Мамлекеттин бүткүл тармагын, анын ичинде эң негизги артыкчылык берилген билим берүү тармагын өнүктүрүүгө биз менен кошо сиздердин алдыңыздарга чоң жоопкерчилик коюлган.
Сиздер келечек ээлерине терең билим жана татыктуу тарбия берип, андан кийин түрдүү кесиптерге үйрөтүп, кыргыз жараны катары калыптанышына, кесипкөй адис болушуна, элин-жерин сүйгөн, ата-энесин урматтаган, улуттук маданиятын, нарк-насилин жана элдик көркөм мурастарын аздектеген адам болушуна түздөн-түз себепкер боло турган ары ардактуу, ары түйшүктүү кесипти тандап алгансыздар.
«Мугалим – мөмөлүү дарак» деген накыл кептегидей, өлкөбүздө кайсы гана тармакта болбосун, албан-албан ийгиликтерге жетишкен эр-азаматтар чыкса, алар сиздердин мөмөңүздөр экенин, эң ири андай жакшы саамалыктарда сиздердин эмгегиңиздер түрткү болгонун баарыбыз билебиз. Ар бир баланын пайдубалын түптөп, турмуш сапарына чыгарган мына сиздерсиздер.
Мына ушундай өлкө келечегин аныктоодо маанилүү ролду ойногон мугалимдер коомчулугунун жемиши көзгө дароо эле илине койбойт. Ага талбаган эмгек, тер төккөн мээнет жана убакыт талап кылынат. Дайыма изденүүнү, мезгил агымы менен бирге жүрүүнү, кыраакылыкты, көрөгөчтүктү, эң башкысы өлкө келечеги үчүн жоопкерчиликти талап кылат. Мына ушундай маанилүү кесип ээлерине бүгүнкү күндө биз ар тараптан колдоо көрсөтүүгө далалат кылып келет. Мунун эң алгачкы кадамы катары мугалимдердин мээнетин татыктуу баалоо иретиндеги айлык маяналарды көтөрүлүшү болсо, андан кийинки кадамдар бүгүнкү жакшы саамалык катары мектептердин курулушу болуп олтурат. Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү алдыңкы окуу жайларында окууга түрткү бере тургандай кылып билим берүү системасында бир топ реформаларды жүргүзүүгө белсенип киришүүдөбүз.
Кыргызстандын жаркын келечегине даңгыр жол салуу сиздердин колуңуздарда. Элибиздин өнүккөн Кыргызстанды көрүү насиби дагы сиздерден түздөн-түз көз каранды. Келечек муундарыбызга татыктуу тарбия, терең билим берүү жоопкерчилигин аласыздар деп бекем ишенем!
Биз – өлкө жетекчилиги сиздер менен биргеликте гана билим берүү тармагында олуттуу ийгиликтерди жарата алабыз. «Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат»,- деген накыл кептегидей, билим аркылуу гана бийиктиктерди багынта алабыз.
Сиздер берген билим-тарбия ар бир жеткинчектин жүрөгүндө түнөк таап, Кыргызстаныбызды ар тараптан өнүктүргөн уул-кыздарыбыздын аздектеген агай-эжейлеринен боло аласыздар деп абдан үмүттөнөм!
Сиздерге кажыбас кайрат, бекем ден соолук, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!
Домой Агартуу айдыңында Президент Садыр Жапаровдун мугалимдерге карата 2022-жылдын 21-ноябрындагы кайрылуусу