Домой Без рубрики Рысбек Салбаровдун ыр дестеси

Рысбек Салбаровдун ыр дестеси

3

***
Урчук таш, кыяларда жешилбеген,
Дулдулдун туягындай кетилбеген.
Жаштыгым – жалындаган өктөмдүгүм,
Жашаттың тоодой бийик сезим менен.
… Бир арзуу ар убакта келди кыйнап,
Белгисиз сыйкыр менен сезилбеген.

Ал көрсө, махабат бейм ыраактагы,
Кез келбей калган ошол убактагы.
Жашартып жан дүйнөнү сыйкырлаган,
Жан эркем биздин ушул курактагы.
Кездешкен көк канаттуу көгүчкөндөй,
Керемет мөлтүр кашка булактагы.

Не пайда, өкүнгөндө жаш чагыма,
Негизсиз күч келтирип жаш жаныма.
Бир арзуу бүт эркимди алды бийлеп,
Чырмалып сенин олоң чачтарыңа.
Айланып кайра келген бүркүт сыңар,
Адашкан сапарынан асманына.

Умтулуп бир максатты беттегенде,
Умсунтуп турмуш мени жектегенде.
Убайымдуу, мажирөө ойлор басып,
Убакыттан утулуп жетпегенде.
Өктөмдүк, бир укмуштай сезим келет,
Өзүңдү ар убакыт эстегенде.

Көрүнүштөр көөнүмө толбогондо,
Көңүл чөгүп, ызалык кордогондо.
Ийгиликтер алыстап, караан үзүп,
Иштен такыр жолум эч болбогондо –
Кайрат бүтөт каржалбас кадимкидей,
Кара көзүм, өзүңдү ойлогондо.

Армандуу, айтып бүтпөс азап менен,
Атыңды миң кайталап атап келем.
Ыр курап, ылайыктуу сөздөр издеп,
Ыйманың ырга айлантып жасап келем.
Каниет кылып дүйнөдө бардыгыңа,
Кара көзүм, мен сен деп жашап келем!..
20.12. 1986-жыл.

***
Негедир сени эч кимге көөнүм кыйбайт,
Сен деп согуп көөдөндө жүрөк туйлайт.
Көргөндө көңүл толгон келбетиңди,
Кубанычым ашып-ташып ичке сыйбайт.

Жактырам жадыраган жамалыңды,
Жайдары мээрим чачкан кабагыңды.
Медер тутуп мен сен деп жашап келем,
Менчиктеп алыс жүргөн карааныңды.

Кызганам, сени алтыным, алганыңдан,
Кызганыч сезим мени кармап улам.
Бир гана мендик болуп калбайбы деп,
Кызганам, жада калса, балдарыңдан.

Карааныңды сезимде көп издедим,
Кыйын болуп сен менен көрүшмөгүм.
Аман бол, ар убакта кайда жүрбө,
О, менин асманда учкан көгүчкөнүм!..

***
Жол карап күткөндүгүң мага дайын,
Жолуга албай өксүймүн сага дайым.
Жөнү жок нерселерге таарынбачы,
Жоодураган көзүңдөн ананайын.

Сенсиң менин эскерип, сагынарым,
Сени ар убак эстеймин, сагынамын.
Сезимге махабаттуу отун чачкан,
Сезимтал көздөрүңдөн кагылайын.

Болсо да бир жашаган алган жарың,
Сага мен жолукканга жок арманым.
Бүтпөгөн махабаттын дастандарын,
Сабылып өмүр бою сага арнадым.

Тагдырдын буйругуна таарынбачы,
Ойлонуп, капа болуп сабылбачы.
Өксүгөн өмүрлөрдүн кышы кетип,
Соңунда болуп калар жашыл жазы.
02. 01. 1987.

***
Көңүлүмдү тазартат кусалыктан,
Жарк этиши жайдары жамалыңдын.
Жалгыз сен – жазып бүтпөс каарманы,
Миң сан ойдон жаралган казалымдын.

Сен сүйлөсөң көңүлүм турат балкып,
Жүрөк жылып баарлуу сөздөрүңө.
Табият бүт чөгөрүп мээрим кутун,
Койгондой сенин жоодур көздөрүңө.

