Максаты:
• Кыргыз элинин улуттук чыгармалары, оюндары, аркылуу окуучулардын руханий дүйнөсү азык алышат.
• Жалпы эрежеге баш ийүүгө, бири-биринин оюн урматтоого, сыйлоого, алган маалыматтарын турмушта пайдаланууга калыптанышат.
• Улуттук чыгармалардын, оюндардын тарбия берүүдөгү маанисин, баалуулугун түшүнө билүүгө жана баалоого тарбияланышат.
Күтүлүүчү натыйжа: лирикалык, дидактикалык, чыгармалар аркылуу, дүйнө таанымы өнүгөт.
Сабактын жабдылышы: Плакат, буклет, слайд, ыр, бий, макал-лакаптар, табышмак, селкинчек, акыйнек.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Мугалим: Саламатсыздарбы? Урматтуу ата-энелер, агай-эжекелер жана окуучулар. Сиздердин көңүлүңүздөрдү 7-класстын окуучуларынын “Салттуу музыка” күнүнө арналган “Улуттук оюн – сармерден” деген темадагы музыкалык кечесине бурабыз. Эгер сиздер руханий жактан азык алсаңыздар биз максатыбызга жеткен болобуз. Эмесе, иш чарабызда: Саламдашуу. Сармерден ыры. Бий. Обондуу ыр. Макал-лакаптар. Жаңылмач. Акыйнек. Обондуу ыр сыяктуу көрүнүштөргө күбө болосуздар.
1. Эрнис (Эрке бала)
Чыйыр жол тапкан сармерден,
Чогулган жаштар ар жерден.
Эки жак болуп эргиген,
Илгерки оюн сармерден.
Амансыздарбы бүгүнкү,
Сармерденге келген эл.
2. Назбийке: (Эрке кыз)
Кайрат күчкө бөлөп алып келген,
Калайык уккан сармерден.
Каада салт оюн тартуулап,
Кыз жигит айткан сармерден.
Амансыздарбы бүгүнкү,
Cармерденге келген эл.
3. Эрнис:
Тескейден чыккан гүлгө окшош,
Жаңыдан чыккан гүлгө окшош.
Жумурай журтун алдында,
Кызыктуу оюн кыз-жигит.
4. Назбийке:
Бүркүт учкан көгүмдү,
Бүтүн кыргыз элимди.
Кара тумоо жел менен,
Кайрып өтсүн элимден.
5. Эрнис:
Амандык тилейм элиме,
Ар күнү таңда жалынып.
Инсандар кетсин сакайып,
Илдеттен жүргөн жабыркап.
Оору сыркоо болбосун,
Жараткан өзү колдосун!
Ак куу учкан көлүмдөн,
Ак кар баскан төрүмдөн!
Алыстап келген бул оору,
Айланып өтсүн элимден!
6. Назбийке:
Кыз жигит өнөрүнө өбөлгө болуп,
Төрүбүздүн көркү болуп.
Калыстык баасын баасын,
Калыстарга чакырып алалы.
(Калыстар тобу чакырылат).
7. Назбийке:
Эң кыйын жылдан узадык,
Кыйын күн батты кызарып.
Бүгүнкү күндөй агайын,
Бүтпөсүн майрам узарып.
8. Эрнис:
Кызыр дары, бак дары,
Сүрөп турсун жаш, кары.
Калың эл күткөн зарыгып,
Сармерден оюн башталды.
Кана эмесе, кыз жигиттер.
Саламдашып алалы.
Жигиттер “Салам, калкым” деген ырдашат.
Кыздар саламдашып, “Күлгүн курак, гүл курак” деген ырды аткарышат.
“Сармерден” ыры ырдалат.
Назбийке:
Бийле жигит, бийле кыз,
Бийлегенге не жетсин.
Бий көңүлдү эргитет,
Эс алдырат, сергитет.
Кыздар бийлешет (Тал-талдан өргөн чачыбыз).
Эрнис:
Кезек жигиттерде. “Сармерден” бийи бийленет.
Кыздар: Гүлдөй жан.
Айсалкындын селкинчек,
Андай теппей, мындай теп,
Бурулчаның селкинчек,
Буруп теппей, мындай теп.
Ойноп-ойноп алгыла,
Омуран калар бул дүйнө,
Күлүп-күлүп алгыла,
Күмүрөн калар бул дүйнө.
Эрнис:
Анда, жигиттер, кыздарга жооп берели.
“Кел жигиттер, кел кыздар”
Ырдамай биздин салтыбыз,
Ырыстуу кыргыз салтыбыз.
Ылгабай кары жашыбыз,
Ыр менен чыккан даңкыбыз.
