боз күрмө, эски-уску көк тумакчан аскер балдар буркан-шаркан түшүргөн суу ташкындай болуп, прокурордун жетеги менен көз ачып-жумганча аянтка жетти. Тиги буйрук берер замат алар түз эле калың адамдарды аралап, жирөөгө өттү. Жагдай май чачкандай ырбаарын болжогон эмеспи, күлбото кошулуп тургузулган трубинадагы депутаттар капилет кырдаалга бир аз апкаарый түштү. Депутаттардын бири өңү кубарганы менен акыл токтотуп, жыйынга катышкандарды таркабоого үндөдү. Жоокерлерге тигилип: “Эй аскер, сен кимге кол көтөрүп атасың? Сени багып чоңойткон ата-энеңдей адамдарды урасыңбы?.. Токто! Прокурордун тилине кирбей, артка кайт!” — деп сүйлөгөнү Сакадайдын да кулагына чалынды. Жоокерлердин ментин тайдырууга жан үрөлдү. Аскердеги боз балдар ага кулак түргөн жок: камыштай шыкалган кишилерди ары-бери түртүп, арасын ачып, киши боюнан бийик трибунага жетүүгө умтулушту. Чамасы депутаттарды кармоого, элди артка сүрүп, бириндетип, таратууга буйрук алышкандай. Ошондо Боронбек депутат калың элдин артына өттү. Башынан жулуп алган тумагын колу менен булгалап, кагылышты болтурбоо үчүн каргылданган үнү менен:
-Айланайын балдар, туугандар!.. Садагалар!.. Койгула, урушуп-талашпайлы! Андан көрө, быякка жүргүлө! Ичкери кирип, кеңешели. Жүргүлө, кана, быякка басалы!,- деп өзү баштап, кино-театрды көздөй кадам шилтеди. Ага көнгөн көпчүлүктүн агымы күн батыш жакка бурулуп, депутатты ээрчиди.
Топураган элдин арасында Ажар эне да жүргөн. Ак жоолукчан байбичени жан-жагынан эки кызы коштоп алган. Эне бири-бири менен жарыша сүйлөгөн кишилердин сөздөрүнө кулак салбай, прокурордун жолун тороп:
— Корголдойду бошотуп бериңиз. Мен бул жерге уулум үчүн келдим,-деп ага жалбарды. -Эл кеңешке келгендин айыбы жок. Ага ар бир киши укуктуу.
-Агамды натуура каматтыңыз,- дешип, эненин кыздары да прокурордун шаштысын алды. — Чыгарып коюңуз!
Милиция башчысынын ымдоосу менен топ милиционер аларды ороп алышты да, эже-сиңдини четке сүрүп чыгарды. Бу чамада элдин көбү ат майданга чукул кино-театрга агылып, аянт сээлдей түшкөн. Кызыл шапкечендер жан тартаар адамы жок калган кыздарды колдорунан булка тартып, ички иштер бөлүмүнүн кеңсесине жетелеп жөнөштү. Ажар эне ыйлап-сыктап, эми кыздарын кайрып алганы алардын соңунан аргасыз ээрчиди. Милициянын кеңсесинде эже-сиңди апасы менен кошо прокурор жана ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен кимдин жоругу туура, кимдики чеки жагдайында кыйлага дейре талашып-тартышты. Бирок, Корголдой бул күнү да бошотулган жок. Ага убактылуу кармалуучу жайда жарым жыл абакта отуруу чечими чыгарылган.
Сакадай керектүү шоокум менен тараза басымдуу ой айткан азаматтардын кебин тасмага да, кагазга да түшүрдү. Баяндамасын радионун кечки саат алтыдагы уктуруусуна камдады. Жол жагы айнектелген өжүрөдөй бөлмөдө радионун студиясында үн кабыл алган операторго телефонду улаттырып алган соң, опурталдуу окуяны шоокуму менен коштотуп, үн чыгара окуганга өттү. Баяны жарымдап калган. Капыстан эшик ачылды да, босогодон каалганы ичкери түрткөн бейтааныш милиционердин карааны көрүндү. Ал уруксат сурабай, астананы эскертүүсүз аттады. Эмне максат менен быякка кайрылганын сураган да, түшүндүргөн да жок. Же аты-жөнүн, кызматын айтпайт. Сакадай мындай энөөлүккө биринчи мерте учурашы. Кыялында: “Ушундай да ээнбаш, тартипсиз болобу?” — деп ойлонуп, баяндамасын окууну тынымга токтотту. Сураса да, чоочун жигит үн кайтарбады; бөлмө ичин бир сыйра көзү менен тинтип чыкты. Чамасы күмөн туудурган шеги табылбай калдыбы, каалганы жаап, кайра сыртка үнсүз бет алды.
Ал арада телефон узак шыңгырады. Тыңшоочтон оператор: “Эмне болду, байке? Неге токтодуң?”-,деп чоочугандай сурап атат. Сакадай ага үндөбөгөн себебинин учун чыгарбады. Жумушун бүтүрүп, кайра чогулушка бачым жетүүнү көксөдү. “Капилет кокустук болуп, чыр чатак чыгып кетүүсү ыктымал. Андайды өз көзүң менен көрбөсөң, күмөндүү собол жаралат”. Көчө бойлоп, жүгүрүп, кино-театрга жетсе, эл кеңеш баягы күүлдөгөн күүсүнөн жана элек экен.
Жарым айдан кийин сакал-муруту өскүлөң Корголдой абактан чыкты. “Эч кайда кетпейсиң”,- деген шерт менен убактылуу азаттыкка чыгып, үй камагына которулду. Ал өзүнө чоң айып тагылганын, ал кине менен далай жылга тартиби оор түрмөгө кесилээрин кыйытты. Мамлекет өз алдынчалыкка ээ болгону менен мурдагы бүтүлүү завод-фабрикалар, колхоз-совхоз, мекеме-ишканалар бүлүнүп, менчикке айланып, иши токтогон. Көпчүлүк жумуш таппай, үй-бүлөсүн элтең-селтең багып калган чак. Иштин жоктугунан көбүнесе шаар калкы, бөтөнчө жогорку билимдүүлөр чет жакка, соода-сатыкка агын суудай агылды. Сакадай: “Билимдүү, таланттуу инсандар жер ооп кетсе, боорун эми көтөрөөр мамлекет кантип оңолот?”,- деп ойлонду, кыялында.
— Мен да кетем, чет өлкөгө,- деди Корголдой тартып бүткөн тамекисин өчүрүп жатып.
— Антсең, “коркуп, качтыга” чыгарат. Эрдик кылып, кайра артка кайтпа.
— Бул жерде эмне кылам? Бала-чаканы ким багат? Келечегин ким ойлойт? — Укукчу кучак жая Сакадайга суроо узатты. — Кесипке жараша иш жок… Бир мен эмес, университет-институтту кызыл диплом менен бүтүргөн карындаштарым, иним үй-бүлөсү менен бош… Кантип жашайбыз? Базарга чыгып, сатуучулук кылгыдай, же чайкоочулук колдон келбейт.
— Алты саны бүтүн адам кыйынчылыкка кайыкпайт, ыгын табат. Өлкө да бара-бара оңолот. Алдуу-күчтүүнүн баары башы оогон жакка кыйшайып, өз жыргалын ойлоп, сыртка кете берсе, бул жерде ким калат? Анда жерибизди сайдын ташындай көбөйүп бараткан кошуналар менен ханзулар тамырлайт го.
Сакадайдын бул кебине Корголдой чыйт түкүрдү. “Мага баары бир”,- дегендей кол шилтеди да, терс бурулду. Анын сөзү чынга айланды. Ай өтпөй кеңсеси биротоло жабылып, укукчунун карааны көрүнбөй калды. Иш бөлмөсү кийин ачылган жок. Ажар энени дагы күйгүлтүк басты. Корголдойдун тергөө абагынан кутулуп чыкканына сүйүнүп жүргөндө анын чет жакка ооп кетүүгө камынып жүргөнүн укту.
— Кой, ал оюңдан кайт балам, барба!-,деп эне баласына жалбарды.
— Апа, саясий баш калка алуу,- ар кимдин эле бешенесине жазыла бербейт. Чет өлкө, аны мени сакташ үчүн берип атат. Бул жердеги тааныш милициялар: “Коргол байке, эл көрбөс жакка батыраак качып кетиңиз. Биз сизге жан тарткандан айтып атабыз. Начальниктерибиз күнүгө бизге тапшырма берет: “Корголдойду кармап келгиле!”,- деп. Бул жерде болсоңуз, узак жылга соттолуп кетесиз. Биз сизди балбан, музыкант экениңизди сыйлап, тааныганыбыз үчүн кармоого даабай атабыз”,- дешип атат, апа. Өзүм барып, отурукташып алган соң, сиздерди да чакыртам!.- деп Корголдой эркелеп, энесин кучактады.
Сакадай Корголдойдун баш калка сурап, чет өлкөнү көздөй жөнөгөнүн кыйла убакыт өткөн соң, анын таанышынан укту. Укук коргоочу өзү айткандай жыл өтпөй үй-бүлөсүн да чакыртып алды. Карындаштары бала-чакалары менен Орусияга оогон бойдон агасы сыяктуу туулуп-өскөн айылына кайрылган жок. Укукчу абакта жатканда тартип сакчылар жөө жүрүшкө чыккан карындаштарын колуна көтөргөн балдары жана иниси менен кошо чыркыратып сүйрөп барып, камашкан болчу. Корголдойдун ал боордоштору сыңары чет өлкөлөргө суудай агылган мекендештердин саны жылдан-жылга арбый берди. Терең билимдүүлөр да өз адистигине жараша кенен-чонон жашоого чак келер айлыгы бар жумуш таппай, сырт мамлекеттерге иштегени кетишти. Эл аралык тилдерди мыкты өздөштүргөн кыз-уландар да бөлөк өлкөлөргө аттанып, дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан түнөк табышты.
Арадан үч жыл өттү. Сакадай эми чуу менен такай коштолгон президенттик шайлоонун үстүнөн чыкты. Ал окуя элди кыйла дүрбөтүп, удургутту. Көз каранды эместик алгандан чейрек кылым өтсө да, даңгыр жолго түшө албай, өлкөнүн башы чуру-чуу, утуру капсалаң окуялардан чыкпай койду. Калемгердин жаны мына ушуга кейиди. Тынчтык байырлабаган жерде кут-берекени, мелмилдеп аккан дарыядай тынч өнүгүүнү кондуруу да кыйынга турду.
Экинчи бөлүм
Ажолукка талапкер ал жарыштан өтпөй, кулады. Ал үчүн берилген добуштар атаандашыныкы менен алмаштырылып калган эле. Талапкерди жактагандар ызаларына чыдабай, күнү-түнү кыймыл суудай агылган жолго чыкты. Жолдун Коргон районундагы талапкер туулуп-өскөн айылдын тушунан тартып, эски тоокканага чейинки бөлүгү тосулду. Беш күн-түн бою бул арада жеңил жана оор жүк ташыган, кала берсе жүргүнчүсү бар авто унаалардын жол жүрүүсү тыйылды. Жолоочулар бул бөлүктөн жөө-жалаң өтүүгө мажбур болушту. Жол тоскондор унаасы менен өтүүнү көздөгөндөрдүн автомашинасын чайпалтып, ары-бери түрткүлөгөндө дөөтү көңтөрүлүп барып, кайра оңолду. Ортодо бир кыйла аралык буулду. Сакадай тосмо жолдун каршы-терши жагында жеңил да, жүк тарткан оор да машиналар кербендей тизилгенин түшкө чукул, кечке жуук кыдырып барып-көрүп, санын билди. Мындай чукул кезде демейкидей күн-түн жөө жалаң, бат жана калыс, так иштөө — бешенесине жазган болчу. Жол тоскондорду күнүгө аралап өтүп, алардын талабы менен кыймыл-аракети жана жүргүнчүлөрдүн маанайы, жолду буугандарга нааразы болгондор, улам өзгөргөн кырдаал жана башка көйгөйлөр тууралуу кечке жуук, же дубан борборуна, ал жактан күн батышты көздөй жол жүргөндө район байтагы Коргонго жетип, телефон аркылуу жагдайды баяндап турмайга өттү.
Кан жолдогу ызы-чууга кошул-ташыл Ак үйдүн тушунда Токо менен бирге “Ажого кол салуу уюштурду” — деген доомат тагылып, абакка кесилгендердин туугандары ачкачылык кармады. Наар татпай, керелден-кечке кезерип, тикеден тик тургандардын карааны күздүн шамалдуу, жамгыр-кар себелеген ызгаар күндөрүндө да улустук бийликтин темир кашага менен тосулган үч кабаттуу кеңсесинен үзүлгөн жок. Ак жеринен жазага жыгылып, ар кайсы түрмөлөрдө жаткан адамдарды азаттыкка чыгарууну көшөкөрлөнө талап эткен аксакалдар менен аялдар, кээде балдар, ар кайсы курактагы кишилер каккан казыктай кырк күн турду. Карапайым кишилердин бул жоругуна таңданбаган киши жок. Ал кезде берегидей жосундун болоорун, көк муштумдай көгөрүп ачка олтурган адамдарды эч ким оюна албаган. Ак үй жана улуттук коопсуздук кызматы менен ички иштер башкармасынын, прокуратуранын кызматкерлери бул ачкачылыкка элеттиктерди ким түртүп чыгарганын кез-кез Сакадайдан сурашчу. Калемгер ал жагынан кабарсыздыгынан “билбейм” деген ишаараты менен ийин кысып койчу.
Орто бойлуу, арык чырай, көөнө жука шляпанын үстүнөн ак жоолук оронгон аялдын тоолуктарды Ак үй алдына чыгууга үндөгөнү, а кезде күтүлбөгөн көрүнүш болду. Бирок, Сакадай ал зайып тууралуу эч кимге ооз ачкан жок. Жабылып калган кайсы бир журналдын кабарчылык күбөлүгүн кармап, оор жумушка бел байлаган бейтааныш айымга абайлоону кыйытты. Өзү ары-бери жумуштап өткөн сайын ачкачылык кармагандардан кабар алат. Бирок, “ачкачылыкты токтот” деген жергиликтүү атка минерлер, кызыл шапкечендер алардын максат-тилегинин тамырын тартканы менен оокат ичпей койгондордун саламатчылыгын ноябрдын шамалдуу күндөрүндө дарыгерлер да сурабады. Жаан-чачында алардын бирлери өнө боюна башынан ылдый жылтырак кагаз жамынып алышчу. Аялдар кабат-кабат жоолук салынып, наристелерин бооруна кысып, ным жерде олтурушчу. Жер сыз тартып, ары-бери тынбай, жөө-жалаң каттагандардын таманынан да ным өткөн кез. Тоолуктар ара күндө ооругандарын улам бөлөгүнө алмаштырат. Кымбат баа жеңил автоунаа ташып, жылуу, таш тепкичинен өйдө килем салынып, мамлекет курган таза бөлмөдө олтурган чоң кызматтагылар сырттагылардын абалына терезеден тиктеп, көңүл кош карагандай сезилчү.
Ал арада Ажонун улусту кыдыраары тууралуу каңшаар желдей тарады. Эрте менен күн бүркөлүп, кыламык кар жаап аткан. Сакадай элдин көйгөйүн билгени башка жактарга да абай салып, пикетчилердин жанына баргыча күндүзгү саат онго чукулдады. Ага дейре ачка тургандар менен милициянын генерал начальниги, анын орун басарлары жана шаардык милиция сүйлөшүптүр. Эриндери кеберсип, суусаган кишилер Сакадайды ортого алышып, үйүлө калышты. Түрлөрү чочулагандай. Сураштырганга үлгүртпөй кара тору, жашы алтымышка таяган тумакчан киши, аларды тароого үндөгөн милиция өкүмүн күчөтүп, коркутууга өтүп, болбосо, камап салышаарын кыйытканын айтты. Бул адам бөлөктөрү утуру алмашса да, турган жеринен кадам жылчу эмес.
-Коргондо жол тоскондор соттолуптур. Айып пул салыныптыр. “Алар шаарга жетип, митинг өткөрсө, силердин талабыңар тигилердики менен камырдай аралашып, жуурулуп кетет. Силерге эч ким көңүл бурбайт. Кокус, эки ортодо чыр-чатак чыкса, жабыркашыңар да ыктымал. Ошон үчүн таркасаңар болот эле!” — деп жатышат. Коргондуктардын жөрөлгөсү бир жаңсыл сээлдегиче, үй-үйүбүзгө таркап, ачкачылыкты убактылуу токтото турсакпы? Камалгандар ага дейре бошотулбаса, кийин деле улантабыз. Кандай дейсиздер?,- деп а киши жанындагыларга жалооруй акыл салды.
Топтолгондор саамга унчуккан жок. Акыры арасынан кимдир –бирөө берегидей үн катты:
-Жылбайбыз. Таркасак, кайра жыйналыш кыйын. Ажого каршы кутумду биздин туугандар уюштурган жок. Токону да, ага кошуп жөн-жай жигиттерди да ак жерден айып тагып, абакка тыгышты. Камалгандар бошотулса, бул жерде бир да мүнөт кармалбайбыз. Колунан кокон тыйын жакшылык келбеген бу Ак Үйдөгүлөр кесебизге аш салып бербесин. Карапайым адамдар ак мээнет менен жашаары, базарда араба түрткөн тиги балдарга да дайын.
Ушундай кептен кийин бөлөк адамдар да чечкиндүү сунушка моюн сунгандай, сөз жаңыртылган жок.
Күн шашке. Сакадай милициянын оозуна наар албай олтургандарга үрпөңдөгөнүн тактамак болуп, ички иштер Башкармасынын башчысын кыйла күттү. Жетекчи иш бөлмөсүнө да келген жок, кайда экенин орун басарлары да, жардамчысы да айтпай койду. Калемгер: “Болжолу, өлкө башчы калк кыдырганда коопсуздукту сактоонун жол-жобосун тактап, аны уюштуруунун ташпишин тартып жүргөндүр”,- деген ойго түштү.
Ал убакытты текке кетирбей, шаардык ички иштер бөлүмүнө жетти. Кезек тийгенде начальнигинин бөлмөсүнө аттады. Бөлмөдө анын ээси менен генералдын орун басары бет маңдай тиктешип, сүйлөшүп олтурат. Калемгерге көңүл бураар түрлөрү жок. Милиция башчы Сакадайды жакшы тааныйт. Ошентсе да, калемгер саламдашып, өзүн орун басарга тааныштырган соң, ага кайрылган себебин кыйытты.
Полковник ачка олтургандар менен кездешкени жагдайында сыр бербеди. Сакадайдын коркутуу-үркүтүү тууралуу суроосун да жоопсуз калтырды. Тулку-бою алыбеттүү милициянын өң -түс, көз карашынан тырчыганы, чабармандын соболун жактырбаганы сезилет. Калемгер ага карабай, соболун кайра жаңыртты. Бою узун, кең далы, кыркма мурут полковник ага ачуулана тиктеди да:
-Биз сизге эсеп берүүгө милдеттүү эмеспиз… Түшүнүктүүбү?.. Ары барыңыз,- деп орусчалап, каарый сүйлөдү. Башка сөзгө өткөн жок. Мындан бөлөк жооп бербей турганын туюнткандай далысын салып, тескери, бөлмөнүн ээси жакка бурулду.
Кан жолду буугандар добуштарды кайра эсептеп, президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну көксөдү. Жол буумай токтоп, жүрүш Ак үйдүн алдындагы аянтка көчтү. Бийлик ээлери талапкердин таламдаштарынын кайрылуусуна көңүл бурбай, сыртын салды. Аянтка жыйналгандар кийинки күнү, бешим ченде бийликтин имаратын көздөй жүрүш жасады. “Ажого каршы кутум уюштурду” — деген айып менен камалгандардын жактоочулары бир четке жылып, тосмолордун бурч жагына сүрүлдү. Алар Коргондуктарга кошулган жок.
Бир кезде тартип сакчы жигиттер жөө жүрүшчүлөрдүн алдын торой чыкты. Кирпик ирмегиче убакыт өтпөй, эки тараптын ортосунда жаңжал тутанды. Ары-бери түртүш, жакалашмай, муштум такамай, аягында кол да шилтенди. Токтоолук кылган кызыл шапкечендердин да сабыры түгөндү: жаңжалдашкан шайлоочуларды кармоого өттү. Алар туш-тарапка жайылып, чилдей тараган адамдардын артынан сая түштү. Эркин гезиттин шиш така туфли, көк түстүү жынсы шым кийип, кара чачы желкесинен кыркылган кабарчы кызы аянттын ортосундагы суу бүркмөнү курчаган айлампанын үстүнө чыгып алып, милициянын жөө жүрүшчүлөрдү кармап, апаларды сүйрөп бараткандарын жана мушташкандарды сүрөткө тартып аткан. Капысынан генерал кыйкырып: “Журналистти кармагыла!” — деп буйруду. Бийкеч туфлийин чечип, колуна кармаган бойдон жылаңаяк качып жөнөдү. Үч-төрт кызыл шапкечен анын артынан сая түштү. Каарман кызды тызылдата куугандар ал конок үйгө кире качмакчы болуп, мейманкананын дарбазасына жеткенде кармап алышты. Татынакай кыздын чучуктай чыңырган үнү Сакадайдын кулагына ыраактан илинди. Кабарчы кызга ал тарткан сүрөттөрүн “өчүрөсүң” — деп чочоңдошуптур. Сакадайга дароо канат бүттү. Болгон окуянын изин суутпай, теребелди удургуткан куюндан бетер тез иштемей өнөкөтү кармады. Ал ойдо жок жерден жаралган жорук-жосунду кагазга заматта, чагылгандай бат түшүрдү. Баяндамасын телефон аркылуу радионун борбордогу операторуна жаздыргандан кийин тополоңдун аягы, анда колго түшкөндөрдүн тагдырын билүүгө ашыкты. Ал жерге түшүп баратканда экинчи кабатка өйдөлөй берген укукчу аял бет маңдай чыкты. Укук коргоочунун жүзү капалуу:
-Ушундай да болобу?.. Милиция элди уруп-сабап, таркатты… Канчаларын кармап, ИВСке сүйрөп кетти-,деп токтоно албай, эчкире ыйлады. Аял каш-кабактын ортосунда болгон жаңжалдан Сакадайды “кабарсыз калды” деп ойлоду окшойт.
Сакадай тополоңду баштан-аяк көрүп-билип, укукчу аял ал окуяны угузганга чейин радиого жаздырганын, ал баяндама жарым саатка жетпей обого жаңыраары жөнүндө үн катпады. Бышактаган аялды жооткотту. Көз байланды, эл орунга олтурган убак. Ага карабай кармалган адамдардын тагдырын билгени убактылуу кармоочу жайга барбаса, санаасы тынчыыр эмес.
Убактылуу кармоочу жайдын үл-бүл жарык чачкан кеңсесинин тушунда бир нече киши котолоп турат. Аркы-беркини сурап, жооп алгыча болбой, камалгандарды алда-кимден уккан Шермамат жетип келди. Ал ачуусун кармана албай: “Балдарды эмнеге каматтыңар?”- деп күрсүлдөдү. Милиция каанасында бөлөк жетекчилер менен бирге жүргөн бир башчыны сыртынан сөгүп алды. Шермаматтын тайманбас, баатыр мүнөз түрү да, сүрү да бар. Ал ичкери кирип, милициянын башчылары менен сүйлөшкөндөн кийин ызы-чууда колго түшкөн адамдар бошотулду.
Эртеси улус бийлигинде кеңешме чакырылды. Сакадай күн мурунтан келип, маалымат катчыдан чогулуш талкуулай турган күн тартибиндеги маселелерди сурап, билди. Жыйналыштын башталаарын күтүп, Ак үйдүн биринчи кабатындагы кош канат каалгасы ачык залдын кире беришинде ары-бери басып жүрдү. Белгиленген сааттан өтүп баратат, чогулуштун башталаары күмөн. Тактыкка көнгөн калемгер мындай жосунга көнбөй, ичинен буулукту.
Аңгыча көгүш шинелчен, баскан сайын шымынын эки кыргагындагы кызыл жиби көзгө урунган генерал-майор — ички иштер башкармасынын жетекчиси астанадан ичкери аттады. Ал ак үйдүн сырты кызыл калың китепче, кагаздарды колтуктаган аппарат башчысын жандап алган. Сырттан кирген ал экөө Сакадайдын жанына келип, токтоду. Алар калемгердин сыпайылык менен узаткан саламына көңүл бөлбөй, алик алышкан да жок. Генералдын жүзүнөн каар төгүлүп, эмнегедир сөгүнүп алды. Сакадайга сөөмөй кезеп, аппарат жетекчиге даттанып аткан кербези:
— Кечинде ырадиодон “милиция менен митингчилер тирешти” деп сүйлөгөн — мына ушул! — деди да, калемгерге бурула карап: — “Тирешти, мушташты, кагылышты…” деп айтпай койсоң, болбойт беле, ыя? Бар жокко бизди уят кылып…
-Агай, эки тарап жакалашканын баары көрдү. Болгону чындык! Анын эмнеси уят?..Окуяны кудум өзүндөй, калыстык менен эч кимге жан тартпай кабарлоо – биздин милдетибиз. Чындыкты капка ката албайбыз, – деди Сакадай да буйдалбай.
Генерал ызырынган калыбында дагы сөгүндү. Түйүлгөн муштумдарын улам ачып-жумуп, кантеерин билбей туталанды.
Курсагы челкейген, бети-башы токочтой томолок, ак жуумал болгону менен маңдайы тасырайган аппарат жетекчи кабак бүркөп, Сакадайга сөөмөйүн силккиледи:
-Мен сизди.., сиз иштеген радиону буржуазиянын пропагандачысы катары жек көрөм, — деди оозуна башка сөз кирбей.
Казылуу аппарат башчынын өткөн кылымдын алтымышынчы-жетимишинчи жылдардын туманында адашып жүргөнү айкын болду. Анткени, жаңы кылымдын биринчи босогосун аттаган эки миңинчи жыл дооран сүрүп, кыргыз өлкөсүнүн өз алдынча мамлекет болуп, демократиянын жели сокконуна он жылга чукул убакыт тамырлап калган.
Сакадай бүткүл дүйнөгө эч кимдин, ар кандай топтун, же партиянын камчысын чаппай, сөз эркиндиги аркылуу түрдүү-түмөн улуттардын тең укуктуулугун, ар бир өлкө, адамдын эркиндигин сактап, калыстыгы жана чагылгандай ыкчам иши менен таанылган радиосунун максатын тигиге түшүндүрүүгө ниеттенди. Бирок, төрөпейилге теңелүүнү эп көрбөй, оюнан кайра айныды. Кыялында: “Кыязы, аппарат башчы эски доордун бешигинен бошоно электей. Балким, таразадай так радионун уктурууларын уга электир. Кийин аңдаар. Азырынча муну менен теңтайлашып, айтышкыча, убакытты сый кетирбей, чогулушка кирип, ортого коюлаар маселенин чоо-жайын тактап алганым дурус”. Чиновник менен радио жагдайында талашып-тартышууга көңүлү чаппады. “Мындай төрөлөргө корогон кайран убакыт” — деди өз кыялында.
Ал жыйналышка кирмек болуп турганда коопсуздук кызматынын башкармасы Таштан жанына басып келди. Ал сабыры суз калемгердин капалуу жүзүнө кадалды да:
-Ай байке, эмне болду, кабак бүркөп? – деп сурап, Сакадайдан жооп алгыча болбой, тиги экөөнө суроолуу тигилди.
Генерал колун Ак үйдү тосмологон темир кашагаларга көздөй жаңсап, баштагы кебин кайталады:
-Тирешүү менен бирге “Ажого каршылар ачкачылык кармап олтурат” — деп, радиодон эмне сайрайт? Биз тартипти сактап атабыз го!..-
Сакадай Таштанды: “чиновниктерге жан тартса керек”- деп күткөн. Бирок, Таштан ага ээк жаңсады да, генералга карап:
-Ай байке, бу жигит чындыкты айтып атпайбы! – дей салды. Муну угушуп, бая итиреңдеген аппарат башчы менен генерал -майор кеп таппай, ооздору жап болду. Башка сөзгө өтүшкөн жок. Шаабайлары сууп, биринин артынан бири ээрчиди. Жогорку кабаттарга алып чыкчу, кызыл-тазыл килем төшөлгөн тепкичтерди көздөй бурулуп, өйдөңкү кабатка бет алышты. Сакадай чындыкты айткан коопсуздук башкармасынын калыстыгына жылмайды.
Кийинки жылдын август айында кокту-колот менен жашынып жүргөн жан кечтилер чек араны бузуп, тоолорду ашып түштү. Кара-көгүш селде чалынган башы менен колдорун үксөйгөн жүн басып, кийим-кечеси жүдөө куралчандар оболу ээн жерде жалгыз мал баккан койчунукуна баш багат. Бейтааныштардын түрүнөн чоочуган үй ээси аларды тамак-ашы менен сыйлап, боз үйгө түнөтөт. Чакырылбаган “коноктор” курсагы кампайгандан кийин кошкуруп-бышкырып, уйкуга кирет. Койчу бала-чакасын жан кечтилерден жан адам билбеген үңкүргө жашырат. Атынын кара тер түшкөнүнө карабай, чаап олтуруп, түн жарымда аймак борборуна жетет. Райондук ички иштер бөлүмүнө чек араны бузуп өткөн жоо жөнүндө кабар берет.
Ал жан кечтилерди жок кылуу операциясынын башында Сакадайга тааныш генералдын өзү турду. Үрөң-бараңда эки тараптын ок атышуусу арсак-терсек, бийик тоолорду жаңыртты. Койчунун үйүнө түнөгөн жоочулар бири калбай жок кылынды. Кыргыз жерин душмандардан сактаган жоокерлер менен алардын генерал командиринин каармандыгын угуп, калемгердин төбөсү көккө жеткендей сүйүндү. Андан бир апта өтпөй келген коңшу мамлекеттин ички иштер министринин орун басары жоочуларды тыйпыл кылган кыргыз милициясы менен анын генерал башчысына таазим этип, кол саат менен сыйлады.
Сакадайга борбордон телефон чалышты:“Жан кечтилердин асман тиреген тоолуу чек арадан ашып өткөнүн кайдан билдиң? Алар менен болгон кармашты, өзбек министрдин алкышын кайдан алдың? Борбордон мурда кантип уктуң?”- деп кызыраңдап, кызыккандар да чыкты. Сакадай сыр бербей, тамашага буруп: “Издеген адам каалаганын табат” — деп, күлүп койду. Ал шеит кеткен жан кечти-басмачылардын тизмеси, баскынчылардын курал-жарак, ок-дарылары жөнүндө мөөр басылып, кол коюлган расмий баракты ишенимдүү адамдан таптыртып алган эле. Баракта өлгөн басмачылардын, алардын баштыктарынан табылган Халифат орнотууга үндөгөн баракчалары менен мылтыктары, жардыргычы, кол пулемету жана ок-дарыларынын саны даана жазылган. Тизмени берген кишинин колун кур койбой, ал адам тууралуу жан адамга ооз ачпоого касам ичкен. Сакадай телефондон кекетип-мокоткон үрпөң башка: “Бийликтегилер, ички иштер башкармасындагылар жана башкалар менен ийиндеш иштешсеңиз — утасыз. Алар менен зарыл убакта тынымсыз кабарлашкан киши өз жеринде болгон окуялардын тамырын тартып, ийне-жибинен өйдө изилдеп турбаса, бөлөктөрдүн алдында сабагынан “эки” баа алган окуучудай башын шылкыйтып, жер тиктегени ыңгайсыз го!” — деп жооп узатты.
-Тизмени бизге да жөнөт, — деди Ак үйдөн чалган төрө.
-Сиздин колуңуз узун, кайда сунсасаңыз, жетет. Министрликтен сураштыргыла! А мен бирөөнүн табылгасын тиешеси жок кишиге бере албаймын. Ошондой убада менен алганмын.
Тигил чоңдугуна салып, кыйкыра баштаганда Сакадай үн чыгарбай, телефонду ордуна койду.
Ал милициянын генералы менен кыйла закымдан кийин, кандуу калайманды териштирген сотто кездешти. А кезде генерал чек ара аскерлеринин кол башчысы. Сот танаписке чыгып, кылмыш иштерди кайра кароого киришкенче тамашакөй генерал түрдүү азилдерди айтып, жанына чогулгандарды күлдүрдү. Ара-чолодо Сакадай жакка да кеп ыргытып, тамашалашчу. Генерал өзүнүн каармандыгы, ак кызмат өтөгөн эмгеги эске алынбай, атак-даңкы унутулганына кейип атты. Кызматынан бошотулуп, соттолуучулардын тизмесине ак жеринен кошулганына аң-таң. Ыраңы: “Кайсы кара теке сүзүп, ойдо жок балакетке кабылдым эле ?” — деп өкүнгөндөй. Улам-улам баш чайкап, жабыр тарткандардан утуру үзүр сурап коёт.
Сотто кезектеги сурак жанданды. Саратан өкүм сүргөндүктөн сыртта аба үп. Сот залы салкын. Жөнөкөй кийимчен генерал айыпталуучулардын орундугунда шаабайы сууп, олтурган. Генерал менен бир орундукта улус прокурору менен райпрокурор. Сакадай алардан кийинки катардан орун алды. Бул жерден сотто жабыр тарткандардын, прокурорлор жана соттолуучулардын, алардын жактоочуларынын, күбөлөрдүн далил сөздөрү тунук угулат. Үн тасмага түшүрүү жеңил. Кобур-собур тыйылып, ортодо тым-тырстык. Түшкү тыныгуу бүтүп, баары соттун кайра уланышын күтүүдө. Судья төрдөгү орундугуна кайтып келип, териштирүүнү баштагыча кыйла убакыт бардай.
Сакадай Ак үйдө болгон кер-мур окуяны генералдын эсине салды. Генерал чын ыкласы менен өз жоругуна өкүндүбү, же тамашага чаптырдыбы, айтор, ал жагы Сакадайга кызыксыз эле. Ал үчүн итабар жыл өтсө да чатагын унутпай, чачын буурул баскан төрөнүн улуу башын ийип, үзүр сураганы маанилүү болду. Генерал жүзүн калемгерге бурду да, чын ниетиненби, же атайынбы:
-Кечирип койчу, иним! Билесиң го, мен “итмин” да! – деди жалооруй.
Семеттин дитинде анын тоолуу чек араны бузуп кирген жоочуларды жок кылган эрдиги турган. Башына мүшкүл иш түшкөн аксакалга боору ооруп, аны аяды да, капа кылууну туура тапкан жок:
-Сөгүшүңүз ошондо эле унутулган, агай. Мактоо, көңүл чөктүргөн жеме — шамал айдаган камгактай кыялымдан оолак кетет. Ким экениңизди мойнуңузга алганыңызга ыракмат, байке! Баатырдыгыңыз эсте! — деди жарпы жазылып.
Үчүнчү бөлүм
Чек ара толук такталбай, кимге тиешелүү экендигинин башы ачылбаган жайлар толтура. Ортодо жердин кимге караштуулугун ырастаган белги, же чек ара мамылары да коюлбай, зым тосмолор да тартылбай, кеңирсиген кең талаа. Ошондонбу, совет биримдиги кулагандан кийин ар бир республика өзүнчө мамлекет болгонун эске албаган кишилер ары-бери каттап, бодо мал, кой-эчки да, жылкылар оттоп жүрө беришкендиктен чек арада кырсык ат тезегин кургатпай катталчу. Коңшу жоокерлер биздин жарандарды кармап алып, өз жагына сүйрөп кетип, абагына тыккан, же атып өлтүргөн, антпесе, бодо — жылкыларын айдап кеткен жоругу дамаамат кайталанчу. Жанаша турган өлкөнүн чек аралаш кыштактарга электр тогун, же ичкенге таза суусу менен талаага эгин суусун бербей койгон кез да арганы курутчу. Кимдир-бирөө орто жерде кармалган, же ур-соккуга кабылып, чыр-чатак чыккан андай капсалаңда Сакадайда тыным же, тек турмай жок. Чек аранын изи менен жүрүп, күз, кыштын чыкырон күнүндө жука кийинген арык-торук чек арачы жоокерлерге боору ооручу. Үстүндө жука күрмө, ийнине аскан куралын араң көтөрүп бараткан илмийген арык балдар январдагы чилдедегидей эле аптаптуу жай саратанда да, чек араны жөө-жалаң кыдырышчу. Коңшу жоокерлер өз жайларын зуулдаган машиналары менен кыдырып, чек арасына капыс кире калган өзбү, өзгөбү, кой-эчки, бодо мал, жылкыбы, же кишиби, анысын териштирбей, атып салчу. Алардын чек арага жакындагандарды колго түшүрүп, камаганы, качкандарын, же каршылык кылгандарды атып өлтүрүп, тирешкен жаңжалы кыйлага созулду. Сакадай чыр-чатактуу чек ара бекетине батыл жетип, жаңжалдын себептерин изилдегени эсепсиз.
Тескерисинче, өз чек арасын бойлогон жолу менен жүргөн аскер унаалуу, бою эки метр, дөөдөй чоң, кара көз айнек тагынып, эки метрди бир аттаган кошуна солдаттарды көргөндө:“Эмне үчүн биздин аскерлер аларга окшоп тың эмес?”,- деп сар-санаага батчу. Бир курдай чек араны жандаганда учтуу зым менен тосулган тилкенин ары жагында автоматчан, колунда жетелеген ити бар, кошуна эки жоокер жандай жүрдү. Күзөтчү ит секирип өтүп, каап алчудан бетер ортого тигилген тикенектүү зым тосмого бой уруп, кулак тундура арсылдайт. Сакадай ага карабай, камыш баскан талаадан артка бурулду. Башына темир туулга кийип, жүн баскан билегинин жеңин чыканагына дейре түргөн бою теректей узун коңшу жоокер, калемгер жалдап барган автоунаасына кайткыча күзөтүп, катар басты.
Чек арага чукул жерде үйү бар Садыр уулу менен үлүшкө тийген талаасын кыдырып жүргөн. Ал өз жерин суроо-сопкутсуз, жайма-жай чалгындаган кошуналарга таандык, куралчан эки жоокерди көзү чалат. Куурайга далдалана башын ыгып, жашынымыш эткендей жерге жата калган “тигилердин” жанына барып, чыгып кетүүсүн эскертет. Артына кайрыла бергенде кошуна аскерлер чуркап келип, бири Садырын жонуна, экинчиси анын баласына асылат. Ата-бала кармашка түшөт. Экөөнү тең жыгып алышат. Чалкасынан жерде жатса да: “Атып өлтүрөм!”,- деп кыйкырып, мылтык кезеген чет жерликтердин автоматтарын колдорунан жулуп алат. Куралынан айрылган солдаттар Садырдын артынан райборборго дейре ээрчишип, “акелеп” жалбарышат. Балбан жигит баскынчы эки аскерди курал-жарак, октору менен бирге райондук милицияга тапшырат. Мына, кыргыз жерин коргоо деген… Садыр Сакадайды кийин жолуктурганда: “Чек ара бузукуларын туткунга түшүрүп, автоматтарын огу менен чогуу өткөрүп берсем да, мамлекет аны эске албай койду! Биздикилер чек араны коргогондор менен иши деле жок окшойт, ээ байке!” — деп, бир чети тамашалай жылмайып, бир чети таарынып жүрдү.
Торук айлынын жарымы коңшу өлкөдө калды. Ал жактык кыргыздарга там-ташынын жыгач-эмеректерин машинага жүктөп көчүрүүгө кошуна жак тыюу салган. Үй жүктөрүн ийин-далысына артып, кошуна чек арачыларынын көз алдында бирден ташып өтүүсүнө гана уруксат этилген. Ортосун бетон арык бөлгөн чек арада куралдуу, коңшу жоокерлер кол баштыгың түгүл, коюн-колтук, чөнтөгүңдөн өйдө эрикпей, бирден тинтет. Жадесе кыргыздар ал жакка өстүргөн тамеки жалбырактарын да Кош дөбө айылына жонуна көтөрүп өтүп, тизип, кургатып, анан тапшырышчу. “Турак-жайларын саталы” — дешсе, кошуналардан аны сатып алаар кардар чыкпайт.
Берегидей үлүш чек арадагы бир канча айыл тургундарынын бешенесине да бүттү. Чек айылында кошуна жоокерлер андагылардын көчүп кетүүлөрүн улам күтүлөдү. Үйлөрүн тинтип, ашыкча ун, буудай, жашылча-жемиштеринен өйдө тартып алышчу.
Сакадай Мырза менен Өзбекстан өзүмдүк кылып, картасына кийирип алган айылды шашке ченде кыдырып жүрдү. Арага эч кандай чек ара эн белгиси коюлбаган, темир тикен тосмо да, бетон мамы да жок. Чек кыштагы кимдин карамагында экендиги ачык айтылбай, башы ачыла элек кез. Айылда “көч-көчтөн” улам үйлөрүн бузуп, кыштак ичи дүрбөлөң. Чектиктер көчүп барган жеринде там курууга жараар кыш-жыгач, терезе-каалгаларын дубалдан чыгарып, ташып өтүүгө камданып атышкан. Көчүү-конуунун жүрүшүнө кызыгып, Сакадай айылдын тең жарымынан аша чапканын, кошуна мамлекеттердин талаш жеринде жүргөнүн элес албады. Бир кезде Мырза чыканагы менен аны капталга түрттү. Угулаар-угулмаксан түрдө: “Болду, байке. Жүрүңүз чыгып кетели!” – дегендей күңкүлдөдү да, камырабаган калемгерге көңүл бурбай, өзү кыргыз тарапты көздөй шыпылдап, жолго түштү. Сакадай адегенде Мырзанын узаганына маани берген жок. Капыстан эки жээгинде терек өскөн кыштактын чаңдуу жолунун ылдый этегинен өзүн көздөй жүгүрүп келаткан кош караан көрүндү. Аскер кийимчен, колдорунда курал. Сакадай аларга бурула карап, жагдайды дароо аңдады. Арт жакка кайрылып, кызыл ашыктан ашкан чаңдын жукараагын тандап жүрдү. Аздан соң кылчая караса, коңшу жоокерлер жакындап калыптыр. Алар жетсе, туткунга алат. Оболу кадамын ылдамдатып, мына-мына этегинен кармаарда жүгүрдү. Суу үстүнө коюлган тактай көпүрөдөн жээкке секирди. Ортодо жоон талдын көлөкөсү түшкөн ылайка суу. Өзбек жоокерлер арыктан аттай албай, өздөрүнүн чек ара бекетинде токтоду. Кармай албаганына бушайман тарткандай, аркы жээкте туруп, эмнегедир ырсая күлүштү.
Кошуна өлкө чек аранын кургак танабын каз тамандуу трактор баткыдай аң кылып казган. Тереңдиги үч метрдей, ага түшкөн пенде оңойчулук менен чыга албайт. Сакадай аңды жандай аралап жүрүп, кээде чуңкурга түшчү. Тикенектүү зым тосмолору менен чек арачылары суунун аркы боюнда турган жашыл түстүү мунараларын, аскер бөлүктөрүн да аларга байкатпай, сүрөткө тартып алган.
Ошентип, чектиктерге, коңшу өлкөлөрдөн кыргыз аймагына оогон башка көчкүндөргө да жер таркатылды. Аларга үй курууга насыя бөлүндү. Курулуш жыгачтары, шыйпыр менен жабдуу, тамак-аш, таза суу, электр жарыгы туташтырылышы керек. Жаңы кыштактардын там-таш, жол, суу түтүгү менен оорукана курулуп бүтүп, жай турмуш баштоосуна чейин кабар алды. Көйгөйлөрдүн чечилишине өз баяндамалары менен көмөктөш болду. Суу ташкын, же жер көчкүдө калып, коркунучтуу жайлардан көчпөй көшөргөн тоолуктардын жаңы жердеги жашоосуна чейинки абалды айгайлап, муктаждыктарынын бүтүшүнө көз салып, бийлик уюмдарына кулак какты.
Пахта баасы укмуш арзандап, төрт-беш сомго түштү. Жер менен жан баккандардын мээнети мынчалык бекер бааланбас. Эгин себилген жаз күндөрүнөн тарта пахта буласы терилип бүтүп, сатылганга дейре акысына тыйын кармабаган айылдыктар үчүн мындан артык кордук жок эле. Дыйкандар бааны көтөрүп, анын буласын өз ишканаларыбызда иштетип, түрдүү-түмөн чыт-чыбыр иштеп чыгаруу, токтоп турган өнөр жайлардын ордуна жаңыларын куруу менен экономиканы өйдөлөтүүнү суранды. Арзан баага түшүмүн сатууга көнбөй, жол кыргагына нааразы болуп чыккан пахтачылар спецназдын ур-токмогу менен таратылды. Ал кезде менчиктештирүү саясатынын шарданы улам күүлдөп-күчөгөн поезддин дөңгөлөктөрүндөй шакылдап, улам алга умтулуп бараткан.
Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө ак ала чач прокурор сөзүнө каяша кылган башкармага кекенди. Ага “колхозду туура эмес менчиктештирди” — деген айып койду. Башкарманы убактылуу каматты. Колхозчулар жөн турбай, аны бошотууну көздөдү. Алар чоң жолдун бөлүгүнө топтолушту. Жол тосулбады. Ары-бери өткөн автоунааларга тоскоол болбой, ызы-чуу салбай, жол четинде тынч турушту. Ак жерден шектүү саналганын айкындап, чоңдор суранып, абактын каалгасын кенен ачса да, башкарма көктүгүнө таянган бойдон убактылуу камактан чыкпай койду. Ал жүйөсүз козголгон кылмыш ишти биротоло жабууну жана прокурордун кечирим суроосун талап этти. Ошондо гүбүрнатыр баштаган жетекчилер аны автоунаалары менен улус байтагына жеткиришти. Соттун күчү менен ага коюлган кылмыш ишти жаптыртышты. Башкарма абактан акталып чыгып, түш оогондо келип, рахматын айткандан кийин гана ага жан тараткандар тарады.
Чек ара аскер бөлүгүнүн биринде көз жумган жоокердин жан кыюусу табышмактуу болду. Аскер бөлүккө барган Сакадайды: “Жоокер өз куруна өзү асынып өлдү” — деген ажатканага ээрчитип барышып, ал курун байлаган бийик жыгачты көрсөтүштү. Өмүрү кыйылган баланын сөөгүн туулуп-өскөн айылындагы жерге коюу үчүн үйүнө алып кетишиптир. Бөлүктүн баштыгы да сөөк коюу зыйнатында жүргөнүн укту. Автоунаасы менен табыт чыккан үйгө жетип барса, аскердин денесин медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө оорукананын өлүкканасына жүктөп кетишиптир. Артынан бараарында кимдир бирөө текшерүү бүтүп, сөөктү энеси башка ага-туугандары менен үйүнө коштоп, үйүнө кайтып келе жатышканын айтышты.
Уулун жоктоп, көз жашы бетин жууп, боздоп ыйлаган эненин каргылданган үнү муун-жүүндү бошотот. Башында жашыл жоолук. Мекенибиздин чек арасын кайтарганы аскерге алты саны аман, ден-соолугу бүтүн жиберилген жалгыз уулу үйүнө жансыз кайткан окуя кимди өкүндүрбөйт? (Ошол чакта аскерге колунда бир да мыдыры жок, турмушун араң өткөргөн, жалаң айыл-кыштак калкынын балдары чакырылып, кызматтагылардын уландары түрдүү шылтоолор менен калтырылганы жөнүндө каңшаар тараган. Албетте, мындай кеп-келечтер чын чыкчу эмес. Өлкөнүн чейрек кылымдык тарыхына жакын убакта гана жогорку билимдүү жигиттер өз ыктыяры менен аскерге тартыла баштаган).
Зарлап-какшаган эне ый аралаш: “Уулумдун асынып өлгөнүнө ишенбейм”,- деп, үнжазгычка араң сүйлөдү. Жоокердин сөөгү бейитке коюлуп, батага баргандар тарай баштаган. Куралдашы менен коштошкон чек арачылар да аскер бөлүгүнө кайтканы автоунаалардан орун алды. Сакадай жашыл шапкечен командирдин аты-жөнүн, аскердик даражасын сурап, анын этекки үйдө олтурганын билди. Ал үйгө жетерине отуз-кырк кадамдай калган. Үйдөн аскер кийимчен үч-төрт офицер удаама-удаа ээрчишип чыкты. Аскер бөлүктүн командирин жолдун оң ыптасына токтогон жашыл түстүү “Мерседес” ташыйт экен. Орто бойлуу полковник ага олтураары менен машина турган жеринен атырыла жөнөдү. Артынан кол булгалап жүгүргөн Сакадайдын: “Жолдош полковник, токтой туруңуз! Мен сизди издеп жүрөм” -дегенин командир уккан эмес окшойт. Максаты – жоокердин жан кыйган себебин андан суроо эле. Командирдин зымсыз телефонуна улам чалды, полковник албайт. Кууп олтуруп, “Мерседестин” “Бишкек-Ош” унаа жолуна чыга бериштеги бурумга, дүкөндүн маңдайына токтогонун көрдү. Аны айланып өтүп, машинасын алды жакка токтотту.
Сакадай дүкөндөн чыккан полковникке дагы кол булгады. Ал карабайт. Командир жайгашаары менен кызматтык автоунаа аткан октой алдыга кайра атырылды. Кан жолдо унаа сээлдей түштү. Ээнсиреген жолдо Сакадай да машинасын ылдамдатты. Алдыда бараткан “Мерседестен” ашыра айдап өтүп, дөөтүсүн жол кыргагына токтотту. Бет маңдай жүргөн автоунаадагылардын көзүнө даана көрүнүү үчүн аспал жолдун оң четинде туруп, колу менен ымдады. Бирок, аскер баштык аны көрүп-байкаганы менен эмнегедир машинасын токтотпой, жанына шуу өтө берди. Полковниктин чөнтөк телефонуна кайра чалганы оңунан чыккан жок.
Айласыздан чек ара кызматынын башчысына чалды. Жумуш күнү бүткөн жетекчи жооп кайтарган жок. Бишкектеги пресс — катчынын телефонун таап, ага аскер бөлүктүн командирине жагдайды түшүндүрүүнү суранды. Пресс- катчы полковниктин жообун интернет аркылуу ага жиберди.
Жоокер өмүрүн кыйган окуя чек арада кийин да кайталанды. Кошуналардын чек арачылары атып өлтүргөн жигиттин энеси менен бир туугандары: “Радиого айтсак, ал жактагы туугандарыбыз менен бизди тап-такыр катташтырбай коёт” — деп, үн жазгычка сүйлөөдөн жаа бою качты. Эки мамлекеттин чек арачыларынын бири-бирине ок чыгарган тирешүүсү дегеле эстен чыкпас.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Иштерман үйүнөн чакыртылып, камакка алынды. Сакадай чилденин ызгаарында прокуратуранын айланасынан издеп жүрүп, депутаттын жардамчысын көчөдөн таап алды. Калың кара каш, кара тору, чолок тончон толмоч, кебетеси эр ортонунан эбак ашкан а кишинин аты Ажимамат экен. Ажимаматты Каныш жандап жүрөт. Каныштын үстүндө тизе-бутун жапкан узун, боз күрмө. Алардан кайсы бир прокуратурада иштегенде бир адамдын өлүмүн тескегени боюнча Иштерманга кылмыш иши козголгонун укту. Окуянын изи сууганынан бери жети жыл өтүптүр. Иш көп убакыт өткөнүнө байланыштуу токтотулуусу керек эле. Кылмыш иш кара өзгөйлүк менен кайра атайын чубалганы билинип турат. Атам замандан бери чокусунан мөңгү эрибеген ак чокулуу тоолуу мейкиндиктин бөлөк өлкөгө соога кылынганы үчүн Иштерман ажону кызматтан кетүүгө чакырган. Депутаттын тарапкерлери анын колуна кишен салган кылмыш ишин Иштерманга жайылган тузак таризинде кабыл алышты. Антпесе, эски ишти кайра чубаштын кереги жок эле да.
Сакадай ага тиешелүү окуянын ийне-жибин тактаганы прокуратурага баш бакты. Кыйла күттү, улус прокурору жок. Анын орун басарынан соболуна тыңгылыктуу жооп чыкпады. Ары-бери кайпыткан орун басар баштыгынан гана жооп алууну шылтоолоп, өзүн ала качты.
Сакадай нөшөр төккөн түнү депутат туулуп-өскөн айылга барууга жолго чыкты. Топурак жолду камырдай ийлеп, ылай-баткакка айланткан жамгыр, түнү менен карга айланды. Кыштактагылардын Иштермандын кармалышына байланыштуу көз-караштарын сураштырып билди. Эртеси таңга жуук аймак байтагына каттаган автоунааны күтпөй, тоо ичин аралаган жолго салды. Илеелеп, туш келген дөңсөөдө кыйла күчүркөнүп, карга тыгылып, араң жүргөн чакан автобус менен ире-ширеде жолу шыбыргактаган аймак борборуна жетти.
Бак-дарактарды бубак басып, айлана кебездей ак карга чулганган. Эртең мененки шашке кезде райондук бийликтин алдына тоолуктар топтолду. Алар колдоруна тасмаларды көтөрүп алып, депутатты азаттыкка чыгаруу митингин баштады. Каршылык жыйын эртеси да кайталанды. Кар баскан-турган сайын карч-курч этет. Кол-бутту какшатып, суугу сөөктөн өткөн чилде күчүндө. Аймактын жылтыр тумак, кара жака күрмөчөн прокурору митингчилерге эскертүү баракчаларын өз колу менен таркатты. Анын кызматкерлери менен милиция аязда тургандарды ары-бери түртүп, таркатуу менен убара. Бирок, тоолуктарды өгөйсүгөн үстөмчүл жорук-жосундан майнап чыкпады. Аялдар менен эркектер көшөрүп, турган жеринен жылбады. Арасында Иштермандын туугандары менен айылдаш, тамыр-тааныш, дос-теңтуштарынан сырткары энеси, кайын ата кайын энеси, кайнилери жүрөт. Өйдө-төмөн баскан кайын атасы ойлуу. Карыянын башында тебетей, көкүрөгү бүчүлөнбөгөн күрмөсүнүн сол төшүндө согуш ордени. Аксакалдын байбичеси кара баркыттан чапан кийип, ак жоолукчан. Жетимиштен ашкан байбиченин калыбы буту талыдыбы, же өзү чарчадыбы, шуу үшкүрүп, акимчиликтин кире беришиндеги күлбото орундуктан жай алды. Кызыл шапкечендер байбичени эки колтугунан кармап, ордунан тартып тургузууга жан үрөдү. Эне ордунан козголбой, алардын колун чапкылап, өзүнөн оолактата түрттү да, күйөө баласы тууралуу:
-Менин уулумду ак жеринен камадыңар. Аны камактан чыгармай сайын бул жерден карыш жылбайм. “Кетирем” деп убара болбогула. “Иштерман” баламды бошотуп бергиле!,- дегени кулакка чалынды.
Сакадай менен чогуу, окуяны калемгер Байнура менен укукчу Кыдык да кагазга түшүрүп атышат. Милициянын баштыгы борбордон келишкен меймандардын ким экендигине, кандай жумуштун айынан тоолуу аймакта жүргөндүгүнө кызыкты. Караңгыга жарык чачкан отту туюндураар эн белги түшүрүлгөн диктофонду кармаган Сакадайды көздөй баш жаңсады:
-Бу байкени го, жакшы тааныйбыз. Күндүр-түндүр биз менен жарышып, тоз-тополоңдо чамгарактап жүрөт. Силер менен эми учурашып атабыз. Кана, сиздердин жөн-жайыңарды билеличи?,- деп документтерин сураган тейде меймандарга кол сунду.
Кыдык ички чөнтөгүнөн сууруп чыккан кызыл тыштуу күбөлүгүн ага узатты. Милиционер күбөлүккө көз жүгүрттү да:
— Ээ, эстедик сизди…Менимче, мурда милицияда кызмат өтөгөнсүз… Форманы чанып, бул жакка көчкөнүңүзгө жол болсун! А-аа, пенсияда турбайсызбы!. Бульвар аралап, жеңенин беш бармагын ашап, ысык үйдө эле бешенени тердетип олтурсаңыз болмок — деди жактырбай. Суроосуна жооп күтпөдү. Жүзүн жылаңбаш, коюу кара чачы жылтыраган журналист кызга буруп, ага собол таштады:
-Сизди чилдеде ким чакырды?
-Биз да сиздей эле элдин мүдөө-буйругу менен жүрөбүз. Депутаттын кандай таризде камалганын изилдейбиз. Калк маанайын, митингчилерге жасаган мамилеңерди байкаштырабыз. “Үзөңгү-Кууш, Каркыра чет жерге кетпей, эли-жерим бөлүнбөй, бүтүн болсун, бүкүлү турсун” — деген депутатты качанкы бир ишке шылтоолоп, темир торго киргизгени адилеттик эмес,- деди Байнура тартынбай.
Милиция иштин башы элетте эмес, борбордон чечилерин, депутатка прокуратура жагынан күнөө тагылып, камакка алынганын тилге алды. Кебетеси Байнура менен Кыдыкты кыйла өгөйлөп, аларга “кеткиле” деген сөзүн тике айта албай, айбыккандай. Ошентип, айтышкан алым сабак кыйла созулду.
Жумуш күн аяктап, иңир кирди. Сакадай суук бөлмөлөрүндө эч ким түнөбөй, бетон таштан курулганга ичи-тышынын айырмасы жок, көөнө мейманкананын алдына токтоду. Бут үшүгөнгө жер тепкилейт. Ага катарлаш имараттын темир мамысынын учундагы электр шамы мышыктын сары көзүндөй үл-бүл жарык чачат. Аяз кол, бети-башты чымчылап, кара суук сөөктөн өттү. Ооз-мурундан чыккан жылуу дем булоолойт. Экинчи кабаттын бир бөлмөсүндө депутаттын штабы бар, ал жерде жардамчы Ажимамат отурат.
Көп өтпөй жоон-жолпу, норка тумакчан, калың жакалуу күрмөсү топчуланбаган райпрокурор көрүндү. Аны кара тебетейчен, бою шырыктай узун, кайчылаштырган колун эки колтугуна тыккан арык орун басары ээрчип алган. Прокурор Байнура менен Кыдыкка буйрук берди:
-Жүргүлө, биз жакка!
-Ийи?.. Эмнеге бармак элек?
-Силерди улустун прокурору чакырып атат. Сүйлөшөт экен. “Экөөнү таап кел”,- дегенинен издеп жүрөм.
Чачы кардай аппак, жылаңбаш Кыдык тамекисин соруп алды да, түтүнүн ооз-мурдунан бурулдата үйлөп:
-Баса туруңуз, артыңыздан жетебиз.
