Домой Без рубрики Патриоттук маанайдагы иш чаралар

Патриоттук маанайдагы иш чаралар

3



15-февраль Ооган ардагерлери үчүн өзгөчө күн. Бул күнү Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Жүздөгөн тагдырларды талкалаган, миңдеген жаш жигиттерибиздин өмүрүн алып кеткен ал согушту дале эске алып келебиз. Биздин А. Атамов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Ооган катышуучусу Абдукерим Абдугофуров менен жолугуш өткөрүлдү. Жолугушу менен биргеликте 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнүнө карата мектептин 8-классынын окуучулары тарабынан концерт уюштурулду. Концертте бийлер, ырлар, спорттук мелдештер болду.
Адиба ДАВРАНБАЕВА
№12 А. Атамов орто мектебинин
тарых мугалими,
Ала-Бука району.