Өткөн жылы кыргыз өкмөтү жаңы окуу жылын адаттагыдай 1-сентябрда эмес, жарым ай кийин, 15-сентябрда баштап, июнь айынын ортосунда жыйынтыктоо тууралуу чечим кабыл алган. Коронавирус боюнча абал жакшыргандан кийин кайра кадимки окуу тартибине акырындык менен өтүп алабыз, мындай аракет окутуунун сапатын жогорулатуу максатында жасалып жатат жана анын окуу процессине жана мугалимдердин айлыгына таасири болбойт деп ишендирген. Мына эми ата-энелерден жана окуу жайлардан окуу жылынын мөөнөтү боюнча сунуштар түшүп, Билим берүү жана илим министрлиги андай сунуш-кайрылууларды изилдеп жатат. Бул тууралуу жакында министрдин орун басары Расул Авазбек уулу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин отурумунда билдирди: “Бизге да ата-энелерден жана окуу мекемелеринен, анын ичинде өзгөчөлүгү бар окуу жайлардан да көптөгөн кайрылуулар келип жатат. Кайрылуу-даттануулар боюнча министрдин кабары бар, ал аппаратка артыкчылыктар, тобокелчиликтер жана коркунучтар тууралуу изилдөө боюнча тапшырма берген.”.
Маселени депутат Аида Исатбек кызы көтөрүп чыгып, көп ата-эне кайрылып жатканын айтты: “Биздин мектептердеги класстарда 40-50 бала окуйт. Күн ысыганда чоң көйгөй болууда. Балдар чарчап жатат, маалыматты өздөштүрө алышпайт. Кайрадан 1-сентябрдан 25-майга чейинкидей тартипке алып келе алабызбы? Жок, алып келе албайбыз десек, анда иш жүргүзүш керекпи деп ойлойм, класстарга кондиционер орнотуп, шарт түзүп…”. Кыскасы, быйылкы күздөгү окуу жылынын башталышы боюнча маселе али бир жаңсыл чечиле элек.
Ал эми быйыл окуу жылы 8-июнда аяктап, 9-июнда “Акыркы коңгуроо” майрамы өткөнү жатат.
Баян. кж