Домой Без рубрики «Окуу жана эсеп лагеринин» бир күндүк сценарийи

«Окуу жана эсеп лагеринин» бир күндүк сценарийи

38

Иш-аракет: Саламдашуу. Укмуштуу окуялуу «Саякат үчүн жолдомо алуу» аттуу квест. Тапшырмаларды аткаруу. Иш чараны жыйынтыктоо. «Күн баянды» толтуруу.
Убакыт: Иш-чаранын ар бир түрүнө жараша бөлүштүрүлөт.
Тарбиячынын иш- аракети:
Биз лагердин катышуучулары менен учурашып, «Салам!» деген көнүгүүнү өткөрөбүз. Көнүгүүдөн алдын балдар өз аттарын өзгөртүп, өздөрүн жаңы аттар менен аташат. Көнүгүүнүн максаты: балдарга бардык катышуучулардын жаңы аттарын кайталоого мүмкүндүк берүү жана аларды командалык ишке багыттоо. Балдар тегерек болуп туруп алышат. Балдар он жактагы досун жаңы аты менен атап, атынын баш тамгасына ылайык мөмө-жемиштин атын атап айтышат. Мисалы: “Салам, Айгүл, мен сага алма алып келдим”,- деп айтат да, Айгүлгө алма берет. Айгүл болсо оң жагындагы балага “Салам, Бакыт, мен сага бадыраң алып келдим”,- деп айтат. Көнүгүү мына ушинтип улана берет.
Квест түрүндө өткөрүлүүчү көнүгүү окуучулардын оюнга кызыгуусун жана шыктануусун ойготуп, биргелешип изденүүгө, логикалык ой жүгүртүүнү жана командалык духту бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Квестте, табышмакчынын ролун аткарган адам, бир эле учурда топтун жардамчысы да болот. Бул ролду ушул мектептин 7-классынын окуучусу Хасанбаева Осие аткарат. Табышмакчы фантастикалык кийимдерди кийип, ролун көркөм ойноп, окуучуларга абдан кызыктуу маанай тартуулады.
Хасанбаева Осие балдарга өзүн тааныштырды. «Балдар, мен Арифметика өлкөсүнөн келдим. Бизге окуу лагеринен саякатка чыгуу үчүн жолдомо берилди. Жолдомону колго алыш үчүн биз жашырылган цифраларды табышыбыз керек. Цифраларды табыш үчүн логикалык мисал-маселелерди иштешибиз керек. Эгер биз тапшырманы туура аткарсак, саякат үчүн жолдомонун кодун колго алабыз. Балдар саякатка чыгууну каалайсыңарбы? Андай болсо тапшырыктарды аткарабыз. Анда убакытты кетирбей 4 топко бөлүнөбүз.
Биринчи топко

Экинчи топко

Үчүнчү топко

Төртүнчү топко
Топтор бул тапшырмаларды аткаргандан соң жайкы саякат үчүн жолдомонун сырдуу цифралары келип чыгат. Бардык топтордун цифраларын табышмакчы алып ирети менен жайгаштырат. Сыр сандыктын ичинен катты алып, балдарга окуп берет:
Чакыруу кат
Урматтуу «Багы-Шамал» жалпы орто мектебинин башталгыч классынын окуучулары! «Окуу – керемет» долбоору боюнча берилген тапшырмаларды ийгиликтүү аткарганыңыздар үчүн силерди Сафед-Булан айылындагы Арча-Тоого саякатка чакырабыз.
Урматтоо менен: Камолова Нилуфар. Ифтихоржон кызы Шодия. Хилватиллаева Мохина.

Оюндан кейин тарбиячы балдарга ошол эле топтор биргелешип эртеңки саякатка даярданып келүүнү сунуштайт.
Тарбиячы сабактын жыйынтыгын чыгарат жана кезектеги окуучулардан «Күн баянды» толтурууну суранат.

Даярдагандар:
Нилуфар КАМАЛОВА,
Шодия ИСТИХОРЖОН кызы,
Мохина ХИЛВАТИЛЛАЕВА,
№46 Багы-Шамал орто мектебинин башталгыч класстар мугалимдери, Ала-Бука району.