Домой Чыгармачыл дүйнө Тоолордон аккан ыр булак

Тоолордон аккан ыр булак

28


Жакында Жалал-Абад областтык китепканасында акын Касиет Дөлөнованын “Тоолордон аккан ыр булак” аттуу адабий кечеси өткөрүлдү. Иш-чарада кесиптештери анын чыгармачылыгы тууралуу кеп кылса, жаш акын жазуучулар ырларынан көркөм окушту, анын чыгармачылыгы боюнча тартылган кино баян көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, акын К. Дөлөнова төрт китептин автору, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Сузак районунун Кадуу айылында жашайт.