Мектеп ачыларына төрт күн калган. Төртүнчү класска бараар Жолчунун китеп-дептери, кийим-кечеси да даяр. Шербет алда качан уулуна керектүү окуу куралдарын камдап койгон. “Жакшылап оку, адам болгун”,- дейт апасы. Окууга удаа талаада пахта терим да кошо башталат. Жылдагыдай эле баланын апасы коңшу айылдагы бригадага бөлүнгөн. Эки кыштактын арасы үч чакырым бар. Быйыл да талаага ташып кеткени таң үрөң-бараңда тестиердикине араба келээри турган сөз. Ушул айылдан жалгыз Жолчунун энеси үчүн араба убара. Ал уйкусу канып — кана электе көзүн ачса, майланбаган дөңгөлөктөрү кыйчылдап, жолдун өңгүл-дөңгүлүнө урунуп, шалдырап, караңгылыкка шоокум салган арабада апасынын кучагында бараткан болот. Асманда жылдыздар балбылдап, ороктой Ай араба менен кошо жарышкансыйт. Араба секиндесе, ай да аста жылып, токтосо, кошо токтоп, араба катууласа, ай да катуу сызгансыйт.
…Капыстан Шербет ооруп калды. Өткөн жазда да кесел дал ушинтип тооруган. Аба үп тартып турса да, кара баркыт чапанына оронуп, күндүн ысык табын көздөй ыктаган.
Энесинин акыбалын баамдаган Жолчу дартка нааразы. Кеселдин азабын тартып, алапайын таппай жүргөн кезде кайра-кайра каттаган узун бойлуу, арык чырай киши Шербеттин шаштысын кетирди. Тестиер анын атын билбейт. Кызыгып сураган да эмес. Иши эмне? Ошол киши бир жума бою апасынын жанынан жылбады. Бейтааныш неменин күңкүлдөп, алда немелерди энесине сүйлөй бергенин жактырбалы. Бала алар үйгө кирсе, кошо кирип, эшикке чыкса, чогуу чыгып, апасын кызганып, аны такыр ээндеткен жок. Көздөн кайым боло калса, тиги жото неме Шербетти кайдадыр бир жакка алып кетчүдөй ойлойт. Ошондуктан чоочун киши алардыкына киргенде Жолчу кабагын салып, көкүрөгүнөн келген терезенин сыртынан шыкаалап туруп алат. Чамасы, ал киши да ушул айылда жашайт. Кээде көчөдөн бет маңдай чыгат. Кезиккен жерде Жолчунун кичинекей колунан кармап, далайга силкилдетип, амандашат. Тестиердин болсо, ал кишини көргүсү жок. Бет алдынан чыкты дегиче, колун түгүл, көйнөгүнүн этегин карматпай, шыр чуркап өтүп кетет. Бейтааныш киши, наристенин кычуусуна тиймекке атайы;
-Аа, уулум келаткан турбайбы!,- деп тегерегинде эл барбы-жокпу, капарына алып койбой бакылдайт. Жолчу атасын билбегенден бетер тигинин “уулум” деп, энчилеп алганына теригет.
Бир күнү ошол адам белине жип байлап, жол боюндагы мырза терекке жармашып, шактарын бутап жүрүптүр. Ал жолдон өтүп бараткан тестиерди көрөөр замат;
-Ай, балам, кандайсың!,- деп кыйкырды. Жолчу адегенде үндөгөн жок. Теректин тушунан узап алды да;
-Э-эй, жото, мамындаймын, билдиңби!? Экинчи «уулум» десең, көрөсүң!,- деп түйүлгөн муштумун булгалады. Анан дарактагы киши жерге түшө калып, кууп жетип, кармап алчудай артына кылчайбастан тызылдап жөнөдү. Өспүрүмдөн алгач ирет жооп укканына курсант болгон киши каткырды. Күлкүсү кыйла жаңырып, мына, мына жетчүдөй баланын кулак түбүнөн угулуп жаткансыды.
Арабага чегилген кош ат бассамбы-баспасамбы дегенсип, буттарын эрине шилтешет. Жүксүз араба ээн көчөдө кыбырайт. Жарым жолдон артынан жете келген арабакеч Жолчуну арабасына олтургузуп алды. Өспүрүм ушул араба менен апасы экөө дайыма талаага барышат.