Тиги экөө ээрчишкен бойдон өз жолуна түштү. Көрсө, меймандар жөн жерден чакырылбаптыр. Сакадай тынчсызданып, ал жерден бура басып кетүүнү оң тапкан жок. Тигилерге караан болууну болжоду. Элүү-жүз метрдей ары жакта жалгыз аяк жол менен баскан сайын карды карч-курч эттирип, прокурор кайра пайда болду. Байнура менен Кыдык жашынганы темир тепкич аркылуу мейманкананын экинчи кабатын көздөй жүгүрдү. Прокурор менен анын орун басары Сакадайга көңүл бөлбөй, анын жанынан өтүшкөнү менен мейманкананын өйдөңкү бөлүгүнө умтулушту. Үстүңкү кабаттагы бөлмөлөрдүн каалгалары карс-курс этип, бирден ачылып-жабылганы сыртка угулуп турду. Чамасы, Бишкектиктерди издеп жатышкандай. Аларды таба албады көрүнөт, прокурор жерге түштү да, калемгерден коноктордун дайынын сурады.
— Билбейм аларды. Бирөөлөрдүн кайда жүргөнүнө кызыгуу – биздин жумуш эмес,- деди Сакадай тырчып.
— Анда сиз жүрүңүз.
Ал кесиптеш жаңы тааныштарын калкалоо үчүн прокуратурага баруудан кайра тарткан жок. Айып иш жасабагандан кийин эмнеден жазганат эле? Кең бөлмөсүнүн астанасын аттаар замат прокурор жылтылдаган калың тумагы менен күрмөсүн чечип, бурчтагы кийим илгичке илди. Көмүрдөй кара, майланышып-жылтыраган чачын салаасы менен оң жакка тарамыш этти. Албырган тунук бети-башын салааларынын учу менен сылагылап бүтүп, жазма стол үстүндөгү телефонго кол жүгүрттү. Байланыш түйүнүнө чалды да, ага улустун прокурору менен туташтырууну буйруду. Убакыт көпкө созулбай, телефон кайра шыңгыраганда ал жамбашына кимдир-бирөө ийне сайып ийгендей ордунан ыргып турду. Тыңшоочту кулагына такап, Бишкектик конокторду улам кайра издесе да таппай, илинчегине илдире албай койгонун телефондун аркы учундагы адамга шашып-бушуп эбиреп-жебиреди:
— Жанымда Сакадай турат. Билесиз го, аны, баарына таанымал жигит. Сүйлөшөсүзбү? Телефонду ага берейинби? “Жакын келиңиз”,- дегендей тез-тез колун жаңсап, Сакадайдын колуна телефонду карматты. Анан калемгердин кулагына минтип шыбырады:
-Улустун прокурору сиз менен кеңешем деп атат… Мен бүгүн бүтүргөн ишти да айтып, мени мактап коюңузчу, макулбу?
Тигинин жан талашканына ыңгайсыздана түшкөн калемгер: “Куулугун көр. Менин тилим менен өзүн мактатканы чакырган окшойт! Түздөн-түз кызматтык милдетин өтөгөн киши алкоого чаңкабас. Баштыгына бирөөнүн сөзү менен көрүнүп, актанууну чамалаган сыяктуу”,- деген ойго жеңилди.
Сакадайга улус прокурору кыйды, куу неме туюлду: кайырмакты ыраактан ыргыткандай көрүндү. Анын түшүнүгүндө Сакадай ар убак калыс, окуяга тиешеси барлардын далилдүү көз карашын угат. Эч кимге жан тартпай, ортодо калыс турат. Бөлөк калемгерлерден чагылгандай бат иштегени, тазалыгы, тактыгы, тажрыйбасы жагынан ат чабым алдыда жүрөт экен. Калк арасында зоболосу бийик, мартабалуу сыйлыктарга татыктуу, ишеничтүү. Ошентип, кыйлага дейре мактап-алкап ийди. Чеке жылыткан мындай сөз Сакадайды оңтойсуз абалга койду. Ал өзү жөнүндө күтүүсүз көз карашты күткөн эмес. Бирок, ыраактан ыргытылган укуруктун түпкү оюн ансыз деле дилинде сезип турду. Тегин жерден дарактын учу кыймылдабайт! Улус прокурор күндүзгү окуяны үстүртөн сурамыш этти да, акыры сөздүн ток этер жерине токтоду. Маалкатпай, калемгердин кадыр-баркын таразага тартып, салмактап баалабай эле күдүксүрөп, кыжалат тарткан убарасынын жөнүн шар айтса болмок.
-Тигилерди ким чакырды? Алардын сиз жакта эмне жумушу бар экен?.. Сиз айтсаңыз боло: “Мен бийлеген өрөөнгө сук артпагыла. Мага караган жерге мен өзүм эле жетишем”,- деп… Сырттан баргандарда жемиңизди жедирбеңиз да… Чет жактыктарды быякка кадам бастырбай койбойсузбу! Сизден уруксатсыз, өлкөңүзгө бөлөк-бөтөн киши кирбеши керек го!
-Ай, кечиресиз… Жер-суу менин менчигим эмес. Ар бир жазмакердин изилдеп, иликтээр көйгөйлүү темасы, багыт- максаты бар. Аларды эч ким тыя албайт, мыйзам да чектебейт. Кол алдымдагы жумушчуларым болуп, же бир ишканада иштеген күндө да, “тиякка бар, быякка бар”,- деп жумшап, аларды тизгиндей албайм. Коноктор өз тапшырмасы менен жүргөндүр. Болгон окуяны кандай жазат, кантип баяндайт, алардын өз иши, менден сурабайт. Кийлигишүүгө акым да жок. Кечээ издеп барып, ишканаңыздан сизди таппай койдум.
— Эмнеге издедиңиз? Сизге ар убак биздин эшик ачык го!
Сакадай эбеп-себебин даана билип турса да, кайра сурады:
— Иштерман түрмөгө неге олтурду? Кылмыш окуясы туура ачылганбы? Ага далилдер барбы? Иштерманды бошотуу жагына кандай карайсыз? Жабылган аякты кайра ачканыңызды туура көрөсүзбү? Ушул суроолорго жооп алайын,- дегем. Эми деле кеч эмес, кулак сизде.
Бирок, прокурор таңдан кечке баштыктар менен сүйлөшүп жүргөнүн жашырды. Жооп узатуунун ордуна, кептен буйтап:
— Кечиресиз, Ак үйдөн телефон чалып атышат. Сиз тигилерге кулактандырып коюңуз, ээ. Абайлап, караштырып жазсын!
-Анте албайм. Сөз ташуу мага жакпайт. Калпты чиймелеген адам суракка түшөт. Аны борбордогулар бизден мыкты өздөштүргөн,- деп кепти бүтүрдү.
Аймак прокурору Сакадайдын жанында анын ар бир сөзүн жаза кетирбей тыңшап турду. Калемгерге: “Мен жөнүндө качан айтасың?”- дегендей суроолуу тигилди. Сакадай улустагы баштыгы да сурагандыктан райпрокурордун бүтүргөн кызматын тилге алымыш этти. Ал: “Сөзү бүттү го!”,- деп ойлоп, тыңшоочту ордуна коюп, кетүүгө ашыкты. Аңгыча болбой, райпрокурор бейтааныш адамга телефон чалды. Ага күпүлдөп, буйрук берип атат. Тердеп алган экен, бош колундагы жүз аарчысы менен бети-баш, моюн-желкесин сүртүнөт да:
-Бол, ылдам! Ыкчам жетип кел! Чай берип коёлу, күтүп калды… — Болжолдо телефондун аркы учундагы адам “Кимди күтөбүз?”,- деп сураган окшойт. Прокурор ачуу кыйкырды:
— Атаңдын башы, эмне сурайсың! Сакадай келди… “Кимди-и, кимди-и?” дейсиң. Эмне, тааныбай, билбей калдыңбы?.. .Сакадайга бу ааламда таазим этип, ийилбеген киши жок. Ал күнүгө эле биздин каанага келе бербейт. Биз менен ар күнү саламдашпайт. Бол, ылдам. Ресторанды камда, шерине бер… Машинаң менен тез жетип келип, экөөбүздү сала кет.
Мындайды күтпөгөн Сакадай райпрокурордун тигини коркутуп-үркүтүп, ойдо жок нерсени айтып, апырткан кылык-жоругуна таң калды: “Менин атымдан сүйлөгөнү кызык го! Сурабай-этпей, өзүнчө чечим чыгарганы эмнеси?”.
— Эмнеге анттиңиз? Кимди шаштырып атасыз?
— Район акимин… Айтканды аткарбаса, ишин чукуп, көрсөтөм, ага. Сизди сыйлап коёлу… Биздин колдон да даам татыңыз, алгач баш бактыңыз.
— Коюңуз, бөөдө убара чекпесин! Кереги жок. Убакыт бир оокум болду. Эч кимдин тамагына муктаждык жок.
Сакадай сейректеген маңдай чачынын арасынан жылтыраган майлуу башы көрүнгөн адамдан батыраак кутулуунун аргасын издеп, эс алууга шылтады. Прокурор суроолуу көз карашы менен ага таң кала тиктеди. Саамга үндөбөй турду да, майланышкан көмүрдөй кара саамайын тарап жатып, күпүлдөдү:
— Эмне, сый көрсөңүз, порука болобу?..
Сакадай сөздү толук түшүнбөй, жолун бууган немеге итиркейи келди. Ошентсе да, карманды. Чечкиндүү түрдө:
— Кандай атасаңыз, өз эркиңиз. Бирок, бизге бирөөнүн оокаты жакпайт, тамактан өтпөйт. Жакшы калыңыз,- деди да, каалганы шарт ачып-жаап, бөлмөдөн узады. Прокурор өз жайында каткан бойдон мостоюп, кала берди. Кийин сураштырса, ал орун басары менен экинчи мертебе издеп барганда Байнура менен Кыдык үстүңкү кабаттагы бир бөлмөнүн шифоньерине кирип, жашынышканын өздөрүнөн укту. Булар эмнеге чочулашты десең!? Кийинки күнү алар Сакадай менен кош айтышпай, таң саарда борборду көздөй чү коюшканы белгилүү болду. Калемгер элетте кайрадан жалгыз калды. Мындай тагдырга ал кийинчерээк да көп ирет туш болду.
Анын эртеси район байтагынын ар башка көчөлөрүндө, акимчиликтин алдында коёндой окшош ак түстүү, жап-жаңы эки “Волга” жеңил автомашинасы биринин артынан бири куйрук улаш ээрчишип жүрдү. Ал автоунаалар номердик белгисинен улам улустук прокуратурага караштуу болуп чыкты. Көрсө, алар мамлекеттик телеканалдардан атайын жиберилген чабармандар экен. “Волгадан” түшкөн операторлор тасмага базар, дүкөн, ашканаларды, айтору, ар кайсы жерди тартып атышты. Бир күндөн кийин телеканал: “Тоолуу аймак борборунда кечээ нааразылык болгону – жалган. Иштермандын камалганына каршы чыккандар дегеле бул өрөөндө жүргөн эмес”,- деп, жар салды. Бир күн мурдагы акцияда жүргөндөр прокурордон эскертүү кагазын алганы, же митингде тургандар жөнүндө кабар жок. Кудум кечээ райбийликтин маңдайында эл топтолбогондой, бурмаланган көрүнүштү тартып, чыгарышты. Тоолук карапайым адамдардын нааразылыгы бугуп жатканын эч ким эсепке албады.
Чилденин экинчи жарымынан тарта туш-келди айылдарда ачкачылык жарыялоо өр алды. Кырчылдаган кышкы аязда күндүзү үлгүрбөгөндүктөн оозуна наар албагандарды ырастап, ынануу үчүн күүгүмдөн жатаар маалга чейин алар түнөгөн үйлөрдү кыдырмай… “Иштерман түрмөдөн бошотулсун!”,- деп, топтолгон ак саамай энелердин тамак жебей-ичпей олтургандарын түнкүсүн көп кабаттуу үйлөрдөн учуратты.
Сакадай “Иштермандын энеси ооруду” — деген каңшаарды угуп, депутат чоңойгон айылды аралады. Апаны үйүнөн тапкан жок : байбичени аймактык ооруканага алып барып, жаткырышкан экен. Көз байланганда кайра, ошол кеселканага жетти. Эненин акыбалын сураса, сыркоологону чын чыкты. Уулу үчүн күйүт тартканы байбиченин ой баскан жүзүнөн баамдалат. Керебетке капталдап жаткан байбиче калемгерге аянычтуу көз жүгүрттү. Үнү угулаар-угулмаксан.
— Уулум түрмөдөн чыгабы, балам?
Калемгер апаны жубатуу үчүн, ишенимдүү түрдө шыр эле минтип айтып ийди:
— Чыгат, эне!
— Качан чыгат?
— Сот ишти акыйкат териштирсе, бошотот.
Сакадай Иштерман туулуп-өскөн айылды түрө кыдырып жүрүп, мечитте ачкачылык туткан балдарга кезикти. Беш убак намазга чакырган жерге маңдайлаш айыл өкмөттүн көөнө каанасына жергиликтүү депутаттар чогулду. Алар ары-бери тартышкан соң, бир тилге токтолушту. Жергиликтүү сессия депутатты абактан чыгарууну парламенттен суранган чечимди бекитти.
Чилде күчүндө. Айлана-теребел мамыктай аппак карга бөлөнгөн. Бак-дарактардын бутактарынын учуна чейин бубак баскан. Кыштак ичин аралаган жолду муз каптап, тайгак. Тез арада Бишкектеги кеңсе менен байланышуу зарыл, ага телефон таза абадай керек. Кудуреттүү байланыш бөлүмү жолу начар, тоолуу кыштактан автоунаалар бирин-серин каттаган райондун байтагында. Ага жетүү үчүн ортодо элүү чакырымдан ашык жол жатат. Автоунаалар түгөлү менен эски. Ал аралыкты кыйлада басып өтөт. Айыл өкмөттүн кызмат телефону менен борборду туташтыруу да машакаттуу экен, ал үчүн адегенде аймактык телестанцияга буюртма жаздыртып, саргара күтүп олтурду. Качан борбор жак менен туташтыраары бүдөмүк. Сакадайдын ашкере күтүүгө такааты жок. Убакыт деген, так төбөдөн канат күүлөп, шуу сызган ак шумкар сымал зыпылдайт. Мындай чакта депутаттын тоо боорундагы кыштагына маңдайлаш, тээ жайык жердеги айыл аралап, бак-дарактуу көлдү көздөй ийрелеңдеп кеткен жол боюндагы байланыш түйүнүнүн телефон үкөгүнө барууга акыл салышты. Бирөөлөрү: “Ага айланып убакыт короткуча, дөбөдөн тик ылдый түз жүргөн оң. Бат жетесиң”,- дешти.
Кар калың, тизеден өйдө чыгат. Дөбөдөн түз түшөөрдө жаздым бастыбы, же кар басып калган жарга туш келдиби, чуңкурга күп түшүп, андан ыргып чыккандан кийин томолонуп, атүгүл бир нече мертебе оңкочук атып түштү. Кээде көмкөрөсүнөн, бирээрде чалкасынан жыгылган кез көп болду. Үстөмөндөп түшкөндө башындагы тумагы бир жакка, колундагы кийим-кече, кагаз-кугаз, үн жазгыч жана башка буюм салган тышы кызыл сумка туш келди ыргыды. Оңдонуп алып, шыр басканга денеси оттой кызыды. Кайра туруп, моюн-башы менен коюн-колтук, жең учуна кирген карды күбүп атса, өйдө жактан “ха-ха-ха-лаган” каткырык жаңырды. Үн тааныш. Өйдө жакка караса, ал сыдырылып түшкөн дөбөнүн башында Каныш ыкшып күлүп атат. Жанында бейтааныш дагы бир жигит. (Каныш кийин ар башка кыштактардын бычакка сап жигиттеринен куралган Иштерманды коргоо комитетин ачты. Жоогазын ыңкылабынан соң, ага гүбүрнатырдын орун басарлык кызматы тийди. Кийин токой чарба башкармасынын орун басарлык ээрине олтурду. Андагы “быкыйларды” көзгө сая айтып жүрүп, болбогон шылтоо менен иштен бошоду. Кийин жумуш тийбей, бош калганда туулуп-өскөн айылына көчүп кетти). Алар кээ күндөрү сейрек унаа менен дөбөгө дейре жеткирип коюшчу. Сакадай байланыш бөлүмүнө жеткен соң, анын жака-белиндеги адамдар аркылуу телефончуну чакыртат. Ал келгиче Бишкек кеңсеге сүйлөөр баяндамасын оюнда камдап, үндөрдү да көгөнгө тизгендей иреттеп алат. Январдын аягы. Иштермандын айылынын чок ортосунда бурганактаган карга карабай, эл көп жыйылды. Чогулгандар камактагы депутат уулун бошотууну талап эткен бүтүмдү жактап, кол көтөрүп, добуш беришти. Уй мүйүз тартып, үч-төрт катар болуп, жыш турган алдыңкы сапта тургандардын арасынан кимдир-бирөө “ Ажо кызматтан кетсин!” — деп, ураан таштады. Буга дейре мындай чакырык эч жерден чыккан эмес. Ал ураан эң алгач ушул тоо арасындагы кыштакта жаңырып, кийинчерээк жөө жүрүш убагында, эл топтолгон ар бир айылда, улус байтагында да улантылып жатты. Айылга аким баштаган райондун милициясы, прокурору, коопсуздук кызматынын өкүлдөрү да барган. Жетекчилер нааразылыктын жүрүшүнө абай салып, обочодо чогуу турушту. Чогулушту алып баргандар акимди да сөзгө чакырды. Аким элдин ортосуна дароо чыкты да, каршылык акциясына өлкөдө биринчи ирет ушул аймакта уруксат этилгендигин, алардын үн-сөз талабы, нааразылыктары жогорку жактагыларга дамаамат жетип, кулактандырылып келе жатканын далил тутту. Ошондон кийин митинг аймакта козу карындай көбөйдү: тоолуу аймактын жети айыл өкмөтүнө баш ийген айыл-кыштактарда биринен удаа бири тынымсыз уланды.
Көк-жылтыр муз баскан жалгыз аяк көчөдө бараткан Сакадайдын так маңдайынан Асан чыкты. Бу кишини Асаке дешет. Асакенин тайманбастыгын далай уккан. (Кайсы бир жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин деканы үйүндө Асакени мейманчылайт. Сүйлөшүп отуруп, декан акынды борборго чакырат.
— Жакында үчөөбүз окуган университетке ректорлуктун эки тизгин, бир чылбыры менин колума тийет. Элетте жүрбөй, шаарга кел. Сени окутуучулукка кабыл алайын,- дейт окумуштуу. Декан өзү жана жубайы, Асаке менен бир курста билим алышкан.
Ошондо Асакең ачуусу келип, сөгүнөт да:
— Эй, мен университетти “беш” менен бүтүрүп, бүтүндөй бир курска староста болуп жүргөм. “Үч” менен окуган сага далай жолу мугалимдерди эптеп көндүрүп, стипендияга араң илештирчү элем. Жалаң “бешке” окуган мен эми, катардагы окутуучу болуп, “үчкө” араң жеткен ушу сага баш ийемби?.. Урдум, сендей деканды,- дептир да, аяшы сунуп аткан оокатты таштап, баса берет. Аяшы күйөөсүнө айтат дейт: “Асандан ушуну укмаксың”. Асаке Сакадайга: “Тилимдин азабын далай тарттым: туурасын айтканымды көбү жек көрдү. Тилим өзүмө айгак болду. Борбордогу эң чоң окуу жайга иштегени барбаганым аз келгенсип, сыйлыктардан да кур калдым. Тилди да тарта жүрүш керек экен”,- деп өкүнүп айткан, бир ирет. Экинчи бир окуясы: Кайсы бир ресторанда кимдир-бирөө атасына багыштап түлөө өткөрөт. Ага чакырылган гүбүрнатыр менен акимдер, чоң кызматтагылар тамак жеп бүткөндөн кийин ордунан дуу туруп, тарай баштайт. Ошондо Асаке алардын алдын торой чыгат да:
-Эй, бата кана?.. У, энеңди… — деп тигилерди ашата сөгөт.
Ошондо сыртка ашыккан төрөлөрдүн оозуна сөз бүтпөй, же кайра орунуна бара албай, аңкайып, ордунда селейишет. Оокат тартылып бүткөндөн кийин ага келген бүткүл адамдардын катышуусу менен көзү өткөн кишинин арбагына куран окутулуп, бетке бата тартылаарын жеткинчектер деле билишет эмеспи. Жылкынын учасы менен чучук, казы-картасына тоюп, карт кекирген төрөлөр тиштерин чукуп, чыгып баратып, каада-салттын ушул жагын унуткан экен.
Асан Сакадай менен амандашып бүтүп-бүтпөй атып:
— Адилханга телефон чалганы шашып атам, Саке! Түндө Иштерман токмоктолуптур.
— Аны кайдан билдиңиз? Сиз депутатка жолуктуңузбу?
— Иштерман менен тууганбыз. Таш экөөбүз тамак-аш көтөрүнүп алып, кечинде андан кабар алганы түрмөгө бардык ( Таш дегени – Таштулла акын ). Кепти таштабас, кадыр-баркыбызды билген тааныштар аркылуу абакка кирип чыктык. Шоруң каткыр байкуш иним аябай кыйналыптыр. Иштерман белин кармап, бүкүрөйүп, алдыбызга үч бүктөлүп чыкты. Анын акыбалын көрүп, ага боорум ооруду,- деп Асан капаланып, көзүнө жаш алды.
— Ким уруптур?
— Билбейм. Жалгыз кишилик камерада экен. “Жарыкты өчүрүп, мен олтурган камерага кээде, түнкүсүн маскачандар киришет. “Күнөөңдү мойнуңа ал”- дешип… Денемдин бети-башыман башка бөлүгүнө тээп, ургулап, чыгып кетишет”,- дейт. Жок айыпка моюн сунбайм да.
— Токмоктолгону чынбы?
— Чын эмей… Өз оозунан уктук.
— Сөзүңүзгө далил барбы?
— Керек десең, Таш экөөбүз өз колубуз менен түшүнүк кат жазып, кол коюп беребиз. Анын түп нускасын телеграмма менен парламентке салып ийдик.
— Анда ал тууралуу радиого да сүйлөп бересиз, ээ?
— Сөзсүз,- деп Асан ашыккан түрдө мурутун жанып койду да, телефон ишканасын көздөй жол улады.
Сакадай Иштермандын сабалганы жөнүндө эч кимге ооз ачпады. Адегенде Асандын мүнөзүн аны жакшы билген адамдардан сураштырууну, милиция каанасынан такташтырууну чечти. “Ал кишинин сөзү туура чыгабы, ага ишенсе болобу, кийин айтканын танып ийбейби?”,- деген соболуна акын менен ийиндеш жүргөн кишиден моберекидей жооп алды:
— Дарга ассаң да, ал жалган сүйлөбөйт. Сөзгө да, сырга да бекем киши.
Сакадай Асанды кайра издеп тапты. Окуя тууралуу суроо-жоопту үн тасмага түшүрдү. Калемгерге экинчи ирет учураганга чейин Асаке депутат Адилхан менен сүйлөшүп, Иштермандын сабалышын ага да айтууга үлгүрүптүр. Парламентте Адилхан Иштермандын сабалганы тууралуу кабар таратат. Иштерман түрмөдөн бошонуп, азаттыкка чыкканда айткандай, аны алгач бети-башына чүмбөт кийген эки киши камерадан качып чыгууга үндөйт. Камактагы киши качса, кайра кармоо үчүн артынан ок атылышы да мүмкүн. Качууга көндүргөнү экинчи жолу үстүнө кирген кишилердин өңү-башын таанып калуу үчүн ал бирөөсүнүн бетиндеги чүмбөттү сыйрып салмак болуп, кол узатат. Маскачан бейтааныш койнунан союл сууруп чыгат да, аны менен Иштерманды жоон санга катуу-катуу чабат. Токмоктун айынан анын көзүнөн от чагылып, кулап түшөт.
Иштерман жагдай устаранын мизинде кылтылдап тургандыгын боолгоду. Сабалганын жашырбай, ачык айтсале, тоз-тополоңду ого бетер тутантып, ага шам жагышы ыктымал: абактагыларды кайтарып, ага үзбөй тамак-аш берип, кам көргөн милийсалар жумуштан айдалат, же түрмөгө түшөт. Анда ал кызыл шапкечендердин бала-чакасын ким багат? Дагы бир жагы – өзү туулуп-өскөн айылга барган чоңдорду айылдаштары туткунга алганы. Алар окуянын чын-бышыгын билди дегиче, барымтага түшкөндөрдү соо койбошу мүмкүн. Ушу себеп өзүнөн кабар алганы туулуп-өскөн кыштагынан келген туугандарын жооткотууга түрттү. Иштерман жаны ооруганын сездирбей, олтурган ордунан козголгон жок: “Мына, көргүлө! Милиция мени урмак түгүл, ак шейшепке бөлөп, жакшы багып атат. Аман-эсен кайтарылып жатам. Мени эч ким уруп-соккон жок. Урук-туугандарга айта баргыла, мен үчүн эч кимдин чекесине чертпесин. Сот болсо, өзүмдү актап чыгам”,- дейт аларга. Ушул эле кебин телеканал да тарттырып алып, элге жар салат. Ал абактан бошогондо Сакадай андан: “Эмне үчүн антип калп сүйлөдүңүз? Болгон окуяны неге жашырдыңыз?”,- деп сураган. Иштерман: “Антпесем, мени кайтарган он бир милиционер соттолуп кетмек. Анда алардын убалын ким тартат?”,- деп жооп кайтарган. Ал бу сөзүн Асанга да айтат. Депутаттын: “Андан көрө, алардын ордуна жалгыз сиздин камалганыңыз жеңил эмеспи”,- дегени Асанды ызалантып, күйбөгөн жерин күл кылды. Көңүлүн чөктүрдү. “Жалган айттыга” чыгарылган Асанга кылмыш иши ачылды. Ал таңкы үрөң-бараңда тумагын баса кийип, кулакчындарын түшүрүп, үйүнөн чыгып кетти. Аны кармоого тумандуу таңда барган милийса таппай калды. Чын кеби калпка айланган акын кошуна өлкөдө убактылуу баш калкалап жүргөнү кыйладан соң угулду.
Сакадай депутатка кол салынганын жөндөп билгени ички иштер бөлүмүнө баш бакты. Бөлүм жетекчиси менен кыйла тартышты. Убактылуу кармоочу жай калаадагы ички иштер бөлүмүнө карайт. Демек, абактагы окуяга жооп берүү бөлүм башчынын мойнунда. “Депутаттын өзү телевизордон “сабалганым жок” дебаткандан кийин ашыкча кеп керексиз да”. Милиция баштыгы ушу сөзүнөн ары өтпөдү. Ал Иштерман камалган камерага кирүүгө, сүйлөшүп чыгууга да уруксат берген жок: ага тергөөчү тыюу салган. Сакадай: “Калыстык жок тура! Телеге тартууга мүмкүн да, бизге эшик жабык”,- деп өзүнчө күбүрөнүп, зээни кейиди.
— Анда өзүңүз түшүндүрмө бериңиз,- деди аргасы түгөнүп.
Ак саргыл жүздүү бөлүм башчы буга да көнбөй, баш чайкады. Мурунку сөзүн бу ирет да кайталады:
— Иштермандын телеканалга сүйлөгөнү жетишет. Иштерман өз оозу менен “токмок жеген жокмун”,- деп айткандан кийин сөз бүттү.
Милициянын жооптон тайсалдаганы шек жаратты. “Сыр жашыргандарына караганда депутаттын келтек жегени чын. Бул жоруктан улус прокурору кабардар болуу керек”. Сакадай ушул ойдун кучагында ички иштер бөлүмү менен прокуратуранын ортосунда кыйла сандалды. Сырты темир кашаалар менен коргондолгон прокуратурага удаа барып, жетекчисин таба албады. Орун басарынын демейдегидей оозу бек, билсе да үн чыгарбайт. Иштермандын түрмөдөгү жообун көрмө тасмадан көчүрүп алуу ниети да текке кетти: телеканал деректири депутат тартылган тасманы ички иштер башкармасынын орун басары аркылуу кайдадыр жөнөтүп ийгендигин айтты. Демейки теле материалдарды борборго милиция ташычу эмес.
Абал курчуду. Иштермандын сабалганы парламенттин эртең мененки сессиясында жарыяланып, уу-дууга айланды. Кечинде радиодон обого тарады. Муну уккан депутаттын урук-туугандары менен айылдаштары, теңтуштары чогулуп, кеңеш курат. Жыйын депутаттын он чакты жердешин абакта жаткан айылдашынан кабар алууга жөнөтөт. Өкүлдөр оболу улус башчыга жолугат. Сакадай алар менен гүбүрнатырдын бөлмөсүнө ээрчише кирди. Тоолуктар: “Иштерманды биз менен кошо Сакадай да көрүп чыксын!” – деп өтүнүштү. Бийлик ээси алдындагы кагазга үңүлүп, бирде аяк-быякка көз таштап, каанасынын төрүндө чалкалай отурду. Депутаттын өкүлдөрүнүн суранычын кулагынын сыртынан кетиргендей, кайдыгер мүнөздө. Кеп нугун башкага бурду:
— Ал тууралуу өзүнчө сөз болот, – деди ишке тиешеси болбосо да, көңүлсүз гана.
Абакка бараткан жолдо туугандарына калемгер менен Асан да кошулду. Сакадай өкүлдөр менен абакка бирге кирип, Иштермандан: “Асан менен Таш көргөндөй токмок жегениңиз ыраспы? Ал сөзүңүздү эмнеге жокко чыгардыңыз?” — деген соболун берүүгө үмүттөндү. Анткени менен анын ою ордунан чыккан жок: ички иштер бөлүмүнүн темир дарбазасынын оозунда тик турган баштыгы жалгыз адам сыяр каалганы тоолук өкүлдөргө гана кенен ачты. Алардын соңунан ичкериге жулунуп бараткан Асанды көөдөнүнөн артка түртүп токтотту да, дарбазаны ичинен жаап, кулптап алды. Асандын артында турган Сакадай да кирүүгө умтулганы менен оозунан жемин жулдурган бөрүдөй умсунган бойдон сыртта кала берди.
Ал Иштермандын туугандарынын убактылуу жайдан кайра чыгуусун күттү. Ошолордон териштирип, Иштерман телеканалга сүйлөгөн кебин бышыктаганын укту: “Мен үчүн акылсыз ишке барбагыла! Эч ким залал тартпасын! Элди тынчтандыргыла!”,- деп, жердештеринен сураныптыр.
Бекбол Иштерман камалган калаадан жылган жок. Иштермандан кабатырланып, байтактан дагы эки депутат учуп келди. Үч өкүл убактылуу кармоо жайына кирип, ал жерде жаткан кесиптешине жүктөлгөн айып менен тергөөнүн жүрүшүнүн чоо-жайын билүү чечимине токтошту. Ошо кезде Адилхандын чөнтөк телефону шыңгырады. Ага Асандын айлындагы балдар чалыптыр. Адилхан алар менен сүйлөшүп бүтүп:
-Биринчи жолу чоңдор барымтага алынды, деди. Саам өтпөй, ал Бекбол менен үчүнчү шеригине жаңы буйрукту табыштады: -Туткунга түшкөн бийчыкмалар тууралуу эртең, сессияда сүйлөбөсөм болбойт. Мен азыр кайра жөнөйүн да, таңкы самолёт менен борборго учуп, жетейин. Иштерманга силер, экөөңөр учурагыла.
Ички иштер бөлүмүнүн башчысы көнгөн өнөкөтүн бу ирет да кайра карматты: эки депутатты да убактылуу кармоо жайына киргизбей, аларга да Иштерманды көрсөткөн жок. Ал арада Сакадай камакта жаткан депутат менен Асанга кошулуп, учурашып чыккан экинчи адамды кепке тартуу үчүн издеди. Таш жумушунда жок болуп чыкты. Иңир киргенде “үйүнөн табаармын” деген үмүт менен батирин издеп таап, каалгасын тыкылдатты. Жыгач дарбаза ачылган жок. Оо, бир кыйлада бак-шактуу короонун ичинен бой турпаты көрүнбөгөн тестиердин үнү чыкты. Өспүрүм жазмакердин аты-жөнүн сурап билди. Анан бир топко үн чыкпай, тымтырстык өкүм сүрдү. Сакадайдын баамында короонун ичиндеги эшик акырын “кыйч” этип, ачылып, кайра жабылды. Дарбазанын каалгасынын ары жагында турган бала, чамасы үй ичиндегилер менен кеңешип аттыбы, айтор кыйладан соң чыгып, каалга артынан Асандын шериги атасынын ден соолугунан кабар алганы айылга жөнөп кеткендигин айтты. Ал жактан качан кайтаарын да билбегенге чыкты.
Сакадай депутаттын иши сотто каралгыча, үй камагына убактылуу чыгарылып, тергесе болоорун чоттоду. Утуру телефон чалып, Иштерманга жан күйгүзгөн айылдаштары жогорку жакка учугун үзбөй кат артынан кат жөнөткөнүн, аны бошотууну тынымсыз суранганын укту. Бирок, Ак Үйдөгүлөрдүн биринен да ага оңдуу жооп келбеди. Элдин үнүнө кулак төшөбөсө, бийлик кадырынын тымтыракайы чыгаарын өлкө чоңдору ойлобогон тейде. Анын артынан бороон-чапкын буюгуп, деңиз толкунундай улам түрүлүп келатканын эч ким капарына албагандай. Ал жышаан, артын айыпсыз өлүм менен ый баскан кайгылуу окуялардан кийин оркоюп билинди.
Асан мурдагы сөзүн дал өзүндөй кайталады. Чындыктын айынан өз башына тоодой мүшкүл үйгөнүнө өкүнбөй, өзүнө кылмыш иш козголгону тууралуу үн катпады. Сакадай анын учугун чубаганы калаа прокуратурасына учурады. Иш бөлмөсү жабык турган прокурордун дайын-дарегин орун басары менен катчысы да билбейт экен. Ал ишканадан эми узай бергенде кимдир-бирөө атынан чакырып, үн катты. Артка кылчая берип, тепкичте кол булгаган прокурордун жардамчысын көрдү. Жумуш мезгили аяктап, күн кечкирип калган. Жардамчы Сакадайды издегендигин, Асанга каршы ачылган кылмыш ишке күбө катары суракка алынаарын угузду. Тергөө төрт саатка созулду. Түн бир оокум болуп, эл жатаар маалга кам уруп калса да, коё бербейт. Таңдан бери наар татпай, тынымсыз басып жүргөн калемгердин башы акыры ооруп чыкты. Тергөөчүнүн соболдору ага кадимки оор кылмыш жасагандарга жасалган басымдай туюлду. Акынга кандай аталыштагы кылмыш иш ачылганын сурады эле, суракчы аны да өзү тергөөгө алууга бекилгени менен сыр ачпай, билбемишке салды.
Сакадай иштин жүйөөсүн чамаласа да, эртеси күнкү жумушту шаардын прокурорунун бөлмөсүнөн баштады. Көк кителчен, эки ийнине полковник экенин туюнткан үч чоң жылдыздуу ак жүз, калың кара каш, кырк жаштын ар жак, бер жагындагы киши калемгерди жек көрө тиктеди. Сакадай ал чиновниктин кызматын сыйлап, “сиз” деп сүйлөгөнүнө карабай, бөлмөсүнө баш баккан адам менен жылуу амандашууну мындай кой, прокурор асманды таштап ийчүдөй үңүрөйдү. Олтурган үстөлүнөн тике тура калып, албууттанат. Калемгердин мансаптуулардын ичинен мындай төрөпейил, маданияттуулуктан миң жээк алыс чиновник менен алгач беттешкени. Ал көзүн чукуп алчудан бетер сөөмөйү менен ортоңку манжасын жазмакерге туштады да, сенсиреп күпүлдөдү. Асанды туюнтуп:
— Аксакалдын жумушун бүтүрсөк… Кезек сага да жетет. Көрөсүң!..
Сакадай ишинин тактыгы менен далилине таянды. Нары депуттаттын токмоктолгонун Асан анын өз оозунан угуп, акыбалынан кабар алып чыккан соң, түшүнүк кат жиберген эки акындын алдабай тургандыгына ишенди. Бүкүлү бойдон жутуп ийчүдөй акшыңдаган прокурорго жай гана:
— Албетте. Кайсы жерде “жооп бер” — десеңиз, ага күн-түн даярмын,- деди ага бет маңдай олтурган калыбын бузбай. Тигинин коркутканына жүүнү бошогон да, сестенген да жок.
Иштерман ишин жапкан студенттин атасы Жанатбекти да жалгыз кишилик бөлмөдө кыйнашкан. Жашы алтымышка чукулдаган кара муруттуу ал адамды электр тогу ураар үстөлгө олтургузушат: ”Уулумдун адам өлтүргөн ишин жабуу үчүн Иштерман менден акча алган”,- деп кол менен жазып берүүгө мажбурлашат. Жаны кыйналса да, аксакал жалган жазууга көнбөй коёт. Мына ошондо тамагын бууп, ручка кармаган колунун үстүнөн мыкчый кармашып, алдын ала өздөрү камдаган түшүнүк катка зордоп кол койдуртушат. Башчылары чакыргандыктан анын жанындагы желдеттер бөлөк бөлмөгө чыгып кетишет. Ыңгайды күтүп турган Жанатбек ширеңке чагат да, үстөлдө жаткан кол жазманы күйгүзүп ийет. Анын карайган күлүн таманы менен тепселеп жок кылат.
Тоо тарапта эл топтолуп, кырдаал күчөдү. Топ таштай чачылган ар кайсы айыл-кыштакта эл кеңеш… Сакадай эл чогулаар айылга таң эрте жетүүгө үлгүрүү үчүн түн бир оокумда жолго чыгып, машина күткөндөн тажабады. Такси эле кармабаса, түнкүсүн тоолуу аймактарга түз каттаган унаа сейрек. Мындайда туш келген унаа менен ар кайсы бурумдарга жетип алат да, жети түндө жолдо үшүп, машина аңдыганы аңдыган…
Иштерманга каршы кылмыш иш райондук соттун имаратында каралмай болду. Соттун экинчи кабатындагы тар, суук залга анын тарапкерлери баткан жок. Олтургучтардын ара-арасындагы адам басып өтөөр жерден да орун алышты, дубал жандап тике да турушту. Залдын каалгалары чылк жабылды. Прокурор, милиция, сот адистери киргенде гана эшик ачылбаса, башка адамдарга сыртка чыкмай жок, милиция кайтарууда. Бир кезде жабык бөлмөнүн сыртынанбы, же биринчи кабаттанбы, айтор жан ачыгыдай кыйкырык-бакырык угулду. Залдагылар: “Жети жыл мурунку окуяга тиешеси бар”,- деп кармалган күбөнү “спецназдар уруп жатышат” деп боолгошту. Күндүзгү саат ондо башталаары чечилген сот, түш оогондон кийин араң козголду. Соттун ачылганынан жабылганы тез бүттү: ага жазыксыз айыпкер депутаттын сот менен прокурорго ишенбей турганы себеп болду.
Кезектеги сот эки аптадан соң кайра уланды. Имараттын алдында нааразылык. Таңкы чыкыроон. Пикетчилерге караганда катар-катар тизилип, кийими калың, башына чопкут кийген спецназдын жигиттери, милиция жайнайт. Алар сотту калыстыкка үндөп, депутатты актоого чакырган жазуулары бар ак кагаздарды кармаган отуз-кырк чакты адамды түртүп, сүрүп олтуруп, бат эле жолдон чыгарып, ар кимисин ар жакка таркатып ийишти. “Пикетчилерди эмне куугунтуктайсыңар?”,- деген Турсун менен кошо үч-төрт адамды раймилицияга жетелешти. Спецназдын командири өзүн ала качты. Сакадайдын микрофонунан тетири бурулуп, суроолоруна үндөбөй, жоопсуз калтырды.
Сот алдынан өткөн көчө да көкмөк муз. Күн тийгени менен табы алсыз. Сакадай бешим убакка чейин соттун жүрүшүн үн тасмага түшүрөт да, кан жолдун жээгиндеги байланыш түйүнүнө чуркап баратып, тайгаланып, үч-төрт курдай чалынып, жыгылып да түштү. Буттун ооруксунганына көңүл бурууга чолоо жок, убакыт чимирилген дөңгөлөк… Ал баяндамасын мейманканада, же байланыш түйүнүндө, кайсы жерден бош орун табылса, ошол жерге олтура калып, “кечикти” дегенде саат бешке дейре жазып бүтүүгө ашыгат. Сүйлөшүүчү түйүндө да кезек күтөт: Бишкек кеңсеге өзү буйрутма берет. Радионун кечки саат алтыдагы уктуруусуна жетишүү үчүн бүткүл денеси эзилип-жанчылып турса да, кыялында убакыттан утуп, ишти эң мыкты, кынтыксыз бүтүрүүгө умтулат. Нары адамдардын эки кулагы таңга жуук, анан кечинде радиодо болоору жадынан чыкпайт. Башка ой жок.
Сот бул ирет тыныгуу алды. Эмки териштирүү жарым айга артка жылдырылды. Ага Сакадайдын Бишкектеги курсташы “барсам” деп, деректирден сураныптыр. Ал бир күн иштебей жатып, элетте жүргөн Сакадайды борбордогулар сот жүрүп жаткан аймакка кайра тез жетүүнү буйрушту. Кеч бешим. Ал жакка баруу үчүн төрт жүз чакырымдай жол басуу зарыл. Арийне, такси жалдабаса, автоунаа чыкпайт. Таксилер тоолуу аймакка, эки жакка барып-келүүнүн акчасын төлөгөнгө гана макул болот. Чамасы ичкериде сот жүрсө, ага кошул-ташыл сырттагы митингчилерди Турсун менен бирге кодулашкандай. Курсташын “үлгүрбөй жатат” дешти. Кечке жуук ал жакка жетүү да көйгөйлүү, такси да түз барбайт. Сакадай утуру автоунааларды улам которуп жүрүп, түнкү саат үчкө чукул алыскы аймактын жол боюндагы үл-бүл жарык тийген мейманканасына түштү. Кош кабаттуу конок үй туш тараптан жол басып, чарчап-чаалыккан жолоочуларга толтура. Ары-бери каттаган жүргүнчүлөрдүн түнгө калганы ушул үйгө конуудан бөлөк айласы жок. Мындан ары борбор менен элетке итапкан жол. Ортодогу ээн өрөөн менен бийик тоо, ашууларда токтоор кыштак, шаар, же баш калкалаар мейманкана да жок.
Сакадай конок үйдөн эптеп тапкан орундугунда бир аз чырм эткиче уйкусу умачтай ачылды. Ортосун тактай дубал бөлгөн кошуна бөлмөдөгүлөр “кырк жылкынын” ачкыл суусуна тоюп алганбы, түн жарымдан бери тынчтык беришпеди. Бакырып-кыйкырып ырдап, кыраан-каткы. Таң куланөөк салаарда кирпиги илинип кеткен экен, кошуна керебеттин кыйч-куйч эткени, төшөнчүнү чүмкөнө жамынып алышкан кыз-жигиттин кыңшылашканы уйкусун бузду.
Ал таң азандан Иштермандын тоолуу кыштагына жетти. Өрөөн бүткөн жерде ак чокулуу тоолор асман тирейт. Кыштактын тээ баш жагынан кар малтап, ылдый жөнөдү. Айлана жым-жырт. Бу арада балдардын окууга бараар маалы. Кар бетине жалгыз аяк из түшкөн. Жалкы чыйыр созулуңку тартат. Демек, балдар окууга барганы жолго чыккан эмес. Эгер мектепке жөнөшсө, ак буладай карга жайнаган из түшүп, жол тапталмак. Жарым сааттан кийин сол жактан жапыз мектеп көрүндү. Ага кирчү жол да күрөлбөгөн, эмне окуу токтогонбу?.. Мектептин короосунда да, ичинде да бир жан жок. Кирип барса, каалгасы жабык бөлмөлөрү бопбош… Сакадай кечээки эл кеңеште депутаттын таламдаштарынын өз ара антташканын эстеди. Быягы түшүнүктүү, ошо шерт бузулбай, катуу кармалган өңдөнөт.
Ал мектептин каалгаларын жаап, кайра жол улады. Бет маңдайдан чылымын буркурата үйлөп, кара тумак, купайкечен муруттуу киши утурлай чыкты. Калемгер аны менен саламдашып бүтүп, үй-бүлөсүндө мектептен билим алган уул-кызы бар-жоктугуна кызыкты. Мектептин бош калганын, окуучулардын сабакка каттабаган жөнүн сураштырды. Бир аздан кийин экөө кайым айтыша да кетти. Мурутчан киши эмнегедир кызыраңдай түштү да:
— Окууга баргызбайбыз, — деди сиркеси суу көтөрбөй.
— Ийи, эмне үчүн?
— Окутуп эмне кылабыз? Биз ишенип шайлаган депутатты бийлигиң эмне кылды да, балдарды төбөсүнө көтөрөбү?
— Наристелердин шайлоого тиешеси жок. Алар билим алсын. Окуудан калтырганыңыз – келечегин буугандык менен барабар. Утурумдук иш бүтөт, бул күндөр да өтөт. Карайган түндүн атмагы, бүркөлгөн күндүн ачылмагы бар. Бүркөлгөн Күн түбөлүк түнөрүп тура бербес.. Бала бир күн окубаса, канча сабакты билбей калат.
-Эй жазуучу, эмне деп атасың?,- деп күпүлдөдү мурутчан киши, оңураңдап. Сөздүн маанисине баам-парасаты жетпеген шекилдүү. — Үмүтүңдү үз! Бу өрөөндөгү ата-энелер “балдарды окууга жөнөтпөйбүз” деп, касам ичкенбиз. Мен ал антты буза албаймын. Керек болсо, райондогу бүт мектептерди жаптыртып, байкот кылабыз.
— Уул-кызыбыз мектепке келбесе, билим-илими аксап, өнөр-кесиптен кол жууйт. Өспүрүмдөрдүн келечегин азыртан тушабаңыз. Коюңуз, уул-кызыңызды сабакка жөнөтүңүз. Аларды саясатка аралаштырбаш керек!
Электен эленгенсип, майда кар себелеп киргенге башындагы кара тумагын ак чала баштаган киши колун бир силкти. Ары басып баратып, артына кылчайды да:
— А сен, мага акыл үйрөтпө. Иштермандан ашкан билимдүү, андан акылдуу пенде жок. Акылды ошондон сурайбыз. А сен… өз ишиңди бил, колуңдан келгенин кыл! “Жибербейбиз”,- дедикпи, бүттү…
Түшкө жуук айыл өкмөттүн короосу менен жака-белине топтолгон кишилер мындан аркы чечимдерин акылдашты. Каптал жыгачтары ылдый түшүрүлгөн жүк тартчу машинанын үстүнө чыгып алып, ар ким өз акылын айтууда. Күүгүм кирээрде алда-кайдан: “Прокурордун орун басары ОМОНдорду ээрчитип келатыптыр”,- деген имиш желип учту. Милициянын тандалма отрядын айылга киргизбөө үчүн көчөнүн үч-төрт бөлүгүнө кыдырата таш тизилди. Тал-теректер кыйылып, кыштак жолу тосулду. Бирок, түн тынч өттү: милициянын карааны көрүнгөн жок. Эл кеңеш эртеси да чогулду. Ага жыйналгандар гүбүрнатырды айылга чакырууну болжошту. Туратбек телефон менен сүйлөшкөндө гүбүрнатыр тоо айлына келүүгө убада берген.
Иштермандын айылдаштары улус башчыны убадалашкан күнү кечке дейре, акыя күтүштү. Бирок, анын карааны шерттешкен күнү да көрүнгөн жок. Телефон аркылуу аны менен кобурашкан Туратбектин айтымында: “Ал жетекчи элден үзүр сурады. Күтүүсүздөн кошуна дубанда өтөөр конференцияга чакырылыптыр. Аймак байтагына жеткенде артына кайтып, Иштермандын киндик каны тамган айылына барууга чолоосу тийбеди”. Экинчи жүйөөсү — президенттик администрациянын башчысы гүбүрнатырдын эл менен жолугушуусуна уруксат бербей, тыюу салган экен: “Ал кыштакка барсаң, сени да барымтага алуусу ыктымал. “Президент, же аппарат башчысы бизге келсин! Ошондо сиз бошоносуз!- деп, талап коюшу мүмкүн” — дептир ал. Турат байланыш бөлүмүнөн жылбай, бешимге чейин Ак Үйгө тынымсыз телефон чалдыртты. Көздөгөнү гүбүрнатырдын байтактагы аппарат жетекчиге шылтаган кеби чынбы, жалганбы? Ак Үйдүн аппарат башчысынын эмне себептен гүбүрнатырды “Иштермандын айылына барба” — дегенин текшерүү болду. Бирок, адегенде сылык сүйлөп, жогорку жак телефонду албаганына бара-бара кызууланып, бакырган укукчунун далалаты сый кетти: президенттик администрациянын кабылдамасы телефонду алганы менен тыңшооч аппарат жетекчиге туташтырылбай жатканы байкалып турду. Ак үй баштыгы экөөнүн ортосунда болгон кепти, аппарат жетекчинин “Иштермандын айылына барба!”,- дегенин гүбүрнатыр үч жылдан кийин ар кайсы калаада жүргөн соттук териштирүүлөрдө, гезиттер менен телеканалдарда да кайталап, күбөгө тартты.
Депутаттын жактоочулары дагы эки күндөн кийин баштала турган Иштермандын сотуна камданып атышты. Кеңешмеде соттун жана аймактык бийликтин алдында өтөөр митингдерге барчу адамдар, борбордук жолдун жээгине чыгаар атчандар бөлүштүрүлдү.
Март айынын үчүнчү базары “кандуу жекшемби” аталып, тарыхка жазылды. Бул күнү эртең менен саат сегиз-тогуздарда тоолуктар жөө-жалаң, атчан, жеңил жана жүк ташуучу автоунаалар менен үч жолдун айрылышына куйрук улаш келе баштады. Ар түрдүү курактагы кишилер, жигиттер, аялдар биринин соңунан бири жыйылды. Арадан бир саат өтпөй, айрылыш жолдогу автобекеттин жака-белине адам толуп-ташып, батпай кетти. Сакадай элдин агым- кыймылына байкоо салып, четте турду. Узун такта олтургучтан орун алган бейтааныш аялдар аны сурап-тескегенге да үлгүрүштү. Калемгердин ызы-чууга аралашпай, кырдаалга байкоо салып, бир четте үндөбөй турганынан “тыңчы” деп күдүк санаштыбы: “Кимсиң? Кайдан келдиң? Бул жакта эмне жүрөсүң? Кайда баратасың, жумушуң кандай?”- деп кыйлага такып, суракка алышты. Бутунан тартып, башынан өйдө, кийимдеринен бери сынап, көз жүгүртүштү.
Унаа бекетке жыйналгандар алдын-ала макулдашкандай үчкө бөлүндү: Кан жолдун боюна чыгууга көнгөн атчандар буудандарынын соорусуна камчы чаап, убай-чубай көмүр чыккан калааны көздөй жолго түштү. Дагы бир топ – үстү ачык жүктүү автомашинага жапырт умтулду. Алардын эртең, дүйшөмбү күнү бөлөк бир, кошуна аймакта улантыла турган Иштермандын сотуна жөнөөрү ачык-айкын болду. Жонуна баштык асынганы менен жука кийимчен, жөө-жалаң, жылаңбаш жигиттер менен алардан бир аз улуураак адамдар, аялдар аймак борборуна каттаган жолго түштү. Тоолуктардын ызгаарлуу күндөгү жүрүшү – андан бери арадан канча жыл канаттуудай калкылдап учуп өтсө да унутулбай, үч тарапка бөлүнүп бараткан адамдардын кылкылдаган элеси алигүнчө Сакадайдын көз алдында өчпөй турат.
Ал борбордогу кеңсесинин деректирине жөн-жайды түшүндүрүп, кечкиге баяндама камдоого уруксат алды. Айрылыш жолдогу окуяларды тизмектеп, телефон станциядан байтактагы кеңсеге репортажды жаздыруу кыйла убакытты уурдады. Бүткүл ой-санаасы аймак байтагын беттеп жөнөгөн адамдардын артынан учту. Аларга бачым жетүүнүн амалын издеди. Урунуп-беринип, шамдагай кыймылдаса да, үч –төрт сааттан ашык убакыт кирпик ирмемдей билинбей өтүп кетти. Кайдан чалганын ким билет, балким, райондонбу, же милицияданбы, телефон шыңгырады. Байланышчы тигинин аты-жөнүн, ким экенин сураштырган жок. Телефон чалган адамдын суроолоруна жооп берип жатты. Бөлмөдө өзүнөн башка кимдер бар экенин сурады окшойт. Телефончу ага “Сакадай олтурат” деп жооп берди. Калемгер жумушун бүтүрөөрү менен сыртка ашыкты.
Жол ээн: жерге жарык түшкөндөн тартып, буга дейре ары-бери кым-куут каттаган кире да, адам да жок… Кыймыл кан буугандай токтогон. Айлананы боз чалган Күндүн көзүнө тигилип, түш ченден эчак оогондугун боолгоду. Жанында Иштермандын Дүйшөн деген тоолук айылдашы ага караан.
Бир кезде жүргүнчү ташыган эски автобус ташбака жылыш менен айрылыш жолдогу автобекетке утурлап келатты. Автобус ичи толо, бут коёрго орун жок, бири-бирине шыкалган жүргүнчүлөр болуп чыкты. Жолдо андан бөлөк унаа көзгө сүртсө, табылгыс. Ошо дөөтүгө жармашуудан бөлөк арга калбады. Чакан автобус эки сааттайбы, же андан ашыгыраакпы, агезде ойго келген жок, иши кылып, кыйралаңдап, кыйла жол жүрдү. Бир кезде автобусту бет маңдайдан атчан киши тосуп чыкты. Ал жолдун ортосуна тура калып, айдоочуну «четке токтот» — дегенсип, камчысын жол кыргагына көздөй сермеди. Сакадай кайсы кыштакка жеткенин, унаа кандай жерге токтогонун билген жок, аны сураштырганга үлгүрбөдү. Автобустан түшөөрү менен ага үч-төрт аял жүгүрүп келди да: «Милиция атты, атты… Адамдар өлдү… «,- дешип, чуркурап-буркурап ыйлап ийишти. Күн боройлоп, бүркөк. Муздак шамал кишини ичиркентип, этек-жеңди жулмалайт. Сакадай буркан-шаркан түшүп, ыйлап-сыздаган аялдарды жоошуткуча шашты:
— Койсоңорчу!.. Чегарага жоочулар басып киргенде ок чыгарбаган аскер, эми өз кишилерибизди атат беле? Андай дебегиле!,- деп муун-жүүнү калтырап-титирегенин эптеп басты. Эмнегедир кыжырланды.
— Ишенбейсизби?,- деди жоолугу желкесине түшкөн келин.
— Жок, көзүм менен көрмөйүнчө ынанбайм. Каза тапкандар кайда? Жарадар болгондор болсо, аларды да көрөйүн?,- деди Сакадай атайылап. Туш келди көз жүгүрттү.
— Өлгөндөрдү “Камаз” машинага жүктөп, алып кетишти. Жараат алгандар кайда кетти, капсалаңда көрбөй, билбей калдык. Эмне кылабыз эми, ыя?..
Сакадайды сарсанаа басты. Эки-үч жигиттин коштоосу менен эки жүз, үч жүз метрдей алды жакка басып барды. Жолдун тең ортосу менен оң четинде уюган кан. Кызыл-кочкул кан таш менен корголонгон. Боз дөбөнүн оң капталында элүү-алтымыштай киши нес болгондой эңсеси катып, үнсүз-сөзсүз дымып олтурат. Жөө бараткандардын бир канчасын кармап кетишиптир. Дагы башкалары райборборго көздөй жүрүшүн улантыптыр. Жол жээгинде атылган октун тыш кабыгы жайнайт. Сакадай алар менен бирге автоматтын жер жайнаган атыла элек, сөөмөйдөй-сөөмөйдөй бир канча узун октору менен тапанчанын да атылбаган бытыраларын таап, жерден терип алды. Окторду кагазга ороп, Дүйшөнгө: «Эртең булар – далилдикке жарайт. Калган ок-бытыраны да жыйнап алгыла»,-деп карматты. Саат төрт жарым, беш экенин болжоду. Радионун кечки берүүсүнүн ачылаарына аз эле убакыт калган… Ага үлгүрөөр бекен? Ай, ким билет?..
Жашыган аялдарды кантип сооротуунун амалын таппай, кыйналды. Жол менен жөө келаткандарга мылтык кезегендерге кеги кайнап, көзүнө айланган жашты тыя албай, шаштысы кетти. “Кылым башталаарында чек араны бузуп кирип, кол салган душмандарды атууга түз буйрук беришпеди эле, карапайым элге эми кантип ок чыгарышты экен?”,- деп өзүнчө күбүрөнүп, кан төгүлгөн окуя менен келише албады. “Окко учкандардын сөөгүн балким, өлүкканага ташып кетишкени айныгыс чындык. Кыска убакытта ал жакка жетүүгө үлгүрбөйм. Эмне кылуу керек?” Кыялында өзү менен өзү кеңешти да:
— Жарадарлар кайда? Аларды билгендер барбы? Оорукана кайда?,- деп бакырды.
— Билбейбиз,- деген жоопту боз дөбөдө дендароо тартып, олтургандардан укту. “Демек, үч адам окко учкан экен. Аларды “Камазга” жүктөп, алып кетишкен экен. Алардан башка ок тийип, жараат алгандар болушу ыктымал. Жабыр тарткандар жардам алуу үчүн сөзсүз доктурга барат. Алар көз менен көргөнүн, кагылыш эмнеден келип чыкканын айтып бере алышаар. Ошол үчүн батыраак жарадарлар барган оорукананы табуу абзел”. Сакадайдын эсине ушул ой кылт этти. “Окко учкандардын аты-жөнүн, кармалгандардын санын тактайын. Далилдикке жарадарларды таап, үнүн жаздырайын. Алар кантип ок жаңылганын, ким атканын ачык айтышаар. Убакыт учкан куш..”. Жол четинде токтоп турган кызыл түс «Москвичке» жетип барып, ээсин чакыртты. Шоопур табылгыча алда-нени койнуна жашыргандай кош колун көөдөнүнө кайчылаштыра кармаган кыз ага үн катты:
— Байке, сиз борборго барасызбы?
