Домой Жай турмуш Таберик

Таберик

34




Базар-Коргондун Коткор айылында (Шыдыр айылы да деп коюшат) Асылбек Саматов деген ажайып адам бар. Кесиби – мугалим, мектептин директору болгон, айыл өкмөттө, райондук акимчиликте иштеген, райондук кыргыз тили комиссиясын жетектеген. Азыр ардактуу эс алууда. Бирок бүгүнкү кеп ал тууралуу эмес…
Анын бир ышкысы – таңсык, таберик буюмдарды топтоп музей уюштуруу. Мурдагы Мукай Элебаев атындагы мектепти жетектеп турган кезинде ошол атактуу жазуучубуздун музейин мектепте уюштурган, андай музей Кыргызстандын башка эч жеринде, ал тургай, Бишкекте да жок болчу. Жубайы каза болуп калган соң байбичесинин элесине арнап, бала-чакасы менен биргеликте үй музей уюштурган. Музейди мындай койгондо да, атасы менен апасынын сүрөтүн төрүнө илип коюуга мойну жар бербеген кыргыз арабызда толуп жүрөт, демек, Асылбек акенин бул аракети да биз үчүн жаңылык. Мен ал музейде болуп, кол тамга да калтырып келгенмин. Ошол жерде эски патефон менен бухгалтерлер колдончу чот да турат.
— Булар кайдан?
-Атамдын буюмдары, сактап жүрөм…
Мына сага таберик, өзү жетимиштен ашып калса да, атасынын буюмдарын ошол калыбында сактаган Асылбек акеден ата-энени урматтоо жагынан үлгү алсак, неге болбосун?.. Айтор мен айттым, койдум. Ойлонуп, бүтүм чыгаруу, кийинки муундарга таалим берүү жагын эске алуу – сиздерден.