Домой Агартуу айдыңында Таланып кеткен жайды гүл бакчага айлантып…

Таланып кеткен жайды гүл бакчага айлантып…

169

Гульназ  Чолпонкулова – Таш-Көмүр шаарына караштуу “Теңдик” айылындагы № 9 “Айданек” балдар бакчасынын башчысы. Ал жакында  болгон шайлоодо утуп чыгып, Таш-Көмүр шаардык кеңешине жаңыдан депутаттыкка шайланды.  Г. Чолпонкулова  айылдагы таланып-тонолгон балдар бакчасын жаңыртып иштетип, анда тарбияланган наристелердин санын кырктан бир жүз жыйырмага жеткирди.

1981-жылы 14-сентябрда төрөлгөн Г. Чолпонкулова  Ош шаарынан окуп, жогорку билимдүү педагогдун дипломуна ээ болгон биринчи  эле жылы Шамалдуу-Сай шаарчасындагы №10 орто  мектепке жумушка орношот. Ал жерде балдарга бир жыл билим-тарбия берген соң,  өз айлындагы №9 орто мектепке которулган. 2019-жылдын ноябрь айынан бери Шамалды-Сай шаарчасындагы үйүнөн Теңдик айылындагы өзү башчы болгон №9 “Айданек” балдар бакчасына күн сайын барып-келип иштейт. Кызыгы, бул бакчага наристе кезинде Гульназдын өзү төрт жашынан барып жүргөн.

1984-жылы ишке кирген балдар бакчасында талаадагы дыйкандардын балдарын баккан бир аял иштөөчү. Советтер Союзу урагандан кийин бакча кароосуз калып, балдар бакчасыз жетилген. Акыбалы начар, эшик-терезе, тактай полу да жок, койканага айланып, куру дубалы гана калган эски имаратты кайра оңдоп-иштетүү үчүн Г. Чолпонкулова 2016-жылы 16-ноябрда эсеби 3, 5 млн сомго жеткен түрткү берүүчү  грантка долбоор даярдайт. Ал грантты утуп алып, кийинки жылы капиталдык жактан оңдотот. Каражат  тартыш чакта айыл калкы 500-1000 сомдон топтошуп, курулуш материалдарынан да жардам беришти. Кайрымдуулук “Апаке” борбору менен “Мөл булак” кредиттик союзу андан тышкары үч бөлмөлүү ашкана курууга 198 миң сом, долбоорго кирбей калган даараткана куруу үчүн үч айлык кызын колуна көтөрүп алып, жардам издеп жүргөн Гульназга “Таш-Көмүр жаштар” партиясы Эрк Орозбаев, Сагын Кудайбердиев жана Тимур Убайдуллаев, Эрназар Келсинбеков жетегинде болгон он чакты бала  45 миң сом топтоп беришет.

Ошентип, анын ишкердик жөндөмдүүлүгү менен 2019-жылы кенже жана ортоңку тайпалуу, оңдолгон бакча  кайрадан ишке кирет. Иш жаңы башталганда бул бакчага 40 бала барчу. Бакчага ата-энеси Россияга иштегени кетип, чоң ата-чоң эне, таята-таенелеринин колунда калган жана үйүндө иши жок олтурган адамдардын балдары тартылат. “Айданек” бакчасы азыр 120 орундуу. Анда 22 кызматкер балдарды тарбиялайт.

-Биздин айылда мындан башка бакча жок. Кезекте дагы 30 бала турат. Эл жыш жашайт. Келечекте эки кабаттуу имарат курсак деген оюм бар. Иштеп жаткан бакча типтүү эмес, жыгачтан курулган. Аристонду да өзүм койдурдум. Эми жылуулук түйүндөрүн киргизебиз.

