Жалал-Абадда облустук клиникалык оорукананын 100 орундуу кошумча имаратынын курулушу башталды. Анда неврология, терапия жана нефрология (жасалма бөйрөк) бөлүмдөрү жайгашып, 100 орунга ылайыкташтырылат. Буга чейин аталган бөлүмдөрдүн имараттарынын эскилиги жетип, толук шарт түзүлбөй келген.
Жаңы имаратка капсула салуу иш чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, жергиликтүү бийлик жана оорукана кызматкерлери катышты.
Оорукананын имаратынын курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү багытында бөлүнгөн каражаттын эсебинен каржыланып, сметалык баасы 280 млн сомго бааланган. Медициналык жаңы имараттар ушул жылдын соңуна чейин ишке берилмекчи.