Домой Агартуу айдыңында Райкан Шүкүрбековдун «Тоо эчки» деген чыгармасы окутуу (Кыргыз адабияты, 5-класс)

Райкан Шүкүрбековдун «Тоо эчки» деген чыгармасы окутуу (Кыргыз адабияты, 5-класс)

105


Сабактын максаты:
•Окуучулар акындын өмүрү, чыгармачылыгы менен таанышат.
•Ыр саптарын түшүнүү менен көркөм окууга калыптанышат. Ырды талдоого көнүгүшөт.
•Жаратылышты сүйүүгө, коргоого тарбияланышат.
Көрсөткүчтөр:
•Чыгарманын мазмунун, жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнө аласыңар.
•Чыгарманы талкуулап, суроолорго жооп бере аласыңар.
•Сөздүк менен иштей аласыңар. Топто иштей аласыңар.
Сабактын жүрүшү:
А) Уюштуруу мезгили.
Жагымдуу маанай тартуулайбыз. Колумдагы конвертте Кыргызстандын желегин желбиреткен чыгаан инсандын сүрөтү бар, бул ким деп ойлойсуңар?
-Ч. Айтматов, А. Тыныбекова, И. Раззаков.
Ачалычы анда, күзгүнү алып чыгышат (Балдардын эмоциясы эң сонун). Албетте, силер дагы кыргыздын белгилүү, эң мыкты инсаны болосуңар.
Бүгүн жалган куран айынын жыйырма үчү, бул айдагы даталарды билебизби?
-3-март, 5-март, 8-март, 21-март
-Азаматсыңар, бүгүнкү сабагыбыз майрамдагыдай болуп, максатына жетиш үчүн алтын эрежени кабыл алалы. «Алтын эрежеге» көңүл буралы:
Адептүүлүк менен
Дилгирлик менен
Ар тараптан изденебиз.
Билим,
Илим
Янтарь таш сыяктуу баалуу экенине
Тарбияланабыз.
-Кандай сөз келип чыкты?
-Адабият.
Анда, кыргыз адабияты сабагы, адабият бир нече топко бөлүнөт, келгиле анда, 1,2 деп саноо менен 2 топко бөлүнөбүз.
«Ай»тобу, «Күн»тобу
Топ башыларына баалоо баракчасын берүү, топто активдүү катышып тоолорго кайберендер тукумун көбөйтүүгө салымыбызды кошобуз.
Үй ишин кайталоо.
1.Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча тест. (Зипкрейд программасын негизинде текшерүү)
2.Тоолордун сүрөттөрү (автордун берейин деген идеясы)
Жаңы теманы түшүндүрүү (слайд).
Райкан Шүкүрбеков 1913-жылдын 23-майында Талас облусунун Ак-Чий деген айылында туулган. 1933-жылы Кыргыз педтехникумун бүтүргөн. Драма театрында артист, филармонияда адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Көптөгөн көркөм китептердин автору. Сатиралык, лирикалык башка чыгармалары кеңири белгилүү. Драмалык чыгармалары көп убакыт бою республиканын жана сахналарында коюлган. Жазуучулар союзунун мүчөсү. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталарынын ээси.
Райкан Шүкүрбеков 1936-жылдан СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер союздарынын мүчөсү болгон. Р. Шүкүрбековдун адабияттагы жана искусстводогу эмгеги жогору бааланып, «Эмгек Кызыл туу» ордени, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн» медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы менен сыйланган.1964-жылы дүйнөдөн өтөт.
Тоо эчки кандай жаныбар ?
Кошумча маалыматтар. Тоо эчки – ача туяктуу көӊдөй мүйүздүүлөр тукумунун уруусу. Аска, жарларга оңой чыгат, шамдагай. Жайында тоонун чокусуна чыгып, кышкысын төмөнүрөөк түшөт.
Тоо эчки
Улагын тоо эчкинин мерген атты,
Күлүк ок жаш улакты тырпыратты.
Энеси кылчаң-кылчаӊ артын карап,
Зыркырап ичи күйүп бара жатты.
Кабагын бекем түйүп кеги бардай,
Тиштенип мерген карайт эчки жакты.
Түбүнө бир арчанын тура калып,
Тоо эчки мөлтүлдөтүп төктү жашты.
Демек, тоо эчки жөнүндө сөз болуп жатат. Үй шартында эле адамдардын колунда багылган эчкинин тоодо жашаган түрү тоо эчки деп аталат. Дал ушул эчкинин улагын мерген атты дейт. (Мерген, уучу, аңчы синоним сөздөр). Күлүк ок бир заматта анын улагына жетип барып, аны тырпыратты. Жарадар улак… бара жатканына зыркырап, ичи күйүп бара жатты.
Ал эми кабагын бекем түйүп кеги бардай (өчү бардай)
Тиштенип мерген карайт эки жакты.
