Домой Күрөө тамыр Самидин Стамбеков: “Журналисттин дилинде адамга деген чоң сүйүү, чоң урмат, чоң...

Самидин Стамбеков: “Журналисттин дилинде адамга деген чоң сүйүү, чоң урмат, чоң сый болуш керек” (Студент-журналисттерге берилген жооптор)

10
  1. Өзүңүздүн өмүр жолуңуз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?
  • 1959-жылы Чаткалда, Каныш-Кыя айылында туулганмын. 1976-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы эле жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетине тапшыргам. Алгачкы ырларым Ош областтык “Ленин жолу” гезитине басылган, мен акын болууга кызыгып, студент кезимде жана эмгек жолумдун алгачкы жылдарында журналистикага кызыккан эмесмин. Бирок ошол учурда жеткинчек акын катары адабиятты сүйүүчүлөргө тааныла алдым десем болот. “Чаткал оттору”, “Бишкек шамы”, “Ленинчил жаш”, “Ак бата” гезиттеринде кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орун басары кызматтарында иштегенмин, Жалал-Абад областтык “Акыйкат” гезитинде башкы редактор болгом, учурда “Дил” областтык педагогикалык гезитинин башкы редакторумун.
  1. Журналисттик ишиңиз биринчи кайсы жерде, кандай шартта башталды?

— 1983-жылы партиянын Чаткал райондук комитети Талас шаардык “Эмгек шаңы” гезитине эки айга стажировкага жөнөтүп, (Анда биздин район Талас областына баш ийчү) райондук гезиттин жооптуу катчысынын ишин ийне-жибине чейин үйрөнүп келесиң деп тапшырма беришкен. Мен аталган гезиттин ошол кездеги жооптуу катчысы Жаңыл аттуу эженин жанынан бир жума жылбай, ишинин баарына кол кабыш кылып, редакциянын чогулуштарына катышып, айтор бир жумада гезит кантип жасаларын, макет чийгенди эле эмес, кызматкерлерге, штаттан тышкаркы кабарчыларга калем акы  эсептегенине чейин үйрөнүп бүттүм. Анан: -Эже, жоопту катчы аткара турган, али мен үйрөнө элек, дагы эмне иш калды?,- десем,  ал киши: — Негизгиси ушулар, калганы чыгармачылыгыңа жараша болот да,- деди эле, мен: “Андай болсо, мени Чаткалдан сурашса, абдан ынтызар жигит экен, гезит чыкпаган күнү деле келип, басмаканада олтурат деп коюңуз. Мен Таласты биринчи көрүшүм, Чыңгыздын айылын, Манастын күмбөзүн, айтор Таласты бүт көрүшүм керек,- дедим. Эже күлүп макул болду, жакшы киши эле да менин устатым, ошондон кийин мен басмаканага эки-үч күндө бир келе турган болуп калдым.  Ошентип билимди “бышыктап” бүтүп Чаткалга барсам, мени жооптуу катчы эмес, редактордун орун басары кылып коюшту.

  1. Сизди биринчи эмгек жамаатыңыз кандай кабыл алышты эле?
  • Биздин гезит жаңы уюшулуп жаткандыктан, эмгек жамаатын райондук комитеттин макулдугу менен биз өзүбүз түптөгөнбүз. Бирок басмакананын иши мен үчүн кийин ошол кездегидей оор болгон жок, Чаткалдын суугунда тамга тере турган машиналары тоңуп калат, бузулуп калат, свет өчүп калат, айтор карала-торала май болуп эле басмаканадан чыкпай калдык.
  1. Журналист болуп жумушка орношуунун ошол учурдагы талаптары кандай эле?
  • Жетекчилик кызматка орношуу үчүн жогорку билим, партиянын мүчөсү болуу, мурдагы ишиңден жакшы деген мүнөздөмө жана коомдогу жүрүм-турумуң боюнча кадыр-барктуу адамдардан пикир (отзыв) керек эле. Менде ошонун бардыгы тең бар болуучу, бирок алгач райком партиянын биринчи катчысынан аңгемелешүүдөн өтүп, ал бюрого сунуш кылып, бюро мүчөлөрү колдосо, (бул эми шарттуу түрдө, анткени биринчи катчынын сунушун бюро мүчөлөрү четке каккан учур ал кезде биздин өлкөдө дээрлик болгон эмес) дайындала бересиң. Ошол дайындаларың менен өзүң иштеген тармак боюнча обкомдун жетекчилер боюнча кадрлар резервине, эгер маанилүү кызматка дайындалсаң, республикадагы ошондой резервге дароо катталасың, ал тизме андан аркы кызматтык жогорулоолоруң учурунда эске алынат, кокус кызматыңдан төмөндөп кетсең, резервден да чыгарып салышат. Айтор өткөөл замандагыга окшоп, ар ким өзүнүн жакын көргөн адамын дайындай берген баш аламандык болгон эмес.