Аман бол, кайда болбо ар убакта,
Ак маңдай, ачык көөдөн, ак көңүлүм.
Жүрөйүн мен өзүңдөн рахат алып,
Жадырап гүлдөп турган жазгы өрүгүм.
21. 01. 1987.

***
Бүгүнкү убайымдар түнгө сиңип,
Эртеңдер эч адашпай келет күлүп.
Үмүттөр ак шам болуп жолдорума,
Жаркырап сен тараптан турат күйүп.

Сен жашаган тарапта тоолор бийик,
Сен деп аккан кыялда ойлор бийик.
Сага таандык мына ошол бийиктерди,
Самаймын таазим кылып, башымды ийип.

Сен турган аймактагы гүлдөр назик,
Сен бар жерде чертилген күүлөр назик.
Сага ыйгарып тагдырдын шыбагасы,
Сагынчым ай, мага да окшойт насип.

Бийлеп алып сезимди, карып кылып,
Кыйнайт неге күтүүлөр зарыктырып,
Азат кылчы, алтыным, Аселайым,
Санат эзген дартымдан айыктырып.

Тагдыр деген ушунча катаалбы бу,
Алыс болуп ак таңдын атаарлыгы.
Арман, ай! Дагы канча кыйнайт мени,
Сага алпарчу жолдордун татаалдыгы.
05. 12. 1986.

Келин-Таш баяны
(Легенда)

Көкөй кескен тээ байыркы чактагы,
Коңур күздө тоолор, түздөр сапсары.
Артта куугун, баратышат алты атчан,
Кан ашууда Тогуз-Торо жактагы.

Шырдакбектин боз жоргосу мүргүгөн,
Таш кыядан өтөр кезде бүрүлдө.
Өксүй түшүп асемделүү тор жорго,
Түшүп кеткен мөңгү астында күбүргө.

Аянычтуу “а-а-а” деген бир үн чыгап,
Аска зоолор аны коштой кыйкырып.
Кайрымы жок, оопасы жок, ошол саам,
Дүйнө азга дем ала албай тумчугуп.

Ашыктардын жолун кимдер тоспогон,
Арман дүйнө, тагдыр дайым кошпогон.
Качып чыккан Каныш анда антташып,
Жигит менен төрт жолдошу коштогон.

Турса дагы акыл жетип, көз көрүп,
Бактысынын же төгүлүп, бөксөрүп,
Калаарлыгын, туйган менен өмүрдүн,
Артык көрдү азаттыкка өтмөгүн.

Андан бери тоолор канча жасанып,
Жаздар өттү, күздөр өттү сапсары.
Оопасыз бир ошол күндөн кыя таш,
Келет дешет: “Келин-Таш”,- деп аталып.

Сырын айтып, баарлашып Көк менен,
Айлуу түндө, коңур салкын кеч менен.
Муңдуу обон жүрөгүңдү сыздатып,
Угулат дейт, ашыгына жетпеген!
09. 02. 1987.

***
Эске түшүп өткөн күндөр бардыгы,
Эзип сенин тынчыңды көп алдыбы?
Мага жазган көп каттарың эскирип,
Чөнтөгүңдө үбөлөнүп калдыбы?

Сезимдерин агымы күч шарында,
Агып бара жаткан болсом мен эгер –
Тынч үйрүнөн адашкан ак бугу деп,
Сен өзүңдү бүшүркөбөй сезе бер.

Ак бугуга сая түшкөн бир мерген,
Кайтып, балким, баскан жолдун соңуна,
Мен да кайтып калсам керек бир күнү,
Түнөк кылып жашап жаткан ордума.

Түнөк кылып жашап жаткан ордума.
Кайтпайм бир күн сезим, ойлор бириндеп.
Ошондо да сенин атың шыбырар,
Ыр окуган эриндерим дирилдеп…

… Муңайбачы, сарсанаага чөмүлүп,
Жаз жакындап келе жатат күлүңдөп.
Коңгуроолуу күндөр келер бизге да,
Коштоп алып бакытыңа жүргүн деп.
17. 02. 1987.

