Дыйкан жана ишкерлер үчүн мезгилдин ар бир мүнөтү кымбат, анткени жаздын азыркыдай ыңгайлуу учурунда бак тигип, эгин эгип, андан жылга жеткидей азык-түлүк камдап алган адамдын төрт тарабы төп болот. Анын сыңарындай Сузак районунун дыйкандары быйылкы жылы да айыл чарба өсүмдүктөрүнөн арбын түшүм жана киреше өндүрүү үчүн иш-аракеттерин улантууда. Алар жазгы талаа жумуштарына жакшы камылгалар менен киришкендигин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Алишер Мамытов тастыктоодо.
Күйүүчү май жана үрөн таркатылды
Алишер Мамытовдун билдиргенине караганда, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомуна байланыштуу бүгүнкү күнгө 11548,5 гектар мамлекеттик фондундагы жердин 4262 гектарын, же 36,9% айыл чарба жерлерин айыл чарба министрлигинин көзөмөлүнө өткөрүп алдык. Айыл чарба министрлигинин №329 НИ буйругунун негизинде «Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фонду жерлеринин 2022-жылда район боюнча бошогон 549 гектар сугат айдоо жана 1014 гектар кайракы жерлерди үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү жумушу аткарылды. Бирок Сузак айыл өкмөтүндөгү 115 гектар кайракы айдоо жер, Кыз-Көл айыл өкмөтү боюнча 106 гектар шарттуу сугат айдоо жерлери так эмес болууда. Аларды ведомстволор аралык комиссия түзүп, жеринде тактоо керек.
Район боюнча 735 чакырымдык ички чарбалык каналдардын 436 чакырымы, же 57 пайызы тазаланды. Анын 317 километри трактор жана 108 чакырымы кол менен чабылды.
Жазгы талаа жумуштары үчүн 54900 литр күйүүчү май алынды. Күйүүчү май дыйкан, фермер жана кооперативдерге талон аркылуу нак акчага 1 литри 65 сомдон сатылууда. 16 –18-мартта Жалал-Абад темир жол станциясына 2142 тонна жер семирткич түшүрүлгөн. Сузак районунун дыйкандарына аммиак селитрасынын килограммы 28 – 30 сомдон, 36 – 38 сомдон карбамид, 56 сомдон аммофос, бардыгы 1495 тонна жер семирткич таркатылды,- деди Сузак райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Алишер Мамытов.
-Районубузга Россиядан келген 1-репродукциядагы 90 тонна арпа, 10 тонна жаздык буудай уруктан 64 тонна үрөнгө өтүнүч берилген. “Айыл Банк”, “РСК Банк” аркылуу үч жылдык мөөнөткө насыяга документтештирүү болуп жатат. Үрөндөр 2023-жылы – 30%, 2024-жылы – 35% жана 2024-жылы 35% менен кайтарылат. Дыйкандарыбыз ошол үрөндөрдү алып, эгип жатышат.
Дан эгиндери себилүүдө
Райондогу айыл өкмөттөрдөн өткөн аптага карата 1817, 9 гектар, же 61, 6 пайызга жаздык буудай, 5206,7 гектарга (64,4 пайызга) арпа себилгени тууралуу кабар алдык. Картошка район боюнча 1313 гектарга өстүрүү жагы белгиленсе, анын 358 гектарына «экинчи нан» эгилди. Жүгөрү жана жашылча эгүү жумушу да кызуу жүргүзүлүүдө.
Ал эми Сузак айыл өкмөтүнө караштуу «Бай Бол Береке» кооперативи – 27 гектарга, Ырыс айыл өкмөтүнүн «Айдын-Шер» кооперативи – 9,8 гектарга пахта эгүүгө камданууда. “Барпы” үрөнчүлүк фонду 8 гектарга буудай, 1 гектарга арпа, 9 гектарга беде, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн «Токо» кооперативи 20 гектарга арпа, Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу «Герки» фермерлери 7 гектарга, Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын «Сарке Баатыр» тобу – 13 гектарга, Курманбек айыл өкмөтүнүн жайыт комитети – 50 гектарга, Багыш айыл өкмөтүнөн «МТС Багыш» кооперативи – 15 гектарга арпа себишти. Ленин айыл өкмөтүнө тиешелүү «Ынтымак-Бол» дыйкан чарбасында да жумуш башталып, 15 гектар аянтка арпа эгүүгө жетишти. Райондогу кооперативге 58 гектар жер берилген. Айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берүү боюнча өтүнмөлөр кабыл алынып, документтери банктарда каралып жатат. Бирок бүгүнкү күндө насыя бериле элек.
Сугат иштерине камылга
2023-жылдын сугат мезгилине даярдык көрүү максатында сугат каналдарын тазалоого, гидротехникалык курулмаларды оңдоого жана насостук станцияларды ремонттоого жана жаңы насостук агрегаттарды сатып алууга 31 547,0 млн сом бюджеттен бекитилген. Азыркы күндө мамлекеттик сатып алуулар порталына керектелүүчү жабдуулар, материалдар жана кызмат көрсөтүүлөр жарыяланып, келишимдер түзүлүүдө. Ушул күндөрдө сел сууларынын кесепеттерин алдын алуу максатында сел түшүүчү аймактагы каналдарда механикалык тазалоо иштери жүрүп жатат. 6-сессия каналында 6,5 км, Ачы-Сай каналында 2,0 км, Благовещенка каналында 2,0 км, КДО каналында 0,1 чакырым механикалык тазалоодон өткөрүлдү. Кара-Үнкүр 1-2, Кашка-Терек, Көк-Арт насостук станцияларында сугат мезгилине даярдыктар көрүлүп, кыймылдаткычтарды жана агрегаттарды кургатып тазалоо иши жүрүп жатат.
“Барпы” насостук станциясын ишке киргизүү үчүн агрегаттар сатып алынган. Бүгүнкү күндө имараттын чатыры капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Суу алуучу каналда жана аванкамерасынын ичиндеги топурактарды механикалык жол менен тазаланууда. Атайын техникаларды капиталдык жана утурумдук оңдоо жумуштары аяктады. Районубуздун бардык аймактарында суу пайдалануучулар бирикмелеринде менен бир жылдык келишимдер түзүлүп жатат. Бул маалыматтар Сузак райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы Алишер Мамытов жиберген кабарларда айтылат.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ.