Домой Илим ТАСТОПИЯН ТОПОНИМИНИН ЭТИМОЛОГИЯСЫ

ТАСТОПИЯН ТОПОНИМИНИН ЭТИМОЛОГИЯСЫ

28

Макала Чаткал районундагы “Тастопиян” топонимин этимологиялык талдоого арналган. Илимий адабияттарда топонимдин жаралуу тарыхы боюнча алгылыктуу маалыматты учуратууга мүмкүн эмес, себеби топонимге ушул күнгө чейин анын түпкү мааниси тастыктап, ачып берүү үчүн илимий изилдөө иштери жүргүзүлө элек. Макалада жүргүзүлгѳн этимологиялык талдоонун негизинде “Тастопиян” деген сөз байыркы фарс тилдик катмарга таандык экендиги аныкталды, анткени “тасси” деген бир муундуу уңгу сөз байыркы фарс тилинде “тууроо, окшоштуруу, кимдир бирөөнү тууроо, кимдир бирөөдөн үйрөнүү” маанилерге ээ болсо, экинчи “сахтийан” компоненти байыркы фарс тилинде “кыйынчылык, татаалдык, кыйынчылык менен, кыйынчылык тартуу менен” деген маанилерге ээ. Ушуга байланыштуу байыркы фарс тилинде топонимдин тарыхый-географиялык аталышынын баштапкы турпаты Таасс-Сактийан, Таасси-Сафьян экендиги аныкталды. Демек, Таасси-Сафьян кой, эчкинин боёлгон терисинен тигилген ар кандай буюмдар. Бир мезгилдерде аймакта ат жабдыктарын, жоокерлерге атайын согуш кийимин тигүү үчүн тери иштеткен ишкана болгон. Жыйынтыгында, Таасси-Сафьян деп айтылып жүрүп, кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ыңгайлашып, “Тастопиян” деп аталып калган.
Тастопиян – Чаткал районундагы айылдын аты. Чаткал кырка тоосунун түндүк-чыгыш тарабында орун алган. Бул географиялык аталышы Чаткал районундагы Беш-Арал мамлекеттик коругунун 2002-жылы чыккан картасына “Дастапиан” деп түшүрүлгөн. Деңиз деңгээлинен 1476 метр бийиктикте жайгашкан. Топоним боюнча илимий адабияттардан алгылыктуу маалыматты кездештирүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан топонимдин сырдуу мааниси чечмеленбей ушул күнгө чейин жергиликтүү элге анын тарыхый мааниси табышмак бойдон калууда. Ошого байланыштуу жердин географиялык аталышы эл арасында оозеки тарыхта жашайт: биринчиси, таспопиян деген сөз кыргыз тилинде «кыргын талаа» деген мааниде десе, экинчиси, Тастопиян пайгамбар болгон дейт, үчүнчүсү, Тастопиян Ыдырыстын азанчысы же жансакчысы болгон деп божомолдошот. Ошол себептен, биз топонимге тарыхый-лингвистикалык анализ жүргүзүп, анын баштапкы турпатын чечмелөөгө бел байладык. Топоним боюнча А. Т. Сулайманова 2002-2003 ж. ж. илимий-иликтөө иштерин жүргүзүп, «К западу от с. Курулуш, в местности Тастопиян-Ата (территория сельской управы Курулуш), вдоль р. Чаткал на протяжении 0,5 км тянется небольшая группа курганов. Курганы с каменными насыпями имеют крепиду из более крупных речных валунов. Диаметр насыпи – 7–11 м, высота – около 0,4 м. Вероятно, эта группа курганов была отмечена И. К. Кожомбердиевым [Кожомбердиев 1981: 500]. К северу от автодороги Ала-Бука – Каныш-Кыя, расположен мазар Тастопиян-ата – место паломничества местных жителей и приезжих из соседних районов и Узбекистана. Мазар представляет собой своеобразное наземное сооружение. Внешне это не большой земляной холм, имеющий узкий под прямоугольный вход с западной стороны. Дверь сделана из деревянных досок. Внутреннее пространство – под квадратная камера размерами около 2,5 х 2,6 м и высотой около 2 м. Стены сооружены из речного камня и земли. Плоское