***
Айдын сүттөй нуру бизди алпештеп,
Баса албадык колтукташып ар кечте.
Жолукпадык, тагдырыбыз кайчы экен,
Жалындаган жаштык оту бар кезде.

Жашыл ыраң жаздар өтүп закымдап,
Жай сөөлөтү кыярганда кезиктик.
Безеленген мукам үнүн булбулдун,
Катыңкырап калган кезде эшиттик.

Күттүм жазды ушул жылы негедир,
Адаттан тыш күндөр өтпөй зарыгып.
Кыштын аяр ызгаарына сезимим,
Ичиркенип, тоңуп, үшүп, кайыгып.

Жашыл көйнөк жаз да келер жакында,
Жылуу, ысык мээрин төгүп өмүргө.
Жанды эритер жаш баладай кыялың,
Жаз сыяктуу жашап дайым көңүлдө.

Гүлдөр өнүп кызыл-тазыл, башайы,
Нурга бөлөп өмүрлөрдү ажайып.
Жагалданып жашыл жоолук булгалап,
Келчи алып, көп күттүргөн жаз айы!
03. 03.1987.

***
Сагынуу го, жапа чеккеним,
Таттуу уйкудан такыр четтедим.
Кызыгына кумар канбаган,
Коңгуроолуу күндөрдү эстедим.

Сага деген таттуу ой калды,
Күлүк сымал топко чабылбас.
Сууга түшкөн күмүш үзүктөй,
Ошол күндөр эми табылбас!

Сылап сенин кара чачыңды,
Кыялымда сага ыктадым.
Көп түндөрдө көп-көп түйшөлүп,
Сени менен “чогуу” уктадым.
23. 03. 1987.

Жыйырма жыл

Жыйырма жыл керек болду туптуура,
Биз качырган сүйүү кушун тутууга.
Кетирилген каталыкты түшүнүп,
Көмөкөйдө турган ууну жутууга.

Жыйырма жыл башкаларга кыналдык,
Өзүбүзчө өкүндүк да кыйналдык.
Күнөөлү деп бирибизди бирибиз,
Жалгыз калып өксөп-өксөп ыйладык.

Биз табыштык жаштык күнү батканда,
Кара чачты күмүш бубак басканда.
Сүйүшүүгө калды бекен убакыт,
Ишибиз көп азыр буурул чачтан да.

Кош бол, жаным, кала берсин аралык,
Бул махабат келбейт кайра жаралып.
Күнүмдүккө аралашпай ал сезим,
Жүрө берсин жүрөктөрдө жай алып.
А. Урбаев. “КМ” . №13. 26.03. 1987.
(Бул ырдын этегинде ушундай жазуу бар экен, кыязы, Р. Салбаров агабыз Абдурашит Урбаевдин “Кыргызстан маданияты” жумалыгына жарыяланган ырын көңүлүнө төп келгендиги үчүн көчүрүп алган сыяктанат – С. С.).

***
Бир балээге жолугарым билгемин,
Сен жалт карап койгонуңда кокустан.
Мен экинчи сүйбөйм деген тилегим,
Кум сыяктуу чууруп түштү кочуштан.

Ойлобогом, тоорулам деп мынчалык,
Ким билиптир, баары ушинтип бүтөрүн.
Калган кезде кайран жүрөк тынч алып,
Бурулуштан “балээ” мени күтөрүн.

Кутулууга болбойт тура тагдырдан,
Кеттим сүзүп, калагы жок кайыкчан.
Башталды бейм көз талдырган күтүүлөр,
Миңи келип, бир оорудан айыксам.

Жалгыз ирет жолугушпай, катташпай,
Алыстыктан күйүп-жанып тартылдык,
Махабаттан сөз козгошпой, антташпай,
Ыйык жүгүн чоң сүйүүнүн артындык.

Кайдан, кантип, бул балээге жолуктум,
Кош бол эми, эркин жашоо буластап.
Колтукташып катар жүрөт колуктум,
Канткенде да тагдыр сага ырахмат!