— А кайда-ан эми… Эмне болду?
— Өтө маанилүү видео тасма бар. Ортодо тополоң болуп, ок атылгандан кийин жүрүштөгүлөр туш келди чачырады. Эсине келгендер милицияны кууду. Кызыл шапкелер элден качып баратып, баштыктарынан түшүрүп койгон окшойт. Видео тасманы жолдон таап алдык. Балким, бул жердеги калаба тартылгандыр. Борборго ала кетесизби?,- деп жатам…
— Жок, жакын арада ал жакка барбайм. Тополоң бүтүп, тынчтык орногуча, бул жактан эми карыш жыла албайт окшойм. Тасманы ишеничтүү адамдын колуна тапшырыңыз, ээ? Эгер чын эле тирешүү тасмага тартылып калган болсо, кассета чоң ишке жарайт. Кечиресиз, убакыттан уттуруп атам. Кечигип атам, жумушум шашылыш…,- деди да кызга көңүл бурбай, унаанын каалгасын тартты. Кыздын өңү-башына да астейдил көз жүгүртпөдү, аны таанып калууну ойлободу. Унаа ээсине ашыккан түрдө: “Кайсы жерде оорукана болсо, ошол жакка айда. Кызматыңды төлөйм!”,- деп жалбара, буйруду.
Убакыт – алтын. Калың кыштактын көчөсүндө май түгөндүбү, же бир тетиги бузулдубу, баяраак турган жеринен зуулдап жөнөгөн “Москвич” ыктытып, жөтөлүп, какалып, анан барып, тык токтоду. “Какаганга муштаган” дегендей, убакыт кысталышта бул каскакты кара. Калемгер унаадан түшө калып: “Бөлөк машина табылып калабы?”,- деген үмүттө жолдун баш-аягына кылчактады. Аңгыча каптал көчөдөн балдакка таянып, чолоңдогон кишини жөлөп-таяп келаткан эки киши көрүндү. Көчөнүн экинчи жагынан башы ак кебез менен таңылып, чалкалап, боздоп ыйлаган аялды алып чыгышты. Сураштырса, көк жоолук менен чекесин таңган эркектин бутуна ок жаңылып, орогон дакиси канга чыланган келиндин башына таш тийиптир. Экөөнүн үнүн тасмага ылдам түшүрдү да, жөлөп-таягандарга аларды ооруканага бат жеткирүүнү табыштады. Араң-зорго от алып, кыбыраган “Москвичке” албууттанат. Же, жакын арадан кеселкана учурабайт. Бейтапканага качан жеткирет, аны кайдан табат?.. Убакыт учкан куш, зуулдап атат…
О-ох… Оор күрсүнүп, миң сан ойго жуурулган Сакадай араң жүргөн машина менен кылдырап отуруп, жол четинде адеп учураган ооруканага эптеп жетти. Ташбакадай кыбыраган “Москвич” да тажатып бүттү. Бирок, мындан бөлөк автоунаа жок болсо, эмне кылмак? Учуп жетерге канаты болбосо?.. Жеткен жери – айылдык кеселкана болуп чыкты. Көз эчак байланган. Жеңил машинадан аткан октой ыргып түштү да, доктуркананы көздөй жүгүрдү. Оорукананын короосуна кирип баратса, кимдир-бирөө аны жандай чуркады. Тааныган адам окшойт! «Сака… Сакадай, токто, шашпа! Чай ичип ал!»,- деп чыканагынан кармап, артка тартат. Калемгер билегин тигинин колунан булкуп сууруп алды да: «Чай-пайыңды коё туруп, ары барчы. Быякта чайым чыгып жатат». Ашыккан бойдон оорукананын каалгаларын эч кимден сурабай ачып — жаап, жарадарларды издеди. Он чакты жарадардын шоокум – ый, онтогону эң төркү бөлмөдөн угулду… Бөлмөнүн эшиги ачык, астананы аттаары менен Сакадайдын көзүнө жылаңач темир керебеттерде кан жайнап жаткан өңчөй эркектер урунду. Ок алардын ич-жамбашына, кол-буттарына тийгенби, жан алы калбай ары-бери оодарылат. Жаны чыдатпай ооруганга тыбырчылап, жардам сурап, боздоп атышат. Онтогон үндөр коңшу бөлмөдөн да угулуп атты. Сакадай суроосуна жооп берген жарадарлардын үн-сөзүн тасмага түгөл түшүрдү.
Көзү жалдырап, темир керебетте жаткандардын бирөөсү айтып атат: -Ашказанымда ок турат, байке! Ичимде ок ойноп атат, тезирээк алгылачы!.. Мени аткан милицияны тааныйм… Мени Жаймур атты. Ох, ичи-им…, — Чалкасынан түшкөн узун бойлуу, арык, кара тору жигит жаткан керебетин кыйчылдата ары-бери ооналактады. Курсак тушун кош колу менен калкалап, онтоп атты. Ага жанындагы жарадарлар да кошулганда бөлмө ичи онтоолорго толуп кетти. Аларды уккан кишинин дене бою дүркүрөп, жарадарлардын оорусун жеңилдеткенге арга издейт.
Сакадайдын ок тийгендерге боору ооруп, жаны ачышты. Жаалы күчөдү. Ачуусун тиштенип басты да, өзүнөн-өзү:
— Врачтар кана-а? — деп кыйкырып ийди. Тигилердин үнүн үн жазгычка түшүрүп атканда дарыгер аттуу көрүнгөн эмес. Бурулуп караса, дубалга ыктай колдорун чөнтөгүнө салып, жарадарларга үнсүз тиктеп, ак желекчен эки киши турат, бир бурчта. Алар дарыгерлерге окшоду.
— Эмне карап турасыңар? Буларга эмне жардам кылбай атасыңар? Кур дегенде ооруну басаар укол сайсаңар боло…- деди Сакадай албууттанып, аларга кайрылып.
Жашы элүүлөргө таяп, учу чыйратылган кара муруту ээгине түшкөн казылуу дарыгерге тил бүттү. Ал камырабаган түрдө :
— Бул жерди билсең, айылдык оорукана дейт. Жарадарларга операция жасоо керек, ага бизде мүмкүндүк жок.
— Анда районго жеткиргиле да. Эмнеси болсо да, ооруну жеңилдеткиле!
— Жол жабык. Жолду тосуп коюптур го!
— Жол ачык. Азыр ошо боз дөбөдөн келдик. “Жол жабык”,- деп карап тура бербей, жарадарларды ооруканага талаа менен болсо да, ташыгыла! Же, райондон хирург-анестиозологду чакыргыла да… Биз азыр эле көрүп келдик, жол тосулган эмес. Таңга чейин күтсөңөр, ким билет булар эмне болоорун! Кепти улантып, акыйнек айтышканга убакыт тар. Жаны менен алпурушкан жарадарларды айыктыруу врачтардын милдети… Адегенде кагылыш, адамдар окко учканы,жараат алганы, кармалгандары тууралуу кабарлаш керек. Сакадай шарт бурулду да, жүгүргөн бойдон сыртка атып чыгып, байланыш түйүнүн издөөгө киришти.
Эсинде… Оорукананын үстүңкү көчөсүнөн байланыш түйүнүн тез эле тапты. Аны тосмологон жыгач кашаалардын эшикчесин тартаарда кара басып, жарык лып өчтү… Убакыт алтын, жылып атат. Эми телефонду кайдан табат?.. Борборго кантип кабарлайт?.. Көөдөй караңгылыкта калып, кечки саат алтыдагы уктурууга үлгүрбөй калганын түкшүмөлдөдү. Кур дегенде саат тогуздагы уктурууга жетишүүсү керек. Кайра артка кайтып, «Москвичтин” ээсинен телефону бар жерге айдоону жалбара суранды. Азыркыдай фото-аппараты да, видеотасмасы да бар, үн-шоокумду тунук уктуруп, жердин аркы бетинен болсо да, сүйлөшүүгө тарта турган зымсыз, чөнтөк телефон болсо кана, ал кезде?.. Интернет желе ойго келген жок.
Кызыл унаа менен аймак байтагын көздөй чапкылап, кезиккен айылдан сураганы байланыш түйүнү, телефон болду. Кереги ташка тийгир телефон жок… Убакыт “ к-а-ак” деп каркылдаган канаттуудай учуп өтүүдө. Машина чоң жолдон солго бурулду. Тилеги асмандан түшкөндөй болуп, АТСке туш келгенине сүйүндү. Ага кирип баратып, «Москвичтеги» балдарга айтты; «Менин жаныма эч кимди, жадесе Кудаяр кан тирилип келсе да, киргизбегиле!”. Дароо Бишкек кеңсенин деректирине чалды. Ал үйүндө экен. Күнгө жекшемби болчу. Сакадайдан бөлөк борбордогу жана бөлөк аймактардагы кызматкерлер дем алууда. Андан башка бир жазмакер, же сүрөткер ал күнү болбоду. Канаттуудай чарк айланып, жалгыз өзү жүрдү.
Кеңсенин деректири: «Байке, жарым саат убакыт бериңиз!?!. Мен кеңсеге жетип барып, баяныңызды жаздырып алайын»,- деди. Сакадай ошентип, радионун кечки саат тогуздагы уктуруусуна “кандуу жекшембидеги” кана байран тууралуу, алааматтуу алгачкы жаңылыкты жиберди. Ал күнү кан төгүлгөн жерде өзүнөн башка бир да калемгер болгон эмес. Анын артынан таңкы уктуруу үчүн репортаж камдап алды. Баяндаманы жаздырып бүткүчө бир кыйла убакыт өттү. Сыртка чыкса, боз дөбөдөн бери топурап жүргөндөрдөн эч ким жок, «Москвич” да көрүнбөйт. Калыбы, эки-үч саат телестанциядан чыкпай, кармалып калбадыбы! Айдоочу да күтүп-күтүп, тажаганда кетип калган өңдүү. Телефончунун кызмат акысын төлөп берген соң, андан сурап, саат түнкү он эки – бир чаманы какканын укту. Көрсө, жолду айланып жүрүп, кайра эле жөө жүрүшчүлөр менен милиция тирешкен боз дөбөгө жакын кыштакка токтоптур. Бирок, түнү бою райборбор жактан автоматтын тытыраган үнү угулуп турду… Аймак борборуна жети-сегиз чакырым аралык калганын, асманга учуп чыккан кызыл-тазыл ок ошол тараптан атылып жатканын сурап билди… Сакадай түнү бою кирпик каккан жок. Санаасын ок атуу тынчытпады. Ал түнөгөн үй ээси чоочудубу? Калемгердин райборборго таң куланөөк салганда баласынын унаасы менен жеткирип коюу өтүнүчүнө көнбөй, шаарчанын чет жагына түшүрдү. Сакадай ушуга да кайыл.
Ошентип, жөө жүрүшчүлөргө ок атуу, кагылыш, адам курмандыгы эң биринчи Сакадай аркылуу дүйнөгө таркады. Ал эртеси, дүйшөмбү күнү таң саардан районго түшчү көчөнү аралай жөнөдү. Соройгон жылаңач дубалдары гана калган эски тамдан быкшыган чычала созолонуп, түтөп жатат. Ал өрттөнүп бүткөн балдар инспекциясынын кеңсеси болуп чыкты. Андан ары райондук ички иштер бөлүмүнө туш келди: айнек-каалгалары талкаланган, имараттын дубалдарын бойлой толтура таш… Милициянын башчысына кирүүгө уруксат сураса, эшик көзөмөлдөп, темир туулга, автомат кармаган жигиттер аны жолотушпады. “Окуянын чоо-жайын билгенге начальнигиңерби, же улустун өкүлүбү, болбосо, министрликтен келгендер болсо да, чакырып бергиле” — дегенине көнүшпөдү.
Сакадай боз дөбөдөгү кагылыш жөнүндө тараткан туңгуч кабарды ички иштер министри уккан эмес окшойт. Ал борбордук телеканал аркылуу дүйшөмбү күнкү таңкы жаңылыктарда: «Иштерманды жактагандар мас болуп алып, экөө-үчөө бирин-бири бычактап өлтүрүшкөн»,- деп сүйлөйт. Жалган сөз элди ого бетер удургутту. Милиция бекетинин алдында дүрбөгөн митингчилер, уюлгуган чаң, бороон. Алардан ары бронетранспортер, куралдуу жоокерлер аймак борборунун төрт тарабында быкпырдай кайнайт… Алар түнү бою ар кайсы шаар-райондордон самолёт менен ташып-жеткирилген.
Сакадайдын кол баштыгында “кандуу жекшемби” күнү боз дөбөдө ок жаңылган балдардын үндөрү түшүрүлгөн тасма. Калемгерди аңдыган адам арт жагынан жүгүрүп келип, анын колунан жулуп кетүүсү мүмкүн. Иштермандын туулган айылынан райборборго келген жигиттерге: «Мага тооругандарга көз салып, баскыла. Он кадам алдыда жана он аттам аркада төртөөң жүр. Оң-солдон да эки-үч арышта ары жакта эки-үчтөн жандагыла. Жаза тайып, баштыкты тарттырып ийбейин»- деп табыштады. Алардын коштоосу менен адегенде жергиликтүү администрацияга баш бакты. Ал жерде имаратты кайтарган куралдуу күзөтчүдөн башка эч ким жок болуп чыкты. Анан прокуратурага бурулса, ал жер да жабык. Демек, булардан да кабар алуу мүмкүн эмес. Бак-шактуу райондук оорукананын тушуна жеткенде коштоочу балдар кыйылып: «Бизге уруксат бериңиз, чарчадык» — дешти. Аларга ыракматын аябаган Сакадай бейтапкананын башкы дарыгерине учурады. Башкы врачтан окко учкандардын курмандыгына, токмоктолуп, жараат алгандарга эмне себеп экендигин, канчоо каза таап, нече жарадар аман-эсен дарыланып жатканын, алардын абалы кандай экендиги тууралуу сурады… Саат жебеси күндүзгү он — он бирди кагууда.
Кеселкананын ак-саргыл башкы төбөлүнөн ошентип өтүндү. Коюу, куйкум сары чачын артка кайырган ак жуумал доктор ак да, көк да деген жок. Түз карабай, ооз ачканга жарабады. Сакадайдын улам кайталаган соболуна оо бир топтон кийин гана, ыңгыранып: “Кийин келиңиз”,- демиш болду. Врач үчүн кеселмандар бирдей го! Ооруканага түшкөндөрдүн ал-жагдайы жөнүндө ачык айтуусу абзел. Калемгер мамлекеттик жашыруун сырды сураган жок. Сакадай доктурдун суз мамилесине ичи сууп, дарыгердин бет маңдайындагы телефакстан жазуулары көп, узун кагаз сыртка чубуруп, чыга баштаганын көзү чалды. Тизмелүү кагаз кайдадыр жөнөтүлүп аткандай. Калемгер ичинде: «Каза тапкандар менен жарадарлардын тизмеси болушу ыктымал”,- деп жоромолдоду.
Башкы дарыгер үн чыгарбагандан кийин көңүлү өлүкканага барып, курмандыктын эсебин билгенге ооду. Ал жерден шейит кеткендердин көз жашын көлдөткөн ата-энелери менен агайын туугандарын кезиктирди. Мына, доктур жашырса, кайгы баскан бу кишилерден сурап, өлүм-житимдин саны менен жүйөөсүнүн тамырын тартып, тактап билсе болот.
Өлүккананын бир ыптасында ыйлап тургандарды жубатып, өзү да көз жашын тыя албады. Жашын аарчып, ичкери кирмекке бекем жабылган темир каалганы булка тартты. Күңүрт тарткан жапыс тамдын сол ыптасында кийизге оролгон эки адамдын сөөгү жатканын боолгоду. Ооз-мурдуна ак даки тартынган кара желекчен врачтын колдору кан, мээлейчен колундагы бычагы менен ал дагы башка бирөөнү жарып жатат. Дарыгер Семетке суроолуу тигилди да, окко учкан канча киши өлүкканага түшкөнүн сураганга үлгүртпөй, «кирбеңиз» дегенди ымдады.
Укукчу Сарыбай да өлүкканада турган. Жарыгы жарытпаган бөлмөдө болуп жаткан дене жарууну бейтааныш бирөө видеотасмага тартып атты. Сарыбай анын кайсы теледен экенин сураса, тиги жооп таба албай, мукактанып, күмөн санатты. “Ким жиберди?” — деген соболго ал “тияктагылар” дегенди туюнтуп, башын жогору жакка экчеди. Сарыбай:
-Тарткан видеоңдун көчүрмөсүн бизге да чыгарып бер, макулбу? Ишке тиркейбиз.
Оператор батыл жооп айта албай мукактанды: кимдир-бирөөдөн колдоо күткөндөй буйдалып, ары-бери кылчактады. Жанында турган тергөөчү да үндөбөдү. Эки табытты жарып бүтө электе оператор видеокамерасын иштетпей, четке жылды.
Укукчу:
-Эмне тайсалдап калдың? Тартпайсыңбы?,- деген суроосуна андан: -Кассета толуп калды — деген жооп укту.
— Бөлөк операторлор канча саат тартса да, тасмасы түгөнбөйт! Сеники эмне, дароо эле толуп калабы? Же, камераңды башка жерде да иштеттиң беле?
— Кечээ, тиякта да тарткам.
— Каякта, боз дөбөдөбү?..
Оператор “ооба” дегендей, башын үнсүз ийкеди. Сарыбай аны илгиртпей түшүндү да, жолдогу кандуу-булоон тасмага түшүрүлгөнүн жоруп, сыртка чыкты. Шейит кеткендердин ага-тууганына тасманын олчойгон далил экендигин түшүндүрдү. Ал аялдарга өлүкканадан чыга берген операторду көздөй ымдады. Аялдардын бири тасмачыны токтотуп, анын эки колун бекем кармап, эмнелерди тартканын сурамыш болуп, алаксытты. Башка бирөөсү тасмачы мойнуна илген камеранын моюнтуругун андан чыгарып, камераны өз соңунан кийин артта топурап тургандардын бирине, колдон-колго өткөрүп, анысы андан аркысына узатып ийди. Боз дөбөнүн айланасындагы коогалаң менен өлүкканада врач жарып аткан табыттар тартылган тасма ошентип, ишенимдүү жайга жашырылды. Прокурордун илмийген жардамчысы менен тергөөчү Сарыбайга жалдырашты: “Кассетаны алсаңыз да, видеокамераны кайтаргыла. Ал өтө кымбат”. Укукчу: “Көргөнүм жок. Билбеймге” чыкты. Ал окуяга дейре өлүкканага бир автобус спецназ жетип келген. Алар окко учкандардын денесин коңшу аймакка жүктөп кетишкени жиберилген экен. Бирок, спецназды курман болгон уулдары менен туугандарын жоктоп, кайгыга батып, сыздап турган адамдар өлүкканага жолотпой, бейтапканадан кууп чыгышат. Көрсө, жансыз денелерди жарып, аларга тийген окту алып бүткөн соң, “бири-бирин бычак сайып өлтүрүшкөнгө” чыгаруу үчүн табытты бөлөк жакка ташып кетишмей болгон тура. Ал үчүн аймак байтагынын чет-жакасындагы аэробекетке тик учма да кондурулуптур. Бул тууралуу окко учкандардын жакындарына дарыгерлер алдын ала кабардар кылат.
Ал эки тасма “кандуу жекшемби” окуясы талкууланаар маалда мамлекеттик чоң кызматка бааланды. Тасма айыл-кыштактарды аралай чапты. Борборго каттаган кан жол тосулганда, айдоочулар менен ары-бери каттаган жолоочуларга да көрсөтүлдү. Жыл жаңырып, “кандуу жекшемби” тилге алынган сайын телеканалдар обого ошо тасманы коюшат. Ал тасмада көрүнгөндөй, тынч митингге чыкканы аймак борборун көздөй жөө келаткан кур кол адамдарды боз дөбөгө чукул, алагүү кишилер менен милиция тосот. Бетме-бет тарап өз ара талашып-тартышат. Топтолгондорду ак түстүү “Волга” аралап өтүп, ал унаа маңдай-тескей турган жергиликтүү чоңдор менен элдин жанына токтойт да, автомашинадан Туратбек түшөт. Милиция укук коргоочуну кармап, булкуп, жетелеп кетүүгө кам урганда аялдар аны арачалап калууга умтулуп, колдорунан чыгарбай калкалашат. Эки жак ар кимиси өз тарабына тартышып атканда күтүүсүздөн мылтык атылат. Тасмада “дүң-ң-дүң-ң…” деп атылган октун үнү милициялардын арт жагынан жаңырып аткансыйт. Ок атылганда жөө адамдар артка качат. Алардын арасынан ок тиийген бир нече адам жерге кулайт. Кансырап, эс-учун жоготкон жигиттерге жаны ачыган аялдар ызы-чуу түшөт. Бая артка кетенчиктеген тоолуктарга алда кайдан кайрат бүтөт да, жөө жана атчан кишилер баяраак алдын торогон милиция менен чоңдорду кууп жөнөйт. Тасмадан элдин сүрүнөн жалтайлап, куугундун алдына түшүп, бири-бири менен жарыша качкан милиционерлер көрүнөт. Эки-үч спецназ күрмөсүнүн жеңи өйдө түрүлгөн билегин, багелеги тизесине дейре кайрылган бутун ак желекченге сунуп, көрсөтүүдө. “Тез жардам” автомашинасынын жанында турган дарыгер спецназчынын чийилген билеги менен нокоттой жарааттуу бутуна көк дары сыйпап атат. Ок тийип, жайрап калгандар, кансырап жаткандар менен ал “тез жардамдын” иши жок… Оболу ок тийип, өлүм алдында жаткандарды, же ур-токмоктон эси ооп, жерде туйлаган жана буту-колу сынып, кансырагандарга көмөк көрсөтүп, алдын – ала болсо да, дарыласа жакшы эле.
Боз дөбөнүн айланасында ок чуу-чуу учат. Тоз-тополоңдун арасында жүргөн жөө жүрүшчү Аалы денесине “тып” этип бирдеме тийгенин адегенде элес албады. Ичи кызып, курсак тушун кармаганда колуна кан урунду. Уландын нур чачкан кызыл жүзү кубарды да, томолонуп барып, ден-дароо тартып, арык ичине ооп түштү. Бир топтон соң, эсин жыйып, жол жээгине араң-зорго жөрмөлөп чыкты. Жакын арада ары-бери баскан караандар мунарыктап көрүнөт. Улан колун серепчилеп, аларга жалынып-жалдырады:
— Байкелер, жардам бергиле, өлүп баратам…
Бирок, бет маңдайына токтогон кош караан райборборго жөө аттанган кишилерден жат болуп чыкты. Жүзүнө беткап кийген, алагүү спецназдын бири Аалыны ичке күп эттире бир тепти да:
— С-сука, сен өлүшүң керек,- деп бакырды.
Экинчиси да жемелеп, уландын уучуна жолдон тапкан чоң ташты карматты.
Ичи тызылдап, дем алуусу оорлогон жигит алаканын жазып, ташты түшүрүп ийгенде экинчи спецназ мылтыгынын кундагы менен аны көөдөнгө урду: -Сен бизди ушу таш менен соктуң. Эми колуңдан кайра түшүрсөң, мээңди чачырата атып салам,- деп дембе-дем ага таш мыкчытып, мылтык карматып, сүрөткө тартып алды.
Кайдан-жайдан Аалынын иниси жетип келди. Ал агасын баса жыгылып, бооруна тарта кучактады да, ыйлап жатты. Беткапчан желдеттер кара чечекей бир тууганын калкалаган өспүрүмдү да желим союл менен чаап киришти. Эсинен танган ага-инини кол-буттарынан кармап, көтөрүшүп, арты ачык турган машинага биринен сала бирин ыргытышты. “Камаз” маркасындагы машинанын үстүндө ага дейре тактайдын таарындысына уйпаланып, жансыз үч дене жаткан.
Сакадай оорукананын экинчи кабатына чыгып, жарадарларды издеди. Бөлүм башчы ордунан чыкпады, башкы дарыгер чакыртыптыр. Он чакты ак желекчен врач чогулган бөлмөгө баш бакты. Алардан жарадарлардын акыбалы, эмнеден жарадар болгондугун, диагноздорун сураса, бирөө да ооз ачпай койду. Тобокелге салып, жарадарлар жаткан бөлмөлөрдү кыдырата аралап чыкты. “Көп болсо, айдап чыгаар!” — деген ойдо болду. Операция жасалгандардын бирөөсү (ашказанында ок турганы) түндө үзүлгөнүн билди. Бети-башы, көөдөнү менен жамбашына ак даки оролуп, колу-буту, ээк-жаагы таңылган жарадарлар толтура. Оорунун айынан онтогон, жөөлүгөн жан…
Башкы дарыгердин кабинетине кайра келсе, анын каалгасы жабык турат. Күттү… Окко учкандар менен ок тийип, жарадар болгондордун тизмесин сураганда, баш врачтын: “Кийин учураңыз” – деген жообуна ишенип, чын бүткөн. Доктурдун айткан убагында ордунда турбаганын кара. Оозунан чыккан сөзгө ээ болушу керек эле.
Сакадай ишти өз убагында баштап, аны өз мөөнөтүндө бүтүрө албаган, айткан шертинде турбай, ар кайсы шылтоонун башын чапчыгандар менен эзели келишпейт. Ага бардык жумуш өз саатында аяктоосу, так болуусу зарыл. Кенедейинен ушуга көнгөн…
Ошентип, зарыга күтсө деле башкы врачтын изи сууду. Сакадай эми Иштермандын жардамчысын ишке салууну чоттоду. Ажимамат аксакал жергиликтүү дарыгерлерге тааныш, кадыр-барктуу да. Ушул өрөөндөн эмеспи, алардын сырын билет. Ага: «Байке, ооруканадан сырга бек дарыгер таап бериңиз. Башкы доктурдун телефакста узун тизмелүү барактарды кайдадыр жөнөтүп атканын көрдүм. Ал чамасы, ок тийип көз жумгандар менен жарадарлардын тизмесидир. Ошону алдырталы» — деп жалбарды. Ажимамат дароо баш ийкеп, Семеттен бир аз сабырдуулук кылууну өтүндү. Кимдир-бирөөгө телефон чалып, калемгердин тапшырмасын табыштады. А киши эгиз козудай болуп ээрчишкен Канышты жаштыгына карабай, тең ата көрүп, “Алп каракуш” деп эркелетчү.
Убакыт түштөн кийинки саат үч-төрттөн ары ооду. Сакадай Ажимаматтын бөлмөсүндө өтө олуттуу санаган окуяларды чиймелеп бүтүп, борбордогу кеңсеге телефон аркылуу узатты. Ага дейре баш дарыгердин телефаксы менен кайдадыр агылып аткан узун кагазды алдырууга жөндүү акыл тапкан экен. Аңгыча бүчүлөнбөгөн ак желегин эки жакка желпилдеткен тейде окко учкандар менен жарадарлардын тизмеси жазылган кагазды колуна кармап, орто жашар жылаңбаш дарыгер жетип келди.
Калемгер ага сүйүндү да, бейтаныш дарыгерге ыракмат айтты. “Жашырсаңар, мынакей! Мага зарыл документти моминтип эле таптыртым алам” — деп, алда кимге таарынды.Ал өкүтү жазылгандай ичинде күбүрөндү. Бейтааныш дарыгер сунган тизмени телефакс аркылуу Бишкектеги кеңсеге чубатып ийди. Ошентип, адегенде боз дөбөдө төрт адам окко учканы баш врачтын кол коюп, баскан мөөрү менен расмий ырасталды. “Кандуу жекшембиде” жөө жүрүшчүлөрдүн бир даары колго түшүрүлүп, түнү менен убактылуу жайга камалган. Аларды кармалгандан кийин токмоктоп, камырдай ийлешкен. Ур-сокку менен эле чектелбей үстү-башына таң аткыча куюлган муздак суунун зардабынан дагы бир киши үйүндө көз жумду. Аны менен бирге колго түшкөндөр убактылуу кармоо жайында не бир кыйноолорго туш болуп, кыйла азапка батты. Кийимдерин чечиндирип, көмкөрөсүнөн жерге жаткырышат да, түнү бою желим союл менен сабап, суракка алышат. Кол-буту сынгандарды “дарактан жыгылдым… Үйдүн үстүнөн жерге кулап түшкөндө, билегимди, же бутумду сындырып алдым, колумду чыгарып алдым. Догум жок”,- деп түшүнүк каттарын күчкө салып жаздыртып, ага зордоп кол койдурушат. Көнбөгөндөрдү уруп-тепкилеп, сабамай… Терисине батпай семирген бирөө, жерде жылаңач жаткан туткундун колун үстөлдүн буттары менен бастырып, сөгүнүп-сагына үстүнө олтурду. Жаны ооруганына чыдабаган туткун: “Эмне десең, айтканыңдай жазып берем. “Энеңдин чатын жарып, эркек туудуртам”,- деп атасың. Ал жагын да өзүң бил! Колум сынып атат, үстөлдү ары тарт, эй эшек!”,- деп жалооруду… Боз дөбөдөгү калабада колго түшкөндөр таңга чейин ушундай адам чыдагыс кыйноолорду баштан өткөрдү.
Ире-ширеде үйүнө кайтып баратканда ок көзөп өткөн боз уландын жансыз денеси аймак байтагындагы бетон арыктан табылды. Баарын кошкондо эки күндө алты адам мерт болуп, бир кыйласына ок тийип, же желим таяктан жараат алганы ырасталды. Күүгүм тартканда райондук милицияга таш ыргытылып жаттыбы, ал соккудан улам таштын темир дарбазага “даң –ң — дуң-ң” этип урунганы угулат. Ага удаа асманды көздөй мылтык атылып, кызыл, сары, көк түстөгү ок обого учту. Түн жарымдан оогондон кийин да жигиттердин ар башка көчөлөрдө удургуп, качып жүрүшкөнү угулуп турду. Аларды номерсиз бир машина көчөмө-көчө кууп, ок да үзүптүр. Шаар сымак айылга түнү менен жоокерлер, милиция кызматкерлери ташылды. “Буран” жана “Тайфун” деген ат менен киргизилген эки операция канчалык жашырылганы менен кийин баары бир ачыкка чыкты..
Кандуу калаймандан кийин эки күн өттү. Аймак борборуна караштуу кино-театрдын аянты. Кино-театрдын үстүңкү кабатындагы эки чети менен ортосунда кара көз айнекчен, көзүнөн башка жагы чүмбөттөлгөн төрт снайперчи ары-бери басып, чогулган элге өйдө жактан мылтыгын кезеп, көз салууда. Аянтка тизилген аскерлер, алардын артында атайын камдалган жоокерлер иттерин жетелеп, кылкылдаган элди секиченин алдына жолотпой, тирүү дубал сыңары тосуп турат. Бул жерге баш бакан келмек.
Аба бекети жактан зуулдап, жетип келген маршруттук чакан автобустан кагаз-калемин кармаган журналисттер менен видеокамераларын ийнине көтөргөн телеоператорлор убай-чубай түштү. Алардын соңунан көрүнгөн өкмөт башчы жеңил автоунаадан түшөөрү менен өйдөлөтүлгөн секичеге чыкты да, сүйлөгөнүнөн токтогону, келгенинен кеткени тез болду. Премьердин мурда жолуккан сайын жүгүрүп келип, Сакадай менен кол кармашып, саламдашчу маалымат катчысы эми, аны менен амандашкысы жок: негедир көрмөксөнгө салды да, жүзүн буруп, колун артына алган калыбында мыкчыя, тактайды тарсылдатып ары-бери басат. Сакадай да ага көңүл бурбады. Үндү тунук жаздыртуу үчүн диктофонун камдап, секиченин бурчундагы үн күчөткүчтүн жанында тик турду.
Өкмөт башчынын оозунан: “Эки-үч адам курман болуптур. Кайрат кылгыла”,- деген кеп чыкканда аянтка жык толгон адамдар чуулдап ийди. “Жалган…, жалган… Төртөө окко учту, шейит кетти!”,- дешип туш-тараптан күүлдөшүп, кыйкырышты да аны ооз ачтырбай коюшту. Кызарып-татарган премьердин шаабайы сууп, көңүлү чөктү. Аянттагылардын ызы-чуусу сээлдегенде, мукактанганын араң басып:
-Жалган маалымат тараткандар да жооп берет,- дегенге араң жарады. Чогулгандардын чуулдап, кеп жебей тургандыгын түшүндү да, секичеден түштү. Калыбы, министрдин тили менен туура эмес сүйлөп алып, калпы чыкканына уялды өңдөнөт. Котологон элдин арасында тура албай, автоунаага сабыры суз олтуруп, бат эле көздөн кайыды. Аны коштогон кичи автобустагы журналисттер да аба бекети жакка бет алган премьердин соңунан жолго түштү. Өкмөттөн кийин узак сүйлөгөн баш прокурор менен депутаттардын да кебин тыңшаган адам болбоду. Сакадайдын жанында кара жылтыр тумагын баса кийип, кайыш курткачан Туратбек жүрөт. Анын көздөрү киртейип, өңү шапайган. Үнү каргылданып, сакал-муруту өскөн. Ал түндө ички иштер бөлүмүндө жатып, таң эрте бошотулган болчу.
Секичедеги микрофон алдына Иштермандын тебетейчен кайнатасы чыкты. Карыя жаны кейигенин жашыра албай, үнүнүн жетишинче кыйкырды: -Иштерманды “үй камагына чыгарып койгула да, сурай бергиле,- деп канча жалындык. Нечен ирет какшадык. Биздин тилибизди алганда мындай шойком окуя болмок эмес… Анан тергей беришет эле да… Бу окуяга ким күнөөкөр?.. Буга – ажо күнөөлүү, буга анын аппарат башчысы айыптуу… Мындайга баш прокурор, министр, улус прокурор, Үзөңгү-Куушту Кытайга карматкандар күнөөкөр. Күнүгө эки жүз, үч жүз киши ачкачылык кармаса, “Айылында эки-үч адам эле ачкачылык тутуп олтурат”,- деп тескери сүйлөгөн өкмөттүн кара “жашиги” күнөөлүү!.. Элдин жолун буугандар, жолоочуларды аттыргандар, аткандар айыпкер! Аларга буйрук бергендерди таап, жазалаш керек!
Түшкө жуук кыргактарына ак чүпүрөк байланган үстү ачык, жүк тартуучу калдайган автомашиналарда каза тапкандардын сөөгүн кинотеатрдын алдынан өткөн көчө менен тоолуу айыл-кыштактарды көздөй ташып өтүштү. Унааларда тикесинен тик туруп алып, ага-тууган, жакындарынан айрылган кишилердин өкүрүк-ыйы теребелди жаңыртты. Дене-бойду сыздаткан кайгылуу ыйдан улам аянтта кылкылдап, топурагандардын да жылдызы жерге түшүп, көзүнө жаш алышты.
Чуру-чуу түшкөндөрдүн жаагын басуу үчүн ошо күнү гана Иштерман абактан бошотулду. Милиция менен аскер адамдарынын коштоосунда аны күнү бою таркабай турган элдин алдына кечке жуук алып келишти. Чогулгандар райондук милицияга, өрт өчүрүүчү мекемеде жана башка жайларга камалгандар бошотулгуча таркаган жок. Бишкектен калемгерлердин, адам укугун коргоочулардын тобу келгендиктен кампүтер талашка түштү.
Сакадай көчөлөр ээндеп, жымжырттык өкүм сүргөн төртүнчү күндөн кийин гана артка кайтуунун оңтою келди. “Кыябан жол менен колунда куралы, же оюнда жамандыгы жок, эч кимге залалы тийбей, жөө келаткан адамдарга ким ок атты? Ок атууга ким буйрук берди? Райондун байтагында болгону тынч митинг өткөргөнү жүргөндөрдүн жолун торобой койсо, болот беле?”… деген сансыз ойлор санаасын туманга чулгап, жан-дүйнөсүн бүлүккө түшүрдү. “Ал түйүндүн жандырмагын кантип чубаса болот? Чындык канткенде алаканга салгандай ачыкка чыгат? Нечендеген кыргыз жери коңшуларга эч-себепсиз олжого тартууланып кеткендей, алардын түпкү сыры билинбегендей, бу коогалаңдын тамыры кайда житкени табылабы?” Сакадайдын мындай соболу калабаны териштирген гарнизондук, аскердик соттордо утуру жаңырганы менен так жооп болбой, жабылуу аяк жабылуу бойдон кала берди. Ок атууга ким буйрук берип, ким ок чыгарганы да ачыкка чыкпады.
Жөө жүрүшчүлөр менен милиция кагылышканда спецназдын жараланган буту-колун ак кебез менен таңдырып жаткан жоокерлери тасмага тартылган. Сакадай ал жигиттерди аскер доктуру аркылуу улустук ооруканада жаткан жеринен таап, бирок, ич жылыткан жооп ала албады. Сотко спецназдын жоокерлери түрдүү себептен улам катыштырылган жок. Алардын түшүнүк каттары гана окулуп турду. “Кандуу жекшемби” күнү боз дөбөгө буйрук менен барган аскерлер күбөлөр менен беттештирилген жок. Сакадай аларды өз ара, же командирлери менен арай-көз чарай сураштырганда, же жиги чыкпаган кылмышка күмөндөлгөн кишилердей төрт дубалдуу муздак бөлмөгө тургузуп койгондо, ийненин учугу өзүнөн өзү табылаарын аңдап турду. “Аскерде кимге кандай курал берилип, канча ок-дары таркатылганы, алардын номерлери жазылып турчу эле го! Атылган окторду издеп таап, номерлерин куралдыкына салыштырса, жөө кишилерге атылган октун кайсы мылтыкка дал келээри, ал курал-жарактын ээси ким экендигин тапса болот. Мылтык менен октун ээси чыккандан кийин ок чыгарууга кайдан, кимден буйрук болгонун да аныктоо мүмкүн”,- деген тыянак чыгарды, Сакадай.
Жаңы бийлик башчы менен прокурор жабырлануучулардын кеңешмесине барды. Жыйындагылар бир нече адамдын өмүрүн жалмап, алардын жубайларын жесир, балдарын жетим калтырган окуянын чыныгы себепкерлерин таап, аларды акыйкаттык менен соттоону талап кылышты. “Кандуу жекшембиге” тиешеси бар деп эсептешкен Ак үйдөгү чоңдорду кызматтан бошотууну тилешти. Чогулуш шеит кеткендердин үй-бүлөсүнө кун төлөөнү, балдарына жөлөк пул чектөөнү бекитти. Түшкө жуук ачылган кеңешме сүйлөгөндөрдүн көптүгүнөн кеч бешимге дейре созулду.
Сакадай жыйын аяктаар замат жумушун бүтүргөнү жолго түштү. Аймак борборуна тез жетүүнүн камын ойлоп, кан жолдун четинде такси күттү. Эл тараарда микрофон тийген өкмөттүк эмес уюмдун тармал чач төрайымы андан окчун жерде сөз алып, сүйлөй баштаган. Ага эч ким кулак түргөн жок. Чогулушта болгондор ызгаарлуу кечте туш келди чачырап, үй-үйүнө кээси жөө, бөлөктөрү атчан, идиректүүлөрү автоунаа менен таркап атты. Сакадай андан бир жума өтүп-өтпөй, Бишкекте чакырылган кайсы бир эл кеңеште тармал чач төрайымдын: “Мен ошондо сүйлөп жатсам, Сакадай микрофонду өчүрүп койду. Келбеттүү, дене-бою чо-оң киши экен” — деп, куру жалаа жапканын борбордогу кеңседегилерден угуп, Сакадай айран — таң калды. Ой тообо!.. Ал тармал чач, толмочунан келген боолук аял менен эгерим маңдай-тескей сүйлөшкөн да, жүздөшкөн да эмес. Аты-жөнүн такташып, таанышмак тургай, көрбөй-этпей эле ой-жоруму менен карандай калпты соктурган докчул бет тырмачылар болот экен, ээ? Мындайды кыргызда “укмуштуунун төөсү жорго. Куру дооматтан сакта!” дечү эле…
Саратан жакындаганда борбор менен элетти туташтырган кан жол торолду. Жол буугандар Иштермандын тарапкерлери болчу. Депутаттын таламдаштары “кандуу жекшембиде” жөө жүрүшчүлөрдү аткылаган кишилердин табылбай жаткандыгы үчүн жолду жабышты. Тосмодон оорулуулар менен кош бойлуу зайыптарды тарткан кирелердин өтүүсүнө уруксат этишти. Калгандарга жол жабык. Жүргүнчү белети бар аэропорттордон учак менен алыс жакка сапар тартчуулар өткөрүлүп жатты. Жолду ачууга үндөгөн улустун жана шаар башчынын демонстранттар менен сүйлөшүүсү суу кечкен жок. Анткени, жогорку бийлик окуяда жабыр тарткандардын бекиткен токтомун жүзөгө ашыра алган эмес. Токтомдо жөө жүрүшчүлөргө ок чыгаргандарды, алардын командирлери менен курал иштетүүгө буйрук бергендерди таап, жазалоо, төбөлдөрдүн өз бийликтерин тапшыруу талабы жазылган эле.
Иштерманды коргоо комитети жол жээгиндеги чатырда жабык жыйын куруп, жагдайга жараша чечимин бекитти. Комитетке Каныш башчы. Түркүн чечим — комитеттин жыйырма бир мүчөсүнүн элегинен өтүп, алар жактырган соң гана тышта калган адамдарга жар салынчу. Сакадайга да ошондо айтышчу. Комитеттин жыйынына алардан бөлөк бир да киши, калемгер да киргизилчү эмес. Куралсыз он башы, жүз башылар дайындалды. Алар каруусуна кызыл чүпүрөк байланган. Күмөн санаткан, арак-шарап татып, бейбаштык кылгандар, жыйындагыларга ушак-айың, же чагым менен жик салып, ынтымакты ыдыратчулар – жол буугандардын арасынан чыгарылчу.
Комитеттин чалгынчылары ГЭСтин бет маңдайындагы көгүш жана кызгылтым түспөл чоку-кырларга чыгып, бүт айлана-чөйрөгө, кан жолдун аркы-берки учуна, кан жолго удаа аккан дарыянын жээги менен булуң –буйткаларына, боз адырлардын коңул-колтугунан өйдө көз салышат. Чокудагылар шек туудурган кимдир-бирөө, бейтааныш адамдардын тобу, же бийлик каармандары, куралдуу кишилер көзгө чалдыкса, же шыбырт-шоораты билинсе, комитетке кабарлайт.
Жол тоскондорду көз айнекчен вице-премьер да муюта албады. Түш оой аба үп тартып, күн кызыды. Чоку-кырды кайтаргандар боз чап адырдын жантайышынан жол тоскондорго дүрбү салган милициянын подполковнигин кармап алышты. Аны жетелеп келишти. Подполковниктин ийнине асынган күрөң түстүү кайыш баштыгы ачылганда баштыктан ГЭС, борбордук жол, демонстранттардын жайгашкан жана түнөгөн жайлары чийилген карта чыкты. Коргоо комитетине киргендер милиционерди суракка алышты. Подполковниктин кайдан-жайдан, эмне максат менен адыр аралап жүргөнү, дүрбү салган жагдайы териштирилди. ”Калдайган тоо-ташка жашынып жүрбөй, түз эле биздин жаныбызга келип, максат-мүдөөбүздү сурасаң, сырыбызды алаканыңа салып бермекпиз. Биздин боз дөбөдө жөө жүрүшчүлөргө ок аткандарды таап, жазала. Милицияны элге каршы салган бийлик ээлери алмашсын. Ушундан бөлөк мүдөөбүз жок”,- дешти. Милиционер ал суроолорго үн катпады.
Эртеси ички иштер башкармасынын начальнигинин полковник орун басары менен мамлекеттик автоинспекциянын областтык башчысын тутуп келишти. Экөөндө тең форма жок, жөн-жай спорт кийимчен, тердеп-тепчип алышкан. Алар дарыядан балык уулап атканда кылтакка илинет. Биринин үстүндөгү нымдашып, денесине жабышкан көйнөгү жон ылдый айрылып жүрөт. Комитеттин бир мүчөсү: “Полковник менен эки подполковникти барымтага алдык” — деп айгай салып, тегерегиндегилерге угуза айтып, мактанып ийди. Беркилер ызаландыбы, колго түшкөнүн моюнга албай тырчышты да:”Биз барымтага түшкөн жокпуз, жалган” — деп, өздөрүн ороп тургандарга актанып атышты. Сакадай сураганда бул жосунду Ажимамат ырастаган да жок, төгүндөй да албады. Ал талаа командири асынчу подполковниктен алган баштыгын колунан түшүрбөй, кармап жүрдү. Баштыкты алдырып ийүүдөн чочуладыбы, картаны Сакадайга да, башкага да ачтырбай, көрсөтпөй койду. Көп узабай, кармалган милиция толугу менен кайра кетүүгө уруксат алды. Вице-премьер-министр комитеттин мүчөлөрүн сүйлөшүүгө чакырды. Комитеттегилер ага барбай коюшту. Алар бийликтегилерге жол тоскондордун алдына келип, акциядагылардын көзүнчө тил табышууну таклип кылды. Бу мертебе комитеттин сунушу да четке кагылып, чоңдордон ачык жооп түшпөдү.
Жол буугандар ачкачылык кармоого өтүп, оозуна наар алуудан баш тартты. Түнкүсүн дарыянын жели уруп, мээлүүн тартканы менен күндүзү айлана-тегереги Күндүн ысыгына кызыган тоо -таш менен курчалган жолдун боюнда дем алуу оор, алапайды табуу кыйын. Бир жагы күн куйкалайт, көлөкө жок, айлана-чөйрө саябансыз, бак-дараксыз жалама таш. Тегерек чайыры көңүл айланткан аспал жол менен боз шагыл-таш баскан бийик адыр… Тердеп-бышкан эркектер ачкалыкка сыр бергилери жок. Аялдардын кээ бирөөлөрүнүн таңдайы кургап, эрини кеберсигени байкалат. Алсырагандар бар. Үч күндөн бери наар татпагандарга дарыгерлер көз салуусу зарыл эле. Бирок, врачтар бул жакка бут баспады. Ажимаматтын үндөөсү менен аны ээрчиген Сакадай доктур издеп, бир жагы ачкалыктан эси ооп жыгылгандардын абалын билгени, алар жаткырылган шардык ооруканага бет алды. Жол тосуп, тамак-аш ичпей олтургандарга доктур жиберүүсүн өтүнгөнгө башкы дарыгер ордунда жок болуп чыкты.
Бир кезде сары — кызыл түстүү үч автобус жол тоскондордун жанына жарым чакырым жетип-жетпей, токтоду. Эң алдыда турган автобустун эшиги ачылып, андан ички иштер башкармасынын аскер кийимчен, каш-кабагы, баш-көз, ыраңы тажик түспөлдөш начальниги түштү. Ал обочодо кол телефону аркылуу кимдир-бирөө менен кеңешкендей болду. Автобустун ичи, башына туулга кийген спецназга толтура экени айнектен сыртка таамай көрүнөт. Алар чабуулга өтсө, шек-шооратын үн тасмага түшүрүп алуу үчүн Сакадай унаанын капталына жетип барды. Арадан жарым саат өтпөй, автобустар негедир артка бурулду. Болжолу, буйрук өзгөртүлдү. Жол күүгүм ченде ачылып, эртеси таңга жуук кайра тосулду.
Таң атты. Эрте мененки саат жетиде жол буугандардын жанында бейтааныш адамдардын карааны пайда болду. Алар жол тоскондорго аралашпай, обочо турду. Узун бойлуу, ак куба жигит Сакадайга бир нече кагаз сунду да, жол тоскондорго баш жаңсап:
— Байке, мобу чакыруу каттарды тигилерге берип коюңузчу?
— Ийи?
— Сиз тааныйсыз да бардыгын.
-Тааныганым менен буларга эч тиешем жок. Менин жумушум башка, булар башка… Бул эмне кагаз?,- Сакадай чоочун киши сунган шапалактай баракка көз кырын салды. Кесинди кагаздарга кечээ милиционерди кармаган балдардын аты-жөнү жазылыптыр. Алар суракка чакырылган экен.
— Тергөөгө өздөрү барбаса, иш чатак болот.
— Ал жагын барып, өздөрүнө айт… Милдетиңди мага түртпөй, өзүң аткар да,- деди Сакадай бейтааныштын өкүм кыла сүйлөгөнүнөн милиционер экенин түкшүмөлдөп.
Ал, ырас эле ички иштер башкармасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы болуп чыкты. Анын кызмат-дарегин калемгер ошо күнү кечинде, спецназ тартып алган үнжазгычын кайрып алганы барып, маңдай-тескей жүздөшкөндө билди.
Жол торогондордун алсыраган чарк-чамасын баамдаштыбы, жана келген чоочун кишилердин башы бириге калды. Алар өздөрүнчө күбүрөштү да, бир ымалага келгендей бат эле таркап, көздөн кайышты. Кийин арада бир сааттай тымтырстык өкүм сүрдү. Майнап чыкпай, жол тоскондордун шаабайы сууду. Көңүлдөрү чөгүңкү. Оокат-азыгы да түгөнгөн. Тарап кетүү жөнүндө күңкүл-мыңкыл кеп-сөз аралай баштады. Ар кимиси өзү менен өзү убара. Бир-экиден үйлөрүнө жөнөп олтуруп, адамдардын карааны да сейректей түшкөн. Сакадай жолдон окчун үйдүн бөлмөсүндө үн жазгычтын тогун текшерип, кийим-кечесин иреттеп аткан. Пардасы тартылган терезеден өңү көрүнбөгөн аялдын: “Спецназ келата-ат!”,- деп, чучуктай чыңырган үнү тынчтыкты бузду. Күтүүсүздөн жаңырган үн жолдун адыр танабынан угулгандай болду. Калемгер буюм-кийимдерин унутуп, сыртка шуу атып чыкты. Жаңжал башталаарын сезип, оң колуна микрофонду, сол колуна үн жазгычты даяр кармады. Эркектердин арасынан кимдир-бирөө жол буугандарга: “ГЭС жакка эмес, тоону көздөй качкыла!”,- деп кыйкырып, колун кокту-колот жакка сермеди.
ГЭСке бурулган жол четинде: “Чоочун адамдардын кирүүсүнө тыюу салынат. Уруксатсыз киргендерге ок атылат”,- деген жазуу илинүү турган. Качкандар баамдабай дарыя жакка жүгүрсө, ГЭС жактан ок жаңылбаса экен,- деген чочулоо болду.
Спецназдын добулбасы тынымсыз кагылып, кулак тундурат. Колдорунда желим союл, калканы бар милициянын өзгөчө отрядынын жоокерлери жол торогондорду короого кол салган бөрүдөй туш келди, дыркырата кууп жүрөт. Тузакка илинген, же качып бараткан аялдардын кыйкырык-чыңырыгы… Жерге эңкейе берген абышканы кош колу менен жүзүн калкалаганына карабай, башка-көзгө чапкылап, эки бутунан жер шыпырылта сүйрөп жөнөштү. Адырды өрдөй качкан аял этегинен тарткан спецназды кайрыла берип, как маңдайга тепти. Бирок, кара кийимчен башка эки желдет капталдан чыга келип, желим союлу менен аялды үстөккө-босток токмоктоп атты… Бул чабуул Иштерманды коргоо комитетинин тогуз мүчөсүн кармоо үчүн уюштурулган иш болчу.
Бир күн мурда талаа сумкасын жулдуруп ийген жылаңбаш подполковник майкачан болуп алып, кечээ аны колоттон жетелеп түшкөн Уланычты жолду чарк айланта кууду. Уланычтын көйнөгүнүн этегине колу илешпей калган милиционер аны бутка тээп, жыкмак болду. Бирок, Уланыч эликтей так секирип, тосулган бутту аттай качты.
Сакадайдын майдан талаасынан акыркы көргөнү ошол болду.
Ал кан жолдун кыргагынан жылбай, бир четте көз алдында болуп жаткан ызы-чуу, кармашты үн тасмага жаздыруу менен убара. Жолдун аркы бетинде жол тоскондорду бучкактап кармап, сүйрөп, жетелеп бараткан, колго илешпегендердин артынан сая түшкөн спецназчылар…
Алеки саатта айлана-чөйрө тазаланып, бир да адамдын карааны көзгө илешпеди. Сакадай билегине кимдир-бирөөнүн колу чап жармашканын сезди. Ага кылчая карап, ийнинде улуу лейтенанттын үч жылдызын, бети-башы чүмкөлгөн орто бойлуу, казылуу офицерди көрдү. Лейтенант бүткүл күчү менен калемгерди сүйрөп жөнөдү. Сакадай жоокердин жетегине моюн сунуп, каршылык кылбай, аны менен жарыша чуркады. “Түшүрүп, же жоготуп, болбосо, аскерлерге жулдуруп ийбесем экен”,- деп эси-дарты жолдогу окуялардын үн-шоокуму түшүрүлгөн үн жазгычта. “Жол тоскондор кайда кетти? Алардын маңдайына кандай тагдыр жазды? Үн жазгычты түшүрүп койсом, кийин кайдан табам?.. Кантип иштейм?” Жүгүрүп баратканда башына ушул ой зылдай уюду.
Улуу лейтенант аны унаалардын эң артында токтоп турган каалгасы ачык автобуска сүйрөп, жеткирди. Каалгадан башы көрүнгөн эки жоокер билегинен кош колдоп кармап, калемгерди ичкериге тартып чыгарды. Автобус жол тоскондор менен спецназчыларга шыкалган. Сакадай энтиккени менен иши жок, тополоң чыккан жерден радиого түз баяндап жаткандан бетер үн жазгычка сүйлөп атат: “Жол буугандар менен кошо мени да кармап алышты. Бизди автобус менен кайда алып баратышканы азырынча беймаалым”… Калган сөздү андан ары улагыча болбой, “токтот” деп буйрук беришти. Аңгыча арт жагындагы төбөсү автобустун шыбын тиреген спецназ оор салмагы менен аны эки ийнинен ылдый көздөй ныгыра басты. Бет маңдайдан жете келген дагы бири колунан үн жазгыч менен микрофонду жулуп кетти. Арттагы жоокер өйдө тургузбай, көк желкеден зыңгырата басып, былкылдатаар эмес. “Диктофонду кайтар, аны алууга акың жок”,- деп айтып, эринин жыйганга үлгүрбөдү: каптал жакта отурган жылаңбаш спецназ бет талаштыра ооз-мурунга сокту. Дагы бири төбөсү менен бөйрөккө чапты. Каптал орундукта отурган каскачандын муштуму ооз-мурдуна урунду. Көзүнөн от чагылып, саамга алдастады. Автобустун алды жагына сүйөнүп, төр жакты тиктеп, талтая олтурган аялдын: “Эй, журналистти эмне урасың?”.- деп чаңырганын кулагы чалды. Бөлөгү үндөбөдү. Сакадай эсин жыйып, кол булгаган жигиттин өңү-башына тигилди: өзүнөн кыйла кичүү сары шым, саргыч мурут, ыраң-бешенеси өзбек чалыш неме: “Ушуну көрмөксүң” — дегендей тикирейе тиктейт. Сакадай эрини жарылганын этибарга албай, оозунан шүүшүндөп аккан канды колунун сырты менен аарчыды да:
— Ай, жигит, мага эмне жөндөн жөн кол көтөрдүң? Сага кандай зыяным тийди?…
— Үндөбөй, шүк олтур! Сен кимсиң?.. Ал кайра демитти.
— Мен да сага окшош жоокермин. Дүйнөлүк радиодон болом. А өзүңчү?
— Андай экен, Батыш дүйнөңдөн жылбай олтур! Бул жакта эмне жүрөсүң?
— Мен да сен сыяктуу озуйпамды аткарам. Биз да тапшырма алсак, кан жол эмес, дүйнөнүн от менен чок күйгөн түбүнө жетебиз. Атың ким, фамилияңды айтчы?
— Эмне кыласың?
— Мушташпайм сени менен, сотко берем.
— Бар, колуңдан келгенин кыл!.. Саргыч муруттун мурдун балта кесер түрү жок.
Сакадайдын ага теңелгиси келбеди. Мушташкан күндө деле тигинден чабал: күнүгө спорт менен машыккан аскер жигит соо койбошун сезди. Нары ал чоң муштумдун шериктери тегерегинде жүрөт. Алар сөзсүз өз жоокерине жан тартат да, чогуусу менен ур-тепкиге алып, көмөлөтүп салаары ажеп эмес. Эрегиштен утпайт, ага алаксыса, жумуш калат. Колдоруна кишен салынган жол буугандар да боор ооруганга жарабады. “Кара эчкиге жан, касапчыга мал кайгы” — дегендей ар кимиси өз ою менен алек, калемгерге көңүл бурган жан жок. “Жадесе, калаба башталгандан бери сүйлөшүп жүргөнү менен азыр торго түшүп, автобустун орто жеринде алп кара кушка окшоп, үңкүйүп олтурган Каныш да жан тартканга жарабады”. Сакадай ушуга капаланды. Автобус жарым сааттай жол жүрүп, чоң жолдон ылдыйыш дарыянын жээгиндеги бетон дубал менен курчалган короого жетип, токтоду. Спецназ жигиттер кармалгандарды ары-бери булка автобустан түшүрүп, бирден жетелеп барып, дубал тиктетип тургузду. Катардын эң башында Ажимамат. Эки билеги кишенделип, көйнөгү тытылган Уланычты алда-кайда айдап өтүштү. Жоокерлердин бири Сакадайдын колдорун артына кайрып, белинен чечип алган шымынын куру менен билек тушунан бекем таңып салды. Калган автобуска жүктөлгөндөрдү да эркек-аял экенине карабай, бир катарга тизишти.
Бир кезде милициянын арык, кара сур полковниги дубал бойлоп тургандарды тизмелөөгө өттү. Сакадай кезек жеткенде аты-жөнү менен үй-дарегин, эл аралык радиодо иштерин жаздыртты. Милиционерден калемгердин да туткунга алынганы жөнүндө ички иштер министрлигине, же болбосо, прокуратурага, радионун кеңсесине кабарлап коюуну өтүндү. (Эки күндөн бери сүйлөшпөгөндүктөн радиодогулар анын дайынын билбей, кабатыр болушу ыктымал эле.) Полковник үндөбөстөн ары басты. Андан үмүт үзгөн калемгер министрликтин ары-бери өткөн орус кызматкерин токтотуп, аппараттарын кайтарып бердиртүүсүн суранды.
Жарым сааттан кийин улустук ички иштер башкармасынын мурдатан ага тааныш бөлүм башчысы Исабек жанына келди. Ал Сакадайдын байланган колун жарым-жартылай бошотуп, бети-башына көз жүгүрттү. Кулагына: “Үн чыгарбаңыз, беш мүнөттөн кийин кайра келем”,- деп шыбырап, кайра узады.
