Жакында Ноокен райондук тарыхый-этнографиялык музейге он сегизинчи кылымда кыргыздын мундуз уурусунан чыккан Карга казы уулу Кулназар баатырдын эстелиги коюлду. Баатырдын айкелин анын чөбөрөсү, райондун Дамаш айылынын жашоочусу Даутбек Калдаров жасаткан. Айкел коюу салтанатына райондун тургундары менен бирге Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн, Жалал-Абад район-шаарларынын өкүлдөрү катышты.
Кулназар баатырдын ишмердүүлүгү
Адегенде эстеликти ачууга катышкандарга Кулназардын өмүр баяны менен кыргыз эли-жерин коргоодогу анын баатырдык ишмердүүлүгү баяндалды. Баяндамага ылайык ал болжолдуу түрдө 1830-жылдары, Базар — Коргон районундагы Караңгы-Колот деген жерде туулган. Ал жаш чагында эле ат жалында ойноп, эр сайыш, эр эңиш, күрөшкө түшүп, күчтүү болуп чоңойгон. Баатырдын эр жүрөктүүлүгүн, тайманбастыгын Т. Касымбековдун “Сынган кылыч” романында, Ташкенге чабуул жасап жатканында арт жагында жүргөн удайчы атып өлтүргөн Алымкул аталык да жогору баалаган. Алымкул аталык аны алтын кемер, күмүш чапан жана канжар менен сыйлаган. Эл оозунда айтылып келаткандай Алымкул аталык Кулназарга ал өзү жашаган Ачы, Акман өрөөнүн түбөлүккө ээликке бердирткен. Алымкул аталык Кулназардын өтүнүчү менен ондогон ханды салык төлөөдөн бошоткон. Баатырдын кош миздүү канжарын Калдаров Даутбек сактап жүрөт. Кудаяр хандын бийлигине каршы Исхак Асан уулу (Болот хан) баштаган элдик көтөрүлүшкө Базар-Коргондун Колот айылынан Мамыр мерген жана ачылык Кулназар баатыр өз аскерлери менен катышкан. Алар баштаган көтөрүлүшчүлөр Жалал-Абад, Хан-Абад, Өзгөн шаарын каратып алышкан. Бирок, курал-жарагы жетишсиз көтөрүлүшчүлөр Кокон аскерлерине жеңилген. Анын айынан ыңкылапчылардын бир тобу качып жүрүп, Тогуз — Торо, Кетмен — Төбөдө баш калкалоого аргасыз болгон. Мамыр Мерген Алайга, Кулназар Кетмен-Төбөдөгү Такталык деген жерге көчүп кеткен. Кулназарга падышалык Орусиядан мунапыс берилген. Ал ата-журтуна кайрылып келип, 1891-жылы каза болот. Сөөгү ыйык Аюп-Булак мазарына коюлган. Анын чөбөрөсү Даутбек Калдаров эскергендей, атасы Абдраимдин айтуусунда Кулназар баатыр Мамыр мергендин аскер башчысы болгон. Мамыр мергендин үч туусунун бири Кулназар баатырда жүргөн. Кулназар туу башы болгон.
Кыргыз уруулары – бир эл, бир журт
Ноокен районунун акиминин орун басары Зияда Юлдашева өз сөзүндө чет душмандардан коргогон “кара кыргыз – Алай ханышасы” Курманжан датка өңдүү эл башчылар жана баатырлар көп болгондугун, алардын өлкөбүздү коргоодогу жана өнүктүрүүдөгү эр жүрөктүүлүгү ушул күндөрдө да кыргыздын кайраттуу, күчтүү уул-кыздары тарабынан улантылып келе жаткандыгын белгиледи.
-Мамлекетибиздин дүйнө элине таанылышына мурдагы жана азыркы баатырларыбыздын кошкон салымы зор. Жер жүзүндө өзүнчө мамлекет боло албаган элдер да бар. Көптөгөн баатырларыбыздын аты-жөнү тарых бүктөмүндө калганы менен мына эми белгилүү болуп келе жатат. “Сынган кылыч” өңдүү тарыхый чыгармалардан улам канчалаган эл баатырларын билип калдык. Кулназар баатыр да жалпы кыргыз элине таанымал инсан. Анын эстелигин коюуга жергиликтүү бийлик тиешелүү чечимин чыгарып берген. Тарыхта бул баатырдын да изи калды. Бул жерде Кулназар бабабыздын чөбөрөлөрү, урпактары отурат. Биз ал жана Ноокен районунан чыккан Социалисттик Эмгектин 14 Баатыры жана КРнын Эл Баатыры, Эл артисти жана ЖКнын үч жолку депутаты Д. Садырбаев менен сыймыктанабыз,- деди З. Юлдашева.
