Домой Чыгармачыл аалам Режиссерлор тапкан актриса

Режиссерлор тапкан актриса

24

Жалал-Абаддык ырчы Назира Мырзабаеванын чыгармачылыгы соңку жылдары сахна жана кино режиссерлордун кызыгуусун арттыргандыгы менен өзгөчөлүү. Ал бир нече жылдардан бери Жалал-Абад шаарындагы балдардын М. Глинка атындагы музыкалык мектебинде өнөрлүү өспүрүмдөргө комуз чертүүнүн не бир сырларын окутуп-үйрөтүү менен чектелбей, эсте калаарлык көркөм тасмаларга да тартылууга үлгүрдү.
Тагыраагы, ал өзү; “Мен бул тасмага тартылам, бул ролду ойнойм, тиги телеканалга сюжетке түшөм, мобереки театрда баландай каармандын кулк-мүнөзүн ачып берем”,- деп жулунуп-жүткүнбөйт: режиссерлор аны өздөрү издеп таап, тасмаларга тартылууга такай чакырышат. Себеби, театрда болобу, же кинодобу, айтор режиссерлор аны менен иштешүү өтө жеңил экендигин баамдап калышкан. Назирада алардын койгон спектаклдери менен тарткан көркөм тасмаларында элге тартуулана турган ой, көз караш, идеяны шак илип алар касиет, сезим-туюм, чеберчилик уюп жатат.

Мындай касиет-сапаттын жүлгөсү барып келип эле актрисанын жөндөмү менен талантына, тажрыйбасына такаларын сахна чеберлеринин чыгармачылыгын изилдегендер жакшы билишет. Андан калса, Назира көрөрмандар менен окурмандардын назарына буга дейре ойногон бир нече театралдык жана көркөм тасмалардагы каармандары менен илинген.
Назира Мырзабаева – Фрунзе шаарындагы В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун музыка факультетин 1987-жылы бүтүргөндөн бери чыгармачылыктын үстүндө. Ал Жалал-Абад областтык Т. Тыныбеков атындагы филармонияда, андан кийин ушул эле областтык Барпы атындагы драма театрда эмгектенди. Театрда иштеп жүрүп, андагы спектаклдерде башкы ролдорду аткаруу менен кино дүйнөсүнө да тартылды. Облустук Барпы драма театрына Ташкенден чакыртылып, италиялык жазуучу Карл Гальдонинин “Түлкү менен жүзүм “ (Чоң үйдөгү чыр-чатак)” деген пьесасын койгон режиссер А. Гамиров да кесиптештери өңдүү көрүнгөн эле артисттин табылгасын жактыра берчү эмес. Ал да актерлерго талапты өтө катуу койгон. Бул режиссердун Назирага койгон талабы Мырзабаевга майдай жагып, натыйжада спектаклдеги каарманы көрүүчүгө ойдогудай жеткендиги менен эсте калып олтурат. Эмгек көчкүндөрүнүн не бир азапты тартып, казактардын тамеки талаасындагы турмушу тууралуу “Тор” көркөм тасмасында жана Барпы атындагы драма театры койгон маркум драматург С. Абдукеримовдун “Кошуналар” спектаклинде Жалал-Абад, Ош облустарында жашаган кыргыз аялынын образын ачуусу да Назиранын жетишкендиктеринен болду десек аша чапкандык эмес.

