Домой Чыгармачыл аалам Ыр даарыган өмүрлөр Турдалы Алыбаев: “Оору” деген болбос үчүн жаңыдан. Мен...

Ыр даарыган өмүрлөр Турдалы Алыбаев: “Оору” деген болбос үчүн жаңыдан. Мен өлүмгө эшик болуп жабылам.

8


Турдалы Алыбаев бар болгону отуз жыл өмүр сүрүп, ошол кыска өмүрүндө кылымда кыярбас ырларды таштаган акын. Анын “Жүрөк оту” деген ырлар жыйнагы өзүнүн көзү өткөндөн кийин, белгилүү жазуучубуз Шабданбай Абдырамановдун түздөн-түз аракети жана акындын досу, калемдеши, таланты таш жарган акын Турар Кожомбердиевдин баш сөзү менен өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынын башында жарык көргөн. 2020-жылы уулу Жеңиш мага атасынын жыртыла жаздаган жалгыз китебин көтөрүп келиптир: “Ушул китепти жаңыртып коёюн дедим эле, жардам бере аласызбы?”,- дейт. Турдалыдай акынга жардам бербегенде кимге жардам берет элек, дароо эле компьютерге терип, калган бардык ишин бүтүрүп, мурда китепке кирбей калган ырларын кошуп, Турар Кожомбердиевдин баш сөзүн ошол калыбында калтырып, басмага даярдап бергем. Кийин китепти чыгарып, бирөөсүн мага берип жибериптир, өзү Көк-Жаңгакта турат. Төмөнкү ырлар акындын кошумчаланып, экинчи ирет басылган “Жүрөк оту” деген ыр жыйнагынан алынды.

ФРУНЗЕ

Бактарыңа күлкү, жаштык төгүлүп,
Баар чачат балдан ширин көрүнүп.
Көчөң күзгү, каранышып жүздөрүн,
Ай жылмайып, күн күлүңдөйт эңилип.

Беттен сылап, тынчтык күлөт таңыңдан.
Талант тамат сууларыңдын шарынан.
Үйлөрүңдү билим жыты аңкыган,
Ысык көрөм сүйүп алган жарыман.

Түндөрүңчү, сүттөй жарык балбырап,
Шам кучактап, кыз бетиндей албырат.
Жүрөктөрүн махабатка толтуруп,
Нечен жаштын сүйүү отун жандырат.

Терметесиң бейпилдиктин бешигин,
Ушул сенин каалап күткөн кесибиң.
Эрте-кечте кабагыңдан жылдыз жаап.
Конокторго ачык турат эшигиң!

ТООДОГУ ТАҢ

Аскадан моюн созуп күн акырын,
Көз жаштай шүүдүрүмдөр кулап жатты.
Абага шамал бүркүп гүл атырын,
Торгойлор комуз кылын бурап жатты…

Ийнедей беттегини терип шагдам,
Жайылды жылгаларга тартып малдар.
Чырымтал жаштык кезин көрүп таңдан,
Отурат дөңсөөлөрдө карап чалдар.

КӨЛГӨ БАРЫП…

Токтолбой катуу жулунуп,
Толкунга толкун урунуп.
Таштарга тийип жанчыла,
Тартылат кайра бурулуп.

Көл бетин сылап жел келип,
Көк аккуу уктайт термелип.
Карасам эргип кыялым,
Калдым мен кыйла демденип.

Киринсем бетти нур чалып,
Көөшүдү көлүм тынч алып .
Кетирип такыр тардыкты,
Кеңдигин алдым курчанып.

***
Көзүм тойбой турган жердин жазына,
Көз жиберем ой-кырына, сазына:
Каректерим тарап-тарап тамырдай,
Жерим менен жуурулушат камырдай.