Арабакеч;
-Кайда баратасың?,- деп сурады.
-Доктурга.
-Табың жокпу? — Көөнө калпакчан киши баланын иреңине жалт тигилди да, тизгинди булкуп койду.
-Апам ооруп атат.
Арабакеч бир топко унчукпай калды да, саамдан кийин бала жактырбаган сөздү айтты;
-Жаңы атаңды киргизбей койдуңарбы?
Жолчу жооп кайырбады. Демек, арабакечке да апасына уйгактай жабышкан киши тууралуу каңшаар жеткен экен. Башын шылкыйтып, көзүнүн кычыгына жаш ойноду. Анан ичинен арабакечке ачууланып: «Арабаңа түшпөй койсом болобу?»,- деп сөгүндү да, секирип түшкөнү арабанын кыргагын кармады. Арабакеч баланын кыймылына көз салып турганбы, шап билектен алды.
-Коё бер, жөө эле кетем,- деп булкунду бала. Жолчу колун бошото алаар эмес. Анын таарынганын сезген арабакеч жылмайып;
-Мен сени эр жеткен чоң жигит экен десе… Тамашаны да көтөрө албайт турбайсыңбы? Шербет калп эле сага ишенип жүргөн тура! Азилдешип эле айттым. Атаңды билбесем, тааныбасам, бир жөн. Атаң экөөбүз тең чамалаш элек. Тоодо жылкы кайтарып жүрүп, бирге чоңойгонбуз. Оо, атаң жигиттин жигити, мыктынын мыктысы, сымбаттуу болчу. Азоо жылкыны былк эттирбей, заматта ийге келтирчү. Комузда кол ойнотуп, шаңшып ырдаар эле. Ошон үчүн кылактаган кыз-келиндер аны көргөндө, шилекейлери чуурулуп, тийишкилери келчү. Ал көз жумганда сен бешикте калсаң керек. Өмүрү кыска экен. Сага берсин эми, атаңдын калган өмүрүн. Атаңды унутпай, эстеп жүргөнүңө, ыракмат, балам!
Балага ушундай кеп майдай жагат. Арабакеч көңүлүн көтөрө сүйлөгөнүнө жетине албай кетти. Шер байлап, сыймык күттү. Атасы жөнүндө кеп козголгондо кулак салып, өтө ынтаа менен кумарланып угат. Дилинде атасы тууралу башталган сөздүн түгөнбөөсүн күсөйт. Кокус кимдир-бирөө ортодон чыга калып, сүйлөп жаткан кишинин кебин бөлдү дегиче, арага кыпчылган адамды бузуку санап, дегеле жактырбайт.
-Андан көрө мени аяш ата деп жүр…
-Кайсы адырда, аяш ата? — Жолчу арабечке обдула, ыктап, жатыркабастан кайра аны жакынсынта сурады.
-Эмне?
-Жылкыларды кайсы адырда бакчу элеңер?
Арабакеч маңдай тушта созулуп жаткан кызыл-тазыл адырларга камчы сермеди;
-Тээтиги белестерде. Атадан туяк калат деген ушул. Мына андан сен калган экенсиң, атаңдын ысымы өчпөйт — деди да, ал негедир улутунуп койду.
-Аяш ата, кимге окшош болчу?
-Атаңбы?
-Ии
-Өзүңө эле. Жадесе коко тамак, жылтыр көгүш, куйкум чачың да – кудум атаңдыкы…
-Анан эмне айылдагылар: “Атаңа такыр окшобойсуң. Сен кимди тартып калгансың?”,- дешет.
-Билбегендер, атаңды көрбөгөндөр айта беришет. Андайларды тыңшаба! Чоң атаң, колхоздун алгачкы башкармасы болгон. Муну да биле жүр! Койчу, оттой жанган көзүң, кырдач мурдуң да кудум эле атаңдыкы. Комуз чертесиңби?
Жолчу таңдайын шык эткизе;
-Жок, үйрөнө албай жүрөм,- деди.