  1. Сиздин алгачкы журналисттик эмгегиңиз кайсы? (Качан, кайсы басылмада чыккан?)
  • Ошол Таласка келгенимде бир да макалам жок экенин эстеп, Чаткалга кайтканча бир топ материал даярдап, Талас областтык “Ленин туусу” гезитине чыгаргам, аларга аралаш эле “Мугалимдер газетасына” билим берүү тармагы боюнча макалаларды жарыяладым, ошолор алгачкылары.
  1. Ошол учурдагы журналисттин негизги милдеттери кандай эле?
  • Бул суроону ар ким ар башка түшүнсө керек, мен үчүн негизги милдет чынчылдык болчу. Ар кимди мактап эле беш өрдөктү учура бергенди жактырчу эмесмин, реалдуу турмушта болгон, бар нерсени гана жазууга умтулуп келдим. Журналисттин эң чоң кылмышы – кишинин көңүлүн оорута турган, беделин кемсинте турган, ардеме деп ат койгон, атайылап жалган жазган, дагы башка ушул сыяктуу иштер болорун кийин түшүндүм. Ошондуктан мен канчалык сын айтпайын адам деген улуу атка шек келтирбеймин.
  1. Журналистке кайсы бир темаларды жазууга тыюу салынчу беле?
  • Сен баланчаны жазба деп ачык айтылган учур болгон эмес, бирок мамлекеттик сыр боюнча (Жугуштуу оорулар, кымбат баалуу кен чыккан жерлер, алардын запасы, аскерлер, алардын саны, куралы сыяктуу ж. б.) эч кандай кеп болушу мүмкүн эмес, андайларды текшерип туруу үчүн атайын кызмат бар болуучу. Мен райондук гезитте орун басар болгондуктан эң негизги милдетим партиялык турмушту чагылдыруу болуучу. Мына ушул жерде кишини жалганчы дагы, кошоматчы дагы, күн карама дагы кыла турган балээнин баары катылган, анткени ал кезде компартия кандай иш кылбасын макташың гана керек эле, узак жана тажатма, бирин-бири кайталаган чогулуштарды, пленумдарды, отчёттук-шайлоо жыйындарын баарын эле “жогорку уюшкандыкта” өттү деп, эч ким сүйлөгүсү келбей, катчы кайра-кайра сурап, айрымдарды өзү чакырып сүйлөткөн жыйындар жөнүндө коммунисттер “аябай кызыгуу менен” талкуулашты деп жазчубуз, “коммунисттер жыйында уйкусурап олтурушту, талкууга адамдарды катчы зорго чыгарды” деп жаза албайсың, жазсаң деле андай макала чыкпайт.
  1. Редактор берген тапшырмадан журналист баш тарта алчу беле?
  • Бул эми редактор менен журналисттин деңгээлине жараша чечиле турган эле иш, редактордун тапшырмасынан баш тартмак тургай, аны сүйлөтпөй коё турган деле журналисттер бар болуучу, бирок ал кезде жетекчи айткан нерсе аткарылууга тийиш болуучу.
  1. Дегеле журналистке сөз эркиндиги бар беле?
  • Сөз эркиндиги деген абдан эле абстрактуу түшүнүк, абсолюттук эркиндик деген жок, болбойт дагы, журналисттер капа болушпасын, бирок биз ар кимибиз өзүбүз жашаган коом, өзүбүз иштеген басылманын жетекчилиги бизге ыйгарган эркиндиктин чегинде гана “сайрай алабыз”, мисалы, “Америка Иракка кол салып, ядролук курал тургай таш балакет тапкан жок, элди бөөдө кырып, ачарчылыкка кептеди” ,- деп “Азаттык” эч убакта айта албайт. Анткени анын жута турган “абасы” кожоюндун колунда. Ушунун эле өзүн ар бир басылмага, радио, телеге колдонсо болот. Ал эми совет заманында тыюу кандай күчтүү болгонун аны көрбөгөн адамдар түшүнө алышпайт, “чогулушка коммунисттер кайдыгер мамиле кылышты” деп айта албагандан кийин каяктагы эркиндик? Биз партия мойнубузга байлап койгон кыл аркандын узундугунча  гана эркиндикке ээ элек.