 

Кызматкерлердин сүйүнүчү

 

Апрель айынан тарта айлыктарынын көбөйтүлүшүнө коллективдин кубанычы айтып бүткүс. Баалар улам көтөрүлгөн сайын мурдагы аз өлчөмдөгү эмгек акы муктаждыктарга жетчү эмес. Кызматкерлердин арасында бир айда алган маяналары айлыктан айлыкка жетишпей, карыз болуп, атайын жана жогорку окуу жайларда билим алып жаткан балдар-кыздарынын келишимдик акыларын, банктан алган насыяларын  төлөй албай, кыйналгандар болду.

-Мен буга дейре колума  7500 сом маяна алчумун, эми  14 миң сомдон ашык айлык алат экенмин,- дейт Г.Чолпонкулова, -жыйырма жылдык стажы бар жогорку категориядагы, жогорку билимдүү  тарбиячылар 18 500 сом алышса, мындан ары  алар  27 миң сомго чейин эмгек акы ала турган болушту. Тарбиячылардын айлыгы  80 процентке,  жетекчи менен  техникалык кызматкерлердин маянасы 100 пайызга көбөйтүлүптүр. 7000 сом алчу ашкана кызматкерлери айына 14 миң сомго,  7200 сомдон айлык алган жардамчы тарбиячылар, кенже кызматкерлер эми 14 200 сомго ээ болушту. Аларга мындан тышкары зыяндуулук  үчүн  25 процент кошумча акы кошулат. Алардын иши аябай оор. Жарым ставкада 2800 сом маяна алып, ишке көңүлү келбей, “кетем” деп жүргөн медсестраныкы 100 пайызга көбөйтүлүп, азыр 6000 сомго  жакын болду.  Бакчада улуу тайпа, ортоңку тайпа, кенже -1, кенже -2 группалары бар. Бакчанын өз эсебинен жеткинчектерге көк пияз жана укроп кошулган үч маал тамак-аш менен таалим-тарбия беребиз.

 

Жер иштетип, кошумча пайда тапкандар

 

-Бакчабыздын мектепке чейинки балдар мекемелеринен айырмасы бар. Ал өзгөчөлүк – нанга балдардын ден соолугуна зыяндуу жасалма ачыткы (дрожь) кошпой, камыртуруштан тандыр менен электр мешке нан жаап, бышырып беребиз. Бакчанын дагы бир артыкчылыгы – эки жылдан бери өз демилгебиз менен өзүм баш болуп, кызматкерлерибиз чогуу ижарага жер алабыз. Ал үчүн ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү талаада иштейбиз. Былтыр ижарага тийген 60 сотых жерге жүгөрү өстүргөнбүз. Андан 63 миң сом пайда таптык. Ал каражаттардын сарпталышына мен кийлигишпеймин. Профсоюздук комитет ачык-айкындуулук менен керектүү жумуштарга иштетет. Кызматкерлерибиз кызыгып, былтыркыдан көп жер алалы деп, жакында 1 гектар 60 сотыхка жүгөрү эгип койдук. Балдар түшкүсүн уктаганда өзүм менен кошо кызматкерлер да бош олтурбай, жазгысын жер-жемиштерди эгебиз.

Балдар бакчанын айланасын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү  үчүн кызматкерлер арасында конкурс уюштурдум. Сынактын сыйлыгын өзүм төлөймүн. Конкурска шыктанган кызматкерлерибиз  бири түрдүү гүлдөрдү эксе, дагы бир ашкабак, андан башкасы кулпунай эгип койду. Жылдагыдай эле быйыл да аялдардын Эл аралык майрамы менен Нооруз күнүндө айылыбыздагы  энелерди куттуктап, сыйладык. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үйлөрүнө барып, кайрымдуулук иш-чараларын  да уюштуруп келебиз,- дейт Гульназ Чолпонкулова.

Жогоруда айтылгандай, ал быйыл Таш-Көмүр шаардык кеңешине жаңыдан депутат болуп шайланды. Шайлоодо Гульназ тизмесинде турган “Жаштар саясаты” партиясы 47 процент добуш алды. Натыйжада “Теңдик” айылынан Гульназдын өзү менен Данияр Садиров мандатка ээ болушту.

 

Ырысбай АБДЫРАИМОВ,

журналист .