Анарбек Кыдыршаев 1957-жылдын 26-январында Токтогул районундагы Үч-Терек айылында жарык дүйнөгө келген. Үч-Терек айылы географиялык жайгашуусу боюнча Нарын дарыясынын орто агымында жээкке жакын жайгашкан. Ушул айылда аз да болсо орус-татар калкы жашап, Горький атындагы орто мектеби кыргыз-орус тилдеринде аракеттенген. Ошондуктанбы Анарбек кичинекейинен орус-кыргыз коомдук аң-сезимин, тилин жана маданиятын өздөштүрө алган. Толкундары жер сабап, жээкте өчү бардай жаалданчу карт Нарын. Ооба! Кайран вальстын королу Калыйбек Тагаевдин обонуна жазылган: -“күүлөнүп, күү чертип көбүрөт тунук шарың, ыргалат булбулу сайраган кайың-талың”- делген көрктүү жана шоокумдуу Нарын ушундай. Нарын шаң менен капчыгайдан шарпылдап агат. Макаланын ортосунда жарыгы өчпөс, көрктүү Нарынга жана ал келип куйган көлгө кайрылууга туура келер.
Айтор, А. Кыдыршаев Ошто орус тили жана адабияты факультетинде окуп жүргөн кезинде эле орус классикалык адабиятынын алтын кылымынын, андан соң 20-кылымдын башындагы күмүш кылымдын жазуучуларынын чыгармаларын кунт коюп окуган жана изилдей алган. Ошол эле убакта орус классиктеринин кыргыз совет адабиятына тийгизген зор таасирине көз салган. Менимче, кыргыз сын жанры менен да мыкты тааныш. Албетте, макаланын максаты тигил же бул чыгармага анализ берүү эмес, бирок “Көп кырдуу инсан” деп тема коюлгандан кийин теманы сыйлаш керек деп ойлойм. Мисалы, кыргыздын ортон колдой он акынынын бири, көрүнүктүү акын жана коомдук ишмер Кожогелди Култегиндин “Жүрөк конуш” лирикалык жыйнагы боюнча А. Кыдыршаев окурман менен мындайча ой бөлүшөт: — К. Култегин да, доордук өңүттөн алып караганда, партиялык консерватордук концепциянын туткунунан дароо эле чыгып кете алган эмес; тактап айтканда, чыгармалардагы каармандын таптык көз карашы жана тигил же бул чыгарманын партиялуулугу, ошондой эле элдердин маданиятынын бири-бирине катышуусу ж. б. Бирок дейт,- А. Кыдыршаев – К. Култегин өзүнүн жеке төтө чыйыр жолун таба алган, кандайдыр бир залкар акынга жөлөнбөгөн жана анын эпигондук окуучусу болбогон акын деген ойду айткан.
К. Култегиндин демократиялык “жыргалды” көрүп аткан кыргыз улутунун өкүлдөрүнө болгон мамилеси А. Кыдыршаев аркылуу терең изилденген. Мисалы, акындын “Шыпыргы өмүр” аттуу поэмасында кыргыз эмгек мигранттарынын оор жана таза эмес эмгек кылуу шарттарында акча таап жүргөндөрү баяндалат. Поэманын баш каарманы Манаң балбан мекенинде гектар-гектар чөп чаппай, Москванын бир көчөсүн шыпырат. Поэмага анализ берген Анарбек автордун күйүп-бышканына толугу менен тилектеш.
А. Кыдыршаев – публицистика жанрынын журналисти. Анын ондогон курч макалалары педагогиканын өкүлдөрүнө арналып, аларга моралдык шык менен эргүү, инсандык менен жарандык таяныч тартуулоо болуп саналат. Ошондой эле анын татыктуу мугалимдердин бу турмуштан мезгилсиз кетүүсү, чагылгандын көк-жашыл, кызыл-сары сыныктарын, ширеңкенин чийиндеги жалындын өмүрүндөй экендиги байкалып, журналист жана педагог кайгыга жүрөгүнүн түпкүрүнөн көңүл айтат. Ушундай макалалардын катарына “Мен билген Сүйүнбек агай”, Жеңиш агайга арналган “Рух –дөөлөтү бийик инсан эле” жана Союз мезгилиндеги ири талант Кудайберген Жуманазаровго арналган “Улуу поэзияны улаган акын” аттуу макалалар кирет. Албетте, анын ондогон жашоого канааттанган, оптимизмге жык толгон макалалары бар. Айталы, “Көл үстүнөн туулган жерди издедим” деген макала чынында лирикалык чегинүүлөргө жык толуп турат жана эстетикалык көркөмдүк ашып ташкан.
