Жазуучу, журналист, акын, Кыргызстан жазуучулар жана СССР журналисттер союзунун (1973) мүчөсү А. Акжолов 1947-жылы Төш-Кутчу айылында туулган. Аким Акжоловдун биринчи ыры 1972-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланган. Кийин бул ыр өзбек тилине которулган. 1974-жылы Жунай Мавляновдун сунушу менен “Прометей” деген аӊгемеси жарык көргөн. Кийин ал “Ак куулар түгөйсүз жашабайт”, “Полковниктин айымы”, “Түшкө кирген карышкыр”, “Аристотелдин махабаты” деген аӊгемелерди жараткан. “Көк-Арт”, “Ырдын бейити болбойт”, “Спорттун формуласы кокустан жаралбайт”, “Кочкор палван”, “Калымбет комузчу” деген повесттери пайда болду. Анын орус тилинде “Кукушки прилетают весной” деген китеби да жарык көргөн. Бир нече аңгемелери өзбек тилине которулган.
Аким Акжолов Базар-Коргон райондук газетага башкы редактор болуп иштеген. Кыргызстан жазуучулар союзунда консультант, Жалал-Абад облустук газетада башкы редактор болгон. Ошондой эле “Кыргыз кабар” (Кыргыз ТАГ) агенствосунда, республикалык “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” газеталарында да үзүрлүү иштеди. “Манас–1000” медалынын, Кыргызстан журналисттер союзунун Ардак грамотасынын ээси. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасынын доценти, профессору болгон. Жети китептин автору. 2020-жылы дүйнөдөн кайткан.
Аким аке көп кырлуу талант эле. Чыгармаларын көп алып келчү. Бүгүнкү жарыяланып жаткан чыгармалары, менин билишимче, ал эч жерде жарык көрө элек. Мага таштап кеткен, көлөмдүү болгондуктан, жарыялай элек элем.
… 2020-жыл, күз. Аким аке эшиктин алдында отургучта күтүп олтуруптур, келем деп айткан болчу, чөнтөк телефон көтөрчү эмес. Мен көп күттүрүп койгонума уялып кеттим, “Айтып койбойсузбу келдим деп, мен беймарал жүрө бериптирмин”,- дедим. Ошол акыркы көрүшкөнүбүз экен, ар нерсени айтып, күлүп, күлдүрүп эле жүргөн. Өлүм оюбузга да келген эмес. Эки-үч күн өтүп, өзүм коронавирус болуп жатып калдым, ошол арада Аким акенин өтүп кеткенин эшиттим. Бир эле жума мурда каткырып жүргөн. Топурак сала албадым, кийин бардым, Нышан деген уулу бар экен, бир топ сүйлөшүп олтурдук…
Аким аке “Прозадагы ырларын” мага эмнегедир тогузунчусунан баштап бериптир, баш жагы жок, балким үйүндө болсо керек. Менде бары – тогузунчу ырдан, кыркынчы ырга чейин экен. Ошону менен бүтүрүптүр. Он чактысын жарыяладым. Калганын дагы көрө жатарбыз…
Прозадагы ырлар
Адам өлдү кечээ эле тирүү жүргөн,
Ак калпагын башынан түшүрбөгөн.
9. ТООЛОР – БУЛАР МИЛЛИОНЕРЛЕР
Тоолор турат дайыма көктү карап,
Турат алар үстүндө чапаны жок, ыштан кийбей,
Турат алар эч качан суук тийбей.
Алар турат кадимки падышадай,
Алар жашайт бүгүнкүдөй, байыркыдай.
Турмуш болсо жөө жүрөт чимирилип.
Бул тоолордун арманы, тили болбойт
Тил болсо да, эч качан жини болбойт.
Тоолор гана – миллиардер дүйнө каткан,
Тоолор гана март келет байлык жактан.
Геологдор жүрүшөт жинди болуп,
Жамгыр менен суукка башы тоңуп,
Китеп жүрөт илимдин тили менен,
Уктап калган тоолордун түшүн жоруп.
Ар бир тоонун өзүнүн тарыхы бар.
Тарыхына жараша жарыгы бар.
Азап жашайт тоолордо өрттөнбөгөн,
Көз жаш ыйын эч кимге көрсөтпөгөн.
