Бул суроого улуу муундагы акын-жазуучу, журналисттердин бирөө-жарымы эле жооп бере албаса, азыркылар таптакыр билишпейт. Кеп, кадимки Чубак Сатаев обон чыгарып, андан бери отуз жыл убакыт өтсө дагы, күнү бүгүнкүдөй ырдалып келе жаткан “Түштүк кызы, карындашым, садага”,- деген кайрыктын автору тууралуу болуп жатат.
…Ошентип отуз жыл мурда болгон бул ишти кайрадан эске түшүрүп олтурам. Анда Бишкекте “Бишкек шамы” деген гезит чыкчу, ал гезит жаңы эле чыкканына карабай, ошол учурдун эң популярдуу гезиттеринин бири болчу. Редакторубуз – Мелис Айдаркулов. Мен маданият жана адабият бөлүмүнүн башчысы элем, таанышы эмес, танкасы болсо дагы бир дагы халтура чыгарма өткөрбөйм деп өзүмдөн-өзүм көгөрүп алгам. Ошондуктан болсо керек, мыкты адабий чыгармалар да көп келчү. Ошол кезде Эмил Өмүракуновдун “Жыландар ханышасы”, Орозбек Айтымбетовдун “Кара кыргыз”, Көчкөн Сактановдун аңгемелери, Чолпонбек Базарбаев менен маек, Асанкан Жумакматовдун кулакка тартылып кеткен ата-энеси менен бирге Украин жеринен отузунчу жылдардын аягында элин таап келгени, кийин ошол алп талант дагы жалаң музыка үчүн жаралган колуна курал алып согушка катышканы, колунда согуштан алган жараттын тагы бар экени, кыргыздан чыккан алгачкы учкучтардын бири Ысмайыл Таранчиевге “Советтер Союзунун Баатыры” деген наам (Прибалтика жеринде самолёту күйүп баратканда, аны немистердин поезддери жана күйүүчү май сакталган жерге туштап, өзү кошо курман болгон) абдан кеч берилгени, баатыр учкуч тууралуу Арашандагы туулуп-өскөн үйүнө барып даярдалган макала, Р. Абдыкадыров тууралуу сүрөттөмө (Азыр элдин баары эле Ырысбайдын күйөрманы, ал убакта арак тата коймой адаты жана эч кимден тартынбагандыгы үчүн ал басмырланып турган болчу, андыктан дээрлик бир беттик материалыбыз кыскарып, төрттөн бири чыкканына да макул болгонбуз) – айтор ушул сыяктуу огеле көп материалдар биздин бөлүмдөн (Бөлүмдө үчөө элек – мен, Атантай Акбаров, Нурбү Бөдөшова) даярдалып чыгарылган. Мен мунун баарын мактанайын деп эмес, ошол учурдун элесин берейин деген ой менен айтып өттүм.
Анан 1992-жылы Өмүрзак Төлөбеков уюштуруп, мени жандоочу кылып алып, “Ак бата” деген журнал чыгара баштадык, мен “Бишкек Шамынан” бошоп кеттим. Журналдын биринчи саны элге аябай жаккан. (Калгандары деле жакты эле, бирок кийин “Асаба” гезити таамай белгилегендей, атактуу кушчу-саруу чабышында басылмабыз өзү жан таслим болуп кетпедиби). Бирок, бүгүнкү кеп ал жөнүндө эмес, анда ыраматылык Базакенин (Базарбай Буканбеков) көзү бар, ал “Бишкек Шамында жооптуу катчы болуп иштечү. Ошол Базаке бир топ ырларды, коштогон каты, сүрөтү менен берди: “Токтогулдук Алишер Иметкулов деген акын бар, ошонун ырлары, жараса журналыңарга басып бергиле, бизде материал көп, гезитке адабий чыгармаларды көп бербейт да”,- деди. Кыязы, Базарбай авторун деле тааныйт окшойт, анын үстүнө бир райондон болуп жатышпайбы. Мен болсо анын ырларын эле окуп, өзүн көргөн эмесмин. Окусам, каты “Бишкек шамына” багытталыптыр, ырларын деле ошол гезит чыгарат деген ойдо болгон экен, негизгиси, акындык дарамети кыйла мыкты автор экен, ырларын машинкага бастырып, болор-болбос калем тийгизип редакциялап, сүрөтүн кошуп, журналдын кийинки санына басып чыгардык.
Алишер Иметкулов жогорку билим албаптыр, өзү көбүнчө Нарын ГЭСте айдоочу болуп иштептир, Токтогул жана Чүйдүн кайсы бир районунун гезиттерине ырлары басылыптыр. Ыры жакшы болгон соң ошентип ондон ашык ырын чыгарган элек. Чубак Сатаев ошол ырлардын ичинен ушул “Түштүк кызы” деген ырына өлбөс обонун жараткан. Айтайын дегеним ушул, бул ырдын сөзү – акын Алишер ИМЕТКУЛОВДУКУ, обону Чубак САТАЕВДИКИ.
Баса, Алишер агабыз 1952-53-жылдары туулган болушу керек эле, кийин кайтыш болуп кетти деп эшиткем. Күнү кечээ аялы, балдары бар экенин “Фейсбуктан” билдиришти. Балким, макаланы окушса, алар өздөрү да байланышып калышар. Ага чейин “Түштүк кызы” деген керемет ырды дагы бир жолу кайталап окуп, обонун ичтен кайрып туруңуздар:
Түштүк кызы
Сөзү: А.Иметкуловдуку
Обону: Ч.Сатаевдики
«Ака» деген сөзүңдөн айланайын,
Акаң болуш менин да самаганым.
Ушул бойдон түбөлүк калсаң экен,
Урмат-сыйды тартуулап,
Урмат-сыйды тартуулап мага ар дайым.
Кайырма:
Э-э-й, түштүк кызы,
Карындашым садага,
Карындашым садага,
Садагасы…
Канча өзүмдү сабырлуу кармабайын,
Алып эле баратат арбаганың.
Наристем, оо, назыңдан кагылайын,
Наристем, ай, назыңдан ананайын.
Азырынча мен акең болуп койсом,
Анча-мынча бирөөдөн коруп койсом.
Айып этпе карындаш, анан, анан,
“Ака” деген оозуңдан соруп койсом.
Самидин СТАМБЕКОВ,
Жалал-Абад шаары.