Мындан тышкары, А. Кыдыршаевдин эмгеги менен ишмердигине, атуулдук менен инсандык асылдуулугуна арналган ондогон макалалар бар. Ошолордун айрымдарын белгилей кетүү ашыктык кылбас. “Жетигенге жүз жылдык үрөн сепкен адам”. Автору Фатима Тагаева. (“Дил, 30.2018.) Ф. Тагаева –директордун орун басары агайынын чындык үчүн сууга аккан кулундай чыркыраарын, ой өрүшүнүн бийиктигин, эрудициясынын кенендигин, рух байлыгын материалдык байлыктан бийик койгондугун ж. б. касиеттерин санап өтөт. “Шамшыкал” гезитинин ошол мезгилдеги редактору, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” Исабек Токтогуловдун “Анарбектин алтымышынчы ашуусу” аттуу макаласында автор: “расмий тилде окуттуң, чыгармаларын Гоголдун”,- дейт. “Көлдө, сууда дельфин болуп сойлойсуң”. (ушул эле макалада). “Педагог жана журналист Кыдыршаев Анарбек 60 жашта”. “Дил” гезитинин эмгек жамааты жылуу пикирлерин ортого салат. (31. 03. 2017.)
А. Кыдыршаевдин тарыхый жарандык эрдигине азын-оолок токтоло кетүүбүз – милдет болуп саналат. Жогоруда Нарын дарыясы тууралуу улам-улам эскерүү да бекеринен эмес болчу. Акын Нурбүбү Бөдөшова 2015-жылдын февраль айында “Регион Пресс” аттуу гезитке “Тогуз километр суудан сүзүп өткөн тоолук мугалим” аттуу макаласын маек иретинде жарыялаган. Нурбүбүгө берген маегинен бир үзүм берип койсок болоор: — Жээкке бир километр калганда, Шамшыкал тоосунун жанындагы котологон элди көрдүм. Бирок кыйкырык-сүрөөндөр кулагыма угулбайт. Кыргыз Республикасынын туусу желбиреп көрүнө баштаганда, сүзүп баратып кадимкидей көзүмдөн сүйүнүчтүн, кубанычтын жашы чыкты. Анарбек, азаматсың! Кетмен-Төбөнүн эли сени менен!,- деп кыйкырышты. Анан 10-15 киши кийимчен эле сууну кечип келип, мени көтөрүп кетишти.
Окуяга кызыгып мен да Анарбекке мындай бир суроо салганым эсимде. Тогуз чакырым аралыкка сүзүп өтүүнүн өзүндө тобокелчилик бар. Эненин да жүрөгү ооруйт эмеспи. Кандай мотивация сени жетелеп жүрдү? Эрдик издедиңби?,- дегем.
Менин суроомо ал мындай жооп берген. – Жаш муундардын көңүлүн экстремалдык спорт деген эмне экендигине бурайын дегем. Курулай популизмге барган эмесмин жана эч качан бара албайм. Чынында эле дайранын агымында сөөктү сыздаткан муздак агым өкүм сүрөт экен. Мындай коркунуч машыккан суучулдарга деле коркунучтуу дешкен, муундардын, булчуңдардын түйүлүп калуу коркунучу бар дешти. Ал эми апанын жүрөгү, анын “Көлдөн сүзбөйсүң!” деген каршылыгын жеңүү – бул узак сөз. Бир эле кырдаалга токтолоюн, бала кезимде Нарындын бул жээгинен тигил жээгине сүзүп өтүп кеттим. Бери сүзүп келип өңү купкуу апамдын кейпин көрүп, ошондо эненин бала үчүн жүрөгүнүн морт экенин түшүнгөм…
Кыдыршаев Анарбек – “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” жана “Муниципалдык кызматтын отличниги”. Ошондой эле ал “Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” болуп саналат. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук кеңештин Ардак баракчалары менен сыйланган.
Анарбек жубайы Гүлшайыр экөө алты кыз, бир уулду татыктуу чоңойтушуп, ар бирине жогорку билим беришти. Эмесе, Анарбекти дос-жолдошторунун, чыгармачыл интеллигенциянын, эмгек жамаатынын, аны сыйлап-кадырлаган коомчулуктун, үй-бүлөсүнүн жана бардык санаалаштарынын атынан аны 65 жаш курагы менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чың ден соолук, узун өмүр каалайбыз! Публицистикадан башка да көптөгөн көркөм жанрлардын бар экенин унутпа, Анарбек!
Делегат ТУРДУКОЖОЕВ,
Мамлекеттик кызматтын,
тилдин жана билим берүүнүн отличниги,
Токтогул шаары.