Салам-казал

Алдыда зор үмүттөр… максат, тилек,
Жашоодо орун алган бойду ширеп.
Тирүүлүк баарына бир болгон менен,
Адамдар ар башкача өмүр сүрөт.
Жолуктум боз уландай өткөн жолу,
Кездешкен арзуусуна алгачкы ирет.

Мүнөттөр сааттарды түрүп жатты,
Убакыт өз өкүмүн сүрүп жатты.
Сезимим чала күйгөн чычаладай,
Бирде өчүп, бирде кайра күйүп жатты.
Ортодо оттой жанган арзууларды,
Бир билсе жүрөк гана билип жатты.

Тартындым айтууну мен курчтук менен,
Жаза албадым бул катты уздук менен.
Көкөйгө тийген арман, мүшкүлдөрдү,
Өп-чаптап баян эттик үздүк менен.
Чын сөздү туура айта албай, батынышпай,
Кездештик жалыны жок суздук менен.

Кур жерден айыптабайм өзгөнү мен,
Жыйынтык чыгарбайбыз өзгөрүүдөн.
Сезбедиң сен орунсуз абалымды,
Батынбай кыска айтылган сөздөрүмдөн.
Болбосо түн терметип ирмелбеген,
Уйкусуз канталаган көздөрүмдөн.

Сага айтсам, өмүрдөгү таржымалым:
Сезбедим махабаттын жан жыргалын.
Өжөрлүк намысыма бекем байлап,
Илкитип келем жашоо аргымагын.
Өткөн күн элесинен азда болсо,
Өзүңө баян этем ар кыл жагын.

-Эс тартканы жеме сөздү укпадым,
Күрөштөрдө жыктым, кээде жыкпадым.
Арадагы айың кепке илешпей,
Ар убакта акыйкатка ыктадым.

Сактап дайым эрктин бекем чыдамын,
Ызалыкты көп кечирдим, чыдадым.
Коргоп келдим жүрөгүмдө аздектеп,
Чындык менен акыйкаттын ураанын.

Угуп туруп арамзанын бүт кебин,
Тайсалдабай көзүнө тик тиктедим.
Жакшылыкка жоруп бардык нерсени,
Досторумдан жамандыкты күтпөдүм.

Арамдыктын ачуу даамын татпадым,
Азга жаксам, а көбүнө жакпадым.
Айтар сөздү ачуу бүркүп чыгарбай,
Ар убакта жүрөгүмдө сактадым.

Азын-оолак өлүк дүйнө жыйбадым,
Арамзага арамдыкты кыйбадым.
Кара өзгөйдү – кадырыма шек кылган,
Кадырладым, ызаат кылып сыйладым.

… Ушундай жагдайымдын аздыр-көбүн,
Угуп менден, алтыным, билдиң өзүң.
Сезимимде ар дайым уюп турат,
Ак пейилден мага айткан ар бир сөзүң.
А тагдыр алып жатат сенден, менден,
Аябай, калтырбастан болгон өчүн.

Бакыт деген ыроолуу түмөн, миңге,
Ал кол жетпес чакырык, кирбейт тилге.
Тагдыр аны чын ыраа көрбөгөн соң,
Тамшанткан анын жалган көркү кимге?
Теңирин терс караган “апакебиз”,
Бир буту үйдө, бир буту төркүнүндө.

Кантип анан жасалма шайырланып,
Калп жеринен каткырам жагалданып?
А сен болсо: “Башкача сузсуң”,- дейсиң,
Андан бетер арбытып, шайымды алып.
Амалым түк түгөнүп, бүтүп турдум,
Үйдөгү балдарыма байырланып…

Бул сырдын кыйын болду чечилмеги,
Капаланба, алтыным, кечир мени,
Сен менин ак шамымсың алаксытар,
Жаркырап жарык берчү кечиндеги.
Ырымсың – капалыкты унуткарар,
Түбөлүк түнөк тапкан сезимдеги.

Жеттикпи, жетпедикпи чегине ойдун,
Жарымын басып өттүк өмүр жолдун.
Каниет кылмак парз окшойт буюрганга,
Аёосуз мен үчүн бир арман болду,
Кездешүү сени менен өткөн жолку.