Ал жашаган бир гана Асманды өөп,
Бул кыялын эч качан өзгөртпөгөн.
Бул тоолордун эч качан ыры болбойт,
Кудай менен эч качан чыры болбойт.
10. АЙЫЛДАГЫ КЕЧ
Күүгүм кирди айылга күндү узатып,
Уялчаак мүнөз менен. Жылуу болчу бул күүгүм.
Бойдок кыздын денесиндей, жука болчу көйнөгү жуулбаган.
Ыр бар болчу эч кимге угулбаган.
Күүгүм кирди айылга шоокум менен,
Жымжырттыкты көтөрүп денесине.
Күүгүм гана каткырбайт өмүр бою,
Бойдок кыздай таарынган энесине.
Күүгүм жашайт ободо ойлор менен,
Күүгүм жашайт короодо койлор менен.
Күүгүмдү биз күтчү элек көпүрөдө,
Көрбөсүн деп айылдан обочороок.
Күүгүм кезде сезимдер башка болуп,
Шамал менен күлкүлөр тоголонот.
Мындай кезде уялчаак мүнөз калып,
Сөздөр качат тоолорго тоо текедей.
Ортобузда сезим жашайт алыс кетпей,
Куйкаланат жүрөктөр шишкебектей.
Сен айландың күүгүмдө күүгүм болуп,
Укпайын деп апаңдын чакырыгын.
Бир оң күчтү жетелеп тоого кетти,
Жаңы келген күүгүмдөй каткырыгың.
Ортобузда жамгыр жаайт нөшөрлөгөн,
Биз турабыз өрттөнүп, кол чатыр жок.
Көзүңдүөпсөм, көзүңдөн күүгүм кетет,
Сүйүү гана күүгүмгө жетеленет.
… Күүгүм турат айыл кечин минип алган.
22.10.14.
11. УШАКТЫН АЗАБЫ
Сага ушак жеткиришти, кадимки эле ушак жеткиргендей.
Өрттөндүң эски саман өрттөнгөндөй.
Сен ийилдиң ушактын көздөрүнө,
Сен киринип ушактын тепшисине.
Ушак күлдү, ушак каткырды.
Чындыкты да чоң дуэлге чакырды.
Сен жеңилип баратканыңды сезбедиң,
Башкалар сезбегендей муздап калды денелериң.
Кыш чилденин тоңуп калган музундай.
Ушак – бул шайтандын кайын сиңдиси.
Кудай берген диплому ушундай.
Бул жолу ушак турду бийик болуп,
Чоң тоолорго чыгып кеткен кийик болуп.
Сага жакшы адамдар келишти,
Сен түшүнгөн адамдардай.
Тарап жатты сасык туман каптап алган,
Көзүң байлап, далыңдан таптап алган.
Сен ишенип жаттың чындыкка, ишенген Адамдардай,
Күн болсо чыгып жатат сагынгандай.
Чындыкка ишенгениң жакшы болду.
Ушак жашайт аялдын тилдеринде.
Ушак келет аялга конок болуп,
Ушак жашайт аялда жомок болуп.
Уялбаган сөздөр гана ушак болот,
Мээси начар аялга тузак болот.
Ушак – бул тоок ферманын башчысы.
22.10.14.
12. ЖАЙКЫ ЫСЫК-КӨЛ
Жайындасы Ысык-Көл уктай албайт, уктай албай онтогон аялдардай, оор жүк болуп эмчектери салаңдаган, ысык түндөн жуурканын жаба албаган!
Жайындасы Ысык-Көл кыйналат да түнү менен музыка жанын сабап, шарпылдайт да, шарпылдайт майда толкун, кум үстүндө түш көрүп чалдар жатат.
Жайындасы Ысык-Көл кубанбаган, таштандылар толкундан чыга албаган. Кыздар жүрөт тири укмуш оюн куруп, эч убакта үйүндө кала албаган.
Онтойт-онтойт Ысык-Көл жайындасы,
Аялдардын чоң куйрук майларынан,
Он миң тонна денелер басып турса,
Денең барбы чыдаган, кыйналбаган.
Сен келесиң Ак куунун канатындай,
Чачың тарап бул көлдүн шамалына,
Ушул жолу сүйүүмдү алып кеттиң,
Катып алып кирпигиңдин арасына.
