Ата – бабалардын баатырдык тарыхын
даңазалоо урпактардын ыйык милдети.
Чымыр бий Түндүк-батыш Тянь-Шанда жайгашкан Чаткал өрөөнүнүн Баркырак аймагында жарык дүйнөгө келген. Ал ушул Улуу тоолордун арасында чоңоюп, жаштыгы ушул жерде өткөн. Анын атасы – Батыркул. Батыркулдун Чымыр, Көлүбай, Кошбай деген уулдары болгон. Алардын эң улуусу – Чымыр. Ал эрезеге жеткенде, кыргыздардын бийлик жүргүзүү салтына ылайык моңол уруусунда өткөн шайлоого катышып, бул уруунун бийи болуп шайланган.
Ырас, бий – байыртадан бери, 1917-жылга чейин кыргыз коомчулугунда ар кандай арыз, дооматтарды, чыр-чатакты чечип турган бийлик өкүлү, уруу башчысы болуп келген. Кийин коом өзгөрүп, социалдык түзүлүш алмашып, бий соттук милдетти аткаруу менен чектелип калган.
О. Айтымбетов пикири боюнча “Манастын доору – бийлердин доору”, “Тогуз жүз тосуп үй күтүп, Тогуз жүз толук бий күтүп”, — деген саптарды Манастан келтирип, “Манастын өлкөсү боюнча заманында 900 бий болгонун эскерет. Так ошол бийлердин үстүнөн караган бий – Чоң бий аталган. Манас – Чоң бий. Чоң бий бүтүндөй өлкөнүн эң башкы башкаруучусу болгон”.
Т. Насиров “Мамлекет жана укуктун Ата Мекендик тарыхы” аттуу китебинде “Бий – кыргыз коомчулугундагы судья, кыргыздардын адат болгон укуктук нормаларын мыкты билген адам. ХVIII – ХIХ кылымдын биринчи жарымында башкаруу жана соттук милдеттерди аткарган урук-уруу бөлүктөрүнүн башчысы. ХIХ кылымдын экинчи жарымынан тартып 1917-жылга чейин көчмөндөрдө, адат боюнча, сот ишин жүргүзгөн, шайланган элдик судья” экендиги белгиленген.
Ырас, бий байыркы доорлордон Октябрь революциясына чейин уруу башчысынын мансабы же даражасы болгон. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезгилинде бийдин орду бийик болгон. Бий үй-бүлөлүк, чарбалык иштерден баштап, согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен.
Союз учурунда “уруулук – бул эскилик, андан кыргыз эли арылышыбыз керек” деген пикирлер да коомдо жашап келген. Көрсө, уруулук түзүлүш кыргыз элинде журт биримдигинин башаты, калыстыктын, адилеттүүлүктүн, теңчиликтин, туруктуулуктун кепили болгон тура.
Албетте, кыргыздар Совет өкмөтүнө күч менен кошулгандан кийин бийлердин статусу башка бийлик ээлери (манап, датка, бай, бек) менен бирге эле жоюла баштаган. Ошондой кыскартуу иштерине Чымыр бий да кабылган. Бирок ал Совет өкмөтүнүн мындай талаптарына баш ийгиси келген эмес. Совет бийлигине баш ийбеген бийлерге каршы кызыл аскер тарабынан жазалоо операциялары уюштурулуп келгени бизге тарыхтан белгилүү. Мындай жазалоо операциясы Чаткал өрөөнүндөгү Баркырак аймагында да болуп өткөн. Ошондой кандуу тарыхый окуя ар кандай вариантта эл оозунда ушул күнгө чейин айтылып келет.
Ошол себептен Чымыр бийдин кайталангыс эрдигин кийинки урпактарга өрнөк катары калтыруу максатында кагаз бетине түшүрүп, макала жазууну туура көрдүм, анткени бул кандуу окуяны таэнем Токтобүбүнүн жана Чымыр бийдин жакын тууганы Жанчарбай аксакалдын өз оозунан уккам. Болбосо, бул тарыхты билген адамдардын саны азайып, улам унутулуп барат. Ырас, тарыхчылар мындай нукура баатырлардын басып өткөн жолу, алардын кылган иштери терең изилденүүгө муктаж экендигин белгилеп келишет. Ошого карабастан, кыргыз илимий чөйрөсү Совет бийлигине каршы күрөшкөн баатырлар тууралуу бир беткей так пикирге ушул күнгө чейин келе элек.
