Домой Жай турмуш Президенттин өкүлү эл кыдырды

Президенттин өкүлү эл кыдырды

5

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев өткөн аптада дубандын аймактарын кыдырып, жергиликтүү элдин өкүлдөрү менен жолугушту. Мындай кездешүүлөр Президенттин жер-жерлердеги элдин курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү боюнча койгон тапшырмасына ылайык уюштурулду. Ал бул жолку иш сапарын Токтогул районунан баштагандыгын өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка караганда өткөн жылы өкүлдүн аталган райондун тургундары менен учурашуусунда жарандардан аймактагы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык, сугат суу, таза суу, жеке укуктук маселеси жагынан 52 кайрылуу келип түшкөн. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында ал көйгөйлөрдүн 69 пайызы чечилген.

Токтогул районунда гемодиализ борборунун жоктугунан бейтаптар борборго катташаары белгиленди. Облус башчы гемодиализ борборун ачууну көздөп жаткан жеке ишкердин документ иштерине жардам берилерин билдирди. Айылдарда сугат суу, таза суу, жайыт көйгөйлөрү орчундуу. Иштин жүрүшү тууралуу облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери маалымат беришти. Ушундай эле пикирлешүү райондун Үч-Терек айылында да өтүп, ага Кызыл-Өзгөрүш, Ничке-Сай айылынын тургундары да катышты.
Облус башчы А. Сыргабаев Майлуу-Суу шаарына барган кезинде 2022-жылы ал шаардын тургундары менен болгон жыйында козголгон көйгөйлөрдүн аткарылышы тууралуу маалымат берилди. Былтыркы учурашууда Майлуу-Суу шаарынын тургундары ар түрдүү 76 багыттагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышкан. Иш-аракеттерден улам алардын ичинен 57 кайрылуу чечилген. Учурда калган маселелердин үстүндө жумуштар жүрүп жатат.

Майлуу-Суу шаарындагылар бу жолу Ноокен району менен чектешкен аймактарда жаралган талаш маселелер, социалдык-инфраструктуралык багыттагы көйгөйлөр, мал уурулуктун алдын алууда мыйзамдарды катаалдаштыруу, жеке маселелери менен кайрылышты.
А. Сыргабаев Майлуу-Суу шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында жүргүзүлгөн аракеттер тууралуу баяндады. Жолугушууда айтылган маселелердин үстүндө мыйзам чегинде тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлөөрүн билдирди. Майлуу-Суу шаарында 27 миңге жакын калк жашайт.
Жалал-Абад облусунда социалдык дүкөндөрдүн иштөөсү көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районундагы жолугушуу учурунда айтканын өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда жарандар райондогу айылдарда агын суу, таза суу, жайыт, турак жай, жер тилкелерин документтештирүү сыяктуу орчундуу көйгөйлөрдү айтышып, жеке маселелер көтөрүлдү. Ноокен районундагы базарларда азык-түлүккө болгон баа кескин жогорулаган. Бул маселе көзөмөлгө алына турган болду.
А. Сыргабаев жергиликтүү мекеме-ишканалар чечүүчү кайрылууларды тез аранын ичинде жөнгө салууну тапшырды. Бир катар көйгөйлөрдүн аткарылышын жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди. Өкүлдүн айтымына буга чейин базар бааларын жөнгө салуу үчүн бардык район-шаарларда социалдык дүкөндөрдү ачуу тапшырмасы берилген. Ноокен району менен Майлуу-Суу шаарынын ортосундагы талаштуу жайыт жерлерин тактоо, социалдык дүкөндөрдүн иштөөсү көзөмөлгө алына турган болду.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин 2022-жылы Ноокен районунда болуп өткөн эл менен жолугушуусунда бардыгы болуп, 66 маселе козголгон. Анын 45и чечилген, калгандарын да аткаруу аракеттери көрүлүп жатканы айтылды.

Нургүл АБДЫЛДАЕВА,
Журналист.