-Мына ушунуң жакшы эмес, уулум! Сөзсүз үйрөн! Атаң комузду шаңкылдата чертип, булбулдай сайратат болчу. Ал көз жумганда дулдул аты жабдыктары менен комузу калды дешкен. Жакын тууганы жок, жалгыз өскөн. Артында күйөөр-сүйөөрү жок неменин ат жабдыктарын көрүнгөн неме кармап кетсе керек, апаң күйүт тартып, үйдөн чыкпай олтурганда …
Жолчу атасын көрбөй чоңойгондуктан аны ар кандай элестетчү. Комузчу экенин билип, атасын төкмө акындардай калпак кийип, ат минип, эл алдында ырдап аткандай элестетчү. Кандай болбосун комуз чертүүнү үйрөнүүгө ичинде ант кылды. Бир кезде эмнегедир;
-Балдарыңыз барбы, аяш ата?,- деп сурады ал.
Арабакеч жооптон мурда оор үшкүрүндү да;
-Ооба, бир уул, бир кызым бар болчу. Мага насип эмес экен. Эгеси алып тынды. Андан бери үч-төрт жыл өттү.
-А эгеси ким?
-Жер да ээси, балам! Башка ким болмок эле?..Шербет күйөөдөн жашында калып, турмушту да көрбөй шору катты. Нары… — Арабакеч “Сен болбогонуңда … Анын жолун сен бууп турасың”,- деп ийе жаздап, Жолчунун өксүктүгүн, дагы кыйтыярын ойлой, эрдин кымтыды.
-Апаң Пурунзеге качан барат?
-Аякка эмнеге барсын ?- Тестиер арабакечтин суроосуна түшүнбөдү.
-Чогулушка. Шербет былтыр пахтаны көп терип, алдыңкы болгон турбайбы! Теримчилерден апаңды «борборго жиберебиз» деп жатышкан,- деди арабакеч.
-Кимдер, аяш ата?
-Башкарма менен актиптер… Ыя Жолчу, апаң ошондон ары эрге тийип кетсе, кантесиң?
-Тийбейт. Мени таштап, эч кайда барбайт.
-Кокус тийсечи?
Бала башын чайкап, моюн бербеди.
-Мисал үчүн дейли.
-Мисал үчүн да турмушка чыкпайт.
Арабакеч чүрпөнү кепке сындыра албастыгын түшүндү. Бир аздан кийин мындай деди;
-Анда сени өзүм алып кетем. Болуптурбу? Мага бала болосуң!
Жолчу ойго батты. Адамдарды билип болобу? Чын эле арабакеч түкшүмөлдөгөндөй “Үйдө уулум калды”,- дегенине көнбөй, кимдир-бирөө ала качып кетсе, эмне кылат? Муну апасы айыкканда сурап көрүү керек окшойт.
Айрылыш жолго жеткенде арабакеч өспүрүмдү түшүрүп койду да, ылаалаган аттарга камчы үйүрдү.
Жолчу ооруканага бак аркылуу өтөөр жалгыз аяк жолго салды. Алмуруттун түшүмү дагы эле быша элек көрүнөт, көгөрүп турат. Бактын ичинде жалаң эле “эшек алма”. Кандай аталаарын ким билет. Айтору, кеч күзгө дейре бышпай, таштай катуу болуп, анан саргайган ыраңына курт түшчү көк алманы чыт курсак балдар ушинтип аташат. Бакта бул алмадан бөлөк мөмө калбагандай. Өрүк как жайылган бойдон ачык жерде жайнап жатат. Бак кароолчусунун аны чогултканга мойну жар бербеген шекилдүү. Ортого үйө салып, үстүн суу өткөрбөс кагаз менен жаап койсо, ысырап болмок эмес. Бала оозуна салган өрүк какты шимисе, түк даамы жок. Азуусу менен өрүктүн данегин карс чакты да, сөөктөрүн үйлөп ийип, маңызын чайнады. Кагына караганда данеги таттуу экен. Ал куураган сары чөптөрдү шуудурата, мөмөсүз бак-дарактардын кылда учун тиктеп баратып, капыстан бак түгөнүп, анарзарга туш келди. Көлөкөдөн чыкканга күндүн ачуу табы көзүн уялтты. Анар бак тээ жол боюндагы тыт катарга дейре созулуп жатат. Тикендүү, ичке жалбырактары дале жап-жашыл, кыярган гүлү кызыл түсүнөн өчпөй, томолок, пияладай мөмөлөрүн суук көздөн далдаалап тургансыйт. Айрым анарлардын учунан кызыл гүлү ажырай элек. Анарлар ар бир түп сайын алейне жипке байлап, арча дарагына оюнчуктарды илип койгондой, салаалап турат. “Апам доктурлар: «Анарды көп жеңиз. Кан болот»- деп айтышты дебеди беле? Анардан ала барайынчы”,- деп Жолчу өзү менен өзү акылдашты.