КӨЗГӨ КЕЛИП

Саякаттап… Мекенимден тыштамын,
Канча жерлер жагып жакпай өзүмө…
Кечинде искеп кооз гүлдүн жыттарын,
Түндө уктадым эс алдырып көзүмө.
Түн жармында мен ойгонсом кыштагым
Көрктүү жердин баарын түртүп арыга,
Көзгө келип турган экен дагы да….

***
Өткөнүмдө Кескен-Белден ары ашып,
Өрүк-алма сагынычтуу карашып.
Тосуп алды кучак жайып желедей,
Көңүлдөгү кусалыкты таратып.

Токой ичи күүгө толуп шаң куруп,
Толкун, толкун табылгылар албырып.
Арча, кайың маңдайымдан сылашты,
Шыңк-шыңк күлүп, шылдыр кагып сан булак,
Элжиретет каныма үнү тамчылап.
Түркүн куштун оркестри … Курчуттум
Мен өзүмдү аларга улам жанчылап…

Көрктүн баарын көзүм менен шимирип,
Көл, чөп, ташы карегиме илинип….
Ширелишип болуп калдык бир бүтүн –
Мен токойду, токой мени сиңирип…

***
Зуу-зуу этет телефондун зымдары.
Жандуу сымак даана турат сезилип,
Сөздөр учуп, сөз ичинде жылганы….
Ага отуруп, күнгө кактап далысын,
Канаттуулар таңшыгансыйт дайыма,
Биздин доордун жүрөгүнүн кагышын.

МАГА КЫМБАТ

О, тууган жер, учкул канат куштарың,
Кыялымды кытыгылайт шыр учуп.
Ары түртүп табияттын муз-карын.
Көрүнүшүң көңүлүмдү жылытып.

Эркиндикти эске салат көрүнгөн,
Булутуңдун өйдө-төмөн көчүшү.
Мага кымбат, токсон жылдык өмүрдөн,
Элесиңдин бир тартылып өтүшү.

Мага кымбат: сулуулукка бекине,
Күүгө мелт-калт толуп турган талаалар.
Бир гана ирет бут коюшум четине,
Жүз жыл жашап өткөн менен барабар.

ФРУНЗЕНИН КЕЧТЕРИ

Шамалынан эне мээри байкалып,
Жым-жыт этип, жылдыз көлү чайпалып.
Элжиретип Фрунзенин кечтери,
Жаштыгыңды кайра берет кайтарып.

Күүлөр агып, шаардын бардык жеринде,
Алга сүрөп, шаттык күлүп көңүлгө.
Кыздай күлүп Фрунзенин кечтери,
Билдирбестен өмүр кошот өмүргө.

Караңгылык тээ алыска түртүлүп,
Абасынан жыпар жыты бүркүлүп.
Жаздай жайнап Фрунзенин кечтери,
Күлүңдөшөт, күмүш түсүн сүртүнүп.

…Шамалынан эне мээри байкалып.
Жым-жым этип, жылдыз көлү чайпалып.
Элжиретип Фрунзенин кечтери,
Жаштыгыңды кайра берет кайтарып.

ТУУГАН ЖЕР

Эмнеликтен билбейм өзүм кандайын,
Кабатталган тоолоруңду ар дайым –
Көргөн кезде элестетем көзүмө,
Атакемдин бырыш баскан маңдайын!

Жазда тандап гүлдөрүңдү теремин,
Жыттап койсом кайрат күчкө келемин.
Коктуларың кышта болуп жыпжылуу,
Коюнуна окшоп кетет энемин!

ТОРГОЙ

Таң алдында бийик көккө атылып,
Торгой чыкты жата бербей катылып.
Тууган жерин баш-аяксыз созулган,
Жүгөрүдөй жүрөгүнө батырып.

Санаттарын салып түрдүү калыпка,
Алыс-алыс торгой учту алыска.
Ошол жактан карап алып жер көркүн,
Даяр турду тамчы болуп тамышка.

