Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Геометриялык элестөөлөрдү өнүктүрүүдө чен жана ченөө жөнүндө билишет. Узундуктарды ченөөчү каражаттар менен таанышат.
Өнүктүрүүчүлүк: «Чоңдуктарды ченөө» модулу, «Түшүндүрүү жана негиздөө» стратегиясын негизинде иштешет. Анализдөө жөндөмдүүлүгү өсөт, талдайт, өнүктүрөт.
Тарбия берүүчүлүк: Ойлонууга, ойду так айта билүүгө, түшүнгөнүн негиздеп берүүгө тарбияланышат.
Күтүлүүчү натыйжалар:
Геометриялык элестөөлөрдүн өнүктүрүү дө чен жана ченөө жөнүн- дө биле алышса;
Түшүндүрүү жана негиздөө стратегиясы негизинде иштей алышса;
Ойлонууга, ойду так айтууга көнүксө, түшүнгөнүн негиздей алышса;
Сабактын жабдылышы: окуу китеби, дептери, сызгыч, баалоочу каражаттар, телевизор, таратмалар, сүрөт.
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабактын формасы: жалпы,жеке иштөө.
Сабактын методу: интерактивдүү.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Үй тапшырмасын суроо. Өтүлгөн теманы актуалдаштыруу. Жаңы тема. Бышыктоо. Физь. Минутка. Үйгө тапшырма. Баалоо. Кайтарым байланыш.
Мугалимдин иш аракети:
Саламдашат. Тазалыкка көңүл бурулат. Жоктоо. Сабакка даярдоо. Жагымдуу маанай түзүү. Үй тапшырмасын парта аралап текшерүү. №4.
Логикалык мисалдар берилет:
Булар эмнелер?
Булар эмнелер?
А буларды эмне деп ойлойсуңар?
Демек, бүгүнкү темабыз: «Узундуктарды ченөө». Узундукту дагы эмнелер менен ченесек болот?
Мугалим узундук жана узундукту ченөөчү буюмдар жөнүндө маалымат берет.Тема боюнча телевизордон сүрөттөр көрсөтүлөт.
Маселе: Бизге 2 карандаш берилди. Көк карандаш кызыл карандаштан канча смге узун экенин бил. Таблицаны оозеки толтурушат. (Таблицанын үлгүсү берилет)
9 жана 2 сандарынын айырмасы канча?
4 жана 5 сандарынын суммасы канча?
Аиданын 4 карандашы бар. Кара карандаш түстүү карандаштардан 3кө кем. Аидада кансча түстүү карандаш болгон?
Вазада 4 кызыл жана 5 көк алма бар. Вазада канча алма бар?
Физьминутка жасашат.
Математик балдарбыз,
Эсептөөдөн талбайбыз,
Бир эки үч,
Отурабыз тынч.
Берилген буюмдун узундугун ченөө.
Карточкалар аркылуу суроо:
-Бүгүнкү сабакта эмнени үйрөндүңөр?
— Узундук деген эмне?
— Узундукту эмне менен ченейбиз?
-Узундуктун бирдиги?
-Эмне жакты?
-Эмне түшүнүксүз болду?
Окуучулардын иш аракети:
Саламдашат. Сабакка даярдык көрүшөт. Жагымдуу маанай түзүшөт. Үй тапшырмасын көрсөтүшөт. Карточкадагы мисалдарды иштеп жармаштырышат. Сабакты көңүл буруу менен угушат. Түшүнгөндөрүн айтышат. Узундукту ченөөчү буюмдар менен таанышат. Маселени оозеки иштешет. Таблицаны толтурушат. Маселени дептерлерине жазышат. Тапшырманы алышат. Суроолорго жооп беришет.
Компотенттүүлүк: НК1, НК2, НК3, ПК1, ПК2, ПК 3.
Нулифар КАМАЛОВА,
Багы-Шамал торто мектебинин мугалими,
Ала-Бука району.