  1. Совет заманында бийлик башындагыларга сын макалалар жазылчу беле?
  • Эгер БКнын биринчи секретары кайсы бир министрди катуу сынга алган болсо, ощондон кийин аны ой-даа сындашчу да. Ага чейин тымтырс. Менин эсимде бар, ал кезде Москвадан чыккан “Правда”, “Искра” деген сыяктуу “киттер” он беш республиканын жетекчилерин (Бирок Биринчи катчыны, Москвага кадыры бар башка бирди-жарым жетекчилерди эмес), республиканын басылмалары областын жетекчилерин (дагы эле биринчи катчыны эмес), областтыкы райондун жетекчилерин, бизге окшогон “чабактар” колхоз-совхоздордун жетекчилерин сындай алышчу. Мындай сын чыгары менен дароо макала боюнча талкууга алынып, айтылган кемчиликтер оңдолчу, куру дегенде оңдоп жатабыз деген жооп алынчу.
  1. Журналисттин маалымат алуу мүмкүнчүлүгү кандай болгон?
  • Чектелүү. Ал эми мен мындай маалымат алууга укуктуумун, мага ошол маалыматты бербей жатышат деп арызданган калемдештеримди мен эстей албайт экенмин. Кыязы, сен мага тийбе, мен сага тийбейин деген принцип баарыбызда болсо керек. Маалыматты болсо ачык эле бербей коюшчу, же тигил жак, бул жакка чурката беришчү.
  1. Совет журналисттерине жаза турган маалыматтарды багыттары коммунистик партия тарабынан аныкталган деп айтылат, ушул чынбы?
  • Ар бир журналистке, эмне жазышты аныктап турган десек, аша чапкандык болот, бирок жалпы багыт сөзсүз сакталчу жана ал турмуштун бүт тарабына таркалган болуучу. Мисалы, партиянын борбордук комитети чыгарган буйрук, берген көрсөтмө, токтом, чечим жүз пайыз туура, Советтик армия дүйнөдөгү эң күчтүү аскерлер, биздин врачтар дүйнөдөгү эң алдыңкы жетишкендиктердин ээси, биз илимдеги эң жаңы ачылыштардын ээсибиз, дүйнөдөгү эң демократиялуу өлкө – СССР, СССРдин эли толук эркиндикте жана башка, жана башка… Журналист жазган макалалары аркылуу мына ушуга окшогон “көрөгөч багыттарды” даңазалашы керек. “Биздин заводдор чыгарган күрөктөр иштете электе эле мойнунан сынып калып жатат”, “Чолпон” (Ошондой бут кийим фабрикасы бар болчу, аны төкмөлөр “Чолпон” тиккен өтүктөн, чокой жакшы эмеспи” деп ырга кошкон) тиккен өтүктү эч ким кийбей жатат”.- деп жазсаң, макалаңдын бир жеринде: “Бул биздин өлкөнүн ичиндеги бир гана көрүнүш, ошону баарылап жөнгө салышыбыз керек” деп коюшуң шарт, антпесең СССРдин ишканаларын сынга алганың жана бир ишканадагы кемчиликти жалпы СССРде ушундай болуп жатат деп көрсөткөнүң үчүн өзүң бир балээге калышың мүмкүн. Ал эми чындыгында мындай көрүнүштөр жалпы СССР боюнча эле болуп жаткан.

