Домой Жай турмуш Сузакта жылкылар менен бодо мал эмделди

Сузакта жылкылар менен бодо мал эмделди

12

Сузак районунда элдин колундагы жылкы, бодо мал жана кой-эчки, тоок жана иттер жаз алды менен чыга калуучу жугуштуу ооруларга каршы эмделди. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан алынган кабарларга караганда 24-мартка чейин 364 баш жылкы, 1352 баш кара мал, 3865 баш кой-эчки күйдүргү илдетине каршы алдын ала эмдөө алып бүттү.

Андан тышкары 1243 кара малга шарп оорусуна каршы вакцина берилген. 245 баш жылкы сап оорусун алдын-алуу үчүн эмделген. 369 баш кара мал,476 баш тоок аллергиялык изилдөө жолу менен туберкулезго каршы текшерилген. 146 итке кутурмага каршы дары сайылган. 352 баш итке эхинококкоз оорусуна чалдыкпоосу үчүн азинокс таблеткасы берилди.
Сузак райондук ветеринардык башкармасынын маалыматы боюнча жыл башына чейин райондо кулгунага (сибирь жарасы) каршы 61465 дозадагы вакцина, койлордун кыргын оорусунун вакцинасынын 72400 дозасы калган. Март айында күйдүргү оорусун эмдөөгө 76000 доза келген. 12400 доза кутурманын вакцинасы, 700 доза туберкулин, шарп илдетине каршы 87200 доза вакцина келип түшкөн. Алар райондогу 13 айыл аймак менен Көк-Жаңгак шаарына берилди.
Өткөн айда райондогу 3951 баш кара мал менен 345 баш жылкыдан, 31 баш койдон жана 37 баш иттен текшерүүгө кан алынды. 1146 баш жылкы 12281 баш кара мал, 33659 баш кой эчки жугуштуу болгон күйдүргү илдетине, шарп оорусуна каршы эмделди, ал эми койлордун кыргын оорусуна каршы 34847 баш кой эмделген. Маалымат Сузак райондук ветеринардык башкармалыгынан алынды.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ.