Домой Без рубрики Туннель “казган” балдар

Туннель “казган” балдар

216

Жакында Таш-Көмүр шаарындагы №7 Кожобек Кузембаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде физика мугалими катары мен, С. М. Токтосунова, “Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгын уюштуруп өткөрдүм. Аталган жумалыкта окуучулардын ой жүгүртүүсүн өстүрүү, илимге жана техникага кызыгуусун арттыруу максат кылынып, ошол эле окуучулар өздөрү ойлоп тапкан техникаларынын моделдерин көргөзмөгө коюшуп, жасалган иштер тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.





Алсак, тоолорду тешип туннель казуу боюнча моделди 11 “а” классынын окуучулары: А. Четинбекова, О. Аскералиева, М. Нурманбекова жана 11 “б” классынын окуучусу О. Эркинбеков көргөзмөгө коюшуп, туннель казуунун сырлары боюнча өздөрү сунуш кылган эмгектерин кеңири баяндашты. Окуучулар тоннель деген эмне, же туннель деген эмне, табигый тоскоолдуктарды жеңүү, кыймылдын жолун жана убактысын кыскартуу жөнүндө өз ойлорун ортого салышып, аны кантип казуу керек, ал иш кандай эмгекти талап кылат, деген сыяктуу маселелер боюнча өз ойлорун айтып беришти. Ошентип аталган окуучулардын эмгектери жогорку деңгээлде экендиги мугалимдер тарабынан бааланды.
Андан соң 10 “а” классынын окуучулары А. Мадалбкова, Ж. Батырбекова, Г. Ыманназаровалар күн системасындагы планеталар, алардын жайгашуусу жана кыймылын элестеткен макеттерди жасашып, аны жасоо ыкмаларын айтып беришти.
Мындан сырткары, 8 – 9-класстын окуучулары ракеталардын, үйлөрдүн, автомашиналардын, мектептин от казанынын макеттерин кызыгуу менен жасап келишти.
Жогорудагы жумалык окуучулар үчүн кызыгуу жаратты, андыктан “Илим + ойлоп табуу = техника” деген аталыштагы илимий иш чараны жогорулатуу керек экендиги байкалды жана окуучулардын эмгектери бааланып, мектептин администрациясынын грамоталары берилди.

С. ТОКТОСУНОВА,
№7 К. Кузембаев орто мектебинин физика мугалими,
Таш-Көмүр шаары.