Ала-Бука районунда жалпы билим берүүчү мектеп, мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата бир айлык өткөрүлдү.
Жалпы билим берүүчү мектеп, мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата 2022-жылдын сентябрь айына бир айлык жарыялап, мекеменин ички-тышкы көрнөк-жарнактарына мамлекеттик тилди, улуттук дөөлөттөрдү даңктаган, таалим-тарбия багытындагы ураан-чакырыктардын кыргыз тилинин жазуу эрежелерине ылайык жазылып-илинүүсү көзөмөлгө алынды. Бардык билим берүү мекемелеринде бир айлык иш чара иштелип чыгып, мамлекеттик тилдин өсүшүнө өбөлгө түзгөн предметтик жана тарбиялык ачык сааттар, маданий иш чаралар, тегерек столдор өткөрүлдү. Мисалы, Ы. Чангылов атындагы орто мектебинде башталгыч класстар мугалими Ж. Ашурова “Эне тилим – эне сүтүм” деген темада адабий кече, кыргыз тилчи мугалимдер тарабынан жогорку класстар арасында “Тил – улут жүзү” деген темада тегерек стол, А. Акпаралиев мектебинин китепканачысы тарабынан “Кыргыз акын-жазуучуларынын эмгектери” деген темада китеп көргөмөсү уюштурулуп, 5-11-класстардагы “Сабаттуу бол” акциясында жат жазуулар алынды. Н. Бекменбетов атындагы орто мектебинде 1-11-класстарга “Элдин элдиги – эне тилинде” темасында тарбиялык сааттар, 6-9-класстарга көркөм окуу конкурсу уюштурулду. Ынтымак башталгыч мектебинде мугалимдер ортосунда “Логика” интеллектуалдык таймашы, Н. Орозалиев атындагы орто мектебинде бир айлык иш чаранын негизинде китепканачы тарабынан 9-11-класстарга “Китеп сүйүүчүлөр” сабак-таймашы, 5-8-класстарга “Тилим менен мактанам” адабий кечеси өткөрүлсө, Ч. Айтматов атындагы орто мектебинде “Тил колдоого эмес, колдонууга муктаж” темасында диспут, “Тил –ойдун сандыгы” темасында дил баяндар сынагы, А. Юсупалиев атындагы орто мектебинде “Эне тил эл тарыхын баяндаган, тарыхы эл тарыхын аяндаган” темасында эсселер жана дубал газеталар конкурсу өттү. А. Тураббаев атындагы орто мектебинде “Кыргыз тили – сыймыгым” темасында тегерек стол уюштурулуп, окуучулардан тышкары эмгек жамааты жана ата-энелер да тартылып, кыргыз элинин басып өткөн жолу, үрп-адаты, каада-салты боюнча кеңири талкуу жүргүзүлдү. Тегерек столдо, айрыкча, 10-11-класс окуучулары өздөрүнүн сөз чеберчилигин көрсөтө алышты.
Ал эми, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбиячылар тарабынан кыргыз акын-жазуучуларынын портреттеринин көргөзмөсү уюштурулуп, жаш өзгөчөлүгүнө жараша Ш. Бейшеналиевдин, Ч. Айтматовдун, М. Жангазиевдин жана башка акын-жазуучулардын чыгармаларын окуп беришти. Ошондой эле, “Жаш кыял” МЧББУда мамлекеттик тилдин өсүшүнө өбөлгө катары тарбиячылар арасында “Тилим менен улутмун” темасында тегерек стол, “Дили адептүүнүн – тили адептүү” жомогу, “Чынар” МЧББУда тарбиялануучулар менен кошо ата-энелер да иш чарага тартылып, “Эне тилим – эне сүтүм” темасында кече, “Манас” айтуу, сүрөт конкурстары, “Бүчүр” МЧББУда тайпалар арасында жарыш уюштурулуп, акыйнек айтышып, жомок аткарышты. “Күн чубак” МЧББУда “Кыргыз тилим – кылымдарды баскан тил” темасында дубал газета чыгарылды, балдарга Кыргызстандын кооз жерлери жөнүндө слайд көрсөтүлдү, тарбиячылар жат жазуу жазышты. “А. ьЖорокулов” МЧББУда “Эне тилим – эне сүтүм” темасында кече өткөрүлүп, кыргыздын улуттук буюмдары, Манас баатыр жөнүндө слайд көрсөтүлдү.
Балдар чыгармачылык үйүндө “Кыргызстандын келечеги тили менен!”, “Манас” эпосу – кыргыз рухунун туу чокусу” деген темаларда дубал газеталар чыгарылып, “Сайра комуз” жана “Сыйкырдуу ийне” ийримдери тилди даңазалаган адабий кече өткөрүштү. Ар бир ийримде сабактар мамлекеттик тилде өтүп, окуучуларга мамлекеттик тилде туура жазуу жана сүйлөө талаптары коюлган. Ал эми, иш кагаздарын туура жүргүзүү, мугалимдердин ой чабытын жогорулатуу максатында квартал сайын жат жазуу, тесттик тапшырмалар алынып турат.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин өркүндөтүлүшүн күчөтүү, жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоодо сапаттуу иш чараларды уюштуруу, мугалимдердин ишмердүүлүгүн өстүрүү жана мамлекеттик тилдин 33 жылдыгын белгилөө максатында, бир айлыкты жыйынтыктоо катары Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн №8 Октябрь орто мектебинде “Тил – ойдун сандыгы” деген темада райондук деңгээлдеги иш чара уюштурулуп, ачык сабактар өтүлдү. Сабактарды өтүүдө жөнөкөй, татаал жана аралаш көркөм тексттердин маанисин окуп түшүнүү, функционалдык анализдөө жана талдоо аркылуу окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүүгө басым жасалды. Сабакка учурдун талабына ылайык темалар тандалды:
1-сабак. Темасы: Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын образдарындагы карама-каршылыктар;
2-сабак. Темасы: Рей Бредберинин “Эс алуу” аңгемеси;
3-сабак. Темасы: “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторундагы аялдардын образы;
4-сабак. Темасы: Жан Лафонтендин “Маймыл менен мышык” тамсили;
5-сабак. Темасы: Төлөгөн Касымбековдун “Адам болгум келет” повести;
6-сабак. Темасы: Айдарбек Сарманбетовдун “Мал киши” аңгемеси.
Ачык сабактарга жетекчилер, кыргыз тилчи мугалимдер катышып, өз бааларын беришти. Иш чарага катышкан жетекчилерге жана мугалимдерге өздөрүнүн мектеп жамаатына, окуучуларына өтүлгөн сабактар боюнча ой бөлүшүү, кайтарым байланыштарды жасоо тапшырмасы берилди.
Д. МОЛДОШБАЕВА,
Ала-Бука райондук билим берүү
бөлүмүнүн усулчусу.