Исабек кебинде турду. Чейрек сааттан кийин колдорун биротоло бошотуп, Сакадайды медициналык бөлүмгө баштап кирди. Бөлмөгө калемгерди калтырды да, чыгып баратып: “Бул каанадан жылбай туруңуз. Сыртка чыксаңыз, жол тоскондор менен кошо сизди да жүктөп кетүүсү ыктымал”,- деди да, ошол бойдон көздөн кайыды. Ак желекчен орус аял Сакадайдын жарылган эрин-жаагына көз жүгүрттү. Адегенде суроосу боюнча медициналык аныктама жазып берүүгө макулдук берген, кийин эмнегедир андан баш тартты. Төрт сааттай убакыт өттү белем, күнгө ишемби болгондуктан сары чач аял эс алуусу керектигин айтып, бөлмөнү бошотуусун өтүндү.
Сакадай сыртка чыкса, короо ээн. Автобустар да, жайнаган жөө жүрүшчүлөр да көзгө илешпейт. Милиционерлер, кайгуулчулар, ички иштер жана чек ара аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери ары-бери басып жүрөт. Бир милиционерге таш тийген окшойт, мурдунун канжалаган бел баскагына ак даки чапталган. Дагы бирөө жүзү менен чачын каккылап атат. Сураштырса, жол тоскондор таш менен урганда автобустун талкаланган айнегинин сыныктары тийип, көзүнө кириптир. Обочо жактан областтык ички иштер башкармасынын жетекчиси көзгө чалдыкты. Анын катарында генерал-майор турат, ички иштер аскерлеринин командачысы. Сакадай карт генералды сыртынан тааныйт.
— Сизди да кармап алыштыбы?,- деп улус башкарма жөн-жай гана сураган болду.
— Кармаганына таарыныч жок. Үн жазгыч менен микрофонду тартып алышты. Аны кайтартып бердиртсеңиз… Жолду буугандар менен алардан ыдык көргөн милицияны да жаздыртмак элем.
Улус башкарма жооп кайтарганга үлгүрбөдү. Жанына жетип барган кызматкери алда-нени айтып, аны алаксытты. Башкарманын ордуна Исабек жооп берип, Сакадайды үйүнө жеткирерин кабарлады. Үн жазгычты ички иштер башкармалыгынан сураштырууга кеңеш берди.
Ошентип ал, кечки саат алтыда көөнө автомашина менен улус борборуна жөнөдү. Жол тоскондордун жарымы Узакка, калганы автобус менен улус байтагына ташылганын, алардын ичинен тогуз адамга кылмыш иши козголгонун “Волгада” чогуу бараткан кызыл шапкечендерден укту.
Ички иштер башкармасына жетип, Исабек дайындагандай тергөө бөлүмүнүн каалгасын каккылады. Уруксат берилгенде каалганы ачты да, төр жактагы орундуктан дарыянын жээгинде ага чакыруу баракчаларын сунган ак куба, узун бой адамды тааныды. Ал баштагыдай жумшак эмес, кабагы бүркөлүү. Ийнинде чоң, эки жылдызы бар кызмат кийимчен, бийлигин таанытчудан бетер катуу-катуу бакылдайт.
Сакадай тигинин эрте мененкиге караганда бат кубулганына таң калды да, эси-дарты аппараттарын бачым алып, иштетүүдө турду, бөлөк жумушка убакыт коротууну туура көрбөдү.
Дал ушул сааттарда радионун Прагадагы кеңсесинде иштеген кесиптеши Сакадайдын дайын-дарегине кызыгып, ички иштер министрлигинин басма сөз жетекчисине телефон чалат.
— Ай, аны бул жакта жок деп жатышат го…
— Сакадай эки күн мурун байланышка ошо шаардан чыгып жаткан. Эч кайда кетүүсү мүмкүн эмес. Издегиле!
— Ай таптым, мына кармалгандардын тизмеси… Пресс катчы колго түшкөндөрдүн тизмеси жазылган телефакстын кагазына үңүлөт да:
— Ай, аның “жол тоскондордун лидери” дегендердин катарында турат го! Мындай болсо, тиги комитеттегилер менен чогуу камалып кетүүсү мүмкүн!
Аларга кылмыш иши козголду.
— Ал кайдагы лидер?… Өз жумушу менен жүргөн журналист да тиешеси жок жерде лидерлик кылчу беле? Ал болгону – биздин чабарман… Коке, аны таап, аппараттарын кайтартып бер. Үн жазгыч, жабдууларды Сакадай базардан сатып алган эмес, аны ага америкалыктар берген. Сакадайды тез бошоткула!
— Ошондойбу?… Анда улус жак менен кайра байланышайын,- деп жооп берет министрликтин басма сөз катчысы.
Тергөө бөлүмүнүн баштыгы үн жазгычтын Сакадайга тиешелүүлүгүн ырастаган кагазды сурады. Калемгер жол торогондордун арасында журналисттерден жалгыз өзү жүргөндүгүн, көгүш түс, төрт бурчтуу, көлөмү ширеңкедей аппаратын айыра таанырын айтты. Тергөөчү калемгерден үн жазгыч, жабдуулардын иш кагаздарын талаада көтөрүп жүрбөй тургандыгын, алар үйдө калганын укканын актангандай туйду. Подполковниктин ийиир, үн жазгычты кайрыыр түрү жок, “документти көрсөттөн” башкага өтпөй койду. Саратандын күнү узарса да, иңир кирип баратат. Убакытты создуктуруу мүмкүн эмес.
Сакадайдын үмүтү үзүлүп, күн уясына бата баштаганда башкармалыктан чыгып, улустук администрациянын кеңсесин көздөй жөнөдү. Ага жетип, ак үйдүн өң-тааныш кызматкерлеринен бир гана айыл чарба бөлүмүнүн башчысына кез келди. Ал да жумуш мөөнөтү эчак бүткөндүктөн бөлмөсүн жабууга камынып аткан экен. Калемгердин өңү-башынан маанайы суз экендигин байкап, же кан жолдогу окуядан кабардарбы, айтор, радионун кеңсесине телефон чалууга уруксат этти. Сакадай телефон кайра шыңгырагыча бүгүнкү жаңжалды кыска гана, жарым барактай чиймелегенге үлгүрдү. Жумушун бүтүрүп, бөлмө ээсине ыраазылык айтты да, жолго түштү.
“Жол тоскондорду балким, шаардык ички иштер бөлүмүнө камашкандыр”,- деген үмүт менен ал жерге барса, каалгасы бекем жабык, тыкылдатса, ачпай коюшту.
Көөдөй караңгы түн. Жол бою ар жерде унаа күтүп, ар башка автомашиналарга которулуп жүрүп, түнкү саат үчтөрдө үйгө жетти. Аялы, кайын энеси, уул-кыздары кирпик ирмебей, аны күтүп олтурушуптур. Радиодон эки күн бою үнү угулбаганга, кимдир-бирөөдөн бир күн мурда бейтапканада жүргөнүн угушат да, дареги чыкпаганга “Сыркоолоду бекен?”,- деп чочулашат. Таң атса, дарыя боюндагы көмүрчүлөрдүн шаарынан издөөнү чечишет. Сакадай үйүндө үч сааттай уктамыш эткени менен санаасы сайда турду: жолдо кармалгандар, токмок жегендер кантти? Аларды доктурлар караштыбы?
Таң шооласы чачылаары менен өзү кармалган жолго жөнөдү. Шашке ченде жыйналган элдин үстүнөн чыкты. Тоо бооруна жанаша дарыя жээгин бойлогон чакан шаардын базарында топтолгон адамдар түшкө дейре кечээки окуяга кабатыр болушту. Спецназдын куугунунан качып кутулгандар түнү бою ызы-чуу салышыптыр. Чуру-чуу басылбай койгондо автобус менен улуска ташылып кеткендер кайра артына кайтарылыптыр. Нааразылыктарын ортого салып, акылдашкан соң, жөө жүрүшкө чыгуу чечимине токтошту. Топтолгондор колдоруна ак, сары, кызыл тасмаларды көтөрүп, көчөлөрдү аралап жүрүштү. Түш оогондо толкуган адамдар дарыяга курулган көпүрөдөн чубалып өтүп, кан жолдун боюна токтошту.
Саат үчтөн кийин чоң жол кайра буулду. Жөө жүргөндөрдүн баш сабында Иштерман жана Бекбол. Бир сааттан кийин жолдо кайгуул-күзөт батальону менен милициянын өзгөчө отрядынын жоокерлери жүктөлгөн сары түстүү автобус кайра пайда болду. “Икарус” дарыяга салынган көпүрөнүн тушуна токтоду. Эки тараптын ортосу жарым чакырымдай. Не бар, не жок, өткөндөгүдөй тузакка чарпылып, капаска камалып калбоону ойлоп, калемгер адыр айдөшүнө конуп, ылдыйда жаткан жол менен айланага өөдө жактан көз салып турду.
Автобустан кечээ тузакка илингендерди тизмелеген полковник түштү. Ал тасмадай созулган кара жолдун ортосуна токтоп, үн күчөткүч аркылуу буйругун окуду:
-Урматтуулар… Бул тасма – стратегиялык маанидеги жол! Ошондуктан кан жолду ачып, жол кыймылына тоскоолдук кылбоону эскертебиз!… Эгер ортодо кандайдыр бир кокустук, же жаңжал чыкса, жоопкерчилик сиздерге жүктөлөт! Сиздерге жарым саат убакыт берилет… Убакыт саноо башталды…,- деди да сол билегиндеги саатына үңүлө караган соң, артка бурулду.
Жол торогондор былк этпей, каккан казыктай өз орундарынан жылган жок. Алардын алдыңкы сабында какайып турган депутаттар да солк этпей, үн чыгарбады. Жыйырма мүнөтчө өтпөй, автобус дарыянын үстүнөн өтүп, көпүрөнүн аркы башындагы түз жолго чыкты. Кийин жол ачылып, жөө жүрүшчүлөр жолдун эки тарабына жайгашты.
Сакадай камдаган баянын жол четиндеги байланыш түйүнү аркылуу окуп берүүгө аргасыз болду, жакын арада андан бөлөк телефон станциясы жок. Окуяга тиешелүү кишилерди байланыш түйүндүн жалгыз адам араң сыйчу тар бөлмөсүнө кезеги менен бирден чакырат да, сүйлөтүп алат. Үндү телефон аркылуу радионун борбордогу оператору тасмага түшүрөт. Бишкек кеңсесиндегилер анын үн жазгычты алдырып койгонунан, аппараттарын кайрып ала элегинен жакшы кабардар. Сакадай алар менен сүйлөшкөн сайын каттагандардан, же таксилерден үн жазгыч бердиртип жиберүүлөрүн күтүлөйт.
Арадан үч күн өттү. Кеңседе да, даяр үн жазгыч ашыкча эмес. Үнжазгыч келген жок. Кеңседе иштеген азаматтарга бирден гана аппарат берилгенинен ал да кабардар. Аскерде деле өзүнө бекитилген курал-жаракты кайсы жоокер болсо да, башка бирөөгө кармата бербейт го, радиодо да ошондой тартип. Демек, жабдуу таап иштетүү — өз түйшүгү. Бирок, сатып алганга санариптик диктофон элеттеги дүкөндөн табылаар эмес. Ошол себептүү милицияга алдырган микрофон менен үн жазгычты кайра таптыртуу керек. Түн бир оокумда жол боюнда майда-чүйдө оокат-азык, суусундук саткан күркөнүн ичине кирип, гезит төшөлгөн тактайга жатты.
Уланыч:
-Үшүйсүз, байке! Түнкүсүн дарыядан Нарындын муздак шамалы согот. Бөйрөктү уруп койбосун! Суунун аркы жээгиндеги үйлөргө, же мейманкаларга түнөңүз,- дейт.
Сакадай ага көнбөдү. Анткени, кокус жол кыргагындагыларды жарым түндө, болбосо, баары уйкуга көшүлгөн таң жарыла электе кармап кетишсе, же чабаган салышса, алардын дайын-тагдырын таппай, окуянын ысыгын өз көзү менен көрбөй, билбей калат. Ысык жайда түнөөнү эңсесе, бул жакка эмнеге келди?
Министрликтин басма сөз катчысы: “Үн жазгычты шаардык ички иштер бөлүмүнөн сураштырсын”,- деп табыштаптыр. Ал жактын Сакадайга тааныш ачендиги: “Диктофон бизге түшкөн жок”,- деп башын сылык гана чайкады. Тергөөчүдөн сураса, ал үн жазгычтын дайын-дарегин айтуунун ордуна үн жазгычтын баасын сурайт. Баанын ага кандай тиешеси бар, түшүнүксүз. Сакадай да төрт бурч, алакандын отундай үн жазгычтын баасы канча экенине кызыккан эмес. “Баасы бир машинага татыйт”,- деп оюндагы кепти айта салды. Подполковниктин көзү чакчайып:
— Көлөмү оттун чогундай диктофон ошончо кымбатпы?-
— Ичине бүт дүйнөнүн окуясы баткан жабдуу арзан турбас. Жана эле тамаша чаргыткан бөлүм башчынын жүзү дароо бүркөк күндөй катаал тартты:
— Диктофонго түшкөн жол тоскондорду кууган шоокумдарды өчүрөсүз. Ансыз үн жазгыч колуңузга тийбейт.
— Анте албайм, микрофон кайда? Үн жазгыч экөөнү бирге тартып алышкан.
— Мен аны билбейм, болгону ушу. Анан… мен тууралуу эч кайда арызданбайсыз, макулбу?.. Көрдүңүзбү, мен мыйзам бузган жокмун. Диктофонуңуз – мына, ала бериңиз.
— Ушунун айынан башкармалыкка улам каттап жүрдүм. Эки апта убара тарттырдыңыз. Дароо эле берип койсоңуз болмок. Канча жумушка тоскоолдук кылдыңыз!
Тергөөчү аны сынай тиктегени менен айтаар кебин таппай турду. Кирпик ирмемден соң, көңүлүн өйүгөн оюн ачыкка чыгаргандай болду:
— Байке, кокус иштен кетсем, аны сизден көрөм. Анда үй-бүлөмдүн убалына каласыз. Мен он баланы баккан адаммын. Мурунку жана азыркы турмушумдан…
— Бөлөктөр азыр, коколой башын эптей албай жүргөндө… Мунуңуз жакшы,- деди Сакадай, тигинин өгөй балдарына да кам көргөнүнө ийип. -Үй-бүлөңүз үчүн, убара тартканымды кечирдим.
Милиционердин жарпы жазылды. Ордунан козголуп:
— Жүрүңүз анда. Аба үп болуп, чаңкап кеттим. Эшикке чыгып, сизге шоро куюп берейин. Чогуу түштөнөлү. Акчасын мен төлөйүн.
Сакадай анын сунушунан сыпаа баш тартты:
— Жок, ыракмат! Тамак-ашты менин ордума балдарга бериңиз.
Подполковник ошентип, үн жазгычты микрофонсуз кайтарды. Алар бири экинчисине туташпаса, ишке жарабайт. Сакадайдын ичи убара тартып, бөөдө жайраган алтын убакытка ачышты. Автоунаалар күндүр-түндүр кым-куут каттаган кан жолдо тоз-тополоң токтобой турса… Канча жумуш арабөк калды. Бишкектеги кеңсенин деректиринин акылы менен аппараттарды тартып алгандарды, муш жаскаган жоон билекти табууну прокуратурадан суранды. Табиятынан даттанууну сүйчү эмес.
Прокурордон ГЭСтин тушунда жол тоскондорду дыркырата кууган кайгуул-күзөт батальонунун жоокерлери менен “омончуларды” катарга тизип берүүсүн үмүт кылды, анткени Сакадай алардын бой-келбет, өңү-түсүн эстеп калган. Тизилген жоокерлердин ичинен өзүн басмырлап, кол тийгизгендерди айра таанып бермек: алардын аты-жөнү, жашаган жайы билинсе, сотко ашырып, жоголгон аппаратты өндүрүүгө жол ачылаар. Сакадайдын ушул кебине бою кодоо, казылуу жаш прокурор мыскылдагандай “ха-ха-лап” күлдү. Калемгер анын каткырыгын эмнеге жоруурду билбеди. Айтканы ашуу ашпасына көзү жетти… Ою жөө жүрүшчүлөргө батыраак жетүүдө калды.
Иштермандын кан жолдун боюнда саргайып турган күйөрмандары түшкө дейре кеңешти. Көпүрөнүн жанында буюм-тайымдарын жыйнаштырып, жөө жүрүшкө камынышты. Адегенде эки улуска жөө жетүүнү көздөштү. Сакадай жол четиндеги байланыш түйүнүнөн орундук таап, ал кеңештин максат- чечими, жүрүшкө чыгаар элеттиктер жөнүндө баяндама камдап алган. Сырты айнек менен тосулган бөлмөдөн телефон аркылуу жагдайды кеңсеге кабарлап бүтөөрүндө Иштерман, эшикти уруксатсыз ачты. Ал калемгерге чоо-жайын түшүндүрбөй, колун тыңшоочко узатты да:
-Телефонду мага берчи?
Сакадай тигинин кандай ой-максаты бар экенин түшүнгөн жок. Каалгасы жабык телефондуу күркөдө экөө гана. Түйүндүн аркы учунда – радионун оператору.
-Ай, бул эмне кылганыңар?- деп, Иштерман күпүлдөп кирди. — Мунун ордуна (Сакадайды айтып атканы) бөлөк бирөөнү жөнөтпөйсүңөрбү? Мунуңар олтурат аппараты жок, мурду, бети-башы канжалап. Мамлекеттик гезиттер менен телеканалдардын чабармандарын быякка, мына, самолётко жүктөп келишти.
Борбордогу оператор калемгерлердин үндөрү менен баяндамаларын такай жаздыртып алчу. Милдети ошо. Жумушка алуу, коюу, орун которуштуруу, же жабдуу маселеси – ага карабайт. Операторго доомат артуу – туура эмес болду. Сакадай өспүрүм курагында да балдар менен кокус чатакташып, таяк жеп калса, ал тууралуу эч кимге ооз аччу эмес. Даттанган учуру болгон жок. Иштерман менен токмоктолгону, же ооруганы, кыйналганы жөнүндө сүйлөшпөгөн. “Мен буга арызданган, жалооруган эмес элем… Балким, автобустагы урушту кимдир-бирөөлөрдөн кулагы чалгандыр. Менин атыман сүйлөгөнү… Адегенде мени менен макулдашып алса, бир жөн. Биздин ишке кийлигишкенге мунун тиешеси жок”. Иштермандын акылдашпай, операторго буйрук бергени оңтойсуз туюлду. Ал күркөдөн чыгып баратып, телефонду кайра карматты да: “Тополоңдо сен да жабыр тарттың. Ага жараша өкмөттөн кенемте алганга акың бар. Документтериңди камдап, жөнөт”,- деп, “акыл” үйрөттү.
Сакадай: “Токмоктолгонум тууралуу сага арызданганым жок эле”,- дегенди туюнтуп:
-Бирөөдөн эч качан жардам үмүттөнбөйм. Капчыгы какшыган казынадан бөлкөнтай күтпөйм. Ден соолугум тың, бир тал чачым түшкөн жок. Ишим да үзгүлтүккө учурабайт,- деп күбүрөндү тигинин көңүл бурган-бурбаганы менен иши болбой.
Депутаттын кеби операторго да кызык туюлду шекил. Ал Сакадайга:
— Бу кандай киши, байке?.. Сиздин айлап-жылдап, жөө-жалаң, жамгыр-баткак, чилде суугунда көк муштум болуп жүрүп… Жалаң ошо депутатты коргоо тууралуу жасаган ишиңиз көзүнө көрүнбөптүр да, ээ?,- деди.
— Маке, ага көңүл бурба!… Эмгегибизди билбесе, сарткай сары. Биз анын кызыкчылыгы үчүн жүгүрбөйбүз. Ага ишибизди көрсөтөлү, ага жагыналы деген оюбуз да жок. Депутаттын сөзүн жаздырган болсоң, сактап кой да, биздин чоңдорго угуз.
Сакадайдын табыштаганы ушу болду. Ал арына келе түштү. Күн так төбөдөн оогондо жол тоскондор азык-түлүк, кийим-кечек, буюм-тайымдарын таш-шагыл ташуучу чоң автомашинага жүктөштү. Өздөрү убай-чубай, жөө — жалаң тартып, кара тасмадай чубалган жолго түштү. Колдорунда кызыл-тазыл тасмалар. Аларда ажо баштаган жогорку төбөлдөрдүн бийликти тапшыруусун, жөө жүрүшчүлөрдү боз дөбөдө аткандардын соттолуусун эңсеген жазуулар толтура. Кеңсе менен кайра сүйлөшүүгө, жөө жүрүш уланганын кабарлоого туура келди. Баяндаманы жаздырып бүткөндө телефондон бухгалтердин шаңшыган үнү угулду:
-Байке, Прагага барасызбы, жокпу?.. Кайсы тарап менен ал жакка жеткениңиз сизге ыңгайлуу?.. Түркия аркылуу дуруспу, же Москва тарап менен Европага барганыңыз оңдуубу,- деп күтүлбөгөн суроону узатты. — Паспортуңуздун виза ачаар бетин бүтүргөнүңүзгө бир айдан ашты. Ушунча күттүк, жообун бериңиз. Мен сиздин ал жакка барып-келүүңүз үчүн самолётко билет издешим керек.
Сакадай мындай чечимди күткөн эмес. Өз өлкөсүнөн чыга элек, Батышка барып-келүүнүн жол-жобосун деле билбейт. Учак менен туш-тарапка чабагандап жүргөндөн бетер бугалтырдын оң жолду сураганына таң калды. Ошондуктан ага кайрыыр жооп таппай, бир аз мукактанды. Чогуу иштегендерге да, тааныш-тунуш менен бейтааныш улуу-кичүүлөргө да, “сиз” деп кайрылууну өнөкөт кылып алган.
-Кечиресиз айым! “Тиякка-быякка, Батышка жөнө. Камын”… — деп, мага сизден бөлөк эч ким айта элек… Быякта ызы-чуу токтобой атса… Анан кантип бул жакты таштап кетем?… Барам эле.
Жөө жүрүш төбөдөн кактаган күндүн ысыгына, аспал жолдун каңылжаар жарып, көңүл иренжиткен жытына, дем кыскан үп абага карабай уланды. Айыл-кыштактарды аралап өтүп баратып, жөө жүрүшчүлөр окуяга катышы бар деген бийлик төбөлдөрүнүн кызматтан кетүүсүн талап эте: “Кетсин!.. Кетсин!.. Кетсин!”,- дешип, дуу-дуу кыйкырышат. Жол бою бир кишиге да, бир бөйрөгү кызгылт, экинчиси саргыч тарта бышып турган өрүк менен алмага да зыянын тийгизишкен жок. Иштермандын тарапкерлери улус борборуна жакындаганда Сакадай такси жалдап, Бишкекке кайтты. Батышка сапар тартаарын эч ким билген жок. Керектүү кагаздарын майдын ортосунда эле тактап бүткөн. Жумуштун айынан бугалтыр эсине салбаса, чет өлкөгө сапар тартууну унуткан болчу. Балким, Европага май айында эле жөнөтүшсө, дарыя жээгинде бөөдө бир күн камалып, автобуста ур-токмокко туш болбой калат беле?
Арадан бир аптага жетпей, Европага кесиптеши экөө жетип барды. Капчыгайында буурул туман чөгүп турган аэропорттон экөөнү Батыштагы кесиптештери кучак жая тосуп алышты. Бурул кайда барса, орусчадан бөлөк чет тилди билбеген Сакадайды жаш баладай колунан жетелеп алат. Жол чырактын кызыл түсү күйүп бүтүп, кайра жашыл түстүүсү жангыча ал көп кабаттуу кооз үйлөргө, татынакай айлана-чөйрөгө таңдана көз жиберип, жол ачылаарын күтүп атканын унута түшөт. Мындайда Бурул колун булка тартат да, а бир жолу тамашалай: “Ай, байке, жеңеге эркелегендей эркелебей, батыраак басыңызчы!”,- деп эскерткени эсинде. Сакадай англис, немис тилин үйрөнүп албаганына өкүнөт. Көчөлөрдө, дүкөн, ашкана, метродо, иши кылып, кайда кирбе, жалаң англисче жазуулар. Түнү – күндүзгүдөй жарык, кабак бүркөп, ой баскан, антпесе, кыжылдашып, талашып-тартышкан адам учурабайт. Күлүп-жайнаган киши… Бардыгы сылык-сыпаа, кичи пейил. Банкка киресиңби, акча алмаштыруу жайындабы, же метро менен автобуска чыгасыңбы, жөөлөшкөн, түртүшкөн, же кезек талашкан, катуу сүйлөгөн пенде жок, ты-ыптынч. Калаанын кооздугу, тазалыгы эстен кеткис. Адырлары көк-жашыл. Жаңгагы да, алма, кокон гиласы да бар. Үйдү курчай кызыл ашыкка дейре өскөн көк майсан чөптү бирөө тебелебейт. Шүүдүрүм чөпкө бутагынан үзүлүп түшкөн кызыл алманын тунуктугун айт. Жомоктогу жашоонун дал үстүнөн чыккандай болосуң, сага эч ким тийишпейт. Адамдарды түрө текшерген, же кармап, сүдүрөп бараткан полиция да көрүнбөйт. Жумушуңду өз убагында бүтүр да, каалаган жагыңа бас, жыргап жашай бер. Автобусу жүргүнчү бар-жогуна карабай, ар бир аялдамага өз убагында келип токтоп, саамдан кийин сапарын кайра улайт. Сакадай үрөй учурган окуяларды көбүнесе көөнө совет аймагынан, же чет жактан барган адамдар жасап, жергиликтүүлөрдүн көңүлүн калтырганбы, алар эмнегедир сырттыктарга ишенбей карашаарын сезди.
Ал күндөрдүн биринде жумуштан кийин батирине баратып, орус үнүн капыс укту. Ал мындайча болду. Кеңседен чыгып, жер алдындагы поезддин аялдамасына жөнөгөн. Тепкич менен метрого ылдый түшүп баратканда атылган октун дарысынын күйүгү жыттанып, айлананы боз түтүн каптады. Метродогу эл чуру-чуу түшүп, бири-бирине карабай, төмөндөн жогору көздөй качып баратат. Сакадай жабалактаган кишилерди көрүп, орусчалап: “Эмне болду?”,- деп сурап ийгенин өзү да байкабай калды. Денеси үрктү. Өйдө чуркагандардын бири калемгерди жандап өтүп баратып, орусчалап: “Ал жакта атышып атат. Барба”,- деди да жылт койду. Бирок атылган мылтыктын үнү угулбайт. “Бара көрөйүн, эмне болду экен?” Семет өзүн токтоо кармап, метрого түштү.
Аялдамадан үймөлөктөшүп, өздөрүнчө убара тарткан эки топ көзгө урунду. Алардан башка пенде жок. Алгачкысында өң-кебетеси сары, орус түспөл, сакал-чачы өскүлөң тарткан бирөө көмкөрөсүнүн түшүп, жаагы жерге такалып жатканы көзгө урунду. Көк түстүү чолок көйнөкчөн эркек полицай сыңар тизелеп, аны суракка алуу менен убара, бирдемелерди жазууда. Көгүш шапкечен полицай кыз колдору артына кайрылып, билегинен таңылган кишинин эки бутунун үстүнөн тебелеп алган. Андан ары он аттамдай жерде экинчи бир топ – бел кырчоосуна дейре жылаңач адамды киндик тушунан ак даки менен таңуунун үстүндө. Сакадай: “Тил билгенимде ушуларды үн жазгычка түшүрүп алмакмын”,- деп өкүндү. Метронун баш жагында өйдө-ылдый баскан бою узун полицай: “Четке жылыңыз”,- дегенсип, дубал жакка кол булгады. Батирине жетүү үчүн күндүзгүдөй жапжарык метронун ичи менен жөө жүрүп, коңшу аялдамадан поездге олтурду.
Европаны топон суу каптаган саратан толуп турган кез. Германиянын дарыясынан ашып-ташкан суу Праганы аралап аккан Влтава дарыясына да мелт-калт толуп чыкты. Атүгүл жээктеринен ашып, дарыя кыргактарындагы көчөлөрдө акты. Аны билмек кайда?
Сакадай эрте менен жумушка чогуу барганы кошуна Бурулдун батирин тыкылдатты. Тепкич менен жерге түшүп баратып, ал Сакадайга: “Байке, үйдүн кожоюну үч-төрт күндөй бөлөк жакта түнөп туруубузду суранып атат”,- деп калды.
— Эмнеге?
— Себебин айткан жок.
Калемгер жеңил-желпи, бир күндүк кийим-кечесин баштыкка көтөрүнүп, ишке барса, кеч кирерде кесиптеш жигиттикинде түнөөрүн айтышты. Ал бир бөлмөлүү батирде жашаган жигитти ыңгайсыз калтырууну туура санабады. Эртеси, түшкө жуук алар олтурган бешинчи кабаттагы дубалы айнектүү бөлмөгө орусча сүйлөгөн кызматкер Итко кире калды. Сакадай ага өз батирине кайтаарын айтты. Метродо суу ташкынга байланыштуу поезд жүрбөй калган эле.
Сары түспөл тармал чачтуу, көк көз Итко таңдангандай:
— Кантип? Метро иштебейт,- деди.
-“Кантип болсун?!..” Ушинтип эле, темир жолду бойлой жүрүп, жөө эле жетип алам.
Көчө өткөн темир жол бекетинде үй-жайсыз, дейди, нашаа чегип, арак ичкен мас адамдар көп болоорун, алар бейчеки кишиге кол салуудан кайра тартпай тургандыгын да эшиткен.
Итко тынчсызданып:
— Темир жол көчөсү опурталдуу… Көчөңүздө эмне болуп жатканын билесизби?.. Коё туруңузчу, мен азыр…,- деди да, өз бөлмөсүнө көздөй жүгүрдү. Арадан беш мүнөт өткөн жок. Бет маңдай олтурган Айнура бир кезде:
— Байке, байке сизге кат келди. Карасаңыз, кампүтерди… ,- деди ашыга.
Сакадай өзүнчө таң калды: “Мага кимден кат-кабар келмек? Биздин мекенге интернет жете элек. Кат жазышпасам… Үйдөгүлөр менин дарегимди дегеле билишпейт”. Айнура кампүтердеги көрмө тасманы ачып көрсөтүп, англисче жазылган сөздөрдү которду: Итко: “Квартираңызга барууга мүмкүн эместигин эми түшүнгөндүрсүз”,- деп жазып, катынын аягына видео тасманы тиркеп коюптур. Сакадай тасмага көз жүгүртүп, Итконун санааркаган оюн боолгоду. Көрмө тасмада ал жашаган үйдүн экинчи кабатына дейре суу толгон Флоренс көчөсү. Аскерлер оору-сыркоолуу карыялар менен кош бойлуу келиндерди, бөбөк менен балдарды өйдөңкү кабаттардан шаты аркылуу көтөрүп түшүп, кайыктарга олтургузуп, тынч жакка ташып кетүүдө. Башка бир көчөдө улуу-кичүү дебей, жайнаган адамдар суу жээгине бийик тактай дубалдарды тик тургузуу менен алек. Такта дубалга арта ташталган жылтырак кагаздардын үстүнө кум толтурулган каптарды жыйып, үйөрдү тосуп атышат. Өлкө президенти өзүн коргогон жан сакчысы, же коштоп жүргөн бийлик төбөлдөрү жок эле, суу тоскон эл менен аралашып, коргонуу жайларын кыдырып, көз салып жүрөт.
Баш кеңседеги кесиптештери биринен-бири өтүп, утуру үйлөрүнө мейманга чакырат. Алардын жашаган үч кабаттуу үйлөрү тим эле жомоктогудай туюлду. Бир кесиптеши өз автоунаасы менен жекшембиде байыркы курортко дейре саякаттатты. Сакадай эзелтен пиво кайнатуу менен атагы чыккан калаадагы көөнө заводдун жер төлөсүнөн пиво татты. Падышалар байырлаган чептин музейин кыдырып, асман тиреген мунарасына чыкты. Душмандар нече күн бою сепилди камалап турса да, такыр багынбай: “Биз токпуз. Бизден арткан кешиктен ооз тийгиле”,- дегенди туюнтуп, кайра аларга мунаранын башынан эчкинин этин ыргыткан чептегилердин жоону сүргөн эрдигине суктанды. Бийик дөбөнүн чокусуна орногон чепке туш-тараптан таза жол келет да, ал адыр-тоону ашып, Альпы тоолоруна уланат. Айыл-кыштагыбы, же шаар, жайыт-токоюбу, кайда барса да, тазалыгы, көк-жашыл, кызыл-тазыл болгон көрктүүлүгү тамшантат. Сулуулугу менен дүйнө калкын таң калтырып, кокту-колотко курулганы менен көз жоосун алып, саякатчылары менен эс алуучулары жайнаган калаалар эстен чыккан жок.
Сакадай баш кеңседе иштеп жүргөндө өз мекениндеги жөө жүрүшчүлөр улуска жайгашып, Узактын чет жакаларындагы айыл-кыштактарды түрө кыдырганын угуп атты.
Ал жумушка алаксып олтурганда бөлмөгө деректири менен көз айнекчен киши баш бакты. Деректир ал адамды Сакадайга англис тилинде тааныштырды. Маңдайында өзү тууралуу англисче күлүп-жайнап сүйлөшкөн экөөнүн оозун тиктеп, Сакадай ушу мертебе да чет тилди өздөштүрбөгөнүнө катуу кейиди. Деректирдин котормосунан улам көз айнекчен америкалыктын аты-жөнү Жефф Трембл, кызматы – жыйырма төрт мамлекетке жыйырма сегиз тилде уктурууларын жайылткан дүйнөлүк радионун президентинин орун басары экендигин билди. Вице-президент жалгыз гана Сакадайды бүткүл дүйнөлүк радиолордун президенттеринин кеңешине чакырганы келиптир.
— Мен англисче билбейм. Орусча араң сүйлөйм,- деди Сакадай тартынып. Деректири анын кебин которуп бергенде, Жефф Трембл Сакадайды далыга таптады да:
— Оо, жакшы, жакшы… Сизге тилмеч берилет. Анда сизди жыйындан күтөбүз, келиңиз,- деп күлүп, санаасын тынчытты.
Жарым сааттан кийин Сакадай кең залдагы кеңешмеде олтурду. Ага карапайым өзүнөн башка бүткүл дүйнөлүк радиолордун президенттери, өз радиосунун ана башчылары менен улуттук ар башка кызматтардын деректирлери, америкалык конгрессмендер, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн президенттери жана бир нече өлкөлөрдүн элчилери менен Ооганстандын тышкы иштер министри катышканын расмий тааныштыруудан улам аңдап түшүндү. Бир кезде вице-президент Жефф Трембл трибунага чыгып, жыйындагыларга Сакадайды тааныштырды. Ал фамилиясы аталып, өйдө турганда, кеңешмедегилердин баары ага тиктешип, дүркүрөтө кол чабышты. Трембл Сакадайдын ыңгайсыз шартта кызмат өтөгөнүн, тосоолдуктарга карабай, “кандуу жекшемби” күнү элге ок атууну дүйнөгө биринчи болуп кабарлаганын баяндады. ГЭСтин жанында колго түшүп, ур-токмокко кабылганын айтып жатып, сөзүн үздү да:
— Биздин кызматкерге ушундай да жапайы мамиле кылышабы?,- деп кейиди. Көз жашын жүз аарчуусу менен сүртүп бүтүп, кебин андан ары улантты.
“Кандуу жекшемби” окуясы боюнча соттун туңгуч отуруму элет жеринде башталбай жатып, токтоду. Ага кара чечекей бир тууганы окко учуп, курман болгонуна күйүт тарткан жабырлануучунун, милицияны төпөштөгөнү себеп болду: эң арткы үстөлдөгү киши олтургучтарды тебелеп өтүп, залда соттолуучулардын биринчи сабында турган милиция башчыны төшкө тепти. Кара костюм-шым, ак көйнөгүнө кара галстук тагынган киши артка кетенчиктеп, эки колу менен жүзүн жашырып, эңкейе калып, эч ким сурабаса да: “Мен аткан эмесмин, ок атканга мен буйрук берген эмесмин”,- деп күңкүлдөп, актанып атты. Каза тапкан жигиттин тууганы анын жонуна минип алып, ашата сөгүп, муштуму менен дал жонуна ургулап атты. Аларды ажыраткан пенде жок. Калган соттолуучулардын да үрөйү учуп, бир даары айнектен секирип качып чыкмакка терезенин жанына корголошту. Дагы бири бурчка такалды. “Айып бизде эмес. Күнөө жогорку тарапта!”,- деп чурулдашты алар. Уруш-талашты эч ким тыя алган жок. Гарнизондук сот ишти кароону бөлөк калаага которууга аргасыз болду, бирок колот ичине тамыр жайган чакан калаадагы териштирүүгө жабырлануучулардын көпчүлүгү бут баспай койду. Алардын көөнү суракты өз аймагында өткөрүүдө турду. Ал тилек да ишке ашкан жок. Ага карабай, эки апта жүргөн аскердик сот “Кызмат абалынан пайдаланган” деген кине коюлган жергиликтүү жетекчилерди шарттуу түрдө үч-беш жылга эркинен ажыратты. Аймак борборуна жөө келаткан адамдарга ок атылганы, андан эч жазыксыз адам каны чачырап, киши баласы бөөдө окко учканы менен эч ким камакка алынган жок. Ак үйдө буйрук бергендердин бирөөсү да сотко тартылбады. Жооп да тартышпады. Суракка чакырылгандар – баягы эле райондук милиция, прокурор, аким, улус башчы деген майда кызматтагылар. Албетте, жөнсүз жерден ызы-чууну жаратып, карапайым адамдар менен милицияны кагыштырган бийлик төбөлдөрүн коргоп, калкалаган иш, капилет ок жаңылган жигиттердин жакындарын жоошутмак эмес. Бала-чакалуу, тун уулунан айрылган Камкаян эне күйүт баскандардын муң-зарын укканы жыйынга чакырылып, үстөлдө олтурган кийинки ажону көздөй басты. Көйнөгүнүн үстүнөн жеңсиз кара баркыт кемсел кийип, белине ак жоолукту байлап алган. Эне баласынын күйүтүнөн арыла элек чак. Бөйрөк тушун сол колу менен таянып алып, оң колундагы таягынын учун ажого туштады да:
-Уулумду аткандарды таап бербесең, ушу таягым менен сени да кууп ийемин,- дегенде кара күчкө күлгөндөр болду.
Бешинчи бөлүм
Кезектеги шайлоо кайра дагы ызы-чуу менен коштолду. Анын жыйынтыгын тааныбаган аймактарда нааразылык жанданды…
Күн жаңы көтөрүлгөндө үч айрылыш жолдун бурчуна тигилген боз үйдүн айланасына эл чогулду. Алар жабыла жол тосууга умтулганда боз үйдөн Боронбек чуркап чыкты. Жол ортосунда кишилердин көчү көбөйгөндө өөдө-төмөн өтүп жаткан машиналар жүрүшүн жайлатып, топураган караанга жетпей токтоду. Боронбек өз башымчалык кылгандарды таркатууга шашты.
-Кайткыла!.. Жетишет!.. Мен десеңер жолдогуларга жолтоо болбойлу. Жүргүнчүлөр менен машиналарда кине жок. Бир мүнөт тостуңар, болду. Койгула… Быякка баскыла эми… Андай тентектик кылбагыла,- деп ордуна кайткан көпчүлүктөн бөлүнүп, жолдо көгөрүп тургандарды жол четине бирден жетеледи. Ал буга дейре бир да жолу өзүн даңазалаган эмес. Боронбекти үч айрылыш жолдун боюна чогулгандарга аттуу-баштуу үлкөн саясатчылар үгүттөдү. Ал саясатчылар бөлөк талапкерлерди кубаттаганы башка аймактарды кыдырып кеткенде, Боронбек жалгыз калды. Ал тээ этектен карааны көрүнгөн өз атаандашына кол булгап, эл алдына чакырып алды:
— Бери өт, айланайын! Мындай кел да, менин жаныма, секиге чык.
Аңгыча татынакай кийинген сымбаттуу жигит жылмая берип, маңдай туш келди. Боронбек ага кол сунуп, секиге тартып чыгарды да, экөөнө алмак-салмак тигилген букарага карап:
-Айланып, садагаң кетейин туугандар! Баарыңар көрүп, таанып алгыла. Биздин аймактан депутаттыкка мендей эле талапкер. Бу жигит – өз уулуңар! Шайлоодо мага эмес, дал ушул ырчы балаңарга добуш бергиле! Ушу баланы шайлагыла!
Боронбектин мындай кең пейилдигине ичи жылыган көпчүлүк шатырата кол чаап ийди. “Шайлоо аймагына караган айыл-кыштакты эки жолу кыдырып чыксам, калк мага оойт”,- деп олуялык менен айткан кеби туура чыкты. Бүлүтүн таштаганда эл ага ооду. Боронбек төбөсүнөн сылап, чоңойткон айылдаш иниси депутаттыкка ага атаандаш болуп чыкканы менен экинчи айлампада утулуп калды.
Боронбек өйдө жактан жүрүп келип, жол четине токтогон ак түстүү “Волга” унаалар кимге караштуу экенин таанып, ичкери басты. Машинадан аким менен анын орун басары түштү. Орун басар менен акимдин Боронбекти каралап, үчүнчү талапкерге жан тартып, мекеме-уюмдардын кызматкерлерин бийлиги менен коркутуп, ошого үгүттөп жүргөнү билинген. Үчүнчү талапкер кызматтагы туугандары менен коюн-колтук алышкан ала-топу досторуна таянды. Боз үйдө жалгыз олтурган Боке ийиле салам берип, ичкери кирген орун басардын колун кармады да, ачуу толгон көздөрү менен ага тигилди:
-Экинчи мага келбегин, уктуңбу? Сендей тууганым жок. Кызматтан бүгүндөн калбай кеткин!,- деди каардуу түрдө.
Осолу чыккан орун басар башын шылкыйтып, боз үйдөн чыккыча шашты:
-Макул, макул…
Бокенин өңү өзгөрүп, ачууланганын илгиртпей баамдаган аким, боз үйгө кирүүгө даабады. Бул убакта элдин арасынан: “Жөө жүрүш менен районго барабыз”,- деген сөз чыкты. Адеми тумак, жасалгалуу калың күрмөчөн аким муну укту да, жалган жерден шылтоо тапты:
— Жогору барбагыла. Райондун кире беришинде силерге каршы топучандар топтолуп турат. Алардын колдорунда кетмен-күрөк, бычактары бар. Кагылышып, кан төгүлүп кетүүсү мүмкүн.
Ойлонбой терс сүйлөгөн аким чалыштын бу кеби топтолгондордун кулагынын сыртынан кетти. Акимге көңүл бурбаган Боронбек да жүрүштү макул тапкан жок. Элге тамаша койгон шайырлардын ичинен Нурайдын кеби чогулгандардын намысына тийди. Карагаттай көздөрү менен бүткүл жүзүнөн күлкү төгүлгөн Нурай чогулгандарга суроо таштады:
-Төрт аягы тыбыраган тулпарыңар турат, бутун чаласыңарбы? Канатын каккан шумкарыңар турат, канатына чабасыңарбы? Өз уулуңарды колдобой, өзгөгө барасыңарбы? Өздөн таппаганды, өзгөдөн табасыңарбы? Эл уулун “өлтүрүп”, сөзгө каласыңарбы? Же татыктуу уулуңарды колдоп аласыңарбы? Бийликке каш кайтарган жөрөлгө башка аймакта да кайталанды. Жөө жүрүшчүлөр эки акимди: “Биздин талапкерге каршы чыктың!”- деген жүйөө менен алдына салып, эки-үч аймакты аралатып, кан жолдо жөө айдап жүрүштү. Ал төбөлдөрдү түштөнүүгө чакырган Коргондун баштыгы көз жазгыртып, качтырып ийди. Жөө жүргөндөр ажо менен шайлооком төрагасын “отставкага кетсин”,- дешти. Алар шайлоодо бийликке жагынгандар тандалып, депутаттык жарыш чоңдор каалагандай нук менен жүргөнүн жана добуш бурмаланып, мамлекеттик телеканал, радио жана гезит-журналдар окуяларды бурмалаганына моюн толгошту.
«Бийлик, кысым кылба!», «Телеканал – эл алдында жооп бер!»,- деген кызыл тасмаларды көтөргөндөрдүн жөө жүрүшү калаанын коңшулаш көчөлөрүнө да жайылды. Кесибине ылайык иш таппай, базарда соода-сатык менен жашаган аялдын жаны шайлоонун жүрүшүндө адилеттүүлүктүн жоктугуна кашайыптыр:
— Шайлоо адилеттүү өтсүн. Кыргыз элине булганыч шайлоо татыксыз. Бизде калыстыкты табуу кыйын. Элди пул менен сатып алгандар, добуштарды пачкелеп салдыргандар шайланды. Бийликке ишенбейбиз.
«Эл үчүн реформа, ажого отставка» кыймылынын баштыгы бийликтин жоргосун чапкан партияга жан тартуу ашыкча болгонун ортого салды. Ал партия туңгуч ажонун доорунда бийликке таламдаш жүрчү, нааразылыгын айтчуларга тоскоолдук толтура. Ошондуктан биздин азыркы шайлоого ишеничибиз жок, таза өтөөрүнө үмүт аз.
Күн бүркөлүп, жамгыр төккөнүнө кайыл болгон жөө жүрүшчүлөр көчөгө толуп-ташып, мэрияга чейин барышты. Алар президент менен шайлоокомдун төрагасын кызматтан кетүүгө үндөштү. Албетте, мындай чакырыкты жогорку кызматтагылардын уккусу жок. Улус башчынын орун басары Бактыяр өлкө жетекчисине жан тартып, анын кызматты тапшыруусуна негиз жок деген ойдо:
-“Ажо кетсин!”,- деген пикир такыр жүйөөсүз. Шайлоодо жыдыган талапкерлерди, ал мыкты кадр кылып өстүргөн.
Алым деген талапкер мамлекеттик сыналгыны айыптап кирди:
— Бизден депутат болчуларды “акча жасады” деп, калпты чындай койгулап, каралашты. Кампүтерде акча жасалса, колунан келгендин баары андан басып чыгарып, пулду самандай сапырат эле го. Жок шылтоону бетине шыбап атат. Телеканалдардын жалган маалымат таркатканы туура эмес. Телеканал чындыкты көрсөтпөсө, эл алдында жооп берсин.
Кара көз айнекчен шайлоочу Асмат шайлоодо бийлик мыкчегерлери кызматсыз талапкерге каршылыкты күчөткөнүн кеп кылды:
— Шайлоочулар: “Улус башчынын орун басары биздин кандидат үчүн добуш бересиң деп мажбурлап атат, бизге капа болбогула”,- деп штабга арызданышты. Бүлүтүн таштаарда улус жетекчинин орун басарынын, Коргон акиминин алар жактаган талапкерди үгүттөөгө акысы жок. Коргондо, Узакта добуш эсептерде электр жарыгы атайын өчүрүлдү. Бул таза шайлоо эмес. Кана, ант берген таза шайлоо?..
Улус баштыгы добуш берүүдө ырасмий бийлик мыйзам бузууларга барбаганын бетке кармап, актанды. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү адилет жана таза шайлоого кам көрдү. Ал улус бийликтин маңдайына жыйналган жөө жүрүшчүлөрдүн алдына чыкпай, көйгөйүнө көңүл да бөлгөн жок. Бирок, Сакадайдын суроосуна жооп берерде шайлоокомдун ишин териштирүүгө убада кылды. Атка минерлер чакырылган жыйында төрдө олтурган ажо көчөлөрдө калың эл аны акыя күтүп турушкандыгын укпагандыр. Аны тарткан жеңил автоунаалар күн мурунтан макулдашылбаса, токтобой, өтүп кете берерин болжогон жөө жүрүшчүлөр иңир киргенде аэропортко өтөөр жолду бууп салышты. Алар ажого шайлоо чатактарын жөнгө салуудан тышкары жер, суу, үй-жай, паракорчулук, соттордогу адилетсиздик, кыздарды бузгандар жазага тартылбаганы жөнүндө айтууну көздөшкөн. Бирок, ажо алардын алдына барган жок. Жергиликтүү тың чыкмалар ажону жыйын бүткөндө улустагы аба бекетке башка жол менен алып өтүштү. Адилетсиз шайлоонун айынан жер-жерлерде толкундоолор күчөдү. Андан улам калемгер моминтип ойлонду: “Жоогазын ыңкылабы тутанаарда ажо үч аптадай улус имаратын ээлегендердин маңдайына келип, тизе бүгө жыгылып:
«Макул, кызматтан кет десеңер, ажолук мөөнөтүм бүтөөр ноябрь айына дейре чыдагыла. Ошо күздө өлкө башчылык тагымдан түшөйүн да, президенттик шайлоого уруксат этейин! Ал тандоодо өзүңөр татыктуу санаган адамды ажолукка шайлап алгыла!»,- деп тил эмизип, ал убадасында турганда, мартта таңкы үрөң-бараңда спецназ митингчилерди уруп-сабап, куубаганда… Балким, “жоогазын” төңкөрүшү, андан кийинки беш жылда козголгон апрель, май, июнь калабалары дымып калаар беле? Мамлекетибиз утуру аңтар-теңтер болбой, казынадан, сырт жардамдан уурдагандар тыйылып, тынч жашамак. “Кум-Төрдүн” алтынына өзү ээлик кылганда, мемиреген тынч чыйырга түшүп, ар тараптуу өнүкмөк. “Хандык доор сүрөм” — деген Ботиржон аттуу жоо баш көтөрмөк эмес.” Ушул ой азырга чейин аны азгырып, тынчын алат.
Ооба, күнү бүгүнкүдөй, устунга кагылган мыктай болуп, Сакадайдын жадынан чыкпай, кадалып турат. Телеканалдын бири: «Депутаттыкка талапкердин кеңсесинен жасалма акча табылды»,- деп чуу салган. Эски тегирменге бет маңдай көчөдөгү кеңсеге милиция “акча жасалды” деп шектелген кампүтерди тартып алганы барган. Милициянын баштыгы менен талапкер кызыл чеке болуп, кайым айтышып, кыйла тартышты. Экөө өз таламдаштарынын курчоосунда. Бири: “Кампүтерди алам”,- десе, экинчиси: “Бербейм”,- дейт. Кампүтер коюлган кеңсенин каалгасын кандидаттын жандоочулары үймөлөктөп тосуп салышты. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы шайлоочулар бул кабарды укканда таманына ийне сайылгансып, тырчыбай койгон жок.
Будуң-чаң алгач Коргондун тоолуу кыштактарында тутанды. Кийин ал жактагы шайлоочулардын шамалы улус байтагына жайылды. Тоолуу аймакка эл менен кездешүүгө бараткан талапкердин машинасына тоскоолдук кылышат. Жолугушууну үзгүлтүккө учуратуу үчүн жолго кар көчкү түшүртүшөт.
Сакадай Ак үйдүн пресс-катчысынан эч нерсе күтүлбөй турганын, ички иштер башкармасынан түн тынч өткөнүн, кыжаалаттыкка батаар ызы-чуу катталбаганын, күмөнсүрөөр шыбыр — шыбыш угулбаганын сурап билди. Саат тогуз жарым чамасында Ак үйдүн алдынан өтүп баратты. Дүпүйгөн бак-дарагы кыркылып, кийин оргутма суу орнотулуп, майрам, жыйын, шаан-шөкөт үзүлбөгөн аянттан бир топ жигиттерди учуратты.
Калемгер амандашып бүтүп, алардан:
-Жанар, неге жыйналдыңар? Чогулуш өткөрөсүңөрбү, же башка ой барбы?,- деп сурады.
Ал:
-Жо-ок, агай, жөн жай турабыз. Иштин жоктугунан эмне кылаар арга таппай, өзүбүзчө тамаша куруп атабыз…,- деп беркилерге карап, табышмактуу күлүп койду. Жанындагылар аны коштоп, жылмайышканы менен сыр беришпеди. Кандайдыр бир сырды жашырганы баамдалып турат. Сакадай ичинде алда-неден күдүксүрөсө да, кайра такыбады.
Ал зымсыз телефону менен башка жактарга да чалып, акыбал тынч экенине ынанды. Кампүтердин тогун жандырды. Экинчи кабаттагы бөлмөнүн босогосун жаңы эле аттаган кыздан чегип сураса, аянтта жыйналган адамдардын карааны жанагыдан кыйла көбөйүптүр. Санаасы тынчыбай, ал жакты көздөй кайра басты: чогулгандар ошо кезде Ак үйгө жабыла жүгүрдү. Алардын жабык турган темир кашагалуу дарбазаны эки жакка кайрып ачканы, дарбазадан агын суудай болуп, ичкери кирип барып, короодо жайнаганы көзгө илешти. Көрсө, Жанар аянтта топтолгон адамдарды баштап кирип, Ак үйдү алда качан ээлеп алган экен.
… Ак үйдүн ичкерки кош канаттуу каалгасы ичинен катуу бекитилген. Аңгыча болбой, прокурор, ички иштер башкармасынын начальниги, дагы башка жетекчилер көрүндү. Сакадай ал ачендиктерден ичкериге ала кирүүнү суранды. Башкарма: «Коё туруңузчу, байке!» — деп, каалганы өзү кирген соң, кайра жаап, жакындатпай койду. Экинчи кабаттын ачык турган терезесинен көрүнгөн ак жоолукчан аял ажонун дубалга илинип турган калдайган сүрөтүн жулуп алды: аны дубалга бир урду да, портреттин бырын-чырынын чыгарды. Айнеги талкаланган сүрөттү майдалап-бырчалап тытып, жерге чубата таштады.
Кошуна терезеден башын чыгарган балдар шапке-калпактарын булгалап, ураалап кыйкырып атышат. Сакадай алардан;
— Жанаргабы, же башка жетекчи балдаргабы, айткыла! Эшикти ачтырсын! Мени киргизсин деп айткыла,- деп өтүндү.
Ак үйдүн биринчи кабаттан экинчи кабатына жогорулаган тепкич толо, андан өйдө жактарда да шыкалган адам… Жанар үчүнчү кабатта ары-бери басып, чөнтөк телефону кулагында. Кимдир-бирөө менен сүйлөшүп аткандай. Кишилердин жыкжыймалыгынан жогорку кабатты да аралап өтүү кыйын. Улус башчынын кабинети бек.
Биринчи кабаттын тепкичтерин тоскон адамдарга прокурор кайрылды: -Бул ишиңер мыйзамсыз, туугандар! Жооп бересиңер! Мамлекеттик имаратты тез бошоткула! Болбосо, “Бийликти басып алган”,- деген кине менен өмүр бою жазага тартыласыңар… Батыраак бошоткула!
Былк этпей, тепкичте көжөлүп тургандардын арасынан чекесин кызыл чүпүрөк менен байлаган Кален кире беришти жаңырта сүйлөдү:
— Бу имарат – элдики. Биздин маңдай терибизге, биздин акчага курулган. Ушу күнгө дейре бийлик биздин үндү уккан жок. Шайлоодо мыйзам бузуу ашыкча болду, аны кайра өткөргүлө. Административдик ресурс күрүлдөп иштеди. Биз чыкпайбыз,- дегенде аны курчап тургандар да жаалап, коштоду…
…Март айынан баштап, улус бийликтин кеңсесинде түнөгөн адамдар күнү-түнү ал жерден жылган жок. Ак үйдүн кызматкерлери коопсуздуктун айынан уламдан-улам орун жаңыртып, туш келди көчтү. Бийлик алдына туш-тараптан күнүгө кошулган адамдардын аягы тыйылбады. Аянтка онго жакын боз үй тигилди. Адамдардын саны штабдагылардын эсеби боюнча миңден тартып, кийин отуз миңге чамалап, аянт тардык кылды. Бийликтегилердин эсебинде топтолгон кишилер эки-үч миңден ашкан жок.
Сакадай жамгыр жаап, жука кийингенге төбөсүнөн ылдый шөлбүрөп суу болду. Таманынан сыз өткөнүн капарына албайт. “Жоогазын төңкөрүшү” аяктагыча аянтты түн бир оокумга дейре, кайра-кайра айланып жүрчү. Тынчсызданчу. Түндөсү таң аткыча, ар саат сайын имараттын ичинде түнөгөн Жанарга жана аны менен бийлик кеңсесинде жаткандарга: «Жагдай тынч элеби? Эч ким ооруган жокпу? Чыр-чатак чыгып кетпесин» — деп, улам-улам телефон чалып турчу. Бирок…
… Бир аптага жакын “Ыңкылапчыларды спецназ айдап чыгат»,- деген каңшаар тарады. Ак үйдүн жыйналыш залы милициянын өзгөчө отрядынын жоокерлерине толтурулду. Алар буйрукту эле күтүп, бөгүп жатышты. Залдан биринчи кабатка өтүүчү ортоңку эшик бекем жабылды. Экинчи жумада: «Бүгүн түнү спецназ кирет»,- деген кабар кайра чыкты. Сакадай күзөтчүдөн бетер түнү менен аянтты, ага коңшу жайкын көчөлөрдү да айланчыктайт. Тилегине жараша, ал түн да мурдагыдай эле жаңжалсыз өттү. Төңкөрүшчүлөргө борбордон келген жаштар да кошулду. Алар колдоруна кызыл-тазыл Тууларды көтөрүп, калаанын бүт көчөлөрүндө ураан менен элди чакырып, кыдырып жүрүштү.
Түн ортосунан кыйла ооду. Болжолдо саат түнкү үч жарым-төрт. Нөшөр күчүндө. Бутунан башына дейре суу өтпөс плащ кийген милициянын баштыгы Ак үйдүн босогосун аттады. Имараттын темир кашагалуу дарбазасы аркылуу короого кирүүчү жалгыз адамдык эшик катуу кайтарылчу. Бирок, эмнегедир күзөтчүлөр аны тоскон жок. Полковниктин кайра эле сыртка чыгып келаткан карааны бир сааттан соң, дарбазанын чакан оозунан көрүндү. Ал шаардык ички иштер бөлүмүн көздөй баратканда аянттын ортосунда, жылтырак кагаз жамынып, жаандан калкаланган митинчилер: “Бери басыңыз!”,- деп чакырып алышты.