Ошентсе да Ысык-Көл сырды катат,
Күн көтөрүп жылаңач кыздар жатат.
…Кыздар жүрөт көл жээгинде,
Сүйүүнү балык кылып көтөрүшүп.
Көл жатат жайындасы башы ооруган.
22.10.14.
13. СЕН МЕНЕН ЖОЛУККАНДА
Кыздар көп – автобуста, перрондордо,
Алар көп – көчөлөрдө, салондордо,
Алар көп күн нуруна ныксырашып,
Күлкү чачып шамалга, бороондорго.
Кыздар келет көздөрүн бакырайтып,
Ай жыттанган чачтарын жазып алып.
Алар келет кадимки ак куу болуп,
Очоктогу кызарган оттой жанып.
Алар келет миң канат турналардай,
Сырларын билүү кыйын байкабасаң.
Сен дагы турна өңдүү келе жаттың,
Тагдырдын эмне экенин байкабастан.
Бир күч болдуң эч кимге байкалбаган,
Бир сыр болдуң, эч кимге айтылбаган.
Сен келаттың, тоолордун гүлдөрүндөй,
Гүлдөрүндөй жыпжылуу күн нурундай.
Сен келесиң, алоолоп оттой жанып,
Ширин элең Өзгөндүн палоосундай.
Сүйүү келет сумкаңда онтоп коюп,
Көрүнөм деп көздөргө көрүнбөгөн.
Чыгамын деп сырт жакка чыга албаган.
Бойдок эле турмуштун көпөлөгү.
Ошол кезде жер огу токтоп калды,
Токтоп калды шамал да жүрүп турган.
Токтоп калды мезгилдин жебелери,
Токтоп калды төбөдө Күндүн нуру,
Соолуп калды чөптөрдүн денелери.
Сен гана келатасың күлкү чачып,
Көрүнбөгөн шамал менен кучакташып.
Ойлор ойнойт асфальтта сүрөт тартып,
Ойлор келет артыңдан күйүп-жанып.
Кандай сырсың – көзүмө көрүнбөгөн,
Кыз элең – узун чачың өрүлбөгөн.
14. СЕН МЕНИН ЧЫНДЫГЫМСЫҢ
Жаз келди – жаңыланды жалбырактар,
Сүйлөшүп жайбаракат жылдыз менен.
Анда сен келин элең жапжаш гана,
Төшөктө жатып алып шыбырашкан.
Жаш элең жалбырактай шуудураган.
Бул – чындык эле.
Жай келди – жалбырактар эркин болуп,
Байкабай бул турмуштун татаалдыгын.
Сен болсо дамбырадай ичиң кармап,
Тилеп коюп балаңдын амандыгын.
Жалбырактар жашашат бийик жайда,
Колдоруна сүйүүнү кармап алып.
Бул – чындык эле.
Күз келди – жалбырактар көңүлү жок,
Капа болуп мезгилдин тардыгына.
Сен болсо кир жубасың жаның сабап,
Ымыркайды бактырып балдызыма.
Шыпыргың тиктеп турат кароолчудай.
Бул – чындык эле.
Кыш келди – теректеги жалбырак жок,
Солдоюп эчак эле муздап калган.
Печка ырдайт көмүрдүн жалынына.
От турат бир кездеги сендей жанган.
Түн жүрөт токтоно албай чимирилип,
Сен болсо мени аяп, баланы аяп,
Жатасың ортобузда уктап калган.
Бул – чындык эле.
27.10.14.
15. СЕН МЕНИН АЗАБЫМСЫҢ ФОРМУЛАДАЙ
Мен сенин формулаңды жазып жатам,
Окшобогон Ньютондун законуна.
Ал жазылат кадимки сөздөр менен,
Кадимки көздөр менен,
Формуланын борбору – ресторан,
Ал тосот экөөбүздү музыкачан.
Сен мага формула элең өтө татаал,
Кожожаш түшпөй калган аскалардай.
Формулалар кыйналат ортобузда,
Формулалар турушат башкалардай.
Турмуш келет формуласын көтөрүп аркан менен,
Көл-шал болуп тердеген көйнөктөрү.
Платон түшкө кирет эчак өлгөн.
Формуласын көтөрүп кең ааламдын.
Анан да Сени ойлоп кыйналамын.