перекрытие с некоторым скатом к задней восточной стенке выполнено из бревен и веток. Пол земляной, заглублен на 0,15-0,17 м ниже порога. В центральной части помещения расположена невысокая сагана, замурованная глиняным раствором. По форме она напоминает детскую колыбель. За мазаром Тастопиян-ата следит местный кожа, живущий в доме, расположенном напротив него через дорогу. Он же принимает и посетителей-зыяратцев (почитателей). Внятной информации о мазаре, времени сооружения и его авторе собрать не удалось. Но среди жителей районов Чаткала и Ала-Бука распространена легенда о Тастопиян-ата”,- деген пикирде болгон[4. 40]. Демек, автор Тастопиян-Ата мазары жөнүндө так, даана маалыматты чогулта албаганын белгилеген, анткени топонимдин жаралуу тарыхы илимде али белгисиз. Болгону анын сөөгү санжыра жана элдик уламыштар боюнча азыркы Тастопиян айылына коюлган. Азыр ошол айылдын мазары болуп эсептелинет, анын сөөгүн качан, кантип, кимдер алып келип көмгөнү жөнүндө байыркы доорлордон ушул күнгө чейин бир дагы тарыхый маалымат жок жана эч жерде жазылган эмес. Аталган топоним боюнча анын доорун бир да илим келечекте аныктай албайт. Мындай тарыхый баалуулуктар эл арасында ооздон оозго айтылып санжыранын деңгээлинде гана сакталып калгандыгында. Эгерде Төлөк Төрөкан уулунун Кыргыз эл санжырасы “Кыргызыя-зар заман” аттуу эмгегиндеги маалыматтар азыркы илимий ачылыштар менен дал келгендей, Тастопиян жөнүндөгү уламыш же элдик санжыра илим менен шайкеш келгенде, “Кыргызыя-зар замандай” болуп, илим үчүн баалуу болмок. Чаткал районунун энциклопедиясында “Тастопиян – эл сыйынуучу “ыйык жер”. Жаңы-Базар айылынын батыш тарабында. Ыдырыс пайгамбар алгач кадам таштаган жер катары айтылат. Уламыштарда айтылгандай Ыдырыс пайгамбарды ѳлтүрүүгѳ келгенде душмандарга ѳзүн Ыдырысмын деп тааныштырганда, анын башын кесип кетишкен. Кийин денеси ошол аймакка көмүлгөн” деп белгиленген [12. 269]. А. Оморов “Чаткал районунун батыш тарабында Жаңы-Базар деген жеринде Ыдырыс пайгамбарга арналып, ХVIII кылымда кош мүрзө курулган, мүрзөнүн оң (чыгыш) жагы Ыдырыс пайгамбарга арналган, сол жак мүрзөсү анын “Жан жигитине” (жан сакчы) арналган мүрзө. “Жан жигити” анын сакчысы болгон деген кептер да бар, кээ бирөөлөр болсо ал анын “аскер башчысы”,- дешет, тагыраагы, ал кезде армия болгон эмес ошондуктан, “жан жигит” анын сакчысы болуусу туура аталыш” деп оюн жыйынтыктаган [7. 110]. Ырас, А. Оморов белгилегендей, жан жигит – жан сакчы болушу мүмкүн, анткени жан сакчылар байыркы доолордон бери болуп келген көрүнүш. Бирок ал Ыдырыс пайгамбардын азанчысы болушу мүмкүн эмес. “Азан” деген сөз байыркы түрк тилинде “кыйкыруу” деген мааниде. Азан азыркы индеецтердин (тора уруусунун) тилинде да сакталып калган. Ислам дининин негиздөөчүсү Мухаммед пайгамбар б. з. 551-жылы жарык дүйнөгө келип, 632-жылы ааламдан өткөн. Андыктан, ислам дини пайда болгон мезгили б. з. 6-7 к. к. таандык. Демек, “азан” ислам динин кабыл алган өлкөлөрдө орто кылымдардан баштап колдонула баштаган. XX кылымдын санжырачысы Үмөт молдо (1883-1943-ж.) өз санжырасында “Кыргыз уругу Мухамет-алейки саламдан үч миң жыл мурун калк болгон” деп жазат[2. 24]. К .