Чүмкөмө плащчан милиционердин жүзү караңгыда айра таанылбайт. Ал аянттагыларга бет маңдайлаш келип, токтоду да:
-Жигиттер, эми таркасаңар болот эле,- деди айласы куругандай, сыпайы түрдө. Мамлекеттик бийликке айбат кылып, имаратты басып алдыңар. Каалаган эркиңерге үч жума тек койдук. Иш токтоду. Биздин балдар да тажап бүттү. Алар: «Давай, команда бериңиз, агай! Айдап чыгалы!.. Болбосо, биздин да үй-бүлө, бала-чакабыз бар. Уруксат этсеңиз, залдан чыгып кетели да, өз жумушубузду жасайлы»,- деп, суранып атышат. Ушунча күн чыдадык, жетишээр. Эми Ак үйдү бошоткула. Макул, бу кылык-жоругуңар күнөө болсо да, кылмыш иш деле козгобойлу, камабайлы! Тынч эле бошотуп койгулачы! Акча кааласаңар, аны деле берели!,- деп жалбарды.
Үстү-башына жылтырак кагазды үйрүгөн кишилердин бири;
-Сиз Ак үйдүн ичине кирип чыктыңыз, туурабы?.. Андагылардын маанайын, эч нерседен кайтпас түрүн байкадыңыз. Кеңсени таштап, кетпешине көзүңүз жеткендир. Жандарында, колдорунда эмне бар экендигин көрдүңүзбү?.. Биз башыбызды өлүмгө сайып койгонбуз. Ажоңуз кетсин!,- деди катаал түрдө.
Полковник үндөбөдү.
— Ошондой,- дешти жамгырда ичиркенип тургандар. — Так что, күч салсаңыз да кетпейбиз… Элдин эркин майтара албайсыңар. Андан көрө, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргыла. Кайрадан шайлоо болсун!
Арадан үч күн өткөндөн кийин казганактап үйүлгөн элдин алдына борбордон аттуу-баштуу саясатчылар жетип келишти. Кең аянт элге жык толду. Каршы-терши басаарга жол жок. Таанымал саясатчылардан эки жума мурда келген Токо менен митингдин алып баруучусу Ак үйдү курчап, тизилген милиционерлерди аянттагыларга кол салбоого утуру үндөшөт. Алар үн күчөткүч менен ички иштер бөлүмүнүн кең короосунда буйрук күтүп, чабуулга камданган аскерлерди да эл тарабына өтүүгө чакырышты. Колуна үн күчөткүч кармаган жигит: “Президент…” деп, ураан чакырганда, аянтты ээлегендер анын сөзүн “… кызматтан кетсин!”,- деп жапырт коштоп, үн жаңыртып, дуулдашат. Элдин үнү жаңырып, айлана солк этсе, бийликтегилердин жүрөгү болк этпей жатты белем!
Аянттагылар оболу президентти алмаштырууну ойлошкон эмес. Ага чейин парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, депутаттарды кайра тандоону күсөп жатышты. Ажонун толкуган элдин алдына келүүсүн, үй-бүлөлүк башкарууну жоюшун, конституциялык реформа жүргүзүү талабын коюшту. Тескерисинче, ыңкылапчылардын кеп-сөзүн Ак үйдөгүлөр тыңшаганы менен тоотушпады. Ажо укмаксанга салса, премьер-министри: “Улус бийлигин үч-төрт адам басып алды. Аларга көңүл буруунун кереги жок. Өздөрү тажап, курсагы ачканда тарап кетишет”,- деп телеканал аркылуу бакылдады. Тоң мамиле менен калп сөз акцияда тургандардын бийликке карата ымаласын андан ары суутту.
Аттуу-баштуу бу адамдар Ак үйдү ээлегендер менен сүйлөшүп, дымак-маанайларынан кабар алып чыкты. Түштөн кийин элдик курултай өттү. Курултайда элдик бийлик түзүү чечими бекиди. Чогулган адамдарга куту кыдыртылып, акча жыйналды. Колдон-колго өткөн кагаз кутуга аянттагылардын улуу-кичүүсү дебей, өз кошумчаларын кошту. Ар башка айыл-кыштак менен аймактардан, дубандардан Туу кармап, катар-катар тизилип келип жаткан адамдар, базарды чайкаган соодагерлер кой-эчки, тамак-аш, азык-түлүктөрүн аябады. Элдик кеңеш улус баштыгына Жусуну, анын биринчи орун басарлыгына Канышты шайлады. Эл кеңештен кийин саясатчылар журналисттерге пресс-конференция берүүгө белсенди.
Пресс-жыйындын алып баруучусу кезекти эң алгач Сакадайга ыйгарды. Алып баруучу калемгерлерден убакыттын тардыгына байланыштуу бирден гана собол менен чектелүүнү өтүндү. Эл кеңеште шайлоодо утулган талапкерди эл башчылыкка көтөрүү жөнүндө чечим бекиген.
Ошондо Сакадай талапкерге момундай суроо узатты:
-Көчө жыйынында элдик бийлик уюшулганы канчалык мыйзамдуу? Ал каражаты жок, кантип иштейт? Президент өз кызматын али токтоткон жок. Анын бийлиги менен атаандашып жарыша иштейсиңерби, же келишимге барасыңарбы? Мындан ары да элден акча чогултулабы?
Ажолукка талапкер Сакадайдын биринчи бөлүгүнө жоопсуз калтырды да, эң соңку соболуна:
— Сиз өз сурооңузга өзүңүз жооп бердиңиз. Элдик бийлик элдин акчасына иштейт,- деген болду.
Ошол түнү Ак үйдүн капталында турган банк тонолду. Аты-жыты чыкпаган кишилер күзөтчүлөр аркылуу банк башчысын үйүнөн чакыртат. Акча салынган кутулардын ачкычын бербей койгон банк башкаруучу аёосуз токмоктолот. Талап-тоноочулар темир кутулардын капкагын ширетип ачышат. Кап менен кагаз кутуларга толтурулган таңгак-таңгак акчаларды жүктөп кетишееринде аларды кишилердин башка бир тобу курчайт. Экинчи топ каракчылардын колунан миллиондогон пулду жулуп алып, ички иштер башкармасына тапшырат.
Сакадайга үчүнчү мертебе: «Спецназ бүгүн, түндө Ак үйдү басып алгандарды айдап чыгат»,- деген суук кабар түштү. Түнү менен эч басылбай, жамгыр төктү. Кебездей жука плащы тулку-боюн жылытканга жарабады. Ал ичиркенип коюп, өзү жалгыз аянтты кыдырып, улам оозу ачык боз үйгө баш багат: столго башын коюп, ным жерде бүрүшүп, оонап жаткан адамдарга абай салат. Уйку-соонун ортосунда үргүлөгөнү менен керегени күзөткөн нөөмөтчүлөрдү кеп-келечке тартып, азын-оолак убакыт өткөрдү. Аянттын бет маңдайында мейманкана. Ага бир аз эс алганы кирсе, үстөлгө башын жөлөгөн администратору уйку баскан кебетеси менен ыргылжың түрдө тиктеп койду да: “Бөлмөлөр бош эмес, орун жок” — деп, оозун ача эснеп алды. Сакадай кайра шыбырттап жааган жамгырлуу көчөгө кайтты. Отураарга орун табылбайт. Бут талыды.
Түнкү саат үчтөрдө чет элдеги деректири телефон чалып, ал-жайын сурап атат. Ал Сакадайдан кичүү:
— Байке, кандайсыз? Үшүгөн жоксузбу? Таң атаарга жакын калды. Уйкуга алдырбай, бир аз чыдай туруңуз ээ? Байланышты үзбөйбүз…
Калемгер кырдаал тынч экенин, канча убакыт болсо да, чыдаарын айтты. Деректирдин да уктабай, кабар алганына сүйүндү.
-Кабатыр болбоңуз. Үргүлөбөй, күндүн чыгышын күткөнгө көнүп калбадыкпы! Сиздер деле жумушка кечинде келип, түнү бою иштеп, таңкы уктурууну бүтүрүп коюп, анан эс аласыңар го!
— Бизде, күндүзгү ишке башкалар келет да. Сизди эч ким алмаштырбайт. Сиз “сакадай боюңуз сары алтын” Семетсиз – жалгыз баатырсыз, байке. Биз сизге ошондой ат койгонбуз.
Сакадай кээде Семет деп аташкан өз ысмынын маанисин ушу түндө түшүндү. Чын ыкыласы менен барктап-баалаган деректирдин алкоосуна мемиреп, ыңгайсыздана түштү.
-Эчтеке эмес, баарына үлгүрөм. Чарчоо дегенди чаалыктыралы…
Калемгер ар бир шыбыртка кулак салып, сергек турганы менен таң шооласы жайылып, түн тынч өттү. Күндүзү кадимки көчө жыйыны уланды. Элди кыжырданткан окуя кийин дүрт этип, аягы Ак үйдү ала салдыраар күн ач бөрүдөй утурлап келатты.
Ал түн жыйырманчы март болду. Таңкы үрөң-бараң. Убакыт эске келген жок. Сакадай эмелеки сааттарда бир капсалаңдын тору жайылчудан бетер өзүнөн-өзү бүлүндү: бир жерде тим тура албай, тыбырчылап, аянтта өйдө-төмөн басат. Кээде ал жерге топ таштай тигилген боз үйлөргө көз жүгүртүп, эчтемеден капарсыз магдырап уктап жаткандарга суктанат. Ичинде адамдар түнөгөн Ак үйдүн имараты да, аны бөлүп өткөн жол, айлана-чөйрөсү да жым-жырт. Караан түгүл, демейде үйүгүшүп, жол менен жүгүрүп жүргөн дейди ит-мышык да жок. Эрбейип жүргөн жалгыз өзү. Чамасы, таңкы саат төрт жарым – беш…
Бир маалда борбор калааны экиге жарып өткөн чоң көчөнүн тээ этегинен гүүлдөгөн үн чыкты. Добуш аянтка чукулдаган сайын катуулап келатты. Алда кандай кырсыктан шектенген Сакадай бош оруну жок боз үйдөн атып чыкты. Жолго абай таштап, жашылбы, же кара түстүүбү, айтору ыраңы айра таанылбаган “Мерседестин” ички иштер бөлүмү жакка бурулуп, короосуна жылт кирип кеткенин көрдү. Чамасы, боз үйдөгү адамдар да ойгонсо керек, кишилердин кобур-собурун эшитти. Аңгыча чүмбөттөлгөн эки чоң автоунаа да түз жол менен жүрүп келип, милициянын короосу жакка бурулду. Сакадай узак дегенде жарым сааттын ар жак, бер жагында капыс окуя болоорун купуя сезди. Боз үйдөн башы көрүнгөн Салиге: «Эми белиңерди бек буугула. Болжолдо кошумча милиция, же спецназ түштү. Дыркыратып кууйт, кармайт, камайт»,- деп айтып, не бар, не жок, өзү аянттын чет жакасына жылды. Ал бекер күдүксүнбөптүр: көздү жумуп-ачкыча ички иштер бөлүмү тараптан өтүктөрүн тарпылдатып, шинелчен арык жоокерлер жүгүрүп чыкты. Алар Ак үйдүн кире бериши жакка жарыша чуркап өттү. Ал аскерлер темир кашагалуу дарбазаны калкалап, төрт катар болуп тизилди.
Жоокерлердин соңун улай жалаң кара кийимчен, колдоруна желим союл кармаган шырыктай узун бой жигиттердин карааны көрүндү. Үч катар тизилген караандар жоону кууган жоокерлердей кыйкырып, ырдап келатат. Аңгыча Сакадайдын зымсыз телефону чырылдады. Борбордогу кеңседен кесиптеши чалыптыр. Ал шаардын атын адаштырып;
— Сак бол, байке! Быяктан: “Анжыянга спецназ учуп кетти”,- деген кабар түштү, — деп күбүрөдү.
— Кайдагы Анжыян?! Алар мына, улуска кирип келишти. Ак үйдү бошотуу чабуулу башталды… Байланышты үзбө!,- деди Сакадай, үн угулбай калбоосу үчүн кол телефонду кулагына такап.
Ал аянттын кыргагынан жылбай, көз алдында болуп жаткан тоз-тополоңду зымсыз телефон аркылуу баяндоого киришти. Тоз-тополоң, ызы-чууда жүргөн баягы эле Сакадайдын жалгыз өзү. Андан башка бир журналист, же теле оператор, интернет кабарчы болсочу? Алар аянтка кээде гана күндүзү келип-кетип жүрүшкөн.
Аскер бөлүктүн жоокерлери Ак үйдүн дарбазасына жеткен спецназга арасын ача койду. Аларды өткөрүп ийип, арасын кайра жапты. Өзгөчө отряд ичкери киргенден тартып, чыкканга дейре көп кабаттуу имараттан кыйкырык-бакырык, аялдардын чыңырган үндөрү басылган жок. Чамасы, аларды аял-эркегине карабай уруп-согуп, сыртка сүйрөп жатышкандай. Спецназ өзү жетелеп чыккандарды каалгага такала токтогон “Камазга” жүктөп атат. Аянттагы боз үйдөн чыккан кишилер дарбаза жакка таш ыргытышты. Күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрү короого жетип-жетпей жарылып атты. Бирок, дүрт эте жалын чыкканы менен кайра жалп өчүп, өрт уланган жок.
Өйдөңкү кабаттардын терезелеринен Ак үйдө жаткандар секирип түшүп, туш келди качып баратышат. Спецназ артынан жете келген «Камаздарга» кеңсени ээлегендерди сүйрөп чыгып, укмуштуудай тездик менен адамдарга толтуруп бүттү да, унааларды короодон зуулдата айдап чыгышты. «Камазга» камалгандар жолдо баратып, Сакадайга кайсы жерге жеткени жөнүндө утуру телефон чалышат. Аянтта калган адамдарды спецназдын башка бир тобу келип, эки-үч топко бөлүп, туш-тушка кууп жөнөдү. Жеткендерин союл менен туш келди үстөкө-босток чаап, кармап атат, койду жара тарткан бөрүдөй жулкуп, сүйрөп атат. Боз үйдө, сыртта калган адамдардын бир бөлүгү аскер комиссариаты жакка, бир тобу театр жакка шуу койду. Дагы бирлери чоң көчөнүн баш — этегине качып баратса, артынан жеткендерин спецназ төбөгө койгулап, уруп-согуп, ички иштер бөлүмү жакка сүйрөө менен убара. Бир кезде Салини да кармап алышыптыр: эки спецназ аны оң-сол колтугунан сүйрөп, кетенчиктеп артка чалкалаганда артынан бирөө түртүп келатат.
— Сакадай байке, мени да туткундап алышты,- деп жалооруду ал.
Сакадай аянычтуу тигилген таанышынан арачылыкты күткөндөй көз карашты туйду. Жандай өтүп баратып, ага боору ооруду да, спецназдарга сөз ыргытты:
— Бул да журналист, мында эмне күнөө? Коё бергиле!
Желдеттер анын кебин тыңшаган жок: булкунганына карабай, Салини булкуп-түртүп сүйрөп, алып өтүштү.
Кара кийимчен спецназдын жигиттери аянттагы боз үйлөрдү аңтара-теңтере тартып, жүк машиналарга сүдүрөттү. Боз үйлөр кыйрап, аянт жарым саатка жетпей бошоп, ээндей түштү. Сакадай тегерегин караса, өзүнөн башка бир жан жок. Бир кезде как маңдайында үстүнө чүмкөмө плащ жамынган бирөө турат. Көзүнө бейтааныш кишинин башына кийген плащынан кызыл шапкенин кыргагы урунду.
— Кимсиң сен, эмне кылып жүрөсүң?,- деп сурады ал Сакадайдан.
— Калемгермин. Ушул жерде болуп жаткан тополоңду дүйнөлүк радиого баяндап жатам.
Зымсыз телефон борбордогу кеңсеге туташкан. Үн- сөздөрү жазылып жаткан болуу керек. Милиция калемгердин күбөлүгүн сурамак болуп, кайрале:
— Жогол, бул жерден — деди өкүмдүү түрдө.
Сакадай кол телефонун кулагынан түшүрбөй, оператор кесиптешине:
— Уктуңбу, «жогол» деп атат.
— Ага жакындабай, алыс тур, байке! Жолдогудай кол салып жүрбөсүн!,- деди оператор, ГЭСтин боюнда кармалганын эскертип.
Сакадай майда арыштап, Ак үйдүн чек арасына жетти да, бир аз токтоду. Артка кылчайса, он-он беш аттам ары жактан узун бойлуу эки спецназ өзүн көздөй чуркап келатат…
Желдеттердин колуна түшпөөнү көздөп, темир кашагалардын бурчунан ары кадамын ылдамдатып, жүгүргөнгө өттү. Ооба, адамдарды чилдей таркатышты, Ак үйдүн ичиндегилерди ур-тепкиге алганда улгайган аялды союлдан калкалайм деген жигиттин колу сынганын кийин сурап билди. Башка кемпирдин көзү-башы көгөөндөй болуп көпшүп, шишип кетиптир. Жанарды спецназдар күн шашкеде базардын жанынан кармашып, төртөө-бешөө жүндөй сабап, колуна кишен салыптыр. Аны кайда алып кетишкенин эч ким билбейт.
Ак үйдүн маңдайында эмне капсалаң болуп, бир өзүнөн башка журналист жок, тоз-тополоңду көзү менен көрүп-билип турса, борбордогу кимдир — бирөөлөр: «Урушта адам өлдү» — деп жар салып, беш өрдөгүн учуруптур.
Ок атылган жок, кан төгүлбөдү. Таңкы чуру-чууда, үч жыл мурунку “кандуу жекшембидегидей” эле Сакадайдан башка калемгер, тасмага тарткан пенде Ак үйдүн жака-белинде, ичинде жүргөн эмес. Ал бир адам окко учканы жөнүндө карандай калпты укканда: “Ой-тообо! Көрүп-билбей, “беш өрдөгүн учуртуп, апырткан бүлдүргүчтөр да болот экен, ээ?!!”,- деп таң калды. Ошентсе да, миң уккандан бир көрүп, териштирген оң. Ооруканага барып, башкы дарыгерден: “Канча адам кайрылды, нечөө жарадар? Өлүм-житим барбы?”,- деп сураштырды. Бейтапкананын деректири өз бөлмөсүндө бир нече дарыгер менен кеңешип аткан. Алар кимдир-бирөө кагылышта каза тапмак мындай турсун, токмок жеген, же жараат алган адам дегеле кайрылбаганын, эч ким көз жумбаганын тастыктады.
Ага дейре таңкы берүүнү алып барып, Сакадайдын баянын түз обого жаздырткан Батыштагы кесиптеши: «Токмок жеп, куулгандардын арасынан саясатчылардан кимдир-бирөө көрүндүбү? Эл менен чогуу жүрдүбү?»,- деп суроо салды. Албетте, алардын карааны түгүл, элеси да көрүнгөн эмес. Карапайым эл токмоктолду, жетим жүгүрүк, бей-бечара жабыр тартты. Төңкөрүштүн үзүрүн кийин, тополоңдо таттуу уйкусу бузулбаган төрөлөр менен алардын канат-бутак, кошоматчылары көрдү.
Канабайрандын чет-жакасын эшиткен окшойт. Сакадайга эрте мененки саат жетиде элдик курултай улус баштыгына дайындаган Жусу телефон чалып, Ак үйдү ээлегендердин тагдырына кызыкты. Сабалгандарга жаны ачып, али кызуу кандуулугу тарай элек Сакадай оор үшкүрүндү да, кармана албай:
— Кайда жүрөсүң, сен өзүң?,- деди ачуулуу.
— Тоодомун…
— Тоодо эмне бар, сага?… Ак үйдө түнөгөндөрдү коргобой, эмнеге жалгыз калтырдың?… Болоору болуп бүттү, боёсу канды. Элди уруп-согуп, эки Камазга жүктөп, кайдадыр айдап чыгып кетишти. Адамдардын кимиси кайда экенин билбей, таппай турам…
Жусу:
— Азыр жетип барып, элди чогултам,- деди да чөнтөк телефонун дароо өчүрдү.
Удаасы менен үч-төрт күндөн ашык тыным албаганга, Сакадайдын кирпиктери бири-бирине чапталышып, уйку келет. Батирине барып, эс алмакчы болуп, бирок, кирпик ирмей албады: башын жаздыкка койдуртпай, туш-тараптан тынымсыз телефон чалуулар… тынчтык бербейт, өзөк жалгоо оюна келбейт. Зымсыз телефондун тогу түгөнгөн. Сурагандарга жооп бергиче, токко сайылган чөнтөк телефону электр тогун топтогонго үлгүрбөй атты. Бир аз чырм этип алса, ээ?!. Ага да коюшпады…
Саат сегиз жарымда Калил телефон чалды. Ал да калемгер. Экөө кошо барып, оорукананын деректиринен таңкы жаңжал учурунда эч ким көз жумбаганын укту. Ал жерден чыгып баратып, дарбазанын бурчунда өздөрүнчө алда-неден чоочуркап, элеңдеп эки жагына каранган аялдарды жолуктурду. Кебетелери токмок жегендерден. “Доктурга көрүнгөнү киргенде милиция кармап алабы?”,- деп үрөйлөрү учуптур. Сакадай аялдарга чочубай – этпей, түз эле башкы дарыгерге учуроону табыштады.
Ал таанышына телефон чалып: «Тоолуктар ат майданга топтолуп атат»,- деген кабарды укту. Ал сөз ырас чыкты: ат майданга чукул жерде туш-туштан атчан, жөө, машиналар менен убап-чубап адамдар жыйналып атканда, Калил экөө жетип барды.
Чогулган элдин ортосунда кара-күрөң, “тез жардам” машинасы токтоп турат. Сакадай ал жерге жыйналгандарды башкаргандардан жагдайды сурады. Унаада Узактын акими барымтада олтурганын, кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздыртуу үчүн ал кармалып тургандыгын билди. Өңү-башы тердеп – кургап, жабык машинанын ичинде олтурган мойну-башы жоон аким менен сүйлөштү. Акимдин аймак башчылыгын тапшыруу жөнүндө президентке арыз жазганын, кармаган адамдардан эч кандай зомбулук, же ыдык көрбөгөнүн укту. Алда-кайдан жетип келген жылаңбаш Бекбол туюк, кара-күрөң машинанын төбөсүнө секирип чыкты да:
-Урматтуу калайык!.. Ким элге, а ким бийликке кызмат кылаарын өз көзүңөр менен көрдүңөр, туугандар! Бул жерде ажосу да, башкасы да жок. Депутаттарды да кимдер шайлаарын билебиз. Азыр барып, Ак үйдү кайра ээлейбиз. Силерди мен өзүм баштап барам!,- деп теребел жаңырта сүйлөдү.
Төрт-беш катар тизилген жөө адамдар агын суудай каптап, шаар ичин көздөй жөнөштү. Селдей аккан кишилердин алдында Бекбол, Жанар жана алардын партиялаштары, аксакалдар баратты.
Жөө жүрүшчүлөр калаанын чет жакасындагы тактай базарга жакындаганда сол көчөдөн полковник баштаган милициянын өзгөчө отрядынын жоокерлери асмандан түшкөндөй пайда болду. Баштарына темир чопкут кийип, колдоруна желим союл-калкан кармаган жоокерлер эки катарга тизилип, союлдарын даяр кармап, жөө-жалаңдардын алдын тороду.
Сакадай жаңжал болоорун алдыртан баамдап, аларды айланып өттү. “Азыр сөзсүз чыр-чатак чыгат, кагылышта ортодо калган – оңбойт”. Башына ушул ой чагылды. Ал аңгыча күтпөй, жөө жүрүшчүлөр топурап, жол четинен уучтай кармаган таш-кесегин спецназдарга ыргытууга өттү.
Спецназ таңкы чабуулдан менти тая түшкөнбү, же албууттанган тоолуктардын эчтемеден кайра тартпас маанайына көзү жеткенби, бу курдай жаалы кайнаган элге каршы туралган жок. Кызыл шапкесин колуна кармап качкан начальниги баш болуп, башы оогон жакка дыр койду.
Сакадай таш бараң башталганда коргонууга жай издеп, жол боюндагы темир дүкөнгө калкаланды. Туш тараптан согулган таш-кесек токтоор эмес, жамгырдай жаап, ыргытылып атат. Жолоочулар таңкы соккунун өчүн жандырмакка спецназдын артынан куйрук улаш түшүп, кууп жүрөт. Жеткенин жеткен жерде, колго түшкөнүн кармалган учурунда сабап, союлу менен калканын жула тартып жатат. Бир караса, беш-алты аял Калилди ороп алыптыр. Жакасынан кармап, силкилдетип:“Сен кайдансың, кимсиң?”- дешип, суракка алып жаткандай.
Калемгер арыктан аттап өттү. Арага түшүп: “Бул жигитти мен ээрчитип келгем. Силердин каармандыгыңарды гезитке, интернетке жазып чыгарат. Тийбегиле!”,- деп, таң сааркы жаңжалга ызырынган аялдардын колунан өңү бозоруп, оозуна сөз келбей, апкаарыган Калилди бошотуп алды. Ак үйдүн кире беришинде төңкөрүшчүлөр телеканалдын да төрагасын сүйлөтпөй, кууп ийишкен. Телеканалдын кабарчысы менен теле операторун кармап алып, тап жылдырбай, өз катарына мажбурлап олтургузуп коюшкан. Видео камерасын тартып алышыптыр. Сакадай кандай айла таап, кутулаарын билбей турган оператор менен телекабарчыны да аларды тутамдаган аялдардан куткарып алганын жан адамга айткан эмес…
Мындай окуя көтөрүлүш кызыган чакта казак элчилигинин катчысынын маңдайына да туш келди. Ал Сакадайды эш тутуп, борбордон келген. “Тентектер элчиге тийишсе, жер тиктейбиз”,- деп кабатырланган калемгер катчыга акыл үйрөткөн: “Бул жерде сизди эч ким тааныбайт. Беш манжа тең эмес, ар кыл адам болот. Кыргыз-казактын ынтымагын бузгусу келип, чагым жасагандар чыгышы ыктымал. Ага көзү ачыктык кылып болбойт. Ошондуктан жанымдан карыш жылбаңыз. Кимдир-бирөө катылса, мага дароо айтыңыз”,- деп учурашкан чагында ага дайындаган. Бирок элчи катчы бул насаатты эсине албаганбы, видео камерасы менен кылкылдаган элдин ичин аралап, тереңдеп кетиптир. Анын карааны негедир көзгө илешпей калган эле. Сакадай бакылдагы тыйылбаган кишилердин арасынан издеп жүрүп, бейтааныш адамдар анын тасмасын жулуп алып, чөнтөктөрүн аңтарып жаткан жеринен тапты. Катчынын мейман экендигин, төңкөрүшчүлөргө зыяны жоктугун аларга түшүндүрүп, видеокамерасын кайтарып бердиртти.
…Сакадай деңиз толкунундай чайпалып, толкуган жөө адамдарга аралашып, чаң ызгып, машинадан чыккан түтүн — жыт көңүлдү айланткан шаардын тар көчөлөрү менен улус борборуна келе жатты. Жөө жүргөндөрдүн баш учу ички иштер башкармасынын кеңсесине жеткенде асманга атылган автоматтын тытыраган үндөрү теребелди жаңыртты. Бирок, жөө кишилер ага сестенген жок. Имараттын төбөсүнөн кызыл Тууну жулуп алышты да, аны желбиреткен бойдон эң алдыңкы сапта бараткандарга карматышты. Жөө жүрүшкө ар кайсы чокудан агып түшкөн мөңгү суу сыңары туш келди көчөлөрдөн чыккан адамдар кошула берди.
Элдин агымы Ак үйдү беттеди. Жөө жүрүш ички иштер бөлүмүнө теңелерде автомат дагы тытырады. Темир чопкут кийгендердин бири имараттын үстүндө ары-бери басып, куралы менен үзбөй, асманга аткылап жүрөт. Жүрүштөгүлөр аны көчөдөн өтүп бараткан пилге үргөн кандекке теңештиби, ага көңүл бурушкан да жок. Жабалактаган жөө жүрүшчүлөр Ак үйдү кайра ээлешти. Имараттын биринчи кабаттагы каптал – бурчуна тактай базардын жанында жолун торогон спецназдан тартып алынган желим союлдар менен калкандарды жыйып коюшту. Көчөгө таш менен шагыл төгүлүп, бийликтин маңдайынан өтчү жол бөгөлдү. Аянт менен жан-жактагы көчөлөргө эл батпай кетти. Кайдан от жагылганы белгисиз, милиция бөлүмүнүн архив бөлмөсүн кызыл жалын чырмады. Бөлүмдүн короосунан кимдир-бирөөлөр аянттагыларга көздөн жаш агызчу газды түтөтүп, дубалдан ашыра удаама-удаа ыргытты. Газ жарылып, айлананы боз туман каптап, башкалардай эле Сакадайдын да көзүнөн жаш чууруду. Буга ачууланган жөө жүрүшчүлөрдүн бир бөлүгү милициянын короосун агын суудай каптап кирди. Ал жерге жашынган Ак үйдүн баштыгы коштоочулары менен тешик дубал аркылуу чыга качты. Аскер бөлүктүн короодо турган жоокерлери учуна ак чүпүрөк байланган шыргыйды бийик көтөрүп, быкпырдай кайнаган элди аралап чыгып кетти. Байланыш түйүнүнүн жанына токтоп турган автобус чатырап күйүп, түтүнү обого созолонду.
Ошо түндөн баштап, чакан автобустар жолоочуларды борборго ташууга өттү. Байтак калаада ар кайсы дубандардан топтолгон эл жөө жүрүш менен Ак үйдүн маңдайына жеткенде ажонун ың-жың чыгарбай, качып кеткени билинди. “Муз-Төрдүн” байлыгынын үчтөн эки бөлүгүн канадалыктарга карматкан туңгуч ажо Москвага качып барып, кызматын тапшырды. Экинчи ажо да беш жылга жетпей, чет өлкөгө качууга аргасыз болду. Ак үйгө жулунган адамдарга кайдан-жайдан ок атылып, кыйла көтөлүшчүнүн каны төгүлдү. Он жылга жетип-жетпей, парламентке шайлоо өттү. Шайлоо босогосуна чендебей калган саясатчылар Ак үйдүн алдына тарапкерлерин топтоду. Өздөрү ал жерде түн бир оокумга дейре депутат тандоону кайра уюштуруу, бийликчил деген партиялардын жеңишин тааныбоо талабы менен жүрүштү. Күтүлбөгөн жайда баш аламандык башталды да, кара таандай чурулдагандар Ак үйгө кайрадан чабуул жасап, анын короосу менен жетинчи кабатка дейре кирип барышты. Жогорку кабаттарга өрт коюлуп, ал таңга жуук өчүрүлдү.
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Олку-солку, чак-челекей, будуң-чаң. Шамал улуп, бороон жүрдү. Учу-кыйырына көз жетпеген океанга чыккан чакан кеме суу шарпылдап, толкун жүргөн сайын ары-бери чайпалып, калтылдап турду. Кичинекей кеме аскар тоодой, бийик-бийик, түмөндөгөн жүктү тартып баратса да, чырм этип койбой, көз мелжиген мухитте сүзүп бараткан чоң кемелерге суктана карайт. Ал: “Мен да ошолордой үйөр-үйөр толкундарды, цунамилерди тоотпой дүйнөлүк океандарда сүзсөм, кучагыма толгон элимди бир да көйгөйгө салбай, байманалуу кылып, тынч жашатсам, ээ?,- деп тамшанат. – Ал үчүн менде олтурган пенделер баары чогуу жең түрүнүп, ынтымактуу болуп, ыркырашып-чыркырашпай, калакты бирге шилешсе, кайда болсо да, октой учуп жетеер элем. Кимдин болсо да, максатын аска-зоодон ашыраар элем.”
Кеменин калагын анын ичиндегилер кезек-кезеги менен шилешет. Кээде, биринин айдаганы экинчисине жакпай, туш келди бурушуп, жаш-кары дебей, калакты талашат. “Андай айда, мындай айда. Оңго бур, солго бур, алдыга, артка!”,- деп акыл үйрөтүп, буйрук бергендер да миң сан. Мындайда кимисинин акылын угаарын билбей, кеменин башы айланып, ден-дароо тартат. Жайма-жай жылып, бирерде бир орунда айланчыктап калган кемеге боору ооруп, мээнетин жеңилдетип, жетелеп кеткени күлө карап, колун сунуп, алдыга сызган ири кемелер да болду. “Батыраак жайраса экен! Эли-жерин кесип-бөлүп алат элек!”- дешип, шилекейин агызып, төрт тараптан оозу-мурдун жаланып, тигилген дөө-шаалар да чыкты.
Сакадай ызы-чуу басылбаган мекенин аяп, аны мухитте башы адашкан ошо кемеге салыштырды. “Утуру баш аламандык чыгып, ынтымак ыдырап, уруш-талаш чыга берсе… Мунун айынан элдир-селдир иштеген мекемелер да токтосо, мамлекет кантип өнүгөт, эл кантип күн көрөт? Көрүнгөн топ барып, мыйзам менен иши жок, ишканаларды талап-тоноп, талкалап, өрттөсө… Өз кишисин тактыга олтургуза берсе… Карыз алкымдап турса, анын үстүнө үстөктөрү кошулуп, элдин жашоосу оңолбой, какаганды муштаган болобу?”,- деп кыялданды ал.
Шамал удургуду. Ал арада мухиттин айланасында өскөн камыштар желге ыргалып, ичи-койну шуудурады. Күн кызарып батып, түн кирди. Камыш арасында үргүлөгөн чөөлөр ойгонушуп, караңгыда көздөрүн кызартып, эч кандай шоокум угулбагандыктан улуп-уңшуп, кимдир-бирөөнүн канын сорууну эңсешти. Эл уйкуга жатып, түн бешиги термелгенде ээн жол менен жүргөн алсыз, жалгыз-жарым жаныбарга кол салуу чөөлөрдүн атам замандан келаткан өнөкөтү болчу. Ала топу Ботиржонду да бу чөлкөмдөгүлөр “чөө” атап алышкан. Ал дал ушундай чак-челекей, баш аламан, коргоосуз учурду күтүп жүргөн. Сексен тилде сайраган кишилер кайыкты жыргал заманга жеткирүү үчүн мээ катыра ойлонуп, анан бир ымалага келе албай, арга куруганда биринин сөзүн бири укпай, урушуп-талашып, калакты ар кимиси өз танабына тартып жаткан кезде, ал мыйыгынан күлүп койду. “Тытыша бергиле! Согушуп, бириңдин төбөңдү бириң кандагыла! Мага ошонуңар жагат. Кырк урууң кырк жакка, сексен улут сексенге бөлүнүп, башыңар бирикпей, канабайран болсоңор экен. Алсыраганыңарда калакты өзүм кармайм. Менин улутумдагы кишилерди майда-чүйдө кызматтарга коюп, өзүңөр башкарасыңар, ээ! Мен да баш бакан болгум келет. Мен да кайыкты башкарып, мен да калакты алып, кемени айдайм! ”,- деп өзүнчө сүйлөндү. Парламентте эл өкүлү болгону эстен чыкты. Кайык чоң ташка кептелип, жылбай калганда, карыз бергендер аманатын сурап, кайыктын эсин оодарганда, аны чыгарууну каалабай, эбегейсиз байлыгынан сокур тыйын чыгарбай, жээкке түштү. Улуп-уңшуган чөөлөрдүн ыйын укту.
Мамлекет олку-солку тартып, деңиздеги кемедей ары-бери чайпалып турган кез. Кыргыз өлкөсүнө эгерим жакшылык тилебей, койнунда толо котур таш, арам ойлуу Ботиржон дал ушундай чакчелекей ороң-бараңды эңсеп, күтүп жүргөн. Ичине ириң толгон бу чаар топунун шойкому – ал текейден арзан баага менчикке сатып алган алтын-күмүш дүкөнүнүн оро-парасында, килем базарында чыкты. Ал жездей кубарып алган. Сөзүн кунт коюп, угуп турган кандаштарына өз тилинде сагызгандай шакылыктады. Ич күптүсүн ошого чейин ичине катып, сары майдай сактап келаткан. Ар ким өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, баш аламан заман өкүм сүргөнүнө ичинен кымыңдап, алаканын ушалаган. Кандаштары миллион чамалаганын саймедиреп, орусчага муктаждык азайганын кыйытты. Мамлекеттик тилди уккусу жок. Мыйзамда расмий иштеп аткан орусчанын ордуна өзүнүкүн коюу дымагы күчтүү. Ал дымагынан өз алдынча мамлекет курууну эңсеген ич буроосу кылтыят. Анын жадына чаар топу төбөлдөр түн катып, арай көз чарай сукбатташканда ичкен анты түштү.
-Эмне үчүн биз прокуратурага, же сотко арызданчу болсок, даттанууну кыргызча, же орусча жазуубуз керек? Неге өз тилибизде иш жүргүзбөйбүз? Салыктарды үзбөй төлөсөк. Биздин да өз бийлигибиз, милициябыз, өз сот, прокурорубуз болушу керек. Мына, мен балдарыңар өз тилибизде акысыз билим алсын деп, орус-англис мектеп-гимназия ачып, иштеттим. Он тил менен жүз кесип үйрөткөн, ааламда жок университет, мединститут курдум. Ооругандар айыксын деп, оорукана тургуздум. “Тез жардамды” күнү-түнү бекер чуркаттырып койдум. Талаалап, иш издебешиңер үчүн көчөңөргө завод, тойкана салып бердим,- деди ал, өзүн тегерете курчап турган чаар топу эркектер менен көзүнөн башка жүзүн жоолугуна орогон аялдарды көкүтүп.
Кызарып-татара, бар ачуусун тилине чыгарган Ботиржон кезегин башы ашкабактай, чоң курсак дагы бир ала топучанга узатты. Бир убакта ири районду башкарып жүрүп, кийинки шайлоодо утулуп калган ак чач, кыркма мурутчан, казылуу ал кишинин да өксүгү ичинде белем! Чөнтөгүнөн дароо сууруп чыккан топусун башына кие койду да, он эки талап койгон кайрылууну буркан-шаркан түшө окуду. Чогулгандардын арасында жөнөкөй кийимчен үч тамганын кызматкерлери менен тартип сакчылары да жүрүшөт. Алар деле унчукпайт.
Опур-топур адамдарга аралашып жүргөн Сакадай ал экөөнүн кебин үн тасмага жаздырганы менен ою алда-кайда учту: “Бөрү баласы, ит болбойт. Канча баксаң да, тиктегени токой жак. Бир күнү ээсин кабат… Анын сыңарындай Батиржандан бөлөк кишилер Ала-Тоодой албан иш бүтүрсө да, милдет кылбай, док уруна элек. Бул экөө эл бүлдүрөөр чатактын башын кылтыйтып атат. Батиржан нечен ишкананы менчиктегени менен ынтымактын бузукусу, түпкү элдин ичинде багылган жоосу тура… Душман ичибизде катылып жаткан экен! Кара ниеттүү бүлдүргүчтү бөлөк жактан издешет. Өз жерибизде жүргөн ички жоону көрбөй, алаканга салып, парламентке шайлап, көктөтүп-өстүргөнүбүздү көр!.. “Депутаттыкка силер эмес, мени пулум”- шайлаган деп, аялдарга көкүрөгүн ургулаганын айтышты эле. Батиржан бу кылыгы менен куйругун чатына түйгөн чөөгө окшоп, коңулунда тим жатпас. Али шойком чыгара элегинде тизгинин тартаар күч кайда? Муну шырылдаңга башын тыгып, көкөсүн тааныткан Бек тирилсе, канале?”.
Жумурай-журттун арасына шынаа кагып, чатак салган орунсуз сөз -тоолуктардын чачын тик тургузуп, каршылыгын ойготту. Ботиржон менен анын чоң курсак шеригинин уулуу кебин уккан бийлик мыкчегерлери, тигиге каяша кылганга жарабай, ындыны өчүп, бир четте башын жерге салышат. Аялдардын жаалы кайнап, буркан-шаркан түшүп, Ботиржонды каргаганга өттү. “Ок, көзүң соолуп, темселеп калгыр! “Тузуңду ичейин да туз баштыгыңа түкүрөйүн” дегенден тура! Бу “эшекти” көрдүңбү, эмне деп азыналап атат? Момун элди алдап, чалагайым башчыларды пулга сатып алган неме бизди бийлегиси бар!” Аялдар тек тура албай, чаар топулууга кайбат кылышты. Эгерим өз тилин чанбаган ала топу түпкүлүктүү элден кыйла бай: жашоосу май көл, сүт көл. Элүүгө чукул ишкана-мекемени менчиктеп алган. Нечен гектир бош жер, беш кабаттуу турак-жайлар да ага карайт.
Калк арасы мындай бөлүнүп – жарылуу өнөкөтү менен иши жок, камыр-жумур, ынтымактуу, ырктуу журт. Ичине кара таруу айланбаган Ботиржон парламент менен бийликтеги, улус-шаар, аймактардагы, айыл өкмөттөрдөгү, башка тармактардагы эл башкарган кандаштары сыяктуу жетекчилерди капарына албагандай, алар ала чакмактаган көзүнө илинбегендей. Эл ичине от жакканын туйду көрүнөт. Антпесе, каргап-шилеп, чуру-чуу түшкөн аялдардын ырайынан чочудубу, Ботиржон жандоочуларынын курчоосунда алтын-күмүш саткан менчик дүкөнүнө кире качып, каалгасын ичинен бекиттирди. Айнек терезелүү дүкөндөрдү милиция коргогонго өттү. Кыз-келиндер колуна тийсе жулмаламак болуп, ал жашынган айнек дүкөндү Күн ылдыйлап, салкын түшкөнгө дейре айланчыктап жүрүштү.
Нечендеген букара бул арада үй-жайсыз калып, чакан калаада ар кимдердин үйлөрүндө баш калкалап жүрүшкөн. Жаңы турак-жайлар курулбай, жер тартыш болгондуктан эчен жылдап, кезекке тургандарга да орун-очок сейрек тийчү. Ботиржондун кылыгына ачууланган баш калкасы жоктор ал кожоюндук кылган бош турак-жайлар менен жер аңыздарын ээлеп алышты. Утуру чогулган топ аялдар: ”Сиз да жүрүңүз! Кур дегенде уул-кыздарыңызга жер тийип калаар!”,- дешип Ажар энени да жетелемек болушту. Эне ага көнгөн жок.
— Мен жер, үй, байлык алуу үчүн Батиржанга каршы чыккан эмесмин. Элдин ыркын бузганы, улутчулдук кылганы мага жакпайт,- деди баш чайкап.
— Анда эмнеге чурулдаган элге кошулуп жүрдүңүз?,- деп сурады тажаал аялдардын бири.
— Кыргыз жеринин чет элдиктерге берилишин каалабадым. Адилет, калыс шайлоо болсун дедим. Бирөөнүн оокат-мүлкү буйрубайт. Кудайга шүгүр, өз ырыскыбыз бар. Балдарым маңдай тери менен иштеп, багып атат, — деген Ажар эне мындан ары ажаан аялдардын тобунан бөлүнүүнү болжоду. Алардын шеринесине да бут баспай койду. Эсинен Австрияда жүргөн кулуну чыккан жок. Баласы кийин үй-бүлөсүн да Европага чакырттырып алган. Ажар: “Депутат болгонго чейин чет өлкөгө качып кеткен башчың деле уулу экөө кайтты. Сен да кайтып кел, козум!”,- деп чакырды. Уулу көнбөй, көшөрдү. Ал чет өлкөгө алдырууга энеси үчүн эки ирет чакыруу жиберди. Ажар эне адегенде документтеринин айынан ал жакка барбай калды. Кийинкисинде буту тарткан жок. Ошентип, уулун саргая күтүп жүрүп, көз жумду.
Сакадай тиешелүү мекемелерден сураштырып, мамлекеттик кызматтарды өзү билип, өзү бөлүштүрүүнү чечкен Ботиржондын менчик аба бекети менен “Боинг” өңдүү учактары да бар экенин, аларды жубайы менен бала-чака, тууган-уругуна каттатырып койгонун билди. Учактары арап мамлекеттерине каттайт. Менчиктештирүү кезинде карапайым айылдыктарга үлүш жер гана тийген. Нечендеген бодо мал, жылкы, кой-эчки, алардын короолору менен ири имараттар, завод-фабрикалар таланып-тонолуп, жок болду. Шаарлардагы эски курулуштарды да жайкын пенделердин сатып алууга мурчасы жеткен эмес. Андай бөлкөнтайлар жалаң чоңдор менен бармагын жалаган байлардын бактысына бүткөн. Сакадайдын эсине Бектин Ботиржондун тизгинин тарткан окуясы түштү.
…Анда чилденин күчөгөн кези. Айлана мамыктай ак карга чулганган таңкы маал. Ызгаар сөөктөн өтөт. Ботиржон калың токойдогу жыгач үйүндө уйкудан жаңы эле ойгонду. Баш ачып, үйлөнгөн туңгуч аялы менен бала-чакасы айылда калган. Үйүнөн жети кадам аттагандан кийин чер жазганы ойношун ээрчитип алган. Көрпөдөн жылтылдаган кара чачтуу башы, жылаңач ийини менен колу чыккан көңүлдөшү дубал жакка оодарылды. Караса, эчтемеден бейкапар уктап атат.
Сырт жактан кимдир-бирөөлөрдүн сөңгөктөй ката түшкөн карды кычыр-р-кучур-р эттирип, басып жүргөнү угулду. Жеңил кийимчен Ботиржон терезе пардасын ачып, айнектен короого көз жүгүрттү.
Тумагынын кулакчынын жаак ылдый түшүргөн эңгезердей эки жигит бири-бирине: “Сен ары жакты кара, мен бул жакты байкайын”,- дегендей оң-сол жакка кол жаңсашты. Шыңга бойлуусу тепкич менен каалгага жакын келди. Ичинен илинген каалганы булка тартты. Босогодон аттап, кирген бейтааныш киши Ботиржонды көк желкеден аткый кармады да, жылаңаяк бойдон дегдеңдете сыртка сүйрөдү.
— Эй, б-бурадар, сен кимсиң? Бул эмне кылганың?
Аттиштей кыпчыган колдун күчтүүлүгүнөн мойну ооруксуган Ботиржон боюн түздөгөнгө шаасы жетпей, араң үн катты. Аны эшигин экинчи шериги ача койгон машинанын ичине түртүп киргизишти.
-Э каякка?.. Кайда алып барасыз?… Жок дегенде жылуураак кийинип алайын, коё туруң,- деп ал булкунумуш этти.
Оң жагында олтурган шыңга бойлуу неме жооп ордуна аны кулак түпкө сокту. Чулу темирдей чоң муштум тийгенде Ботиржондын көзүнөн от чагылып, башы кеңгиреди. Айыл аралап, чоң жолго барып кошулчу көчөдөн кишилер көрүнсө, кыйкырып-бакырып, кол булгалап, жардамга чакырайын десе, таңкы үрөң-бараңда жолдон бир инсан учурабады. Ичи караңгылатылган чакан үйдөй чоң машина жүрүп олтуруп, дарыя боюна келип токтоду. Ботиржонды жээктен ылдый сүйрөп түшүрүштү. Дарыянын бетине муз тоңуп, муздун алдында шылдырттап суу агып жаткандай. Өрөөндүн ичи менен өйдө-ылдый күүлдөп аткан муздак шамал Ботиржондын ичи-койнуна толуп чыккансыды. Ал жардан ылдый түшкөн суунун боюнда кара шапке кийген жапалдаш бойлуу, үстүндө өтүгү менен шымынан бөлөк кийими жок, арык кишинин ары-бери басып жүргөнүн көрдү да, аны кимгедир окшоштурду. “Ой-ээ, киндигинен өйдө жылаңач турса да, үшүбөгөнүн кара”. Деген менен бирок, эстей албады. Ал “бери баскыла” дегендей ым таштаганда тиги экөө сууктан титиреген Ботиржонды дарыя боюна жетелешти. Кара шапкечен маңдайы жарык, жылдыздуу адамдай туюлду. Муруту жылтырап, көздөрү күлүңдөйт. Бул – Бек болчу. Кимдир-бирөөдөн, же эсин таппаган чоң муштумдардан ыдык тарткан карапайым адамдарды калкалап, коргоп жүрчү. Соттон адилеттик таппаган жайкын адамдардын ишин да бүтүрүп берчү. Ал Ботиржондын уюткулуу журт ичине бүлүк түшүрүп: “Өз алдынча мамлекет курам”,- дегенин угуп, жолдун ыраактыгына карабай, алейне келген. Ар кимдерден сурап олтуруп, “чөөнүн” жаңгак токойлуу курортунда эс алып жүргөнүн билген.
-Батиржан деген сен белең?.. Таппай калат,- деп үңкүрүңө кире качкан экенсиң да, ээ! Дайныңды жоготуп, качып жүрүп, коргологон ийиниң ушул жер тура!,- деди ал Ботиржондын төбөсүнөн ылдый сыдыра карап.
Ботиржон кара шапкеченге шериктеринин оройлугуна даттанмак болгон. Сүрдүү көз караштан жалтанып, ооз ача албады.
Бек аны желкеден аткый кармады да:
— Жердин жети түбүнөн болсо да, чачыңдан кармап, сууруп чыгам, сени… Эшектигиң тутуп, айкыра баштаган экенсиң…
Бектин көз карашынан тайсалдаган Ботиржон качкын тегерегиндеги жигиттердин оңой адам эместигин сезди. Суроо-сопкутсуз эле жылуу түнөгүнөн жулуп чыккан себебин сурамак болду. Бирок, тили күрмөөгө келбей, шилекейин жутту.
-Телефондон “тим жүргүн” деп эскерткем, уккансың ээ?.. Ага карабай, үргөнгө өттүң…
Муз үстүндө эки колун колтугуна сала бүжүрөгөн Ботиржон калчылдап, какшаган таманын ысытмакка буттарын бири-бирине ургулайт. Өзүнөн кичүү өңдөнгөн кара шапкеге карап жалдырады:
— Сизге не жамандык кылдым, аке?… Мага тийбеңиз, канча доллар десеңиз берейин!
— Ал акчаңды өзүңдөй чайкоочу, кайырчы болуп байыган туугандарыңа кармат! – Бек шымынын чөнтөгүнөн алып чыккан тамекисин тутантты. Ботиржон ого бетер үшүдү, кулак-муруну тоңгондой болду.
— Анан эмне кылайын, жан аке?…
Кара шапке ага жооп кайырбай, чылымын соро берип, артта турган жигиттердин бирине: “Ишке кириш” — дегендей көз ымдады.
Олбурлуу жигит Ботиржондын бут алдында турган музду калың өтүгү менен карс тепти. Муз жарылып, Ботиржон балтырына дейре шырылдаң сууга бата түштү. Муздак суу бүт денесин какшатканда, аны турган ордунда калтырак басты. Күбүрдөн аттап, чыкмак болду. Бирок, бет маңдайындагы шыңга бойлуу жигит көөдөнүнөн түртүп, кайра сууга түшүрдү.
— Өзүңдөн көр, эй эш-шек!,- деди Бек, тамекисин оозу-мурдунан бурулдата үйлөп. – Эмнеге минткенибизди түшүн! Бизге каршысың!.. Анан сүйлөсө, “… ой базарыбыз, мазарыбыз, тилибиз, динибиз бир. Түрк атанын балдарыбыз” — деп ооз көптүрүп, сары чайың менен палооңду көтөрө чуркайсың. Кошомат, пулуң менен Ак үйдөгүлөрдү сатып алганыңды да билем. Кимдин колдоосу менен бийликке жетериңди да уккам. Тилибиз бир болсо, атаңдын чокусуна тил талашасыңбы, элди бузуп? Бизди көрө албаган сендей эшектерди атып салсам, ички жоодон бирөө азаят…,- деди да, Бек кар үстүнө коюлган олтургучтан өйдө турду. Кол кабын чечип, Ботиржондын шилисинен мыкчый кармап, оң тизеси менен жамбашка тепти. Качкын сууга көмкөрөсүнөн түштү. Ботиржон суудан башын көтөрмөк болгондо кара шапке эңкейип, көк желкесинен ылдый ныгырды. Башын сууга кайра тыкты да:
— Көпсөң, ушуну көрөсүң! Кайсы жерде, кандай элде жашап атканыңды билип кой! “Өзүмчө мамлекет тигем!”,- деп дагы жулунат экенсиң, жакшылык күтпө! Уктуңбу?. Бу жолу кара шапкенин үнү жанагыдан айбаттуу угулду. — Эми эстедиңби май айында эмне кылганыңды!.. “Силерге үй түгүл чобурумду да карматпайм”,- деп биздин энелерди сөккөнүңдү! Апаңдын ак сүтү ургур! Ушул жорук ошо кылыгыңдын кайрымжысы!.. Кыз-келиндерди дагы сөгөт экенсиң, үйүң менен кошо өрттөп таштаймын, уктуңбу?.. Сага тапшырма, аэробекетиңди, самолётуңду… Зергер дүкөндөрүң менен алтын-күмүштөрүңдүн бир чекесин да коротпой, мамлекетке төгөсүң! Биздин эгемендикке тийишкениң үчүн! Түшүндүңбү?
Муздак сууга чыланып, кубарган бети-башы көгөргөн Ботиржон сүйлөөгө эби келбей, бүжүрөдү. Жаңы самолёт сатып алганга чоттогон пулу эсине түштү. Аны эч кимге карматкысы жок. Ал кийин баштаар өз ою ойрондолуп, түрмөгө түшөөр тагдырга байланса, учагы менен катын бала-чакасын алып, куйругун түйүп, Арапстанга, же Дубайга качып кетүүнү болжоп жүргөн. “Демек, бул максатым да билинип калган белем?”. Ботиржонго ушул ой келди.
Бек желкеден ныгыра кармап, башын шырылдаң сууга кайра тыгаарда ага үн бүттү. Кара шапкечендин кош тизелерин кучактап, жалбарды:
— Коюңуз, жан аке, мага тийбеңиз! Андан көрө катынымды ал!..
— Ох, айбан!Сен эш-шекти… “Аялын бирөөгө салып бергенден да тайбайт”,- дешти эле, чын экен да, көрсө! Абийирсиз…,- Бек аны өзүнөн оолактатып, башын сууга кайрадан ыгаарда Ботиржон эчкире ыйлап жиберди:
— Макул, макул!.. Бардыгын алыңыз… Жанымды тим коюңуз, жан аке!
— Экинчи баш көтөрбөйсүң!.. Сага үч айлык мөөнөт. Жазда кайра келебиз. Кеттик, жигиттер!,- Бек таш үстүндө жайылып турган көйнөгүн кийди. Муштуму менен көкүрөккө урганда Ботиржон сууга кайра кулады. Тигилер жол боюна чыкканда гана ал күбүрдөн суурулуп чыкты да, үңүлдөп ыйлады.
Арбайган сөлөкөттү жолдон өтүп бараткан атчан киши таап алды. Суусар тебетейчен чабандес үстүндөгү тери тонду чечти да, суу болгон ак ала ыштаны тоңуп, безгек тийгенсип, жаактары шакылдап отурган Ботиржондын үстүнө жапты. Атына учкаштырып, үйүнө жеткирди. Жылуу тамак ичирип, кийимин котортту. Ысык төшөктө сулк жаткан Ботиржон тулку-бою жылыганда чукуранып, бир капталына оодарылды. Үй ээси анын ыраң-бешенесинен тирүүлүктүн жышааны байкалып, чекеси тердеп, көзүн ачканда дарегин сурады. Ботиржондын калың токойдо көгүш түстүү арча менен кызыл карагайдан куралган курорту бар экенин укту да, уулуна машинасы менен муну ошол жакка жеткирип коюуну буйруду.
Ботиржон арадан далай жыл өткөн соң, кара шапкечендин сүрөтүн гезиттен көрүп тааныды. Аты Бек экенин ошондо билди. Гезит жазгандай ал зөөкүрлөрдүн огунан жан бериптир. Муну окуган Ботиржон энеси үчем төрөгөндөй сүйүндү. Жүрөгүн түшүргөн адам эми бу ааламда жок. Корко турган жан алгыч калбады. Демек, чейрек кылымдан бери жанына тынчтык бербеген ич буроосун ишке ашырса, жарачудай.
ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
Убакыт дөңгөлөктөй чимирилип, апрель айы баш бакты. Сакадай бир капсалаң болчудан бетер жетинчи апрелде таң ата тоолуу аймакка жетти. Тоолуу айыл-кыштактарга бурулчу көчөгө унаалардан түшкөн топ адамдардын карааны күн жүрүш тарапка жылып келатты. Алар аймак борборуна утурлаганда каптал көчөлөрдөн да кишилер кошулуп, караан жанагыдан кыйла көбөйдү. Колдоруна көтөргөн кызыл-тазыл тасмалар жеңил соккон шамалга желбирейт. Жөө жүрүштү район акими Алан менен мекеме-уюмдардын башчылары жана тартип сакчылар торой чыкты.
Элдик курултайды уюштуруу бирикмесинин чабарманы Токо ушу аймакка жөнөтүлгөн. Ал өлкөдө Акаевден калган үй-бүлөлүк башкаруу урабай эле, андан кийинки ажонун тушунда кайра тамырлаганына кейиди. Президенттин өз уулуна мыйзамда жок кызмат ачканын макул таппады. Токо аким менен милиция башчысын жөө жүрүшчүлөрдүн сабына кошулууга үндөдү. Ага көнбөсө, кызматын тапшыруу тууралуу өлкө башчысына арыз жазуусун сунуш этти.
Садыркул кедейлик күчөп, иштеерге иш жок, саясий куугунтук токтобогонуна ызаланды.
-Алан — деди ал акимге, — эгер элдин таламын талашам десең, кымбатчылыктан улам калктын жонунан кайыш тилингенин өйдө жактагыларга эмне айтпайсың? Биз электр энергиясы менен чөнтөк телефондун кымбаттаганына чыдабайбыз. Ошол маселени эмне үчүн 17-марттан ушу күнгө чейин Ынтымак курултайына койдурбастан ажону мактатып, ырдаттың, бул бир. Элге күйсөң, биз менен жүр…
Алан жооп ордуна көз айнегин жүзаарчысы менен сүрткүлөдү. Аны кайра тагынып, акимдиктин тизгини колуна тийгенден бери бүтүргөн жумуштарын манжалары менен санады. Жер-суу бөлгөн бет маңдайдагы адамдардан өзүн өйдө көрөөрүн айтып, компойду.
—Алан, элге кошул. Болбосо, кызматтан кет, — деди Токо чечкиндүү түрдө. –Арызыңды азыр жаз!
-Арыз жазгыдай… Акимден бошоткудай кызматка мени силер дайындаган эмессиңер. Мени район акимдигине президент койгон. Буйрукту ошо киши чыгарат, чечимди ошо киши кабыл алат.