Бул жерде дагы бир ой болушу мүмкүн эмне үчүн мерген тиштенип жатат, эмне үчүн эчки жакты карап жатат? Мунун бир себебине токтолуп кете турган болсок, ар бир эле адам ууга чыкканда чоң олжону максат кылат. Бирок ок жанылып, улагына тийип калды. Балким ошого мергендин ачуусу келип жатат. Муну ар бир окурман өзүнүн ой жүгүртүүсүнө карап түшүнүп алат.
Диркиреп жалбыракка жаан болуп,
Байкуштун желининен сүтү да акты.
Кетпеймин кен Ала-Тоо качып сенден,
Жамандык кимиң көрдүң, кана, менден?
Айылдан койчу сурап жалкыттымбы,
Мынчалык не кегиң бар, айтчы, мерген?
Биз деле Ала-Тоонун малыбыз го,
Жайылып аскаларда күнүн көргөн.
Тоо эчки көбөйөбү тоо-ташынан,
Тентектер кырып турса тууган төлдөн?,- дегендей тоо эчкинин акты жашы, Сүйөнүп куу арчага муңдуу башы.
Демек, бул жерде тоо эчки улагынын жан таслим болгонуна аябай кейиди, кайгырды, өкүндү. А бирок ошентсе да мен Мекен кылган Ала-Тоону эч качан таштап кетпейм, эч качан качып кетпеймин, мен кимге жамандык кылдым, менин зыяным кимге тийди?,- деп мергенчиге кайрылуу иретинде айтып жатат: «Мен айылдан койчу сурап жалкыттымбы?,- дейт ал. Койчуну билесиңер, койчу – койду кайтарган адам. Жылкычы – жылкыны кайтарган адам. Ал эми тоо эчкини эч ким кайтарбайт. Алар тоодо оз жанын өздөрү багышат.
Дегендей тоо эчкинин акты жашы
Сүйөнүп куу арчага муңдуу башы.
Мында акыркы эки сапка көңүл бурсак, тоо эчки өзүнүн кайгылуу, муңдуу, өкүнүчтүү муң толгон башын куу арчага сүйөдү дейт.
Демек, куу арча – бул куурап калган арча. Жалгыз өскөн арчаны да куу арча дейт. Экөөбүз окшошуп калдык дейт, сен дагы куурадың, мен дагы улагы жок куурадым деген мааниде акын ыр саптарын жазып жатат.
Тоо эчки кандай жаныбар? Тоо эчки – ача туяктуу сүт эмүүчүлөрдүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумуна кирет. Текеси ири, мүйүзү чоң, ээгинде сакалы бар. Эчкиси кичирээк, желиндүү, жүнү кылчык, түбүндө тыбыты болот. Анын 10 түрү Европада, Азияда, Африканын тоолорунда таралган. Алар аскалуу бийик тоолордо тобу менен жашайт. Аскаларга оңой чыгат. Шамдагай, жайында тоонун чокусунда, кышкысын төмөнүрөөк түшөт. Өсүмдүктөр менен азыктанат. 1-2 улактуу болот. Тоо эчки аңчылык үчүн баалуу жаныбар. Биздин жайлоолордо бар. Алар «Кызыл китепке» кирген жаныбар. «Кызыл китеп» эмне?
-Темасы?
-Идеясы?
-Чыгарма эмне жөнүндө болду?
-Автор эмне жөнүндө айткысы келди?
-Экология?
-Жаратылыш?
Акындын «Тоо эчки» ырында бүгүнкү күндөгү актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болгон экология маселеси даана көрүнүп турат. Бул чыгарма турмуш чындыгынан алынган.
Сабакты бышыктоо:
-Сөздүк менен иштөө (китеп). Суроо, жооп. (Текст менен иштөө)
-Эчкинин акыбалы кандай сүрөттөлдү?
-Эчки улагынан айрылса да эмне үчүн бул жерди таштап кеткиси келбейт?
-Улактын өлүмү кандай сөздөр менен берилди?
-Эчкинин таарынычы?
-Мергендин абалы?
-Эчкинин абалы?
III. Топтук иш. «Чынжырча» оюну аркылуу ырды көркөм окушат.
«Ай» тобу – автордун кеби;
«Күн» тобу – эчкинин кеби.
IV. Мугалимдин талдоосу. Ыр талдоо:
1.Уйкаштык
2.Муундун түрлөрү
3.Муунак
(«Ай» тобу – эчкинин кебин
«Күн» тобу – автордун кебин мугалимдин талдоосундай талдашат)
V. Физ. минутка. «Кара улак».
VlI. Бышыктоо: «Адашкан саптар» оюну (Ырды толуктап чыгышат)
Жыйынтыктоо: (Кластер менен) Азыркы күндө тоо эчки сыяктуу дагы эмнелер зыян тартып, жабыркап жатат?
Табияттын жаны адам жаны менен бир, ошондуктан ата-энебизди кандай сүйсөк, табиятты да ошондой сүйөлү!
«Табиятты сыйлагыла» Кубатбекова Т.
Ак сөздү, акыйкатты тыңдагыла,
Табиятты талкалап, таш урбагыла.
Кут, береке, ден соолук тартууласын,
Кулпурсун жан досубуз сыйлагыла.

Бүрдөгөн бүчүрдү да кыйбагыла,
Бүлүнгөн, чачылганын жыйнагыла.
Бүгүнкү, эртеңкини гана ойлоп,
Келечекке кыянат кылбагыла.
Баалоо: Баалоо баракчасын илем, өзүн-өзү баалоо.
Топту тоодогу тоо эчкилерди санап баалайм.
Үйгө тапшырма: «Мен жана тоо эчки» деген темада кыскача дил баян жазып келүү.

Даярдаган мугалим: Абасканова Нуркыз Жолдошбековна