Кел жигиттер, кел кыздар,
Келип көңүл ачалы.
Бул кечени шаңдантып,
Кызыгына баталы.
Эрнис:
Эзелтен кыргыз элибиз, сөзүн макал коштоп, куюлтуп сүйлөп, сөздү көркүнө чыгарып келишкен.
Назбийке: Ооба, ошондой, кана, эмесе кыздар, макал айтышууну баштайбыз.
Эрзат:
Азды жок дебе, барды көп дебе.
Жазгүл:
Адептүү алкыш алат,
Адепсиз каргыш алат.
Турсунай:
Адилет соттун, кылычында кын жок.
Орозалы:
Адамдын ойлогону миң,
Аткарганы бир.
Алманбет:
Адам эли менен,
Өрдөк каз көлуменен.
Аэлита:
Ага-тууган кимде жок,
Сыйлашпаса жат болот ж. б.д.у.с.
Эрнис: Кезек жаңылмачтарда.
Назбийке: Анда, кыздар, арта калбагыла.
Эрзат:
Былкы,былкы, былкы таш,
Былкылдаган былкы таш.
Таар токум, чаар таш,
Тайгаланма кара таш.
АЙГЕРИМ:
Тоголок топту Толкунбек,
Тоголотуп тепти деп.
Толгон балдар чогулду,
Топту Толкун берсин деп.
Нурислам:
Кара балапан,
Карап алакан.
Карды тампайган,
Кана балапан.
Назбийке: Өнөрүңөр өркүндөй берсин.
Эрнис: Балдар, кезек табышмактарда тапкычтыгыңарды, билгичтигиңерди сынап көргүлө.
Эрзат:
Атасы тиккен бакты.
Балдары карай албайт.
Апасы чачкан акчаны,
Кыздары санай албайт.
Сыргак:
Элчи келди биздин үйгө сүйүнчүлөп,
Аты бар сонун, бирок минейин десең заты жок.
Сүйүнчүңө эки кой энчилеп,
Бирок сойгону келсең сөөгү жок.
Кадыр:
Бири-биринен бийик турат,
Ортосунда оту күйүп турат.
Керек болгондо уй сымал ийип турат.
Албина:
Букардан келген буналуу байтал,
Буту колу шыналуу байтал.
Бу капырдын жортушун көр,
Такымынын тартышын көр.
Назбийке:
Акыйнек ырын ырдашуу,
Абалтан кыргыз салты экен.
Акыйнек ырын улантуу,
Атабыз кыргыз наркы экен!
Балдар:
Ортого гүлдү таштайбыз,
Акыйнекти баштайбыз.
Дайыр:
Илгеркинин кыздары,
Сайма сайган саймачы.
Азыркынын кыздары,
Болгон сөзү ушакчы.
Назбийке:
Азыр заман өзгөрдү,
Ушак айтат мырзалар.
Асмандагы сөздөрдү,
Алдап айтат бизге алар.
Орозалы:
Илгеркинин кыздары,
Курак курап куракчы.
Азыркынын кыздары,
Тооруп турган каракчы.
Албина
Ала-Тоодой заңкайган,
Ак куулары аңкайган.
Өздөрүн эр сезишет,
Ушул балдар каңкайган.
Эрзат:
Колдорунан иш келбей,
Кыздар өзү коноктой,
Ооздоруна сөз келбей,
Ушул кыздар ноноктой.
Албина:
Алыс бекен Ош,
Жакын бекен Ош.
Ушул турган балдардын,
Башынын ичи бош. (Улана берет-ред)
Эрнис:
Эми, жигиттер, обон созуп ырдап берели. Нурислам “Саймачы кыз” деген ырды аткарып койсо. Саймачы кыз.
Назбийке:
Анда, кыздар, жигиттерге жооп кайтарып обон созуп койгула.
Айгерим, Жазгүл, Албина “Шаттык күндөр” деген ырды ырдашат. Андан кийин 5-класстын кыздары “Кербез” деген күүнү чертип беришет.
Эрнис:
Көзгө сүйкүм кыргыз бийи,
Кимдер гана билбесин.
Кыргыз кыздар кызгалдактай,
Кулпунушуп бийлесин.
9-класстын кыздары “Күү кербездин” коштоосунда бийлешет. “Мөлмөлүм” деген ырдын музыкасынын коштоосунда бий уланат. Калыстарга сөз берилет. Иш чараны мектеп директору жыйынтыктайт.
Айжамал КУТМАНОВА,
Жаңы-Шаар орто мектебинин тарых мугалими,
мектептин көркөм жетекчиси,
Ала-Бука району.