Бүт сырым аянбастан төккүм келди,
Сени колдон жетелеп кетким келди.
Көчөдө адамдарды көзүмө илбей,
Көзүңдөн, алкымыңдан өпкүм келди.
Эңсөөнү бирок ишке ашырууга,
Курактагы намыс чын эрк бербеди.

Ызаалык көөдөнүмө турду сыйбай,
Ичимден мукактандым жаным сыздай.
Бүт баарын өзүм менен алып кеттим,
Кайгыртаар капалыкты сага кыйбай.
Вокзалда мени узатып кала бердиң,
Мөлтүрөп колдон аккан тамчы суудай.

А, баса, өткөндөгү досторуңдун,
Мага чыны жаккан жок жүрүштөрү.
(Балким мага ошондой сезилгендир),
Чындыктан четте сындуу күлүшкөнү.

Достордун ичинде да досу болор,
Ыгы менен жылмаяр сөзү болор,
Жанга күйөөр чыныгы бири болор,
Ал досуң жалгыз гана өзүңө эмес,
Жан кыйбаган кишиңдин да пири болор.

… Көз токтотуп көрүп сенин жамалыңды,
Көкөйүмдө жашаган карааныңды,
Алып кубат, дарамет аз да болсо,
Унуттум баштан өткөн азабымды.
Азыр мен түн терметип жазып жатам,
Алтыным, ушул салам-казалымды.

Баштагы, кийин жазган каттарымда,
Баяным сага толук айтпадым да.
Аздектеп бирок сага ыроологон,
Арзуу бар анын ар саптарында.
Неге сен кез келишпей калдың экен,
От кечкен тээ баштагы жаш чагымда.

Аздыр-көптүр сырымды жашыра албай,
Баян кылдым батынып, батына албай…
Кош анда, бүтөм салам-казалымды,
Сен дагы окуп жатып жададыңбы?
Тартармын өзүмкүнө кошуп алып,
Турмушта сен тарткан бүт азабыңды.
Алоологон биздеги арзуу берсин,
Тагдырдын көргүлүгүн, азабын бу!..
29.03. 1987.

***
Мен сени дайым ойлойм, ойлой берем,
Элесиң түбөлүккө карегимде.
Жагымдуу “Асел” деген сенин атың,
Жазылуу ар убакта жүрөгүмдө.
Чогуусуң мени менен өңүмдө эмес,
Түш көрүп уктап жаткан түнөгүмдө.

Карааның дайым мен келет коштоп,
Жол бассам жолоочулап сапарымда.
Суу пери сыяктанган нур элесиң,
Суктантып дайым менин катарымда.
Түшүмө кире көр деп миң жалбарам,
Жаздыкка башым коюп жатарымда.

Аппак жаап жатат акшак болуп,
Ааламда бардык нерсе аппак болуп.
Асылзат бир өзүңдү издей берем,
Бүт бардык иштеримди таштап коюп.
Сен жөнүндө бүтө элек ырлар канча,
Алгачкы куплетин баштап коюп…
16. 04. 1987.

***
Жол басып эсен айлар, эчен жылдар,
Жолуктук биз экөөбүз мына бүгүн.
Сен менен чогуу болгон жарым саатка,
Сезилет татыбастай бардык күнүм.

Ар дайым бизди бирге жолуктурбас,
А тагдыр неге мерез, неге сараң?
Башталып, аякталбай кала берет,
Түбөлүк жүрөктөрдө бүтпөс баян.

Экөөбүз кездешкенде кубаныч да,
Муңайтчу өкүнүч да келет бирге.
Сыр бербей тек карашып, аяшып да,
Дайыма коштошобуз келбей тилге.

Биз кимбиз – эки жакка аккан суубуз,
Бир агымга түбөлүк түшпөй калган.
Жарымбыз, таш боор тагдыр алып кеткен,
Акындын ыры сымал бүтпөй калган.

Жолдордун тоому жаткан ыраагында,
Отуздун ортологон курагында
Жолуктук, сен экөөбүз, асылзатым,
Өмүрдүн өр таянган убагында.