Андан кийин сөзгө чыккан райондун ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыманап Токтогулов Ноокендик баатырлардын айкелдери райондук бийликтин маңдайына тургузулгандыгын, өзү мурдагы Ленин районунун Калинин атындагы колхоздо башкарма болуп, иштеп турганда ушул айылдан чыккан Социалисттик Эмгектин үч Баатыры менен кошо иштешкендигин эске салды. Ал айткандай: “Батырлардын учугу уланууда. Мындан ары да баатырлар чыгат. Кулназар өз мезгилинде эл-жерибизди коргогон, күчтүү баатыр болгон. Баатырлардын эрдиги аркылуу кийинки муундун өкүлдөрү тарбияланат. Алардын колдоосу менен бир топ ийгиликтер болууда. Райондун калкынын 30 пайызын мундуз уруусундагы адамдар түзөт. Ар башка уруулардан болгону менен кыргыздар бир эл, эч кимибиз бөлүнбөй, ынтымакты бекем сакташыбыз керек!”
Ал эми республикадагы мундуздар коомунун төрагасы Сапаралы Чыналиев:
-Кулназар абабыздын эстелиги ачылаарын биз эки жума мурда уктук. Эстеликтин бүгүнкү ачылышына Кеминден, Аксыдан, Сузактан мундуз коомунун өкүлдөрү келишти. Кулназар абабыздын убагында Жалал-Абад облусунда аты белгилүү болгон баатыр экендигин билдик. Ноокенде эмгек Баатырлары өтө көп. Анын мисалы катары райондун Апыртан айылында туулуп-өскөн таанымал кинорежиссер, акын-жазуучу, КРнын Эл Баатыры Д. Садырбаев менен Ноокенде төрөлүп, Майлуу-Суу шаарында өскөн Конгантиев Молдомусаны жана башкаларды айтсак болот.
Жалал-Абад облустук мундуздар коомунун төрагасы Уламсабыр Акматов салтанатка катышуучулардын көңүлүн эл-журтка кызмат өтөгөн Кулназар, Мамыр мергендей баатырлар аркылуу балдарга туура тарбия берүү жагына бурду. Ал айткандай кайсы жерде мундуз уруусунун өкүлдөрү болсо, ал жерлерде коом иштеп жатат.
-Атилладан (Адыл баатырдан) баштап, эстеликтер коюлду. Ысык-Көлдүн жээгинде “Баатырлар аллеясы” ачылды. Кулназар менен Мамыр мергендин айкелин да ошол жакка орнотсок болот. Мына бүгүн Кулназар баатыр Ноокендин музейинде даңкталып жатат. Уул-кыздарыбыз эл-жер үчүн күйүп-бышкан, ал үчүн өмүрүн аябаган баатырлардын эрдиги аркылуу тарбия алат. Жакында эле Тажикстан Баткен облусуна кол салганда чек арачы не деген эр жигиттер Баткендин бир сөөм жерин аларга бербей, жаштайында курман болушту. Бир жигитибиз өз аскерлерин сактап, өзү менен кошо 5-6 тажикти кошо жардырып, шейит кетти. Балдар-кыздарды Мекенди сүйүүгө үйрөтүү үчүн азыркы жана мурунку баатырлардын эрдигин айтып, түшүндүрүп, “Манастагы” “Чоң казатты” окутуу зарыл! Биз кыргыздар түптүү, кут даарыган, таза кандуу жана аруу элдин урук-тукумдары болобуз! Кыргыздын бардык уруулары бир эл, бир журт, бир мамлекетпиз! Улууларды урматтай билели. Улуулар урматталмайын кичүүлөр ызатталбайт,- деп айтты У. Акматов. Анын кебине толкунданган Сузак райондук мундуз коомунун төрагасы Жаныбек Карабаев ушундай салтанаттарга жаштарды да патриоттуулукка үйрөтүү үчүн катыштыруу маселесин козгоду.