Заматта эле сагынычы чөктү бүт,
Сайрап кирди оозун ырга көптүрүп.
Ийне учундай ичке ширин тилинен.
Тонна-тонна ыр нөшөрүн төктүрүп…

Капысынан шамал жүрүп чаң учса,
Төмөндөдү өөп-жыттап алышка.
Даярданды туулуп өскөн жери үчүн,
Ширеңкедей бир дүрт этип жанышка…

АЛЬБОМГО

Калтырдым беттериңе жаш чагымды,
Калтырдым көмүр кара чачтарымды.
Кыялдын отторуна ысып күйүп,
Кыз менен кечте бакта басканымды.

Калтырдым кайра тартпас шыр агымды,
Кайратым кайнап турган курагымды.
Таштарды сыга кармап, бал чыгарып,
Тамчыны дайра кылар убагымды.

Арт жакка таштап шаар, элеттерин,
Ашармын турмуштун зор белестерин,
Карыса мезгил карып, бирок, такыр
Карыбас сенде калган элестерим…

***
Биринчи өбүү – сүйүүнүн,
Дарбазасын ачканың.
Төрүн кайран үйүңдүн,
Алгач кадам басканың…

***

Дал келсе сулуулугу талабыма,
Кызыл гүл тартып мени жамалына.
Таажысын желек кылып желбиретет,
Теминген тоонун күлүк шамалына.

***
Жыпарын жел аргыга жык толтура,
Жөнөтүп оңго мына, солго мына.
Күлүңдөйт, кыз мүнөзүн туурап секин,
Күн нурун уучтап алып колдоруна.

КАТ

Сүйгөнүмдүн сүйүүсүнө чөмүлүп,
Келсе ошол кыздын мээри төгүлүп.
Күйүп турат жүрөгүнүн жалыны,
Ар тамганын арасынан көрүнүп.

Таң каламын сенин мындай күчүңө,
Болсоң дагы өзүң абдан кичине.
Таразага тартып бүткүс ак сүйүү,
Кантип келди? Кантип батты ичиңе?

Ошол сүйүү меникине бириге,
Көктөп өнүп тамыр жайып күнүгө,
Маяк болуп жолду туура көрсөтөт,
Келечекте менин курар үйүмө.

…Сүйгөнүмдүн сүйүүсүнө чөмүлүп,
Келсе ошол кыздын мээри төгүлүп.
Күйүп турат жүрөгүнүн жалыны,
Ар тамганын арасынан көрүнүп.

***
Сен болсоң ишке ашчудай көксөгөнүм,
Сен болсоң толуп турат бөксөлөрүм.
Сен болсоң турмушка мен тамыр жайып,
Ашыктан алчы конот өкчөгөнүм.
Сен болсоң көөдөнүмдү жаз кучактайт,
Сен болсоң ошол менин көктөгөнүм!..

ТҮШҮМӨ ТОКОЙ КИРЕТ

Түшүмө токой кирет жашыл ыраң,
Жыпарын каңылжарга чачып улам.
Уулундай сылап-сыйпап эркелетет,
Кучактап коюнуна катып улам.

Урунбай күндүн күчтүү аптабына
Баш жөлөп чордуу колдой капталына.
Отурсам антеннадай күүсүн соруп,
Тургансыйт ыр асылып шактарына.

Элжиреп бардык, бардык туштарыңан.
Сыймыктуу салам берет куштар улам.
Сүйүүсү ата-энемдин таамп турат.
Суйкайган жалбырактын учтарынан.

КҮНДӨР

Эх, күндөр, кызыктарга толтурасың,
Ар убак жакшы ой менен кол сунасың.
Салааңдан турмуш балын тамчылатып,
Жашоону мынча ширин болтурасың.

Өмүргө мелт-калт толо мүнөттөрүң,
Эч качан ажырабай ширешкениң.
Өзүңдөй бийиктикке жеткиресиң,
Өрт жүрөк адамдардын сүрөп көбүн.