Биз кимбиз – ширелишкен өмүрдөйбүз,
Кири жок, аруу, таза көңүлдөйбүз.
Биригип бир тагдырга жүргөн менен,
Барк кылбаган көздөргө көрүнбөйбүз.

Көп издеп көк ирим көл тереңинен,
Кез келип таптым каухар берметимди.
Көз талып, көңүл дегдеп карай берем,
(Көк өзөнгө көрк берген бир ажайып)
Ак балтыр кайың сындуу элесиңди.

Сабылып уч-кыйрына чек жетпеген,
Сен менин ойлорумсуң түмөндөгөн.
Сен менин ырларымсың көз жара элек,
Бүтпөгөн, өмүр бою түгөнбөгөн.

Сага мен тагдырымды бирге кошуп,
Сен менен ак таңдарды бирге тосуп
Жашайын, бардык кымбат нерселерди,
Сезимде сага ыйгарып, сага окшотуп.

Сен менин – жан жыргатар ойлорумсуң,
Сен менин – уч-кыйырсыз жолдорумсуң.
Сен менин – жазыла элек, келечекте
Жазылуучу лирика томдорумсуң!..

***
Өтөт өмүр күргүштөп иримдеген,
Тирүүлүктүн сыры көп билинбеген.
Өткөндөй агын суулар жазындагы,
Кош сызык арабанын изи менен.

Сени мен салыштырам жаштыгыма,
Башталып, бүтпөй калган күндөлүгү.
Жазууга камданамын кайра баштан,
Окчундап бара жаткан күндөрүмдү.
16. 04. 1987.

***
Каттын жообун кечиктирдим, алтыным,
Келкиленип оюм болуп чаржайыт.
Кызылынан оңбодубу сезимиң,
Августтагы кызгалдактай саргайып.

Мага капа болгондурсуң, а балким,
Ойлобоско бүтүм кылып, жек көрүп.
Узаттыңбы майдын ар бир түнүн же,
Умсундурган сагынч менен өткөрүп?
Лаззатына кумарланткан арзуулар,
Калыбынан калган жокпу бөксөрүп?

Башымды ийип, сурайм сенден кечирим,
Акмаралым, мага такыр таарынба.
Көздөрүңдөн миң кайталап өпмөкмүн,
Азыр менин болгонуңда жанымда.
Унутпасмын бул жалгандан өткөнчө,
Жан шеригим, жашайсың сен жадымда…
08. 04. 1987.

***
Ар убак ийгиликке, алга сүрөп,
Курчутуп кайратымды кайрап, бүлөп –
Эстетет коңгуроолуу ал күндөрдү,
Экөөбүз бирге түшкөн жансыз сүрөт.

Күн-түнү кыялымда бирге болуп,
Катарлаш кадимкидей басып жүрөм.
Акмарал турпатыңды аздек кылып,
Ар дайым карегиме катып жүрөм.

Унутчу, убайымды, таарынычыңды,
Кат жазбайт деп чын эле таарындыңбы?
Мен болсо жүрөгүмө катып жүрөм,
Сен үчүн ашып-ташкан сагынычымды.
29. 06. 1987.

