Домой Без рубрики Салымы көп – санаасы андан да көп мигрант

Салымы көп – санаасы андан да көп мигрант

10

Бөтөн элде, өзгөчө, орус жеринде мигрантты катуу түйшөлткөн көйгөйлөрдүн ана башы – каттоого туруу жана кирди-чыкты маселеси, Сахарово маселесинде өзгөрүүлөр болгону менен маселени биротоло жеңилдетүүнүн амалы алигиче көрүнбөйт… Деген менен мигранттын тилин тишине катып, түндөп-күндөп кылган мээнетинин акыбетин өз балдары, жакындары, ага-тууганы же өлкөсү эле эмес, ошол мигрант иштеген өзгө өлкө да көрүп жатат. Ачыгын атсак, Россияда сан жагынан миллионду чапчыган мекендештерибиздин каттоо, кирди-чыкты, Сахарова, ижара акысы, интернет төлөмдөрү, банк аркылуу акча которуусу, авиа билет, жол кире сыяктуу демейки иштерден түшкөн олчойгон каражаттан далайлар пайда тапса, миңдеген мамлекеттик, жана жеке компаниялар үзүрүн көрүп жатышат…

Москвадагы кыргыз диаспорасы көмөктөшүп уюштурган…

Казакстанга кирди-чыкты деген белги бастырып келүү үчүн автобус менен жөнөп жатышкан мигранттарга кошулдук. Элүүдөй мекендешибиздин он чактысы аял кишилер, калгандары тоону томкорчудай болгон 20-45 жаштардагы кыргыздын жигиттери. Россия менен Казакстандын ортосундагы токойлуу жол каттамында автобус зымырайт. Телефондоруна үңүлгөн мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү КРнын Жогорку Кеңешинин сессиясын көрүп бара жатышкандары, биздин Жогорку Кеңеш эң мыкты күлкү театры экенин билсем дагы, мени таң калтырды. Жок булар күлкү үчүн сессиянын көрүп жаткандар эмес, буларда үзүлбөгөн үмүт… Кечээ жакында ЖКда козголгон Сахарова, каттоо маселеси жеңилдейби деген ой ар биринде. Кудай жалгап бир суткада көздөгөн жерибизге жетип, эч тоскоолдуксуз, ашыкча текшерүүсүз Казакстанга кирип-чыгып, кайра Москваны көздөй жол тарттык. Бара жаткандагыга караганда бир топ жандана түшкөн мекендештерибиздин айрымдарын кепке тарттым. Көп жыл тигүү тармагында иштеген, жанымда отурган караколдук Зина аттуу келин:
-Эмне үчүн акыркы мезгилде каттоо маселеси татаалдашып, Сахарово деген көйгөй чыга калды? Бажы союзунда элек го?,- деп суроо салды.
— Согуш Россиянын экономикасын алсыратты. Мигранттардан пайда көрүүнүн бир варианты го,- деп жооп берди Адилет аттуу жигит. — Биз саан уй эле болдук го, мигранттыкы – ортодо, өкмөттүкү – бокчодо болуп жатат. Банктарды байытабыз, Олчойгон акча которуп, комиссия акысын төлөп, банктарды байытабыз, башкасын айтпайлы, өлкө башына иш түшкөндө, бөөдө кырсыктарда, ооруп калган, чет өлкөдөн дарыланууга каражаты жок мекендештерге, этектей балдары менен эри таштап кеткен аялдарга, деги койчу, кылт эткен жашообуз, көйгөйүбүз мигранттын жардамысыз болбой калды го,- деп бакылдады Бакыт аттуу жигит. -А бирок мигрант ооруса, абакта жатса, Украинадан өлүгү келсе, мигранттын алыстагы баласына кам көргөн, ооруп калса өзүнүн алын сураган ким бар, эртең карыганда мигранттарга да кам көрүлөбү, пенсияга чыга алабы? деген атка минер барбы? Жазыңыз. Ушуларды, жеткириңиз биздин да үндү,- деп сөзүн бүтүрдү ал.
Мындай кеп улам күч алып олтуруп, алар эмне мигранттын күчү адал, кам көрүүгө келгенде арамбы?.. Жаагын жанып, кирди-чыкты таксини жарнамалап, жардыга жардам сурап, лайк топтоп, лотерея ойнотуп какшап, мигранттын чөнтөгүн кагып жаткан блогерлердин бири да мигранттын укугу, эртеңи жөнүндө жеткиликтүү айтканын көрбөй жатабыз дегенге чейин барышты.
Ырасын айтсам, мен деле ушулардын биримин, аргасыздан арзан жумушчу күчүнө айланып, жаштыгы, өмүрү бөтөн жерде өтүп жаткан, санаасы санга бөлүнүп, Мекенине, жакындарына сагынычы ашып, таарынычы ташыган, ашыкча нерсе айтсаң көзүнө жаш айланган, тоону томкороор күчүн, билимин өз өлкөсүнө арнай албай ичтен сызган мекендешимдин бир күндүк түйшүгүн, ой-санаасын, жон терим менен сезип, болгону алардын үнүн алыскы Ала-Тоого жөнөткөндөн башка айлам жок. Алар ара-чолодо. саясаттан кеп салышып, мигранттын көйгөйүн чоң трибунадан айтып көңүл бөлгөн ЖК депутаттары А. Мадумаров, Н. Кадырбеков, Мирлан Самыйкожо сыяктууларга ыраазы болуп жатышты. Мигранттар кийинки муундардын, балдарынын мигрант болушун каалашпайт, заман оңолоруна үмүт артып турушат.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында Казакстанга кирди-чыктыга бара жатышып, жол кырсыгына учурап бир топ мекендештерибиз каза тапкан. Учурда Москвадагы кыргыз диаспорасы мигранттарга шарт түзүп, жума сайын эки ирет мигранттарды топтоп, узатуучу менен коштоп, автобус менен кирип-чыгууну тоскоолдуксуз уюштуруп берген. Бул үчүн мигранттар ыраазы.

Жаангүл Аманова,
Москва