Жакында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы №10 А. Юсупалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде райондук деңгээлде социалдык педагогдордун семинары болуп өттү. Семинарга РБББнүн адистери, ИДН кызматкелери жана 45 мектептен социалдык педагогдор катышты.
Семинардын темасы: ”Бала тарбиясында мектеп жана ата-эне байланышынын ролу”, “Бала тагдыры кайдыгерликти кечирбейт”
Максаты: Үй-бүлөнүн жана ата-эненин жаш муундун алдындагы негизги милдетин, терең жана ар тараптуу руханий – адеп-ахлактык негиздерин түптөө жана татыктуу мекенчилди тарбиялоо.
Коюлган максаттардын негизинде катышуучулар менен биргеликте семинардын ачылышы болду. Ачылышта РБББнүн башчысынын орун басары Т. Өмүрова сөз алып, семинардын жакшы жактарын, пайдалуулугун, мектептеги соц. педагогдор үчүн аябай чоң мааниге ээ болорун айтып, иш-чаранын темасы, регламенти менен тааныштырды жана төмөнкүлөргө токтолду:
Кыргыздарда мындай макал бар : “Эшигин көрүп, төрүнө өт”. Кире бергенден адамдын көңүлүн көтөргөн нерсе бул – тазалык, мугалимдеринин жылуу мамилеси, бирдей формасы, мамлекттик тилди сыйлап, ушул тилде эркин сүйлөөсү жана коллективдин ынтымактуулугу. Мындан мектепте дайым эле жакшы иштер, жетишкендиктер болору анык. Бүгүнкү семинарды уюштуруудан максатыбыз, учурда барыбызды ойлондуруп, түйшүккө салган маселе, бала тарбиясы, билим алуусу, коомдогу ордун таба алуусу. Биз бул маселеде балдарыбыздын тагдырына кайдыгер карап тура албайбыз. Канткенибизде, бала тарбиясын туура жолго кое алабыз, билим алууга кызыгуусун күчөтө алабыз?- деген суроолорго жооп табуу үчүн ушундай жыйындар уюштурабыз.
Айтылган ой-пикирлерге Райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы өспүрүмдөр инспекциясынын башчысы — милициянын майору Нематуллаева Раъно Журабаевна, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б. Акпаралиев жана бөлүмдүн усулчусу Х. Талипов да кошумча пикирлерин билдиришти. №10 А. Юсупалиев мектебинин социалдык педагогу Нигора Байдадаеванын “Инсандын руханий – адеп-ахлактык өнүүгүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү концепциясын” ишке ашыруунун ар тараптуу өнүккөн, өз элинин руханий – адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын терең сиңирген , эне тилин негизги баалуулук катары сыйлаган, билимдүү, мекенчил инсан катары тарбиялоо максатында концепцияда колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер боюнча тегерек столу болуп өттү.
Анда келген өкүлдөр 4 топтон турган командага бөлүнүп, жарандык бирдейлик, руханий адеп-ахлактык, дүйнөлүк экологиялык маданият, улуттук баалуулуктар, этнос, улуттук бирдейлик жана жалпы адамзаттык баалуулуктар жөнүндө ойлорду талкуулашып, маек курушту. Топтор өздөрүнүн ой-пикирлерин берилген суроолорго жооп катары ватманга жазышып, талкуулап түшүндүрүп беришти.