***
Бул ырлар жазылган учурда, автору 37 жашта эле. Бүгүн 1999-жылдын 29-октябры. Бир жолу ал ырларымды кайтарып берсин деп суратыптыр, анда Аселайымдын күйөөсүнүн көзү бар эле. Дагы бир кейиштүү окуяга себеп болбосун деп бербей койгом. Таарынып калды окшогон.
Иште отуруп бул дептерди таап алып окуп чыктым. Окусам калеми төшөлүп, ыр жазууда өз чыйырын салып калган акын экен, Аселайым үчүн деген орундуу ою, сыйларлык сезими болгон экен. Ошол 12 жыл илгерки күндөргө кайрылып бир барып, урунттуу мезгилдерин кайра баштан сыдыра ойлонуп чыктым.
…Алар кечирген күндөр. Аселайымга каттар келгени, “колго түшүп” калып, үй-бүлөдө болгон чыр-чатактар, маселе чоңдорго чейин жетип, тил укканы, “Катып койчу…”,- мага бергени… Ким жазганын окуган адам билбей калсын деп ушул дептерге көчүрүп чыкканым, каттардын айрыгы “Мен мындамын” деп чыга калчудай болуп, көз алдымда өрттөгөнүм, анан бул дептерди эң сырдуу буюм катары жан адамга окутпай катып сактаганым…
Турмуш деген ушундай экен, мына андан бери 12 жыл өтөптүр, Аселайымдын күйөөсү дүйнөдөн өттү. Тиричиликтин түмөн түйшүгү менен алышып жүрүп, акыры базарга чыккан Аселайым чоң соодагер болуп, ары-бери каттап жүрүп, акыры он уктаса түшүнө кирбеген бирөөгө баш байлап кетти.
Ал эми авторчу? Телевизордон ырын угуп калым, Эркин деген ырчы жигит “Алгачкы махабатка сыйынуу” деген ырын ырдайт, обону өзүнүкү окшойт. Көрсө, сезим деле турмуш-шартка баш ийген, чырмалган тиричиликтен алыстай албаган учурда башкача өксүй жанганы менен, колу-жолу бошоп, издешкенге мүмкүнчүлүк болуп калган маалда “эскирип” кетет көрүнөт.
А мен: “Эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, бул экөө бир мүнөттө издешип, табышат го”,- деп ойлор элем…
Ырдын автору элүүгө келип калды. Аселайымга: “60 жылдык юбилейинде конверт менен ырларын жөнөтөм, ушунча убакыт аларды ким сактаганын эч ким билбей калат”,- деген элем.
1999-жыл, 29-октябрь, саат 16-25.

***
Бүгүн 2022-жылдын 7-октябры. Тойдо олтурганбыз, алып баруучу жарым саат тыныгуу жарыялады. Жаштар бийлеп, музыка жаңырып, биз курактагылар зеригип… дегендей, кадимки эле күн болчу. Телефондон фейсбукту чукулай калып эле селт эте түштүм. Менде жүргөн, өрттөп салууга колум барбаган ырлардын автору, сүрөтү, ырлары менен… Көзү өткөнү…
Кандай болгондо да калеминен жаралган ырларын аманат катары кайтарып бере турган адамын тапкан сыяктандым. Фбдан издеп, вотсапп номериңизди да таап алдым. Калганы эми сизге аманат.
12 (Он эки Барак).

***
Бул жагын эми мен (Самидин Стамбеков) улантайын. Рысбек Салбаровдун ырларын интернетке жарыялагандан кийин, мага бир аял кайрылып, анын айрым ырларын көп жылдардын бери сактап жүргөнүн айтып, “Сизге берип коёюн”,- деди. “Макул”,- дедим. Өз аты-жөнүн да, дарегин да айткысы келбеди. Айтор дептерди алдырып алдым. Ырларды окудум, компьютерге түшүрдүм, эми жарыялап жатамын. Баса, ырларды сактап жүргөн адамдын 2009-жылдын 3-декабрындагы жазган эскермесин бул жерге киргизгеним жок, убакыт өтсө, ким бирөөлөрдүн эски дартын козгой турган жагы азайса, аны деле жарыяласа болот.
Айтайын дегеним, 1986-жылдын аягынан 1987-жылдын июнь айына чейинки аралыкта жазылган Рысбек Салбаровдун таберик ырларын 35 жылдан ашык убакыттан бери көзүнүн карегиндей этият жана аяр сактап келген, ыр түнөгөн жүрөгү бар, ырды сыйлаган, ырга айланган сезимди сыйлаган ошол айымга миң алкыш! Сиздей окурманы бар кыргыз поэзиясы эч убакта жерде калбайт! Ырды сүйгөн көңүлүңүз гүлгө толуп, ар убак аман болуңуз…
Аманатыңызды аткардым, эми ылайыгы келсе, Р. Салбаровдун китебин кайра бастыруу боюнча аракеттер башталса, бул ырларды дагы коштуруп коюуга аракет кылабыз.
4-февраль, 2023-жыл. Жалал-Абад шаары.