“Тазалык – ден соолуктун булагы”,- деп ата-бабаларыбыз илгертен эле бекер айтпаган чыгаар. “Таза болсоң, суудай бол – баарын жууп кетирген”,- деген накылдын мааниси канчалык терең жана насыяттуу. Тазалык бар жерде тарбия-таалим, маданият бар. Турмуш чындыгына саресеп салганда, маданияттуулук менен тазалык маселесине да адам жашаган, эс алган, жүргөн бардык жайларда жетишээрлик көңүл бурулбай келе жаткандагы азыр, бешиктеги балага да белгилүү.
Өлкөбүздөгү шаар-райондорубуздун, айыл-кыштактарыбыздын көк-жашыл кооздукка чулганып, жээктеринде жамгырга жуунгандай жашыл, тунук тарткан мырза теректер менен бак-дарактар өсүп турган, жолдорунун тегиз жана акак суудай таза көчөлөрүн, тоо-токойлорун, аска-зоолор менен мөңгүлөрдөн чубуруп, көл-дарыя, көлмө, кокту-колотторго, жайлоолорго агып түшкөн акак таштай мөлтүр кашка сууларын, шаркыратмаларын көрүп, аралап, тоолордогу таза абаны жуткан сайын көңүлүң көтөрүлөт. Шаарлардагы жана айрым бир кыштактардагы “Тазалык” ишканаларынын кызматкерлеринин таң шоокум салгандан баштап, айрыкча борбордук көчөлөрдө керелден-кечке жол тазалап, жолго түшкөн таштандылар менен акыр-чикирлерден арылтып, айлананы тазарткан жумушчуларына ыраазы болосуң. Бирок алар саналуу аз гана жумушчулар. Бүтүндөй шаар-райондорду, айыл-кыштакты, бүткүл өлкөбүздү күнүгө тазалап турууга ал жумушчулардын шаасы да, күчү да жетпейт. А эл деген көп: облуста калктын саны бир миллион үч жүз миңге чамалап калды. Ар бир адам эч бир жайды булгабай, ар бир киши калдыктар менен таштандыларды туш келген жерге таштай бербей, акыр-чикирлерди атайын жайларга жеткирип, же үкөктөргө таштап, балдарга да үйрөтүп, тазалыкты сактаганда гана иреттүүлүк, тазалык болот. Шаар-райондордун борборлорунда “Тазалык” ишканалары болгону менен айыл-кыштактардын айрымдарында андай кызматтар дегеле жок. Тазалыкты сактоо максатында Аксы районунун Сары-Челек коругунда жакшы жөрөлгө бар: коруктун дарбазасын күзөткөн токойчу Сарык-Челек көлү менен коруктун айлана-тегерегинде эс алуучу адамдардын колуна желим баштыктарды, же каптарды карматышат да: ”Акыр-чикир, тамак-аштын калдыктарын ушул капка салып, кайра сыртка ала чыккыла!”,- дешет. Ошол үчүн Сары-Челектин айланасында тазалык бар. Ал эми Ысык-Көлдүн Көк-Жайык аттуу жайлоосу тим эле укмуш таптаза: атайын отургузулгандай тилке-тилкелерде сакчыдай болуп, тик өскөн кооз арчалар менен кайыңдардын арасынын тазалыгынан “көк майса чөптөрдү тебелеп, мертинтип албайын” деп аны аралоодон айбыгасың. Түркүн чөптөрүнүн учунда таңкы шүүдүрүмдүн мөлтүрөгөн тамчылары мына-мына үзүлөйүн дегени көзгө урунат. Токойчу гана эмес, бул жайлоого конгон ар бир киши тазалыкта сактоого, тамак-аштын калдыктары менен арткан-үрткөн бөтөлкөлөрдү же кагаз-кугаз, жылтырак баштыкчаларды өздөрү менен ала кетүүсүн меймандарга эскертип турат. Белгисиз эс алуучулар таштап кеткен акыр-чикирлерди өздөрү терип-жыйнашат. Эмне үчүн башка жайларда мына ушундай сапаттарды көндүрө албайбыз?