Биз сөз кылып жаткан кызыл терроого каршы болгон кандуу кармашуу 1920-жылдардын жай айларында болуп өткөн. Мындай кандуу окуя Чымыр бийге Совет бийлиги тарабынан болгон эл-журт, мал-мүлк менен колхоз түзүү талабы (ультиматум) четке кагылгандан кийин башталган. Ал мезгилде Чымыр бий 35-40 жаш чамасындагы жигит болгон.
Албетте, Чымыр бий болгондон кийин, анын кол астында кызмат кылгандар болгону талашсыз. Алардын ичинде жалданып иштөө үчүн атайын Ташкенттен келген түрктөшкөн эки перс шуйкучу (шпион) да болгон. Алар Ташкентке бат-бат каттап турушкан. Көрсө, алар кызыл аскерлер тарабынан баканооздук иш (тыңчы, сөз ташуучу) жүргүзүү үчүн жалданган адамдар экен. Баканооздор акыркы жолу Ташкентке барып келгенде, Рахматулла аттуу баканооз бийди Совет бийлигине сатып койгон. Аны сезген Чымыр бий аларды боз үйгө мурункудай эле сый көрсөтүмүш болуп киргизип, кымыз сунуп, али ооз тие электе бийдин желдети беш атарды желкесине такап, аларды сыртка алып чыккан. Чымыр бий беш атардын огун аяп, колго түшкөн эки баканооздун кабыргаларын балта менен желдеттерине бирден талкалатып, жылкынын үйүлгөн кыгына тирүүлөй көмдүрүп жиберген. Бул суук кабар абада желдей тарап, Ташкентке ошол эле күнү жеткен. Мындай кабарды уккан Совет бийлиги Чымыр бийди тирүү кармап келүү үчүн атайын даярдыктан өткөн 45 чамалуу кызыл аскерден турган жазалоочу отряд жөнөткөн.
Ташкент тараптан жазалоо отряды келерин билген Чымыр бий коргонуу үчүн даярдык көргөн. Аны тирүү кармап кетүү үчүн келген кызыл аскерлер менен Чымыр бий Миңтөкүм аймагындагы Жым-Кечиттин күнгөй тарабында, т. а. Миңтөкүм менен Кымыздек-Сайдын оозунда беттешкен.
Тоо шартын мыкты билген бий колунда бир эле беш атар курал болгондугун душмандарга билдирбөө максатында онго жетпеген желдеттерине курал сыяктуу бирден таяк карматып, тоонун кырына тизип, кызыл аскерлерди коктунун оозунан келгенде, бий өзү коктунун 150 – 200 метр бийик жерине туруп алып кызыл аскерлерге каршылык көрсөткөн. Атышуу бир нече саатка созулуп, аягы 20 – 25 орус аскерлеринин өлүмү менен аяктаган. Аскерлерди жетектеп келген командир Чымыр бий тарапта орус баскынчыларына каршы бир эле беш атар иштеп жатканын билгенде ал баш бармагын тиштеп жулуп алган. Эми кеч болуп калганын сезген командир тирүү калган солдаттар менен качып кутулган. Чымыр бий солдаттардын сөөгүн ошол эле жерде бир чуңкурга көмдүргөн. Азыр ошол жер, т. а. Миңтөкүм менен Кымыздек-Сайдын ортосунда атышкан жер “Чымыр бий солдат аткан жер” деп аталат.
Кызыл аскерлер Чымыр бийди колго түшүрүүдөгү атайын уюштурулган аскердик операциясынын планы ойрон болуп, мындай оор жеңилүүнү кабыл алгысы келбеген Совет бийлиги Чымыр бийди тирүүлөй кармап келүү үчүн кызыл аскерлерди экинчи жолу Баркырак аймагында жөнөткөн. Кармашуу Чымыр бийдин өзүнүн тескей тараптагы конушунда бир нече саатка созулган. Жыйынтыгында, огу түгөнгөн Чымыр бийди Көчкүлүү-Сай жайлоосунда жазалоочу отряд колго түшүрүп, ошол эле күнү Ташкентке алып кетишкен. Көп өтпөй, артынан бир тууган иниси Көлүбай Ташкентке барган. Чымыр бийди Көлүбайга эртең көрсөтөбүз деген куру убада менен, аны бир ай убакыт кармашкан. Бир айдан кийин Чымыр бийди көрсөтүү үчүн Көлүбайды базардын батыш дарбасына эрчитип барган. Базардын батыш дарбазасына жеткенде Көлүбай Чымыр бийди бийик жерде тактайда эки жоон санынан жана акырегинен темир казыктар менен кагылып, кансырап, онтоп турганын көргөн. Көлүбай ошол жерде кан сийип жиберген. Ал Баркыракка кайтып келгенден кийин кайтыш болгон.