Көзү өткөн ата-бабалардын даңкы болбой, өсөр элдин баркы болбойт
Кулназар баатырдын эстелигин коюунун башында турган журналисттер союзунун мүчөсү, тарыхчы Абдрахман Исаковдун айтымында “өткөн ата-бабалардын даңкы болбой, өсөр элдин баркы болбойт”. Ата-бабалардын бейиштей болгон жерибизди сырт душмандардан коргоп, кийинки муунга өткөрүп бергендигин биз баалоо менен биз да келечек муунду эли-жерин сүйүүгө, патриот, мекенчил болууга тарбиялашыбыз керек. Ал Фергана өрөөнүндөгү Кулназар, Кубат бий өңдүү эл башчылардын ишмердүүлүгү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
-Шералы хандын убагында Нүзүп бийдин көзүн тазалагандан кийин Кокон хандыгында бийлик талашуу жүрөт. Ал хандык кыргыз жерине көз артып, кыргыздарга салык салып, өздөрүнүн казынасын толтурууну ойлошот. Кулназар баатыр өз уруусун бириктирип, Кокон хандыгына каршы туруп, өз элинин жашаган жерлерин жер, зекет, ар бир жандыкка, мал менен жылкыга, койлорго салган салыктардан арылткан. Кудаяр хан экинчи жолу бийликке келген мезгилде карапайым букараны эзүүсүн күчөткөн. Мына ошол себептен Анжиян көтөрүлүшү келип чыккан. Эл ошол катуу эзүүгө чыдабай, Кудаяр ханды тактан алуу үчүн көтөрүлүш баштайт. Алар Полот ханды Анжиянга жакын Ботокара деген жерде хан көтөрүшкөн. Кокон бийлигин кулатууда Кулназардын салымы чоң. “Анжиян көтөрүлүшүнүн активдүү уюштуруучусу” деген мааниде Базар-Коргондон чыккан Мамыр мергенди даргага асып өлтүрүшкөн. Кулназарды да куугунтукташканда ал Токтогул тарапка качып, жашырынган. 18-кылымдын экинчи жарымында Фергана өрөөнүндөгү кыргыздардын ордосу Анжиянда болгон, аны Кубат бий башкарган. Ошол мезгилде Наманганды, Фергананы, Маргаланды кыргыздар жетектеген. Кокон хандыгынын тарыхында Кубат бий: “Анжияндык кыргыздардын ханы, жолбашчысы, Фергана өрөөнүнүн падышасы” деген наамга ээ болгон. Хандык наамды ага Бухаранын эмири Рахим бий берген. Кубат бийдин тушунда кыргыздын жерине Кокон хандыгы бут басып, келе алган эмес. Бирок Кокон хандыгы Кубат бийдин көзүн тазаламайынча кыргыздын жерине ээлик кылуу мүмкүн эместигин түшүнгөн. Кубат бийди алдап, ордого чакырышып, “Сиз биздин таянычыбыз” деп, кутум уюштуруп, аз жигити менен барганда жарадар кылышкан. Кубат бий өзүнүн жигиттерине: “Менин денемди сактагыла” деп, эки жигити аны Кокон хандыгынын ордосунан алып чыгышкан. Катуу жарадар болгон Кубат бий жигиттерине: “Менин кайтыш болгонумду эч ким билбесин!”, “Менин көз жумганымды жан адам укпасын”,- деген керээзин айтып, дүйнө салган. Эки жигит Сере жайлоосуна бара жаткан жердеги көп арчанын ичинен көр казып, анын сөөгүн жашырышкан. Ошол жер азыр “Жолборс мазар” деп аталат. Бирок ал жерде мазар жок. Кубат бийдин тушунда кыргыз жерине Ташкен тараптан орустар басып келе алган эмес. Падышачылык бийлик Орто Азияга, кыргыз жерине кызыгып, Ташкенди, Фергананы, Наманганды басып алган. Ошол кезде кыргыздар Полот хандын жетекчилиги менен Кудаяр ханды тактан кулатып, бийликти колго алышкан. Полот хан кан төгүүнү токтотуу үчүн бийликти таанууну кабыл алуусун суранып, өз өкүлүн Ташкендин губернатору фон Кауфманга жөнөткөн. Бирок падышачылык бийлик ордосун таштап, Ташкенге качып барган Кудаяр хан менен сүйлөшүп, аны колдогон. Полот хандын бийлигин кабыл албай койгондон кийин орустар Анжиян, Фергананы, Наманганды басып алышып, Полот ханды колго түшүрүп, дарга асышкан. Кулназар эли-жерин падышачылык орус аскерлеринен сактоо үчүн Полот хандын жанында эң көрүнүктүү “парваначы” болгон. Орустарга каршы күрөшкөн. Кулназар Ноокен районунун Шайдан айылында жашаган. Чөбөрөсү Калдаров Даутбекте Кулназардын кылычы, кайыш куру жана башка колдонгон буюмдары сакталып калган. Ошол буюмдарды музейге тапшырууга Даутбек өз убадасын берди.