Сыдыкова “Мухамбет пайгамбар 570-ж. жарык дүйнөгө келген. Демек, андан үч миң жыл мурунку мезгил кыргызга таандык. Афанас дооруна дал келип турбайбы! Санжыра менен тарых шайкеш болуп, бир жерден чыкканы – бул маалымат чындык болгонун далилдеп берип жатпайбы! деп айткан[5. 74]. Т. Төрөкан уулунун “Кыргызыя-зар заман” деген китебинде “Араб ичинде 280 жаштык “Орбун карыя” Инжил, Таврат, Забурларды окуган илимпоз экен. Араб падышасы илимпозду чакыртып, мен түрк (кыргыз) эли менен жамандашсамбы, жакшылашсамбы?,- деп акыл сурайт экен. Карыя: “Тарыхы дүйнө” деген китепте көрүшүмчө, мындан 4400 жыл мурда Жыржысы (Кыркез, Кыргыз) алейки салам деген өткөн. Булар түрк элинин айбаттуу баатыр тайпасы болуп, өлүм өлгөнү, калганда качып кетип, Орто тоо деген жерге барып, сыю (азыркы ханзу, хансью, кытай) калкы менен бирлешип, алардан кыз алып, уругу көбөйгөн эл экен. Булар ошолордун бир хандыгы болушу мүмкүн. Тилибиз башка болгон менен динибиз бирге; (байыркы мезгилде арабтар таңирчилик дининде болгон) бул элге элчи жиберип, атка адам, мал берип, теңешип алсаң. Менин сага берер кеңешим ушул”,- деп жооп кайтарыптыр”,- деп белгилеген [11. 296]. Талкуу көрсөткөндөй, арабдар кыргыздардан бөлүнүп чыккан эл. Ошондуктан азан кыйкыруу дегенди туюндурган байыркы түрк тилиндеги сөз деп айтуу негиздүү. Айрым айтуучулар Тофи-Софьян – бул саякат деген сөз, саякатчы деген мааниде деп божомолдосо, дагы бирөө Тасси-Софьян деп укканын айтат, бирок маанисин түшүндүрүп бере албайт. Көрсө, топонимидин аталышы фарс тилиндеги сөз экен. “Перс-Орус сөздүгүндө” таасси –“подражание, имитация”; “подражать (кому-либо), следовать примеру (кому-либо)”[7. 345], сахти – “трудность, затруднение”; “твердость, суровость, строгость, жёсткость”; “с трудом, едва, испытывать затруднения, трудности”, сахтийан – редко сафьян деген семантикалык маанилерин көрсөткөн [8. 24]. Слово связывается с перс. Seхt “крепкий, жесткий”, сахтийан – сахти, тонкая и мягкая козья или овечья кожа, специально выделанная и окрашенная в яркий цвет. Поместный воин в софьяновых сапогах [256. http://www.wikiwand.com/ru/ ]. С. И. Ожегов “Сафья́н-козловая кожа высокого качества” деп белгилесе [6. 1032], Словарь языка Пушкина сөздүгүнүн төртүнчү томунда “Сафяьновый – кожаный, в софьянном переплете, софьянная тетрадь” жөнүндө айтылган [10. 31]. Е. Н. Шипова “Сафьян — мягкая кожа с крупными порами, выделываемая из козьей шкуры” экендигин белгилеп, “перс. зaxtijan – сафьян; каз. сактыщн – сафьяновая кожа; рум. saftian – сафьяновая кожа; турц. sahtiyan — сафьян; сафьяновый; кирг. сактыян – сафьян деп, ар кандай тилдердеги сафьяндын аталышын салыштырган [13. 1976]. “Сабам сулуу болсун деп, Сактыяндан кылдырды” деген ыр түрмөгүн К. К. Юдахин “Киргизско-русский словарь” деген эмгегинде учуратууга болот [14. 125]. “Сактыян – кой, эчки терисинен боёлуп жасалган булгаары” экендиги кыргыз тилинин сөздүгүндө да белгиленген [3. 