Азыркы журналисттер “шаблон” деген нерсени билбей калышты, айталы, бир дыйкан мол түшүм алды деп жазыш керек болсо, “КПСС Борбордук комитетинин ХХV съездинде белгиленген милдеттерди турмушка толугу менен ашыруу максатында кабыл алынган Кыргызстан КП БКнын 1984-жыл (июнь) Пленумунун чечимдерин турмушка кынтыксыз ашыруу үчүн, Чаткал районундагы “Ак-Таш” совхозунун жумушчулары партиянын чакырыктарына терең шыктануу менен жооп кайтарып, кылкандуу дан эгиндеринен мол түшүм алуунун өздөрүнө бийик максат кылып коюшкан”. Мына ушуга окшогон дагы бирдемелерди толук тантырап бүтүп, анан баягы мол түшүм алган дыйканга келесиң. Гезиттеги ар бир “официалдуу” макала сөзсүз ушинтип башталышы керек жана кудум ошого окшош аяктоолору болот, ошону “шаблон” дечүбүз. Мунун келжиреген келесоолук экенин жазып жаткан ар бир киши эле билет, карапайым окурман болсо “официалдуу” макалаңды карап да койбойт, бирок ошентип жазыш керек, антпесең “эмгекчилерибиздин саясий кыраакылыгы мокойт”, “журналисттердин турмушту, партиянын көрсөткөн багыттарын аңдай билип, калктын калың катмарына жеткире билүү милдети” аткарылбай калат.

  1. Журналисттин укуктары сакталчу беле? Саясий кысымга туш болуп куугунтукталган учурлар болгонбу?
  • Укук журналистте эле эмес, элдин баарында эле жок болуучу, жазган макаласынан айып табылып, куугунтукка алынгандардан, азыр көздөрү өтүп кеткен Көчкөн Сактанов менен Орозбек Айтымбетов эсимде, булар экөө тең жазуучулар, бирок жазган макаласы үчүн кысымга кабыл болушкан.
  1. Сиздин жарыяланган макала боюнча чаралар көрүлгөнбү? Жыйынтыктар чыгарылганбы?
  • Мен жаш коммунист, райком комсомолдун бюро мүчөсү, райондук гезиттин редактору катары партиянын катарынын тазалыгы, анын берген тапшырмаларын, алдыга койгон милдеттерин кынтыксыз аткаруу үчүн бүткүл жан дилим менен берилип иштеген элем да. Ошондой учурлардын биринде совхоздун партиялык ячейкасынын секретары (бул коомдук милдети, негизги иши талаа бригадири)  чогулушта бир жыл мурда берген отчётун кайра окуп жатканын байкап калдым, ошол жерден эле: “Секретарь отчёттук жыйынга даярдыксыз келген, былтыркы докладын кайра окуп жатат, чогулушту кийин, толук даярдык менен өтөсүңөр”,- деп, дароо чогулушту токтотуп, чыгып кеттим. Буга менин укугум бар, анткени мен райкомдун өкүлүмүн. Кийин ушул боюнча макала жазылды, биринчи катчыга өзүм кирип, болгон ишти айттым, маселе райкомдун кеңири бюросунда абдан катуу талкууланып, ак эмгеги үчүн “Ардак белгиси” орденине, дагы бир топ сыйлыктарга татыктуу болгон бригадирди партиянын катарынан чыгарып салышты. Бул ошол кездеги эң оор жаза, анткени партиянын катарына өтпөгөн адамдын кызматтык карьерасы чектелүү болгон, ал эми партиянын катарынан чыгарылган адамга болсо экинчи сорттогудай мамиле жасалчу. Мен ушул кылган ишиме эмгиче өкүнөм, жок, партия ансыз деле жок болуп кетти деп эмес, бүткүл СССР боюнча партиянын чогулуштары так ушундай жасалма, эптеп эле өттү деп коюш үчүн болуп жатканын, анын ишине аралашып жүрүп толук аңдай албаганыма өкүнөм. Мына ушулардын баары кошул ташыл болуп олтуруп, менин партиядан көңүлүм биротоло калып, 1990-жылдын август айында, ГКЧП жеңилгендин эртеси күнү партбилетимди өз каалоом менен тапшырып салып, ошондон кийин эч бир партияга мүчө болгонум жок.
  1. Совет заманында журналисттерди чакырып чай берип, акча сунуштоо болгонбу?
  • Анча-мынча болгон. Бирок азыркыдай массалык мүнөзгө ээ болгон эмес, районго республикадан барган журналисттерге жергиликтүү бир адисти кошуп берип, тамак-аш, жатакана менен толук камсыздап турушкан, кетеринде сумкасына бөтөлкө салып, банкалап, чакалап бал, май берип, айрымдарына үйүңө ала кет деп кой союп, бензин куйдуруп берген учурларды мен көп эле көрдүм. Ал эми акча сунуш кылган учурларды көргөн эмесмин.