-Таттуулугун айт, дегеле жагымдуу… Аябай таза бышыптыр. Сен да жечи, Жолчу. Ооз тийсең, жок дегенде. Ала гой,- Шербет улам тамшанды. Бычак менен тышы көгүш-кызыл нурлуу анарды тилип, анын жарымын уулу жакка жылдырды. Ичтейи ачылып, табити тартып турса да, бир кесимин араң жеп түгөттү. “Кой, атайы апама атап алып келгенимден кийин апам жесин. Оорусуна дабаа болсун! Кайдан алдың?,- деп сурабагай эле. Капыстан билгиси келсе, жалган айтамбы?!” — деп ичинен толгонгон бала көзүн улам ала качып жатты.
Шербет көптөн бери бүгүнчөлүк көңүлдөнүп наар тата элек болчу. Тамакка табити тартпай, өзүн зордосо да оокат жей алчу эмес. Анардын ширеси оборун ачтыбы, өрүктүн көлөкөсүндөгү очокко көөрө асып, суу кайнаганда демдеген уулунун кызыл тунук чайынан ыраккаттана ууртады. Нан чайнап атып, бетине тик караганга батынбай, көздөрүн улам ала качкан баласы тууралуу кыялдана кетти. “Жараткан өмүрүн берсин! Суук көздөн калкалап, окутуп, үйлөндүрүп-жайландырып, адам катарына кошсом!.. Атасынын аманат-керээзинен ошондо кутулам. Кудайга шүгүр, азырынча ыймандуу, садага болоюнум! Окуусу да жакшы. Билимдүү-илимдүү болсун! Берекени уулума берсин! Мени качан багаар экен деп жүрчү элем, бакканы, колунан даам таттырганы ушу да…”
Күндүзү аптапта далай жолду жөө баскан Жолчу чарчап калган болчу. Үп болгондуктан Шербет жел киргенге жапыс тамдын каалгасын ачык калтырып, төшөгүнө кечирээк жатты. Бөлмө ичи көзгө сайса көрүнгүс, кап-караңгы. Айсыз түндө бакалардын чардаганы, чегирткелердин чырылдагы, анда-санда короздун кыйкырыгы угулат. Бир маалда дарбаза дубалга урунгандай болуп, капыс чыккан добуштан улам Шербет ойгонуп кетти. Уйкусу сергек келин төшөгүнөн козголуп, шарт олтура калды. Көзү караңгыга каныккыча үн чыгарган жок. “Үйгө каңгып кирген иттердин биридир”,- деп божомолдоду.
-Кет ээ, чып дейм!
Ал шектүү шыбыш билинбегендиктен чалкасынан кайра сунала кетти. Бирок, негедир жүрөгү көөдөнүн жарып чыкчудай лакылдап согуп, алда кандай кырсыктан кооптонгондой уктай албады.
Анын үйүнө баш баккан ит эмес, адам болчу. Ширин уйкуга чөмүлгөн бала жанында бирдеме кыймылдагандай болгондуктан селт чоочуп, көзү умачтай ачылды. Бакырып ие жаздап барып, токтоп калды. «Не бар, не жок?»,- деп өзү жаткан төшөктүн катына катылган союлун эстеди. Жолчунун ойгонгонун боолгогон сөлөкөт башын жерге ыга койду. Өспүрүм сыр алдырбай, байкамаксан, уктамыш болуп, оң колу менен жанын сыйпалады. Союлдун жогор жаккы учунан бекем кармап, ордунан шарт туруп баратып, караан жашынган тушту чамалап, бар күчү менен таякты шилтеп-шилтеп жиберди.
