Домой Без рубрики Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн көзү менен

Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн көзү менен

32




Жакында Бишкектеги улуттук китепканада ушундай аталыштагы китептин бет ачары өткөрүлдү. Ага кыргыздын аттуу баштуу журналисттери менен катар эле президенттик аппараттын, Жогорку кеңештин жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү да катышты. Бул китепте советтик заманда жашаган, журналисттик кесиптин түйшүгүн тартып, ал тармакта көп жылдар эмгектенген 40тан ашык калемдештерибиздин ою, сөзү, көз карашы, өзү күбө болгон доорду билимине, тарбиясына жараша кабыл алганы, көргөнү, талдоосу, баасы боюнча советтик кыргыз журналистикасынын тарыхы жазылган.
-Жыйнакка кирген оозеки тарыхый булактардын башкы айырмачылыгы: маалыматтын индивидуалдуулугу жана субъективдүүлүгү. Совет доорунун бир өңүрү болгон улуттук журналистиканын тарыхый, саясий-идеологиялык, моралдык-этикалык өзгөчөлүгү, коомдук жоопкерчиликтин деңгээли жөнүндө ар кандай көз караштан кенен кеп болот,- дейт китептин автору Бакыт Орунбеков. — Басылма кыргыз журналистикасынын тарыхын окуп жаткан студенттер үчүн кошумча окуу куралы, совет тарыхын изилдеген тарыхчылар үчүн баалуу маалымат булагы болот.
«Манас» университетинин журналистика факультетинин окутуучусу, саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбеков өзүнүн студенттери менен бирге даярдап чыгарган бул китеби советтик кыргыз журналистикасынын тарыхын окутууда баалуу эмгек болуп калды. Баса, бул китепке «Баян кж» сайтынын башкы редактору белгилүү акын жана журналист Самидин Стамбековдун дагы интервьюсу киргизилген