  1. Совет заманында улуттук баалуулуктарга байланышкан темаларды жазууга чек коюлган деп айтылат, ушул чындыкка жакынбы? Болсо кененирээк токтолуп берсеңиз…
  • Эми ал заманды билбеген адамдар сурай беришет экен да… Биздин эң негизги багытыбыз – коммунизм болчу. Ага жеткенде улуттар жоюлуп, бир гана эл, бир гана тил калыш керек, элдин аң-сезими ушунчалык өсүп, ар ким өз керектөөсүнө жараша гана нерсени ортолуктан алып, ашыкча алгандан уялышы керек деп үйрөтүшчү. Анан каяктагы улуттук баалуулук? Даңкы таш жарган, КПСС БКнын Генералдык секретары менен тең ата сүйлөшө алган Ч. Айтматов өзү киришип жатып борборубузга бир да кыргыз мектеп ачтыра албай койгон. “Мекен” деген сөздү таштап “Родина” деп жазгыла деп жатса, аны журналисттер ураалап колдоп жатышса, каяктагы улуттук тил? Бизди кудай колдоп эле, орустан кутулуп, өз алдыбызча мамлекет болуп кеттик. Бизге Жолчубек Бешимов деген мыкты педагог дарс окуган, “Пилди Индияда жыйырма жыл чынжырлап коюшуптур, жыйырма жылдан соң бош коё беришкен экен, пил дагы жыйырма жыл ордунан жылбай тура берген имиш”. Ошонун сыңары жетимиш жыл орустун чынжырында тургандар, Орусияга кошулуп кетсекпи деп келжирешип жатпайбы, биз эгемендик үчүн, улуттук баалуулук үчүн, кимдин гана болбосун жакасына жармашып, этегине эрмешип, күрөшкө чыгышыбыз керек. Плутархтын жазганы бар: “Бир аялга уулуң шаарды коргоп жаткан согушта өлдү деп кабар айтышса, анын өлүгүн четке тарта тургула, ордуна иниси барат”,- деген экен, биз да улутубуз үчүн, так ошондой патриот болушубуз керек.

 

  1. Совет заманында аял, эркек журналист деген ажырым бар беле? Аларга бирдей талап коюлчу беле же айырмачылыгы болгонбу?
  • Андай ажырымды байкай алганым жок, бирок аял журналисттер аз болчу, бул, кыязы, командировканын көптүгүнөн, талаа-түздө көп жүрүүгө туура келгендиктен, менчик автоунаанын жоктугунан болсо керек. Талап бирдей эле болчу, аялдар биз менен бирге эле кезметте туруп таң атырышчу.
  1. Журналисттин маянасы (калем акысы) өзүнүн керектөөсүн жаба алчу беле?
  • Ал кезде деле журналистке маянасы, калем акысы биригип деле жетчү эмес, бирок азыркы айлыктарга караганда кыйла берекелүү болгону сезилет. Мени бир эстүү, тажрыйбалуу редактор агабыз: “Редакторлукка кызыкпа, редактордун бир жакшы костюму, анан эки аялы болот”,- деп тамашалаган эле. Мен дээрлик жыйырма жыл редактор болдум, кийим-кечем ошол эстүү редактор айткандай эле, аялым гана жалгыз…
  1. Совет журналисттерине кандай социалдык камсыздоолор, колдоолор болгон? Болсо кандай формада? (Эс алып келүү, путёвка ж.б.)
  • Журналисттерге кандайдыр бир колдоолор бар экенин борборго келгенден кийин билдим. Путёвка менен эс алууга жиберишчү, кезеги жетип үй алгандар болгон, акчалай сыйлыктар берилчү.
  1. Сизге жубайыңыз кандай караган? Журналист болуп калышыңызга?