Сөлөкөттөн үн-сөз чыккан жок: агыш шоола чачыраган эшик аркылуу сыртка чыга качты. Тестиер анын артынан кубалай, удаа жүгүрүп чыгып, караандын кайда житкенин таппай калды. Короону айланчыктап, колуна урунган таш-кесектерди сөлөкөт сиңип кеткен тарапка улам ыргытты.
Шербет да уулунун соңунан чуркап чыкты. Заматта болуп өткөн окуяга не ишенеер, не ишенбесин билбей, биресе уулунун коркуп-үркпөй бейтааныш адамды үйдөн кууп чыкканына жетине албайт.
Эне-бала үн чыгарбай, сыртта кыйлага дейре тим турушту. Шербет имерилип, баласын кучагына кысты.
-Коргоочум менин…,- деп бетинен сүйдү. — Тилеги куурагыр ууру окшойт. Биздин эмнебизге көз артты десең…
-Мындан кийин эшиктин илмегин илип жүрүңүзчү, апа. Кокус, мен жокто тентигендер келип, сизди коркутпасын,- деди тестиер.
Анар таткандан кийин Шербет кадыресе оңолуп, бетине кызыл жүгүрдү. Аны «айыкты» деп болжогон Жолчу чоң жумуш бүтүргөндөй өзүнчө курсант. Энесин өзү сакайткандай көрөт. Ал дагы бир ирет апасын анар менен сыйлоону чечти.
Бул ирет эмнегедир аны коркуу сезими бийледи. Эки жагын элеңдей карап, көчөттөн көчөткө жөрмөлөп өтөт. Анардын чоңураактарын үзмөк болуп, бактын тереңине кирип, жолдон кыйла узап кеткенсиди. Көйнөгүнүн ичине салган анарлар оор тартты. Айланасында сан жеткис кызыл анар көз күйгүзөт.
Капыстан дүбүрт угулду. Кылчая караса, жалгыз аяк жол менен артынан атчан киши кууп келатыптыр. Улам арасы жакындайт. Атчан киши улам камчы чабат. Ээрдин үстүнөн опоңдоп, ыргып, кайра олтура калат. Калпагы да серпилип, жан үрөй чуркаган атты ого бетер теминет.
Жолчу куугунчунун кароолчу экенин баамдады да, койнуна анар салган көйнөгүнүн этегин бекем уучтап, качып жөнөдү. Жүгүрүп баратат да, жашынаарга жай издейт. Бирок, буйтка бурч табылбайт. Атчан экөөнүн ортосундагы аралык улам кыскарууда. Койнундагы анар оорлошуп, качаарына тоскоолдук кылгысы келгендей, кадамы арбыбайт.
-Э-эй кызыталак! Токто-о, баары бир колго түшөсүң! Менден эч ким качып кутулган эмес. Токто дейм, атаң оозун урайын!
Өспүрүмдүн өпкөсү көөп чыкты. Демин тарта албай, шайы ооп баратты. Кароолчу жанынан чаап өттү. Ал алкынган жылкынын ооздугун
үзөнгүнү чирене тээп, артка тартты да, кутулуудан үмүт үзүп, энтиге токтоп калган тестиердин маңдайына бастырып келди. Күзөтчү да, оозунан ак көбүк чуурулган атына кошулуп, күшүлдөйт. Ал башын шылкыйтып, жер тиктеген өспүрүмгө кантип сес көрсөтүүнүн амалын таппай турду. Күтүүсүздөн мингичин теминди. Айлана качкан Жолчуга ат салып, камчы көтөрдү. Кароолчу ойлогондой тестиер тизе бүкпөдү. Жалынган жок, бетине тик карады. Баланын жалтанып койбой, бакырая тиктегенинен тигинин колу шалдайып, омуроологон менти тая түштү. Анысын сездирбөөгө тырышып, күзөтчү, кекээрлей үн чыгарды;
-Ии, баатыр, анар жегиң келип калдыбы?
Өспүрүм унчуккан жок.