Алан кызматынан бошотуу жөнүндө президентке сураныч жазуу сунушуна ошентип, көнгөн жок. Акимдиктин ээринен түшпөй турганын жана аймак калкы менен ажого гана баш ийеерин кыйытты:
-Силер көп дегенде үч жүзсүңөр. Райондо жүз жыйырма миң калк жашайт. Көчөдөгү бийлик кумарына кызыккандар кет десе эле, орунду бошото бергидей, мен маңкурт эмесмин! Муну билип койгула. Башка адамдардын ою силердикиндей эмес, бул жагын да эсепке алгыла. Бери жагы эле райондо байырлаган жарым миллиондон ашык киши: “Давай, кызматтан кет” — десе, ошондо ойлонуп көрөм. Керек десеңиз, мен да жарым-жартылай, өбөк-жөлөксүз жигит эмесмин… Ишенген эли-жерим бар. Алар мени силердей кузгундарга чокутпайт.
-Көрөбүз, анда! Президентиң менен кошо жолго түшөсүң. Карап тур! Аның азыр алапайын таппай атат. Ак үйгө чабуул башталды — деди Токо, көзү ачык эмедей.
Жөө жүрүшчүлөрдүн башы бириге калып, өздөрүнчө шыбырашып акылдашты. Бир чечимди макул тутушкан соң, кайра тарашты. Алар жолун торогон милиция менен акимдин жака-белиндеги жергиликтүү чоңдорду жөөлөп өтүп, кире беришинде өлкө Туусу желбиреген райадминистрациянын кеңсесин көздөй бет алышты. Имаратты ээлөөгө өтүштү. Жашыл-ала кийимчен милиционерлер Токо баштаган топту кыйлага дейре имаратка жакындатпай, улам тосуп, асманга кур дүрмөт атышты. Жолго көздөн жаш агызчу газдуу чөйчөк томолонду. Бирок, ал чөйчөк жарылбай, бышылдап түтүн чыгарганы менен четтеги бакка урунуп, барып токтоду.
Эки тарап ары сүр, бери сүр болушту. Түш оогондон кийин Токо баштаган жөөлөр акимдин имаратына дуу кирип барышты. Экинчи кабаттын кош канат терезелерин аңырайта ачып, андан Тууну желбирете, бийик көтөрүшүп, экиленте булгалашты. Дароо өз ара жыйын куруп, аймактын акимдигине Садыркулду шайлап ийишти. Ал мурда өзү киндик каны тамган айыл өкмөтүн бийлеген. Ички иштер бөлүмүнүн ачендигине Сарыбай дайындалды. Сарыбай бир жагы “кандуу жекшемби” окуясында жабыр тарткандардын жактоочусу, экинчи тарабы адам укугун коргоо жагдайында азуулуу жигит.
Сакадай тоолуу аймактагы кырдаалды кабарлаганы улам борбордогу кеңсеге телефон чалат. Кеңседегилер тыңшоочту алышат да, үн чыгарбай, ордуна кайра коюшат. Арга түгөгөндө кеңсе деректиринин телефон номерин терди. Деректир алда-неге санааркап жатканбы: “Коё туруңузчу, байке! Быякта…”- деп калган кебин бүтүрбөй, телефонун өчүрдү. Көрсө, Ак үйдүн айланасы элге толуп, алар туш-туштан Ак үйгө жулунушат. Айкайлап жүгүргөн демонстранттарды адегенде курсанттар, анан милиция тосот. Ак үйгө жулунгандар ок атылып, бирөөлөр каза таап, жарадарлар боодой түшкөнүнө карабай, каршы топторду жарып өтүшөт. Жол боюна курал-жарак ташталган болот. Машиналар талкаланып, Ак үй өрттөлөт. Жүздөгөн адам Ак үйдү ээлеп алышат. Ак үйдүн ээси коргоочулары менен түн ката белгисиз жакка шуу коёт. Элетте турган Сакадай эмне кылаарын билбей, чайналды.
Иштин жайын ал түн жарымда үйүнө кайтканда телевизордон көрүп, төбө чачы тик турду: борбордо, Ак үйдүн айланасы кыйсыпыр түшүп, түшкө кирбес алаамат болгон тура. Күндүзү телефон чалган тааныш-тунуш адамдардан ар башка сааттарда “… он төрт…. отуз… кырк, алтымыш… жетимиш… сексен адам окко учту” – дегенин угуп: “Оозуңа таш, кайдагыны айтасың! Андай алаамат болбосун. Дөөдүрөбө”-,деп аларды жекирген. Ошондо кан басымын ашырып, башын оорутуп, сексенден ашык үй-бүлөнү кайгыга батырган канабайран болгонуна ишенген эмес.
Түн бир оокумда телевизорду жандырса, башынан ылдый киндигине дейре дырдай жылаңач киши Ак үйдүн маңдайындагы кумдуу кап менен тосулган тосмону көздөй ак көйнөгүн булгалап атат. Тосмого жашынып, башын анда санда көтөрө койгон темир каскачан жана бети-башы таанылбаган адамдар көрүнгөн. Ак үйдүн каалга — терезелеринен кара түтүн асманга уюлгуйт. Ар кайсы жерде өрттүн калдыктары, быкшыган түтүн, жерге адам каны төгүлгөн. Бутуна ок тийген жарадарды далдаага көтөрө качкан адамдар, жоон даракка калкаланып алып, Ак үйдү мээлеген киши, жетинчи кабаттын үстүндө ары-бери баскан жоокер кийимчендер, калкандары менен төбөсүн тосуп, качып бараткан спецназчылар көзгө урунду. Аларды кызыл тууну желбирете көтөрүп, БТРдин үстүндө бараткандар кууп жүрөт. Ак үй алдында кандуу булоон болгонуна, күндүзү борбордон ага телефон чалган адамдар туура айтканына түнүчүндө ынанды.
Сакадайдын эсине улус байтагы түштү: “Деги тынч бекен? Жайкын турмуш дооран сүрүп турган шекилдүү. Кокустук чыкса, мени издешип, телефонго чалып, кабарлашат эле да.” Акыбалды билгенче миң сан кыялга батып, тыбырчылады. Улус байтагы олку –солкудан алыс, тынч экенин тааныштарынан укту.
Бул убакта өзү максат кылгандай мемиреген тынчтык орногуча улус башчынын жүгүн көтөргөн жигит ал кызматын Бекболдун колуна тапшырды. Бекбол, бирок, Убактылуу өкмөт аны тааныгыча иш бөлмөсүнө кирген жок. Коргондогу жыйналышта улус башчылыкка шайлангандан кийин гана кызматына олтурду.Тескерисинче, ал кезде улус башчынын кызмат оруну ар ким алмашып чапкан күлүк өңдөндү: анын тизгини бирде эски бийликтин, бир аз күн өтпөй, Убактылуу Өкмөттүн чабарманына тийип турду. Мындай буйдалыш маалда унаасынан мылтык түшүрбөгөн башка бир адам улус башчынын олтургучун ээледи. Ал киши убактылуу өкмөттү тоотпой, кайбат кылды. Бир күн өтпөй, ал да кызматын таштап, кайдадыр качып, жоголду.
Дагы бир күнү Ак үйдү ээлегендер күн шашкеге дейре борбордук аянттан жылган жок. Күн аркан бою көтөрүлгөндө бир чакырымдай аралыктан ары жактан кылкылдаган көп караан аларга каршы жылып келе жатты. Бул арада Ак үйдү басып алгандар жеңин түрүнүп, жолго чыкты: каршылаштарын тосуп алууга кам урду. Таш чогултуп, колдоруна союл кармашты. Каршылаштардын кармаганы да таяк. Арадан көп өтпөй, бет маңдай келген эки тарап кагылыша түштү: союл-таяктар бири-бирине карса-курс тийип, чабыш башталды. Алардын ортосунда калган Сакадай чабышкан үндөрдү үн тасмасына жаздырып, жөөлөшүп-мушташкандардын арасынан жөрмөлөп, араң чыкты.
Эски бийликтин тарапкерлери кызыл, көк, сары түстөгү байрак көтөргөндөрдү артка кууду. Чегинген кишилер жарым чакырым сүрүлүп барып,токтоду. Баш аламан, кыйды бычак… Кайдан-жайдандыр автомат тытырайт. Ошо маалда Сакадайга телефон чалышты. Борбордогу кесиптеши Бурул экен, ал курал-жарак атылып, жардыргыч заттын “баң-ң-буң-ң” эткенин кулагы чалдыбы: “Ужас, ужас…Байке этият болуңузчу!”-,деп жалбарып ийди. Мылтыктын ачуу үнү көчө жээгиндеги калың бак-дарактардын арасынан чыгып жаткандай туюлду. Бирок, мылтык аткан адам көзгө чалдыкпай, айтор, ок атуу кыйлага созулду. Анын ачуу үнүнөн кулак тунат, жагымсыздыгынан баш зыңгырайт. Автоматтын атылганына бирде арт, бирде алды жактан ыргытылган таш кошул-ташыл болот. Жан сактоо амалы менен туш келди качып жүргөн жан…
Сакадай да улам коогасыз бөлөк көчөгө ойт берип, баш калкалады. Ок тийдиби, чок тийдиби, ким билет, калаймандын арасынан ичин кармалап, эки-үч жигит бүк түшө, четке чыга качып, жайдак жерге күп түштү. Колдору кан. Алардын ары-бери ооналактап, чалкасынан түшө жер тепкилеп, тыбырчылаганына Сакадайдын жаны ооруду. Бетон арыкка кулап түшкөн жоон денени союл менен үстү-башына чапкылап жатышат…Чекесинен кан шүүшүндөп, жипкирип аткандарды дит чыдап, кароо мүмкүн эмес. Алда-кайдан шуулдап жетип келип, аянттын четине токтогон “тез жардам” унаасы аларды жүктөп, төбөсүндөгү көк-кызыл жарыгын жаркылдаткан бойдон оорукананы көздөй сызып жөнөдү…
Кайсы көп кабаттуу мекемеге караштуу экени беймаалым: чамада кино-театрдын маңдайында го, айнек терезелер шарактап, күбүлүп түштү. Болжолу, ок чарпыды, же таш тийди. Ал арада Ак үйдүн короосунун четинде өсүп турган арча, ак кайыңдардын арасында “дүң-ң” этип, жардыргыч жарылды. Анын соңунан ок-дарынын күйүндүсү жыттанып, боз туман абага тарады. Театр жактан бак аралай ала чапанчандар чыкты. Чапанчандарга кебете-кешпири түрк түспөлдөш бирөө мылтык таркатты. Алар Ак үй аянтындагы адамдарды кууп атып, соңунан таш жаадырды. Тарс-турс этип, тапанча атылды. Билегин ок чийгенби, ыйлагыдай болуп өкүрүп-бакырып, сөгүнгөн киши жеңин чыканагына дейре түрө баштады. Билегинен шүүшүндөп кан чуурулду. Анын тили менен аянтка чыккан чапанчандар артка бурулуп, бат эле көздөн кайыды. “Чайыттай ачык асман алдында, бак-дарагы менен өсүмдүктөрү, не бир ырыскы көгөргөн жер үстүндө мамыр-жумур жашаган адамдар ушинтип, эки жаат болуп, эмнеге жоолашат? Мансап куугандардын тилине кирип, бирин-бири кыра береби?” – деген ой Сакадайдын көңүлүн оорутту.
Бешим ченде ок атышуу токтоп, айлананы жым-жырттык каптады. Кагылышкандар эсине эми келишкендей, тынчтык өкүм сүрдү. Арадан эки-үч саат тыныгуу өттү. Көчөдөгүлөр көлөкөгө бой тартып, кайдан-жайдан келген нан, суу менен олтурган-турган жеринде шам-шум этишип, өзөк жалгашты. Сакадай өзүн далдаага тартты, кишилердин тамактануусуна көз салууну жактырбады.
Ымырттык көпкө узаган жок. Ары жактан келип токтогон эки-үч машинадан бирдеме түшүрүп жатышты. Унаа Ботиржонго караштуу болчу. Ал кесилиште топтолуп, бети-башына кара чүмбөт орогон жигиттерге курал таркатып атты. Ал өз кандаштарынан башканы жактырчу эмес. Жер жаралгандан тартып, кооз, күнөстүү мекенди байырлаган жергиликтүү элди жерип, көргүсү келбей, жинди болгондон бетер зиркилдөөчү. Көзүнөн башка жаак-бетин чүмкөгөн өз жигиттерине алдынан чыккандарды кууп таркатууга буйрук берди. Тишин кычыратып, ичинен кекенди. Кайсы бир жылы өңчөй топучан төбөлдөр түн катып, арай көз чарай сукбатташканда ичкен анты жадына түштү…
Сегизинчи бөлүм
Ботиржон төбөсү көрүнгөн кандаштарын шеринеге чакырган сайын палоо демдетчү. Палоосу бешене жылытаарлык деле тамак эмес: адашкансып бүргө башындай бүдүрөйгөн эт колго урунбаса, табак толтура жалаң күрүч бастырат. Ал ушу тамагын да Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тарткандан бетер мактап, өз мартабасын көтөрдү. Элди тоюна чакырганда жалкы кой союп, анын жарым этин арттырып алчу. Ашкан этти базарга саттырчу. Ала топучандын канына сиңген ушул мүнөзү буга да бүткөн: кирпик ирмем өтүп-өтпөй: “Палоодон алгыла. Аштан жегиле”,- деп утуру кайталап, дымак кыла берди. Мунусу чын ыкласынан чыкпаганын шеринелештери да сезди. Ичинен: “Оокатты түгөтө турган болду, ач көздөр!”,-деп сүйлөнүп, шеринелештеринен тамагын кызганганын алар деле билди. Чүмчүңдөтө палоо сугунган табакташтарын ичинен жек көрдү. Бири-биринин сырын илгиртпей туйган чаар топу бирөөгө оокат сунаарда ичинен кан өткөндөй болуп, өзгөдөн ашын коруп, битирлиги аша турган. Ботиржондун пейилин билген ак чачтуу киши оокаттан бир кашык сугунуп, ооз тийди да, табакты ага көздөй түртүп койду. Башкалар да тамагын тыйды.
— Бах-х… Палоо деп ушуну айт, күрүчтөрү бармактай-бармактай. Жеген да арманда, жебеген да арманда. Бир тоюп жыргадык, ээ?!,- деп Ботиржон кара күчкө кекирди. Калп жылмайып, майлуу колун кир сүлгү менен жышыды.
Көз алдына башына төрт кырлуу топу кийген, кодоо бой атасы тартылды. Атасынын колуна өтүк кармаган айкелин ишканасынын кире беришине тургузган. Бийлик тийгенде өзүнүн да эстелигин коюууну эңсеп жүрөт. Атасы өтүк ултарганы менен зыкым киши болоор эле. Ак төөнүн карды жарылып, бышыкчылыктын доору сүрүп, үй алдына тиккен жүзүмү алтындай саргайып бышып, төбөдөн ылдый үзүлө жаздап, самсаалап турчу. Үй ээси босогосун аттаган мейманга жүзүмдүн көлөкөсүнө коюлган сөөрүдөн жай бергени менен куру чай-нан менен сыйлачу. Элпеңдеп-желпеңдечү, бирок казанын кайнатчу эмес. Үзүлүп түшчүдөй болуп, төбөдө жайнаган жүзүмдү тиктеген коноктун ал жемиштен үмтөткөнүн сезсе да, бөлөк жашылча-жемиш түгүл, табакка бир шиңгил жүзүм койбой турган. Короосунда бышкан коон-дарбызы менен анделегин да балдарына тийгизбей, базарга пулдатчу. Ботиржондун тестиер кези. Мектептен ачыгып келип, обору ачылган бала эки жагын уурдана карады. Үй ээсинин уруксаты жок, жадесе энеси да жүзүмдү үзүүдөн коркот. Ал аңдып турган атасы үйдө жоктугун байкады да, өөдө бир секирип, колуна илешкен жүзүмдүн бир тогологун оозуна шаша-буша салып ийди. Чайнаганын жуткуча болбой, жону менен шыйрагы ачыша түштү. Бурула карап, муруту тикчийген атасынын колунан көк чыбыкты көрдү. “Жүзүмгө тийсең, өлөсүң!”,- дечү атасы. Уулун короону айланта дыргаяктата кууп, чыбык менен сабап жүрдү. Ботиржон ыйлактап, жүзүмдү оозанганына кейип, жан соога сураганда гана токмок токтоду:
— Базарга сатып, пул жыйнайбыз дегенбиз. Экинчи ирет кол салсаң, жилигиңди чагам. Уктуңбу?.. Ме, мобу чаканы ал да, сууга толтур. Ага айран куй да, аралаштыр. Базарга алып барып, ыстакандап сат. Бир сомдон пулдайсың. Он литр чалаптан беш жүз сом табасың. Ансыз үйгө кайтпа! Бир литрден беш-алты ыстакан чыгарасың,- деди атасы.
Ботиржон тыйындан сом куроону ушинтип, атасынан үйрөнгөн. Чайкоочулукту чалап сатуудан баштап, чоңойгондо орус жеринен карагай ташып, соода менен байыган. Байлыгы эми эсепсиз. Акчаларын өзбек, орус жана чет элдик банктарга которо салганы туура болгон өңдөнөт. Антпесе, тоз-тополоңдо: “Кимди ким көрдү? Быржыбайды там басты” болуп, бу жердеги банктар эсебин жаап койсо, “Сокур тыйындан кураган байлыгымдын үзүрүн түпкүлүктүү калк көрөт экен да”,- деп ойлоп, ичи мында бир тырчыды. Ал өз кандаштары өңдүү баласынан да шире аяган атасынын сараңдыгын эстеп, күлүп койду. Андай битин сыгып, канын жалаган битирлик мүнөз өзүнүн да канына сиңген. Табактарда додо-додо болуп үйүлүп, чекеси оюлбаган палоого көңүлү жайланды. Ал тиешеси болбосо да, түпкүлүктүү улутка сын тагып, каралаганга өттү.
— Булардын башы бирикпейт: уруу-урууга, кокту-колот, жер-жеберге бөлүнөт. Укуп-чукуп, өсүп баратканды бутунан тартып, биринин кебине башкасы кулак салбайт, ынтымагы жок.
— Минтип, башыбызды кошуп, чай бергениң го, жакшы… Ко-ош, андан башка акылдашар ич бурооң ушу го, сыягы. Сен бизди жөн чакырбайсың. Бир билгениң бар. Кандай зарылчылыктан улам жети түндө чогулттуң? – деди ак чач киши аны сынай тиктеп.
— Азырынча сөз менде, аке! Кепти бөлбөй, угуп турсаңыз, түшүнөсүз… Булардын кандайлыгын изилдеп бүттүм: чоңдорунун көзүн байлык кызартат. Букарасы менен иши жок. Пулду көрсө, балыктай жутунуп, кайырмакка илинет… Башчыларынан беш-алтоосун сатып алып, көзүмдүн агы менен тең айлангыдай кылып койдум. Менин айтканымды аткарбашка аргасы жок. “Шайлоодо туугандарың биз үчүн добушун аябасын” — деген таклибин коюшту. А биздин боордоштор, сиздер сымак сырга катуу, түйүлгөн муштумдай бекем. Бир адамга баш ийебиз. Акылдуунун, улуунун тилин кайрыбайбыз.
— Ии…
— Силер качандыр бир убакта Москвага жазып, жетпей калган максатыңардын үдөөсүнөн чыгалы! Өз алдынча мамлекет куралы. Азыр орустардан сурап, иш кылаар заман эмес. Мылтык ашыгы менен, автомат, пулемет, гранат дегениң бизде сайдын ташындай! Көбүңөр ошо кезде жашыруун жерге бекитип койгонсуңар. Ошолорду алып чыккыла, иштетели! Куралы жок боордошторго: “Эй, булар кол салат. Коргонуш үчүн пулдун көзүнө карабай, сатып алгыла. Иш бүткөндөн кийин жашырып коёсуңар!”,- деп тымызын кулак кагалы.
— Өй, шырылдаң сууга башың тыгылганын унуткан окшойсуң. Кошуна элбиз. Куда-сөөгүбүз бар, аларга, бизге келин болгон кыз-кыркынды чанып ийе албайбыз.
— Коюңуз, аке! Бизден өч алаар Бек патриоту эмне болгонун билесизби?.. Мен деген жөнөкөй киши эмесмин.
— Ал эмне болуптур?
— Ие, уга элек экенсиз да. Ал менин назарымдан калган эле. Өлүп тынды, өз кандаштары атып салды. Айттым го, булар – бири-бирине өч, бири-бирин карышкырчасынан мүлжүп, муунтуп турат… Эми кимден коркобуз?… Милийсасы издебейт. Үй-жайыңды тинте турган болсо, атасы – пул… Туурабы, Акромжон?
— Ырас… Бирок, Батиржан аке, быякка келатып, жол күзөтчүгө туш болдук. Каромат экөөбүз жүктөп келаткан мылтыктарды алдырдык. – Акромжон жер тиктеп, көзүн ала качты.
— Ой, тообо, ишенген кожом Каромат экөөң эмитен тайсалдап… Долларбайды кармата кой да.
— Аны айтасыз! Беш лимонду сумкесине салдык. Баары бир кагаз толтура баштады…
Муну уккан Ботиржондын кыжыры кайнап, Акромжонду зекиди:
— Бар, кайра таап кел!
Кепке көкүрөгүнө депутаттын төш белгиси тагылган Каромат аралашты.
— Шашпаңыз, Батир аке! Үчөөбүз депутат болуп, парламентте жөн жүрбөдүк.
— Анан?…
— Анан күбөлүктү көрсөттүк. Ага да көнбөдү. Өз кыштагыбыздан өсүп чыгып, борборго тамыр жайган генерал акебизге телефон чалдык. А кишинин акылы менен дагы он лимон карматтык. Ага да болбогондо генерал менен сүйлөштүрдүк. Генерал мылтыктар ага караштуу экенин кыйытты. Гаишник мойнун толгой бергенде, ал пара менен түрмөгө түшөөрүн эскертти. Ошондо гана гаичи кыйылып туруп, бизди камаган жерден бошотту. Машинабыз менен куралды кайтарды.
— Мына бул башка иш! Ботиржондын көңүлү жайына түштү. — Экөөң өзүңөргө бөлүнгөн жерди башкарасыңар. Узак аймагына Сармон жооптуу. Сиздин план кандай, Сармон ако-у?
— Өзүңүз менен кеп бышыргандай: бир күндө чал-кемпир, бала-чака, аялдарды чек арадан нары көчүрөбүз. — Чүйлүсү ээгин каптаган жоон курсак Сармон, топусу менен чекесин кашылап, ордунан ыргылжың тарта зорго турду. — Айылга кире турган бүткүл жолду жаап, жалаң күчкө жарактуу эркектерди Узакка калтырып, коргонгону чеп курабыз. Чоң жолду казып, өйдө-төмөн өткөндөрдү кырабыз!
— Ап — бали, планыңыз жакты. Баракелде! Сизге ишенем!.. Ташжаадынын иши кандай? – Ботиржон эми Коргондук эски башкармага бурулду.
-А мен эркек аттууну көпүрөгө баштайм. Тоо тараптан атчандар чаап келиши мүмкүн. Атчандарды бууш үчүн көпүрөнү көккө сапыртам…
-Жардыргычтар даярбы, жетиштүүбү? – Ботиржондын бул суроосуна Ташжаады баш ийкеди. — Буга кошумча кандаштарыбызга каптай ун таркаталы. Ундун арасына автоматтарды огу менен салып коёлу!
— Токтоткула э, мунуңарды!.. Дагы кан көксөп калдыңбы? Э арам заада!.. Элди кагыштырба, сен, бүтүн элди бүлдүрбө! – Чачын ак аралаган аксакал тура калып, Ботиржонго атырылды. – Тоок мээ! Атам замандан бери нечен түрдүү элге төрүнөн жай берип, койнуна батырып, өзү жебеген чүйгүн тамакты мейманына тарткан жоош-момун, кең пейил элге бычак кайраган — жиндилик болот… Токтоткун бул оюнуңду, эй чөө!.. Болбосо, сени өз колум менен кармап берем, Батиржан! Мындай бузукунун тилине кирбегиле!..
— Бузуку мен эмес, сен – чогулгандардын ичин ириткен!.. – Ботиржон ордунда чакчаңдады. Сөзүн бөлгөнүнө итатайы тутулуп, аксакалды жигиттерине дайындап, тындым кылууну болжоду. Кең пейил элге жан тартып, жолун торогон өз кыштагындагы күчтүү жигитти көөдөй караңгы түндөрдүн биринде аттырып салып, кутулган эле. “Эми ажолукка жетериме Кудай жолумду ачканда, бу как баштын арага шынаадай кыпчылып, ишти бузганын кара!”.
Бөлмө тунжурады. Аксакалдан бөлөгү ага каяша кылбады. Ботиржондын колу кандуу, өзбү-өзгөбү аябайт. Кимге болсо да шамшары кайралуу, огу даяр, тузагы белен, сыйыртмагы камдалуу экенин баары билет. Ал каанадагылардын ооздоруна талкан куйгандай шүк олтурганына шерденди. Аксакалга болгон өктөөсүн жанындагылардан чыгарып, бакырды:
— Бул күндү мен керек болсо, жыйырма жыл күткөм. Мына убакыт келди… Булар бири-бирин атып, тымтыракайы чыга берсин. Олку-солку болуп, кай жагын башкараарын таппай турганда канабайран салып, биз такка жетели.
— Кантип?
— Оңой эле… Азыр эч жерде милийса, аскер жок. Баарына казармадан чыкпоого буйрук берилген. Керектүү жер ээн турган соң, Коргондун көпүрөсүнөн Алайга чейинки ортолукту басып алабыз. Мени кыйбагандар жол тосот, каршы болгонду мууздайт, соёт… Туугандарыбыз түгөлү менен шаар — райондордун байтактарында. Калган аймактардагы туугандар бизге өздөрү кошулат… Жергиликтүүлөр менен жектешип, басташканда алардын баатырларын көзгө атарлары чымчыктай сулаткан Фергана полку азыр жок. Бирок, танка, учактары жайнаган эне мекенибиз арыктын боюнда. Кол булгап чакырып, көз ымдаарыбыз менен чек араны аттап өтүшөт. Өлөсөлүү күлүгүнөн бөлөк куралы жоктордун үстүнө бомба таштайт. Биздин кандаштарыбыз баш паанек туткан айыл-кыштактар менен үйлөрдүн үстүнө түнкүсүн да айырмалай турган “SOS” деген белгилерди бадырайта жазып коёбуз. Эне-мекенибиздин учкуч-танкалары жапырык салганда биздикилер аман-соо калып, Манастын тукумубуз деп күпүлдөгөндөр кырылат… Башка өлкөлөрдө миллиардер туугандарыбыз миң сан. Алар пулун аябайт… Ошентип, бийликти ээлеп, жерди тартып алабыз… — Ушул кеби аны ого бетер өрөпкүтүп, падышанын тагын ээлегендей сезди…
ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ
Бети-башына кара чүмбөт оронуп, көзү гана ачык калган куралчандар Ак үйдүн айланасындагы топ таштай ар кайда чачылып жүргөн кишилерди көздөй жүткүндү. Тарс-турс этип, чып этме мылтыктар атылды. Андан улам колунда таяк-ташы да калбаган жолдогулар туш келди дыркырады. Куралчандар тоо таянган көчөдө кайда баш калкалаарын билбей, амал таппай турган топ караанга беттей жүгүрүштү.
Төрт-беш чакты ала топучан алда-кайдан узун шаты таап келишти. Шатыны Ак үйдүн дубалына тиреп коюшуп, жогорку кабаттарга чыгып баратышты. Ала топучандардын так төбөдө желбиреп турган Кызыл Тууну мелжеген оюн, Изирайил илгиртпей боолгоду. Ал жүгүрүп барып, имараттын ичи аркылуу экинчи, үчүнчү кабатка чуркап чыкты. Бул убакта ала топучандын бирөөсү шатынын тепкичи менен үчүнчү кабаттын терезесине жетип калган эле. Изирайил аны төбөдөн ары түрттү да, өзү өйдөгө умтулду. Ак үйдүн төбөсүнө чыгып, Тууну асабасы менен жулуп алды да, “Бийлик – биздики!”- дегенди туюндуруп, аны эки жакка желбиретти. Изирайил Тууну ала өпкө, ала топучандарга тартырып ийбегенине сүйүндү. Аны менен алыскы тоодон кошо келип, аянтта ары-бери басып жүргөндөр “Ураа — лап” кыйкырып, кол чаап ийишти.
Дал ошол кезде Сакадайдын чөнтөк телефонунда ток түгөндү. Токту толуктоого ал мейманкананын артына жайгашкан “Тез жардам” бөлүмүнө баш бакты. Калемгерди ээрчип, өңдөрү кубарып-татарган аялдар менен топ кишилер да анын артынан тынч жайга жабыла жулунуп киришти. Кебетелери коркуп, куугундан качып жүрүшкөндөй. Терезеден бейтааныш караандын ары-бери басканын көргөндөрү полго жүзтөмөнүнөн жата калды. Башкалары тизелей эңкейип, башын жерге ыга коюшту. Бөлмөдөгү электр тогуна зымсыз телефонун улаштырып, борбордогу, же чет жактагы кеңселеринен телефон чалуу күтүп, айнектен сыртка үңүлгөн Сакадайга бириси: “Сүйлөбө, өйдө турба! Көрүнбө!”,- деп буйрук берди. Экинчиси этегинен тартты. Колун жерди көздөй шилтеп: “Жат, жат. Үнүңдү чыгарба! Угуп калса, кирип келишип, баарыбызды кырат”,- деп ымдашат.
“Тез жардам” бөлүмүнүнбү, же мейманкананын чатырынын үстүндөбү, оор өтүкчөндүн тарп-турп этип, ары-бери басканы, сына жаздаган шыйпырлардын качыр-р- кучур-р эткени угулат. Ал ан сайын жашынгандардын үрөйү учту. “Бөлмөдө камалгандан пайда жок. Ак үйдүн маңдайында, көчөлөрдө эмне окуя болуп жатат?” Сакадай демин ичине тартып, жыйырма мүнөт тымтырстыкка араң түттү. Зымсыз телефонун электр тогунан сууруп, эшикке бет алды. Аңгыча “Тез жардам” машинасы алда-кайдан жете келди. Ал ак желекчен, жылаңбаш дарыгерден үрөйлөрү учкан адамдарды “Тез жардам” унаасына жүктөп, тынч жайга жеткиртүүнү өтүндү. Врач макул тутту: корккон адамдар жан талаша “Тез жардам” унаасына жабышты.
Сакадайга тааныш жигит келип, мейманкананы тегеренген куралчандар андан качкындарды көргөн-көрбөгөнүн сураганын, аларга андай кишилерди учуратпаганын айтты. Экөө ээрчише басты. Ак үй жакка бурулганда аянттан аларга мылтык кезеген адам көрүндү. Көзүнөн башка бети-башы чүмбөттөлгөн аткычты таануу кыйын. Мылтык тарс атылса, ок жаңылбасын дедиби, жолдош жигит Сакадайды желкеден кармап, далдаага тарта койду… Ошол замат мылтык атылып, анын огу дал бурчтагы темирге “чың-ң” этип келип тийди. Тулку-бойду он беш мүнөттөй далдаага тартууга туура келди.
Чай кайнам убактан кийин бая ээнсиреген аянтта кайра кыймыл жанданды: туш-тараптан агылган караан көбөйдү. Куралчандар жолго топтолгон адамдарды кууп, таркатып жүрүштү. Кең аянттагы секиченин озуйпасын аткарган ортодогу тактага жан-жагынан куралчандар коштогон Ботиржон чыгып барды. Анын табаасы кангансып, жүзүндө күлкү. Кош катар тизилген ала топучан ага ортодон жол ачты. Ботиржон кыйла сүйлөдү. Эки сөзүнүн биринде кандаштарынын саны арбып, аларга өз акчасына мектеп, окуу жай, оорукана курганын колко кылды. Беш жыл мурдагы кебин дагы кайталады. Элдин маңдай тери менен бүткөн ишкана-имараттарды түгөл байлык-мүлкү, техникалары менен текейден арзан баага сатып алып, менчиктештирип, байыганын капарына алган жок. Таарыныч менен өктөөсүн жамгырдай төктү.
-Саныбыз миллион… Анда эмне үчүн бизге биринчи эмес, экинчи-үчүнчү орундагы кызматтар тийет?.. Бизге орун басарлык, катардагы кызмат буйрулган эмес. Андай майда кызматтардын кереги жок. Бизге не себептен эң башкы кызматты беришпейт? Мен деле хандыкка жарайм,- деп ич күптүсүн чыгарды. — Биз ушуга дейре чыдап бүттүк. Мындан ары кол куушурбайбыз. Бизге жетиштүү. Биздин максатыбыз менен да эсептешсин! Мына, бүгүн биз бийликти алдык, бийликке жеттик. Эми муну эч кимге карматпайбыз, колдон чыгарбайбыз. Азыр барып, ажыдаардын уюгун талкалайбыз! Калганын өз ишканабызга барып, акылдашабыз, боордоштор! Жүргүлө, кеттик. – Ал секичеден түшкөндө ага караштуулар жол бошотту. Секиченин айланасын котологон кандаштары Ботиржондын кебин былк этпей укту. Ооз ачпай, суроо да беришкен жок. Кыңк этпей, баш ийишти. Колдоруна автомат кармап, коштоп-жандагандар менен жабалактаган башка тилдүүлөр анын артынан илелеп ээрчип, күн батышты көздөй чубап, жөнөдү. Ботиржондын кимгедир өктөө кылып, бийликти ээлеп, тактыга олтургандай сүйлөгөнү түпкүлүктүү элдин кулундарын кыжырдантпай койгон жок.
Таң азандан тынымсыз басып жүргөндүкүбү, же атылган мылтыктардын заарыбы, Сакадайдын башы зыңгырап ооруп чыкты, буту талыды. Тыным алууну көксөдү. Өзөк жалгоо эми эске келди. Тааныш жигит экөө ээрчише басып, ашканага баш бакты. Аянттан экөөнү көздөй атылган октун заары алиге эси-көөнүнөн чыга элек болуучу.
Күн дигерге жакындады. Ботиржонды ээрчиген калың караан унаалуусу дөөтүлөрү менен, жөө жалаңы субай-салтаң талаа аралап, мырза теректерге курчалган кыштакты каптады. Мурда өздөрүнчө бүтүм кылышкандай, бир жан калбаган ээн үйлөрдү тинтишти, буюм-тайымдарын талап тоношту. Бак-шактуу короонун ортосунда көзгө бараандуу урунган боз үйдү да жөн койбой, ичи-тышын жойлошту. Ботиржондын буйругу менен боз уландар терезе-каалгалары талкаланган үйдүн ичине улам-улам граната ыргытты. Ал жарылганда үйлөрдү жалын чырмап, уюлгуган түтүн бурулдап көккө созолонду. Боз үй менен анын төбөсүндө желбиреген мамлекеттин чымкый кызыл желегин да өрт жалмады. Карайган темир-тезектен башка үйлөрдүн жыгачтары чатырап күйүп-жанып, алоо бүрктү.
Бараандуу короодогу үйдүн чатырап күйгөнүн көргөн кошуна аял окуяга чыдамы түткөн жок. Айылдын андан бөлөк тургундары жан сактоо үчүн издерин түгөл жашырып, качып кетишкен. Короону кайтарган күзөтчүлөрдүн бирөөсү да калбай, Ботиржонды ээрчигендердин шыбышы угулганда кадамы жылас болгон.
Ботиржон жалын чырмаган кош канаттуу дарбазанын күйүп, кулап түшкөнүн маашырлана тиктеп, жол боюнда турду. Табаасы канып, тапшырмасын дал өзүндөй бүтүргөн жигиттерин алкады.
Өрттөнгөн короонун тушунда жашаган жалгыз бой аял Ботиржондын жанына басып келди. Тоолук элди жактырбаган “чөөнүн” ырахатка баткан жүзүн көрдү. Аял “эй, чөө” деп сүйлөмөк болуп, кайра жазганды:
— Ай Батиржан, үйлөрдү эмне өрттөттүң?.. Өчүң болсо, ээсинин өзүнөн ал. Үйлөрдө не күнөө, ал бул жерде жашабаса… Туугандарыңды тый, боз үй менен Тууну сактап калалы жок дегенде. Ошо Тууну көтөргөн элдин мекенинде туулуп-өсүп, элдин эсебинен байыдың!.. Өрт өчүргүчтү чакыр, өчүрсүн отту,- деди тигинин жумшараарынан үмүттөнүп.
Жука көйнөк, көлөшчөн зайыптын кеби жанатан бери жалбырттаган үйлөргө кубанган Ботиржонга катуу тийди. Буйрук бергендей түшүндү. Сары чийкил өңүнө ачуу толду. “Булардын өлөсөлүү зайыптары да мага чоң. Карасаң, үстөмдүк кылганын! Көп кабат, терезе-эшиги, полу жок менчик үйлөрүмдү да ушулардын этеги жерге, денеси эрге жетпеген аялдары ээлеп алган. Оозу-мурдун толтуруп, ашата сөксөм да бошотоор түрү жок. Бу катынды да…“ Жакын арада аялга жан тартып, коргогонго көкүрөк тирештирер эркек калбаганын чамалады да, бүткүл каарын момун аялга чача бакырды:
-Сенин ишиң эмне! Бар ары… Боз үйбү, башкабы, аны менен ишим жок. Мага акыл үйрөтпөй, бар, үйүңө кир. Антпесең, сен да бирди көрөсүң!
Аял жалгыздыгын ойлобой, кайратынан жанбады. Ак калпактуу калктын арасында туулуп, өнүп-өскөнү менен бир да ирет кыргызча сүйлөбөгөн тиги эркек сөрөйдүн чаң-тополоң, ызы-чуу маалында эл башкарууга өткөнүнө кейиди. “Чөөнүн” түпкүлүктүү элге дегеле ичи агарбай, колунан жакшылык келбесин илгертен билет. Аргасы түгөндү:
-Э, өлүгүңдү көрөйүн, чөө!.. Сендей жоону Бек казыкка отургузса болмок экен,- деп сүйлөнүп, үйү тарапка басты.
Ошентип, Ботиржон адатынча өлкө деңиздеги кемедей чайпалып турганда өз максатына жетүү үчүн тоолуктарга экинчи ирет “өнөрүн” кылтайтты. Кандаш көрүп, ылым санаган айыл-кыштактарды түрө кыдырып, эне тилинде бийлик кылуу мүдөөсүн сайрады. Аларды керек учурда жапырт баш көтөрүүгө чакырды. Төрт күн бою ишканасында кылкылдаган эл жыйнады. Алардын башын айландырып, өзүнчө бөлүнүп, эл башкарууну күсөгөн оюн кыйытты. Андай жыйындарды удаа-удаа телеканалдардан күнүгө көргөн тоолуктар ага кекенбей тура албады. Анын айынан чөлкөмдөгү аба ырайы кызып, улам чыңалды. Кимдир-бирөө кабар берген го! Ботиржондын куралчандары өрт өчүрүүгө келген машиналарды алоолонгон турак-жайга жолотпой, кайра артына кууп ийишти.
Чаң ызгыта өз ордуна кайтып бараткан өрт өчүргүч машиналарды Сакадайга тааныш жигит артынан кууп жетип, токтотту. Сап башындагы унаанын тепкичине чыгып алып, рол кармаган айдоочуга:
— Токто! Артка бур, машинаңды…
— Бизди отко жакындатпай, кире бериште атып салмак болушту. Ошон үчүн баса бердик,- деди өзүн командир деп тааныштырган аскер.
— Силер саясатка аралашпай, озуйпаңарды аткаргыла да! Үй-жайдын саясатка тиешеси жок го! Өрт коңшулардын жайларына да жайылышы мүмкүн. Кайта барып, өчүргүлө!
Жигит тепкичтен түшпөй, өрт өчүргүчтөрдү үйлөргө зуулдата айдаттырып келди. Алар короого чар тараптан суу менен көбүк бүрктүрүп, жалынды өчүрүштү.
Ат майданга жалаң чырымтал жигиттер топтолду. Алар Ботиржондын кечээки кылыгын ортого салышты. Аялдарды мазактап сөккөнүн, өзүнчө эл башкаруу дитин кыйытканын кеп кылышты. Мамлекетти көзүнө илбей, өзүн хан сезип, автоматчан адамдардын коштоосунда жүргөндүгүнө сөгүнүштү. Баарынан да өлкө Туусун күйдүргөнүнө кекеништи. Ат майданда чогулган улуу-кичүүлөр “чөөгө” тишин кайрашканда казысы бир кучак, аксаңдаган жоон-жолпу киши ортого чыкты да:
-Эй, балдар! Батиржандын куулугун билип койгула.. – деди ал. Чогулгандар ага жапырт бурулуп, кулак түрдү. Чоң баш колундагы сырты кагаз менен оролгон калың баракты өйдө көтөрүп, тегерете силкилдетип: — Мына, ал окуу жайына атасынын атын койдурганы жүрөт. Мен ага каршы билим, илим министрлигине кат жаздым. Биздин жоо – ушул. Өлкөнүн тең жарымын бөлүп алам деген жаман ою бар… Ага биз баш ийбейбиз. Тамчы каныбыз калганча аны менен кагышып, мекенибизди коргойбуз. Аны жок кылыш керек. Телевизордон көрдүңөрбү? Университетине туугандарын чогултуп алып, аларды күнүгө бизге кайрап атат.
Аксак кишинин сөзү ансыз да тутана албай турган отко май куйгансыды. Өрт дүрт этти. Ушул кепти гана күтүп турушканбы, ат майдандагылар ого бетер күжүлдөштү.
-Кеттик, жигиттер! Азыр барып, талкалайбыз да ордосун күлгө айлантабыз,- деди дагы бир кызуу кандуу бозой.
Ага улай демин араң баскан бозойлор биринен-бири жарышып, ат майдандан ылдамыраак чыгууга ашыкты. Кең дарбазага батпагандары кезек күтпөй, бетон дубалдардан ашып түштү. Алар түгөлү менен шаарды аралап өткөн кара тасма жолдо чуркап баратышат. “Дагы бир балакет жаңжал тутанбаса экен. Ортодо от чыгып, адамдар жайрабаса болду. Апрелде, Ак үй алдында шеит кеткендер аз эмес го. Тополоңдун эмне кереги бар? Жанагы чоң курсак, балдарды бекер дүүлүктүрдү. Тоону уратаар бозойлорду “чөөнүн” канкорлору менен кагыштырганы турат. Боз уландардын отко урунаарын ойлобой, чоң баштын өзү ат майданда кала берди ээ. Жаны таттуу…” Ушул ойлорго чарпылган Сакадай боз балдарга куйрук улаш жүгүрүп, артынан калбады. Топурап чуркап бараткандардын арасында бетине түгү чыга элек өспүрүмдөр да бар. Аларга: “Сак болгула. Ала топуларда курал болушу ыктымал. Жаза тайып бирөөңөрдү ок чийбесин!”,- деп жалбарат.
Жигиттердин үрөйдөй агымы жаратылыш газы сакталган кампадан ооруканага бурулган жолго кайрылды. Ооруканадан өтүп, түз ылдый жүрүп, автобекетке барчу жолго чыкты. Ботиржондын окуу жайын бет алышты. Эң алдыңкы саптагылар өлкө Туусун желбиретип, куюндан да тездик менен жүгүрүп баратат. Коргонууну эске алышпагандай, колдору куру, эчтеке жок.
Алдыңкы сап эч токтобой, Ботиржондун темир дарбазалуу окуу жайына жетти да, темир дарбазасын ачып, короонун ичине шуу кирип барды. Тосулган дарбазанын чакан эшигине батпай, ичкери кирүүгө үлгүрбөй калган жигиттер жол четинен терип алган таш менен дубалдарды ургулайт. Бири-бирине маңдай-тескей курулган килейген үч кабаттын сырткы терезелери талкаланганы менен дубалдары солк эткен жок.
Ичкериден мылтык тарсылдап, удаама-удаа ок атылды. Жигиттердин арасынан ок тийип, кулап түшкөндөр көзгө чалдыкты. Короого куралсыз киргендер кайра дуу этип, артка качты. Артка сүрүлгөндөр топтун ортосунда калган Сакадайды да тебелеп кете жаздашты. Ок тийип жарадар болуп, кан чуурулгандарды колтукташып, эстен тангандарды көтөрүп чыгышты. Топтолгондор эсин жыйганы бир демге дейре ар кимиси өз кыялы менен алек болушту. Жолдо кыйлага дейре ден-дароо тартып турушту. Бешим ченде алар бирден илеелеп, Ак үйдү көздөй жол тартты. Адам сээлдегенде университет тараптан октун үнү кайра жаңырды. Бул маалда жигиттердин эң акыркылары чоң базардын тушуна жетип калган. Жалгыз жүргөн Сакадай артына бурулуп караса, Ботиржондын окуу жайын тоскон дарбазанын сыртында спецназдын жоокерлери баш кийимдерин булгалап атат. Куралдары жок. Алардын: “Балда-ар, жардамга-а! Кайткыла! Бизди атып жатышат”,- деп жалооруй кыйкырган үндөрү угулду. Бирок, жөө жүрүш менен университеттен сабыры суз кайткан уландар аларга кулак салбады. Айрымдары артка кылчая караган болду да, андан ары жолун улай берди.
Ире-ширеде Ак үйгө маңдайлаш боз адырдан күрүлдөгөн аскер техникалары түшүп келди. Үстүндө куралдуу, темир туулга кийип, көз айнек тартынган аскерлер. Бул кезде жигиттер Ак үйдүн тушуна жыйналды.
Секичеден он чакты аксакалдын карааны көрүндү. Алардын ортосунда казы да турат. Башына селде орогон карыя тирешүүнүн ордуна ачууга жеңилбөөнү өтүндү. Сакалы көкүрөгүнө түшкөн молдо касташуудан кан төгүлүп, Ботиржондой чоңдор менен күркүлдөрдүн балдары эмес, карапайымдардын уулдары окко учканын, жарадарлары айыккыча кыйла азап тартаарын, ошондуктан ачууну тыйып, акыл таап, тынч жашоо керектигин түшүндүргөн болду. Бирок, уландар ага муюбады. Маанайы чөгүп, сабыры суз жигиттердин бири кармана албады. Көзүнө жаш алып, кол шилтеди:
-Эй молдолор!.. Силердин араңардан кимдир-бирөө чаар топулардын ок-бычагынан жайраган жок. Ошону сезбей атасыңар. Эрте менен кайда элеңер?..
Жаңжалды баштаган Батиржандын тизгинин какканыңарда биздин балдар окко бөөдө учпайт эле!.. Канча бала жайрады, нечеси чала жан болду… Батиржанды эмне тыйбайсыңар?.. Биз анын алдында чөгөлөбөйбүз! Биз – эр Манастын тукумубуз! Жерибизди ага ээлеттирбейбиз! Канга – кан!.. Эмнеге аны калкалайсыңар?… Арабыздан ал чөөгө каршы чыгаар пенде табылбай калдыбы?.. Биздин эл көзүңөргө илинбейби? Карасаңар, тим эле бизди тыйышат… Эми үндөбөгүлө! Жоо кыялап кеткен соң, кылычыңды ташка чап… Балдар, буларды уккандан пайда жок. Жүргүлө, кеттик! Өз эл-жерибизди баскынчылардан коргойлу! Батиржанга окшогондорду кууп чыгалы,- деди да, кылгырган көз жашын жеңи менен сүртүндү. Башын жерге салган капалуу жигиттер аны ээрчий жөнөдү.
Сакадай кечээ коменданттык саат кийрилгенин угуп, чакан калаанын көчөлөрүн аскерлер аралаганына сүйүндү. Анткени, баштагыдан баш аламандык тыйылып, басташуу угулбай, жолдо куралчан жүргөндөр жок, тынчтык өкүм сүрдү. Коменданттык сааттын кеминде бир айга уланышын тиледи. Бирок, аскерлер аз гана убакыт турмай болушту. Алар мөөнөтү бүтүп, өз бөлүктөрүнө кайткан соң, алаамат кайра тутанаары анын да түшүнө кирген жок. Бейпил күндү күсөдү. Булбул сайраган тынч, кооз токойдо, мөңгүдөн агып түшкөн көк-кашка, тунук суунун жээгинде, абасы таза, мээлүүн желдүү тулаң чөптүн үстүндө дем алууну эңседи.
Ал бир нече калемгерлер менен Дүйшөмбү шаарына учуп-жетти. Сакадайга көчөлөрү кең, бирок, кишилери сейрек учураган тажик байтагы бейпил туюлду. Бир тал ширеңке, кагаз жатпаган тазалык менен иреттүүлүккө, курулуштардын кооздугуна, көчө бойлой өсүп турган бак-дарактар менен не бир түстүү гүлдөргө сугу артты. “Биздин өлкөдө да дал ушундай ынтымак, тынчтык түбөлүккө турса кана?” — деп самады. Күн ысып, так төбөдөн өткөнү менен ызы-чуу, ок атуу, өрт деген жок. Баш оорубай, дене-бою эс алып, жыргап эле калды.
Ал тыныгуу маалында тогуз кабат салкын мейманканын биринчи кабатында эс алып олтурган. “Он жылдап каршылашкан тажиктер минтип мамыр-жумур жашап атышат. Бизде да бири-бирине мылтык кезешпей, бийлик талашпай, жаат-жаатка бөлүнбөй, мемиреген ушундай тынчтык батыраак орносо экен” — деп кыялданды, Ботиржондун айынан касташуу болгон өткөн жумадагы оор күндөрдү эстеп.
Конок үйдүн меймандарын каттап, тейлеген кабылдама. Мейманкананын күңүрт тарткан ичкери жагынан арык киши чыга келди да, кабылдамадан калемгерди сураган үнү угулду. Кабылдамадагы кыз колун Сакадай жакка жаңсады. Арык жигиттин эмнегедир аны издештиргени түпөйүл тарттырды. Олтургучка жаңы көчүк баскан адамдын кебете-кешпири тажик сымал. Түрү алда-неден кооптонуп, тынчсыздангандай. Ал саламдашып бүтүп-бүтпөй жатып, орусча эжелеп сүйлөп, Сакадайга суроосун жаадырды:
— Үч айдан бери күндө жаңжал, күндө көтөрүлүш…,- деп угабыз. Деги силер тынчсыңарбы? Уруш качан токтоп, качан тынчтык орнойт?.. Тажиктер да бири-бири менен көп жыл араздашканы менен бизде азыр бейпилдик. Ошо сыңары жакын арада ич ара кагылышпайсыңарбы?
Сакадайды бейтааныштын акыркы соболу териктирди. Тигинин тергөөчүдөн бетер суракка алганына кызаңдады. Үндөбөй басып кетмек болуп, кайра карманды. “Оозуңа кап-кара таш, айтканың ушу мейманканадан ары чыкпасын. Эл-жерибизде ынтымак, тынчтык дооран курсун!” — деп тиледи ичинде. Токтоолугун карматып, күлө-бага:
— Биринчиден, кечиресиз, оозуңузга карап сүйлөңүз! Бизде эч качан өз ара басташуу болбойт. Кагылыштан кудай сактасын,- деди тажиктин ажого тиешелүү соболун жоопсуз калтырып.
Ал мекенине кайткандан кийин да тажиктин сөзүн улам эстеп жүрдү. Бирок, тажик болжогондой дагы деле уруш-талаш, ызы-чуу токтободу. Он күнгө чектелген коменданттык саатты убагына жеткирбей, жоюп салышты. Аэробекетте бөлүк-бөлүк болуп, тизилген жоокерлерге туруктуу жайларына кайтып барууга буйрук берилди. Командачы журналисттердин соболдоруна жооп берип бүткөндөн кийин, Сакадай жан дүйнөсүн санааркаткан оюн генералга айтты:
— Байкап атасызбы?… Эл ичи али тынч эмес. Аскерлерди шашылыш чыгарып атасыңар. Жок дегенде бир айча кармап туруш керек эле…
— Кызык. Жоокерлерди сиз багасызбы?,- деди генерал кайдыгер гана.
— Бөлүктөрүнө барганда деле ач калышпайт да. Баары бир туура эмес чечим болду.
Ошентип, аскерлер өз бөлүктөрүнө кайтты. Сакадай өзүнчө ой жоруду: “Коменданттык саатты кур дегенде саратан бою тим койгондо, балким, кийин дүрт эткен эки элдин кагылышы тутанбай калаар беле? Ушул жагынан алганда тажик жигит олуялык кылып, бизде чыккан окуяны алдын ала кантип көрөгөчтүк кылып, кандайча билди экен? Үч тамгадан болуп жүрбөсүн? Же, үчүнчү күч элдин ыркын бузуп, бири-бирине тукуруп, кайраштырып жатабы? Балким, чет элдик тыңчы, чалгынчылар биздеги алааматты алдын-ала изилдеп, ошондой боолгоо чыгарышкандыр”,- деген суроолор ага тынчтык берген жок. “Же аларга кимдир-бирөөлөр алдын ала жакында, күнөстүү аймакта дагы кагылыш болот”,- деп, кабарлашкан бекен? Сакадай жайнаган адамдарга кошул-ташыл ат майданга кирип баратып, үн жазгычын иштетүүгө камдады. Ат майданда кайрадан жалаң эркек аттуулар жыйылды. Эмнегедир бир жарым ай мурда сомодой жигиттердин курчоосунда калып, коркутууга туш болгону оюна түштү.
Күлбото дубалга курчалган ат майдандын тээ этегин көздөй чымын-куюн болуп, калпагынын кайырмасын башына түшүрө кийген караан качып баратат. Артынан бир топ жигит сая түшүп, кууп жүрөт. Сакадай алардын ким экенин билгени алга умтулду. Анын соңунан ээрчиген кара дуңгул жигит жанындагы балдарга шыбырады. Бейтааныш жигиттер Сакадайдын билегин шап кармады да, дегдеңдете сүйрөп жөнөштү. Арт жагынан бирөөлөр коштой чаап түртүп келатат. “Токтогула, мен өзүм да ошол жакка барам. Силерсиз эле жетем”,- деп жүгүрүп баратып, сүйлөгөнүн дөбөттөрдөй күчүркөнгөн жигиттер тыңшаар эмес. Аны ат майдандын кап ортосуна дейре сүйрөп барышты. Таманы жерге тийип — тийбей, асманда учуп бараткандай каалгыды. Жер көчкөндөй башы айланып, дем алуу оорлошуп, энтиккенге аргасыз болду. Качан гана аларды утурлай тосуп чыккан улан: “Кечээ, журналисттерге катылбайбыз”,- деп макулдаштык эле… Бул байке ачык айтып, ак сүйлөгөн радиодон болот ! Тургула мындай”,- деп ачуу кыйкырганда гана тиги тентектер ээсине шыйпаңдаган короочудай жоошуп, Сакадайды коё беришти. Арачыга ыракмат айтканы менен эси-дартынан куугун чыкпай, уландын аты-жөнүн суроо да ойго келбеди. Улан жанагы ээнбаштардын ордуна андан үзүр сурады. Сакадай андай чаарбаштарга тең келбейт, капаланбайт. Тизеге дейре чаң жуккан шымынын багалектерин күбүп, көкүрөгү жагжая ачылган көйнөгүн бүчүлөгүчө топ балдар сөөк-саактуу, узун бой, көйнөктөрү тытылган ак жуумал адамды анын алдынан айдап өтүштү. Ат майданды тегерене качкан баягы жылаңбаш киши – аким экен. Сакадайдын дал маңдайынан өтө бергенде анын канга боёлгон башы көзгө урунду. Жигиттердин акимди неге кубалап, токмоктошкону түшүнүксүз. Сөз сүйлөөчүлөр экинчи кабаттагы секиге чыгышты. Өңдөрү таанылбайт, үнүнөн ким экенин боолжоо ыктымал. Кыжылдашпай, акыл менен иш кылууга, токтоолук менен бүлүнгөн элди бириктирүүгө чакырмак болгон аксакалга кезек бербей коюшту. Бузук үн күчөткүчтөн кезек талашып, кеп алгандардын кебин ажырата түшүнүү кыйын. Ботиржандан өч алууну көздөп, ага ызырынган, элди бүлгүнгө салган чоңдорду сөккөн адам…
Түш ооду, куру сөздөн эчтеке чечилген жок. Карс-курс этип, бирдемеге таш урунду. Сакадай экинчи кабаттагы секиден жерге секирип түштү. Сыртка чыкканда караса, ат майданга чукул келип, токтогон жап-жаңы “тез жардам” машинасынын маңдай-капталы бырбыя түшүптүр. “Тез жардам” акимге жардамга келиптир. Ал өйдөңкү кабаттан түшүп келип, унаага жакындаганда туш-туш жактан кайра таш жаады. Аким менен аны жандап, колуна дары-дармеги бар кутуну кармаган ак желекчен киши да кайра ичкери качып киришти. Дуу-дуу урулган таш кайрадан жап-жаңы “тез жардам” машинасына согулуп, айнектери күбүлдү. Автоунаа жарактан чыкты. Кайран гана машина, канча оорулууну дарылап, өмүрүн узартмак. Айдоочусу да жок, каалгасы ачылган бойдон турат. Ооруларга жардам береер автоунаа кимге жамандык кылды, аны талкалагыдай? Акимге эмне өчөшөт таш менен ургандар? Ага тиш кайраганын да болжоо кыйын. А көрсө, аны “чөөгө жан тартты” деп күдүксүрөшкөн тура!
Чогулуш элди бузуп, балээнин чыгырыгын чубап, өзү кайдадыр жылт койгон Ботиржонды кармап, жазага тартуу бүтүмүн кабыл алды. Ал калабаны баштагыча эч жерде үйлөр өрттөнгөн эмес. Жыйында оозунан көбүк чачыраткан кызуу кандуулар прокурор, милициянын начальнигинин көзүнчө: “Бөтөлкөлөргө май куюп, бөлөктөргө үй өрттөөнү Ботиржон үйрөткөн. Эмнеге ал үч-төрт күн бою жалаң өз кандаштарын топтоп, чогулуш кылып, өзүбүзчө мамлекет курайбыз?”,- дейт. Эмне, биздин ичибизде жеке мамлекет курат бекен? Ал чогулушун эмнеге улутчул телеканалдар үзбөй көрсөтүп, элдин кыжырына тиет? Таап бергиле, андай калк бузарды. Болбосо, өзүбүз издеп таап, катыгын беребиз”,- дешти. Сакадайдын суроосуна улустун жаңы прокурору “Ботиржонды издеп, таппай атабыз. Үйүнө да, токойдогу курортуна да бардык, жок… Кылмыш иш ачтык”,- деп алакан жайып, кутулду. Ботиржон бул арада чет өлкөгө качып кеткен.