  • Мен жубайым менен үй-бүлөдөгү бардык ички маселелерди кеңешишим мүмкүн, бирок кайсы кызматка барам, каякта иштейм деген маселени эч убакта талкуулаган эмес экенбиз. Бишкектен Чаткалга кетип, мектепте директор болуп жүрсөм, областтык гезиттин редакторлугуна чакырып калышты, айылга көнө түшкөн жаным кыйылып жатып зорго көндүм, бирок аялыма эч нерсе айткан эмесмин, Жалал-Абадга аттанып жатып эрте менен жолго чыгарда гана: “Байбиче, мен ушул кетиште губернатордун аңгемелешүүсүнө бара жатам, өтсөм облустук гезитке редактор болом”,- деп коюп жолго түшкөм. Ал унчуккан эмес, көрсө, менин айтканыма ишенбептир. Мен ар балээни оюмдан чыгарып, азил-чынды аралаштырып тамашалай берем да, кийин иштеп калганымды угуп, телефон чалып, “Эмне, дагы көчөбүзбү?”,- деп сурап жатпайбы… Көчө берсең, үй-бүлөнүн да ошентип жүрөгү чайылып калат экен.
  1. Журналисттик ишмердүүлүгүңүздөгү кандайдыр бир кызыктуу окуяларды айтып берсеңиз?
  • Чаткалдан Фрунзеге келип, жаңы ачылган “Бишкек шамы” гезитине корректорлукка араң илештим, үч күн иштегенден кийин, редактор чакырат, келсем, “Сен басмаканынын ишин жакшы билет экенсиң, мындан ары гезит чыгаруучу (выпускающий) бол”,- дейт. Ошентип Чаткалдын басмаканасында карала-торала май болуп иштеген тажрыйбам жардам берип, ал кызматта алты айга жакын иштедим. Правда-Кулатов көчөсүндөгү он алты кабат имаратта иштейбиз, гезит чыгаруучунун негизги милдети эрте менен аябай эрте келип, корректорлор келгенче, алар окуй турган гранкаларды ар бир бетке бөлүп, ырастап туруш керек. Андан кийин жалаң темаларды калыпка куйдурасың. Ошентип бир күнү алактаган бойдон аябай эле эрте келип алыптырмын, кышкысын түн узун да, башкы эшик али ачылбаптыр, айрым гана адамдарга жүрүүгө уруксат берилген дагы бир жолу бар эле, ошондон кирип тепкич менен көтөрүлүп бара жаткам. Капкараңгы, жарыкты өчүрүп коюшуптур, бир маалда эле жогору жагымдан тык-тык деп туфлинин үнү чыгат. Карасам, көзүң жамандыкты көрбөсүн, аппак кийинген эле бирөө бутун тыкылдатып түшүп келе жатат. Аны караган бойдон турган жеримде катып калыптырмын, бир маалда ал мага жакын келип капыстан көрө калып эле, аюудай чыңырса, чочуп кетип мен да кыйкырып жибериптирмин. Ызы-чуу болуп эле жатып калдык, Чаткалдын зоолорунда эркин кыйкырып жүрүп калыптанган үн да меники, кыйла жерге жетсе керек. Ким бирөөлөр жарыкты күйгүзүп жиберишти, карасам, төртүнчү кабатта ашканада иштеген кыз, ак халат кийип алыптыр да, мен болсо имараттын “ээсиби” деп абдырап калгам. Кийин жакшы тааныш болуп кеттик, ашканада түзүк тамак жасалса эле мага чалып: “Байке, бүгүн мындай тамак…”,- деп чакырып калчу.
  1. Советтик журналистика менен азыркы журналистиканын негизги айырмачылыгы эмнеде деп ойлойсуз?
  • Азыр журналисттер үчүн мүмкүнчүлүк кеңири, каалаган темада, каалагандай маселе көтөрө алышат. Бирок азыркылардын көпчүлүгү адамдын жүрөгүн оорутуп, ички дүйнөсүн жабырлантып коюудан коркушпайт. Канчалык орой, оор, ачуу сөз айтса, ошончолук өзүн кыйын сезген катмар пайда болду. Журналисттик ички кармануу азайып бара жатат. Адамгерчиликтен кетип, акчасын берсе, кылмышкерди деле, бандитти деле, паракорду деле колдой бере тургандар жазмакерлер бар. Журналист болобу, жазуучу, акын болобу, эң ириде адамга жол көрсөтүү, адамды тарбиялоо милдетин аткарат. Журналисттин эмгегин адамдар көрүшөт, адамдар окушат, адамдар талдашат, койлор менен уйларга ал эмгектин кереги жок, андыктан ар бир журналисттин дилинде Адамга деген чоң сүйүү, чоң урмат, чоң сый болуш керек, ошондо гана өзүң да сый көрүп, чыныгы ызаат-урматка ээ болосуң.