Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда жайгашкан Добул Шабданов атындагы Ала-Бука райондук балдардын билим берүү борборунда быйылкы «2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын» алкагында бир топ алгылыктуу иштер аткарылууда. Аталган билим берүү борборунда чыгармачыл, таланттуу, билимге, өнөргө өзгөчө кызыгуу менен мамиле кылган окуучулар менен ар тараптуу иштер алып барылат. Борбор өз кесибин сүйгөн, кесипкөй мугалимдер менен камсыздалган.
Жыл ичинде райондо, областта, республикада өткөрүлүп жаткан ар түрдүү маданий иш чараларга эң жогорку деңгээлде катышып, жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуудабыз. Атап айтсам, биздин борбордо «Грация» бий ийримин жетектеп жаткан ийрим жетекчибиз Умида Косимованын окуучулары жыл сайын республикалык деңгээлде өткөрүлүп жаткан кароо-сынактарга катышып алдыңкы орунга ээ болушууда. Быйылкы 2022-2023-окуу жылына карата КРнын Федерациясы тарабынан уюштурулган «Мелодия осени» темасындагы конкурста алардыг аткарган үч бийи 1-орунга ээ болду. Ал эми 2022-жылдын 4-декабрь күнү Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Жылдыздуу асман» эл аралык конкурста Казакстандан келген окуучулар менен таймашып, 1-2-3- орундарга татыктуу болушту.
Ошондой эле республикалык деңгээлде өткөрүлгөн «Өлкөнүн күчү – элимдин ынтымагында» деген темадагы сүрөт конкурсунда биздин окуучуларыбыз областта 1-орунга жетишти. Эгер акыркы эки жылдагы ийгиликтерге кайрыла турган болсок, биздин окуучулар ушул аралыкта жалпысынан 10 кубок, 1-орун үчүн 4 медалга ээ болушуп, 8 жолу 1-даражадагы диплом менен сыйланышты.
Биздин мектептен тышкаркы билим берүү борборубуздун негизги максаты – балдардын бош убактыларын туура пайдалануу, кесипке багыт алуу, билимин өркүндөтүү, талантын эл алдына алып чыгуу, кылмыштуулуктун алдын алуу менен ар тараптуу чыгармачыл инсандардын калыптануусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.
З. САЛИЕВА,
Д. Шабданов атындагы балдардын билим берүү борборунун окуу бөлүмүнүн башчысы, Ала-Бука району.