Мына, замандаш, ушундай кызыл баскынчыларга эрдик менен каршылык көрсөткөн Чымыр бийди, бала чагымда басмачы, эл душманы деген сөздөрдү көп эле угар элем. Анан өзүмө “эмне үчүн?” деген суроо берип, өзүм койгон суроолорго жооп таппай келгем.
Көрсө, Чымыр бий кызыл баскынчыларына каршы чыккан нукура улуттук баатыр экен, анткени ал кылым карыткан кыргыз баалуулуктарын бир заматта түп тамырынан бери талкалап, бөтөн орус бийлигин орнотконго каршы турган.
Совет бийлиги тарабынан элдин башын айлантып башкаруу, бөлүп-жаруу, бири-бирине тукуруу, куулук менен ар кандай ыкмаларды кеңири пайдаланып, түшүнүктөрдү алмаштыруу аркылуу нукура кыргыз бийлигинин өкүлдөрүнө жөнөкөй кыргыз журтчулугуна каршы койгон. Ошондуктан кызыл баскынчылар менен күрөшкөн, алардын кысымына, кордугуна чыдабай каршы чыккан Фергана (Бөрүкана) өрөөнүндөгү мыктылар “басмачы” аталышкан.
“Басмачы” деген большевиктер тарабынан киргизилген жасалма түшүнүктү, биз чолок акыл менен карасак, анда ал Совет бийлигинин орнотулушуна каршы чыгып, колуна курал алып, өз элин талап-тоноо, өлтүрүү жолуна түшкөн адам. Эгерде терең акыл калчап, ой жүгүртүп көрсөк, анда арстан жүрөк улуттук баатырлар (басмачылар) – кыргыз элинин кылым карыткан көчүнүн бузулганына макул болбогондор, кыргыздын байыртадан келе жаткан ата-бабасынын үрп-адаты, салт-санаасын тебелеп-тепсеп таптакыр жок кылгысы келген чыныгы орус баскынчыларына жүрөгүндө от болуп күйгөн улуттук намысы жана канында кайнаган боштондук сезими болгондугу үчүн колуна курал алып, улуттук өзөгүбүзгө доо кетирбөө максатында каршы тургандыгына болуп өткөн тарыхый окуялар күбө.
Ошондой канында боштондук сезими кайнаган баатырдын бири болуп Чымыр бий эсептелет. Ал жалгыз беш атары менен орус баскынчыларына каршы күрөшкөндүгү үчүн күнөөсүз күнөөлүү болгон. Ошол себептен, Чымыр бийди басмачы, же эл душманы деп атоого таптакыр болбойт. Анткени, ал эч бир басмачылык кыймылга кошулган эмес жана кандайдыр бир белгилүү жерди басып алган учурду кездештирүүгө мүмкүн эмес.
Кызыл аскерлер менен беттешкенде, ал өзү бир аз жан-жөкөрлөрү менен бирге каршылык көрсөткөн. “Басмачы” аталгыдай ал өзү жашап жаткан жерин, өзүнүн моңол уруусу менен кошо басып алмак беле. Ал жүрөгүндө жалыны бар кыргыздын чыныгы патриоту, нукура улуттук баатыры болгон. Мында феноменалдык сапатты бүгүнкү муун билүүгө милдеттүү, себеби Союз учурунда орус баскынчыларынын кыргызга кылган тукум курут саясаты жөнүндө кыңк дей албай, же аларга каршы күрөшкөн баатырлардын эрдигин эл алдында ачык айта албай келгенибиз өкүнүчтүү.
Айрымдар: -Эми минтип, кыргыз эмне кыларын билбей, жол таба албай турганда анын байыркылыгынан эмне пайда?,- деген түркөй суроолорду бербей койбойт экен.
Биз улуу элдин урпагы экенибизди эстеп, бабалардын мурасын көздүн карегиндей сактап, өз акылыбыз менен жашаганга өтмөйүнчө, кыргыздын келечегин туман басып, “тирүү болуп санда жок, өлүү болуп көрдө жок” дегенге эле барабар болот. Андыктан, бул макала келечек муунга, өзгөчө Чаткал районунун жаштары өз тарыхын билип, аны ыйык тутуп, аны улуу рух деп таанууга өбөлгө түзөрүнө мен терең ишенем. Анткени, кыргыз эли эсине, улуттук ар-намысына келгенде гана тарыхтын барактары тазаланып, чыныгы улуттук баатырлар даңазаланат. Өткөндөр баркталбаса, же чыныгы мамлекетчил баатырлардын эрдиктери эскерилбесе, тирүүлөр даңкталбашы талашсыз маселе.
И. Н. ИСАБЕКОВ,
филология илимдеринин
кандидаты, профессор.