…Түн жарымда Ботиржондын телефону чырылдады. Ал өткөн аптадагы калабадан кийин көчөгө чыкпай, үйүнө да түнөбөй, көрүнгөн жерде жашынып жүргөн. Борбордон чалышкан экен. Аны менен такай сүйлөшкөн адамдын үнү бу ирет катаал чыкты:
-Сен батыраак из жашыр….
Кайда корголоордун аргасын таппай, бытпылдык айткан Ботиржон мындай чечимди күтпөгөн. Ал апкаарый түштү да, не дээрин билбей::
— Эмнеге, кайда барам?
-Аны өзүң бил. Сага дипломатиялык паспорт алууга уруксат. Чек арадан тоскоолсуз өтөсүң да, каалаган өлкөдөн баш калка сурайсың!
— Мага автономиялуу улус курууга жөлөк болуп, жарым паашалык кызматты ыйгармак элеңер го! Эмне алдадыңар?
— Бөйрөктөн шыйрак чыгарба! Сага андай кызматты эч ким убада кылган эмес. Ал тургай күзөтчүлүк жумушту да карматпайбыз. Түшүңдү сууга айтып, үй-бүлөң менен керт башыңдын амандыгын тиле. Мамлекетти бөлкөнтай кылып, ич ара бөлдүртүп коё турган сендей маңбаш бизде жок! Ансыз деле тынч элди кагыштырып, жүздөгөн адамдардын канын төгүүгө шыкакчы болдуң. Баш аламандыкты уюштуруп, курал кармап, ок атып, нечендеген турак-жайлар менен үйлөрдү кыйраттың…
— Мен эмес… “Үлпүлдөтүп, от тутантып, элди алаксытып тур”,- дебедиңер беле? Менин кызматымды, көгүш түс жүз лимонумду тез унутасызбы, акежан!
— Дагы айтам, оозуңа келгенди оттобо. Эч качан андай сөз айтылбаган. Болбойт дагы. Мени аке деп… Мен сени менен тең курдуумун. Жүз лимонуңду “чай ичип коюңуз. Менден сизге белек болсун, дос!”,- деп кутуга таштап кеткен – өзүң, мен сураган эмесмин. Жүзү жок! Белекти адам чын ыкласынан берет. “Чаар топу амалкөй, арампөш болот. Өз максаты үчүн шайтанды да сатып алганга ыктуу”,- дегендери ырас экен!
— Анча акча жолдо жайнап жаткан жок. Пулду “ишиме жараар” деген үмүт менен калтыргам.
— Кыскасы, сөз бүттү… Көп акыйлашпа. Жалган жалааң үчүн жооп бересиң… Азыр сени менен эсептешкенге убакыт тартыш. Эгер билсең, мен сени менен бала-чакаңдын эсендигин ойлоп, түн уйкумду бузуп, телефон чалган кербезим. Телефон тыңшалат, билесиң! Ошон үчүн убакытты уурдабай, сөздү ук! Сага бүгүн-эртең кылмыш иши ачылат. Ага ылайык сени дарга асса да, атып салса да жарайт… Бирок, алтының менен миллиард лимонуңду жокко санасаң, ал тыйының иш билги адамдарга жумшалып, өмүр бою абакта жатуу менен кутуласың. Ошондой өкүм чыгат. Сенин айыбың Ала-Тоодон жүз эсе чоң. Курал-жарактарды кандаштарыңа таркатканың, балдардын ишканаңдагы өлүмү, баш аламандык, мамлекеттик бийликти кулатууга жан үрөгөнүң – сенин мойнуңда. Өз алдынча өлкө курамагың да өйдөдө айтылган айыптарга кошуп тиркелет.
— Өзүмө курган алтын сарайда азыр сары чака жок.
— Аларыңды эмне, жер жуттубу?
— Апта мурун аялым менен балдарымды башка фамилияга өткөргөм. Казынамда болгон алтын-күмүш, зер буюмдарымды аларга кошо түгөл жүктөп, самолётум менен Дубайга учургам.
Телефондон борбордогу жигиттин үшкүрүгү угулду.
— Кой, калган сөздү кийин сүйлөшөлү! Сен чек ара аркылуу өт. Ал жактан өз жолуңду табаарсың!
Ботиржон түнү бою уктай албады. Өз үй, өлөң төшөгү өзүнө буюрбай, жат болоорун, аялдаса телефондон уккандай түрмөгө түшөрүн эстеп, түн катып, качып кетүүгө ыктады. Дүкөн-базарлары менен мекеме-ишканаларын кармаган тамырларына күн сайын түшкөн кирешелерди чыпчыргасын коротпой, өз наамына жибертип турууну дайындады. Узактагы Сармон менен Коргондогу Ташжаадынын тамырын тартып, алардын кулагына тапшырмасын куйду. Жат өлкөгө жеткенде, утуру жардам жиберип турууга убадасын аябады. Кезеги келгенде кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп, чет өлкөлөргө из жашырган баш кесерлер менен оогандык, сириялык жан кечтилерди чогултуп алып, кайра басып кирүүнү ойлоду. Мурда дайындап коюшкандай, чек арада аны эч ким деле текшерген жок. Ошо түндөрү жөө-жалаң адамдардын чек араны көздөй убай-чубай өтүп жаткан шоораты чыкты. Күн мурунтан ат тезегин кургатпай чыгаар коогадан кабар алышкандай. Узак айылынын оозу үйдөй-үйдөй таш менен тракторлордун чиркегичтери, темир-терсек менен бекем тосулду. Ок тийгенде жарылышы үчүн газ баллондорду бири-бирине зым менен чиркештирип, кыдырата тизишти. Кыз-кыркын, аялдар менен кол арага жарай элек балдарды, кемпир-чалдарды да коогадан чет талаага жөнөтүп, Узакта өңчөй алдуу-күчтүү жалаң эркектер калганы, аларга алда кайдан түз атар мылтыктар менен автоматтар, жардыруучу заттар таркатылган айың тарады. “Тияктан келатат, бияктан келатат” — деген ушак-имишке ууланган ала топулар бычактарын кайрап, узун шиштерди камдап, алда кимден коргонуу үчүн айыл арасында отряд курады.
Ат майданга кайра караламан калк дагы жыйналды. Буга Ботиржондун мамлекеттик туу менен кошо ээсиз турак-жайларды өрттөгөнү каскак болду. Ат майдандан шаарды көздөй кайра жүрүш башталды. Каптал көчөдөн жолго чыккан чаар топулар жөө жүрүштүн сүрүн көрүп, чала-була таш бараңга чыдабай, үйлөрүнө кире качышты. Жүрүштөгүлөрдүн агымы темир жолго жеткенде аларды милициянын атайын отряды жолун тороду. Кооптуу абал: жигиттер спецназдын куралына асылса, кокус ортодон чыр чыгып, мылтык атылса, Ак үйдүн алдында жетинчи апрелдегидей кан төгүлмөк. Анткени, жөө жүрүшкө үч жүздөн ашык адам чыккан. Сакадай ушуну ойлоп, тынчтыкты тиледи. “Өөгүнкүдөй кан төгүлбөсө экен. Ок атылбай, эч кимге ок жаңылбай, уруш-талашсыз күлүп-жайнап тарашса экен… Ботиржондын университетине барса, алардын куралы октолуу. Балапандай балдарга ок жаңылбаса экен…”
Бактыга жараша жөө жүрүшчүлөр темир жолдо алдын утурлап чыккан спецназчыларга тийишкен жок. Табы күчтүү Күндүн алдында жол четиндеги көк чөпкө олтуруп, жарым – бир сааттай өргүштү. “Ак үй алдына барып, митинг өткөрөбүз”- деп ишендиришти. Жол торогон милициянын арасын эки-үчтөн болуп аралап өтүштү да, киши-кара көбөйгөн соң, чоң көчөдөн ылдый көздөй кайра жүгүрүп жөнөштү. Бирок, Ак үйгө токтошкон жок. Жөө күлүктөрдүн карааны улам узап баратты, аралык бир топ. Жөө толкун кыйла ыраактап кеткенде каптал буйткадан чыга калган бир канча ала топу аларды ээрчий чуркады. Алар суудай толкуп бараткан жөө караандар үч чакырымдай узап кеткенин билсе да, колдорундагы ташты жигиттердин соңунан ыргытымыш болуп, “кожо көрсүнгө” куру айбат кылышты.
Сакадай жөө агымдан кыйла артта калды. Күрүлдөгөн машинанын бипилдегинен улам артка кылчайды. Унаасын жай айдаган жигиттер машинасынан ага жай берди. Алар калемгерди борбордук көчөгө жеткирип коюшту. Андан ары ал жөө жүрүшчүлөрдүн сабына кошулду. Жөө күлүктөр тосмону жарып өткөн суу ташкындай Ботиржон ар күнү өз кандаштарын топтоп, арам оюна ууланткан короого жакындады. Окуу жайдын корооосуна жалтанбай умтулган жалаң көйнөкчөн, кырчындай жигиттерди мылтыктардын огу кайра тосту. Калкан – коргоочусу, куралы жок балдардын кайсы бирөөлөрүнө ок тийип, жерге томолонду. Октон чоочуган уландар жол талашып, кайра жапырт артка качып чыгышты. Ок атууга туш болоорун ойлошпогонбу, ызаланган калыбында жол жээгинен колуна урунган таш менен окуу жайдын айнектерин уруп, талкаламыш этишти. Май куюлган бөтөлкөлөр имараттын ичине ыргытылып, жарылганы менен “чөөнүн” уюгу өрттөнгөн жок. Айла жокто ортодо тыным… Жарым саат, кырк мүнөт өттү. Бети-башы сары чийкил, көздөрү араң ачылып-жумулган, жашы кырктар чамасындагы шапкечен киши балдарды университетке кайра айдактай баштады:
— Кана, балдар, тургула! Кайра киргиле. Болгула, тез!..
Имаратты капталдап өткөн жолго топтолгон жигиттер кайра каптоону чечти. Дарбазадан ары беш-он кадам аттап, короонун ортосуна жеткенде ичкери жактан “чуу, чуу” этип, дембе-дем ок жаңылды. Боз уландар бири-бирин түртүшө жол талашып, кайра артка чегинди. Жанагы сары чийкил ага карабай жалаң төш уландарга улам буйрук берип атат. Арык жээгиндеги тыттын көлөкөсүндө терин аарчып, саялап турган Сакадайдын бул ирет чыдамы түгөндү. Бейкүнөө окко учкан балдарга жаны ачыды. Жигиттерди окту көздөй шыкаган неменин маңдайына эки аттап жетти да, каңырыгы түтөй зиркилдеди:
-Эй, жигит, сен эмне буларды отко айдап атасың? Канча балага ок тийип, жайрандалганын көрдүң. Нечеси жарадар болду. Ошолор сага аз көрүнүп атабы? Алардын ата-эне, жакындары кантип күн көрөт, баласынын ордун ким басат? Андай кыйын экенсиң, бар, өзүң кир! Балдарга тийишпе!
Ачуу сөздөн улам сары чийкилдин деми өчтү. Сакадайды теше тиктеген бойдон таштай катып, ооз ачканга жарабады. Жигиттер да анын тилин албай, кийин таркап кетишти. Кандай ою бар экенин ким билсин, сары чийкил көпкө дейре Сакадайдын артынан аңдып, кыйла күн бою көлөкөдөй ээрчип жүрдү.
Күн бешимде анын зымсыз телефону чырылдады. Тааныш жигит болуп чыкты. Сакадайдын кеч киргенде кан жол менен үйүнө кайтаарын болжогонбу:
— Бүгүн жолго чыкпаңыз, агай! Биз араң-зорго үйгө жетип келдик.
— Эмнеге антип атасың?
— Жолдун эки бетин тең, тээ ашуудан өйдө Ботиржандын кандаштары ээлеп алыптыр… Биринчи айлампада, экинчи айлампада, андан жогору чыккан өйдөлүштө да жалаң ошолор… Кол салуудан кайра тартаар түрү жок. Колдорунда курал деген, мылтык, балта, бычак, бешилик жайнайт.
— Жолду аскерлер кайтарбай атабы?
— Андайлардан бир жан көрүнбөйт. Милиция дегеле жок. Ала топучандар бир кокуйдун үстүнөн чыкчудай. Абайлаңыз!
Муну угуп Сакадай тополоң басылгыча узакка жол жүрбөй турууну чечти. Эртеси түштөн кийин ашууга жакын жерден уюлгуган кара түтүн асманга чубалды. Атылган мылтыктын үндөрү, өрттөнгөн автомашиналардын чатыраган жаңырыгы борбор калаага дап-даана угулуп жатты. Көрсө, ал жерде канабайран башталган экен.
Тынчтык бузулду. Мемиреген бейпилдик менен кулпураар калаанын көчөлөрү аңгырап, ээн калды. Бейкапар жүргөн адамдар да, машина да, көчө менен бир болуп, куушуп-ойногон балдар да көрүнбөйт. Жол бербей, каткыра күлүп, кызыл-тазыл кийими менен калаанын көркүн ачкан улан-кыздар, келин-кесек, аялдар, жигиттер менен олбурлуу кишилерден дайын жок. Энелери колдон жетелеген чүрпөлөрдүн да кыткылыгы угулбайт. Шаарда тамыр жайган түпкүлүктүү эл тоо тарапка качса, Ботиржонго кандаш ала топулар чек арага ооп кетишкен. Калаанын чет жакасындагылар эшик-дарбазаларын ичинен илип, көчөгө чыкпай коюшкан.
Күн алоолонуп, кызып чыкты. Көчөдө жалгыз калган Сакадай ысуулап, өзүн чоктун табы өчөлек дандырдын ичинде калгандай сезди. Төбөсү менен таманынан да ысык урат. Тамак кургап, тамчы суу көздөн учту. Чаңкоо басканга чөйчөктөп, суу сатчу күркөлөр да жабык. Электр жарыгы өчкөн. Ишканалар да, базары менен дүкөн, ашканалар да бек. Жолдун бирде аркы башынан, бирде берки башынан бети-башын чүмкөгөн куралчандардын карааны көзгө илешет. Бир канча көчөлөрдө кызыл жалын чачырап, өрттөнгөн үйлөрдүн түтүнү көккө буралды. Шаардын чок ортосундагы базардын айланасынан дембе-дем “баң-ң-буң-ң” үнү чыгып, мылтык атылып жатты. Сакадай бурчтагы бетон дубалга калкана калып, ок учкан тарапка көз жиберди. Мылтык үнү өчкөндө ким атып жатканын билүү үчүн жолдун аркы жагына жүгүрүп өтүп, жоон даракка калкаланды. Аңгыча болбой, мылтыктын атылган үнү базардын күн чыгыш тарабынан угулду. Базарды айлана качкан көйнөкчөн уландар бири менен бири жарыша чуркап өтүштү. Аларды куралчан бейтааныш киши кууп алган. Ал ачык жерге чыга калып, сүрөткө тартканы фотоаппаратын шыкаалаган Сакадайды көрө калды да, чамасы таанылгысы келбедиби, артына кайрале ойт берди. Түн бир оокум болгуча ар кайсы туштан мылтык атылды. Ок атылганда, Сакадай үй-дарактарга далдалана калып, шыкаалап, карап, байкоо салып турду.
Түн бир оокум. Ал сырттагы ок атууларга кулак түрүп, кирпик ирмей албады. Батиринде жалгыз. Зайыбы менен бала-чакасын тоз-тополоң жалбырттаарда шаардын четки көчөлөрү менен айылга жөнөтүп ийгенин эми оң санады. Айыл тарап тынчыраак. Түн жарымда борбордон бейтааныш бирөө телеканалды өрт чулгаганын сурап калды. Теле ишкананын кабылдамасына, анан деректирине телефон чалды. Эч кимисинен жооп жок. Имарат Ботиржондын короосуна маңдай-тескейлеш турат. Телеканалдын кызматкерлери да жумушка чыкпай койгон. Телеканалга караштуу үч кабаттуу мекеме Ботиржондын университетинин так маңдайында, анын кандаштарынын көчөлөрүнүн курчоосунда калган. “Чөөнүн кишилери чок таштаган болуу керек” — деп түкшүмөлдөдү ал. Өз батири менен телеишкананын аралыгы да бир кыйла. Көөдөй түндө өзү жалгыз кантип барат, коргоор эч ким жок? Милиция өйдөдөн түшкөн буйрукка моюн сунуп, өз кеңсесинен сыртка чыкпай калган. Өрт өчүрүүчү мекемеге телефон чалды. Алардан телеканалдын жалбырттаган кеңсесин өрттөн куткарууга барганын, бирок, андан майнап чыкпай, куткаруучулар топучандардын соккусуна кабылганын укту. Окуя мындай болот: өрт өчүргүчтөр машинасы менен теле мекемеге утурлаганда анын тушундагы университетке чогулгандар жолго чыгып, жабыла аткылап кирет. Өрт өчүргүчтөр аргасыздан токтобой өтөт. “Чөөнүн” кишилери аларды четки айылга дейре кууп, аткылап, колго түшүрө албай, артына кайтат. Шоопурдун далысына ок тиет. Өрт өчүргүчтөр айдоочуну айланма жол аркылуу ооруканага жеткиришет.
Ошол эле түнү автоинспекция мекемеси менен бажыкананын кеңсесин да өрт чалды. Муну автобекеттин оро-парасында турган көп кабаттуу үйдүн жарыгы өчкөн терезесинин жылчыгынан орто жашар аял шыкаалап карап турду. Ал жакын арада качып бараар тууган-уругу жок, балдары менен батиринде жалгыз калган болчу. Аял калаанын ичин көздөй ала топучандардын тилинде сүйлөп өтүп бараткан катар-катар кишилердин түрүн байкап, жанынан түңүлдү. Курал, бычак кармаган ал адамдар кирип келсе, кайда качат? Кошуналары алда качан эле айыл-кыштактардагы жакындарына ооп, батирлерин таштай качкан. Ал өмүрүн тобокелге салды: “Үйгө баш бакса, булардын эмне издери, колунан кандай “жакшылык” келери белгилүү. Кара ниеттүүсү атайылап мага асылаар. Балдарым жабыр тартпаса экен. Талап-тоногонго жыйып койгон дүнүйө-мүлкүм, таңгак-таңгак акчам, мойнума тагынган алтын шуру, кулагыма илген сөйкөлөрүм, билегимде алтын-күмүш билеригим деле жок. Оокатым деле түгөндү”. Не бар не жок, чаба албаса да, балтасын камдап, бурчка койду. Үрөйү учкан кыз-уулунун чачынан сылап, алар ыйлактаганда, жалынып-жалбарып атып сооротту. “Бала ыйын эшитти дегиче, тиги көркоолор каалганы талкалай тээп, ичкери кирип келеери бышык”. Аял болжогондой Узактан машиналар менен чыккан чаар топулар шаардын түндүк жагына барып, көп кабаттуу үйлөрдү аралады. “Алаху акбар” деген үндөрү жаңырып, терезелерди аткылап, бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып киришти. Алар түпкүлүктүү элдин уул-кыздары жалаң көп кабаттуу үйлөрдө жашаарын алдын-ала чалгындап, билип чыккан. Турак-жайларды өрт каптап, автоматтын үнүнөн айлана жаңырды.
“Чөөлөр” калың эл жашаган шаарчага жеткенде буктурмада турган жигиттер алар менен кармашка түштү. Шыңга бойлуу Шермамат ок тийип, каза болгон эки милиционердин денесин далдааракка жылдыртты да, шериктерин үчкө бөлүп, “чөөлөрдүн” алдын тороду. Жардамга жиберилген эки жигиттин “тынчтыкты сактайм, элимди коргойм” — дегени менен бир да ала топучанга ок атмак түгүл, каш кайтарбаса да, эч себепсиз окко учканына көзү жашылданып, жаалы кайнады. Бир жагы алардын өчүн алганы, экинчи жагынан көп кабаттуу үйлөрдө жашагандарды коргоо үчүн ала топучандарды кууп жөнөдү. “Чөөлөр” берегидей каршылыкты күтпөгөнбү, жол ортосунда токтоп турган үстү ачык машинасына көздөй жулунушту. Бирөөлөрү артына кайрылып, ок чыгарып атты. Бир кезде Шермаматтын акырегине темир учтуу нерсе келип, сайылып, кадалып калгандай болду. Мойнунан ылдый жылуу кан сызылды. Качкандарды кууп баратып, буту чалыштап, аспал жолго жүз төмөнүнөн кулады. Машинанын от алганын кулагы чалды. Болжолу, жоо чегингендей. Жанына жете келип, колтугунан сүйөгөн шеригинен сурады: “Балдар аманбы? Чөөлөр качтыбы?” Ал акырегине тийген ок ичин аралай өтүп, жамбаш сөөгүнө жетип, такалганын билген жок. Эсинен танган абалында аны ооруканага жеткиришти. Бул арада машинанын үстүндө мылтыктарын соройто кармаган узактык “чөөлөр” түн ката качып баратышкан.
Денеси бычак менен тилинип, кескиленип өлтүрүлгөн жигиттердин сөөгү эртеси Ботиржонго караштуу короонун бурчунан табылды. Кебетелери түпкүлүктүү элден. Бу чөлкөмдө жалаң Ботиржондын кандаштары жашайт. Көрүнгөн жери тилинип, башы-көзү билинбей, устукандалган табытты, чыдап тиктөө кыйын. Муну көргөн Сакадай туталанып, канкорлорго кеги ашты… Ал жигиттердин жан таслим эткенине күмөн саналган эки ала топу август айындагы соттон бошонуп чыкты. Алар сот убагында адамга тик багып карай албай, башын жерге салып, бирде көздөрүн ала качып, жалтакташты. Экөө сом менен доллар, евро акчалары таңгак-таңгак болуп, шыпка дейре жыйылган жер төлөгө бой жашырганда колго түшкөн. Жай күндөрү эл кым-куут кирген ашканасы бар чаар топулуу аксакал ал балдары кармалганда спецназга оо бир кыйла, миллиондой акча сунуш эткен. Бирок, милиция анын парасын албай, ишин сот таразасына койду.
Таң супа салганда Узак айлампасында ала топучан жайнады. Айлампага жакындаган “Мерседес” автомашинасын көрө калгандардын бирөө: — Келатат, келатат. Камдангыла!,- деп ач айкырык салды да, тээ ылдыйдагы кандаштарына кол булгады. Чет жакадагылар кара таандай көбөйүп, нукум жер бош калбай, жол ортосуна үйүлүштү.
Кайрат өз автоунаасы менен жогору жактан жүрүп келип, айлампадан оңго бурулду. Ал алды-артын торогон кебетелери суук кишилердин бут алдына жетип, машинасын токтотууга аргасыз болду. Жолго чыгаар алдында зайыбынын: “Бүгүн эч кайда барбай эле койчу! Тополоң чыкканга чочулап атам. Кандай күн болот, ким билет? Жумуштагыларга телефон чалып, уруксат алып, үйдөн жылбачы!”,- деп алааматты сезгендей көзүн кылгыртып, жалбарганын эстеди. Келбети келишимдүү, ай жүздүү жарын: “Мага ким тийишмек эле. Кудайга шүгүр! Жаза тайып бирөө мушташам десе, коргонууга күч жетет. Мына”,- деп жубатып, чыңалган жоон билегин көрсөткөн. Жогорку билимдүү болгону менен дипломуна жараша иши жок, жол четиндеги күйүүчү май куюучу бекетте иштеп жүргөн. Пара берип, кызмат алууну ойлогон да эмес. Татынакай жубайы менен мотурайган үч баласы үйдө калган.
Артка кайтып, же топучандарды жиреп өтсө жарашмак, анте албады. Бейтааныш кишилердин кара ниетин капарына алган жок. Машинасын өчүрбөй, “жолдон качкыла” деген таризде сигналын узакка бипилдетти. Тигилер көрүп, угуп-билип турса да, жол ачпай, турган орундарынан козголбоду. Үрөйлөрү суук, жан алгычтай туюлган топучандар машинаны тегерете курчап, союлдары менен карса-курс чапкылап, айнек сыртынан мылтык такашты. Учтуу шишти кармаган сакалчан айнек аркылуу чыкыйга саймак болду. Кайрат эңкейип, терезесин жабууга үлгүрдү. Бирок, утуру согулган таяк жана таш, дөөтүсүнүн алды-арткы айнектеринин бырын-чырынын чыгарды. Аңгыча болбой, кимдир бирөө ширеңке чагып, бөтөлкө күйгүзгөнү айнектен көрүндү. Май толтурулган бөтөлкөдөн дүрт этип, от жалындады. Өрттүү шишени машинанын ичине ыргытып ийишти.
Жалын көз ачып-жумганча унааны жалмады. “Мерседесчен” Кайрат түтүнгө какап, жалын кийим-кечесине жармашканда эшикти ачып чыкты. Жон териси ачышканына зааркана чыдап, бет маңдай тургандарды муштумун эки жакка сермей качырды. “Баатыр Манастын урпагы ушу силерден корко турган мен эмес. Топтолуп алып, жалгыз адамга тийишмей силердин адатыңар. Көптөшүп, мага асылганыңар – жолборсту талаганы туш жактан орой чуркаган салпылдак иттердин үргөнү менен тең”,- деп ойлонду. Ботиржонды даңазалап, көкөлөткөн кандаштарынын максат-тилеги Кайратка да жеткен болчу. Ал:
-Эй туугандар… Эркек экенсиң, жекеме-жекеге чыккыла! Билем мен, силердин узактык ала чапан экениңерди! Биз, Манастын тукуму эч кимге катылбайбыз, Ата-Журтубузду силердей басмачыга алдырбайбыз. Өзүңөр урушту баштадыңар! Катылгандын катыгын бергенге күчүм жетет. Өлсөм да, кайра тартпайм… Кана, бирден келе бер, – деп кыйкырды да, көйнөгүн чечип ыргытып, тигилерге атырылды.
Бирок, топучандар артка тирелип, ага даап, жакындай алышпады. Кайрат алдастаган эмелерди кууп барып, колуна урунган экөө-үчөөнү улам төбөсүнөн өйдө көтөрүп, башынан ашыра ыргытты. Топтун ичинен кимдир-бирөөлөр: “Я, Алла, я Алла! Алоху акбар!” — деди да, анын соңунан удаама-удаа мылтык атылды. Экинчиси шыргыйдай узун таякка байлап алган шиштүү учту Кайраттын курсагына, жүрөк тушуна сайгылап, бышып-бышып алды. Башкалары таш бараңга алып, эки метрдей темир таягы менен башка-көзгө чапкылаганга өттү. Көкүрөгүнө тийген октон улам көңүлү айланып, жер көчкөнсүп, Кайрат теңселип турду да, саамдан соң, жүз төмөнүнөн жыгылды.
— Болду, токтоткула!,- деп топ караандын ичинен бирөө колун көтөрдү. — Кыймылдабай калды ! Мунун эмне күнөөсү бар?.. Ала топулар ичинен шыпшынды. Кайраттын чыдамкайлыгы менен күчтүүлүгүнө тен берди.
-Унчукпа!.. Э, энең… Тирүү калса, эртең күлүңдү көккө сапырат. Биротоло жок кылгыла. Жогол нары. Жаак-бетин жүн баскан неме шериктерин жоошуткан аркыны муштуму менен ооз талаштыра койду. Кайратты курчап алган ала топулар аны кыйлага тепкилешти. Таш менен башын жанчышты. Ак сурп көйнөк, дамбал ыштанчаны шимшилеп, шымынын чөнтөгүн аңтаруу менен убара. Ал канга боёлгон акчаларды кармагандан да жийиркенген жок. Тапкан пулду жеңине сүртүп, тазалаган соң, төш чөнтөгүнө тыкшырды.
Бети-башы таанылгыс болуп жарылып, кара күйүк тарткан денеси канга чулганып, жер тарткан жигит акыркы жолу калбайып шишип чыккан кандуу эриндерин кыбыратты. Жарык жалп өчүп, караңгы түнгө оп тартылгандай болду. Көркоолор буту-колу узун, кең көкүрөк, дөөдөй жансыз денени сүйрөп, айлампага коңшулаш талаага алып барып таштады. Бул убакта “Мерседес” чатырап күйүп, төрт дөңгөлөгү менен темир-терсектери гана калган болчу. Аялы Кайраттын сөөгүн нече күн издеп, тополоң басылгандан кийин өлүкканадан тапты. Сай-сөөктү сыздата зыркырап ыйлап, карайган денени кучактады да, эсил кайран жубайын өлүмгө кыйбай, эси ооп жыгылды…
Келин жасалгалуу, кең каананы ээлеген коменданттан күйөөсүн адам чыдагыс мыкаачылык менен өлтүргөн канкорлорду таап, жазалоону суранды. Узак айылынын босогосуна коюлган тосмону жок кылууну, айыл үйлөрүн тинтитип, жашырылган куралдарды таап чыгууну өтүндү. Анткени, бу чөлкөмдөгүлөр ала чапандардын автомат, пулемет, беш атар сыңары куралдарды сатып алып, күн мурунтан тирешүүгө камданганын беш манжадай билишчү. “Катылган куралдарын качандыр бир мезгилде сууруп чыкпайт” — деп, ким кепилдик бере алат? Тескерисинче, жайкын маалда тоолуктар менен эски койчу-малчылардан аңчылык мылтыктарды бирден жыйнаган кызматтагылар чаар топулардан курал алууга батынган жок. “Өз ыктыяры менен тапшырсын” — деген болушту. Түпкүлүктүү калк алардын тили таттуу болгону менен токсонунчу жылдан тартып, чейрек кылымдын ичинде кайра балта-бычак көтөрүп, мылтык октогону тууралуу өз ара сыр бөлүшкөн бойдон кала берди. Кайраттын түгөйү ушинтип сүйлөдү.
Жумшак орундукта чалкалап, буттарын кайчылаштырып олтурган генерал үстөл черткилеп, угумуш эткени менен жесир аялдын зарлап-какшаганына анча көңүл бурган жок. Ыргылжың түрдө: ”Узактын тосмосуна мен да бара албайм. Алардын колунан бөөдө ажал тапкым келбейт. Милицияны жиберсем, жыш жашаган Узактыктар куралын тартып алып, канабайран салса, кантип токтотобуз? Азыр от күйүп турат. Сиз айткан кишилерди камакка алсак, от ого бетер ырбайт. Жалын мына-мына басылайын деп атканда, коюңуз… Кайрат кылыңыз да, белиңизди бек бууп, ачууңузду жутуңуз.. Мен да борбордогу үй-бүлө, бала-чакама аман-эсен кайтайын. Жаңжал басылганда күнөөкөрлөрдү издеп, табаарбыз”-,деп жубатымыш болду.
Үмүт менен барып, шагы сынган жесир келин өз жеринде коргоосуз калганына, бели мертингенге калка болоор, жашын аарчыыр чоң сөрөйдүн табылбаганына каңырыгы түтөп, муңкана ыйлады. Жол ката: “Өз көлөкөсүнөн корккон пенде тура! Сага окшогонго ишенген кайран биз. Сендейлердин айынан байып-чириген тили буруулар бизге утуру муштум түйүп, бей-бечараны жиликтейт тура”- деген ойго жеңилди…
Бешим чен. Улгайыңкы милиционер Узактын төрөтканасында нөөмөттө турган аялынан кабар алып, байтактагы үйүнө кайтып келатты. Жолу төрт жакка бөлүнгөн айлампада кара кузгундай болуп, топураган калың караан аны чочуткан жок. Ага демейки ызы-чуудай сезилди. Мындай чак-челекей чатактын далайын башынан өткөрүп, ажылдаган ала топулардын алабармандыгына көнүп бүткөн. Кызмат маалында ууру-кески, канкорлордун изине түшүп, бетме-бет кармашта аларды кыйла ийлеп, күчүнө моюн сундурган соң, колдоруна кишен салып, абакка айдап келген. Эс алууга чыкканы менен азыр да каруу-күчүнөн тая элек. Өзүнүкүнөн бөлөк ары-бери каттаган машина күндүр-түндүр кыймыл токтобогон жолдо көзгө көрүнбөдү.
Эки четинде кыдырата тал-тереги жыш айылдын ичинен суурулган кызыл түстүү “Тико” унаасын көрүп, топучандар айран таң калышты. “Биздин кыштакка киргенге качан үлгүрдү? Чычкан мурду жөргөлөгүс кылып, айылдын сыртынан коргон курдук. “Тикодогу” киши болду-болбоду асмандан түшкөн чалгынчы. Биздин ар кайсы бурч-жолдогу бекет-постторубузду картага чийип жүргөндүр”. Топучандардын бири ушинтип ойлонду. Темир таякты сүйрөп, улам жакындаган машинаны утурлады. Калгандары анын артынан ээрчип, кылкылдаган караан арасынан унаа өтөөр жылчык жок.
Жашы алтымышка таяган милиционер жөн эле багына койбоду: ал жакасына асылып, машинадан сууруп чыкмак болуп, сунулган колду кайрыды. “Тиконун” каалгасына капталынан такалган адамдын бөйрөк тушуна удаа-удаа сокту. Ороп турган топучандардан жалтактабай, сыртка чыкты. Качууну оюна албады. Ызылдаган эмелер ага туш-тараптан аарыдай жабылды. Алыбеттүү ардагер жолборстой атырылып, колуна билеги урунгандарды көтөрө чапты. Ортого алган топучандарды качырып, жакын жолотпой, айланта тепкиледи. Бычак шилтегендин билегин кагып, шамшарын түшүрдү. Ага болбой, ар кайсы жактан таяк-таш жамгырдай жаады. Беш-алты адам айрынын учу менен жан-жагына сайып өттү. Таяк-таш үстү башына сокбилектей согулуп, он чакты адам жабышты. Чалып жыгышты. Эсинен тангыча токмок токтободу.
Бүт денеси жанчылып, кызыл-ала канга жуулган эски милиционерди көөнө эки дөңгөлөктүн ортосуна коюп таңышты. Андан кийин үстү-башына сасык май куюшту да, ширеңке чагышты… Жалын чырмаган адамдан “кыңк” деген, же жалынып-жалбарган үн чыкпады. Кийин өлүү денени жарымы күйгөн дөңгөлөктөргө кошуп, айлампа четиндеги дарактардын артында керилип жаткан талаадан ор казып, сөөктү жашырышты…
Чачы тармал, жаак-ээгин түгөл жүн баскан киши дандырдай чоң курсагы кичинекей кабинага араң сыйганына, күшүлдөп-бышылдаганына карабай, башкалардан кызганып, кызыл түс “Тикону” үйүнө айдай качты. “Алган-жутканым эсеп. Сырт-ичин бир сыйра боёп таштайм да, тополоң басылганда маңыроолорго пулдап ийем. Карасаң ай, бычак-шиш менен сайдым, быштым. Каны чуурулуп атса да, чук этпеди. Баатыр экен, өлөөрүн билсе да коркпогон. Эр жигит экен. Бизде ушундай эр жүрөк, арстандай күчтүүлөр жок да” — деп шыпшынды, ичинен.
Эки-үч күнгө созулган жаңжал бир жаңсыл болгондо из кубарлар кара чүпүрөк менен чүмбөттөлгөн машинаны анын үйүнөн таап алышты. Милиционерди күм-жам кылган киши кармалса да, оозу-мурду кыйшайбай, айыбын танды. Шериктери да тилин тишине басып, көзмө-көз беттештирген суракта күнөөсүнө күбө өткөн жок: тополоңго дейре сөз бекишкендей “көргөн эмесмин, билбеймин” дегенге чыгышып, ийин куушурушту. Ала чапандарда сырга бекем, ушундай касиет илгертен бар: чоңдун тилинен чыкпайт. Жаңы эле амандашып, жүз көрүшкөн кандаш тааныш-тунушу, же айылдашы жөнүндө чоочун бирөө сураса, ооз ачмай жок, “тааныбайм, билбейт экем” деп, танып иймей…
Кан жол күн чыгышка бараткан унаа ашуудан ылдый түшкөн оң жакка, Узак кыштагына бурулган тушунан бөгөлдү. Ал жерге өңчөй ала чапан эркек таналар топтолду. Түрктөр куруп, бирок, иштетпей таштап койгон пахта заводдун жолго караган узун, күлбото дубалын ала топулар ара-арасынан муштум баткыдай кылып кыдырата оюшту. Оюктан мылтык чыгарып, жолдон ары-бери өткөндөрдү, же кол салгандарды атып, коргонгонго ылайыкташты. Бетон тешиктен дубалга жашынган адамдын бети-башы, тулку бою такыр көрүнбөйт. Чукулдук, кетмен-күрөктөр менен өйдө-төмөнтөн жол жүрүп келаткан автомашина “күп” этип түшүүсү үчүн кан жолго туурасынан чуңкур казылды. Бул чөлкөм аркылуу мунай жер түбүндөгү куур менен кара майдан бензин бөлүп чыгаруучу заводго агып барат.
Чөөлөрдөй үйүлгөн ээнбаштарды Сармон баштык теске салып атты . “Кошуна улуста кандаштарымды жексен кылып атышат. Алардын өчүн алып, Батиржан айткан бийликти ээлейбиз. Ал такка отурса, мага биринчи орун басарлык, Кароматханга социалдык вице-премьерлик тийер. Ага чейин борбордогулары кылчайбай койгон түпкү элдин күлүн көккө сапырып, үшүн алып, кыңк эттирбей бийлегенге көндүрөлү”- деп, түпкүлүктүү элге кекенип, муштумун түйдү. Жоош-момун карапайым калктын арасынан эч ким ага кенедей да кесирлик кылбаганын ойлогон жок. Чоң айылдын эркектаналарын коргонууга чакырып, жолоочуларга кол салууну ушул баштык үндөгөн. Ким эмне жумуш аткарат, кайсы бактын түбүндө, жолдун кайсы бөлүгүндө ким турат? Ал эмес, өзү жок жерден ойлоп тапкан “душмандардын”, болгондо да уруш-талашка эч тиешеси жок, кан жол менен өйдө-төмөн өткөн түпкүлүктүү улуттун тукумдарын көзүн тазалоо да ошонун буйругу. Улутчулдар ушу баштыктын нускоосу менен кара май аккан куурду жара бөлүштү. Андан оргуп чыккан мунай жол бетине жайната төгүлдү. Сармонжандын минткен амалы: “Жолдо каттаган автомашиналар казылган чуңкурга жетип-жетпей, мунайга сыйгаланып, аңтарылып, токтойт… Кыймылдабай, жүрбөй калган унаага жан жөкөрлөрүм жетип барып, кузгундай ороп алат да, машинадагы адамдарды заматта кылтактайт. Туткундарды уруп-согуп өлтүрүп, талап-тоногонго оңой… Жол жүргөндөр аялбы, эркекпи, кары-картаңбы, иши кылып, ала топу, же тили буруу эмес, түпкү улуттан болсо жетиштүү, кокту-колоттун ичине сүйрөп барып, койдой мууздап, иликтеп-жиликтеп, денесин курт-кумурска жегенге талаага таштамай. Чаң ызгыган саратанда ширеңке чаксаң, дүрт жанаар куусаң чөпкө бөлөп өрттөмөй… Бар, анан таап ала берсин. Из кубарлар тинтип, издеп тапкыча кыйла убакыт өтөт. Жан таслим болгондордун аты-жыты ың-жыңсыз калат. Аларды жайлагандарды тааныр күбө жок. Чек арадан ары жактан баш кесерлерди жалдап чакыртканым оң болуптур. Жаны кыйылып, көзү соолугандарды ошолорго оодарып таштайбыз. Шектүүлөрүбүз жер оодарып, балким Сирияга, же арап, оогандарга кошулуп кетебиз. Антпесе, кармалгандарды түрмөдө чиритпеши үчүн тергөөчү, буркурор, сотторго ар бир адамдан пул чогултуп, абактан аман-эсен кутултуп алабыз ”. Сармон ушинтип ой жүгүрттү. Ычкырына кындуу бычакты байлап жүрчү, басмачы мүнөз, бөтөндүн канын суудай төккөнү менен намазга беш убак жыгылган өз туугандары антка катуу тураарына ишенди: алар өзүнүн, же башка бир кандаш тууганы жасаган айыпты чоочун адамдын көзүнчө ачпайт. Бир тилдүүлөрдүн, өзгөчө Сармондой чоңдордун айтканы – мыйзам, дегени – деген.. Кылгылыкты кылып, кыл жууп менен бууп, адам канын агызганы мечитке каттап, намаз окуп, кылмыш-күнөөсүн кечүүгө Кудайдан ырайым сурайт.
“Улуста жаңжал. Ата-теги үстүнө капталы жарма тилик, көк-жашыл ыраң бейкасам чапан, башына ала топу кийгендерден өч алынышы мүмкүн. Түпкүлүктүү элдин башын өлүмгө сайган тайманбас уулдары кырк-элүү машина болуп, кек кууганы биз жакка келатат имиш” — деген ушак желдей тарады. Бул далилсиз каңшаар, ушакты оозу бош, оюна келгенин оттогондор чыгарды. “Коркокторго кош көрүнөт” дегендей муну уккан топучандардын үрөйү учту. Бирок, бөөдө жоо издөөгө каскак этер мындан бөлөк себеп жок эле. Узакка, же ала топучан айыл-кыштактарга канабайран салуу – эч кимдин акылына келген эмес. Сармон кайдагы жөнсүз имиштин анык-жалгандыгына чыккан жок. Өтүрүк кептин айынан элди дүрбөткөнүн: “Чын эле ошончо адам бизди басып алса, эмне болот? Мал-мүлкүбүз, байлыгыбыз самандай сапырылат. Кыз-келин, аялдар таланып, көөдөк балдар айрыга сайылабы?”- деген опсуз кыялга ууланды. Мындай оюнан, дээринен коркок чалыш неме өзү да чоочуп, жырткычтардын ач чеңгелине талангандан бетер калчылдап титиреди. Күн батыштан келчүлөрдү жан алгыч көрдү. Топтолгондор кажы-кужу. Бири-бирин угаар эмес. Орто жолго кара таандай үйүлгөндөрдү көрүп, кубат байлады. “Кудайга шүгүр! Беш атар, карабин, автомат деген толтура! Күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр да даяр. Анан эмнеге корком?… Миңге чукул адам топтодум. Бизди жеңиши кыйын!”
Түшкө жакын шамалдай ылдамдык менен зуулдап келаткан автомашинанын карааны көрүнгөндө, Сармондун жол ортосунда үймөлөктөшүп турган желдеттери четке чыга качышты. Каптал-арткы айнектери караңгылатылган унаанын ичинен топучандардын башынан ашыра дембе-дем ок атылды. Машинаны айрып-таануу кыйын. Жол торогондор жерге жата калышты. Эч кандай номуру жок, кыйла узап кеткен автоунаага көз чаптырган Сармон, жерге оонаганда чаң жармашкан көйнөк-шымын кагып:
-Көрдүңөрбү? Өч алгычтардын туңгуч карлыгачы учуп келди. Бул – биринчи жышаан! Бардыгың камдан!,- деп угуза кыйкырды.- Орус, татар, түрк, же башка улуттан колго түшсө, чекесине чертмей жок! Ак калпакчан учурады дегиче эч аябай, тукум курут кылгыла! Кыз-келиндерин эмне кылышты мен айтпай эле коёюн, ага акылыңар жетет: белиңерди каалаганча суутуп алгыла! Алардын боюна бүтсө, тукумубуз көбөйөт… Эркектерин аёо жок. Тестиери да, эртең чоңоюп, бизден өч алат… Гапир, сен нашаа кошулган палооңду бышыр. Нашаалуу ашты жеген адам эчтемеден жалтанбай, башканы кой, атасын сойгондон да кайра тартпайт. Палооңду ушу тургандардын баарына бир кашыктан болсо да, ооз тийгиз…
Адыр бойлогон даңгыр жол менен бурумду көздөй жоон топ адам келатты. Коюн-колтуктарында канжар, шамшар, айры, соройгон мылтык. Алардын алдыңкы бөлүгү айланасына токулган зым тартылган короого жакындады. Кан жолдон жарым чакырым алыс турган короодогу станса электр тогун өткөрөт. Стансада бүгүн Алмаз кезметте. Тигилердин “бери бас” деп чакырып, кол булгаганы алда-неден шек санатты. Ал зым тосмонун бир адам батчу эшигин ачкыч менен ичинен бекитти. Зым тосмого котологондордун бири жеңин чыканагына дейре түрүп, ага көрсөтүп, бычагын экинчи колундагы шамшарга кайрап атат. Эч себепсиз: “Эшикти ач, ач!.. Азыр соёбуз” — деген кыйкырык – бакырык. Кээси темир каалганы тепкилеп, ургулайт. Алмаздын денеси дүркүрөдү. Энеси менен кызын “антем, минтем” деп, уят сөз менен ашата сөгүп, жулунгандарга да теңелген жок. Ала топулардын жаны таттуу болоорун эстеп, зым тосмодон ашып өтүп, короону басып алаарына көзү жетпеди. Акыйнек айтышпай, ичкери басты. Милицияга телефон чалды эле, жооп болбоду. Сыртта короочу ит чоочундарга айбат кылгансып, тынбай үрүп жатты. Атылган октун үнү чыгып, кыңшылап барып, сулк жыгылган иттин үнү өчтү. Алмаз билектей ачкычты кармап, подстанциянын шатысына чыга берди да:
-Качкыла! Болбосо, азыр зым тосмого ток жиберем! Ток тепсе, баарың тыраясың!,- деп кыйкырды. Атайылап ток жүргөн зымга суу чачты. Анын соңунан ачкычын темирге ургулаганда, зым “чыр-р, чыр-р, чарс-чурс” этип, кызыл-көгүш жалын бүрктү. Баятан темир тосмого кара кулак шер сыяктанып, жулунгандар коёндон бетер дыргаяктап качты.
Арадан үч-төрт саат өттү, не өтпөдү. Бурум жакта ылдыйдан күүлдөп жогору чыга берген жеңил унаага туш-тараптан жарыша ок атылды. Унаа бирдемеге урунуп, токтогондой үн чыкты. Кыйкырык-өкүрүк, аялдардын чыңырган үнү… Анан жалбырттаган өрттүн кара түтүнү асманга уюлгуду. Алмаз стансанын шатысына чыгып, карады эле, кан жолдо болуп жаткан окуя көзгө даана уруна бербеди. Стансаны бойлой өткөн жолдун ылдый бөлүгүндөгү үйлөр менен бак-дарактар тосуп калды. Ага удаа алдыда бир киши, анын артынан төрт аял стансаны көздөй чуркады. Эркектин бети-башы кан. Алмаз эшигин ача койду.
— Ох-х, жолдо атып жатышат… Жалаң мобу кыздын туугандары …- деди бейтааныш эркек, канталаган жаак-бетин жүзаарчысы менен сүртүп, колун өң алеттен кеткен үч аялга жанаша отурган чүмбөтчөн кызга жаңсады. Саратан кайнап турса, ал кыздын көзүнөн башка денеси жабылуу, оронуп-чулганган. Ал айыптуу немедей башын жерге салды.
— Кайсы шайтан айдап, бүгүн жолго чыктым эле?,- деди бир аял тизесин муштагылап. — Ой, кан ичерлер, ий!.. Ушундай да мыкаачы болушабы? Биз эмне кылдык аларга, тоогун күш дебесек, итин кет деп куубасак. Жүзү каралар!.. Эки кишини атып, бычак менен шылып салышты. Базарга барып, мал сатып, кайтып келатышкан экен.
— Бир сулуу аял менен эки кызды уруп-тепкилеп, колот жакка сүйрөп кетишти ээ, канкорлор! Ал шордуулар кандай жазага туш болду экен? Камчыбектин аялы Акбилек айымдын чач учтугун кыркып алган орустарды бирин койбой жок кылып, аялды коргогон Акбалбандай баатырлар кайда жүрөт?…
— Ой башым,- деди башка бир аял. – Мойнумдагы алтын чынжырды үзүп алышты. Чекемди жарып, акчаларымды талашты. Ой, кан ичерлер ий!.. Базарлык, түйүндөрүмдү колумдан жулуп алышты. Кызымдын септик буюмдарынан айрылдым..
— Аман калганыңызга сүйүнүң, эже!.. Чатыңызды айрып койсо, колуңуздан эчтемке келбейт. Унчукпаңыз, жетишет быягы,- кепке чүмбөтчөн кыз өз тилинде аралашты.
Үчүнчү аял экиленгени үчүн чүмбөтчөн кызды жек көрө тиктеди:
— Сенин туугандарың болгон үчүн сага тийишкен жок.
— Айланайын эже! Мен деле сиздер менен маршруткада бирге келаткан жолоочумун. Жол тоскондордун бирөөсүн таанысам, өлөйүн! Кечириңиз…,- деп жалбарды чүмбөтчөн кыз, айыптуудай.
— Ырас, — деди жарадар киши бутун таңып жатып. — Бу кызда айып жок.
— Булардын тили ширин, дили катуу. “Ляппай”- деп, жүгүнгөн чаар топунун эки колунда эки шамшар жүрөт. Боюн түздөп, өйдө туруп баратканда ошо бычактары менен жанындагыны сайганга маш”.- деген сөз төгүн жерден айтылбаган. Жаныңда жүрсө, билинбейт, мыкаачыдан өткөн кан ичеер жок. Мындайлардын сырын аралаш жашаган адам билет. Борбордогулар сый татканы үчүн буларды койдон жоош ойлойт.
…Аптап көзүн уялткан Жамбы араң-зорго эсине келди. Башы зыңгырайт, омуртка сөөгү талкалангандан бетер катуу ооруп чыкты. Сол буту сынган белем, кыймылдатуу мүмкүн эмес. Коргондогу үйүнөн кабар алганы кызы менен курдаш бийкеч жана дагы эки киши менен бир унаада келаткан. Бийиктеп бараткан жолдун эки айрылышына жакындаганда “даң-дуң” этип, туш-тараптан ок атылган. Таксинин айнеги бырын-чырын чыгып, айдоочуга ок тийдиби, ал машинаны эптей албай, дөңгөлөктөрүнөн айрылгандай болгон машина октос берип, жол четине кулаган. Жүзүн жүн басып, башына ак топу кийген бейтааныш кишилер жан алгычтай туюлду: жол жээгиндеги дарак-камыштардын арасынан чыга келип, колдорундагы темир таяк менен унааны даңгырата чапкылап, айнектерин күбүп, машинанын ичинде олтургандарды сүйрөп чыгышты. Жамбынын насыяга алган жарым миллиондон ашык акчалуу баштыгын колунан сууруп алышты да, өзүн уруп-тепкилеп, коо ичине жетелешти. Шоопур менен эки жигитти машинадан чыккан жеринде бычактап, анан атып салышты да, денелерин аң ичине кулатып, үстүнө чөп-чар, кум-топурак чачып, таш бастырышты. Бойго эми жете берген эки кыз менен Жамбыны колот ичине сүйрөп барып, чөпкө жаткырышты. Көк желкеге согулган соккудан улам анын эси оогон эле. Алеки саатта туш болгон береги көрүнүш көз алдынан тартылып өттү. Чалкасынан түшкөн жеринен капталына оодарылганга эби-сыны жетпеди. Кирпиктеринин арасынан көргөнү — сакал-муруттуу, көкүрөгү шырылган ак көйнөк, ак топучан бирөө өз белинен ылдый шалбарын шыпырып ийди да, Жамбынын жоон сандарын эки жакка керип, чатына кирип, үстүнө жатмакка ыктады. Жамбы көзүнө маймылдай элестеген пенде пуруштун ниетин болжоду да, бар күчүн топтоду. “Биздин кыздар сендей арамга тукумун булгатпайт. Биздин элде сеникиндей паранжы жамынып, бети-башын чүмкөгөнү менен сокур тыйынга алданган атлас көйнөкчөн кыздарыңдай ургаачы жок”,- деп ойлонгон аял, эринине оозун жакындаткан иреңи сууктун ээк-жаагын апчыды. Чымыркана берип, бирок, өйдө боло албай, оң буту менен ак көйнөкчөндү чатка тепти. Жамбынын буту мээлеген жерге дал тийдиби, ак дамбалчан чурай тушун эки колу менен калкалап, “Вай” деп бакырып, ары тоголонду. Бүкчүңдөгөн бойдон ары кетип, оорусу басаңдаганда колуна бөтөлкө кармап кайра келди. Жамбынын эси кайра ооду… Нес абалында кызын эстеди. Кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз, жанында кызы менен бейтааныш бийкеч олтурат. Ак топу менен жылаңбаш жигит — Абдрахим да көрүндү. Кызы мостоюп, бийкеч шолоктоп, “ата, ата”,- деп, чыңырып ыйлап атат. Анын мурдун сасык жыт өрдөдү. Көзүн ачса, ак көйнөкчөн киши кармаган бөтөлкөдөн бензин куюлуп атат. Чаар топучан эми Жамбынын кызы жакка бурулду. Жамбы боорун өйдө көтөрө албай, узатасынан сулап жатса да, кош колун сунуп, тигинин эки бутуна жабышып, жалынды:
— Айланайын акебай! Эмне десең, берейин! Мени эмне кылсаң ошо кыл. Бирок, кызыма тийбе! Ак топучандан окчун турган Абдрахимге тил бүттү. Ал курбусун ийинге бир урду да, ачуулуу түрдө:
— Эй, шертти бузба!.. Гапирдикинен аш жеп, жолго чыгаарда “кыз-кыркындарга тиймей жок. Эркектерин гана соёбуз”,- деп антташпадык беле? Убада кана?.. Бу кыздар бизге эч жамандык кылбаса… Жолоочуларга кол салып, бейкүнөөлөрдүн канына забын болдук. Ансыз деле акча-алтынын тоноп алдың. Жетер сага.
Ала топучан буга кулак салбады. Ары басып, эчкире ыйлаган бийкечке жакындады да, бөтөлкөдөгү суюктукту анын далысынан ылдый куйду. Ширеңкени чагып, күйгөн талын кыз тарапка бир чертти. От тиери менен кыздын кызыл көйнөгүнөн дүрт этип, жалын чыкты. Кыз этек-башын чапкылап, боюн таштап, көк чөпкө оонады. Шеригинин кылыгын жактырбаган Абдрахим ак топучанды колундагы союлу менен как төбөгө сокту. Ал талп этип жерге кулап түшкөн айылдашына карабай, машинасына жүгүрдү. Дөөтүсүнөн таап чыккан чакасына арыктан суу сузуп алды да, сууну кыздын денесине жаба куйду. Быкшып өчкөн өрт коюн-колтугун аралабаш үчүн, Абдрахим макиси менен кыздын көйнөгүн желкесинен ылдый тилип ийди. Бийкеч чучуктай чыңырып, кулак тундурат. Ачуу үнгө чыдоо кыйын. Абдрахим унаасын от алдырып, жерде сулк жаткан Жамбыга жакындатты. Аны кош колдоп көтөрүп чыгып, арткы орундукка жайлантты. Жамбынын кызы нес болгондон бетер, бакырык-кыйкырык, октун үнү, машиналардын карса-курсу угулуп жаткан жолго телмире тиктеген калыбынан жазбай, нестейди. Суйкайган сулуу кыз дамбалы чечилип, чаң жолдо сулк жаткан жылаңач сакалчандан көзүн тетири бурду. Абдрахим жону күйгөн кызга кыйкырды:
— Эй, болду-у… Жаагыңды жап, кечке эле озондой бербей!
— Атамдан айрылдым, атамдан… Анан кантип ыйлабайм?.. Ата-аа, ата-кее… Мени үйгө алып кеткени шаарга келип, жолдо минтип жайрап калаарыңды кайдан билдим?… Апама эмне дейм, инилериме эмне дейм?..Ата-а…- Бийкеч жанагыдан бетер озондоп, жер тепкиледи.
— Бол батыраак, машинага чык, ооруканага жеткирейин!- деди Абдрахим, машинасын жүргүзүп. — Тиги баш кесер өзүнө келгиче, жолду арбыталы. Ал ойгонсо, баарыбызды мууздайт. Болчу, эми… – Ордунан түшүп, Жамбынын үн-тилден калып, маң тарткан кызын унаага жетеледи. – Бас, ээ! Кур дегенде апаңды аячы, өзүнө эмдигиче келбей атат.
Атасынан айрылган кыз солуктаганын тыйбады. Жолдун өңгүл-дөңгүлүнө карабай, машинасын катуу айдаган жигит ролду катуу муштады да, кызга үнүнүн барынча бакырды:
— Кулакты жеп бүтө турган болдуң, токтотчу!..
— Күйгөн жонум ачышып атат…
— Айтканымды укпасаң, азыр артка бурулуп, жолдогу чатпуруштардын колуна салып берем,- деди Абдрахим чоочутмакка атайылап. Дөөтүсү өңгүл-дөңгүл жолдо мөңкүп-калкып баратты. — Алар кыз-кыркындарды эмне кыларын билесиң, ээ… Тыйыласыңбы?
— Макул, аке. – Кыз көз жашын сүртүп, Абдрахимдин айтканына көндү.
— Жолдогулар мени да соо койбойт. Бир жагы врачмын, бирок, колумда шайман жок. Узактагы дарыгерлер ооруканада болсо экен… Мени албетте, Сармонжанга чагып барышат. Ал желдеттерине мени кармоого буйрук берет. Эми кайда барып, кутулам, билбейм…
— Өзүңүз ушул айылда өссөңүз, сизге тийишпес.
— Э, кызым, силердей жолоочуда не күнөө?.. Бар балээни Батиржан менен Сармондун тилине кирип, өзүбүз баштадык. Ушу жерди түбөлүк мекендеген адамдарды атып, өлтүрүп, башыбызга күнөө үйдүк. Эми беш убак намаз окуп, мечитке каттап, айыбымды кеч деп Кудайга жалынабыз. “Тоолуктар атчан түшүп келе жатат, тиги жактан машина менен, жөө-жалаң келе жатат”,- деп удургутушуп, эки акмактын тили менен катын, бала-чакабызды чек арага качырдык. “Эркек аттуулар бирибиз да жылбай, Узакты коргойбуз”,- деп касам ичип, чеп курдук. Шертти бузгандар, түпкү улуттун уул-кыздарына ырайым кылгандар, жарадарларын жаап-жашырган ала топудан өзүбүз өч алабыз деп убада бекиттик. Бу алаамат Батиржандын тили менен болду. Улусту бөлүп алып, өзүнчө өкүм жүргүзөт имиш, келесоо… Сөөгүм түрмөдө чирий элегинде Орусияга качып кетет окшойм. Антпесем, бир жагы Батир акемдин лашкерлери көзүмдү оёт, экинчи жагы өкмөт соттойт. – Энеси ала топунун кызы болгон Абдрахим жолду ката ушинтип сүйлөп баратты.