Республикалык Өзгөн тарыхый музей-комплексинин директору Султан Абдракманов Ноокен райондук тарыхый-этнографиялык музейди бир топ калыптандыруу маселесин козгоду, анткени азыркы Ноокен жана Базар-Коргон райондору советтик мезгилде бир район болгон.
-Салтанат башталгыча Ноокен райондук музейге кирип, музейде 1200дөн ашык экспонаттар, тарыхый баалуулуктар бар экенин көрдүм. Эгер ушунун баркына жетпесеңер, ушу Кулназар баатырга окшогон улуу адамдарга тиешелүү буюмдар эртеңки күнү улам ар башка иш чарага алып барыла берсе, калганын да жок кыласыздар. Доке (Дооронбек Садырбаев) түз айтканды жакшы жүрчү. Ушунча баалуулук менен ушу жерге жакшы, жаркыраган жаңы тарыхый музей салып алсаңар экен. Калкыбызда: “Атаң алтымышка чыкканда, алдап жүрүп күчүн ал”,- дейт. Абдракман аке менен эртели-кеч сүйлөшүп жүргөн жайыбыз бар. Музейде он адам эмес, миң адам иштесе да аздык кылат, анын түйшүгүн 3-4-жыл музей тармагында иштеп, билип калдым. Сырттан келген конокко жакшы көрүнөт. Кулназар атабыздын аты кечээ жакында эле козголуп калды. Бул жерге Кубат бий атанын эстелиги тургузулуптур. Кубат бий учурунда Анжиян өрөөнүндө жашаган элдин башкаруучусу болгон. Хан атагына ээ, кезегинде Эрдана, Нарбото бий менен үзөңгүлөш турган улуу инсан болгон. Ноокенде кыргыздын бардык урууларынын өкүлдөрү жашайт. Элибизде ынтымак, биримдик болсун! Ынтымак болбосо, биринин этегин бири көтөргөн азыркы күндөгү аксымдыктардан, арам ойлордон, жердешчилик деңгээлден көтөрүлө албай калабыз. Бардыгыбыз биригип, кыргыз деген улуу түндүктү бийик көтөрүүгө салым кошуубуз керек. Кыргыз мамлекети болбосо, биз эл деле болуп жарыбайбыз. Бүгүнкү күндө 63 миллиондон ашык уйгур туугандар мамлекети жок, журту жок, азабын тартып жүрөт. Алла Таалам бизге, алты миллион элге ушундай улуу түндүктү көтөрүп, мамлекет деген кутту берип койгонуна чогуубуз менен шүгүр келтирели! Кулназар – Ноокен, Ачы, Сузак, Базар-Коргондун гана эмес, жалпы түштүк элинин бүгүнкү урпактардын уруулашы ардын атасы, сыймыктанган баатыры болуш керек. Бул жалпы кыргыздын баатыры десек анын баркы көтөрүлөт. Аны менен бардык эл сыймыктанат. Биз Байтикти, Шабданды, Ормон ханды билебиз. Ар бир уруудан чыккан баатырларды жалпы кыргыз баатыры деген сыймыкка жеткирсек, алардын даңкы көтөрүлөт. Биз кыргыздан чыккан баатырлардын баарын билебиз. А бирок өзүбүздөн чыккан баатырларды да унутпасак! Аксакал агалар, балдарга тарыхты үйрөткүлө. “Бирдики – миңге, миңдики – түмөнгө!”,- дейт. Элибизде ынтымак, тынчтык, биримдик болмоюнча мамлекетте өнүгүү болуусу кыйын. Кулназардын эстелигин ачылышы менен улуу-кичүү бардыгыбызды куттуктайбыз. Ал бир өрөөндүн эмес, бүтүндөй кыргыз элинин мыкты уулуна айланышы керек,- деп айтты тарыхчы Султан Абдракманов.
Салтанаттын аягында Кулназар баатырдын арбагына куран окулуп, эстелигинин кызыл тасмасы кесилди. Эстелик Кубат бийдин айкелинин жанына орнотулду. Кулназар баатырдын эстелигин жана анын мааракесин даярдоо, өткөрүү иш-чараларына активдүү катышкандарга сый чапандар менен калпак кийгизилди.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ, журналист.