Жалал-Абад шаарындагы “Тазалык” жана жашылдандыруу жана көрктөндүрүү мекемесинин жумушчулары биз байкаган бир жумадан бери ушул эле калаадагы Токтогул көчөсүндөгү бак-дарактардын жол жүрүүгө ыңгайсыздык жараткан бутак-шактарын кесип, иретке келтирип жүрдү. “Тазалык” мекемесинин сары-кызгылт күрмө кийген жумушчулары жол четиндеги ыпыр-сыпырды чаң ызгыта шыпырып, арыктар менен көчөлөрдө жаткан таштандыларды терип-жыйнап, таштанды топтоочу темир үкөктөргө топтоп-жыйышып, алар топтолгондо жүк ташуучу автомашиналарына жүктөп, шаар сыртына ташып чыгып жаткандарын Жалал-Абаддын жашоочулары көрүп-билип эле турушту. Бул эки мекеменин жумушчулары жыл сайын күнүгө ушинтип, Жалал-Абад калаасын иретке келтирүү, акыр-чикирлерден арылтуу менен убара. Бир эле Токтогул көчөсү эмес, шаардын калган көчөлөрүн да таштандылардан тазалап, күзгүдөй жаркыратып жүргөнүн байкайбыз. Бирок алар тазалап кеткенден кийин эле ошо көчөлөрдүн баш-этегине көз жүгүртсөң, кайра эле акыр-чикирлер, таштандылар, желим бөтөлкөлөр, кагаз-кугаз, азык-түлүк салынган жылтырак баштыкчалар, коон-дарбыздардын калдыктары, куураган чөп, чаң, балмуздактардын кагаздары жер жайнап жатканын көрөсүң. Бир да жерде “Тазалыкты сактайлы. Бак-даракты коргойлу” деген көрнөктөр илинген эмес, тазалыкты сактоону эскерткен адам да жок. Базарда кулактандырууну жарыялаган радио түйүндөрү кур дегенде тазалыкты сактоо, бак-дарактарды өстүрүү тууралуу бир ооз айтканын уга элекпиз. Таштанды салынуучу үкөктөр да бирин-серин жерге коюлган. Ал да бардык жерде жетиштүү эмес. Шаарларда акыр-чикир үкөктөрү болбогондон кийин айыл-кыштактарда кайдан орнотулсун? Мына көйгөй…
Ошентип, Жалал-Абаддын Токтогул көчөсүндө да өткөн жумада ушундай көрүнүштөр болду: жол жээктеринде баягыдай эле жайнап жаткан таштандылар… Көп кабаттуу үйлөрдүн да айлана-тегерегине, Токтогул багына, Ж. Бакиев, А. Пушкин жана башка көчөлөргө бир көз салып көрүңүзчү? Эмне деген гана акыр-чикирлер толуп жатат. Көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку (экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи) кабатында жашагандар эмнегедир азык-түлүк таштандыларын акыр-чикир топточу жайларга алып баруудан эринишип, жерге, биринчи кабаттагы батирлердин алды-артына ташташат, же эч кимге көрсөтпөй, үйлөрдүн чыга беришине таштап коюшат. Саратанда үп тартса, күн катуу ысып, ага кошумча кайсы гана жол болбосун, поезддердей бири-бирине чиркелишкен автоунаалардан чыккан жагымсыз, уулуу жыттар жана жээктериндеги бак-дарак, көчөттөрү түгөл кыйылып, жайдак калган көчөлөр менен жөө жүрүү мүмкүн эместей. Саратан күчүнө киргенден бери ысуулаган адамдар бала-чакалары, теңтуш-курдаштары жана кыз-жигиттер Бишкек – Ош жолунан бурулганда эле чаңы ызгыган Базар-Коргон суу сактагычына түшүүдө. Жайы тар көлмөнүн жээгинен жадесе олтураарга орун табуу кыйын. Суу жээгинде суу менен пивонун бошогон жылтырак бөтөлкөлөрү, кагаз-кугаз, тамекинин калдыктары, уйдун көңү, коон-дарбыздын кабыктары… жыйнап койгон же тазалаган бир адамды көрбөйсүң. Тосмодон гана бир жигит көлмөгө келген автомашиналардын ээлери менен ысыктан бир аз болсо да салкындоону эңсеген адамдардан кирүү акысын жыйнап жатат. Автоунаа деген да жайнайт. Бак-дарактардын калың көлөкөсүндө суусундук, жеңил тамак саткан аялдар олтурат. Алар деле тазалык менен иши жоктой. Көлмөнүн тазалыгын кимдир-бирөө сактабаган соң, ал жерде бир-эки күн, же бир-эки саат серүүндөп олтурган адамдар акыр-чикирлерин калтырбай, таштанды жыйноочу жерге жеткирсе, же суу сактагычтын иштетилишине жооптуу адамдар эс алуучуларды аралап, “тазалыкты сактагыла!”- деп айтып, көрүнөө жерге жазып-илип койсо, арасы жакын жайларга таштанды жыйноочу үкөктөрдү орнотуп койсо болмок. Бул эми биз байкаган көрүнүштөр, биз көрбөгөн жайлар канча дейсиз? Акыр-чикир, калдыктарды кимдер таштайт, абаны, жерди ким булгайт? Албетте, башка өлкөлөрдөн, бөлөк материктерден келген адамдар, айдоочулар таштабайт. Аны мурункудай эле биз жана биз менен чогуу жашаган кошуна-колоңдор, балдар, айдоочулар, тазалыкты сактоону капарына албаган адамдар, жолоочулар, жүргүнчүлөр таштап, акыр-чикири, автоунаасынан чыккан жагымсыз жыттары менен таза абаны булгап келишүүдө. Эми Жалал-Абадда акыбал ушундай десең, башка шаарлардагы тазалык жагы да деле маңдай жылытпайт. Бишкектен Ошко, Баткенге, Талас, Ысык-Көл, Нарынга бара жаткан жол бойлорун да таштандылар коштоп жүрүп олтурат. Тазалыкты сактоону, маданияттуу жашоону көңүлгө албаганыбыз адамды ойлондурат. Берекелүү жердин ырыскысын арттыруу – өлкөбүздө жашаган ар бирибиздин колубузда. Аны бизге башка бирөөлөр чет жактан келип жасап, сактап, арбытып бербейт.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.