Ал болжогондой Узактын ооруканасы ээн болуп чыкты. Сармондун чечими күчтүүлүк кылганбы, айылдык чаар топу дарыгерлер жумушка чыкпай койгон. Түпкү улуттун уул-кыздары болгон врачтар райондук мекеме-уюмдардын түгөл кызматчыларына окшоп, улустагы карапайым калк сыңары алтын башынын эсендигин ойлогон: тоз-тополоңдун дүбүрт-капшабы чыга электе жер оодуруп, ата-эне, урук-туугандарыныкына көчүп кетишкен.
Ар кайсы бөлүмгө баш багып, доктурларды таппай койгон Абдрахим кесиптештеринин бу жоругуна кейиди. “ Мен го, Сармондун: “Бийлик бизге тийсе, сен оорукананы башкарасың!”,- дегенине алданып, акмак болдум. А силерчи?.. “Өз, бөтөн, кас-дос”,- деп бөлгөн дарыгер ак желектен айлансын! Оо, Гиппократтын анты ургурлар!” – Ал автоунаасын кайра от алдырып, оорукананы көздөй чапкылады. Кайрыны сынык-жарат бөлүмүнө, анын кызын неврология, жону кызара-бышарып күйгөн бийкечти хирургия бөлүмүнө тапшырды. Үйүнө келип, кийим-кечесин баштыкка салды да, түн ичинде Орусияны көздөй жылт койду. Ага окшоп чоочулаган кандуу колдуу ала топулардын бир даары чек арадан ары өтө качышса, көбү Россияны жойлошту. Аларга аялы мурда паспорт бөлүмүндө иштеген Биродар паспорт жазып берип турду. Актай паспортторду уурдап алып, катып коюшкан.
Полковник даражасы менен пенсияга чыккан Биродардын үйүндө ар түрдүү курал-жарактар менен МАИчилердин кийим-кече жана жабдуулары, башка документтер да катылуу болчу. Кан жолдогу кагылышта ал колго түшкөндөрдү суракка алып, тергеди. Бул озуйпаны ага Сармон тапшырган. Эски пахта зоотундагы милиция кийимчен Биродардын бөлмөсүнө колго түшкөн Рысбек менен анын татар курбусун жетелеп киришти. “Тергөөчү” дайын-дарегин сурап, Чүйлүк Рысбектин жумуш мөөнөтү аяктагандыктан Бишкектеги үйүнө кайтып баратканын билди.
— Быякка эмне келдиң?
Рысбек жооп кайырган жок. Көзү ала чакмактаган полковник суроо жаадырды:
— Силерди бул жактагыларга жардамга, атайы жиберген. Канча киши болчусуңар? Сенден башкалары кайда жүрөт? Айт дейм.
— Командировкага келгенбиз. Бир машинада бешөө элек, үч жолдошубузду өлтүрдүңөр. Тил-кулагын кесип, көзүн оюп, тишин күбүдүңөр. Биздин айып,- жарыгы өчкөндөргө свет улап бергенибиз… Дагы эмне өчүң бар, бизде?
— Кааласак, сени да мууздап салабыз. Бирок, сен керексиң. – Полковник Рысбектин мойнун толгой кармады. Колундагы шамшарды алкымына такап, булкту: — Айт дейм…
— Болгону ошо…
Шеригинин тамагына бычак такалганын көргөн татар жигиттин көзү алайды. Ал бүрүшө калып, бурчка тыгылды.
Биродар аны жоошута карап, колундагы зымсыз телефонун сунду да:
-Ме, муну менен үйүңдөгүлөргө кабар берчи! Туугандарың вертолет менен келип, сени алып кетсин! Сени беде паяга жеткиребиз, тик учак ошол жерге консун. Биз тоолуктардан башкаларга катылбайбыз. Биз жакта туулуп-өсүп, жашаган калпакчандардын катыгын беребиз. Татар жигит буйрукту аткарды. Биродардын кебинен кийин ага жан киргенсип, ыдык көрүүдөн кутулганына жүзү жылмаңдады.
Полковник эми Рысбектин бет алдына кагаз тосту:
-Ушул жазылгандарды окуп бер! Анан досуң экөөңө жооп…
Рысбек жазууларга көз жүгүрткөн соң, баш чайкады:
-Жалган!.. Мындай болгон эмес. Мен бул жактыктардын бирин да тааныбайм. Анан кантип акча алып, силердин тууганыңарды аткан болом?..
-Биз айткандан кийин бүттү, пул алгансың!
“Тергөөчү” макинин учу менен Рысбектин бешенесин чийди.
Рысбек маңдайынын ачышканына чыдап, бет ылдый аккан канын жеңи менен сүртүндү. Бирок, ийибеди. Туткунга тили өтпөгөнүнө полковниктин итатайы тутулду. Рысбекти катуураак кыйноону чечти. Күтүүсүздөн муштуму менен ашказандын дал тушуна сокту. Өзөрө жаздап, кайра оңолгон туткун жалооруган жок. Аргасы түгөнгөн полковник темир союл кармаган эңгезердей жылаңбаш жигитке баш ийкеди:
-Шам… Мунун тилин күрмөөгө келтирип койчу! Коркконунан тилин жутуп алган окшойт…
Шам бети-башы, көкүрөгү канга чыланган Рысбекти дубалга такады. Темир союлу менен тамагын кысты. Кекиртегине темирдин заары өтүп, көзүнөн жаш, оозунан көбүк чыгып, жөтөлүп-какалып, өңгөчүн тарта албай, дем алуусу оордогон Рысбек колу-буту жоон Шамдан кутулуу үчүн жан далбастады. Ал оозуна толгон кан аралаш көбүктү Шамдын көзүнө жаба түкүрдү да, анын колундагы союлду шак жулуп алып, чыканагы менен калкалана берген немени ийинге чапты. Ага удаа Биродар баш болуп, бөлмөдөгү мойну-башын жүн баскандар тепкилеп, Рысбекти топ сыңары ийлешти. Ал төбөсүнөн ылдый чака суу куюлганда гана эсине келди. Шам Рысбектин үстүнөн канга чыланган көйнөктү сыйрып салды да, суу чүпүрөк менен жүзүн сүрттү. Полковник жазуулуу кагазды колуна кайра карматып, катуу буюрду:
-Иттин баласы, мынабуну үн чыгарып оку!
Рысбек буйрукту аткарбаса, жаны соо калбай турганына көзү жетип, окууга аргасыз болду:
— Ажонун адамдары бизге он миң доллар карматып, ала топуларды атканга буйрук берди. Биз алардын тапшырмасын аткардык. — Туткундун бул сөзүн видеочу тасмага тартып алды.
— Мына, кутулдуң! Бая эле ушинтип окуп берсең, токмок тийбейт эле,- Биродар кара күчкө ырсайып, Рысбекти далыга таптады. Рысбек ачуусун жутту, полковникти көргүсү жок.
“Тергөөчү” видеотасманы интернетке тиркегенди Шамга жүктөдү. Тасма бат эле интернет желесин айланып чыкты. Рысбек Шамдын өң-турпатын эсине тутту. Ал ооруканада жатканда Шам, төрт-беш сакалчан адам менен бейтапканага кирип келип, жарадарларды темир союлу менен сабаган. Күүгүм түшкөндө мууздап, көздөрүн тазалаарын айткан. Аны уккан жарадарлар ооруканадан качып чыгышкан. Көп өтпөй татар жигит менен Рысбекти жүктөгөн дөөтү аларды коңшу айылдагы беде паяны көздөй алып жөнөдү. Кечке жуук беде паяга конгон тик учак аларды Бишкекке жеткирди.
Тоз-тополоң басылгандан кийин Шам көптөгөн Узактык жана Коргондук ала топулар өңдүү изин жашырып, адегенде Өзбекстанга, анан Россияга качты. Милиция аны Казакстанда тузакка түшүрүп, тергөөгө алды. Райондук сот аны жыйырма жылга кести. Бирок, улустук сот Чүйдөн чакыртылган Рысбек, Камилдин, башка күбөлөрдүн бетме-бет көздөштүрүүсүн күтүп олтурганына карабай, прокурордун ишти кайра тергөөгө жиберүүсүн өтүнгөнүнө көңүл бөлбөдү. “Далилдер жетишсиз”,- деген жүйөө менен Шамга айып пул чектеп, аны сот залынан бошотуп ийди. Соттон чыгып баратып, ал Рысбекти көрдү да: “Колуңдан эмне келди? Көрдүңбү, пулдун күчүн!.. Пулу барга сотуң да кул болот. Жакшы кал! Эми кармап болупсуңар”,- деп табалап, кол булгалады. Шам колго түшкөндөргө мылтык такап, уруп-тепкенде кабыргалары сынган Жамбы менен анын кызын пахта заводдун ичине сүйрөп киргенин да унутту. Кеселкананы чогуу аралаган Сармонжандын буту-колу таңылып жаткан жарадар Камилге: ”Сен бул жерден тирүү чыкпайсың. Эмки келишибизге дейре аман турсаң, сени өз колум менен мууздаймын”,- деп коркутканын да соттон жашырды. Кыз бирок, аны таанып калган эле. Камил да жол буугандардын ур токмогун жеп, октон жараат алган болчу.
Сакадай Шамдын боштондугу үчүн ала топулар акча топтошкондугун укту. Утуру издеп барып, аны үйүнөн таба албады. Орус жарандыгы бар кылмышкердин соттон бошотулган күнү эле чет өлкөгө качып кеткендигин кийин билди. Колго түшкөндөрдүн арасында Сармон менен Биродар да жүрдү. Бирок, алар сотто, түрмөгө кесилерде экөө тең карганып, мүлдө кылмыш-кылыгын танып ийди. “Кудай кечирсин. Күнөөбүз жок. Жөнү жок кан төксөк, Алла урсун!”,- дешип жакасын карманышты. Төбөлдөрүнүн актанган жоругун соттун капасына түшкөн башка кылмышкерлер да тоту куштай кайталады. Баш кесерлердин аксымдыгына жакындарынан айрылгандарга жык толгон залда үндөбөй сыздап, үшкүрүнгөн Тургунай чыдап тура албады. Бышактап ыйлап, ордунан шибеге сайгандай атып турду. Көз жашын аарчып алды да, тар темир торго батпай, кээ бири бүрүшүп, жер тиктеп олтургандарга тик бага суроо салды:
— Карачечекей эжем менен бөбөгүн эмизип келаткан келинимдин өмүрүн кыйдыңар. Алардын өлүмү үчүн Кудай силерге кандай жаза караар экен, ыя?.. Эмчектеги наристе жетим калды, эми ага эне сүтүн ким берет, кокуй?.. Там айлангыча жүзүн бурган, эй канкорлор! Алла урсун силерди, уктуңарбы, Кудай урсун!.. Эжем менен келинимдин жол жүрүп келаткандан бөлөк айыбы жок болчу. Алтындай момундарым силердин төрт кандашыңа үйүнөн орун-очок берип, оокат-аш берип, багып жүргөн эле. Алардын арасында ушу силердей таш боор чаар топу балдары карабай, таштап койгон кемпир эжеңер, көчөдө тентип жүргөн кандаш келиниңер бар болчу. Эми аларды ким багат?.. Э, кудай урсун, баарыңарды!…
Сотто Узактык баш кесерлердин мыкаачылыгын угуп, жесир калган аялдар менен уулунан айрылган энелердин көз жашын көрүп, Сакадайдын да сай-сөөгү сыздады. Темир тордун артында туруп алып, үндөрүн тасмага түшүрүп, өздөрүн сүрөткө тартып алганынабы, ага муштум кезеп, сөгүнгөн ала топуну көзүндө огу болсо, атып салуудан кайра тартпай турду. “Кан жолдогу калайманды болтурбай коюуга мүмкүн беле?”,- деп өзүнөн сурады. Өрт чалган көчөлөрдү кыдырып, эки тараптын кагылышынан набыт болгон адамдардын тагдырын сураштырып, алардын урук-туугандарына кайрат айтып, арбактарына куран окутту. Окуяларды иликтеп жүрүп, тапкан жообу мына бу: “Ооба, жаңжал башталганда кан жолдун Узакты аралап өтчү бөлүгүнүн эки учуна маи бекети коюлганда… Алар жолоочуларды үч-төрт күн жолго чыкпоого үндөсө, балким, кутурган жоолор саратандын аптабына сызгырылып, жаңжал тутанбай, аларды жетелеген Сармонго окшогондорду сөгүп, таркап кетмек. Дагы бир жагдай, элдин тынчтыгына жик салууну көздөгөндөрдүн түккө турбас ушак-айыңдарды жайылтканы. Коргонууга чеп ургудай, жазыксыз жүргүнчүлөрдүн канын төгүп, дене-сөөктөрүн өрттөп, талап-тоногудай Узакка түпкү улуттан кимдир-бирөө ойрон салганы бут баскан эмес, кол салууну эч ким ойлобогон. “Ала топулар шаарга чабуул жасайт имиш,- деген жөө сөздөрдү чын бүткөн калаанын көп тургуну тоо жакка качкан. Ага дейре азганакай тоолуктар Ботиржонго кекенип, андан өч алуу үчүн калаанын сырт көчөлөрүн аралаган. Жол менен өтүп баратып, дүрт этме бөтөлкөлөрдү ыргытканда байманалуу туюлган чаар топулардын кооз үйлөрү менен чайкана-ашканалары жалынга чулганган. Өрт чалган короолордун жер төлөсүнө бекинген бирин-экин кемпир – кесек түтүнгө ууланып, тирүүлөй көз жумду. Көзгө чалдыккан ала топуларды артынан кууп, ок атып өлтүрүшкөн. Ээлери коңшу өлкөгө кире качкан бош үйлөрдөн киши-кара учураган эмес.
Куралчандар борборго бараткан автоунааларды атып токтотуп, андагы жүргүнчүлөрдү талап-тоноо менен ур-токмокко алып, өмүрлөрүн кыйганын ушу окуя боюнча соттук материалдар жана жабырлануучулар, күбөлөр ырастады.
Сакадай тагдырдын буйругу менен жолдо аткылаган Узактыктардын тосмосунан качып кутулуп, көркоолордун чеңгелине илинбей, алты саны аман калгандарга сүйүндү. Алардын бири Жаналы аксакал.
Ак калпакчан карыя чуу башталганда атылган октон чоочуп, сыртка чыга албай калган неберелерин ойлоп, санаасы санга бөлүндү. Жеңил унаасын айдап барып, байбичеси менен небере балдарын жүктөп, өз үйүнө кайтып келатты. Кантсе да, ак сакалы жайкалган чоң атага караганда дөөтү айдаганга ийкемдүү эмеспи, ролду улуу небересине карматты. Чоң ата баштапкы айлампанын тегерегинен куралдуу адамдарды көзү чалды. Алар аскерлерге, же милицияга окшогон жок. Бурумдан өткөндөн кийин жол четинде талкаланып, токтоп турган унаалар учурады. Чатырап күйгөн ал машиналардан түшө калып, качып бараткан адамдарды бети-башын жүн каптаган куралчандар атып, кубалап жүрөт. Ок, же таш тийип, жерге кулап түшкөн, болбосо, чолоңдоп качкан жолоочуларды кармап алып, камыш арасына булкуп сүйрөп баратышат.
Карыя жанындагы кемпири менен уулуна башын өйдө көтөрбөөнү табыштап, небересине машинаны катуу айдоону буюрду. “Булар ким болуп кетти?”,- деп сураган байбичесин: “Бизди атып иймек беле? Чү де, уулум”,- деп жоошутмак болду. Машинанын айнегин түшүргөн калыбында, жол четинде куралын суна кармаган узактыктарга: -“Мылтыгыңды ары тарт, балам!”,- дегиче болбой, маңдайы менен оң-сол жактан ок тарсылдады. Ага удаа чайнектей таш биринин артынан бири келип тийгенде айнек күбүлүп түштү. Карыяга мелжелденген ок ага тийбей, арткы орундукта отурган байбичесинин моюн-башын канатты. Кемпирдин эси ооп, бети-башынан кан чууруду. Кенже небере чоң энесин кучактаган тейде бакырып ыйлап атты. Ок унаанын дөңгөлөгүн да чарпыган шекилдүү: жолго төгүлгөн шагылдан зуулдап өткөндөн кийин машинаны шарактап-калдыраган үн коштоду. Ага карамай жок. Кокус дөңгөлөктү оңдоп, алмаштырам деп, токтосо, жол буугандардын жетип келип, кармап алуусунан коркушту. Арт жактан атылган мылтыкка көңүл бурбай, небере машинанын ылдамдыгын ого бетер күчөтүп, ашууга тик айдап чыкты. Ашуудан ашып өткөндөн кийин алгач учураган кыштактан топ адамга жолукту. Аксакал колдорунда жадесе таягы жок кишилерге үч чакырымдай жолду куралчан Узактыктар ээлеп алып, борборду көздөй бараткан жолоочуларды аткылаганын айтып, азырынча ал жакка каттабай турууну өтүндү. Бул арада Коргонго кирер-чыгар жолго да ала топучандар толуп алганын укса да, ала чапанчандардын айылын жүрөксүбөй аралап, байбичесин ооруканага жеткирди. Дарыгерлер операция жасап, жети окту алганы менен байбичеси октун уусунан айыгып кете албады. Коргондук чаар топулар да кол салуусу ыктымалдыгын ойлогон дарыгер ак желегин үстүнөн чечпей, карыяны айылдан ыраактагыча дөөтүсү менен коштоп барды.
Көзү өткөн кудасына куран окуп кайткан Жапар менен уулу жана алты жүргүнчүнү ташыган таксини жол торогондор сегиз ирет ок атуу менен тосуп алды. Колу менен башын ок жалмаган шоопурду арачылоого кайраты жетпеген жолоочулардын ар кимиси, өз жанын сактоонун амалын издеди. Дуулдап күйүп, жарактан чыккан машинаны ошол замат таштап, андагылар экиге бөлүнүп, мисте токоюн аралай качты. Экинчи топтун жылгага жашынганы оңдуу болду, куралчандардын тузагы аларга жеткен жок. Бирок, Жапардын ыкшып жөтөлмөй эски оорусу кармады: көзү караңгылашып, адыр өрдөп чыгуу ага кыйынга турду. Күйөө баласы жана бөлөк жүргүнчүлөр менен алдыга озуп, качып бараткан уулу атасын кыя албай, артына кайра бурулду. Бала жер боортоктой жыгылган атасынын: “Мени коюп, өз жаныңды куткар”,- дегенин укпай жанынан карыш жылбады. Аңгыча болбой жүзүнө чүпүрөк орогон, сакал-муруту өскүлөң жети киши артынан кууп келди: төртөөнүн колунда мизи жаркылдап курчутулган балта, бирөө учу шиштелген айры, калган экөө кош ооз мылтык кармап алган. Алар жолдо чатырап күйүп, темир терсеги калган машинанын ачкычын сурап, баланы уруп-тепкилешти. Чөнтөктөрүн аңтарып, акчасы менен зымсыз телефонун тартып алышты.
Тамагы буулуп, араң дем алган Жапар дарысын жутуп, уулун арачылоого шайманы келбеди. Оорулуу кишинин: “Биз Узакта сегиз жыл иштеп, жадесе бак-дарагыңарга да кара санабадык эле”,- дегенин тыңшаган инсан болбоду. Адегенде атасынын бешенесине , кийин уулунун көөдөнүнө мылтык такашты. “Штабга алып барабыз”,- дешип, экөөнү ары-бери сүйрөп, кыйнашты. Жапар: “Ал жакка түртүп барсаңар, бизди соо койбос. Андан көрө ушул жерде мени атсаң, ат, баламды коё бер. Менин көз жумганымды уулум көрбөсүн!”,- деп жалынды. Аны басмачылардын бири да тыңшабады.
— Балаңды да, сени да атабыз,- деп ата-баланы бирдей атып салмак болуп коркутушту.
-Үйүбүзгө бараткан жүргүнчүбүз… Сеникине кирип, уурулук кылбасак, коон-дарбызыңды үзбөсөк… Бизде күнөө болбосо, жөндөн жөн эле жан кыя бересиңерби?-
Буга да жооп жок. Маршруттук экинчи унаадагы он адамды ташып келаткан шоопур менен анын жанындагы шеригин дароо атып өлтүрүштү. Жол буугандардын мындай таш боордугун көргөн Жапар өз жанынан чындап түңүлдү.
— Ошто биздикилерди “антип атышат, минтип атышат”,- деп актанымыш этти, мылтыгын кезеген чаар топу. — Ошолордун эсесине силерден өч алабыз.
— А бизде эмне айып?.. Силер бир өлсөңөр, мен эки өлүп атам.
— Ийе, кандайча?
— Менин энем силерге эже, атам жезде болот. Биз туулуп-өскөн мекенибизди “Ата журт” деп айтсак, силер “Она ватан” дейсиңер.
— Анда эмне, энеңдин тилиңде сүйлөбөйсүң? –
Жапар дагы кысымга туш болду.
— Кыргызда ата улук, эне да улук. Антсем: “Эмнеге биздин тилде таза сүйлөбөйсүң?”- деп, дагы кыйкым табат элеңер да – деди ал.
Балтачан чаар топу Жапардан анын энеси кандаш экендигин уккандан кийин жибиди. Мүлкү менен акчасына тийбей, жол менен эмес, тоо аралай кетүүгө ырайым беришти. Аларга экөө жолдо атып өлтүрүлүп, калгандары кокту аралай качкан он чакты бала, эркек-аял адыр арасында кошулду. Эптеп аман калган жолоочулар күн дигерден түн бир оокумга дейре алты саат жөө-жалаң тоо аралап, жыйырма чакырым жүргөн соң, коогадан оолак жолго чыкты.
Иңир кирди. Кан жол аралап өткөн адырдын эки бети мистелүү токой. Мистелүү капчыгайда жашаган Расулдун жалгыз үйүнө жол ыптасындагы ала топучандардын үй-бүлөлөрү да баш калкалап келди. Алар шаардагылар менен Узактыктарга окшоп, чек арага оогонго үлгүрбөй калган. Манжалары алтын шакектерге толо, атлес көйнөкчөн келиндин көз алдынан жолдо болгон кандаштарынын кан ичкен окуясы кетпей койду: эки күн мурда кан жол менен жүргөн чакан автобус өйдөлүш жерде атып, токтотулган. Автобусту курчаган чаар топу, шоопурду сүйрөп түшөт да, шагылга жаткырып, кекиртегине бычак тартып, мууздап өлтүрөт. Ал дөөтүдөгү жолоочуларды түшүртпөй, бензин куюлган жылтырак бөтөлкөнү күйгүзгөн калыбында автобустун ичине ыргытышып, сыртынан мылтык такап турушат. Чакан автобус кыйкырык-бакырыкка толгон жүргүнчүлөрдүн жалынып жалбарган үндөрү менен бирге алоолонуп, өрттөнүп кетет. Өз кандаштарынын ушундай мыкаачылыгын жол тушундагы үйүнүн терезесинен көргөн келин, түн ичинде балдары, кошуналары менен Расул токойчунун үйүнө качып чыккан. Ошондон бери кара жамынган кийиминен көзү гана көрүнгөн жубандын өзөгүнө тамак барбай, коркунучтуу окуя элестеп, окшуганы окшуган.
Бир кезде алар жашынган үйдүн алдына кара түстүү “Жип” автомашинасы келип токтоду. Андан түшкөн жети адамдын түрү жаман: үтүрөйүшүп, колдорунда “Калашников” автоматы, курч миздүү балта, учу жаркылдаган айры, кош миздүү бычак. Келгиндердин түрүнөн сестенген үй ээси менен кошуналар үн чыгарбады. Жол боюндагы ок аткылоодон жараат алган аксак кишини мечитке жайгаштырып коюп, бала-чакасын коргогону үйүнө чуркап жеткен Расул куралчандардын чоңун дароо тааныды – ал мурда милицияда иштеп, пенсияга чыккан Мамуд деген быжыгыр сакал. Кез — кезде аны айылдагы мечитке намаз окуганы барганда таанып калган. Мамуд күпүлдөп, тоо аралай качкан жарадарлардын бирди-жарымы токойчунун үйүнө көз жашырган-жашырбаганын сурады.
Расул түш оогон кезде мистелүү адырдын дал чокусунан үйүнө аксаңдап түшүп, суу сураган ак көйнөкчөн боз баланы эстеди: мал базардан кайтып келатып, калабага туш болгон баланын сол далысына ок тийген, ак көйнөгү канга боёлуп, буту жыңайлак. Чачтары үрпөйүп, бети-башын тер жууган уланды кантип сактаарын билбей башы катты: жараат-журатын жууп, таңгыдай жакын арада оорукана жок. Жол жабык, аны ала топулар ээлеп алган, демек областтык ооруканага жеткирүү да түйшүктүү. Үйүндө калтырса, мына-мына изин куур куугунчулардын капканына салып берген болот. Эң жакшысы, ага жашыруун жол көрсөтүү. Өзү менен үй-бүлөсүнө ала топучандар катылбашы ыктымал, алардын кээ бирөөлөрү Расул менен ашына, токой чарбада бирге иштеген. Ушуну ойлогон токой ээси балага муздак суу сунду. Чаңкап, каны каткан улан сууну жутуп ийип, бир аз дем алгандан кийин Расул ага:
-Балам, жылганы көздөй сал! Башыңды көтөрбө! Кыр менен качсаң, тигилер көрүп калып, атып салат… Коктуну аралай из жашырган боз баланын карааны көрүнбөй калганда гана Расулдун санаасы тынчыды…
Мамуд качкын баланы сураган соболуна жооп күтпөй, жарыкты күйгүздү. Бурч, керебеттин түбү дебей, шек туудурган жай менен үйдө болгон жүктүн баарына бычак сайгылап чыкты. Чүрпөсүн койнуна катып, коркуп элеңдеген атлес көйнөк аял сакалчандын колун ары түрттү да:
-Көрүп атасыз, бул үйдө бизден башка качкын жок. Дагы кимди издеп жүрөсүз?.. Эмне сайгылайсыз? Эмне минтип бизди коркутасыңар?,- деп ала топучандын тилинде чаңырды. – Жоголгула, бул жерден, силер издеген адам бул жерде жок. Бизге да, үй ээлерине да тийбегиле. Коңшуларыбыз бизди сактап атат. Силерге дагы эмне керек? А бизге тынч жашоо керек!..
Мамуд не кылаарын айыра албай, башы катты. Баарын күм-жам кылып, токойчунун үйү менен кошо өрттөп салууну чоттоп келаткан. Эми караса, өз кандаштарынын да, каршылаштарынын да бала-чака, зайыптары аралаш, бири-бирин коргоп олтурганы оюна бүлүк салды. Ал атлес көйнөкчөн аялдан өз эне тилинде жеме укканына шаабайы сууп, дубалга тиреп койгон мылтыгын алды. Ээрчип жүргөн жигиттерине “кеттик” дегендей баш жаңсады.
Сармон четке чыгып, Коргондогу Ташжаадыга телефон чалды. Ага жолдон өткөн макулуктун бирин койбой кырганын айтып мактанды. Кеп арасына Узактагы түпкүлүктүү калктан болгон аким, прокурор, сот, мамлекеттик кеңсе башчыларынын бири да калбай, үй-бүлөсү менен тоо жакка качып кетишкендигин, бүтүндөй аймакка жеке өзү бийлик жүргүзүп калганын да кошумчалады. “Бийликти өздөрү мага таштап, качышты”,- деди ал кеп арасында. Зарыл десе, Коргонду тазалоого өзүнүн баш кесерлерин жиберүүгө даяр экенин жашырган жок. Буга Ташжаады арына келе түштү. “Коргондо да мен деген күчтүү чаар топулар бар. Алар раймилицияны басып алууга шайма-шай даяр. Бүттү, Батиржан шаарды, сиз Узакты ээлесеңиз, биз Коргонду өзүбүзгө каратабыз. Баарыбыз бир күндө жол, аймак, калааларды багындырып алсак, жеңип чыгабыз. Биз көпүрөдөн бир да атчанды өткөрбөйбүз”.
Үстүнөн чоң жол өткөн көпүрөнү көздөй агылып бараткан ала топучандарды көрүп, Ташжаады шерденди. Ал түгөл өз тилинде сүйлөгөн айылдаштарын намысын козгоп, эгер бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарбай, көпүрөнү ээлебесе, күн батыш тараптан келе жаткандар кыштагынын күлүн көккө сапырып, кыйратып, кыргын-бүлгүн салаарын айтып коркутканына маашыр болду. Бу ирет да ал кайдагы жалганды ойлоп тапты. Бирок, жолдо кыймыл жок. Ары-бери каттаган автомашина да көрүнбөйт. Күн шашке ченде көпүрөгө кылкылдаган ала топучандар толуп чыкты.
Арасында чала-була орусча сүйлөгөн адам укугун коргоочу да жүрөт. “Чаар топулардын укугу бузулду”,- деген сайын видеокамерасын көтөрө жүрчү укукчу, бүгүн анысын үйүндө калтырган. Өз кандаштарынын эмки жасаар-кылык-жоругун тасмага түшүрүүнү каалабады. Антсе, айныгыс далил болуп калат. Эгер тоолуктардын уул-кызы бейбаштык, же башка чеки иш жасаса, айылдаштарынан кимдир бирөө кылмышы үчүн милицияга колго түшсө, ал иш уруп-согуу менен коштолсо, андай жабырлануучуну дароо тасмага тартат. Апыртып, беш өрдөгүн учурган жазмалары менен тасмасын интернетке жайгаштырып, бүт дүйнө жүзүнө айгай салмак. Тоз-тополоңдун шыбыртын сезген укукчу да аймактагы ала топу билермандар сыңары бир апта мурун өз үй-бүлө, бала-чака, урук-туугандарын: “Бир жаңсыл болгуча көздөн далдаа жүрө тургула”,- деп, коңшу өлкөгө жөнөтүп ийген. Ал кыялында Ботиржон менен Сармондун “эрдиктерин” эшитип, дилинде аларды жактап турду. Ташжаадынын көпүрөнү жардырып, бийликти ээлемек максатынын жүзөгө ашуусун тиледи. Түпкүлүктүү калкты ал да жактырбайт. Көпүрөдө тургандардын колдорунда мылтык, балта, чалгынын кайралып, узун таякка байланган учтары, жасалма кылыч, орок, бензин куюлган бөтөлкөлөр. Жол боюнда капка толтура жардыргыч дүрмөттөр турду. Ташжаадынын буйругу менен дүрмөт толтура кап көпүрөнүн түбүнө байланды. Дүрмөткө ширеңке ошонун буйругу менен жагылмак. Муну укукчу көрсө да, көрмөксөнгө салды. Көпүрө жарылса, же бузулса, бүтүндөй төрт-беш өлкөнүн элине жүк, азык оокат өтпөй, калк башына убактылуу кыйынчылык түшөөрүн билсе да, дүрмөттү көпүрөнүн устунуна байлап жаткандарды “койгула” дегенге жарабады.
Анча убакыт өткөн жок. Аймактагы милициянын жөө-жалаң, жылаңбаш, жашыл-сары түстүү кийимчен он беш жигити өз башчысы менен көпүрөгө келди. Аларга жогору жактан көпүрөнү тоскондорго курал-жараксыз баруу тапшырмасы берилген болчу. Милициянын баштыгы — майор жигит кан жолду тосуу туура эмес экенин жана ал үчүн жоопкерчилик бар экенин эске салды. Жол торогондордун, эгер кандайдыр бир өктөө-өтүнүчү болсо, кагаз жүзүндө кайрылууну түшүндүрдү. Чогулгандар өз ара күбүр-шыбырга өттү.
Бөйрөгүн таянган Ташжаады сөздү башкага бурду:
-А мен өз өлкөмдү курам.
Майорго тигинин сөзү жаккан жок. Мыйыгынан бырс күлдү да, сылык түрдө: -Ташжаады аке, сиз союз кезинде нечен жыл колхозду башкаргансыз, кадырлуу адамсыз. Мамлекетибиз бүтүн, анын өз мыйзамы бар. Укугубуз тең. Баш мыйзамды бузуу, өлкө бүтүндүгүнө шек келтирүү – кылмыш экенин билесиз.
— Ботиржанга эмнеге иш козгодуңар?
— Кечиресиз, ага биздин тиешебиз жок. Батиржан бизден башка шаарда турат, ага биз жооп бере албайбыз. А сиз менен биз элдин тынчтыгын ойлойлу! Бул көпүрө аркылуу Ооганстанга чейин жүк өтөт. Өлкөлөр аралык мамилеге доо кетирбей, ошон үчүн жол ачалы, тоскон болбойт. Келгиле, бирибиздин тилибизди бирибиз алып, тынч таркайлы, туугандар! Жердеш болгон соң, биздин силерге, силердин бизге өчүбүз жок.
Көпүрөдөгүлөр ызы-чуу түшүп, ар кимиси ар кайсы кептин башын айтып жатышты. Майор алардын суроосуна өз орду менен жооп берип, алаксытуу менен убара. Баарынын жүзү ага бурулган, эмнеге бул жерге топтолгонун саамга унуткандай да болушту. Бул арада улуттук коопсуздук башкармасынын өкүлү аларга баамдатпай барып, көпүрөнүн түбүнө түштү. Көпүрөнүн түркүгүнө байланган каптын жибин чечти. Жардыргыч дүрмөттүү капты өтө акырындык менен шар аккан дарыяга коё берди. Кылдаттык менен жасалган бул ишти коргондуктардын бири да көргөн жок. Коопсуздук кызматчысы кайра чыгаарда катар тизилген милиционерлер аны далысы менен калкалап турду. Ал “иш ойдогудай бүттү” дегенди ишаара кылгандай, ала топуларды алаксыткан майорго көз кысып койду.
-Жүргүнчү, жолоочуларга тоскоолдук кылбайлы, ага-инилер!.. Келгиле, жолду ачалы! Кепти ынтымак менен залга барып сүйлөшөлү! “Ынтымак жакшы, ырк жакшы, уюткулуу журт жакшы” дейт го, жүргүлө!
— Ой энеңди … канчыктын баласы! – Кандаштарынын былк этпегенине корстон болгон Ташжаады майорду сөгүп, мурутун тикчийтти. – Биздин эжебиз төрөгөнү менен кыргызча ырдаганын карачы! Эй саткын, чыккынчы…
— Улут сүрүштүрбөйлү, раис аке! Сиз элди ынтымакка үйрөтүңүз!
Майор жигит артка кетенчиктеди. Мурда макулдашылгандай жоокерлерине бурулуп, баш ийкеди. Ишаараны түшүнгөн милиционерлер бир-бирден кармаган ала топуларды четке жетеледи.
— Сен бизди үндөбөй эле кой… Ташжаады жанындагыларга кайрыла берип, кыйкырды: — Эй жигиттер, буларга баш ийбегиле, булар бизге эч ким эмес. Мунун бизге жакшылык кылганын уга элекмин. “Жолду ач” дейт. Көпүрөнү бошотсок, Бишкектен жолго чыккандар бизди чаап кетет.
— Жалган,- деди дагы бир милиционер. – Калпты айтып, элди тукурба! Жолдо эч ким жок.
— Көрдүңөрбү, эмнеге жолду ач деп жатканын. Начальник биздин өлүмдү каалайт. Буга чейин бизди сатып, канча адамды каматты?.. Карап турбай, соккула! Ургула, өлтүргүлө, жанчкыла!.. Биз өзүбүзчө болушубуз керек,- деп Ташжаады кыйкырды да, колундагы менен майорду башка сокту. Аны туурап, калгандар да жамгырдай жаадырып, милициянын тобун ташбараңга алышты.
Таш соккуга кабылган милиция колдору менен коргонуп, артка чегинди. Жаалданган чаар топулар куралдары менен аларды туш келди койгулап жатты. Ташжаадынын урган ташынан майордун эси ооп, жерге жыгылып түштү. Жоокерлери аны көтөрүп алып, коргоп, үстүнө үйрүлүштү. Өйдө тургузушту да, ийиндери менен калкалап, топ ичинен сууруп чыгышты. Союл, таш тийген милиция ала топуларга кайбат кылбай, чогулгандардын чок ортосунда токмокто калган капитанга да көңүл бурууга буямасы келбеди. Алп денелүү капитанды башка-көзгө таяк, таш менен койгулагандан тышкары учтуу-миздүү шиштери менен сайгылап жатышты. Орок менен бөйрөк тушуна чабылган милиция оро-парасындагы жан алгычтарды муштуму менен кериле урмак болду. Бирок, ага жеткирбей атылган ок как жүрөгүнө тийгенде эсин жоготуп, көпүрөгө эт-бети менен оонады. Ала топулар көмөлөнүп жаткан денени бар күчү менен тепкилеп, балта менен чапкылады, айрынын жаркылдап, курчутулган учу, найзалары менен сайгылады. Жарым жан болгон немени тал-терек тигилген арык ичине сүйрөп барып, үстүнө бензинди жаба куюшту. Орок менен баш-көзүн ойгулаган соң, ширеңке жагып, өрттөп ийишти. Мунун баарын укук коргоочу өз көзү менен көрүп турду. Бирок, мыкаачыларды тыюуга дааган жок. Кыйноого түшкөн пенденин укугун коргоону ойлободу. Өз кандаштарынан кимдир-бирөө уурулугу менен колго түшүп, суракка алынганда толгон-токой кагаздарды толтуруп алып: “Бөлөк улуттан болгону үчүн кыйнап атат, уруп атат” — деп жалганды чындай койгулап, айгай салчу. Өз уюмун каржылаган кеңсеге бул чатак тууралуу мурдагыдай жан далбастап, отчёт да жазган жок. Качан гана ал мыкаачылар менен бирге колго түшүп, тергелип, баш аламандыкка катышканы үчүн соттолгондо гана укук коргоо мекемелери: “Укукчу милицияны өлтүргөн эмес. Ал – күнөөсүз”,- дешип, аны актоого алышты. Анын өзү да мойнуна коюлган күнөөнү ырастаган жок. Өмүр бою соттолгон коргондуктардын арасына ал да кошулду.
Сакадай мүлдө кишиге тегиз кароого озуйпалуу укук коргоочунун көпүрөдөгү улут бөлгөн кайдыгер кылыгын кийин укканда анын кыйды мүнөзүнө таң калды. “Адилеттүүлүк үчүн жан талашып, жүгүрүп жүрдү эле… Бу курдай калыстыктан тайган тура. Укукчу болгондон кийин жалаң гана өз туугандарынын таламын талашпай, калыстыктан тайбай, жаңжалды токтоткону барып, зөөкүрлөрдүн колунан ажал тапкан милициянын да укугун сактабайбы! Ушуга ишенип, долбоорлорун жактырып, каражат бөлгөн эл аралык уюмдар алданганын билет бекен? “Милициянын өмүрүн кыйган эмесмин” дегени менен мамлекеттин бүтүндүгүнө неге шек туудурду? Өлкөнүн биримдигин көрө албай, көпүрөнү тоскондорго кошулуп, баш аламандыкта жүргөнү — мыйзамды түшүнгөнгө айып иш. Коргондун акимин чек арадагы шериктери менен барымтага алып, чек арадан ары сүйрөп өтүүгө жасаган далалаты да жагымсыз жорук. Мыйзамдын тактыгын талашкан укукчунун өзү мыйзам бузганы, түпкүлүктүү калкка каршы чыкканын актоо татыксыз. Сотто “мен акмын!”,- деп док урунуп, аксымдык кылып жүрдү. Аны “түрмөдөн чыгар” деген уюмдар жандырмагы чечилбеген бул иштин ушул өңүтүн ойлосо боло.”
ОНУНЧУ БӨЛҮМ
Коргондогу жана Узактагы жол боюндагы коогалаң кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна жетти. Ботиржон четке качып кеткенден кийин тоолук балдар шаарга атчан, жөө, унаа менен түштү. Алар териштирип олтурбай, байманалуу ала топулардын ээн калган үйлөрүнө, ашканаларына, дүкөндөрүнө өрт коюшту.
Түн жарымдан ооду. Сакадай тоз-тополоңдун качан токтолоорун ойлоп, өз бөлмөсүндө кирпик какпай жатты. Зымсыз телефону чырылдап, аны алганда Садыркулдун үнү чыкты.
— Жалаң эркектер районго чогулуп атат, байке, — деди ал.
— Эмнеге?
— Борборго барабыз,- дебатышат.
— Бул жакта эмне кылышат экен?
— Өч алабыз,- дешет.
— Тезинен токтот, аларды. Быякка келсе, кызыл кыргын болбойбу!
— Аны бир эмес, миң айттым. Көнбөй жатышат, уккан адам жок. “Бейкүнөө туугандарыбыздын канын төгүп жатышса, тынч уктай албайбыз. Сен эс ала бер”,- дешип, мени сүйлөттүрбөй коюшту. Ооба, ага далил жок деңизчи, курулай жалаа… “Силерге – бийликке элдин кереги жок, бийлик менен өкмөт элди коргобосо, биз өзүбүз коргойбуз”,- деп атышат.
— Арага аксакалдарды сал. Алардын арасында карылардын кебин угаар эстүүлөрү бардыр.
— Карыялар да жалбарышты: “Кой-ай, бөөдө кан төгүлбөсүн! Ачууга алдырбай, тынчтыкты сактайлы!”,- деп. Сөз тыңшаган пенде жок.
— Куралдары барбы?
— Албетте, беш атар, винчестер деген мылтыктар…
— Кантип токтотсо болот?
— Билбейм, байке, айла кетти. Машиналар катар турат, тизилип.
-Акимдер Ак үй менен телефон аркылуу түзмө-түз сүйлөшө аласыңар го! Коргоо, же ички иштер министрине, болбосо, Өкмөт менен Президентке чалсаң боло!
Садыркулдун аргасы түгөндүбү, же чабарман менен сүйлөшкөндөн майнап чыкпашын сездиби, айтору, телефону өчтү. Тоолуктардын жүрүшкө чыгаарын уккан соң, Сакадайдын тынчы кетти. Алыстан түрүлүп келаткан ал толкунду кантип токтотсо болот? “Жаңжал күчөсө, чек арада тизилген коңшу өлкөнүн аскерлери танк, артиллериясы менен басып кирбейби?” Ушул ойлор бүлүнттү. Милиция буйрук боюнча кеңсесинен чыкпайт. Куралсыз аскердин күчү менен жолду тороп, тоолуктардын ачуусун басып, аларды артына кайтууга көндүрүү мүмкүнбү?.. Ээ-жаа бербей, эч кимди тыңшабаган тоолук жигиттер жаш аскерлерди да жолдон сүрүп салат. Жол ачпаса, ортодо жаңжал чыгат. Эмне кылуу керек? Убактылуу Өкмөт, анын мүчөлөрү жер-жерлерди, от менен өрт чыгып, басташкан-касташкан аймак — шаарларды кыдырганы менен бирөөнү экинчиси укпай, өз арбайын сого албай жаткан кез. Ансыз деле улустагы аскердик бөлүккө курал алуу ниети менен кол салынды. Күнчыгыш тарапка жүрүш жасагандардын арасында автомат, тапанча, бардеңке да келе жатышы мүмкүн. Мындай баш аламандыкты ким тыят да, улустар менен Узак жана Коргондо дүрт чалган жалынды ким өчүрөт? Жоолашкан тараптарга акыл, сабырдуулук берсин!
Саратандын таңы атты. Сакадай күүгүм талаш спортчулар жетери менен кан жолду торогон Узактык жана Коргондук ала топулар чилдей тараганы тууралуу кабар алды. Кудайга “күнөөбүздү кечир” деп жалынып: “Калабанын кимге кереги бар эле?”,- деп өкүрүп-бакырып, мылтыгын талаага ыргытып качкандар да болуптур. Коргондук Ташжаады өзү чоттогондой Өзбекстандагы ата тегине өтө качты. Анын айылынын бир көчөсүндөгү турак-жайлар, мекемелер өрттөнүп, эли чек араны көздөй үрктү. Бу ирет укук коргоочу алоолонгон кыштак менен ок тийип, көз жумган өз кандаштарын видеого бүтүндөй түшүрүп алды. Ал кезегинде кан жолдогу милицияга кол салуу менен капитандын өмүрүн кыйгандарды тасмага тартпай койгон эле.
Беш кабаттуу үйдөгү батиринен чыккан Сакадайдын жолун сырттан ичкери кирип келе жаткан коңшулаш орус аял тороду. Бул үйдө экөө эле калган. Ызы-чуу өр алгандан бери өйдөңкү кабаттарда, короолош бөлөк үйлөрдө тирүүлүктүн жышааны өчкөндөй: кирип-чыккан адам, короодо ойногон балдар жок, кеч киргенде, түнүчүндө да жарык күйбөй, Айдын жарыгында ээн турак-жайлардын сөлөкөтү гана көрүнүүчү.
— Сиз кайда? – деди жашы алтымыштарга таяган аял.
— Жумушка…
— Ишке барбай эле туруңуз. Базарга чейин жөө кыдырып келдим, бир пенде жок. Дарактардын башында көзгө атарлар отурат. Көчөдө тандап, атып жатышат.
— Анда иш эмне болот?
— Ой,- кошунасы таң калды. – Сизге эмне кымбат: өмүрбү, же жумушпу?
— Экөө тең…
— Чыкпаңыз. Жумуш табылат. Иш – бөрү эмес го, токойго качып кеткидей.
Сакадай да таң саар ойгонгон соң, бөлмөсүндө чайынып жатып, атылган октордун үнүн уккан. Аялдан эшиткен коркунучту ойлоп, денеси дүркүрөдү. Эмне кылаарын билбей, дендароо тартты. Көз ирмемден соң, суроо таштады:
— Өз көзүңүз менен көрдүңүзбү?
— Мага ишенбейсизби?
— Аман-эсен кайтыпсыз, жакшы… Сизге тийишпедиби?
— Мен орус болсом, мени эмне кылат эле… Тийишсе, мени коргоор Орусиям турат. Бизге бу жердеги эки тараптын согушу кызыксыз.
Сакадай ардана түштү. Орус аял ишенимдүү сүйлөгөндүктөн ичинен кейиди. Өз мамлекети көз карандысыздык алгандан бери тынчтык бузулуп, үч-беш жыл сайын олку-солку түшкөнүнө ичи ачышты: ”Көрдүңбү, жадесе биздин жерде төрөлүп, өсүп-өнгөн башкалар да бизге боор тартпайт. Орусубу, бөлөгүбү, орус жарандыгы барлар Россияны тирек кылат. А биз кимге ишенебиз? Биздин өлкөнү ким коргойт? Кимди тирек кылабыз?.. Биз ич ара урушуп-талашпай, ынтымак жашап, күнөстүү кыргыз жерин байырлагандар жеке өзүбүзгө гана ишенип, мамлекетибизди чыңашыбыз, байытышыбыз керек! Насыя бергендер аны он эселетип төлөтүп алат”.
— Коңшулар жүйөөсү болбосо да, кээде имиш-сөгүштүн айынан араздашат. Бу курдай да ошондой болуп атат. Муну согуш дебеш керек. Согуш дегенди оозго албаш керек. Бул иш – саясатчылардын акмактыгынан чыккан жаңжал. Элде айып жок,- деди ал кошуна аялга.
Сакадай жолго чыгып, бак-дараксыз көчөлөр менен жүрүүнү чечти. Ыраактан көрүнгөн дарактардын баш-этегине жакындай электе абай салып, бутак-шагында мылтык, же жаа кармаган адам аттуу жоктугуна ынанды. Бирок, калаадагы музыка мектебинин тушунан тартып, Эркиндик аянтына дейре көчө толо, жайнаган адамдарды көрдү. Автоматын көкүрөгүнө асынган, колуна кош ооз мылтык кармагандарды учуратты. Кызыл чүпүрөк менен башын таңган найзалуусу да бар. Калың бак менен аянттын ортосуна курулган кош кабаттуу ресторан өрткө чулганып, жалын өйдө көтөрүлүүдө. Ашкана мурда ала топучан жигитке карачу. Эшик-терезелери талкаланып, дубалдары кара түтүнгө ышталган ашканадан курал-жарактар табылганын ресторандын өйдөңкү кабаттарындагы айнектерге таш ыргыткандардан укту. Топ-топ болуп, чаар топуларга кыжырданган кишилерди баштаган адам жок болуп чыкты, жигиттер өз ыктыяры менен чогулгандай. Чогулгандарды аралап жүрүп, Сакадай бирөөлөрдүн: “Узакка кириш керек… Узакты талкалаш керек” — деген кыйкырыгын эшитти. Экинчи бири: “Ал жакка барба. Чаар топулар укмуш камданган. Бөөдө кырып салат”,- деп атат. Аңгыча болбой, айнегинен кызыл тууну желбиретип, жүрүп бараткан кара түстүү автоунаадан:
-Кеттик, Узакка! Кеттик! Узакты ойрон кылабыз,- деген чакырык чыкты.
Бир топ жигит анын артынан жүгүрдү. Көпчүлүк аянттан жылбай, аларды көз карашы менен гана узата карап турду. Алардын буту Узакка тарткан жок. Жашыл ыраң “Мерседести” айдаган адам шуу этип, алдыга кеткен кара түстүү унааны автобекеттин тушунан токтотуп, артка кайрып келди.
Түн. Карала чапан, ала топулар байырлаган көчөнүн баш жагынан чыккан октун тарсылдагы көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында күчөдү. Атышуу үйдүн алды-артында уланды. Чамасы, эч кимге ок жаңылбаган белем, кыйкырык-бакырык чыккан жок. Балким, бири кууп, экинчиси качкан топ дубалдарга калкаланып, кезек-кезеги менен ок үзүп атышкандай. Сакадай батиринин жарыгын өчүрдү да, сыртка кулак төшөдү. Куралчандар кирип келсе, кайда жашынаарын билбей, аргасы куруду. Жер төлөгө бекинүүнү, же терезеден качып чыгууну болжоду. Бирок, ок атыш көпкө узабай, токтоп калды.
ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Кара тасма жол чубалган адыр боору кыркалекей оюлган. Жер тереңине сүңгүгөн, жалгыз киши сыяр, дандыр ооздуу бул оюктарды колу менен көмүр казгандар жасаган. Орусияга барып, иш табууга мурчасы жетпеген кырчындай жигиттер түйшүк менен ушул түпкүрдөн казган көмүрүн биртке тыйынга сатып, эптеп жан багат. Алар өмүрүн тобокелге салып, жер тереңиндеги кенге чычкан баткыдай ийин казып барышкан. Көмүр казганда, көзгө сайса көрүнгүс жер түбүндө иске ууланып, же көмүр басып калып, болбосо, жер көчүп түшүп, өмүрү кыйылгандар канча болду.
Сакадай бешенесине шам чырак кадалган уланды ээрчип, жер түбүнө түшүп баратты. Жалгыз аяк, тик ылдый чыйырдын оозу сырттан араандай чоң көрүнгөнү менен жерге түшкөндө жалгыз адам араң баткыдай болуп, тарыды. Жер тепкич менен ылдыйлаган сайын көзүнө эчтеке көрүнбөй, баш-кулактары каптал дубалга урунуп атты. Кыйла терең чуңкур жактан чукулдуктун күрсө-күрс урулуп, көмүрдүн “күр-р, күр-р, күп-күп” этип урап түшүп жатканы угулду. Үңкүрдө тизеси менен ары-бери жылып, чалкалаган бирөө төбөсүндөгү кенди соккулап атат. Ал көмүрчүдөн ары жакта бүкчүңдөгөн боз бала жарым ийилип, додо болуп үйүлгөн көмүрдү капка шилөөдө. Башка бирөөсү оозу байланган көмүрлүү капты жер үстүнө чыгаруу үчүн таканчыктап сүйрөп, өйдөгө жылууда. Маңдайына кадалган шам чырактын күңүрт жарыгынан көмүрчүлөрдүн көзү-башы таанылбай, сөлөкөтү гана көзгө илешет. Эки бүктөлгөн Сакадай койну ысык тереңдин көңүл айланткан жытына чыдап:
— Жерге канча метр түштүк?- деп сурады.
— Жүз элүү беш-жүз алтымыш метр болот го!,- деди чукулдук менен көмүрдү согуп аткан жигит.
— Дем алуу да оор экен. Өзүңөрдү аясаңар боло, жигиттер! Ооруп калуу мүмкүн, кооптуу жерде кырсык деген бар.
— Ооруну ойлогон адам, бу чуңкурга түшпөйт, байке! Тобокелчинин иши. Аргасы жоктун амалы, жумуш жок. Жан багыш керек. Үй-бүлө багаар иш чыкса, ушинтип көр казгандай мокочо болуп жүрбөйт элек.
— Мээнетиңер акталабы, анан?
— Нан-чайга жетет. Кымбат саталы десек, элдин колу жука. Баасын кымбаттатып, биз тапкан көмүрдү да өкмөт өзү сатып алса, байманабыз ашмак. Ак жака төрөлөр, атабыз менен тең сиздей чиновниктер бизге кам көрөөр бекен, салык төлө дегенден башка?
— Кечиресиз, мен өкмөт эмесмин, силердей эле карапайымбыз. –
— Кайыр-доом жок деп тил кат жазып бергиле! Болбосо, тереңге түшпөгүлө! Өлүп каласыңар,- деп анысы-мунусу келип, коркутуп, кууп турушат.
— Ата-эне, бала-чакаңардын маңдайында аман-эсен жүрсүн дешет да.
— Эмесе, жакшы маяна, пенсия төлөп беришсин.
Сакадай сөздү улантууну каалабады. “Бар тапканын той-аш менен бейчеки саясатка чача бербей, мамлекет жөнөкөй иштермандар менен кенчи-малчы, дыйканга кам көрсө экен. Четтен насыя суроого көнбөй, өз өндүрүшүбүздү жандантса”,- деп ой жоруду, ал. Караңгыда деми кысылганын сезип, оор үшкүрдү. “Таза аба, күндүн нуру, чайыттай ачык асман, кең аалам, жер бетиндеги тирүүлүк, тынчтык кандай сонун!”. Жер үстүнө батыраак чыгууну эңседи. Тереңге түшкөнгө караганда, тусмалдап, өөдө чыгуу ага кыйын туюлду. Алды жагында көмүрлүү капты бири үч бүктөлө жонуна көтөрүп, бири сүйрөп бараткан уландар. Кыйладан соң, оюктун оозунан жарыктын шооласы көрүндү.
…Ак үйдүн короосу кайра эле кый-сыпырга түштү. Кыйла күн көчөдө топтолуп, атчандар менен топурап, жыйын кургандар мүдөөлөрү таш капкандыктан имаратты ээлөөгө кайра жең түрүндү. Аянтка тигилген боз үйлөрдө депутаттын эже-карындаштары менен ага туугандыгы жок байбичелер да наар татпай, абакта жаткан үч депутатты “бошот” деп турушту. Алар “кой-ай” дегенге көнбөй, кабылдамасын ээлегенден кийин гүбүрнатырды иш бөлмөсүнөн кууп чыгышты. Анын: “Мен эмне кылайын? Сиздердин суроо-талабыңарды күндө Ак үйгө кабарлап атам. Балаңарды бошотуш колумдан келбейт”,- деп актанганын тыңшаган пенде аз. Ага болбой, этек-жеңин жулкуп, беш-алты аял ороп, анын артынан сая түшүп алган.
Ызы-чуунун басылаар түрү жок. Короо адамга толуп чыкты. Ар кимиси ар башка сөздүн башын айтууда.
— Депутаттар түрмөдөн чыккыча, улус башчыга орун жок.
— Кум-Төрдү улутташтыруу керек. Чет элдиктер андагы алтындын ондон бирин да калтырбай атат. Жок дегенде токсон пайызын берсе боло!
— Ал эмес, Кум-Төрдөгү мөңгүлөр да талкаланып атыптыр.
— Токтогула! Биз өз гүбүрнатырыбызды шайлап алабыз.
— Ура-аа!.. Ким болот?
— Гүбүрнатырлыкка Жанар жарайт. Жанар болсун!
— Келгиле, “Жанарды гүбүрнатырлыкка шайлансын”,- дегендер кол көтөргүлө. Добуш бергиле!
Короодогулардын баары жапырт кол көтөрүштү.
Эл ичинде ары-бери басып жүргөн Жанарды бир топ жигиттер курчоого алып, кучактап, куттуктап ийишти. Аны колдоруна шак көтөрүштү да: “Балдар, коё тургула! Ал кызматтын мага кереги жок!”,- дегенине көңүл бөлбөй, Ак үйдүн үчүнчү кабатын көздөй умтулушту. Гүбүрнатырдын иш бөлмөсүн каалгасынын сыртынан тосуп алган аялдар эшикти ача коюшуп, жигиттерге жол бошотту. Алар көз ачып-жумгуча Жанарды гүбүрнатырдын орундугуна жайландырышты. Бөлмөнүн ачык турган терезелеринен:
— Элдик гүбүрнатыр Жанар, Жанар, Жанар!..,- деп кыйкырган үндөр айланага жаңырып, аны уккан короодогулар куттук айтып, кол чаап жатышты.
Аксакалдар чепкен жаап, бата беришти. Балпайган байбиче анын жүзүнөн өөп, калпак да кийгизе койду. Үч күн мурда ал он чакырым жол басып, жөө жүрүш менен өз айылдаштарын аянтка баштап келген болчу. Жыйналгандардын көкшүнү сууган он мүнөттөн кийин Жанар чаңкаганын шылтоолоп, сыртты бет алды. Ошол бойдон Ак үйгө кайрылбай, үйүнө жөнөдү.
Жанар эртеси ишкерлигин улантууну чамалап, кечке жасар жумушун көңүлүндө ойлоп, көчөгө чыкты. Бурумда токтоп турган белгисиз, кара түстүү, эки “Жип” автоунаасын көрдү. Унаалардан түшкөн тапанчалуу, жашыл ала шым кийген жигиттер аны эки колтугунан сүйөп, машинага түртүп чыгарышты. Аны кармагандар коопсуздук кызматынан болуп чыкты. Унаа катуу жүргөндүктөн Жанардын соңунан жолго баш баккан анын аялы да машинанын номерин эсине түйүүгө үлгүрбөй калды.
Сакадай Жанарды ким, эмне үчүн, кайда жетелеп кеткенин билүүгө ниеттенип, чөнтөк телефону менен ага тынбай чалды. Түштөн кийин гана андан үзүл-кесил жооп болду. Адегенде: “Төө-Ашууда баратабыз” — дегенин укту. Арада байланыш үзүлүп, кайра уланбай, оо бир канчадан соң, Жанардан “Кара-Балта… Кара-Балта…” деген жооп келди. Сакадай: “Демек, аны борборго алып бараткан экен”- деп түкшүмөлдөдү.
Буга ачуулангандардын жарымы кан жолду бууганга чамынды. Калганы Ак үйдүн бет маңдайынан карыш жылбады. Бир апта жол тоскондор үч депутат менен Жанар бошотулганда гана максаттарынан кайра жанаарын айтышты. Борбордук автоунаа жолу ал кайтып келип, айылдаштарынан суранганда гана ачылды.