Татаал элең формулаң жазылбаган.
Сен мага формуласың бүтпөй келген,
Сүйүүнү арабага жүктөй келген.
Формулалар жүрүшөт формуладай,
Биз жолуккан күндөр менен,
Биз жолуккан түндөр менен.
Алар келет тоолордой деңиздердей.
Сен менин лабораториямсың — формула иштеп чыккан.
Формула – бул жаңы жылдыз.
Сүйүү – бул жаңы вирус.
Формулалар келишет узун жолдо,
Жалындаган чокту кармап колдоруна.
28.10.14.
16. КӨЗ АЙНЕКЧЕН КЫЗ
Сен мага жолукканда сыртта кар эле, башка кызга окшобогон көз айнегиң бар эле, туман тосуп күндүн нурларын, сен келаткан көчө тар эле, өтө тар эле.
Сары туман кыз эле жоолук салбаган,
Жумшак эле сүйкүмдүү, күйүп жанбаган.
Көз айнеги жок эле, көзү үшүбөй,
Сары туман кыз эле, кызык жан эле.
Сен жаш элең, бул карда үшүбөгөн,
Тыкан элең өзүңө, жүдөбөгөн.
Жылуу эле көздөрүң сермелбеген,
Көз айнектен көздөрүңдө бүлбүлдөгөн,
Кара көзүң бар эле көрүнбөгөн.
Сары туман жаш эле бийлеп турган,
Муздак шамал шылдыңдап ийлеп турган.
Көз айнеги жок эле катылбаган,
Дүкөн жоктой көз айнек сатылбаган.
Көз айнегиң бар эле Сага жаккан,
Суук көздөн сактайм деп апаң таккан.
Ушул кезде көзүңдү шамал өөп,
Шамал турган көзүңдү аябаган.
…Көз айнекчен кыз келет сөйкөсү жок,
Сары туман бийлеген көйнөгү жок.
7.11.14.
17. СЕН МЕНИН ФОРМУЛАМСЫҢ
Сен менин формуламсың өтө татаал,
Аларга Бетта таң калып, үңкүйүшөт физикалар.
Үңкүйүп сырдуу карайт химиялар.
Өлүп калган Менделеев күңгүрөнөт,
Кол куушуруп сыйынат системалар.
Сен – бул лаборатория! Үй – бул лаборатория!
Турмуш – бул лаборатория!
Лаборантсың тек гана халаты жок!
Сен – бул формула! Үй – бул формула!
Турмуш бул – формула.
Сен келесиң формуланы көтөрүп алаканга,
Көтөрөсүң аларды бакан менен,
Суу көтөргөн кадимки чакаларга.
Суу, нан, көмүр, отун – формулалар,
Сен, мен, төшөк жаздык – улуу сандар.
Күн айланып калтырат формуласын,
Ай айланып калтырат формуласын.
Биз экөөбүз биригип бир чоң үйдө,
Биз жазабыз жашоонун формуласын.
…Сен менин китебимсиң – жазылбаган,
Сен менин формуламсың – айтылбаган!
11.11.14.
18. АДАМ ӨЛДҮ
Адам өлдү кечээ эле тирүү жүргөн,
Ак калпагын башынан түшүрбөгөн.
Күн нуруна бийлеген денелери,
Бир жан эле турмушта үшүбөгөн.
Адам өлдү кечээ эле басып жүргөн,
Улуу менен кичүүгө салам айтып.
Корозу эле бир үйдүн койкоңдогон,
Бул турмушта жашаган күйүп-жанып.
Адам өлдү кечээ эле үйдө жүргөн,
Эркелетип аялын сезим менен.
Арамдыгы жок эле ак жашаган,
Сылык эле балага, келин менен.
Адам өлдү кечээ эле таза жүргөн,
Бийик эле бирөөгө жүгүнбөгөн.
Жакшылыкка төш кагып сүйүнбөгөн ,
Жетик эле эч качан түңүлбөгөн.
Адам өлдү кечээ эле гүл өстүргөн,
Суудан куюп туптунук арыктагы.
Жатып алчу кемпирин жыттап коюп,
Ыр жазчу эле эч кимге билинбеген,
Жетпей калчу дептердин барактары.
Карачы – Адам өлдү!..
11.11.14.