Кыргызстандагы бардык мектептер жугуштуу оорулардын көрсөткүчү жогорку чекке жеткендиктен, 16-декабрдан тартып, 24-декабрга чейин өлкө боюнча онлайн режиминде билим берүүгө өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы, жыйынында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.