М. Өмүрканова атындагы сыйлыктын лауреаты, “Маданияттын мыкты кызматкери” жана республикабыздын маданият, туризм жана маалымат министрлигинин Ардак Грамотасынын ээси Назира Мырзабаеванын чыгармачылыгында соңку учурларда дагы кандай жаңылыктар, артыкчылыктар болуп жатат? Муну анын өз оозунан угалы:
— Көптөн бери – Жалал-Абаддагы М. Глинка атындагы балдардын музыкалык мектебинин комуз мугалими болуп иштеймин. Шаардагы орто мектептердин 3-4-класстарынын идиректүү окуучуларын музыкалык мектептин 1-классына кабыл алып, аларга беш жыл музыкалык билим беребиз. Алар бул жерден бир кесиптин ээси катары атайын күбөлүк алып чыгышат. Ар бир мугалимде 17ден окуучу бар. Бир жылда бир ирет мектептин мугалимдери менен окуучуларынын жогорку деңгээлдеги концерти сахнага коюлат. Анан биз тартылган “Кечээ, бүгүн, эртең” аттуу көркөм тасма мурда экранга чыгарылып, Бишкекте бет ачаары болуп, кыйла жыл телеканалдардан элге көрсөтүлүүдө. Сузак районунун мектептеринде да коюлду. Ал тасманын режиссеру Гүлнара Эшалиева. Бул көркөм тасманы адегенде “Шабдаалынын гүлү” деген ат менен Ысык-Көл областтык драма театры да көрүүчүлөргө тартуулаган, — деп кебин улантты Назира Мырзабаева.
— Тасмада кандай окуялар чагылдырылып, сиз өз каарманыңыз аркылуу эмне деген ойду туюнтууга далалат жасадыңыз?
— Анда байбиче менен бир үй-бүлөнүн кечээ жаштыгы өтүп кеткен мезгилдеги окуялары, кыйынчылыкка туш болгон жылдардагы көрүнүштөр чагылдырылды. Кийим-костюмдарды да ошо маалга ылайыктап таптык. Каармандын алдында “Эртеңки күн кандай болот?” — деген суроо турат. Тасмада көр турмуштун айынан “дүнүйө, байлык” — деп жүрүп, бала чакасы, эч кимиси жок, бирок, өмүр бою балдар бакчасында иштеген Гүлсүн эне акырында карылар үйүндө жашоого аргасыз болот. Мага ошол Гүлсүн байбиченин ролун аткарууга туура келди. Кошуна үйдүн атасынын уурулугунан тажаган ал байбиче капкан коёт да, ал капканга ууру киши эмес, күйөөсү аракеч кошуна аялдын тестиер баласы чабылып түшүп, анын айынан баланын энеси көз жумуп, кошуна келиндин уулу Эрмек да жан таслим болот.
— Тасма көрөрмандардын кызыгуусуна кантип ээ болду?
— Кинорежиссер Г.Эшалиеванын атасы драматург-сценарист, акын Абдрасул Эшалиев мурда “Кансарай” аттуу көркөм фильм тарткан. Анда мен байдын байбичесинин ролун ойноо менен бирге эки-үч милдетти, гримдөөчүлүктү жана режиссердун жардамчылык ишин да аткаргам. Ошондон улам таанып-билип калган го, Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун режиссерлук факультетин бүтүргөндөн кийин Гүлнара кино тартууну эңсеп, мени ушул картинада ойноого чакырды. Сценарийин окусам, чыгарма мага жагып калды. Өзүм киного тартылууну жаш кезимден бери жан-дилим менен сүйчүмүн. Себеби, ага дейре “Тор” көркөм фильмине, “Периштелер” , “Түндүктүк келин”, ”Сүргүнгө айдалган сүйүү” деген көркөм фильмдерге да катышып, башкы каармандарды ойногом. Тасманы көпчүлүктүн кызыктырган жагы, эң кызык нерсеси ушу, Замирдин ролун ойногон бала чоңойгондон кийин мени, баш каарман Гүлсүн энени карылар үйүнөн издейт. Сценарий боюнча аны тапкан-таппаганы табышмак бойдон калган да, калган чечим көрүүчүнүн эркине коюлган. Тасма – акыркы жыйынтыкты, чечимди ар бир көрүүчү өзү чыгарсын деген маңызда тартылган. Көрүүчүдө ал энени тапса, тапты деп, таппаса – жок деген пикир калаар. Замирдин “Гүлсүн эне го” деп барган аял башка адам болуп чыгат. Кинону көргөндөрдөн суроо көп түштү. Сурагандары эле ошол: “Бала чоңойгондо аялды таптыбы, таппадыбы?” деп тынчсызданышты . Анда мен: “Ал — сенин эркиң, көркөм тасманын жыйынтыгын бактылуу кылып бүтүрөм десең – Гүлсүн энени таптым деп кой, өкүнүчтүү болду десең — Замир туш болгон байбиченин фамилиясы башка экен, таппаптыр деп кой” — деп жооп берип жүрөм. Анткени, Гүлсүн эне өз мүлк-байлыгын, үйү менен жерин Замирдин агасы Эрмектин атына күн мурунтан каттаттырып, толугу менен ага жаздыртып койгон болот. Режиссердун бул кинодогу тапкычтыгы – таанымал ырчылар Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековду ырдатып, казак обончусунун “Өмүр” деген ырын фильмге саундтрек кылып алгандыгында. Бул саундтрек кинодон мурда телеканалдарда, концерттерде коюлуп, көрсөтүлө бергендиги үчүн кино көрүүчүлөрдү кызыктырды.

-Эмне үчүн сиз жаш боло туруп, биздин байкашыбызча “Коңшулар” спектаклинен башка театралдык, кинодогу чыгармаларда көбүнэсе картаң аялдардын, же байбичелердин кайгылуу ролун аткарып жүрөсүз?
-Актер үчүн заматта күлүп, же ыйлап жиберүү кыйынчылык туудурган сейрек касиеттердин бири. Мен үчүн жогоруда аталган каармандардын мүнөзүн ачуу, образын табуу кыйынга деле турган жок. Менин тажрыйбам боюнча ошол каарманды сахнага алып чыгуу үчүн бардык нерсени биротоло унута салып, бүткүл жан-дилиң, жүрүм-турумуң, жашооң менен бирге аралашып, каармандын өмүр жолу, кулк-мүнөзү, ой толгоолору, көрүүчүгө калтыра турган таасири менен жашоого заматта даяр болуу керек. Театрда жана көркөм тасмаларда ишенип берилген ролдорду аткарып жүрүп, режиссерлордун чыгармачылык талабын ийине жеткире аткарып, мага таандык образды ашыра ачкан учурларым көп болду.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ, Жалал-Абад облмедиа борбору.