Поэма – өзүнчө ар бир сааттарың,
Окусам саптарынан агат жалын.
Шыгына угут кошуп илебиңен,
Канчанын жетилткенсиң канаттарын…

Эх күндөр, кызыктарга толтурасың,
Ар убак жакшы ниетте кол сунасың.
Салааңан турмуш балын шорголотуп,
Жашоону мынча ширин болтурасың
.
***
Тарабайт такыр менин сагынганым,
Түшүмдө дайым сенин жаныңдамын.
Көрө албай өңдө сүйкүм карааныңды,
Кечээ мен кусалыктан жалындадым.

Сүйсөм да барктап, сыйлап жаш чагыңдан,
Билбепмин илебиңди таш жарылган.
Кусалык өзөгүңдү өрттөгөндө,
Көрүндүң сүйкүмдүүрөөк баштагыдан.

НАНДАР КЕЛДИ

Анда менин бала кезим,
Эс-эс билем кичине.
-Нан! Нан! Ата,- дедим,
От жүгүрүп ичиме.

Бекем кысып өөп беттен,
Үйдү, мени каранып.
Атам алыс жөнөп кеткен:
“Келем сага нан алып”.

…Нан да келди дүкөн толуп,
Тойдум, Тойду эл деги…
Күттүм… Күттүм куса болуп,
Бирок атам келбеди…

Сени сактап кыйып жанын,
Тыйып жоонун чатагын.
Тамчылаптыр сага наным,
Тери, каны атамын.

Сени наным жеген сайын,
Ала коюп колума.
Жутар кезде кылт деп дайым
Атам түшөт оюма!
***
Ар качан тарых окуп жатканымда,
Ойлорум жердин алыс жактарында.
Чабыттап өткөн күндүн элестери,
Тизилип тура калат жаш канымда.

Ар качан тарых окуп жатканымда,
Бир толкун пайда болуп жаш канымда.
Эл үчүн жанын кыйган адамдардын,
Жүрөгү согуп турат саптарында…

АЛЫМ ЖОК

Алым жок. Жатам турбай орунумда,
Куйкалайт кээде оорунун чогу мында.
Жер шаары көз учунда тегеренип,
Укпаймын жолдоштордун кобурун да.

Кан кызып тамырларды тарсылдатып,
Какшаса бир жагынан башым жанчып.
Артынан ичкен дары өмүрүмдүн,
Саргайган жалбырагын жашылдантып.

Дарылар чабуул коюп улам агат,
Оорунун тамырларын жула барат.
Каккылап жашоо турмуш коңгуроосун,
Келечек көз алдымда тура калат.

***
Таштай катып, оору чырмап карышып,
Тамырымда муздар агат жарышып.
Калтыратат, титиретет, боздотот,
Канжарларын жүрөгүмө малышып.

Кенен дүйнө болуп ийне көзүндөй,
Сонундардын сонундугу сезилбей.
Алым кетип, туман таптап башымды,
Араң турам, араң турам эзилбей.

Кайгырбаймын, кайгырбаймын жалындай.
Кайгырбаймын кеткениме табылбай.
Кайгырамын, кайгырамын бир гана,
Калганыма элим үчүн жагылбай…

Арман кылбайм айрылганга жарыман,
Айрылганга балдарыман баарынан.
Учкундары өрткө айланбай жүрөктүн…
Ушул үчүн мен тагдырга таарынам.

Мен өлүмгө эшик болуп жабылам,
Мээсине казык болуп кагылам.
Эч бир сыртка чыгарбаска кулптанып,
“Оору” деген болбос үчүн жаңыдан.
Мен өлүмгө эшик болуп жабылам.

АКЫРКЫ ЫР

Эмне кылам?
Сурайм кимден жардамды?
Жүрөк күйүп.
Таппай турам аргамды.
Кантем, кантем?
Кандай айла кылсам да,
Көтөрөм да,
Тагдыр башка салганды