-Анарды жакшы көрөт экенсиң, атаңа эктирип албайсыңбы?
-Атам жок.
-Э-хе… Анда… ата тарбиясын албаган үчүн уурулук кылып жүрөм дечи!
-Уурулукка эмес… Дарылыкка…
-Э, сага окшогонду. Радиодон айттырып, бүт элге шерменде кылбасамбы…,- деп кароолчу чөнтөгүнөн калем менен дептерин сууруп чыкты. — Айт атыңды, атаң ким? Бол тез!
Колхоздун актиптери пахта терим маалында күн сайын кечкурун радио түйүн аркылуу сүйлөп чыгып, пахта терип-тапшыруунун жүрүшүн кабарлашчу. Алдыңкы жана жалкоо теримчилердин аттары аталчу. Дайыма эл орунга отурганда радио тыңшаган бала апасынын атын мыкты теримчи катары аташканда аябай кубанаар эле. Жаңылыктардын аягында жалкоолорду уяткарышчу. Мына азыр күзөтчү аты-жөнүн жазып алса, радиодон берилет да, аны уккандар, атасын тааныгандар эмне дейт? Шербет эмне дейт?.. Жолчу башын өйдө көтөрүп, атчан Ормотойдун чекеси жарылганын байкады.
Кароолчу эсине эми келди. Баладан тартынып, калпагын маңдайына баса кийди. Томуйган чекесин жашырды.
-Күзөтчү аке, антпеңиз. Экинчи уурулук кылбайм. Бул анар мага эмес, апама. Мына, алыңыз…Апам ооруп атат.
-Апаң ким?
-Апам… энемдин аты Шербет. Билесизби, теримчи Шербетти?
Өспүрүмдүн жообун уккандан кийин кароолчунун көңүлү жайлана түштү.
-Аа, ошондой де. Апаңды тааныбаган киши жок. Мен да жакшы билем. Мен сени тааныбай эле…Оо, кол арага жарап, азамат болуп калган турбайсыңбы? — Жайкай сүйлөгөн Ормотойдун ичинде каары кайнады. Өөгүнү өзү алагүү болуп алып, Шербеттин үйүнө киргенде союл менен башка чапкан тентек ушу тура! Бирок ата-энесин коруп, аларды кадырлаган бала кимдин, эмненин болсо да, кадырына жетет… Көөдөк өспүрүмдөн кантип өч аласың? Анткени менен марттык кылып, тестиерди коё берип, ал аркылуу башы бош Шербетти тузагына түшүрсө да болот. Күзөтчү мына ушунтип ой жүгүрттү.
-Кой, балам, бара бер, эмесе ,- деди да, Жолчунун койнундагы анарга камчы жаңсады; — Тигилерди менин атымдан апаңа берип кой! Уктуңбу, «Ормотой акем берди» деп айткын! Жаңылып кетип, башка бирөө менен чаташтырып алба! Сөзсүз «Ормотой күзөтчү тартуулады» дегин! Макулбу? Эки-үч күндөн кийин өзү да кабар алганы келет экен деп айт.
Атчан кишинин сырдуу сөзү Жолчуну ойго салды. Ал эмне кылаарын билбей турду. Кароолчунун чекесиндеги жарааттан улам өткөн аптада алардыкына уурданып кирген караан ушу экенин боолгоду. Көрсө, Ормотой энесин анарга сатып алмак болуп жаткан экен да? Күзөтчүнүн кеби мээсине жеткен бала кыжырданды. Ал атчандын артынан кыйкырды;
-Ормото-ой…
Бактын күзөтчүсү бурулуп караганда Жолчу көйнөгүнүн учтарын бошотту. Койнундагы томпогой анарлар топ-топ этип, топуракка оонап түштү.
-Анарыңдын кереги жок, мага! Өзүңө аш болсун! Албайм, анарыңды. Мына терип ал!,- деди да үйү жакты көздөй чуркап жөнөдү. Качып баратып: “Анары менен алдагысы бар. Сенин анарыңды ит да жебейт. Керек болсо… Апама базардан апкелип берем!..,- деп сүйлөндү.”
…Эртеси жаңы окуу жылы башталды.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ, жазуучу.