408]. Демек, термин фарс тилинен “Таасс+Сахтийан” (Таасс+Сафьян, Тастопиян) – кой, эчкинин терисинен тигилген ар кандай буюмдар. Бир мезгилдерде аймакта ат жабдыктарды, жоокерлерге атайын тигүү үчүн тери иштеткен ишкана болгон сыяктуу. Ырас, Ыдырыс пайгамбарга байланыштуу Чаткалда эки күмбѳз бар. Ал күмбѳздѳр Жаңы-Базар айылынын күн чыгыш тарабында 250-300 метрдей бийик тектирчеде жайгашкан. Күмбѳздѳрдү жергиликтүү калк Ыдырыс пайгамбардын ысмы менен байланыштырышат. А. Акбаров “Ыйык “Курандын” 10-11, 56-57 аяттарында Ыдырыс пайгамбар жѳнүндѳ кабарлар бар. Ыдырыстын түпкү аталышы Кут-Ырыс, Ыдырыс пайгамбар бул жарык дүйнѳгѳ Адам-Атадан 1140-жыл, Шис пайгамбардан 700 жыл кийин келген дейт,- ыйык китептерде. Ал бардык диндердин башаты болгон Теңирчилик дүйнѳ таанымынын пайгамбары болгон. Ошон үчүн адамдар аны “Бабадин”, “Кут-Ырыс” деп аташкан. Ыдырыс пайгамбар аркылуу элге теңчилик жеткирген Теңирчилик дининде берилген. Теңирчилик дүйнѳ таанымын негиздегендиги үчүн Ыдырыс (Кут-Ырыс)” пайгамбарды куугунтукка алган дин безерлер да болгон сыяктанат”,- деп айткан [1.10 ]. Демек, Ыдырыс пайгамбардын чын аты Кут-Ырыс. Ал адамзаттын ичинен эң биринчилерден болуп тамга жазууну, Теңирчилик дүйнѳ таанымын тараткан пайгамбар болгон. А. Оморов “Кыргыз – уюткулуу эл” деген китебинде “Чаткал районунун батыш тарабында Жаңы-Базар деген жеринде курулган Ыдырыс пайгамбарга арналып кош мүрзө курулган. Санжыра айтымында Ыдырыс пайгамбар өзү өлөөрдө кайып болуп кеткен адам болгон. Ыдырыс пайгамбар пайгамбарлардын пайгамбары. Ыдырыс пайгамбар – адамзаттын ичинен эң биринчилерден болуп тамга жазууну ташка чегип жазгандан баштаган. Алгачкы замандарда кагаз да болгон эмес. Дүйнө жүзүндөгү эң биринчи тамга “кыргыз тамгасы”, же болбосо “бака бут тамгасы”,- деп аташкан, жазуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Ошол себептен: “Аалам башаты –Кыргыздар”, “Аалам тили – кыргыз тили”,- деп эсептелет. Ошондуктан кыргыздар жалынган Кудайы “Бардыгы тең жүрсүн” деп Теңирим жана аталышы жер жүзүнүн үстүндө бардык жандардын, тирүүлүктүн баарынын “Барбардигари” байыркы кыргыздар ислам динине чейин, эрте менен “таң атты, Күн чыкканы калды” деп “Таң ирим”, түштө болсо, “Күн теңелди” деп –“Теңирим”, кечинде болсо, “Күн батып, түн башталганы калды” деп, “Кеч ирим” деп сыйынышкан” деген оюн билдирген.[7. 110- 114] Төлөк Төрөкан уулунун “Кыргыз Эл Санжырасы” деген китебинде Ыдырыс пайгамбар жөнүндө айтылган.
“Азиз” улук пайгамбар,
Бул китепти жазган бил.
“Илияз, Кызыр, Ыдырыс,
Айса” менен төртөө бар.
Адам ата уругу,
Аркасы мүлдө үзүлбөй,
Азыркы күнгө жеткенби?
“Нөйүл мапиз” калем бар,
Азиз улук пайгамбар,
Кудай сөзүн жазгандар
“Тарыхы нөйүл китеп бар”,- деп Ыдырыс менен бирге теңирчилик дүйнө тааным илимин тараткан Илияз, Кызыр, Айса пайгамбарлар жөнүндө жазылган [11. 110]. Ошондуктан азыркы учурда Ыдырыс пайгамбардын күмбѳзү эл сыйынган ыйык жай болуп эсептелинип, күмбѳздѳр турган жер Ыдырыс пайгамбардын күмбѳздѳрү деп аталып калган. Жыйынтыктап айтканда, Ыдырыс пайгамбарга Тастопияндын тиешеси жок, анткени бул сөз фарс тилиндеги Таасс+Сахтийандын негизинде келип чыккан термин. Таасс+Сахтийан ашатылып, ийленип, боёлгон кой, эчкинин териси деген түшүнүк. Илгери тери иштетүү татаал иштерден болгондуктан жашоодо колдонулуучу буюмдарды тигүү кыйынчылык менен ишке ашкан. Ошого байланыштуу Таасс+Сахтийан, Таасс+Сафьян айтылып жүрүп, кыргыз тилине ыңгайлашып Тастопиян деген аталышка ээ болгон.
Илияс ИСАБЕКОВ,
К. Ш. Токтоматов атындагы эл аралык университеттин окутуучусу,
филология илимдеринин кандидаты.