Домой Жай турмуш Түндүк-түштүк альтернативалык жолу качан бүтөт?

Түндүк-түштүк альтернативалык жолу качан бүтөт?

7

Жолдун курулушу үч фазага бөлүнүп, ар бири өзүнчө долбоор болуп каралган. Жол 2024-жылы аяктайт.
Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун курулушу кайсы этапта экендигин Азия өнүктүү банкынын (АӨБ) долбоорун ишке ашыруучу топтун жолчу-инженери Куштарбек Аманов Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Инженердин айтымына караганда, курулуш үч фазага бөлүнгөн. Анын биринчи фазасы эки тилкеден турат. «Биринчи деп эсептелген Кызыл-Жылдыз – Арал тилкеси аяктап, 2018-жылы пайдаланууга берилген, эл каттап жатат. Экинчиси, Казарман – Жалал-Абаддын негизги жол компоненттери боюнча иштер дээрлик аяктап, тоннелди куруп бүтүү калды. Азыр анын өтмөгүнүн пландалган 3 890 метрдин ичинен 3 283,5 метрди түздү. Эми 606,5 метри калды. Быйылкыга 500 метрин бүтүү пландалган, мунун ичинен жарымы даяр. Казарман – Жалал-Абад тилкесин куруп бүтүү 2023-жылдын ноябрына пландалган»,- деди Аманов.
Ал Арал – Казарман жолунун экинчи фазасы 2021-жылы бүтүп пайдаланууга берилгенин кошумчалады. «Азыр кемчиликтерин оңдоп-түзөп жатабыз. Бул иштерди аяктоо мөөнөтүн быйылкы ноябрь айы деп белгилегенбиз. Мындан сырткары, майда иштер калды. Таш кулоодон коргой турган система да иштелип жатат»,- деди инженер.
Үчүнчү фазанын ишке кандай ашып жатканы туурасында Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча министрликтин алдында түзүлгөн топтун мониторинг жана коомчулук менен байланыш түзүү боюнча адиси Тагай Алимбаев айтып берди. Анын билдиргенине караганда, үчүнчү фаза да шарттуу түрдө үч долбоорго бөлүнгөн: экөөнү Азия банкы, ал эми бирөөнү Ислам өнүктүрүү банкы каржылайт.
«Долбоорлордун бири – Балыкчы – Кочкор – Эпкин жолу, аны АӨБ каржылайт. 2020-жылы башталган курулуш иштерин 2023-жылы аяктоо пландалууда. Төшөлгөн асфальттын жалпы узундугу – 35 чакырым, келерки жылдын соңуна чейин дагы 70 чакырымы асфальтталат»,- деп түшүндүрдү ал.
Т. Алимбаев учурда иштер Эпкин – Баш-Кууганды тилкесинде жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. «Ал үчүн жаңы тилке тандалып алынган. 2021-жылдын аягынан тарта жабдууларды пайдалануу, ал эми июнда асфальт төшөө башталган. Быйыл дагы 20 чакырымды бүтүрүү пландалып жатат»,- деди адис.
Ал Ислам өнүктүрүү банкы каржылап жаткан Баш-Кууганды – Кызыл-Жылдыздын 12 чакырымы асфальтталганын айтты. Негизги курулуш иштерин быйыл бүтүрүү пландалганын кошумчалады.
Жолду куруу иштериндеги акыркы долбоор 2024-жылы аяктайт. Т. Алимбаевдин билдиргенине караганда, эң кыйын иштер долбоордун алгачкы эки фазасына туура келет. Андыктан тоннель бүтөрү менен жолдон каттай баштоого болот. Ал эми калган тилкелери реконструкцияланат.